| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
Жапар Кенчиев Жапардын "Жапма дептеринен" үзүндүлөр "Жапма дептер" Бет ачар Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган, далайлар "бир окусак" деп самаган, кыз-келин окуп жактырган, кумары канып каткырган, жигиттердин делебесин козгогон, сүйгөнүнө жетпей боздогон, чалдарды чаалыктырбаган, кемпирлерди кейитпеген, жазылганына көп болсо да көрөңгөсү көөнөрбөй, көбүк бүркүп жаңырган, жалаң болгон окуядан алынган Жапакеңдин "Жапма дептери" колуңарда. Мындай дептерлер жалаң эле Мидин менен Жапарда болбостон, баардык эле акындарда бар. Алар тар чөйрөлөрдө айтылат. Ошолорду бир системага салып, өтө аша чапкан жерлерин жымсалдатып койсо эле жакшынакай ыр болуп жатып калат. Бул байлыктар актаар эле эмгек. Көбү эл оозунда жөн эле кара сөз менен берилген. Аны Жапар ырга айлантып, көркөмдөп койгон. Бул чыгармаларды эптеп эле чыгарып, жарык көргөндөн кийин акчага тунам деген ниеттен алыспыз. Болгон окуяны болгондой кылып берип жаткандан кийин, жана көбү эл оозунан алынып жаткандыктан кайра ошол эле элге берип кетели деген гана максат. Бул жалган дүйнөдөн өтпөй турган адам жок. Элге жаккан эң бир сонун чыгармалар айрым авторлордун өзү менен кошо кетти. Турмуштун тундурмасынан алынып жаткандыктан анын анча деле уяты жок. Бардык эле акындар болгон окуяларды өзүндөй кылып бере алышпайт. Кеп анын уятчылыгында эмес, анын кайталангыс маанисинде. Мидиндин, Жапардын дептери сыяктуулар дүйнөлүк адабияттарда алтын казынасында сакталат. Мындай чыгармаларды чачмак оңой, жыйнамак кыйын. Эмесе окурманым: "Кыдырып жаш кезекте ойду-кырды, Жыйнадым эл ичинен далай ырды. Алардын жакшысы бар, уяты бар, Жашырбай айткан жакшы болгон чынды. Жоголуп кеткенчекти жазып кой деп, Кадырман талапкерлер жардам кылды. Замандаш, окуп алсаң уят жерин: "Сакалың өрттөнсүн!" - деп салба чырды. Элдики, элге берсек уят болбос, Турмушта болуп өткөн жабык сырды. Адамзат жашайт, өлөт, унутулат, Аркалап жашап келип бир топ жылды. Жазылбай далай сонун чыгармалар, Автору өрт өчкөндөй өлүп тынды. Эмесе ошолордун берметтерин, Жаштарга белек кылып Жапар сунду. 1968-жыл, 1-апрель, Каракече Автордун эскертүүсү Жалындуу жаштык кездеги, Жапардын "Жапма дептери". Жашырбай айтып берейин, Жалган эмес эч жери. Жазылган бойдон катылып, Жаштарга анда жетпеди. Саналып жылдар өтүптүр, Саргайып дептер беттери. Жаштык кез минтип өзгөрдү, Жазганбыз баштан өткөндү. Жайкы түн шамын жакканда, Жалынтып кызды өпкөндү. Жакшы үмүт чачып шооласын, Жапжарык нурун төккөндү. Уяттуу, балит жерлерин, Унутпай толук бергемин. Улуулар окуп кокустан, Убайым тарта бербегин. Ушундан тукум уланган, Улуу сөз болсун эрмегиң. Өрөпкүп сүйүү ташыган, Өткөндү жаздым башыман. Турмуштан баары алынды, Сурап көр кары-жашынан. Негизги жашоо булагын, Неге мен айтпай жашырам. Айтканым сизге жакпайбы, Анда эле баарын таштайлы. Наристе бойдон мопойуп, Аялзат жакка баспайлы. Тукумуң анда уланбай, Тумшугуң катып жатпайбы! Ак келин Азап болду айланаңдан кетпедим, Азезилдей азгырдың го, ак келин! Арбап алып көз карашың жүрөктү, Асылкечим, мынча неге дегдедим. Кызыктырдың, кыз кезиңде жетпедим, Кыйын экен кызыл чокту кечкениң. Кылгырасың кылыктанып, буластап, Кыйнадың го, кыйнадың го, ак келин. Ак шайыдай албырыптыр беттериң, Алты күндө араң сени "эптедим". Алып чыгып алдыбызга төшөдүң, Алганыңдын ак жакалуу чепкенин. Кылышканда кыңшылаган кездериң, Кыйын экен, кыйла жылдар эстедим. Кайтып келдим Эңилчектен шаарга, Кош бол эми, кагылайын ак келин. 1964-жыл, Эңилчек партиясы Геолог кызга Кесиптеш, сен да геолог, мен да геолог, Айлыбыз ак чатырлуу терең колот. Айта албай ачык сырды сага нечен, Жолугам жооткотуп жолуң тороп. Билмексен болуп гана жылмаясың, Көөнөргүс көңүлүңдү күлкүңө ороп! Кучактап агын суудан алып өттүм, Азгырып бая "айбаным" улам кобот! "Доңуздан бир огуңду аяба" - дейт, Жыласы бир бергенден калбас короп. Шайтандын азгырыгы бийлеп алып, Алпарып таш түбүнө койдум жолоп. Өпкүлөп, өлүп кете жаздап кеттим, Турмушта болот тура далай жомок. Ак чатырда Жай мезгил, тоо арасы, түн бир убак, Түйшөлүп уктай албай жаттым сулап. Геологдор таттуу уйкуда, лагерь тыптынч, Айрымдар чукурунат уйкусурап. От коюп сезимиме жаштык кыйнап, Зарыгып эл уктоосун күттүм чыдап. Акырын кирип барсам чатырыңа, Бүлбүлдөп күйүп турат өчпөй чырак. Ансайын делебемди козгоп салды, Аялдын буруксуган жыты бурап! Төгүлүп ак жаздыкка сары чачың, Жатыпсың, кагылайын кыйгач кашым. Теңдешсиз ошондогу сулуулукту, Сүрөттөп айта албастыр бир да акын! Апкаарып ойгото албай көпкө турдум, Капырай, улук белем аялзатың! Койнуңа кирип бардым төшөктү ачып, Өбүшүп ээрип жаттык кучакташып. Унутпай жүрөгүмө бек сактадым, Жаштыктын ошол түнкү ыракатын. 1964-ж. 24-июль, Эңилчек Карайм барып Сүйчү элем бала кезден кумарланып, Көздөрүң укмуш эле оттой жанып. Көрбөсөм көңүл чөгүп эстөөчүмүн, Дегдетчү магнитиң тартып алып. Чымырап бүткөн боюм сүрдөөчү элем, Кез-кезде жолукканда сага барып. Бирге өсүп экөөбүз тең бойго жеттик, Сүйүүнүн тамчылары көлгө айланып. Ээрчишип эриш-аркак жүрүүчү элек, Ынактык ысык сезим шамын жагып! "Эне-атам эрге бермек болушту", - деп, Ыйладың кайгы козгоп, бүлүк салып. "Боюмду алгын, - дедиң, - сага арнаган", Мажүрүм тал түбүнө алып барып. Кошулдук түн жылдызын чачкан кезде, Кантели, каргашадан канат талып. Сендей жар мага такыр табылбастыр, Сары оору болуп жүрдүм ачып-арып! Түшүмдө бирге болуп сени менен, Ойгонсом отко түшөм ызаланып. Эч качан унутулбай жүрөгүмдө, Бир үзүм ошол түндөн элес калып. Арадан алда нечен күн өтсө да, Караймын ошол талды дале барып! Түн эле Түн эле, өкүм сүрүп караңгылык, Түйшөлүү, махабаттын отун жагып. Алоолоп ысыктыктын ыракаты, Сезимге бүлүк салат келе калып! Үзгүлтүк дем алууга кулак төшөп, Жылт этип учкун болуп секунд өтөт. Аймалап ак жүзүңдөн алда нече, Ашыгып жүрөк согот, мезгил өтөт. Күңүрттөп, күчү тайып оттуу сезим, Тыныгып, тыным алат, жыят эсин. Ансайын караңгылык магдыратып, Капыстан капшыт түрүп ачат бетин. Мартынова сары кыз Кээде бутун учкаштырып, Кээде талтайта ачып. Бурчта сары келин иштеп, Жаткан экен кагаз бүктөп, Бирдемелерди жазып! Чатын талтайта ачса, Ичи кызыл өпкөдөй болуп. Тылагы көрүнүп жатты, Балакет басып! Эшиктен кирип келген Курманбек: - Тфу: шайтан! Жапса боло, - дейт, - калкалап. "Кайбары" кооп кетсе керек, Шымынын бултуйганы байкалат. "Жырмачын" эки эли штан калкалап, Чекесинен мышыктын мурутундай, Сары жүндөр самсаалаган, Аны көргөн эркектер тамшанат. Анда мен: - Мартынова сары кыз, Өбөлүбү баарыбыз. Иштебесек мейличи, Жыргап өтсүн жаныбыз! - дедим. Мидиндин Байдылдага жооп каты Байдылда өзүнүн "Ашуудан берген отчөтум" аттуу китебинде Мидинге кат жазган. Ошого сатиралык пародия. Кабары көпкө билинбеген, Кат алдым акын инимден. Жолдошторго окуп бер, "Жооп кат", - деп Мидинден. Чырдуу суудан чогуу ичип, Чыкчу эмес элең тилимден. Байдылда иним, аманбы, Сураптырсың абалды? Эстептирсиң ыракмат, Бир кезде, Ээрчитип жүрчү агаңды. Ал жерде көргөн-билгенге, Айтып кой менден саламды. Кайрылып элге бара албайм, Кантейин жолум караңгы. Сагындым иним жалпыңды, Санжыргалуу калкымды. Бир кезекте билбепмин, Тирүүчүлүк баркымды. Аманат жазган бул катың, Ар түрлүү ойго калтырды. Кез-кезде чыгып талаага, Ченебей бойго, чамага. Ээрчишип ичип аракты, Жүрчүбүз салкын абада. Артыман менин келем деп, Асты шашпа, садага. Пейлиңдин билем түзүгүн, Жашоонун көргүн үзүрүн. Бат үйрөткөм аракка, Дээриңде да бар, күчүгүм. Азгырып ошол ак молдо, Аз бердим ырдын түшүмүн. Кадырды билген бала да, Кат жазган мендей агага. Жээрдеси элем күлүктүн, Жем түшпөсө бутума, Жеткирбей келчү маарага. Жерге кирсин ичкилик, Жеңдирбе, иним, сен ага. Өзүңдүн кандай абалың, Өркүндөгөн чыгар каламың. Болгондурсуң лауреат, Алыска кетип кабарың. Башынан эле билчүмүн, Ырларың элге жагарын. Эл акыны болдуңбу? Эңсеген атка кондуңбу? Элиңе жагып жазганың, Эмгектин балын сордуңбу? Таланты ташкын акын деп, Таптыңбы, иним, ордуңду? Таланттан таап бактыны, Чыгармаң элге жактыбы? Берметтей тизген саптарың, Халтура болбой жакшыбы? Элүүгө чыксаң урматтап, Эл баалап орден тактыбы? Же жерге кирген ичкилик Желкеден таптап бастыбы? Караансыз чыгып жарышта, Кабарың кетмек алыска. Жалпыга бачым таанылып, Жарамак элең намыска. Жагымдуу эле ырларың, Жашырбай айтсын калыс да. Таразалайт эл эле, Талантың кимден кем эле? Кийинки акын жаштардын, Кимиси сага тең эле? Арактан аксап менчилеп, Кала көрбө жемеге. Максаттын жетпей учуна, Жем түшпөсүн бутуңа. Жер менен көктү арала, Жетилсе канат учууга. Кадырыңды эл билет, Канагат кылгын ушуга. Айтайын сөздүн ачыгын, Арымдуу эле басыгың. Акылдуусунуп далайы, Айтышкан чыгар акылын. Бекер ооз бирөө катылса, Бердиңби анын катыгын. Жолобо жолу бошторго, Аракеч-ичкич досторго. Көңүлчөөк элең ичкенде, Көп сүйлөп бекер оштонбо. Оңолгончо басыгың, Ордуңан такыр козголбо. Кесепет кирди жугузба, Кеп кылат ар ким угушса. Келинчек берсин жүз грамм, Кез-кезде башың курушса. Токтоно албай кетчү элең, Топтошуп мастар турушса. Айта албай сөздүн төгүнүн, Ар кимдин кыйбай көңүлүн. "Байдыке!" - десе барбактап, Алчу элең тилин көбүнүн. Оңтойсуз абал туш болуп, Оозуна кетпе бөрүнүн. Кагуу жеп кээде ызадан, Көп ичпе барматухадан. Өлөрман болот вино - арак, Өрөөлөп бутту тушаган. Көңүлчөөк болуп ичпей жүр, Көрбөдүм андан узаган. Тартпай жүр, Байдыш, убайым, Ийгилик болсун ылайым. Эмки катка жазып ий, Эл-журттан кабар сурайын. Сары-санаа болуп жүрчү элем, Сагындым баарын угайын. Кутмандуу элдин карысы, Кадырлайт элдин баарысы. Ак калпак кыргыз эл түгүл, Алыска кеткен арышы. Аалыкем күүлү жүрөбү, Айныбай жорго салышы? Сибирден Токоң качканын, Роман кылып жазганын. Карылыктын алдында, Кара сөзгө көчтү деп, Сен дагы бир жол мактадың. Ошол романы бүттүбү? Сураштырып тактагын. Арт жагын ырдай элекпи, Түшүрүп эске жаш чагын. Кара сөздүн чечени, Кадырман абам кечээги. Өз колунан жазылды, Романдын нечени. Канча күн иштеп жатса да, Камыгып койбойт эзели. Дени сак Тукем жүрөбү? Айыгып учук кесели. "Көк асаба" чыктыбы? Же тоскоолдор тооруп кыстыбы? Эң эле мактап жүрчү эле, Эр Тегин деген мыктыны. Тукеме менден салам айт, Эске алсын ички-тышкыны. Көп жылдар өттү арадан, Темикем чыкпайт санааман. "Жаңгагы кошо чагылып, Жазылды, - дедиң, - "Арабан"". Аркытты жаңы баштаса, Анда эле ишке жараган. Жаңы ырлар жазып жадабайт, Жанрдын төрүн аралайт. Тентегиң Мидин каты деп, Бала кыял бакылдак, Темикеме салам айт. Жетим жүрүп такшалган, Жетилип жазды дастандан. Кайгырып кээде калчу эле, Кат алып калса Какшаалдан. Сатылган кыргыз кызынын, Зар-муңун талбай жазгандан. Абдрасулдун нускасын, Алышты бекен жаштардан. Абыкеме салам айт, Алгыр куш эле тапталган. Насыкем болсо курбалым, Замандын көрдү жыргалын. Акыркы ок болсо атылып, Дүрмөттөп жаңы ырларын. Лирика жактан ачыптыр, Сүйүүнүн жаңы сырларын. Насыкеме салам айт, Жазгандыр жаштык жылдарын. Айтчу эле бала чактарын, Алты айында басканын. Апасы колдон жетелеп, "Ак-Өгүз" белин ашканын. Эшитти эле кулагым, Ага эл ишенбей жатканын. Айыбын коюп эскиге, Узун сап ырга эптүү эле. Уйкаштык жагын эске албай, Жаңыча жазып кетти эле. Кийинки жаштар ыр жазган, Сукемди туурайт дешчү эле. Ай, жылдыз болуп жазганы, Арымдуу эле