| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Манас Алымбаев Чаңгеттин чабандеси Чаңда калба Чаңгеттин чабандеси XXI кылым - жаңы кылым. Бул кылымдан кыргыз эли жакшылыкты үмүттөнүп келет. Анын ичинде поэзия да бар. XX кылым кыргыз поэзиясы үчүн көп нерсе берди. Башка элдер XX кылым бою баскан поэзиянын жолун кыргыздар бир кылымда басып койду. О, бул узак сөз, башка кеп. Бирок анын азыр мен кармап турган ырлардын топтомуна түздөн-түз тиешеси бар. Анткени, поэзия эми бизде кантип, кандай жол менен өнүгүү керек? Кандай ырды биз поэзия деп атайбыз? XXI кылымдын Алыкулу ким болот? Анын поэзиясынын кайсы сапаты башкаларды таасирлентет? <Кыргыз поэзиясындагы кийинки мектеп кимдин шыбагасына туш келет?> - деген суроо кыргыз поэзиясына кайдыгер карабаган кимди болбосун түйшөлтүп келет. Ырас поэзияда XXI кылымдын күчтүү толкуну келе жатат. Анда чыгармачылык, изденүү бар экени купуя сезилип турат. Аны колуңуздарда турган "Чаңгеттин чабандесинен" да байкоого болот. Манас да башкалардай эле изденүү жолунда. Поэзиядан акын катары өз жолун таап алды деш азыр эрте болсо да, жаш акындын күйүп жанган жан дүйнөсү, турмушка, тири-чилигине карата кайдыгер карабаганы, көкүрөгүндөгү чындыгын айта билгени келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Ырларында көңүлгө толумдуу дагы бир көрүнүш өзү баскан жолго сынчыл көз менен карап, аны жан дүйнөсү аркылуу өткөрө алганы. Айрым ырларынан китептик таасирлерди, жан дүйнөдө термелбеген кургак акылдарды, салыштырууга азгырылган сөздөрдүн алхимиясын да байкоого болот. Бирок бул багытта кененирээк пикир айтуу ал келечектин иши: Азыркы сөз сапарга жаңы чыккан "Чабандеске" ак жол каалап, ал "минген" ырлар канаттуу аргымак болушуна тилек кылалы. Эң негизгиси, сапары түйшүктүү да, байсалдуу да болсун. Атактуу болсун алдейлеген "чүрпөң". Чаңда калба "Чаңгеттин чабандеси". Агайың, адабиятчы, профессор Болотбек Акматов Чаңгеттин чабандеси Аян кылды Теңирим мага сырды, Оо устаттар, суутуп бер атымды. Жылкычы уулу болгон соң, чабам бүгүн, Кентаврды, а түгүл Пегасыңды. Кана, достор, калдайып турбагыла, Ач айкырык, :калпакты булгагыла. Эски адатты таштайлы. Менин муунум, Тулпарымды туякка урбагыла! Жаным кыздар, жалжылдап күлө-күлө, Жалгыз аттын дүбүртүн сүрөгүлө. Чаап баратып чалмамды салып өтөм, Жүгөндөтпөй туйлаган жүрөгүңө. Оонаганы журтуна чоң атамын, Күт Чаңгетим күч үрөп баратамын. Кайып болуп кетээрде ат жалынан, Ата-Журттун намысын талашамын. :Мээнет кылып атамды багам дечү, Мезгил жетсе чындыкты чабам дечү. Туулган жери туйлатып Парнас көздөй, Тизгин какты Чаңгеттин чабандеси! Ырларыма Жармач ырлар кырмычык сугунушуп, Тоюп алып жыйнакка жулунушуп. Какшык-сынга келатат какап-чакап, Мөлтүр саптын бутуна урунушуп. Бир китебим татыбай бир сабыма, Бир сап ырым аш болуп курсагыма. Кай бир саптар сүйүүгө чаңкап жүрсө, Кээси кайыл кыздардын бир санына. Эх, жылт эткен саптарым, кулуңмун мен, Акын сөрөй бырылдак мурунмун мен. Атаңардай асырай аламбы деп, Апасыздар, ак жолдон бурулдум мен. Көбүң көктөн кут болуп төгүлчү элең, Баракка жаш мөлт этсе чөмүлчү элең. Баш-аягың табалбай төрт сабыңдын, Балалуудай бапырап көрүнчү элем. Кечиргиле "апасыз" жетимдерим, Катуу тийсе силерге кесир кебим. Орус мүнөз болбо деп оңдоп-түздөп, Есенинге, Пушкинге кетирбедим. От-жалынга канчаңды кактадым ээ, Өпкөлүүңдү ар кимге мактадым ээ. Көздүүлөргө көзүгүп калбасын деп, Сыя даамың сыр кылып сактадым ээ Ыраазы бол, ырларым, көмөгүмө, Атказайын, эл журтка жөнөгүлө. А мен ата болууга ант берейин, Акын кыздар, алтын сап "төрөгүлө"!: Атамын уулумун мен Тизгиндеп албууттанган сууну мингем, Булкунтуп суудан чыккан бууну мингем. Анткени аргымагын энчилеген, Атамдын камчы саптуу уулумун мен. Мактансам тоону омкоруп салганыма, Өкүнсөм сазга батып алганыма. Адамдар, ошондо да топук кылам, Атамын уулу болуп калганыма. Кубанбайм дем алганга кенен-кенен, Кубанбайм курсак тое жеген менен. Жарандар, жан тартуулап кубанамын, "Атаңын уулу экенсиң!" дегенге - мен. Жан кетээр дир-дир этип акса каны, Жан келээр жылдыз жанып атса таңы. Мен кетем, көтөрө албай калган күнү, "Уулум" - деп, атам берген ак батаны!: Эх, атаман кара кыз Көрсө ал кезде, балабыз да, балабыз, Көч-көч ойноп Көбүргөнгө барабыз. Биздин көчтү бир муштумдап башкарчу, Сен атаман, сексеңдеген кара кыз. Эх, ошондо, ойноокпуз да,ойноокпуз, Кеч бешимде "келин алмай" ойноппуз. Сен төрөйсүң, ата болом, а бирок, Баеолук ай, бир өбүшүп койбоппуз: Кара кызым, сексеңдегим - атаман, Кайда калган сен алчу күн жакадан. Сага окшош деп, мага окшош деп жүрчү элек, Балдар кайда, биз эринбей жасаган? Бүгүн сени сагынам оо, сагынам, Же кара кыз агардыңбы багыңан? А мен жүрөм үмүт үзбөй жол карап, Бетимдеги тырмагыңдын тагынан: Өйдө көч, ылдый көч Чаалыгып, чарчап чаңдуу саратанда, Кондуруп чаар коңузду алаканга. "Өйдө көч, ылдый көч", - деп телмиремин, Көөнүмдө улуу өрдү самасам да. Тырмышат байкуш коңуз өйдө көчүп, Мен болсо жолун тосом өйдөлөтүп. Дүйнөсүн аңтар-теңтер түшүрөмүн, Ансайын алаканды