таскагы. Акактай кылып сүрөттөп, Агын, суу, тоону асканы. Ардактуу иним Сүйүнбай, Ак шумкар эле таптагы. Барып келген согушка, Фашисттин сынып капканы. Сак-саламат жүрөбү, Поэзиянын багбаны? Ташкындап талант акылы, Балдардын алтын казыгы. Бөйтөгөй мурун, бото көз, Бөбөктөр анын жакыны. Мусакем жакшы жүрөбү, Сүйкүмдүү балдар акыны? Канча экен алчы эсебин, Басмадан чыккан китебин. Калдайган кыргыз калкына, Көрсөтсө керек ишеним. Башынан эле билчүмүн, Ырлары жакшы экенин. Чыга элек эстен азыр да, Согушка барган жашында. Бала кезден ыр жазып, Башынан дыйкан акылга. Соо болсун дени, салам айт, Сооронбай лирик акынга. Ааламга кеткен атагы, Чыңгызың эсен жатабы? Кыргыздын даңкын көтөрүп, Кыйла зор ишти жасады. Улуу эл кыргыз эрдигин, Манаска келип такады. Казанбак өлсө көмө албай, Эдиге деген казагы. Убара болду деп уктум, Ушунусун сурап көр, Уландысын жазабы? Кайталап окуп катыңды, Каныгып жарпым жазылды. Кайрадан катка жазып ий, Калемдеш иним Касымды. Карандай сатиралардан, Канчасы чыгып, басылды? Орунсуз болсо сураба, Оорутуп бекер башыңды. Жумгалдыктын Шатманы, Жугумдуу элге жазганы. Кара сөз, ыр, драма, Канчасын жазып таштады. Алыска кетти деп уктум, Ак боз аттын таскагы. Шылкыйып элден адашкан, Шырдакбек бекен башкабы? Элин баккан эр деген, Эмине кылып таштады. Же өкүнүчтө кеттиби, Өзгөрүлүп аттары? Ошону сурап жазып ий, Келгендер аны мактады. Муканбеткалый, Акбарды. Мактапсың акын жаштарды. Таасын күлүк болушмак, Ташташса бекер басканды. Көчөгө чыкпай үйүндө, Көбөйтсө болду жазганды. Роман жазып тарыхтан, Көп иштеп көзү каныккан. Чыгабы деп жүрчүмүн, Чымырканса жарыштан. Ардактуу иним Качкынбай, Айтчу эле салам алыстан. Кажыма сөзү болбосо, Кайсыныңдан калышкан. Эстей жүр деп агаңды, Айтып кой менден саламды. Халтуршиктерди какшатып, Шыйракка чаап аксатып. Чочулап далай жазуучу, Чогултуп ишин такташып. Адилет сынчы болот деп, Ар кимдер жүрчү макташып. Ал күндөр турат элестеп, Ар кандай сынды жазчу эле, Шаршенбек менен Кеңешбек. Дендери сак жүрөбү? Катымды койгун окутуп, Каалашса кокус керек деп. Жайлоосу гүлдүү, көркөмдүү, Сагындым Жумгал, Соң-Көлдү. Көк дайра Көкөмеренди, Ой-Кайкың менен Кең-Төрдү. Берекелүү Чаектен, Аттангам анда фронтко, Фашисттен коргоп өлкөмдү. Суусамыр, Арпа, Ак-Сайды, Сагынып Мидин жатпайбы. Көк-Ойрок, Макмал, Каркыра, Көрбөсөм аны мактаймбы? Чарбанын малын өстүрүп, Чардап элим жаткандыр, Чарымсыз чайнап ак майды. Керемет бейиш, жыргал жай, Көгүлтүр Ысык-Көл кандай? Катыңды окуп кубандым, Кайрылып өзүм баргандай. Эс алчу жайлар жээгине, Салынса керек ар кандай. Ал күндөр али оюмда, Тойчу эмес элек оюнга. Селкилер менен жүрчү элек, Серүүндөп көлдүн боюнда. Таарынткам далай сулууну, Танбаймын, алам моюнга. Арстанбап менен Чарбактын, Кабарын айтчы ал жактын. Жаңгагын, суусун жазмакка, Темикем менен бармакмын. Азабын тартып арактын, Ажалга белден карматтым. Оюма салдың далайды, Сагындым Ошту, Алайды. Көрсөм деп дегдеп жүрчү элем, Сурьманын кени, калайды. Убакыт келсе токтотпой, Убалга ажал карайбы. Ысык-Көл, Талас, Нарынды, Торукен, Толук, Арымды. Өзөндү бойлой жыш өскөн, Карагай, кайың, талыңды. Айдарым, Көк-Арт, Көк Жаңгак, Агайың Мидин сагынды. Шибери белден буралып, Булуту көктөн чубалып. Төрлөрдөн соксо муздак жел, Көңүлүң сергип кубанып. Жароокер кызды тосчу элек, Жапсарга келсе суу алып. Берендер белин буугандыр, Бээси да эгиз туугандыр. Береке толуп, кут конуп, Белеске үйлөр кургандыр. Керимсел согуп дан батпай, Керемет Чүйүм тургандыр. Нарындын суусун бургандыр, Токтогул ГЭСин кургандыр. Саймадай гүлгө бөлөнүп, Какыр чөл гүлдө тургандыр. Эшиктен эрип май агып, Элибиз жыргап тунгандыр. Канты кардай болгондур, Картошка, пияз толгондур. Тынчтыкта жашап бул күндө, Бак-таалай элге конгондур. Короз да данды ылгаса, Арпа жеп эчки жыргаса. Ыкшоо тартып семирип, Эшек да жумуш кылбаса. Жомоктогудай болуптур, Чочколор оонап турбаса. Эми чын дүйнө, жалган дүйнөнүн, Чындыгын менден сурадың. Эт кетип сөөктөр шалдырап, Эң кыйын алда турамын. Ажалды эрте жиберген, Аракка жетсин убалым. Өлүмдүн чаап капканын, Өмөктөтүп таштады. Нанкир-манкир дегени, Тебелеп-тепсеп таптады. Сайрандап жүрчү бир кезде, Сыймыгым качты баштагы. Мүрзөмдөн силер кеткенде, Кырк кадам жерге жеткенде. Суракчылар келишип, Суналып жаттым тепкенде. Жооп таба албай куурадым, "Жа Расул Алла" дешкенде. Каректер көргө төгүлүп, Газдарга кеттик бөлүнүп. Какжырап муундар ажырап, Кабырга сөөктөр сөгүлүп. Кайгырып турган кезегим, Калдайган журттан бөлүнүп. Каяша кылар ал кайда, Калың шор жазса маңдайга. Кадырлаш өскөн нечендин, Караанын көрбөй андайда. Кароолдор айдап барышты, Какшыган ысык бир жайга. Айттырып көрүп келмени, Ал жерден мени тергеди. "Амир ким?" - дегенге, Айтууга тилим келбеди. Эскертип койгун кутулбайт, Жегичтер болсо элдеги. Эл акысын жегенди, Алдамчы, сүткор беренди. Тандап алып ичинен, Тозогуна жиберди. Аракеч, жалкоо, ушакчы, Айласын таппай жүрүштү, Кайсы эшиктен кирерди. Кутулбай жаман адаттан, Тирүүмдө жолдон адашкам. Мойнума күнөө илинди, Баягы аял менен арактан. Райкан байкең туура айткан, "Айлансын", - деп, - тамактан". Жалган айтып нетели, Жашоого, иним, жетеби. Акмак, гений аралаш, Ааламдан өткөн нечени. Алмашып турат турбайбы, Ар нерсенин кезеги. Кыл көпүрө дегени, Кылычтын эле мизиндей. Кыямат-кыйноо чын экен, Кыйгыл суудан ичирбей. Тоодой жалын кызыл чок, Тозоктун оту кичирбей. Көп угам элдин кейишин, Көрсөтөр бекен бейишин. Бозоруп турат чөп басып, Боз топурак бейитим. Баарыбыз күтүп жатабыз, Адилет соттун келишин. Сот болгон ошол периште, Кокустан сөзгө келишсе. Камданып жүрөт кээ бирөө, Кантсе да пара беришке. Паракор, ачкөз, бузуктар, Чыккысы келет бейишке. Бирок ошол периште, Токтолду дешти көп ишке. Адилет болбой калбайбы, Пара алып, элден жеп-ичсе. Камыныптыр зулумдун, Сазайын колго беришке. Сурапсың гүл-зар, бак-шагын, Казактар кымыз сатканын. Кайталап сурай берипсиң, "Кандай" деп наркы акчанын. Акчалай эле беришет, Ар кимдин иштеп тапканын. Ар кандай баасы тамактын, Айтамын аны шашпагын. Райкан байкең экөөлөп, Арак сатчу дүкөнүн, Али күнчө таппадым. Бирок уктум ар кимден, Аракеч үчүн атайы, Үч жолу кымбаттатканын. Ошону үчүн акчам көп, Өрүлүктөйм деп сен келсең, Кассага салып таштадым. Бейиште деди бак-шагы, Алтындап салган ак тамы. Биз турган жер ара жай, Куйкалайт күндүн аптабы. Кыш, күзү жок, дайым жай, Көйнөкчөн басат жаш-кары. Көтөрүп келип тымызын, Казактар сатат кымызын. Кымбаттатпай беришет, Кырк тыйындан чынысын. Аяктан жетимиш тыйындан сатканы, Ал акчанын алган кыныгын. Бейиште бекер тамагы, Жок дешет, бирок арагы. Тозокто иштейт деп уктум, Кечкисин рестораны. Баргандар ичип мас болуп, Көп элге тиет залалы. Сенин да зарыл билишиң, Күнөөлөйт элем кимисин. Тирүүмдө ичип коюпмун, Арактын бүтүн лимитин. Дүкөндү мага көрсөтпөйт, Угуп кой, Байдыш, инисиң. Кароолчу берет жашырып, Кайтарып берем идишин. Улуу-кичүү агайын, Алардан кабар салайын. Сагынсаң керек бул жакка, Келгендердин далайын. Капа болбой окуп ал, Катка жазып санайын. Бөлүнүп кыргыз калкынан, Райкан келген артыман. Сагынышып калыппыз, Салам айтты жалпыңан. Талыкпай чуркап алыска, Тая элек кадыр баркынан. Маанисин билбей келемин, Дагы эле эстейт эл-жерин. Жолдошум, досум Райкан, Жаңысын жазып бүтүрдү, Жер жөнүндө терменин. Өзүмдө жок кантейин, Өрүлүктөп арак бербедим. Осмонкул, Калык, Алыкең, Чыныгы ырдын кени экен. Урматтап, сыйлап турушат, Бул жакта элдин баары тең. Укмуштай ырдап жүрүшөт, Угаарсың келсең аны сен. Муң-кайгы бир аз азайды, Көргөндө Муса, Атайды. Мурунку кездер элестеп, Муңайтып көздү жаш чайды. Муздак көр сөөктү сыздатып, Муунумду алып жатпайбы. Муса ырдап, Атай күү чалат, Тиричилик бизди кусалап. Кутултпай өлүм тузагы, Кууратты бир аз ызалап. Өлбөс адам жок экен, Өлүмдөн коркпо чычалап. Кадырлап сүйгөн жалпы эли, Куйручук, Жоошпай, Шаршени. Курушун элдин жазылтат, Куудулдап айткан кептери. Гастролдоп бейиште, Кыдырып жүргөн кездери. Сагынсаң керек болжолу, Залкарың Карамолдону. Комузду тап-так сүйлөтүп, Жоргодой элпек колдору. Бул жерде комузчулардын, Алдына чыккан болбоду. Кубантып кыргыз калкыңды, Бир кезде жазчу жарпыңды. Боздотуп чертет дагы эле, "Жаш тилек", "Боз салкынды". Саламын айтат Ыбырай, "Сарым" деп билип баркыңды. Санаалаш залкар адамың, Саякбай айтат саламын. "Аракка иним алдатпай, Арбытсын, - дейт, - каламын". Ал киши да жолун таап, Аскерине кошулган, Айкөл Манас бабанын. Өз агаң артист Шекербек, Оозунан чыкпайт бекер кеп. Колуң менен коюпсуң, Мүрзөнүн оозун бекемдеп. Шектенсең керек болжолу, Комуз чертип берем деп, Кокустан чыгып кетер деп. Саламын айтып бабаңыз, Сагынып жүрөт Чалакыз. Саякбай болуп чогулуп, Бүркүтүн кээде салабыз. Кыдырып тоосун бул жайдын, Алыстап бир топ барабыз. Жайдары агаң баштагы, Жантөштүн уулу Касмаалы. "Жаннаттын жакшы кызы" аттуу, Роман жазып таштады. Арак ичпей ыр жазып, "Жаман сары" инимдин, Чыксын дейт элге таскагы. Окуп берсем катыңды, Ал дагы көзүн жаштады. Көп окуп, жаттап казалды, Жашынан жазгыч аталды. Кадырлап тосуп алганбыз, Касмаалы калыс атаңды. Ээрчите келди жанына, Эдилдин уулу Асанды. Түйшүк тартпай кыйналып, Туруп калды жыйналып. Келери менен кадырлап, Староста шайладык. Өлгөндө барбай коюпсуң, Мастыктан баспай чайналып. Кукеңдин жайлуу турагы, Жакшы угуп калган кулагы. Жанрдын бир топ түрлөрүн, Жазып жүргөн убагы. "Кат алдым, - десем, - Байдыштан", Кайрылып сени сурады. Угабыз нуска кептерин, Кеп кылса жаштык кездерин. Унутуптур, ала кел, Санжыра жазган дептерин. Кайсалактап мас болбой, Карынын сөзүн эстегин. Зор талант экен чынында, Атагы кетип кылымга. Опера жазган, коөт дейт, Бейиштин театрында. Аблас агаң жашарып, Кайрылып кырктын кырында. Кадыр-баркы эсепсиз, Үй бергенбиз кезексиз. Тозоктон арак алдырып, Той берсе келип кетерсиз. "Бейкүнөө өткөн кечээ", - деп, Периште жүрөт жетелеп. Белгилүү акын Алыкул, Бейишке чыкмак, кете элек. Келгенден бери ыр жазат, Кейишти анча сезелек. Акындын минип боз атын, Ал дагы сенин устатың. "Поэма жаз", - деп үйрөтөт, Шото абасы ыкмасын. Ар дайым сыйдын үстүндө, Айтайын сөздүн кыскасын. Түлөев досуң дагы аман, Бузула элек табынан. Алдына киши чыгарбайт, Симфония жагынан. Кошулуп ичип арагын, Чыкчу эмес элең жанынан. Билесиң аны башынан, Таланты ашып-ташыган. Кылыктанат дагы эле, Кыздарды тандап жашынан. Келсең бир чоң тойгузат, Кир ичмеси бар ачыган. Бүбүсайра эжекең, Бүтүндөй бийдин кени экен. Ай чырайлуу нур жүздүү, Адамдан чыккан пери экен. Алкышын айтат бийлесе, Арбактардын баары тең. Ар түрлүү элдер чогулуп, Аскасын тоонун омуруп. Театр салып беришкен, Эжеңдин бизден жолу улук. Эжемдин бийин көрөм деп, Мас болуп баса бербегин, Бул жакты көздөй оолугуп. Коркчу эле ийне сайгандан, Көчүптүр Мукең жалгандан. "Король Лир" болуп ойносо, Кайсы эл да болсо таң калган. Жаштардан артист даярдап, Жаны тынбайт баргандан. Таланты кайра жаңырып, Эл-журтка кетти таанылып. "Кинодо Жантай болдуң", - деп, Чоң атасы Болот таарынып. Ролдун жайы башка деп, Түшүндүрдүк жабылып. Кабарын айтам кеткендин, Касмаалы уулу Бектендин. Каадасынча күлдүрөт, Калп-чынын кошуп кептердин. Салам айтып ага да, Катыңды окуп эскердим. "Көп бекен? - деп, - жазганы", Какшыктуу сөздөн баштады. "Арагын таштабайт го, - дейт, Ар