ойдолотуп. Чаар коңуз кең ааламдан тажагандай, Таарынып тагдырына ындыны өчүп. Кол шилтеп анан улуу максатына, Баратат ылдый көчүп, ылдый көчүп: ... Жаңырат улуу обон кулагымда, Адашып турам ойдун туманында. А балким, мен да көчүп жүргөндүрмүн, Бирөөнүн манжасынын сурагында. Суурулуп энекемдин кучагынан, Бел байлап чындык үчүн өр таяндым. Тагдырым тайкы жолдон таш ыргытса, Келбейт эх, жер таянгым, жер таянгым. Жол тосуп күйүп-өчкөн чычалалар, А балким, өрдөн бутум тушаланаар. Калтаарып денем муздап кетет кээде, Күндү эстеп күкүм сымал ушаланаар: Жок, жок, мен, калбайм чаңдуу саратанда, Жарыктык, салба азабың кара жанга. Ишенгин! Кол шилтенгис максатым бар, Өкчөбө, Тагдыр, мени алаканга!.. Ишенип, өйдө көч де, өйдө көч де, Өкчөсөң Теңир мени алаканда!.. Чындык издейм Сүтүңдү- азык, мээримиңди дем кылып, Көз жаш көчтү көөдөнүмдү сел кылып. Турбай туйлап теминүүгө камынсам, Жашыйсың не делебемди дел кылып? Курган атам кубансын деп төрөдүң, Улуу учук улансын деп бөлөдүң. Ак бешикти алыс таштап, апаке, А мен бүгүн чындык издеп жөнөдүм. Курчтук кылсам капа болбо анчейин, Чындык издейм жер тарткыча жан-деним. Сен уулуңду улуулукка умтултуп, Намыс үчүн төрөптүрсүң, кантейин. Мейли дүйнө таразалап кун алсын, Чындык гана кунга татып тураар чын. Апакебай, кейибей тур, уулуңа, Ачуу-таттуу, ашуу келди сыналсын!: Жолоочу кыз Эстечи, эсиңдеби жолоочу кыз, Адашып жан дүйнөмө конгон күнүң? Кесири тийип жатат дале мага, Жүрөккө конок кылып койгондугум. Ойлосом, мурун-кийин жолумдан эч, Сага окшош жолоочулар жолукпаптыр. Мен эмес, жүрөк сени тосуп алып, Өзүнүн тең жарымын толуктаптыр. Кош дедиң, кеттиң анан жолоочу кыз, Билбеймин азыр кайда жүрөөрүңдү. Үмүтүн үзбөй дале, жашык болгон, Аяймын сени тоскон жүрөгүмдү. Жомок болчу Жашоом менин - Насирдин жоругундай, Бактымды издеп кайнаган шорум мындай. Кечир, кеч күз, кечигип келди сүйүүм, Кызыл делбир периште жоолугундай. Күтпөйм эми сүйүүдөн коногумду, Токтот, кудай, боздотпой бороонуңду. Ушул түнүм арналсын ак сүйүүгө, Айт, Андерсен, а көрөк жомогуңду. Атпасын таң, жомогуң түгөнбөсүн, Өткөн өмүр кем-карчын түгөлдөсүн. Сенсиз таңды тосуудан көңүл калган, Оо, арманым, азабым - түгөйлөшүм. Ооба, сенсиз көз жашым короптолду, Түгөйлөшүм, сен эми жөлөк болчу. Айлап-жылдап ааламга айтылалы, Түгөнбөгөн "Миң бир түн" жомок болчу. Түбөлүккө сыйлашар конок болчу. Улуу үмүт Үнүм турат кысылып таңдайымда, Сени көксөө кубанчым, арманым да. Мени эле эмес, айды да апкаарыткан, Актык бар ээ, чокулар, маңдайыңда. А менинчи?.. Жүүнүмдө бошошуу бар, Билбейм качан катарга кошосуңар? Силер дайым тамшанып таңкы ырысты, Менден мурун күн нурун тососуңар. Эх, чокулар, көз жетпес элессиңер, Бийиксиңер, а бирок мерезсиңер. Билем колот-коктуңда өтөөрүмдү: Бирок улуу үмүткө керексиңер! Тоого арзуу Сыбызгыйт обон, сызылат жашым эргүүдөн Сыйрылат жүрөк, сыздады неге жабырсыз. Чалынып торго, чарчаган байкуш торгойдой, Сагынып тоону, сабылып турам сабыр суз: Агарып түндүк, жоголуп жылдыз жыбырап, Булактар таңдан тоо сырын айтчу шыбырап Сагындым тоону, сагындым желди таңдагы Сыгылдым шаардан, көңүлүм мынча бузулат Кургады тамак, кылгыргым келет майыңа Кирдеди көңүл кирингим келет сайыңа. Кучагың тосчу, бугумду айтып буркурап, Ыйлагым келет, жөлөнүп жапжаш талыңа. Шок болуп өскөм, эркелеп койнуң тебелей, Үшүтүп суука, кез-кезде койчуң жемелей. Жоругум эстеп жолумду тиктейт чыгаарсың, Эмчеги сыздап, эзилип күткөн энемдей: Карачы бүгүн калыптыр артта көп кырлар Кечирчи мени, кечиктим келбей көп жылдар. Кечирээр болсоң, жаркылдап келип жалп тийип, Чагылган өңдүү, бир искеп жытың өчкүм бар: Кечиккен кездешүү Карындаш, кечээки күндөрдү эскерип, Олтурам мен бүгүн ойлорду чубатып. Бизди да бир топко узатып койгон бейм, Унчукпай ууртунан жылмайып убакыт. Кечээ сен секелек, анда мен теңелбей, Антсе да, артыңдан көз салчуум элеңдей. А бүгүн билинбей ак келин болупсуң, Ай чырай "Просто Мария" эжеңдей. Ооба, анда артыңдан көз сала узатып, Аячуум шок балдар таарынтып коет деп. Аттиң дейм, ал кезде ойлоодон эрингем, Төрт чарчы жоолугуң чек ара болот - деп. Көрсө өмүр өтүптүр ал күндөн арыштай, Көрсө сен көктөпсүң көктөмдөн калышпай. Көрсө мен баягы, баягы мен бойдон, Жүрүпмүн кыялга мүдүргүп чалыштай. Ишенбе мага өзүңдөй Ишенбе, жаным, ишенбе мага өзүңдөй, Чындык жок менде чымындын сокур көзүндөй. Сезилбей кетем өзүмө-өзүм кээ күнү, Калышым мүмкүн сага да бир күн сезилбей. Ишенбе, жаным, ишенбе менин сөзүмө, Жалгандын деле тиктешим мүмкүн көзүнө. Жашоого күңүрт,.. баратат көзүм каныгып, Дарманым жетпей жарыкты кээде сезүүгө. Ишенбе, жаным, өзүмө деле ишенбейм, Кечээгим бүтүп, эртеңки күнгө байлангам, Эгерде билсең, эртеңки күндүн маңызы, Өзүмдү-өзүм алдоого гана айланган: Антсе да, жалгыз жашоомдо чындык өзүңсүң, Ишенем сага жомоктуу бала кезимдей. Сен үчүн күйүп өтөөрүм билем, а бирок, Ишенбе, жаным, ишенбе мага өзүңдөй: Ак нан Оо акын дос, дептер толтуруп, Сүйүү, сүйүү, сүйүү жазганың. Сулуулар деп, ачка күкү жеп, Нан жөнүндө неге жазбадың?: :Суктандырбайт мени сулуунун, Көзүн кысып көңүл бурганы. Андан дагы сулуу көрүнөт, Кара кыздын ак нан сунганы. Ак наны жок, ачка олтуруп Ким жыргал деп айтат сүйүүнү. Нан болбосо, арык, кан-сөлсүз, Элестетип көрчү сулууну: :Ааламдагы арсыз күчтөргө, Себепкерсиң, ыйык куралдай. Сени жаздап жатсам ак наным, Кут куюлуп уктайм, турам жай. Теңир, Ыйман өзүң бар болсоң, Коркпойм ажал арбаса бекем. Бул ааламда жалгыз коркконум, Убалыңа калбасак экен!... Корком мен Жарыкты өчүрбөгүлө, суранам! Корком мен караңгы түндөн, караңгы. Ал тургай көз нурум жетпейт тиктөөгө Жарыкта карайып турган караанды. Күн нурун жашырбагыла, адамдар, Чыдабайм түнөрө түшсө жарыктык. Жараткан маңдайга жазба сураарым, Толубай, Сократ сымал карыптык: Тилегим нур болсун биздин дүйнөбүз, Алмашпайм ай, жылдыз, күндү бөлөккө. Адамдар, чылк кара түндөн корккула! Жарыка түшүрбөгүлө көлөкө!: Күлүк кыз <тыным>(тамаша) "Паходкаңыз" бир укмуш, Пай-пай, мынча күлүксүз. Энтеңдетип чуркатып, Эркектерге бүлүксүз. Арышыңыз кең экен, Арбышыңыз жөн экен. "Обгон" кылам деп жүргөн, Кокуй "тормуз" - мен экем. Кайсыл багыт жолуңуз, Жолду тосот боюңуз. "Авария" болбоюн, "Сигнал" берип коюңуз. Жетсемби деп "газ басып", Арткы "капот" кара тер. Айтыңызчы, күлүк кыз, "Остановка" кайсы жер?: Кызгалдактар Чуркап кетти мээм бүгүн ордунан, Кар кишидей улуу тоого жыңайлак. Жүрөктөгү кандын тунук агымын, Кызгалдактар бутун салып ылайлап. Өзөгүмдөн чыккан өпкө, өрттөнгүр, Кызгалдакка чечип берип курумду. Атырылып жүрөк анан кабынан, Сократтын көз жашына урунду. Чанагында чаңырышат каректер, Таба алышпай өпкө, мээ, жүрөктү. Олимптеги кудайлардай көрктүү элем, Кызгалдактар, кызгалдактар жүдөттү. Тибирткелүү тилим чечек тартылбай, Далай Понтий Пилаттарга кабылдым. "Кызгалдактар - кабыргам"- деп, боор тартып, Ыйык китеп же сен, же мен жаңылдым: Арбалуу Эркиме да ээ бербей денем, Ээрчий басып эзилип келем. Эстен танып, жолдон адашып, Кечириңиз кечигип келем. Тепсей басып улам жашырып, Изиңизди аяйм өңгөдөн. Акыл эстен, эрктен тайдырган, Сиздей гөзал пери көрбөгөм. Жүзүңүздү көрбөй бир жолу, Жүрөк ыйлаар дүйнөнү тар деп. Жоолук, шакек мынча жарашык, Айтпаңызчы сүйгөнүм бар деп. Атыңызды мейли сурабайм, Азап тарткым келбейт кайталап. Тилиңиз бал, бир сөз угайын, Сизди унутчу багыт кай тарап?: Чындык кантип жөн жатсын тебеленип Билем жашоо нугунан өзгөрбөсүн, Билем деңиз бир күндө бөксөрбөсүн. Кыбыр эткен кыпынды туюп туруп, Анан кантип чындыкты көз көрбөсүн. Ким бар дейсиң пендеден күнөөсү жок, Пенде билбейт чындыкты күбөсү жок. Чындык болбойт күбөсүз дегендерге Айткым келет: Асмандын тирөөчү жок. Сезбей келсең чындыктын кыбыраарын, Алдап көрчү адамдын тыңыраагын. Бүгүн-эртең унчукпай, кырк жылда бир Уксаң керек чындыктын чыңыраарын. Заман өсүп, закымдап арыш керет, Аң сезимдүү адамга намыс керек. Эки көзүн май басып эсиргенди Чындык үчүн курмандык чалыш керек! Булут күндү тосо албайт тегеренип, Күндү айланат жер деле чебеленип. Чөптү деле көп бассаң көзгө кирсе, Чындык кантип жөн жатсын тебеленип! Суктануу Уяңдыгың, ай сенин уяңдыгың, Мен андан жан дүйнөңдүн туям сырын. Сага арналган, дагы да сага арналат, Өзүңө окшош тартынчаак - уяң ырым. Куштар кылат, садагам назиктигиң, Кызгалдактар үлбүрөп кулпунгандай. Назик үнүң жүрөктү ээлеп алып, Сезилгенсийт бул жашоо унтулгандай. Тамшандырат, анан да тазалыгың, Кирпигиңе чаң жукпай мизилдеген. Арбап барат, өзүнө тартып барат, Сендеги бир таза күч билинбеген. Айбы,Күнбү, Ай перим сулуулугуң? Жылдыз беле жүзүңдө жылуулугуң? Төп келишкен мүнөзүң төп келишип, Айкындайт оо, аялзат улуулугун. Өкүнүч: Кошо конуп түнкү ыйык түнөгүңө, Билериктей ашыгып билегиңе.. Карманалбай, кантейин садагасы, Канжар сайып алдым ак тилегиңе. Сырга кылып Ай, Күндү кулагыңа, Көз тунарып көз мончок кумарыңа. Көлдө сүзүп баратам, көлдө сүзүп, Калдым окшойт карындаш убалыңа? Даам сызууга даабагам дарегиңе, Азгырылдым бир ойдун алегине. Жароокерим, болду эми жашыбачы, Күн тийишин күтөлү карегиңе: Жүрөккө Жүрөктүн улуу эле көксөгөнү, Таа турчу тамашалап өкчөгөнү. Тамырын кысса тагдыр, угулчу эле, Көктөгү атасына өксөгөнү. Пенделик эле жерде кыйнаганы, Күндөн да бийик болчу сыйлаганы. Туюлуп турчу Түндүк муз үстүнөн, Аптапта чөл терметип туйлаганы. Жүрөктүн аалам эле сырдашканы, Ай эле колтукташып ырдашканы. Ак жерден кудайына жек көрсөттү, Сүйүүнүн кара жерди ырбатканы. Жүрөк ай, нур эле го сураганың, Атаңдын учугу эле улаганың. Кыздардын кылыгынан кыйрамакпы, Кыйналып кылым үчүн кураганың? Айтсаңчы ак эле го тилегениң, Кут беле же сен чок деп жирегениң? Байкабай жаза кармап алдыңбы же, Башына бакыт илсе керегеңин: :Жүрөктүн улуу дале көксөгөнү, Антсе да айкүр түшпөй өкчөгөнү. Жалбарып турат көктө Теңирине, Угулаар-угулмаксан өксөгөнү: Чарчадым бүгүн, чарчадым Көз жашын көрүп, арманын угуп канчанын, Жарылбас болду көөдөндө бугуп канча муң. Дүйнөң нур, бирок карегим барат карайлап, Өх жан ай досум, чарчадым бүгүн чарчадым. Ыйласа бирөө кошулуп ага ыйладым, Кайгырса бирөө карч уруп жанды кыйнадым. Ааламдын муңун артынып