кимден сурап акчаны. Чакырып мында алам, - деп, - Чатак кыла баштады". Шменин уулу Смарың, Кабарын анын сурадың. Лирика жазып кыздарга, Өткөрбөйт бошко убагын. Оң көзү бир аз оңолуп, "Ыр окуйм, - деп, - кыздарга, Тиштенип алган кулагын. Таанышып түрлүү кырдаалдан, Талыкпай эмгек кылгандан. Өзүм болсо иштеймин, "Тозок от" аттуу журналдан. Ала келсең бастырам, Арак ичсең ырдагын, "Ара бөк" нечен ырлардан. Ушундай менин абалым, Айран, сүт болгон тамагым. Түгөтүпмүн тирүүмдө, Лимиттеп берчү арагын. "Аракеч, динсиз Мидин" - деп, Угулуптур кабарым. Менчилеп өлбөй сен дагы, Артыңды ойлоп карагын. Ууру, канкор, бузуку, Жалдырап жаткан учуру. Кедей болсун, хан болсун, Баарынын бирдей укугу. Миң күнкү бейиш багынан, Бир күнкү жарык өтүптүр, Эстеп кой, Байдыш, ушуну. Каарынан көп эл жазганган, Баягы хандар башкарган. Алар да кедей сыяктуу, Боз топурак жазданган. Опаа болбой дүйнөсү, Байлар да жатат мактанган. Кээ бирөө жыргап өтүштү, Ак эмгек кылып, гүл жайнап. Аракеч, жалкоо өтүштү, Жаман тон менен шор кайнап. "О дүйнөдө жыргайм", - деп, Акыретке бел байлап. Акын иним, байкагын, Акыркы сөзүм айтарым. Шектенип бир топ сурадың, Периште менен шайтанын. Ал дүйнө жок, тамаша, Келишсин күнөм санаса. Тамаша сөзгө ишенбей, Тамтаңдай бербе балача. "Кыямат кыйноо" чын дедим, Өз катыңа жараша. Имерген элди өзүнө, Ишенбе молдо сөзүнө. Арактан айнып ар нерсе, Көрүнсө керек көзүңө. Жүз грамм минип желген го, Жан алгыч болуп төшүңө. Шектенип сурап утуру, Качырба Байдыш кутуңу. Тирүүңдө иште ал бейиш, Түшүнүп койгун ушуну. Аракка көп теңебе, Аялдын урат кусуру. Кеткендер келбей кайрылып, Жатабыз көрдү жай кылып. "Мидикем кантти экен?" - деп, Ыйлаба, Байдыш, кайгырып. Акыры өтөт алтын баш, Ажалга бычак сайдырып. Ааламдын койну кең экен, Өлгөндөр сансыз эл экен. "Бардан жок болбойт" деген сөз, Байкасаң, Байдыш, эп экен. Сопунун айтып жүргөнү, Сооротмо жалган кеп экен. Заттарга кеттик ажырап, Сакталбай толук кебетең. Тунук суу - арак кезигип, Тирүүмдө жүрдүм эсирип. Мен алган алты аялдын, Үчөө мени кетирсе, Үчөөнү мен кетирип. Агаңды, иним, туурабай, Белсенип иште чечинип. Аша чапты дебегин, Айтайын анын себебин. Асылкеч сүйгөн жарыңды, Аракка кантип теңедиң. Аялга анча асылба, Ак сүтүн эмдиң эненин. Көп ичтим, ырас, аз жаздым, Түбүнө жетпей максаттын. Мени туурап сен дагы, Жазганды, иним, таштапсың. Жаныңда "ичкич" көп жолдош, Жаман жорук баштапсың. Ажалсыз адам өлөбү? Аргасы болсо көнөбү. Алжып айтат Байдыке, Арактын бар деп жөлөгү. Жөлөгү болсо канакей, Өзүңдөн баштап көрөлү. Ээрчитип алкаш достордон, Күнүгө Сейил-Таш-Коргон. Дембе-дем ичип арактан, Делебең күндө козголгон. Убайым менен өтпөчү, Улгайган кезиң токтолгон. Эсиң бар эле ичпечи, Эл үчүн, иним, иштечи. Артыңа атак калтырып, Турмуштан таалай издечи. Эч адамдан кем эмес, Таланттар күчтүү сиздеки. Мидин агаң мен элем, Тайсары иним сен элең. Ыр жазганга келгенде, Кайсы акындан кем элең. Куюлушуп, ыргыштап, Куюндап турчу жел элең. Ийдилеп тамак ичиңи, Ириңден көзүң шишиди. Сагалап "Жаштык", "Сейилди", Таштапсың талант ишиңи. Жүгүрүп бурчтан издедиң, Жүз грамм берчү кишини. Жаныңа топтоп бошторду, Аракеч, ичкич досторду. Дайынсыз кетип далай жыл, Таланттын көбү жок болду. "Байдылда ичип кетти", - деп, Элиңде көп сөз козголду. Акыл, ой анча жете элек, Же жаш кезиң эмес эселек. Жаза турган учуруң, Талантың бойдон кете элек. Арам өлсүн ак молдо, Азгырып жүрдү жетелеп. Ыргалган желге камыштай, Сен да ичтиң менден калышпай. Мезгилсиз бетиң бырышты, Картөшкө казган аңыздай. Мээнетте өтүп кетпегин, Мезгилиң менен жарышпай. Кадемиң катып курудуң, Помидор болуп мурунуң. Кор болуп барат таланттын, Коомго жоктой жугумуң. Жаман ишке бурулбай, Жашоонун бурчу рулун. Аракка денең чыкталып, Ашаткан тери жыттанып. Баркыңды Байдыш кетирдиң, Баш жаза албай кысталып. Сен жөнүндө эки, үч ооз, Жакшыраак кабар укпадык. Сөз салып жаштык кездерден, Ыр окуп "эшек" дептерден. Карыны, жашты күлдүрүп, Калп эмес, дурус эскермең. "Мидикем мындай деген", - деп, Өөнөдүң өткөн-кеткенден. Тар болуп даңгыр жолдоруң, Ичкилик жактан оңбодуң. Калем сап кармап жаза албай, Калтырак басты колдоруң. Өйдөдөн ылдый куланып, Өзүңдү-өзүң кордодуң. Талатса бирөө итине, Мүйүзүн такап ичиңе. Буржугуй моюн, кызыл көз, Букалар кирсе түшүңө. Унутуп аны ырдадың, Арактан жутсаң кичине. Боюңа, иним, ченебей, Болжолсуз ичтиң кенебей. Көз кысып турса арагың, Кадыркеч өскөн жеңедей. Дүкөндү көрсөң сүйүндүң, Үйүңдү көргөн немедей. Алыска кетпей арышың, Азайып акыл, намысың. Дардайып сары текедей, Ара бөк бойдон калышың. Жаныңа киши жолобой, Дыркырап качты таанышың. Солдоюп жаттың ар кайда, Соолуктурчу жайларда. Соо болгон күнүң болбоду, Соңку жыл, бир топ айларда. Байланбачы, Байдыке, Баягы шише кайранга. Арактын берип катыгын, Таштап кой, Баке, акырын. Кекиртек жагың болбосо, Кем эле кимден акылың. Ордуна келет эми эле, Оңолуп жорткон басыгың. Таштачы кыйгыл суу жутпа, Талант аз сендей кыргызда. Ташкындап турган таланттын, Талаага көбүн ыргытпа. Кордугун тартпай арактын, Кол сермээр кезиң жылдызга. Таластан чыккан "Тайсарым", Кайсы арманды айтамын. Бир кезде ичип мен дагы, Ырысымды кайсадым. Кесепет сууну көп жутпа, Кеңеш кылып айтарым. Ар иштер болот турмушта, Кол серме, Байдыш, жылдызга! "Ашуудан берген отчөтуң", "Дүң" болду дешти кыргызга. Ажырап токо-наалаттан, Аргымак аттай арышта. Көрсөтүп жакшы жагыңды, Ырыңдан изде багыңды. Жамандап жүрчү далайдын, Жаңылып жаагы жабылды. Ак булут менен тең сызып, Арбыткын ойдо барыңды. Аман бол, Байдыш, кош эми, Эстей жүр мени кечээги. Сабырдын түбү сары алтын, Ар иштин болот кезеги. Ичсең да чене боюңа, Ичпе деп айтпайм эзели. Тагдырдын жолу табышмак, Өтүптүр жылдар алыстап. О дүйнөдөн кат жаздым, Аманат кылып, табыштап. Унутпай Мидин агаңды, Кайрадан кат жаз багыштап. Жапардын Мидинге жазган каты Калкыңа тийген керегиң, Кара сөз, ырга чеберим. Байдылдадан мурдараак, Кат жазбайт мага дебегин. Тоолордо жүрдүм кен издеп, Билесиң анын себебин. Абалың, байке, жакшыбы? Бакемдин каты жактыбы? "Тозок от" аттуу журналың, Толуктап кайра бастыбы? Ыргыштап тулпар, Байдыке, Ырынан тапкан бактыны. Тагдырына ыраазы, Таланттын күчөп ташкыны. Эскерип сиздей асылды, Эңсеген кабак ачылды. Эсенгул келип тапшырган, Экинчи жазган катыңды. Акындык жакка үйрөтүп, Айтчу элең далай акылды. Катыңды мен да бергемин, Кастарлап окуйт элдериң. Кайдыгер калбайт эч качан, Калкыңа берген эмгегиң! Ажыратып албадык, Ажалдын кайрып чеңгелин. Унутпайт эч ким Мидинди, Эстей жүр, байке, иниңди. Айтканың эки кылбастан, Алчу эмес белем тилиңди. Ордуңду калдык сыйпалап, Жоктугуң бизге билинди. Ардактап Мидин агамды, Айттырдык сизге саламды. Бул жактан кетти бир тобу, Алдыңбы тосуп аларды? Узатып койдук урматтап, Угарсың болгон кабарды. Ылгабайт тура ажалың, Жакшы менен жаманды. Тоотпой кайгы-капаны, Той берип көңүл ачабы? "Тозок от" аттуу журналың, Токтобой чыгып жатабы? Чоо-жайын айтчы, кеткендер, Чогулуп бирге басабы? Капкандай чаап бутуңду, Качырып бойдо кутуңду. Канчалык өп-чап болсо да, Калк улайт укум-тукумду. Какшаалга качып кетсе да, Каары катуу шум ажал, Кайсаган Абдырасулду. Аласасы келгенде, Ажалдан кимдер кутулду. Ала албай калдык жашырып, Ач ажал тырмак матырып. Ардактуу курбуң Насирдин, Акырет кетти шашылып. Армандуу күнгө чулганып, "Акыркы ок" бүттү атылып. Кайраның, иниң Качкынбай , Караансыз кетти таптырбай. Арадан кетти мезгилсиз, Алты күн ооруп бактырбай. Дос болуп алып ажалга, Доктурду койду жактырбай. Соңунан түшкөн шум ажал, Советтик доорду жаздырбай. Жасачу чөптөн дарысын, Бапестеп катып анысын. "Өлбөймүн, жүздөн ашам", - деп, Ажалга салып далысын. Троллейбустан кача албай, Акырын шилтеп арышын. Кыйырдап кетти шум ажал, Кыргыздын Муса карысын. Сасыкбайдын Саткынын, Жүдөтчү эле какшыгың. Жүзгө чыга жашады, Тууруна конуп бактынын. Байлана кетти сага арнап, Базарлык салган баштыгын. Калдайган калкың кайгырып, Тукеңен калдык айрылып. Экинчи кайра жаралып, Элине келбей кайрылып. Акырет көздөй жөнөгөн, Ажалдан буту тайгылып. Астыртан айтып саламды, Алдыңбы тосуп агаңды? Алыкул, Жоомарт, Аалыга, Айткандырсың кабарды. Кубанычбек, Касымаалы, Райкан менен Смарды. Өрүлүктөп барган чыгарсың, Ээрчитип алып аларды. Эл-журттун уккун кабарын, Өзгөрүп кеткен заманың. Коммунисттер сен барда, "Жашасын!" - деп ураалап, Жүргүзүп келген араанын. Өңдү көрдү - жүз тайгы, Эки жүздүү аларың. Демократ болушуп, Тескери шилтеп кадамын. Байлыкты талап, жок кылып, Тийгизди элге залалын. Депутат да ошолор, Арттырып айла-амалын. Курутмак элең сен болсоң, Курч эмес беле каламың! Капитализм дегендин, Билбесең керек караанын. Октябрды жамандап, Өчүрдүк тарых барагын. Окуп билим алышкан, Билбептирмин, Мидике, Жакшылыкты танарын. Эми, капитализмди макташып, Жатышат жалап таманын. Социализм кулаган, Сокур төөдөй сулаган. Жерге сиңген суу болду, Жетимиш жылдык убараң. Элиңе тийген эркиндик, Ошого гана кубанам. Машине батпайт жолдордо, Аттардын баары чоң жорго. Ак молдодон кылт эткен, Баягы алкаштын баары чоң молдо. Өлгөндөн өөнөп алышат, Өзүнчө дастан жазмаксың, Өкүртүп өзүң болгондо. Көпчүлүк ичип аракты, Көчөдөн мастар жадатты. Кой-ай деген киши жок, Орусча сөгүп бир-бирин, Табышты шумдук адатты. Ал түгүл шүмшүк далайлар, Эне-атасын сабашты. Советтин туусун жыкканы, Аябай турмуш кыстады. Уятсыз, зөөкүр жигиттер, Уурулук жакка ыктады. Жалгыз уюн алдырып, Жардылар ыйлап-сыктады. Жокчулук минген жонума, Маянам тийбейт колума. Миллиондогон койлордун, Мидике, чыктык соңуна! Дары-дармек жогунан, Ымыркайлар ыйлашат, Чалдыгып илдет ооруга! Чарбалар кеткен таланып, Чарбысын иштеп тажадык. Каржалып турат эр-жигит, Кабырга сөөгү саналып. Иштейин десе жумуш жок, Үйүндө жатат камалып. Чыркырайт бөбөк наны жок, Чындыкты кантип таналык. Арпакан басты аңызды, Алкымдап азап жабышты. Айыл чарба шайманын, Алдуулар талап алышты. Жери жок калып көпчүлүк, Жеминен куру калышты. Ачкадан өлбөй калышка, Аргасыз сатты сагызды. Чай ичпей туруп азанда, Кыз-келин кетет базарга. Балдарын камап үйүнө, Кесмесин куюп казанга. Чаалыгып келет бечара, Тарта албай бутун жатарда. Кайдыгерчилик күчөгөн, Өтө албай сасык көчөдөн. Аңтарылып аң болгон, Асфальттар жолго төшөгөн. Аңгекке сасык суу толуп, Адам жок аны бүтөгөн. Суу ичип булганыч арыктан, Мерт болуп учук, сарыктан. Суу жүргүч түтүк бузулуп, Кагжырап, кургап калышкан. Убайрам болду кайран эл, Угуңуз биздин тарыхтан. Экология бузулган, Тыянак чыгар ушундан. Каргаша кыйнап турган кез, Капкандай чаап бутумдан. Айлымды кырып аламбы? Ашып-ташып уу акса, Алтынды казган чуңкурдан. Кайгыдан үнүм кардыкты, Көл-Эне дартка чалдыкты. Ким билсин, байке, белгисиз, Айрылып көлдөн калдыкпы? Кырсыкка түбү кабылтат, Кыйратып адам - жандыкты! Айта албай башым маң болот, Алтын бар жерде кан болот. Кайсашса көлдү, Нарынды, Каржалап турган кайран эл, Кай жакка барат корголоп. Чет элдик кетип эл калса, Уулары калат шорголоп. Маани бербей жөн койсок, Маңдайга бүткөн шор болот. Билгендер барбы ушуну? Эл-жердин урат кусуру. Уулантсак элди жазыксыз, Учуруп бакыт кушуңу. Жоопту кимге беришет, Жоголсо кыргыз тукуму. Чыныгы сөздүн ачыгы, Эл-журттун жок жазыгы. Алтындан элге пайда жок, Ал чиновниктердин азыгы! Болгону төлөйт салыкты, Кайгылар