алгым келсе да, Аттиң ай мага боор тарткан жанды туйбадым. Жаздыгым уйпап, жата албай түнү ойлоном, Бул кандай дүйнө адамдын көзү тойбогон. Шап кармап колдон шаштырып алга сүрөйбүз, Бейкапар бойдон наристе жүрсө ойногон. Уктабай жатсам убакыт учат таң калам, Бир кезде мен да адамдын колун кармагам. Уйпалгыр дүйнөң шаштырып жүрүп акыры, Бир чуңкур көргө тыгаарын ойлоп арданам: :Тар болуп дүйнөм, тар болуп барат керебет, Кетсем дейм кээде ак жамгыр болуп себелеп. Аттиң ай, бирок, анте албай жашап келатам, Өрттөнсө бирөө кайрадан күлүн тебелеп: Сездиң беле? Сездиң беле өмүрүңдө бир жолу, Бут алдыңда жалбырактын ыйлаарын? Кумурскалар ырыскысын татаарда, Улуусуна жол бошотуп сыйлаарын. Сездиң беле жок дегенде бир жолу, Каргалардын адамдардай күлөөрүн? Күндүз ыйлап, тагдырыма наалат-деп, Үкүнүн да жарыктыкты сүйөөрүн. Айтчы деги, сездиң беле бир жолу, Ызгаардын да жылуулугу болоорун? Кубалашкан курдашынан айрылса, Көпөлөктүн көзүнө жаш толоорун. Сездиң беле, сездиң беле бир ирет, Бул дүнүйө сеники эмес экенин? Ээси келсе эркелеткен наристең, Коргосоң да колдон учуп кетээрин: :Ооба адамдар, биз көп нерсе сезбейбиз, Бизге кымбат амандыгы керт баштын. Себеби эмне?! - деп, суроодон коркобуз, Ааламдагы азап менен көз жаштын: Менин чындыгым Деним таза, билемин дүнүйөм кир, Шектүү карап ойгоном түнүмө бир. "Жалганчылар жогол" деп, жашайм бирок, Чындык! Чындык! - калп айтам күнүнө бир. Жупунумун - жаралган мактанычтан, Адамдарга окшошмун актанышкан. Жатып ичээр жалкоону жек көрсөм да, Алма түш дейм, оозума - бакта бышкан. Зыяндуу деп, пайдалан керегимди, Сүйүп калсам соолутам карегимди. Унутчаакты урушам, таппай өзүм, Кулагыма кыстарып калемимди. Шайтандасам - кудайым көз жаздымда, Салбаттуумун сулуулар көз кысканда. "Жупунулук - эң сулуу" - деп кайталайм, Каргалардай сыланып күзгү астында. Кыйындарга кыткылык, шылдыңым бар, Бошошконго боор тартып, тыңдыгым бар. Көзгө сүртөөр эч нерсем жок болсо да, Ырыма айткан ушундай чындыгым бар. Тажоо Тажадым ушунчалык, Көнүмүш адаттардан, Ал тургай сүйүүмдөн да, Жаныма азап салган. Тажадым кооз сөздөрдөн, Кулакка канык болгон. Көрсөткөн жолуңдан да, Багыты анык болгон. Тажадым дүңкүлдөгөн, Музыкадан баш оорутма, Чийилген законуңдан, Калп эле жол тоорутма. Жасалма техникаң да, Баратат кудай болуп, Өнүккөн информацияң, Мээмди курттай соруп. Тажадым "тизелерден", Кошомат бүгүлүшкөн. Бети жок "белдерден" да, Беш убак жүгүнүшкөн. Ыйлагым келди бүгүн, Жалгыздык азабын жеп, Кыйкыргым келет мынча: - Тажадым! Тажадым! - деп : :Адамдар, ишенгиле, Мен минтип жашай албайм. А көрөк айткылачы. Чындыкпы - "жашоо жалган"? Болбосо неге мынча, Ызылдайт тып-тынч дүйнөм? Кээ күнү кетким келет, Адашып ушул күндөн, Жоголуп ушул түндөн: Жеңил ой карындашка "Байкуш" деп, эркектерге сын тагасың, Ооба чындык, сени да каалаган бар. Бирок ошол "байкуштар" жаңылышып, Көзүңдү эмес, бутуңду карагандар. Айыбың жок сенин да, тамекиден, Үлбүрөгөн эриниң ыш болбосо. Бөлүп-бөлүп көрсөтүп келбетиңди, Жүргүң бар ээ, кийимсиз, кыш болбосо. Кайкалайсың кайыштан чапан кийип, Эркектерге сын таксаң жатам күйүп. Кечир, бирок акылың өспөйт окшойт, Боюң бийик болсо да, такаң бийик. Оо жарыктык, аялзат таарынбасын, Кантип туяк бир жолу жаңылбасын? Көз сүзбөсөң, эркектер жибин үзбөйт, Жеңил ойго алдырба, карындашым!: Сагынуу Эсимде, атам мени, Кондуруп ээр кашына, Алкынтып аргымагын жөнөгөн күн. Толкундап тоолор анда, Баркырап бала үнү, Апакем мага ини төрөгөн күн. Эреркеп шүүдүрүмдөр, Эркелеп таңкы шамал, Атам да ат үстүндө жашып анан. Үркүтүп үйүр бээни Камчысын шилтегилеп, Калпагын көккө ыргыткан шашып анан. Сүйүнчү, сүйүнчү - деп, Сүрдүгүп дүйнө кезип, Чабарман болуп көктөн чабылыпмын. Кол булгап шаар четинен, Бүгүн мен ошондогу, Атамдын кубанычын сагыныпмын: Жаңы жыл түнкү чикилдек Ак таш, көк таш, Чикилдек.Зуу-у: Как баш ким? Кулагым чуу: Мылтыгың терезеде, Келиниң жыртып алып, Баш ийбей эрежеге, Эл оозу дуу: Таягын зуулдатат, Көчөдө балдар ойноп. Түнүндө уктай албай, Таягын таянышат, Жаштыгын чалдар ойлоп: :Ай батып барат ана, Жылкылар кишенешет, Кетет жыл, жылан сойлоп: :Ак таш, көк таш, Чикилдек зуу: Кытайдын тарсылдагы, Шаар ичи чуу: Ох энең: кулагым ай, Жарылып кетет окшойт. Мас жүрөт "Ала таяк" Түбүмө жетет окшойт. Тар-турс, Ох-ух, о-уу: Кетти жылан, Шаар ичи чуу: :Жаңы жыл. Түнкү он эки Жылкылар кишенешет, Башкасын укпайм болду. Түш көрүп балалыкты, Жакшы бир тилек менен, Жараткан, уктайм болду, Уктайм болду!: :Ак таш, көк таш, Чикилдек. Зуу-у: Шаар ичи чуу-у: Көз жашыңдан көрдүм сүйүүнү Ууз сүйүүңдүн даамын татыган, Күндөр кетпей, кетпей эсимден. Кечип таштап сенсиз жашоону, Келдим жаным, келдим кечирсең. Кош айтыштым балалык менен, Медер тутуп сенин барыңды. Билем азыр шолоктоп ыйлап, Сагынсаң да таарынарыңды. Ыйла жаным, ыйла эчкирип, Ыйдан билем керектигимди. Аяйм бирок, аяйм балбылдап, Ый жарашкан каректериңди. Көз жашыңды көрдүм, сүйүндүм, Тунуктугун билдим сүйүүңдүн: Теңирден чабарман Теңирден келатат чабарман, Пегаска камчысын үйрүбөй. Салам