ашып-ташыды. Жумушсуз толуп агылган, Фабрика-завод жабылган. Калкыңдын калың катмары, Карандай шорго малынган. Порошок кошуп теңме-тең, Көпшөк нан жасайт камырдан. Спирттен чыгып өнөрү, "Самопал" уулун төрөдү. Кылт этип андан алгандар, Кыямат көздөй жөнөдү. Каргаша четтен табылып, Камдамак болду төбөнү. Тукулжурап акчадан, Адабият аксаган. Баягыдай чубуруп, Китептер чыкпайт басмадан. Мекенин сүйгөн бөбөктөр, Мектебин нечак таштаган. Ал түгүл бала бакчалар, Иштебей калган ачкадан. Береке ыңкып төгүлгөн, "Монолит" болуп көрүнгөн. Баягы жазуучуларың, Батышпай төрткө бөлүнгөн. Бирине-бири баш бербей, Чай ичпейт чогуу чөөгүндөн. Жемиштүү калпып каймагын, Желпинтип бийик байрагын. Жеткирдиң жаңы элүүгө, Жогорку окуу жайларын. Балдарын окутат дешет, Капкурсак, шылуун байларың. Каңырык минтип түтөдү, Коррупция деген күчөдү. Адабий китеп сатылган, Аракка толгон дүкөнү. Менчикке сатып ийишкен, Ушинтип теке сүзөбү? Кейиштүү тиштеп бармагын, Кимге айтат элиң арманын. Самсышып четтен келгенге, Сатышты шаардын тамдарын. Банкага төгүп бир азын, Чөнтөккө шылап калганын. Кейиште калып таланып, Кетирдик калктын дарманын. Байкуш эл камайт үйүнө, Бакча жок кантсин балдарын! Гүл-зардын чөбү суюлган, Бак-дарак болсо кыйылган. Кемпир-чал кайыр сурашат, Муктаждык болуп тыйындан. Жокчулук жонду жоорутуп, Чыгарып салды чыйырдан. Чөктүргөн элди иримге, Чиновник эмей киминде. Жер төлөө, күркө көчөлөр, Чет элдин жазган тилинде. Жазуулар жайнайт, билбейбиз, Жаңылык кирген илимге. Кыйла ишти кылдык ардангыс, Кыргыздын тилин чанганбыз. Оңолот деп өлкөбүз, Орустун тилин алганбыз. Айталы ойдо пикирди, Жаагыбыз талып дармансыз. Абалтадан, Мидике, Болбоптур адам армансыз. Арпанын ташы бир табак, Арманды айтсак бир сабак. Арытып элди талаган, Айрым шылуундар жүрөт чалкалап. Алышып сулуу кыздарды, Ар жерге куруп салтанат. "Ап" дешсе миллиондорду, Алышат аны калкалап. Алты сом жесе бечара, Алкымдан сыгат талкалап. Чатактуу ишке кабылып, Чабактар торго чалынып. Миллиард доллар жегендер, Күнөөдөн кетет арылып. Алагды болуп турабыз, Акыйкат күтүп зарыгып. Хан сарай үйдү салышып, Чет элге жыргап барышып. Депутаттар, акимдер, Жеп-ичип кынык алышып. Жек-жааты өлсө кокустан, Он беш бээ соөт жарышып. Түшкөнү иномаркалар, Волгага түшпөй чанышып. Ал эми байкуш калың эл, Өлбөстүн отун жагышып. Айласы кетип турган кез, Ачкадан жаагы карышып. Ак элечек, ордолуу, Аялдар болсо шордоду. Каатчылык турмуштан, Калкалар эч ким болбоду. Германдык, түрктөр келишип, Турфирма ачып бир жолу. Суйкайган сулуу кыздарды, "Чет элден иштеп келгин", - деп, Жоолуктай желпип колдогу, Алпарып алып чет элге, Сатышты жалапканага, Ак балык кылып тордогу. Сенделип торго чалынган, Сексен кыз дешти болжолу. Желписе өчөт чырак да, Жете албай кыздар ыраакта. Жылаңач кыргыз кызынын, Сүрөтү турат илинип, Пакистан, Иран, Иракта. Жамандык ишке чалынып, Жалындуу жап-жаш куракта. Эстесем ойлор чатышат, Эт жүрөк катуу ачышат. Экинчи тобу аялдын, Эбин таап табар ташышат. Күн көрүш үчүн аларын, Күрдөлдүү баага сатышат. Көпкүлөң рэкетчиктер, Көбүн көмүскө жерге басышат. Ушинтип кара басабы? Убайым тузун татабы? Денесин саткан кыздардын, Моссовет дешти базары. Жумуш жок, өлбөй жан багыш, Акчанын өтүп азабы. Элимдин көргөн азабын, Эсиңе салып жатамын. Чымындай жалган жери жок, Чындыкты катка жазамын. Аралап көрдүм бир күнү, Ала-Арча, Оштун базарын. Ар кимден угуп жүргөмүн, Аялдар алып сатарын. Илдет көп экен жабышкан, Байкадым баарын алыстан. Бечаралар сатышат, Алышып шампун, сагыздан. Алганы ачка, жумуш жок, Алар да ачып-арышкан. Суукка тоңуп күн бою, Он беш сом араң табышкан. Анысын да жөн койбой, "Избершиги" тоносо, Участковый бир тоноп, Тапканын тартып алышкан. Полиция бир алса, ГУНЭПКиги дагы алып. Сурап көр байке калыстан, Куураган ошол аялдар, Кутулбайт экен карыздан. Саргайып тарттык убайым, Сактаса болду Кудайым. Ченебес сулуу кыздардын, Чет элдик көрдү убайын. Базарлык экономикаңды, Балакет бассын ылайым. Элге ким кара санаса, Энесин кошуп урайын! Санааркап жүрөк ачышты, Шаарды бүтүн салышты. Сандаган элдин байлыгын, Сапырып желге чачышты. Эси жок далай дардаңдар, Ээрчийбиз дешет батышты! Ушундай да жорук болобу, Чет элдик элди тоноду. Мүрзөдөн уурдап сатышты, Эстеликке куйган колону. Алдырып ийдик далайды, Айткыла орду толобу? Калкыңдын уксак арманын, Көтөрдүк турмуш салмагын. Кытайдын кийсең байпагын, Бир күндө тешет бармагың. Качанкы чирик табарлар, Карасаң соода тармагын. "Кока-Кола" дегенин, Бир жутсаң кетет дарманың. Мидике, уккун кебимди! Сагынсаң керек жериңди. Элүүдөн эчак ашыптыр, Элиңдин академиги. Пайдасын көргөн киши жок, Шалпылдап боп-бош желини. Эгер желини толгон сүт болсо, Калк каржалып турганда, Мертинтпейт эле белиңи. "Кут кетпейт, - дешет, - конуштан", Үлгү алган элек орустан. Чала сабат далайлар, Профессор болушкан. Жөнөкөй ишти билишпей, "Жөндөмсүз" атка конушкан. Жогорку окуу жайлары, Чет элдикке толушкан. Жогорку окуу жайлары, Байлардын окуйт балдары. Кейиштүү болуп, акча жок, Кедейдин келбейт дарманы. Жараткан алагчылады, Жазмыш го, байке, ал дагы. Жакшылап билим ала албай, Жаштардын күчтүү арманы. Жакшылык шоола жарыгы, Көксөтүп канат талыды. Эмгегин нечак сиңирген, Наам алып калктын жарымы. Сойкулар менен шылуундар, Наам алууга белсенип, Күчөгөн кези арымы. Күчүбүз чыкты ушуга, Турабы калкым бутуна. Саргарып турган кезибиз, Санаанын жетпей учуна. Жолубуз шыдыр болобу? Жолугуп бакыт кушуна. Шылтоолоп чоңдор тойлошуп, Селкилер менен ойношуп. Элирип жүргөн кездери, Эл камын көрбөй ойлошуп. Салам айт, байке, аларга, Сатираң менен ойготуп. Аябай кетсе каталык, "Аялдар жыл" деп атадык. Акимдер жыргап дуулашты, Ар кандай тойлор жасалып! Ал эми байкуш кыз-келин, Аскага келип такалып. Акыр-чикир сатышып, Азапты тартып ап-арык. Калкыңдын туусу желбиреп, Карылар жылын белгилеп. Соң-Көлгө тигип толгон үй, Соолукпай мастар келжиреп. Саламчыдан кеп уктум, Сайрандап чоңдор келди деп. Кылкылдап мелт-калт арагы, "Кыраандар" жыргап жанагы. Карылардын ал жерде, Көрүнбөптүр карааны. Колунда унаа жок болсо, Корозун минип барабы? Акыйкат барбы ушунда, Акыры калат кусурга. Ар ким жыргайт турбайбы, Аким болгон тушунда. Алчактап тойлоп шылуундар, Адилет кылдын учунда. Шылтоого шынаа табылып, Шыктанган күлүк чабылып. Шыралга алчу немедей, Шылуундар келет жабылып. Оңолуп кетер күн барбы, Ошолордон арылып. Көп сөздү айтуу керекпи? Эми көтөрмөк болдук элетти. Айранын шыпкап ичирип, Көңтөргөн кезде челекти. Сүрдүгүп жолду таба албай, Сүзбөсөк болду теректи. Элге тийген эркиндик, Ошого тобо келтирдик. Азырынча ушинтип, Кетип жатат кемчилик. Оомал-төкмө дүнүйө, Ошого мисал келтирдик. Тарыхтын ачып барагын, Талыкпай талдап карагын. Калмактар келген кан төгүп, Канткенде аны танамын. Кокондон көрдүк кордукту, Уккансың, байке, кабарын. Кечээки өткөн үркүндө, Кайрымсыз казак, орустар, Бөлөшкөн канга жарагын. Белин бөлө чабышкан, Бешиктеги баланын. Куралсыз элди курутуп, Кутуруп ичип арагын. Октябрь таңы болбосо, Кыргызды кырып салышмак, Калтырбай бир да адамын. Эркинбиз, тобо кылалы, Ар иштин болот убагы. Социализм деп жүрсөк, Ойдо жок жерден кулады. Жалп дей түштү бат эле, Жалпылап курган мунары. Өзүбүзчө бөлүндүк, Буйрук иш экен бу дагы. Убакыт өзү көргөзөт, Убайым тартпай туралы. Эске алып акын агамды, Билгизип жатам кабарды. Тагдырдын жолу татаал иш, Кабыл ал жазган саламды. Каргашалуу жокчулук, Кайгыртат экен адамды. Пейилибиз катуу бузулду, Бейпайда калчу учурбу? Таалайга келсе кантебиз, Тарттык го, байке, кусурду. "Бороондуу күндө бок кычап", Боз келтек балдар кутурду. Кейитип кемпир-чалдарды, Жайыттан уурдайт малыңды. Түктүү сан кылып сатышып, Кайнатып турат каныңды. Милиция ага жардамчы, Айтасың кимге зарыңды. Арактан ичип мас болуп, Азапка элиң кабылды. Жаштардан кары калышпайт, Жамандык ишин танышпайт. Өрүүдө калган өгүздөй, Өрөөлөп буту чалыштайт. Аласалып жатса да, Анысын эрөөн алышпайт. Ат-Башы, Нарын, Кочкордон, Айдыңдуу журтуң козголгон. Ал жактан көчүп келишип, Атактуу Чүйгө токтолгон. Ал жерден азыр таппайсың, Ага-тууган достордон. Талас менен Ноокаттан, Тажашып өп-чап оокаттан. Таалайын издеп Бишкектен, Таба албай тамак тоо-таштан. Тоноп алчу немедей, Толгон эл келди Ош жактан. Көрүп туруп тамшанам, Көлдөн көчтү канча адам. Айласы болсо келеби, Анжиян менен Аркадан. Ардагерлер ыргалып, Араң басат ачкадан. Каргаша тикти кастарын, Кайрымсыз болду жаштарың. Чет элдик тилде бардыгы, Билбедик не деп жазганын. Котормосун биле албай, Оорутат көбү баштарын. Семетей, Сейтек, Каныкей, Айчүрөк менен Чачыкей, Дүкөнгө койгон аттарын. Айтып кой байке билбедик, Арбактар кантип жатканын. Баягы түрмөдөн башы чыкпаган, Комерсант жакка ыктаган. Жарды бойдон калышты, Жамбаштап жатып уктаган. Уулап арак ичишип, Ушинтип кудай муштаган. Алладан жардам тиледик, Чиновник жүрөт чиренип. Дүкөндөрдө шагырап, Ичкилик турат тирелип. "Манас" деп атайт коньягын, Максатын кайдан билелик. "Хан Бакай" деген арагын, Көргөндөр аң-таң имерип. Таңданткан коңур добушту, Тамеки кылдык комузду. Тартипти кеттик сактабай, Тамтаңдап туурап орусту. Жылаңач аял сүрөтүн, Жырмачын ачык коюшту. Өтсө да бизге катаалдык, Өзүнчө өлкө аталдык. Өтөбүз деген ой турат, Өрүүгө келип такалдык. Өрөөндүн чыгып кырына, Буйруса нары ашарбыз. Элибиз ишке чыдамкай, Эзели болбойт кашаңдык. Дайрадай ашып-ташыган, Сабырлуу элбиз башынан. Чыдасак чырдуу кырдаалдын, Чыгабыз чымдуу сазынан. Кабарды уккун, Мидике, Кастарлап жазган катыман. Көрдүк го далай заманды, Түгөнбөйт айтсак аларды. Эзели күткөн эмеспиз, Эркиндик тийип каларды. Далай жыл даап айта албай, Дарак деп жүрдүк бадалды. Кондуруп туурга айланып, Президентти шайладык. Сандаган калкка таанылдык, Саймалуу саадак байланып. Саясат туура келатат, Саналуу көңүл жайланып. Алдыга бара жатабыз, Ашуудан коркпой тайманып! Күнкор болуп башка элге, Жүрбөдүк беле чайналып! Алаа Таалам колдосо, Саат каргаша болбосо. Байыркы нукка келербиз, Бакыттын кушу орносо. Күнүмдүк турмуш не кылмак, Пейилди Кудай оңдосо. Капитализм заманы, Көп эле экен жаманы. Жогоруда айтылды, Анын адалы менен арамы! Кылым кыргыз калкынын, Мидике, кыскача ушул кабары. Шакабалар Л. И. Брежнев жоголгондо Бул кишинин арааны жүрүп аркырап турган кези эле. Москва алдындагы токойго аңчылык кылып келем деп, жолдошторунан адашып жоголуп кетти. Үйүнө телефон чалышты эле келбептир. Кызы менен кемпири ыйлап олтурушат дешти. Кремлде да жок. Суслов баш болушкан саясий бюронун мүчөлөрү милицияны, КГБны бүт бутунан көтөртүп издетти. Жок: Сагызганды тилмеч кылышып, Москва алдындагы токойдо жашашкан айбанаттарга кабарлашты. Арстан бүт жырткычтарды жыйнап алып жыйналыш өткөрдү. - Эй! - деди аркыраган арстан. - Брежневди кимиңер жедиңер? - Эч кимден жооп болбоду. Жым-жырт. Түлкү кылчактап карышкыр жакты карап: - Улуу урматтуум! Менин бирөөдөн шегим болуп турат! - Айт, кана? - Кулагыңызга эле шыбырайын. - Кел! Түлкү кылчактап, карышкыр жакты карап: - Улуу урматтуум, ушуну карышкыр эле жеп койду! - Кантип? - Анткени үч күндөн бери шатыратып орден чычып жатат, - деди. Андан качып: Л. И. Брежнев Америка Кошмо Штаттарына барып элинин маданияты, экономикасы менен таанышып келет. Никита Сергеевич экөө аракты ичишип сүйлөшүп олтурганда Хрущев спорт жаңылыктары боюнча сурап калат. Анда Брежнев: - Укмуш, Америкада саатына жүз кырк үч км чуркай ала турган спортсмен бар экен деди. Ага Хрущев ишене бербей: - Койчу, саатына жүз кырк чакырымга чуркоо дегеле кылымда болгон эмес. - Ийе, Никита Сергеевич! Эгер Сталинди тирилтсе, жаныңызга күч келип, андан качып, саатына эки жүз чакырым чуркамаксыз, - дептир. Көзгө тийсе эмне болот? Улуу Ата Мекендик согуштун күчөп турган учуру. Апендини да аскерге чакырып, бир аз машыккандан кийин фронтко жөнөттү. Каршы-терши ок учуп турган. Апенди: "Бу немецтер кандай эл болду экен?" - деп эңкейип немецтердин окобу жакты карады. Аңгыча немец снайпери (мергени) пилеткасын ыргыта атты. Анда апенди ордунан тура калып: - Эй, ит немец! Көзгө тийсе эмне болот? - дептир. Мурда момундай болуучу Согуштун күчөп турган кези. Апта сайын тылда калган эр-азаматтарды аскерге чакырып, медкомиссиядан өткөрүп фронтко жөнөтүп жатышты. Бир киши согушка барбастын амалын кылып, колунун манжаларын бүгүп алды. Медкомиссия тигинин колдорун кармап көрдү. Тигил киши кокуйлап: - Тарамышым түйүлүп, тырышып калганына бир ай болду, - деди. Догдурлар түзөтөлү деди, тигил киши кокуйлап болбоду. Догдурлардын айласы кетип: - Мурун кандай эле? - деп сурады. Анда тигил шашып кетип: - Мурун момундай болчу! - деп колун жазып жибериптир. Коркок солдаттын чабуул болордо злзӨлбл Ө?"