бер, ак кандуу арийлер, Мурчуюп мурдуңду чүйрүбөй. Ай-Күнгө тогошуп турса да, Ал өзү ак урган жупуну. Кылымга ыр болуп жаңырат, Ал улуу кыргыздын тукуму. Атасы, бабасы чабандес, Бул минтип Теңирге чабарман. Эйфелдин башынан жар салат, Европа, Азия даярдан. Америка, укпадым деп жүрбө, Телмирип темирден бошобой. Теңирге баары бир угулбайт, Спутник, интернет, "сотовой". А көрөк күнүмдүк турмуштан, Бошонуп бийикке чыккыла. Теңирден чабарман ыр окуйт, Уккула, бүт аалам, уккула! Жашыгансыйт Теңирим Төктү жамгыр, бороон улуп, көнөктөп, Улуу күн да сур булутка бекинип. Теңирим ай, жашыдың бейм, адамды Деги кайдан жараттым деп, өкүнүп. Жарык күндүн баркын сезе албаган, Мен да адамдын жашоосуна арданам. Кантип түтүп, кантип бизге чыдайт деп, Оо, Теңирим, кеңдигиңе таң калам. Жерге көктөн келсек керек деги биз, Жан көккө учуп, жерде калат денебиз. Неге адамдар, билбейм, өзүн мазактап, Маймыл дешет биздин түпкү тегибиз. А мен билем, тегим- асман, денем-жер, Таш оозуңа! Атам маймыл дегендер. Ансыз деле адам наркы булганып, Азаюуда Теңир уулдар - кеменгер. Ооба, адамдар, унутууда Теңирди, Кудай тутуп акча, тезек - темирди. Бүгүн жерде ыймандуулар арыктап, Бүгүн жерде шайтандуулар семирди: Садагалар кантем силерди? Садагалар, кантем силерди, Салдыңар го, түрдүү санаага. Кайра түтпөй, кайрылып келем, Кайып болуп гүлдүү талаага. Гүлгө сепкен сууга малынып, Анан, араң жетсем агылып. Жалт уялып, жашыйт жүрөгүм, Сүйүүңөрдүн нуру чагылып. Сезимиңер улам жалбырттап, Билбей турам кайда кирээрди. Кайып болсом, гүлсүз талаага, Садагалар, кантем силдерди?.. Барам жалгыз көлөкөмдү ӨгҢ_<_Ү Карааныңды таппай жүрүп акыры, Алган окшойм өзүмдү-өзүм дубалап. Болбосо не, кошула албай эч кимге. Барам жалгыз көлөкөмдү кубалап?.. Кубалаймын, ай батканча жете албайм, Жан дүйнөмдү эзди мынча махабат. Ойлорум да менден бетер эзилип, Тээ туңгуюк, балалыкка такалат: :Кайдан анда, махабатка түшүнүш, Тентек элек мурундан суу куюлган. Ойлоп көрсөм, баео балдар экенбиз, Кыз өбүүнү сүйүү го деп туюнган. Баатыр сымал бир кыз өпсөк ал кезде, Жүрчү экенбиз бир ай бою мактанып. Намыс кылып, "сени өптүбү" - дегенге, Ыйлачу эле биз өпкөн кыз актанып. :Арман ай, дейм, ал кезекте биз үчүн, Кыял тура сүйгөнүңө жолугуу. Ойлобопмун кыялдагы сүйүүдөн, Боломун деп дарылангыс оорулуу. Ооруп жүрөм, бир гана Ай түшүнүп, Айыкса дейт нурун чачып дубалап. А мен сени, ыраа көрбөй Айга да, Барам жалгыз көлөкөмдү кубалап. Барам жалгыз көлөкөмду кубалап, Көндүм болуп барат мага бул адат: Айылымдын кемпирлери Арбаңыздар! - айылымдын кемпирлери, Убай-чубай даа кайда барасыңар. Бүтө элекпи, капыр ай, былтыркы ушак, "Палан", "түкүн" жөнүндө талашыңар. Жарыктыктар унутуп калдыңарбы, Эсимди жеп кетти деп кара чымын. "Боронзого" окуйм деп кеткен тентек, Мен - жылкычы Турматтын баласымын. Чоң апам ай, жарыктык жашыбачы, Сөзсүз келип топурак уучтап анан. Өкүрүп да берейин, өлбөй турчу, Жазга чыксам деп тилеп, кыштан аман. Бирок аттиң, силерди сагынганда, Ой жок келем, өкүрүп, бата кылаар. Оо керемет, айлымдын кемпирлери Жылда кемип барат эх, катарыңар: :Шаарда болсо ызы-чуу, жан талашмай, Мен да өлбө жан деп жүрөм чебеленип. Андагылар жалбарып, эркелетпейт, Силерге окшоп "айланып", "тегеренип". Кээде жалгыз, ач калмай тар бөлмөдө, Көздөн учуп көп кабат чөнтөгүңөр. Анан , анан..бышактап ыйлап алат, Момпосуйду сагынган тентегиңер. Эх момпосуй шимиген балалыгым, Эскергенде көз жашым тегеренээр. А силерчи?..Дагы эле жолдосуңар, Жонуңарга учкашып небереңер. Жарыктыктар, кыбырап бөжөңдөшүп, Кыр ашсаңар кеткенсийт кылым өтүп Таң калганым "Арбаңыз" деген сөзүм, Тарап кетет бүткүчө чылым өчүп. Бар болгула айылымдын кемпирлери, Жашагыла шыбырап, күңгүрөшүп. Силер мени айылга барктуу кылган, Калп, чынымды калтырбай дүңгүрөтүп. Эстелик Угулбайт неге байчечек гүлдүн шыбыры, Жоголгон беле жамгырдын жазгы кылыгы. Кайдасың деги, табылбас таттуу мүнөттөр, Кылчайсам артка көлкүлдөйт көздүн кыйыгы. Телмирет карек өткөндү жашый эскерип, Балкыгым келди балалык менен кез келип. Жылмайып жылуу жытынан искеп турууга, Жаш бойдон дайым калса экен ушул эстелик. Кечээки күндүн кечүүсү тура чектелүү, Буйрубас эми, бул күнгө кайтып кез келүү. Жашасын жээкте жаштыкка болгон сагыныч, Толкусун жүрөк, көлкүсүн көздө эскерүү: Коштошуу жообу Эх, таттуу тилек - тамшантып сүйүү жараткан, Эх, өткөн күндөр - өкүнсөң деле жарашкан. Күнөөлөй көрбө андагы баөо кыялды, Күнөөлүү менмин күйүткө күлүп бараткан. Кечирээр мени, сага үмүт берген ак таңдар, Кечирээр мени, күтүүдөн өчкөн ак шамдар. Кечирээр баары, карегим кантем, кечирбес, Арзыбас сүйүүң, аялуу жүзүң жаш тамган. Муздаган бүгүн сен күйгөн күндүн аптабы, Угулбайт эми сен күткөн күлүк таскагы. Окшошоор, балким, саамайың серпкен серүүн жел, А бирок ал да мен эмес эми баштагы. Көрбөссүң мени, көрсөң да мендей караанды, Козгобойм эми кол тийбес ыйык жараңды Жаркырап дүйнөң, ачылсын бактың, а бирок Сен үчүн жалгыз мен тарап болоор караңгы. Жер титирөө Жер силкинди, жеңин кагып күүгүмдө, Тоолор калды топ таш ойноп топурап. Башы айланып мас теректер суласа, Темтейген чал терек минип отурат. Үркүп чыкты короодогу үйүр мал, "Чыт курсактар" чыбык минип урушуп. Кудай дебес Кулуш окуйт куранын, Боолай чөптөр "дискотека" курушуп. Бурчта кемпир мууна кармап жакасын, Саймедирейт жаңылыштык, катасын. Таарынчаак кыз: "Ырас болот сага" - деп, Коркутууда кудайлаган апасын. Жер силкинсе бешик кошо термелип, Күлтүгүнөн кытыгылап периште. Атасына, жайнамазга жалынган, Жылмаюуда жылдыз маңдай наристе. Ооба, жалгыз жылмаюуда наристе, Бий аралаш, ый аралаш чуу күнгө. Байкуш болду баатырсынган тирүүлүк, Бул жер энең, жеңин какса күүгүмдө. Сактай көр Ууртуңда уячаңды бокал кылып, Мас болуп кыялыңа ичип келем. Сүйүүдөн тузак жасап, сапар куруп, Изиңден калбай сая түшүп келем. Көрүнбөй калсаң көздөн түтүн учуп, Чыдабай чылым тиштеп калаарымсың. А кокус жарк дей түшсөң кутум учуп, Жашынып жалгыз ыйлап алаарым чын. Курсагым тойбосо да - токчулуксуң, Канча ирет кабыргалар саналышкан. Берекем тойгон күнү жокчулуксуң, Аш болбой турат сүйүүм чала бышкан... Жаш гигант Чайналып, жутулуп, бүркүлүп, Тырмышып, түртүнүп, түртүлүп. Дөө-шаалар, качкыла, келатат, Бир гигант үшкүрүп, чүчкүрүп. Теминсе, тебинсе чаң чыгат, Мандеми, жөндөмү бар чыгат. Аалымдар, ак жол де, бар бол де, Ал гигант бир кезде алп чыгат. Туруштан, урушту бат кылат, Бар болсо баарысын мат кылат. Ыйыктар, ырооло, жылооло, Өлбөсүн, өрдөсүн жаш гигант! Адашкан күн Теңир сага ыраазылык билдирбей, Жашаптырмын "меним" күчөп сезимде Кечээ түнү оозго келме оозанттың, Эңишем күн, жерге түш дээр кезимде. Адамдарым, жакындарым - мен сүйгөн, Мактооңордон делөөрүпмүн жеңишке. Жайдак калем мингизсеңер чуратып, Ашыгыпмын айды көктөн эңишке. Адаштырган адамзатты, мени да, Обо энебиз напсин тыйбай оболу. Азгырыктан чындык издейм деп жүрсөм Унутулуптур атакемин жомогу. Теңир сага ыраазылык билдирбей, Жомогумду жоготконго түңүлөм. Ай жаңырса айлыбыздын үстүнөн, Бизде гана бар дечүмүн түнү мен. Анан сага ишенүүдөн калыпмын, Башка айылдан айды көргөн күнү мен. Ызадагы ыр Унутам бүгүн сени, Жакчу эмес күлкүң мага. Анан да азап берчү, Адатың тултуңдама. Кабагың кар жаадырчу, Көрүнбөй көктө күн, ай. Көкөйгө көк талкандай, Тийиптир көктүгүң ай. Ант урсун ушул түндү, Арзуумду четке кактың. Апкаарып араң өпсөм, Ак жерден бетке чаптың: Эргүү урааны Тепселеп, тытып ырдын жылаңачын, Тек гана, Теңирге айтып ырахматым. Ый менен көөдөнүмдү жеңилдетип, Ызанын сездим анан ырахатын. Төңкөрүш жасап төрт ыр дептериме, Төбөдөн ургам эчак, жаткыра чаап. Калп эле калем кармап жүргөн кыял, Кайгыдан турат азыр каткырык таап. Ооба, азыр кош айтышып, кол булгалап, Ыргыттым ыр дүйнөмдү өрт-жалынга. А бирок жалгыз эргүүм келет ээрчип, "Манастап" ураан айтып арт жагымда: Түнкү баш оору Таң ашырып салып уйкумду, Ойду суутуп чыктым түнү мен. Оту өчкөн тоолук бабамдын, Тутандырык издеп күлүнөн. Ээсиз калган ээр-токум жок, Жайдак тулпар жүрөт желемде. Көтөралбай турам баш ооруп, Бабалардын канын денемде. Башым ооруйт, башым, башым ай, Калпак кийбей койдум беле, же. Тепсендимде калгандыр балким, Бабам ыйык туткан эреже?: Төбөм чукуп, шишип бешенем, Адат болду түнкү баш оору. Түштө көрүп жаткан өңдөнөм, Кээде ушул жалган жашоону: Өзүңө Тутанып от, Сезимде азап жанып, Акактай сулуулукту, Ак жүрөк улуулукту, Кыялда аргындатып, Сени мен багып келем, Төрөлө элек кезиңде азаптанып. Өзүмө-өзүм, Өзүмө-өзүм тилеп, Башкага батына албай, Байкуш жүрөк Башканы башпаанекке батыра албай, Өрттөнүп кетсе кайыл, Өзүң, өзүң, өзүңдү, өзүңдү деп: <жылдыз>* * * Жылдызды карап жатсаң, Ичиңден санап жатсаң, Ойлонбой бутум коюп жол тоорупмун. Чалынып жыгылганда, Жүрөгүң сыгылганда, Калп эле жардам берип боор оорупмун. Кечирип коюңуз - деп, Калбасын оюңуз - деп Жылмая жүрөккө чок салып кеттиң. Акыл - эс жоктугун ай, Сезимдин шоктугун ай, Неге мен анткоорлонуп чалып кеттим? :Сага окшоп жылдыз карап, Жүрөгүм сени самап, Кыялга батчуу жолуң тооруп турам. Шоктонбой баштагыдай, Эзилип күндөн-күнгө, Азыр мен жалгыздыктан ооруп турам: Чакырык "Бороон" бүгүн, аалам тунарат, Кыргыз уулу, келчи кашыма. Карегиңе неге кум толгон, Ким чыгарган сени бул жолдон? "Чөлдүктөрбү?"- мейли жашыба. Билем, билем, тааныйм "чөлдүктү", Тирүү жүрүп кепин кийишет. Бири көктөн күтсө атасын, Бири көктүн таап катасын, Айтор баары "көргө" сийишет: "Бороон" бүгүн батыш, чыгыштан, Кыргыз уулу көтөр башыңды! Жер карайсың - көзүң көрбөйбү, Же "бороонго" жигит тердейби?! Ыргыт желден аккан жашыңды!!!: Андан көрө, аччы түндүгүң, Неге көктүн нуру төгүлбөйт?! Ала-Тоодо колун баштаган, Улуу Теңир жолун сактаган, Бабаларың кайда, көрүнбөйт?: Эсиңдеби, улуу эл элек, Ат жалында куюн куучубуз. Күн нуруна чалынбас туяк, Көк "бороонго" жыгылып, кулап, Куруп барат бүгүн уучубуз. Анан калса "бороон" сокчу эмес, Күн чыгыштын ары бетинен. Бу кыргызда жайчы көп эле, Тиги "ак сакал" журтка чеп эле, Баары сасып барат четинен: Ох атаң ай, бүгүн алаамат, Кыргыз уулу, жара керекке! Атпай журтуң турат сабылып, "Бороон" менен кошо