?в Украинанын бир кыштагын немецтер ээлешкен. Биздин аскерлер күч топтошуп, контрчабуулга өтүшүп, немецтерди кыштактан кайра сүрүп салмак болушту чабуулга чыгарын командирлер жоокерлерге эскертишти. - Кудай сактай көр! Ок жаңылбаса экен. - Мамбет катуу коркуп турду. - Атака! Биздин солдаттар ураалап жөнөштү. Мамбеттин чычкысы келди. Чуркап бара жатып, бош турган четтеги дааратканага бурулду. аңгыча болгон жок, немецтер биздикилерди кайра жапырды. Эми Мамбет сыяктуу Фон Курт деген солдатынын да корккондон чычкысы келип турган. Ал дагы Мамбет олтурган дааратканага кайрылды. Шаштысы кеткен неме кирип барса орус солдаты олтурат. Көрө коюп чочуп кетип: "Хенди хок!" - деди. Анда Мамбет: - Кагаз жок, көтөн бок! - деди. Тигил түшүнүп, бир барак кагаз бере салды. Эми немец солдаты тигинин ордун ээледи. Аңгыча биздикилер кайра чабуулга өтүштү. Мамбет болсо күтүп туруп, тигил "ортоктош" досун колго түшүрүп, тылга айдап келди. Журманкулдун жоруктары Илгери Курманкул, Журманкул деген эки бир тууган болот. Эне-аталары өлүп, кырк ашына соө турган кой, ун, кездеме суратып, Журманкулду эжесиникине жөнөтөт. Журманкул жолдо келе жатса, "Көйкаптан" качкан жин пери жолугуп, денесине чырмалат. Журманкул эс-акылын жоготуп, жинди болуп калат. Ошентип, Журманкул эжесиникине келди. Эжеси айыл-апасынын, ага-туугандарынын кабарын укту. Аңгыча жайыттан кой келип, саанга чыкты. - Жуке, бала ыйласа терметип кой! - деп бешиктеги алты айлык баласын калтырып, эжеси кой сааганы кетти. Бир маалда бешиктеги бала ойгонуп "ыңаалап" ыйлап жатты. Журманкул терметкендин ордуна: "Бала жөн ыйлаган жок, бир жерине жара чыгып жүрбөсүн", - деп ойлоду. Бешикти ачып карады эле, баланын эмгеги былкылдап турганын көрдү. - Эжем жарыктык байкабаганын карачы! Баланын башына жара чыккан турбайбы, - деп, жинди неме баланын мээсин чыгара сыгып салды. Кой саап эжеси келди. Анда Журманкул: - Эже, байкаган эмес турбайсыңбы. Баланын башына жара чыгыптыр. Ириңин чыгара сыгып койсом уктап калды, - деди. Эжеси өлүп жаткан баласын көрүп, тиги инисинин жинди болгонун билди. Бир кой, алты кес мата, бир бут ун берип кетиргенче шашты. Журманкул жинди жолдо келе жатса, куураган камыштар желге шуудурап, ыргалып турганын көрдү. Тиги жинди: - Силерге ыракмат! Кудайымдын келиндери куру жүгүнүп жатканын карачы! - деп, эжеси берген матаны биттейден айрып, камыштардын башына байлап чыкты. Андан бери келсе булактан оргуштап суу чыгып жаткан экен. - А, катыгүн! Кудайымдын казаны куру кайнап жаткан тура! - деп, эжеси берген унду булакка чалып таштады. Андан нары коюн жетелеп алып жөнөдү. Бир коктудан чыга бергенде тилин салаңдаткан, килейген карышкыр жолукту. Жетелеп бара жаткан койдун эси чыгып, тыбырап жатты. Журманкул: - Эй, кудайдын ити! Менин коюм менен жарышасыңбы? - деп жетелеп келе жаткан коюн агытты. Эси чыккан кой качып жөнөдү. Карышкыр койдун артынан түштү. Тигил жинди неме: - Аха! Менин коюм күлүк экен! - деп каткырып жатты. Агасы Курманкул инисине "жин" тийгенин билди. Жинди неме өзүнө зыян кыларын да билди. Ошону үчүн бир тууган иниси экенине карабай. көзүн тазаламак болду. Бирок кантип? Күрөшсө алы жетпейт. Амал ойлоп олтуруп токойдогу жырткычтарга жибермек болду. - Журманкул! Сен токойго бар. Анда үйрөтүлө элек өгүздөр бар. Чаарала, ошого отун артып кел! - деп жиберди. Арадан үч күн өттү. - А кудай, жиндини жолборс чалып өлтүргөн экен! Куда кааласа эми тынч жашайбыз, - дешип айлы менен сүйүнүп олтурушкан. Аңгыча Журманкул үч килейген жолборско күркүрөтүп сылай отун жүктөп келди. Айылдагылардын үрөйү учту. - Кокуй, Журманкул! Отунду ошондой түшүр. Тигил токой өгүздөрүн коө бер! Мындан да болбоду. Эми айла эмне болот? Айыл-ападагы кишилердин сабаганын сабап, өлтүргөнүн өлтүрүп, оюна келгенди кылып жатты. Бир күнү жалгыз уйду базарга алып барып сатмак болду. Кой десе болбоду. Уюн жетелеп бара жатса, сасык үпүп сайрап жаткан экен. - Эмне сары сарт аке! Соода кылалыбы? - Үпүпүп! Үпүпүп: - Токойго байлап кетейинби? - Үпүпүп: - Үч күндөн кийин келейинби? - Үпүпүп: Сасык үпүп жөн эле сайрап жаткан. Тигинин Журманкул жинди экенин кайдан билсин. Журманкул үйүнө келди. - Уйду саттыңбы? - Ооба! - Пулу кана? - Сары сарт акем үч күндөн кийин кел деди. Үч күндөн кийин токойдогу уюн байлап кеткен жерге барса, жырткычтар жеп кетип, чүлүгү менен мурунтугу эле калыптыр. Баягы сасык үпүнү таап алып, ойдон-тоого кубалады. Сасык үпүп бир жерге барып: - Үпүп-үпүп: - деп сайрады. - А, сары сарт аке! Тилде ошол жердеби? Кудайдын кудуретчилигине тобо кылса болот. Ошол жерде жез кемпирдин казынасы бар эле. Журманкул барып алтын-күмүш, ар түрдүү байлыктардын үстүнөн чыкты. Жинди болсо да ыйманы таза экен. Казынадан уйдун пулун гана алып, үйүнө келди. Болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берди. Курманкул алдап жатып, казынанын кайда экенин сурады. Түн ичинде ээрчитип барды. Курманкул аз-аздан казынадан алып турду. Аны Журманкул билген жок. Жез кемпир аңдып келип, тигил бир туугандар көмөч көөмп жаткан жеринен жолукту. Эшиктен кирип келип Курманкул менен кармаша кетти. Жез кемпир күчтүү эле. Тигини коө турган эмес. Журманкул: - Ахаа-а: Энекем күчтүү бекен же байкем күчтүү бекен? - деп жыргап каткырып жатты. - Ушул арам жиндини көмөчүн көздөй түртөйүн, - деп жез кемпирди түрттү. Кемпир тигил жиндинин көмөчүн басып алды. Ошондо: - Тигини! Жөн койсо көмөчүмдү басат! - деп тура калып, кемпирди көтөрүп уруп, чатын айра тээп өлтүрүп салды. Курманкул инисин молдого окутуп, айыктырып алды. Экөө байып, аман-эсен жашап, балалуу-чакалуу болушуптур. Муну айткан автор бир студентке "Журманкул" деп ат койду. Ал геолог болуп иштеп жүргөндө, Кусейин деген жигит менен мушташа кетти. - Атаңдын гана көрү, Журманкул деди Кусейин. Анда тигиниси: - Менин Журманкул экенимди сага ким айтты? - деп Кусейиндин кулагына шыбырады. Буга экөө тең каткырышты. Үч чымын Күркүрөгөн күз да өтүп, жан-жаныбарлар чээнге киришти. Келгин куштар да небак кыштай турган жылуу жакка кетишкен. Боз кыроо. Үч чымын кыштап чыга турган жай таба албай талаада калышты. Айлалары кетишти. Бир жараканы пааналашты эле, ал дагы болбоду. Кышкы чилдеде тоңуп өлүшөт. Айла кетип турганда төмөнкү кара жолдо бир келин келе жатты. Мына ушул келиндин денесине кыштап чыгалы деп кеңешишти. Келин "түзгө" олтурду эле, чымындардын бирөө мурдунун таноосуна кире качты. Экинчиси көтөнүнө, үчүнчүсү "жырмачына" кире качышты. Ошентип "кыштын кыраан чилдеси" да өтүп, томуктай жерде тоң калбай токсон чыкты. Беш тогол өтүп, пейили жакшы жаз келди. Баягы келин дагы "түзгө" олтурган кезде, баягы кыштап чыккан үч чымын "дың:" деп учуп чыгышты. Ошентип бири-биринен сыр сурашты. - Аңгыраган эки коонун ичинде кыштап чыктым, коолдоп жел жүрүп турат экен. Өпкөдөн келген чимкиригин чыгарганда, кошо кетип кала жаздап жүрдүм, - деди каңылжаарга кыштаганы. - Менин кыштаган жерим жайлуу да, жылуу экен. Бирок "таштандыларын" чыгарганда сасык жыт келип турду, - деди көтөнгө кыштаганы. - Менин кыштаган жерим да жылуу болду. Бирок "кирди-чыктысы" көп экен, - деди чымындын үчүнчүсү. Анда көтөндө кыштаганы: - Ооба, билем, билем! Дайым эле кишилер келгенде эки куржунун биздин үйдүн эшигине таштап, өзүлөрү кирип кетишчү! - деп айтты. - Бир жолу, - деди ал: - Бир жолу мас киши силердин эшикти таппай жаңылып, биздин үйгө да кирип келген. Ата, тигине көзү бакыйайып туйат Айшанын ойношу келди. Күйөөсү алыс жолго кеткен. Шаңкылдап күлүп, токсон түрлүү кылыгын көрсөтүп, тосуп алды. Ойношу Оңолбек бат эле кетерин айтты эле, ага Айша болбоду. Эки көгөндө байлануу отуздан ашык козу турат. Бирөөнү жеп кет. Таң аткыча бир кумардан каналы. Ошентип, Айша көгөндөгү козулардын семизин тандап союп, коногун күтүп жатты. Бирок иш чатак. Эт жаңыдан бышып, колго суу куюлганда Айшанын күйөөсү Эстебес келип калса болобу. Карпа-курпа чыгып, коногун ойношчул катын ката албай калды. Адамдан амал качып кутулчу беле. Ала кийизге ороп, жүккө жыя койду. Аял жойпуланып: - Муунуп өлүп калды, кулагын тилип адалдап, этин бышырып жаттым эле. Ырас болбодубу келгениң. Этти чыгарып эринин алдына койду. Аңгычакты үч жашар баласы: - Атаке! Тигине көзү бакыйайып туйат! - деп, ала кийиздеги киши жакты көрсөттү. - Ок, көз жейт, илгерки балдар "кулак" жечү эле, - деп чымчып баласын ыйлатты. Анан баштын бир кулагын кесип колуна карматты. - Атаке! Кулагы чыгып туйат! - деп ала кийиз тарапты көргөздү. - Кара башыңды жегир! Кулакты эми эле жебедиңби! Ме! - деп, шыйракты колуна карматты. Этке тойгон Эстебес керегенин башындагы комузун алып черте баштады. Эми аялы: - Сен комузду көзүң менен көрүп чертесиңби? - Жок көрбөй эле чертем. - Анда мен көзүңдү таңып коөюн, чертип көрчү! - деп эки көзүн жоолук менен чытырата таңды. Андан пайдаланып коногун жөнөттү. Анда баласы: - Атаке! Туйуп байатат, - деди. Ошентип, амалдуу катын ойношун оңой эле жашырып кетирип ийди. Аялзатынын өзүнө нысап берсин Бир аялдын эри: - Сен түкүнчө менен соо эмессиң! Баланчага карап күлүп койдуң! - деп жинине тие берүүчү болду. Анда аялы: - Эй, койсоңчу! Курулай ичи тардык кыла бербе! Эгер бирөөгө бергим келсе, сенин өзүңө ычкырымды чечтирип барып берип келем, - деди. Күйөөсү: "Анте албайсың, - деди. - Кантип эле мен сенин ойношуңа ычкырыңды чечип бермек элем!" Экөө мелдеше кетти. Кечинде аял нан жасаганы камыр жууруп жаткан. - Кокуй, табарсыгым толуп бара жатат. Ычкырымды чечип койчу. Колум камыр, - деди. Эри эч нерседен шек албай, тигинин ычкырын чечип койду. Аялы те бир оокумда келди. Эри: - Эй эмне мынча жоголдуң? - деп сурады. - Сен экөөбүз мелдешпедик беле. Мен катындын өзүнө нысап берсин дегем. Эгер бирөөгө бергиси келсе, каратып туруп, күйөөсүнө ычкырын чечтирип туруп барып берип келет. Экөөбүз мелдештик эле мен так ошону жасадым, - деди. "Алыс жүр аялдардан колдон келсе, Эмесе аял деген кыйын нерсе. Бараткан түз жолуңдан адаштырат, Эркектен амалдуурак кырк бир эсе. Көбүндө жалган сүйүү, ошондуктан, Ишенбе жалгыз сени сүйөм десе!" Буга ушул Алыкул ыраматылыктын ыр саптары күбө болот. Теңин өгүнү сага бадырак кууруп бергем Бир күнү абышкасы кемпирине мактанды. Бир ууч жүгөрүнү алдына таштап: "Байбиче айып этпе. Мен сенин көзүңдү жазгырып, ушунча аял затына жолоп койдум эле", - дейт. Анда кемпири бир баштык буудайды сууруп чыкты. - О, барбалактаган байкушум! Сага караганда менин жасагандарым эсеп жеткис. Ар бир кишиге берген сайын бирден буудайды баштыкка салып жүрдүм эле. Теңин бая күнү: "Курсагым ачты", - дегениңен бадырак кууруп бербедим беле. Эми калганы ушул, санап ал! - дептир. Көйрөң жигит Бир көйрөң жигит бутуна жалтыраган хром өтүк кийип, колуна саат тагынып, белине тапанча байланып, сүйгөн кызына барат. Максаты өтүгүн, саатын, тапанчасын сүйгөн кызына көрсөтүү эле. Аңгыча кыз эшикке чыкты. Кичинекей кандеги ээрчий чыгып, чоочун жигитти көрүп үрүп коө берди. Анда жигит: - Сенин күчүгүң үчтөн-жыйырма беш минут өткөндө, - деп колундагы саатын көрсөттү, - мобул жерден тиштесе, - деп жаңы өтүгүнүн кончун көрсөттү, - анда мобу тапанча менен атып салат элем! - деп үчөөнү тең көрсөттү. Жоошбайдын жоруктарынан Бир той болуп, жата конокторго эт тартылат. Төрт кишиге бир табак эт. Кадырлуу аксакалдарга тартылуучу этти мулжуңдап келип, Жоошбай көтөрүп жөнөйт. Нечак колго суу куюлуп, эт тартыла баштайт. Баягы аксакалдарга тартылуучу табак жок. Аны Жоошбай көтөрбөдү беле? Башкалары устукан алып эт туурап киришти. Аксакалдар бычактарын колуна кармап, сакалдарын сербейтишип эшик тарапты кароодо. Жоошбай дегдеңдеп келе жатып, уйдун богуна тайгаланып жыгылып, колунан табагы ыргып, тегеренип коктуга кетиптир. Табактагы эти чачылган. Үйдөн бирөө: - Эй, Жоошбай, эт кана? - деп үн салды. Анда Жоошбай: - Эт дейт, эт түгүл быякта табагын таппай жатса! - дептир. Аксакалдардан кечирим суралып, кайрадан кой союшуп, Жоошбайды жолотушпай эт тартышкан экен. Кудай, көк өгүздү сайгактан сактай көр! Бир үйдө эл чогулуп, кымыз ичип олтурушса керек. Төрдө молдо шарият айтып олтурган. Бирөө: - Молдоке, жер эмнеден титирейт? - деп сурап калды. Анда молдо: - Бал китепти ачып карап олтурсак, Жерди көк өгүз көтөрүп турат экен. Бир мүйүзү менен жерди, бир мүйүзү менен асманды. Мүйүзү талыганда кудайдын кудуретчилиги менен эки мүйүзүндөгү асман менен жерди алмаштырганда, жер титирейт, - деди молдо. Анда Жоошбай жакасын карманып: - Ошол көк өгүздү Кудай сайгактан сактай көр! Мүйүздөрүндөгү жер менен асманды которуштурганда ошончолук титиресе, кокус көк өгүздү сайгак кууп кетсе, жердин бырын-чырыны чыгып баарыбыздын шорубуз катат го, - деди. Картаң Кудай сактай Көр! Кыламык кар жааган. Жайык беттеги эжигейден эзилген бетегелерди жылкылар тээп оттоп жаткан. Аңгычакты "Камбар ата тору айгыр" аңкилдек атып кулап кетти. Жылкычылар: - Кудай сактай көр! - дешип жылкыга чуркашты. Анда Жоошбай дагы: - Картаң Кудай сактай көр! - деп чуркады. Аны уккан жылкычылар: - Эй, Жоошбай эмне деп жатасың? - дешти эле, - Эмне, Кудай карыбас болуптурбу? Менин атам да Кудай дечү анын атасы да Кудай дечү алар карып өлүштү. Кудай карыбас болуптурбу? Болбосо атынан айтмакмын Жоошбай сасык тумоолоп калат. Жеңеси анын бир тууган агасы Байсеркеге: "Уул ооруп калыптыр. Барып сурап койсоң боло", - дейт. Эшиктен Байсерке кирсе, Жоошбай төшөктө жаткан экен. - Абалың кандай? - Жакшы, байке! - Эмнең ооруйт? - Жанжерим ооруйт, байке! - Кудай урган бир уялсаң болбойбу? - Ошол уялганымдан жан жерим деп жатпаймбы, болбосо өзүн эле айтмакмын! Кара улакты бошоткуча б ал г" Ө ¦ " Ү ¦Өң?а¤Ө Илгери бир чоң бай болуп, анын аялы ойсоктогон сулуу аял затынан болгон экен. Ага айылдагы боз балдардын көзү түшөт. Айрыкча бирөө артынан ээрчип жанын койбойт. Күндүз көзөмөлдө. Түнкүсүн карт бөрү чеңгелинен чыгарбай кучактап жатат. Тигил жигит: - Жеңе, айласын өзүң тап! - деп жалдырайт. Анда келин: "Анын жөнү оңой эле. Мен түндүктү тартып келип жылаңачтанып, күйөөмдүн койнуна жатам. Ошондо сен келип көгөндөгү улактын бирөөнү муунт. Улак бакырат. Бай бир жаткан соң өлсө да турбайт. "Кокуй улак муунуп калыптыр, чыгарып кел!" - деп мени жумшайт. Ошондо жаның болсо беленденип тур!" Кеч кирип эл жатты. Келин да түндүгүн тартып келип төшөккө жатты. Бир аздан кийин муунган улак бакырды. Келин айткандай эле: "Кокуй улак муунуп калыптыр. Барып чыгарып кел!" - деп бай келиндин өзүн жумшады. Тигил заңги күтүп турган экен, көгөндүн арасына басып жыгылды. - Ой, эмне кечиктиң? - Ой, чийе болуп аябай муунуптур. Чыгара албай жатам. Улак байкушту кез-кез муунтуп, бакыртып иштерин бүтүрүштү. Кайра жатканда бай тигинин муйтукесин сыйпаласа суу. - Эй, бул эмне суу? - деди шекшинген бай. Анда тигиниси: - Кара улак муунуптур. Аны бошоткуча сары улак жалап жиберди, - деди. Муйтукеңе суук тиет Кайнагасы огороддун башына келип атын аргамжылаган. Эртеси келип атынын бутундагы аргамжыны чечейин десе суу болуп, чийе байланып калыптыр. Убараланып жатса, жакын келип келини түзгө олтурду. Турат го десе турган жок. Уялып жаткан экен деп: - Ой кагылайын келиним! Муйтукеңе суук тийет! Уялбай эле тура кой! - десе, келини "чил төш болгон" тыягын көрсөтүп: - Кабатыр болбо, кайын ага! Бул, - деп муйтукесин көрсөтүп, - Таң атканча килейген кызыл чучукту шимип чыкты. Суук тийбейт, - дептир. Беймаза суроолор - Чоң ата, - деди небереси. - Угуп жатам. - Сен тоок боло аласыңбы? - Жок. - Коөнчу? - Жок. - Байкем чочко боло алабы? - Болот! - Кантип? - Аракты көп ичкенде. Кудай Таала менен Шайтан Ленин өлүп, тигил дүйнөнүн босогосун аттаар замат, Кудай Таала менен Шайтан талаша кетти. - Мунун күнөөсү башынан ашат. "Жаңы тапсыз заман курам" - деп, далай кишинин канына сабун болду. Мага бер, акасын таанытайын! - деп Шайтан айтты. Анда Кудай Таала: - Эй, Шайтан антип кан төгүлгөнгө коом күнөөлүү. Бул элге жакшылык кылды. Жер жүзүнө адилеттүүлүктү орнотту. Ленин бейишке ылайык! Ошентип экөө жулкулдашып, калыстар тобуна түшүштү. Алар Шайтандын сөзүн жүйөлүү көрүшүп, Ленинди тозокко жиберишти. Бир апта өттү. Кудай Таала менен Шайтан кайрадан жолугушту. - Айланайын, Кудай Таала! Лениниңди ал! Балдарымдын баарын комсомолго өткөрүп таштады. Лениниң шумдук экен. Антпесең жакында мени партияга өткөрөт, - деп безилдеди. Арадан дагы бир топ убакыт өттү. Кудай Таала менен Шайтан кайрадан жолугушту. Кудай Таала чоң папка көтөрүп алыптыр. Бул эмнең? - деп Шайтан сурады. Анда Кудай Таала: - Мени да партияга өткөргөн! Бюродо отчөт бергени чакыртыптыр. Экөө тең бирин-бири карап күлүшүп, экөө эки жакка кетишти. Баймагы болсо, анда кана тыймагы Адам баласынан деги эле айла, амал качып кутулбайт. Айрыкча аялдардын илеси күчтүрөөк келет. Айнаш кошунасы Койлубай менен көңүлү жакын. Үйлөрүнүн ортосу жука фанера менен тосулуу. Койлубай кайбарын коптуруп, фанеранын жыртыгынан Айнаштын үйүн көздөй жиберет. Аны көргөн Айнаш тоңкоюп тосуп берет. Өйдө-ылдый өйкөшүп, иштерин оңой эле бүтүрүшөт. Бир күнү балдарын үйгө камап Айнаш базарга кетти. Койлубай мас эле, эстегиси-эсине түшүп, Айнашка жолуккусу келди. Кайбарын коптуруп, баягы тешиктен чыгарды. Аны көргөн наристелер: - Апей баймагы! - деп чуркурашты. Аны көргөн үч жашар кыз: - Ооба, баймагы болсо, анда кана тыймагы? - дептир. Быякка келип олуя болуп алган тура! Сагызган шакылыктап калды. Аны уккан абышка: - Ачык айтып ак сүйлө, жаныбарым! Өзүңдөй өпкө, башыңдай май! - деди. Аны уккан жанындагы казак жигит: - Биздин айылда зак чокуп жүрүүчү эле. Бул жакка келип олуя болуп алган тура, - дептир. Кимиси жарым эс - Эне, - деди баласы, - Кудай, Кудай эле дейсиңер, Кудайдын чоңдугу биздин кызыл өгүздөй бар бекен? Анда энеси: - Ок, дөөдүрөгөн өлүгүңдү көрөйүн! Кудайың адал немеби, же арам немеби? Аны кызыл өгүзгө теңебе! - дептир. Эки врачтын мелдеши Эки киши доктор аңгемелешип сүйлөшүп жатышкан. Аңгыча төмөнтөн бир улгайган киши (чал) кыйрактап баса албай келе жатат. Тигил врачтардын бирөө: - Тетигил чалдын боору ооруйт экен. Карачы оң жагына кыйрактап басып келе жатканын! Анда экинчиси: - Жо-ок, сен жаңыласың! Мунун болду-болбоду ашказанында жара бар. Баса албай келе жатканын карачы! Ошентип, экөө тең диагнозун коюшту. Мелдеш бир ящик арак болду. Баягы абышка жандарына келгенде, эки врач абышканы токтотушту. - Карыя, айып этпеңиз. Сиздин ооруңузга мобул жигит экөөбүз диагноз койдук. Ооруңузду басып келе жатканыңыздан эле билдик. Бул айтат: "Сиздин ашказаныңыз ооруйт" - деп, мен айттым: "Боору ооруйт" - деп, кимибиздики туура? Анда тигил абышка: - Экөөң тең бокуну жептирсиңер. Картаң киши осургум келгенинен коө берсем, ичим өтүп кетти. Шымымды булгап алып баса албай келе жатам: Күйсүн кулдун өңгөчү Илгери эки эне-ата "кудалашуу" жолу менен балдарын үйлөнтүшкөн. Ошондой жол менен эки бай кудалашкан. Балдары бойго жетип, кыз менен күйөө жолугушканга кезек келет. Ал кезде чай дегенди билишкен эмес. Болгон сыйлуу тамагы сүттөн жасалган тамак. Күйөө келип, сыйлуу конокко чай кайнатып келет. Колуктусу бурчта карап олтурат. Аңгыча чай келет. Чайдан чоң ууртаган күйөө: - Бул эмненин дөңгөчү? - деп түндүктү карайт оозундагысын жутуп жиберип. Аны карап турган колуктусу: - Ал ак кайыңдын дөңгөчү, Күйсүн кулдун өңгөчү! - дептир. Карт-курт чайнаарга карын жокпу: Илгери байдын жалгыз баласы болуп, аны моюн менен ичеги-карын берип багыптыр. Дагы күйөөлөп барат. Кайындары "кул жебестерди" салып сыйлайт. Табактагы килкилдеген этти көрүп: - Тфу ит жегирдики: Карт-курт чайнаарга карын жокпу? Уңуп-чукуп мүлжүүргө моюн жокпу? - дептир. Кайындары аң-таң болушуп, бирин-бири карашты. Идиштериң жуулбай калыптыр Мистекандын казан-аягы деги эле мизилдеп таза болоор эле. Эки-үч жылдан кийин, таянеси Ташбүбү келип калат. Баягы тазалыктын бири да жок. Чай ичкен чынылары саргайып, сырты ботала менен шотала. Табактары, кастрюлдары жуулбай өңөр болуп кетиптир. Аны көргөн таяне: - Ийе, айланайын Мистекан! Идиш-аягың мизилдеп тап-таза туруучу эле, сага эмне болгон? Мурункудай эмне үчүн тазалап жуубай калгансың? - деди. Мистекан мисирейе калып, кайра кабагын бүркөп жашып: - Кагылайын таяне! Мени баягы казан-аякты мизилдете жалап берип туруучу кара күчүк өлүп калып, шорум катпадыбы! - дептир. Аяш, көзүң эле жылуу учурайт, б?