агылып, Кетпесе экен элден береке: "Бороон" бүгүн батыш, чыгыштан, Кыргыз уулу көтөр башыңды! Уят, желге туубуз куласа! Уят, элди "бороон" сураса! Ур "бороонго", ыргыт жашыңды!!! Кымыз ич, досум Эх, досум, неге думчуктуң, Аракка боюң чөктүрүп? А көрөк сыла курсакты, Саамалга ичти көптүрүп. Тамшансаң калат таңдайда. Бал жыты пай-пай, саабанын. Көөкөрдө кымыз керемет, Замзамы курсун каабанын. Суусундук кандай болоорун, Үйрөнсүн батыш кыргыздан. Азгырып анан алжыткан, Айлансын арак кымыздан. Ооба, дос, кымыз жымсалдайт, Бетиңдин беш кат тырышын. Бабалар ичкен, сен танба, Теңирдин берген ырысын. Кымыз ич, досум, кымыз ич, Кызыл кан жүрсүн бетиңе. Кыргыздын кызын сумсайтпа, Кымызын сунса өтүнө: Теңирдин ырчысына Түшөөр балким, ойлорум оңкосунан, Тигишинен сөгүлөр тилектерим. Мен мелжеген мерчемдер ме сага деп, Силкилдетип көрсөтөөр билектерин. Калаар балким, көңүлүм көсөмдөрдөн, Максатымдын калпышса каймактарын. Мандалактай кыздарың мазакташаар, Манжасынан чыгарып бармактарын. Жетээр балким, түбүмө жеңилгеним, Унтулаармын же көчтөн артып калып. Туу тутушкан кээ бир дос, туугандарым, Артын салып кетишээр:, артын салып: :Ана ошондо, Күн болуп күйүп мага, Башка түшкөн куу түндү ураарсың ээ. Жаш болсо да жатындаш жан досум деп, Жалгыз өзүң жалбырттап тураарсың ээ. Же болбосо, жел минип, жетип анан, Тунутаарсың күңгүрөп күн кулагын. Алган жарым анте албас, а сен досум, Өмүрүңдүн сунаарсың бир курагын: Ооба, досум, мен бүгүн онтоп улам, Октой суук ой менен кезип келем. Ушул жолдор сызгычтай түз дечү элем, Улам басып чуңкурун сезип келем. Ушул жолдо миң басып көрсө досум, Кечээки изди жоготуп коюптурбуз. Жобурашып жомоктуу жорук менен, Жолдорго да көнүмүш болуптурбуз. Жолдор бизге не дээрин билбейм досум, Менин болсо табылбай издегеним. Көз карашым бактыма оордук кылып, Калчу болду, ийилип түздөгөнүм. Эсиңдеби, ээрчитип этек-жеңди, Тоодон издеп бактымды түшкөн элем. Шаарым бир күн шарактап шарап ачып, Тоолор тойго келет деп күткөн элем. Кечигишти... Баарысы кечигүүдө, Курч сезимдер мизинен кетилүүдө. Ашыктыкка акылдын торун салып, Жашап жүрөм эрк бербей эзилүүгө: Сенчи досум, сен деле жогуң таппай, Үмүтүңдү келесиң жайдак минип. Кан жутсаң да кайгыга сыр алдырбай, Азилдейсиң кудайды жайнап-күлүп. Канча кыздар "ориентир" алып сага, Калпагыңыз деп келет, калпагыңыз. Калдаябыз, эх досум канаттуудай, Башы жыртык болсо да байпагыбыз. Майланышкан жүзүбүз матырайып, Чок үйлөгөн көөрүктөй көркөмүбүз. Көп сулууга көл болуп көрүндүк ээ, Түбү тешик болсо да чөнтөгүбүз. Кээде айланып "айлыңдын музыкасына", Балалыктын издейбиз аманатын. Таппаган соң желибиз чыга түшөт, Жеп бүтсөк да турмуштун кара башын. Бизди бир көч желкеден жегжеңдетип, Канча "көчтүн" чыгарды жетегинен. Сүкүт чалып кайра эле сүйрөлөбүз, Уучтап алып Теңирди этегинен: ..Аян көрдүм, ээ досум колдойт экен, Көрсө ошол күч чеңгээлдин чапчымында. Өт дүйнөдөн, Теңирдин ырын айтып, Мейли ырыскың калбасын капчыгыңда. Айт кыйкырып, термелтип, ыйлатып айт, Билсин аалам Теңирге ырчы экениң. Биз тиштешип, достошкон калем саптын, Мен көрсөтөм канчалык курч экенин. Айт досум сен, мен дагы чапкылайын, Калемимди тоолордун арасына. Уят!.. Теңир "Улуу ат" ыйгарган соң, Чаппай коюш Чаңгеттин баласына: Чабандесмин - сен турмуш азоолонсоң, Тизгиниңди кагууга жокпу күчүм!.. Ибилисиң ийнесин саптаса эгер, Тозогуң да көрөөрмүн достук үчүн! Кыл көпүрөң кыйшайса чокко түшөөр, Көсөө менен көчүккө сайгандарың. А мен жайдак Пегасты чаап өтөмүн, "Дос арачы" - деген соң, пайгамбарың: :Оо, кан досум, мойнуңа камчыңды сал, Теңир урсун достукка шектүүлөрдү! Ала-Тообуз алакан жайып көккө, Түбөлүккө дос кылсын "тектүүлөрдү"!!!. Аян кылды Теңирим мага сырды... Соңку сөз Үйүм, үйүм дебеңер, Үйүң токой чырпыгы. Малым, малым дебеңер, Малың талаа чымчыгы - деп, бир кезде кайран булбул Арстанбек акын ырдагандай, бул түбүң түшкүр оомал-төкмөл дүйнөдө байлык-бийлий, көр турмуш жана булардын туткунунда азап тарткан кайран өмүр, кайран жашоо - баарысы, баарысы күнүмдүк гана кыялдардын курмандыгы катары сезилгенсийт. Адам уулу адам болуп жаралгандан тартып жер бетинен жоголуп кетмейинче, материалдык денени канааттандырган, материалдык нерсе-заттардын кулу болуп жашай бермекчи. Бул жер бетинин заң-мыйзамы жана адам табиятынын бирден-бир жүзү. А бирок, бирок ошол учурда адам уулунун эң улуу, эң сырлуу, эң ыйык жүзү - бул Рух, жана ошол Рухтун куралы болгон тил жана андан жаралган сөз. Ооба, сөз. Бүтүндөй христиан дүйнөсүнүн өзөгүн түзгөн Ыйык Инжил китеби тегин жерден: <Эң биринчи сөз болгон> - деп айтпаса керек. Демек, сөз ыйык, ал Теңирдики, ал эми сөз ээлери семит элдеринде пайгамбарлар, Теңирчил кыргыз элинде - олуялар. Демек, акын - пайгамбар, олуя. Орто кылымда чыгыш элдери акындардын даражасын пайгамбарлар менен тең баалашкан. (Өткөн жетимиш жылдык саясатта акындардын даражасын төмөндөтүп алдык көрүнөт, буга коом жана акындардын өздөрү күнөөлүү.) Ал эми акындын пайгамбардан айырмасы - ал бир эле чексиз Рух Теңирди ырдабастан, жердеги