-Ө Ө c¤ - Өуа¤х н"?? Кулжуңдаган Кубанычбек "ичкилик" дегенде жапылдап, улак текедей бакылдап жиберет. Араккананы көргөндө асылкечин көргөндөй кымылдап, дүкөндү көргөндө дүүлүгөт. Бир жолу райондун борборун аралап, бозону боздото ичип, аракты атасынын ай сарала бээсинин саамалындай шыңгытып жатып аябай мас болду. Тели-теңтуштары Кукеңди тору быштысынын жонуна эптеп кондурушту. "Чөп жеп үйүр алган бышты маска караганда алда канча акылдуу, эптеп үйүнө алып барат", - дешти. Кукең оолжуп, аттын быягына бир ооп, тыягына бир ооп жүрүп олтурду. Мас неменин оюна суу талашып Сатар менен урушканы эсине түштү. - Сени коө тур! Үйүңө барып мешиңди жара теппесемби! - деп кезенди. Көнгөн бышты өз короосуна алып келди. Аттан түшүп теңселе басып, "Сатардын меши экен" деп өзүнүн үйүндөгү темир мешти ыргыта тепти. Кернейлер шаңгырап, түтүн бырыксып, бала-бакырасы бакырып жатты. Өзү: "Өлтүр мени, Сатар! Өлтүр!" - деп чалкасынан түштү. Аялы: - Кудайдын каары тийгир. Аш ичсең акылың менен ичпейсиңби?! Балдардын жүрөгүн түшүрдүң! - деп жакадан алса көзүн ачып: - Аяш көзүң эле жылуу учурайт, сени кайдан көрдүм эле? - дептир. Ал көлгө жалынды Казак тууган Кадырбай Ысык-Көлдө туулуп өскөн. Соода-сатыгы менен алек болуп, көп жылдар бою Европанын шаарларын кыдырып жүрдү. Акыры айлына келе жатып, Балыкчыга токтоду. Көлдүн жээгине чуркап барып: - Айланайын, Ысык-Көл! Касиетиңден айланайын!" - деп аракка ала гүү болгон неме жашып, көл суусуна эңкейип жүз чайды. Балыкчынын шамалы тигинин тооп кылып жатканын билмек беле. Башындагы жаңы калпагын аңтара салып, башынан шыпырды. Кармайм деди эле, шамал калпакты көлдүн ортосун көздөй айдады. Эми эле көлгө жалынып-жалбарып жаткан мас: - Акеңин оозун урайын! Ушундайыңдан түздөн оорун тийбей, чакчайып тоонун башында туруп калган экенсиң! - дептир. Балыктар ичип жатпайбы Алтынчы класстын окуучусу Алынбай география мугалими Керимбайдан сурады: - Агай, айтыңызчы! Эмне үчүн эле жылдан-жылга Ысык-Көлдүн деңгээли төмөн түшүп баратат? Агайы ачууланды. - Олтур! Эң жөнөкөй нерсени билбейт. Сага география сабагынан "эки" деген баа коюш керек. Көлдүн суусун бир жакка жүктөп кетип жатат дейсиңби? Балыктар ичип жатпайбы! - дептир. Жолугушуу Бурул бурчтан бурула берип, Бурма деген кызга жолукту. Ал-абалды сурашып көпкө маектешишти. - Букеш! Ден соолугуң жакшыбы? Эч жериң оорубай сак-саламат жүрөсүңбү? - Өзүңчү, Бурма! Турмушуңда эмне жаңылыгың бар? Тим эле татынакай болуп кетиптирсиң! Кулагыңда алтын сөйкө, колуң толтура рубин, лакыл шакеги тим эле көгүчкөндөй кулпунупсуң го? - Кудая шүгүр Букеш! Буюрганы болуп жатат. - Турмушка чыктыңбы? Деги эле киши жакчу эмес эле. Токторду тоотподуң, Орозду обу жок деп жактырчу эмес элең? - Эми чыкканы жатам. - Кимге? Жашыруун болбосо айтып койбойсуңбу? - Эсенге Букеш, Эсенге чыкканы жатам. - Ой, сен аны эси жок дардаң деп жактырчу эмес элең го? - Ал иномарка жаңы машина сатып алды. - Ийе кокуй! Анда сен Эсенге күйөөгө чыкпай эле, машинага күйөөгө чыкканы жаткан турбайсыңбы? - дептир. Минтип ооруурун билгенде: Калыйман адабияттын талапкери, ыр, аңгемелерди жазып жүргөн таланттуу кыргыз кыздарынын бири. Кесиби боюнча дарыгер-окутуучу. Медицина окуу жайында "анатомия" боюнча "Усулкананын" жетекчиси. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Менчик машинесин балдарына айдатып бара жатып, Ысык-Көлдөгү Түпкө жакын жерде аварияга учурады. Машине талкаланып, ичиндегилер аман калышты. Калыймандын төрт кабыргасы сынды. Көрөлү деп бардык эле. Оор дем алып кыйналып жатыптыр. Бизди карап жылмайып: - Жапар байке,минтип ооруурун билгенде авария болбой эле коөт элем, - деп күлдүрдү. Баса, ал сатирик кыргыз кыздардын бири. Качыкемин жоруктарынан Качкынбай Осмоналиев Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал. Кыргыз Эл жазуучусу. Ондогон китептердин автору, олтурганда боорду эзип күлдүрчү. Экөөбүз бала кезибизден бирге чоңоюп, бирге өстүк. Ошондуктан телефон чалышып, жолугушуп, нары-бери басып сүйлөшкөндү жакшы көрүүчүбүз. Бир жолку колхоз-совхоздорго акын-жазуучулар менен бирге чыгып жолугушуу өткөргөндөрүн айтып берди. "Үч-төрт колхозду кыдырып, сый көрдүк. Жолугушууларды өткөрүп, ыр окулду, мен болсом жазган китептеримдеги каармандар жөнүндө сөз сүйлөйм. Суроолорго жооп берем. Акыркы жолу "Ача-Кайыңды" колхозуна келип токтодук. Жолдошторум баягы эле бир барак кагаздагы ырларын окушат. Которуп башка ырларын окуу деген аларда жок. Бир тобу ырларын окугандан кийин сөз кезеги мага келди. Мен ордумдан тура калып эле "Арпанын Ала-Тоосунан" деген ырды созолонттум. Жолдошторум түшүнбөй мени мас экен деп ойлошту. Эл шатырата кол чабышты. Күлкү обо жарды. - Урматтуу улуу-кичүү туугандар! Ушуну менен бешинчи колхоздон жолугушуу өткөрүп жатабыз. Баягы эле ырыбыз, баягы эле сөзүбүз. Же Байдылдадай жарытылуу эч нерсе айтып бере элекпиз. Көңүл бурганыңарга ырахмат! - дегем. Чын эле ошондо Качыкемин жолдоштору аны: "Мас болуп алып ырдады" - дешип күнөөлөмөк болушат. Анда Качыкем: - Силерде кымындай уят деген барбы? Беш колхозго баягы эле бир барактан ырыңарды окудуңар. Жаныңарда жүргөн мен тажап бүттүм. Ошондуктан элди алаксытып, "Арпанын Ала-Тоосун" ырдадым, - деген экен. Маскөөдөн кат: Качыкем орус тилин өтө начар сүйлөчү. Бирок классиктердин китептерин көп окуган. Ал көптү билген таланты ташкындаган адам эле. Жазуучулар союзу аны Москвага окууга жиберет. Кошо жүрүшкөн жолдоштору анысын окуп беришкенде боорум эзилгенче күлдүм. Бир күнү Качыкем жолугуп, ошол каты жөнүндө өзүнө айтып бердим. Ал адатынча кулжуңдап алдыга үч-төрт кадам аттады да: - Энеңди урайындар! Ошону сага да айтыштыбы? - деди. Ал каттын мааниси мындай эле: "Батима! Кандай, жакшы жүрөсүңбү? Балдар чоңоюп жатышабы? Билгазы жакшыбы? Чорбойгон чочогу бар эмеспи, ошону жакшы бак!" - деп жазам десе керек. Кыргызча болсо кат жазган жагынан Качыкемдин астына ким чыкмак. Кендирди орус тили кесип жатпайбы. Кыязы орусча кат жазып, өз билимин сынайын десе керек. Орусча жазылган каттын мааниси мындай эле: "Патими, как лежишь, Я, хорошо лежу. Как дети?" "Билгазыны жакшы бак, чочогу бар эмеспи" - деген жерин жазууга болбойт, аны кагаз көтөрбөйт. Качыкем кроват сатып алганда Качыкем кроват сатып алмак болуп бир дүкөнгө кайрылат. Анда кыргыз тилин билбеген орус сатуучу болот. Эшиктен кирген Качыкем: - Эй, даешь керебет? - деди. Аны түшүнбөгөн орус: - Что такой керебет? - деп таң калды. Качыкем ого бетер куудулданды. Мага карап көзүн кысты. - Чоо, не понимаешь? Керебет это жина лажить, я лажу! - деди. Жанында тургандардын баары обо жарып каткырып жатышты. - Чево вормочишь? - деп дүкөнчү чындап эле ыза боло баштады. Качыкем ансайын күчөп: - Эй тамыр! - деди. - Я чабан. Гору знаешь, я аттуда прошол! Орус тил билме, - деди. Акыры тажаган дүкөнчү: - Кровать чтоли? - А, туура, кробет! - деп толуктады. Ал кезде жалаң орусча сүйлөшүп, элеттен келгендер шылдыңга кабылышкан. Качыкем болсо тескерисинче орустарды шылдыңдады. "Кыргызстанда жашап турушуп, эки ооз кыргыз тилин билишпейт!" - деп нааразы болуп эшикке чыктык. Ошентип келгендерди Качыкем катуу сынга алды. Кийин "керебет" деген сатирасын жазды. Аюу менен күрөшүү Кыраакы адамдар: "Кээ бир адамдын өзү юмор, кээ бирөөнүн сөзү юмор", - дешет. Өмүр бою педагогикалык кесипти аркалап келген, Эл агартуунун отличниги, Ленин ордендүү, белгилүү Кудайберген Карымбаев куйкум сөздү, тузун татытып сүйлөгөн куудул адамдардын бири эле. Бул киши мергенчилик кылганды жакшы көрүүчү. Ал киши аңчылыкка чыкканын айтып, элдин боорун эзип жатты. "Жалпак-Таштын кырынан эңкейип, Калкактын зоосунун урчугун имериле берсем килейген чоң аюу олтурган экен. Эсим чыгып, төбө чачым тик туруп, коркконумдан салам айтып жибердим. Ал алик албай акшыя карап, тура калып кармаша кетти. Алым жете турган эмес. Мергенчи Мамбеталынын айткандары эске түштү, чын эле, дедим ичимден. Баса аюунун колтугунда кытыгысы болот дечү эмес беле! "Кыты, кыты:" - деп, эки колтугунун астынан кытыгылап кирдим. Кудая тобо! Аюум арсалактап бир каткырды дейсиң! Зоо жаңырат. Бир убакта ырпы куруп: "Куке, Куке, болдучу эми", - дегенге араң жарады. Ошентип аюу менен достошком", - деди. Улар атканда Мергенчилеп жүрүп Кандектин коктусуна түштүм. Өйдөрөөк жактагы жайык бетте бир топ улар оттоп жүрүшөт. Мен тоонун урчугуна жашындым. Бирөө: - Кудайберген келатат, - деп калды. Уларлар мен жашынган тарапты моюндарын созушуп карап жатты. Анда бирөө: - Вот, вот! - деп сессиядагы айрым депутаттардай орусчалап уча качты. Калгандары делдейишти. Мынча болду улардын айгырын атайын дедим. Бирөөнү атсам, башы, эки канаты, боору, бөтөгөсү калып: "Кудайберген түйрүк, Кудайберген түйрүк!" - деп учуп кетти деди. Эми эмне кылам, кагылайындар Эй, туугандар, кызматымдан жогорулаган сайын командировкага барышым көбөйдү. Маянам да жакшы. Барган жерден сый да көрөм. Айтор, зоболом көтөрүлүүдө. Оо, кагылайындар! Көрсө, жыргалдын-кууралы, кубанычтын-кайгысы болот тура! Курган жаным аны аңдабаптырмын. Бир күнү кошунамын аялы Койусун жолугуп: - Ай, Ашырбай! Бул сенин командировкаң качан түгөнөт? - деп калды. Кадыресе шыңкылдап каткыра күлүп. - Ий, эмне болуп кетти? Командировка түгөнмөк беле. Барам дагы, - дедим, оюма эч нерсе албай. - Баса сен жокто үйүңө коноктор көп келгенинен айтам да, - деп, ого бетер шыңкылдап күлүп басып кетти. Мына кызык! Кеңсеге келер менен чоңум чакырып алып, эртең командировкага барарымды эскертти. Аялымдан мурун эле шек санап жүргөм. Ичим уйгу-туйгу болуп барып, досум Акылтабаров Билерманга ымандай сырымды айттым. Ал мага: - Койусун апыртып, ашепке айтып коюучу эле. Текшерчи! - деди. - Кантип текшерем? - деп мен аны жалооруй тиктедим. Ал мага: - Билишимче сенин аялың үй жуубайт, кир жуубайт, чынбы? - деди. Мен эпилдете башымды ийкедим. "Баймат деп атымды билип жатканын карачы" - дегендей, Билерман досумдун үй ичиндеги тиричиликти билип алганын карачы деп таң калдым. Бирок ал аялымды текшерүүгө кандай тиешеси бар? Аң-таң болуп, аңырайта оозумду ачып аны карадым. - Таң калба, досум, таң калба! - деди мени карап. Эртең менен аялың кроватта уктап жатканда, шыпылдатып үйдү жууп кир. Аялың сенден шек санабайт. "Көнүмүш кылып жүргөн оокаты", - деп уктап жата берет. Сен кроваттын астын тазаламыш болуп, жиптин учуна салмоор таш байла. Анан кружкага толтура каймак куюп келип алдына кой. Аялың жалгыз жатса, "салмоор таш" каймакка малынбайт. Коногу менен жатса ташың каймакка малынып калат. Мына ушинтип текшер, - деди. - Оо, акылыңдан садага кетейин, Билерман досум! Сени кудай менин таалайыма жаратканбы? Ошентип Акылтабаров Билерман досумун айтканындай кылып командировкага кете бердим. Кайтып келип шашып, "салмоор таш" менен кружкадагы каймакты карадым. Оо, кагылайын калайык! Калп айтсам кара башыма көрүнсүн! Өз көзүмө ишенбей жалдырап туруп калыптырмын. "Салмоор таш" кружкадагы каймакка малынмак түгүл, бышып жатып майга айлантып салыптыр. Каймак жебей май жегиңер келсе, силер да ошенткиле! Баягы Билерман досума келип, болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал башын чайкап тунжурап жер тиктеп турду да: "Кумар көздүү, тоодак төштүү, кыргый мүчөлүү, субагай бет, ак маңдайлуу, көз карашы сезимиңе бүлүк салган, далайлар жете албай кумарланган, бото көз сулуу аял ал дедим беле? Сулуунун аңдыганы көп болот, илээшкени чөп болот, - деди. Эми сен анын коногу ким экенин бил. Командировкадан бир күн эрте кайт. Үйдүн бир ачкычын ала кет да, капыл-тапылынан кирип кел! - деп кеңеш берди. Бардыгы досум айткандай болду. Мени келет деп ойлошпосо керек. Кийимин кийүүгө үлгүрбөй, аялымдын коногу терезе пардага жашынды. Жылаңайлак буту парда алдынан чыгып турду. Кийимдерин стулга чечиптир. Кирип келип тигил бутту көрүп кыжырым кайнап: - Эй, тетигил бут кимдин буту? - деп опурулдум. Аялым күнөөлүү үнүн пас чыгарып жалооруп: - Берекем, ал бут болбосо береги килемдерди кайдан алат элек? Менин жиним ого бетер келди. Килемдерди чын эле зарылып жатып завсклад Сарымсак маңкадан алганбыз, үстөгүнө акча берип жатып өз баасынан алды канча кымбатка алганбыз. Сасыган Сарымсак маңка менин аялыма теңби? - дегенсип: - Айт деп жатам мен