азап-тозокту, армандуу сүйүүнү кошо ырдап, адам уулуна акыл-насаатын да ыр аркылуу бергендигинде. Ошол эле учурда пайгамбарлар, киши кудайлар, аркылуу бизге жеткен улуу Теңирди даңазалаган ыйык рухий китептердин бардыгы поэзиянын тили менен жазылгандыгын эскерте кетели. Мен кеп төркүнүн Рух чексизи Теңирден баштаганымдын себеби, кыргыз эли өткөөл мезгилдин кайра жаралуу доорунда турган чакта, тээ атам замандан башталып, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген элибиздин теңирчиликти, ага кетчү жол Манас Рухун айрым бир прогрессивдүү интеллигенттердин элибизге кайрадан кайтарып берүү далалатын акыркы он жылдан бери байкап келе жаткандыгымдан улам болду. Бул, албетте, башка кеп. Менин баамымда, жыйырманчы-отузунчу жылдардагы кыргыз адабий интеллигенциясы жаңыдан калыптана баштаган мезгилиндей (ал учурда Социализм идеясына сугарылса) мамлекетибиз жаңыдан эгемендик алгандан бери кыргыз элинин, өзгөчө жаш муундарынын дүйнө таанымдары, көз караштары бөлөк нукка түшүп, элибиздин эртеңки күнүнө маяк болуп берчү, тээ байыркы Рух башаты Теңирчиликти, Манас Рухун кайрадан жандандырууга жасаган аракеттер жаш, эгемен адабиятыбызда байкалууда. Бул тууралуу дагы он-он беш жылдын ичинде кенен сөз кылууга болот. Мына азыр сиздер жаңыдан таанышып чыккан жаш автордун жан дүйнөсү жердеги тагдырдын, сүйүүнүн гана ырын ырдап тим болбостон, өзүнүн ички Рухий "МЕН" чындыгынан тартып чексиз Рух Теңирге чейин созулат. А көрөк күнүмдүк турмуштан, Бошонуп бийикке чыккыла. Теңирден чабарман ыр окуйт, Уккула, бүт аалам, уккула. Албетте, автор жаш, бирок бул саптар поэзиянын азап жолуна түшкөн автордун өзүнүн келечегине жасап алган рухий пайдубалы. Веда филасофиясынын өзөгүн түзгөн ыйык китеп <Бахгавад-Гитада> Курукшетра талаасындагы Аржуна менен Кришна кудайдын маегинде: <Сен мага өзүңдү бүтүндөй арнап сал!> дегени бар, Кришна кудайдын. Адам уулу качан гана чындап чексиз Кудай Теңирин тааныганда гана азап-кайгылардан арылып, жүрөгүн улуу Теңир оту балкытып чексиз мээримге бөлөнөрүн эчак эле Рух аалымдары далилдеп салышкан. Сүкүт чалып кайра эле сүйрөлөбүз, Уучтап алып Теңирди этегинен. . . . .. . . . .. . . . .. . . . .. . . . .. . . .. . . . . Өт дүйнөдөн Теңирдин ырын айтып, Мейли, ырыскың калбасын капчыгыңда. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . Айт кыйкырып, термелтип, ыйлатып айт Билсин Аалам Теңирге ырчы экениң. Бар бол! Азап-тозокту, арман-сүйүүнү, оор тагдырды, кыз-шарапты, оюн-күлкүнү эле ырдап тим болбостон, Чексиз Улуу Теңирди кошо ырдап жатат. Эзотерикалык ыйык окууларда жер бетине түшүрүлгөнгө чейинки мезгилдерде нур денелүү адамдар Ай планетасында жашагандыгы, Кудуреттүү чексиз улуу Кудай-Теңир өзүнө түспөлдөш адамзатын миңдеген жылдар бою ар кандай формада жаратууга аракет жасап, акыры жер бетине ылайыкташтырып, материалдык жер элементтеринен кошуп жууруп, Жер планетасына түшүрүлгөндүгү айтылат. Жерге көктөн келсек керек деги биз, Жан көккө учуп, жерде калат денебиз. Неге адамдар билбейм өзүн мазактап, Маймыл дешет биздин түпкү тегибиз. А мен билем тегим - Асман, денем - Жер, Таш оозуңа! Атам маймыл дегендер. Ансыз деле адам наркы бузулуп, Азаюуда Теңир уулдар-кеменгер!!! Баракелде... Ыр эмес бекен! Мына сага! Эй, марксисттик философия! Эй, Дарвиндин теориясы! Атаңдын гөрү ай, тегибизди маймыл деп жүрүп адам уулунун ыйыктыгын жоготтук, ыйыктык жоголгон жерде улуулук да, сулуулук да, сүйүү да - баары, баары жоголот. Качан гана ар бир адам уулу өзүн чексиз улуу Кудай-Теңир - биримдиктин бир бөлүгү экендигин сезгенде, диниң да, дин кудай талашкан экстремизимиң да - баары, баары жоголот. Жаш акындын ынандырган жана кубандырган жагы - чыгыштын улуу акындары: Яссави, Жами, Низами сыяктуу кайып-нур-сыр ааламдарын туя билгендигинде. Албетте, мен бул жерде жаш акынды улуу чексиз Рух Теңирди бүтүндөй ырга салып ырдап жатат дегенден алысмын, дагы кайталап айтам, алысмын, тек гана айрым ырларындагы туюм-сезимдерин, ички касиеттерин байкагандыгымды белгилеп кетким келди. <Жыйырма биринчи кылым - Рух кылымы> - деп айрым прогрессивдүү окумуштуулар айтып чыгышкандай, эгемен, эркин профессионал адабиятыбыз адамдын тагдырын, арманын, сүйүүсүн, жашоосун гана баяндабастан, ички сезим-туюм, дил, рухун, чексиз Рух Теңирге чейин ырдап, ыйык рухий адабияттын деңгээлине чейин көтөрүлсө деген тилек. Ал эми жаш акындын катардагы ырларына адабий сын, баа бериш - адабиятчылардын иши. Эң негизгиси аян менен айлап-жылдап айтылчу Манас ааламынан тартып Калыгул, Арстанбек сыяктуу келечекти көрө билген олуя акындардай, <Мен өзүмдү үй сыртынан карасам> - деп ырдаган Алыкулдай, асыл жаныңды денеңден бөлүп карап, <Мен бардык ишенимдердин квитэссенциясымын> - деп жар салган дервиш Рамистей, <О, золотое утро> - деп таң нуруна аңкайган Кубат акедей, бутуң менен жерди тээп башың менен көктү сайып, ой күлүгүңдү алкынтып: Уят!... Теңир "Улуу ат" ыйгарган соң, Чаппай коюш Чаңгеттин баласына - деп өзүң ырдагандай, бар бол! Аман бол! Иним!!! Нурлан Калыбеков | Китеп_тизме: |
|