сени! Тиги бут кимдики? Эми аялым мурункусунан да үнүн пас чыгарып: - Акырын, берекем, ал бут болбосо машинени ала алмак эмеспиз! - деди. Ачуум дагы кайнады. Машинени беш-алты жолу барып жатып, чылбыр боосуна чыйкандай кызыл акчалардан үч пачканы карматып жатып, Асылбек ач көздөн аке-жакелеп жатып араң алганбыз. Болбосо "Айдын аягында келгиле!" - деп сүйрөй бермек. Ошол Асылбек ач көз экен деп, ого бетер бакырдым. Аялымды кара тер басты. - Ал бут болбогондо, сен кызматтан кантип көтөрүлөт элең? - деп шыбырады. Түшүндүм. Менин начальнигим тура. Эми үнүмдү жумшак чыгарып: - Ой, ошол бут эмне үчүн сыз жерге туруп калды? - дедим да, сыртка чыгып кеттим. Болгон окуяны келип Билерман доско айттым. Ал башын чайкап туруп: "Эми командировкадан эки күн эрте кел дагы, үстүнөн чыгып кармасаң маселени кабыргасынан кой. Келгенин токтотсун. Болбосо парткомго билдирем де. Кайран гана Билерман досум. Бул саам да акылыма-акыл кошуп, көңүлүмдү көтөрүп жатпайбы? Досумдун айтканындай командировкадан эки күн эрте келдим. Терезеден шыкааладым. Чочуп кетип бакырып жибере жаздадым. Тфуу шайтан: бул эмне деген кордук?! Коркуп да кеттим. Аялым турсий-майкечен болгон "бульдозердей" булкуйган бука моюн бирөөнүн тизесинде конуп олтурат. Аялым ич көйнөкчөн. Сол колу менен тигил булчуңдары буртуйган заңгинин мойнунан кучактап алган. Оң колу менен табактагы кара куурдактан кабаттай сайып, заңгиге сугунтууда. Чоң стаканга толтура ак арак куйду эле, жанагы неме акырын гана серпип койду. Кудая тобо бул көргөнүм түшүмбү же өңүмбү? Менин аялым "Миң бир түн" жомогундагы Шахризада болуп кеткен го! Аңгыча эркелеген аялым: - Жаным! Берекем! Эгер ушул учурда күйөөм келип калса, эмне кылаар элең? - деп сурап калса болобу. - Келсинчи! Энеңди урайынды эки муштап, бир тээп кроваттын алдына бүктөп коөюн - деп, заңги көнөчөктөй көлтөйгөн муштумун түйдү. Менин үрөйүм учту. - Тапкан экенсиң май башты! - дедим терезеден угуза. - Менин командировкам бүтө элек. Дагы эки күнүм бар. - Оо, кагылайындар, эки күндөн бери үйүмө баралбай, вокзалга түнөп жүрөм. Эми эмне кылам, кагылайын калайык! Мырзаны үч жолу сөзгө жыккан келин Илгери бир мырза жигит жолдоштору менен жолоочулап келе жатып, бир байдын үйүнө түнөп кетмек болушат. Конок айттырышып, аттан түшүшүп, мамыларына ат байлап, куржундарын көтөрүшүп үйгө кирип жайланышат. Тигилердин ичинде мырза чалыш бирөө бар эле. Манчыркаган неме келинге тийишип: - Куржунду кайда илем! - деп сурады. Анда келин: - Жүз баштуу үйдүн керегесинен куржун иле турган жер табылбаса, анда мойнуңузга эле илип алыңыз! - дептир. Мырза таш тиштегендей болот. Конокторго кой союлат. Кашка жиликти алып мүлжүгөн жигит, анын чучугун алыш үчүн кестиги менен чапкылайт. Келин ашканадан табакка толтура май томуруп: - Мырза! Куу сөөктү чапкылап убара болбой, май жегиңиз келсе, бул майды жеңиз! - деп табакты алдына жылдырат. Жигит дагы сөз таба албай калат. Эртеси аттанып бара жатканда кабанак Маңдөбөт үзөңгүгө жабышат. Мырза керилип туруп камчы шилтейт. Тумшукка катуу тийген камчынын уусунан каңшылап калат. Баягы келин: - Эчтеке эмес, Маңдөбөт! Кээде ошентип агасы инисин уруп коөт, - дептир. Сөлтүк сүйлөгөн сөзгө жыгылат Кыргыз элинин эненин сүтүнөн жаралып, сөөгүнө сиңген генийинин бири алардын сөзмөрдүүлүгүндө. Эзелтен эле ак таңдай чечендер "маңыз" сөздү сүйлөбөстөн, "нагыз" сөздү сүйлөшкөн. Ажылдап айтышпастан, сөзгө конок беришип, жүйөлүү сүйлөшсө ошого жыгылышкан. Мына, кыргыз элинин улуулугу, мол тунуктугу ушунда болгон. Уламалуу улуу сөздөр өлбөйт. Ал эл менен кошо жашайт. Атадан балага мурас болуп калат. Кадимки кол башындагы Чыныбай баатыр үч жолу сөзгө жыгылганы тууралуу өзү кеп кылчу экен. Чыныбай элдин калың катмарына белгилүү Тилекмат акенин сегиз баласынын бири болгон. Тилекматтын атасы Жылкыайдар Бугу элинен чыккан Бирназар бийдин "тонсуз" балдарынан. Түпкү теги кайдан экени белгисиз. Ал жөнүндө эл оозунда уламанын сегиз равияты (варианты) айтылат. Ал жөнүндө мен мурун жазып чыккам. Биринчи сөзгө жыгылышы Чыныбайдын өңдүү-түстүү бир жеңеси болгон экен. Ал бир уул төрөп, андан кийин төрөбөптүр. Жеңесине көзү түшүп, тийишип жүргөн Тилекмат бир күнү жолдоштору менен кымыз ичип олтуруп тамашага чалып: - Ийе жеңе! Ушу бирди эле төрөп токтоп калдыңызбы? Байкемдин кудурети жетпесе, жардамга деле келет элек го, - деп калды. Анда жеңеси: - Ооба, кайним, бирди эле төрөдүк. Эчки эгизди тууйт, ит сегизди тууйт. Жолборс бирди эле төрөйт - деп, күлүп койгон экен. Чыныбай катуу сөзгө сыныптыр. Анткени анын энеси сегиз уул төрөп жатпайбы. Өз энесинен сөзгө жыгылышы Чыныбай Каракол уездинде уездин катчысы болуп иштеп турган. Илебине нан бышып, элди билип турган кези. Бир күнү энесине келип: - Апа, эл бийлеген жагынан мен кыйынмынбы же атам кыйынбы? - дептир. Анда энеси жасап жаткан ишин токтотуп: - Ооба, балам. Оң менен солдун ортосунда жүргөн, Бугу элин чабылып-чачылуудан сактап, казак менен кыргыздын ортосунда жүргөн, Кокон хандыгынын кордугунан куткарган, кытайдын дооматынан кыргызды куткарып, чен тонун кийген атаң орустун кагазын көчүргөн сага кайдан тең келсин. Сен эле кыйынсың, уулум! - дептир. Кенжебайдан сөзгө жыгылышы Чыныбай менен Кенжебай курбалдаш өсүшкөн теңтуш адамдар экен. Дубан бузуп, чабылып байге бербей жүргөн Чыныбайдын Каракашка аргымагы болгон. Кийин ошо Каракашка аргымак Бугунун чоң байы, сан жылкылуу Сарыбайдын атасы Солтонкулдун ашында миң жылкыга чыгып келип, баш байгени ээлеген. Кенжебайдын Күрөң аты болуп, ал да чоң күлүк экен. Эл чогулган жерде Кенжебайды тамашалап: "Аргымак менен Күрөң атты башма-баш жарыштырабыз, кимдин аты чыгып келсе, эки ат тең ошонуку болот", - деп мелдешет. Акыры жадап бүткөн Кенжебай макул болот. Калыс кишилерди даекке калтырып, күн болжошуп, аттарын таптап келишет. Атты Челпектин башынан коө берип, Караколдун аягынан тосуп алмак болушат. Ар ким өз атын сүрөөгө уруксат кылынат. Ошентип атты болжогон жерден коө беришет. Арышы чоң эмеспи, адегенде эле Чыныбайдын аргымагы алдыга кетет. Орто жолго барып калганда куйрук улаш келе жаткан Кенжебай: "Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту. Күрөң атым арышта, Аргымактан калышпа" - деп кыйкырык сүрөөн менен алдыга өттү дейт. Ошентип атын чыгарып кетет. Жогоруда айткандай теги белгисиз болуп, ага-тууган арасында Чыныбайларды "кул" деп коюшчу. Мидиндин Кудуңдан жыгылганы Күздүн күнү. Боз кыроо түшүп турат. Мергенчилер Алманбет, Мамбетаалы, Бексултандар мергенге чыгышып, аларга Мидин менен Кудуң кошулат. Кудуң Чаектин башындагы Ак-Татыр деген жерде туруучу. Мергендер Чет-Куугандынын алкымындагы Саманчыныкына келип жатышат. Эртеси түнкү саат үчтө турушуп, Кара-Кыяны ашып, Ой-Кашкасуунун башына барышат. Кудуң атын жаңы такалаган экен. Улам түшө калып такага кептелген ташты кагып таштап жатты. Мидикем ага тийишип: "Кайта-кайта карадың, Кара атыңдын таманын. Башыңа кийип алыпсың, Малакайдын жаманын. Жанына жеңем жаткырбай, Жабыркап бүркөө кабагың. Ошону үчүн Кудуке, Ачылбай турат кабагың". Мергенчилер обо жарып каткырышты. Алманбет мергенчинин Мистекан аттуу тайганы бар эле. Ал зоого кийик камап, олжолуу кайтышат. Кайра Саманчыныкына келишип, майлуу кара куурдак алдыга келди. "Көк моюн" да бар экен, жүздөн көтөрүшөт. Мидикем: "Куюнбу же шамалбы, Кубандырды адамды? Куюлушкан көп теке, Куу аскага камалды. Тартаңдап чуркап Мистекан, Тартыптыр Кудуң абамды". Үйдүн ичиндегилер жыргап күлүп жатышты. Ызаланган Кудуң: "Көтөрдүң го, Мидике, Мистекандын чачпагын. Арамзалык иш болот, Айдакка барбай качканың. Арак болду татканың, Арык болду жатканың. Алты чака пул берип, Алыбайды бакпадың. Акын болсоң, Мидике, Айтышалы качпагын!" - дегенде, Мидикем сөзгө жыгылып, Кудуңдун мойнунан кучактаптыр. Калыктын Шалпыктан жыгылганы Акындар эл менен ырыскылаш болуп жаралышат. Алардын баккан малы, айдаганы жок болот. Короодогу кою жок. Кой багууга ою жок. Баардык байлыгы шекердей чуурган ыры. Алар бир жерде тура алышпайт. Ташкындаган талант элиртип эл кыдыртат. Атактуу Калык калк аралап кеткен. Көп олжо-буйла менен үйүнө келсе, жагым отун, салым эти жок үй-бүлөсү мүңкүрөп калган экен. Тамак-аш болгону менен отун жок. Какем атына минип, туугандарына жөнөдү. Кыштоодо чапкынчы Шалпык деген бай бар эле, Какем аттын башын ошол жакка бурду. Байды тегеректеп бир топ аксакалдар турушкан экен. Какем ыр менен учурашты: "Ассалом алейкум, Амансыңбы байларым. Адал эмгек иши кылган, Ачык кабак жайдарым. Жылуу конуп кыштоодо, Жыргалдын калпып каймагын. Бири-бириңди коноктоп, Согумдун чайнап майларын. Кочкордун Каракоосунан, Азыр келип олтурам. Жагым отун жогунан, Жалдырап калган кошунам. Каргашалуу сөз чыкты, Катынымдын оозунан. Көң бергиле жагалы, Отунсуз Калык калабы? Арка кылган туугандын, Жардамы болот а дагы. Ага-тууган жакшы экен, Көңдүүлөрдөн көң алдым, Чөптүүлөрдөн чөп алдым. Көк беде айдап керилтип, Көк атыңды элиртип. Менин сары атымды карачы, Баспай калды теминтип!" Калык дагы бир топ ырдап келип токтоду. Жанында Сакылбек, Бакай деген байлар турушкан. "Кокуй, Каке, түшүңүз! Отун кара жерге кирсин. Канча болсо да төөгө жүктөп жеткиргиле", - деп келе жатканда, Шалпык аларды токтотуп, тамашага чалып минтип ырдады: "Кагылайын, Калыгым, Качантан бери тарыдың? Мурунтадан укканда, Жүктөтүп барып бермекпиз, Короодо көңдүн жарымын. Мурун, Калык, келчү элең, Чаар ат минип топко ырдап. Эми чамаң кетип калыптыр, Чаап койгон бокко ырдап. Тор жоргону жылжытып, Жыйын менен топко ырдап. Жылас болсун бул дүйнө, Эми жыйып койгон бокко ырдап:" Ыза болгон Калык атын моюнга чаап үйүнө келип, келинчегин сабап жыгылат. Кокуй, Какем тамашага ыза болуп кетти дешип, үч бай үч ирик өңөртүшүп, алты төөгө көң жүктөтүп жиберишет. Садыр акенин элди сөзгө ¦лӨӨ -¤ ал- - Көлдүн күңгөйүндө сөзгө чечен Садыр аке деген болгон. Чукугандай сөз табуучу эле дешет. Көтмалдынын "Тармал-Сазында" топ-жыйын болуп калат. Ага Нарын, Чүй, Көл боорундагылар бүт катышкан. Чечилбеген маселелер ошондо чечилген, доо өндүрүлгөн, кун төлөшкөн. Бул курултай бир нече күнгө созулган. Ар кимиси үй тиктирип, союшуна мал алып, желе-желе бээ байлатышкан. Эригишкен Солто, Саяк, Сарбагыш, Бугунун жигиттери ар кимиси өз урууларын макташат. "Манаптын баары бизден чыккан. Биз кыйынбыз", - деп Сарбагыштын жигити мактанат. "Сенин хан атанган Ормонуңду биздин Балбай өлтүргөн", - деп Бугунун бир жигити мактанат. Ажылдашкандар бир сөзгө келе албай коюшат. "Туура сүйлөп, түз жүргөн калыс киши эле Кыдыр аке, ошол кишиге баралы", - деп келишет. Бул чатак суроону Садыр гана жөнгө салып, жээликкендердин желин чыгарат деп ойлойт Кыдыр. Садыр аке мындайраакта алдына көрпөчө, көлдөлөң салынып, башына жаздык койдуруп жаткан экен. Сөз талашып жулунган төртөө барышат. - Кыдыр аке бизди сизге жиберди. Талаш-тартышты калыс сүйлөп, төп чечет деди. Мына бул төртөөбүз төрт уруунун өкүлдөрүбүз. Саяк мен кыйынмын дейт, Сарбагыш мен кыйынмын дейт, бугу мен кыйынмын деп жатат. Солто мен кыйынмын деп жатат. Бул төрт уруунун кимиси кыйын? Бирөө: - Сарбагыш менен Бугу эле журттун уюткусу го, - деп калды. Садыр аке өйдө туруп төртөөнү төрт карады да: "Солто элдин тогу, Саяк элдин шогу. Ал эми Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу" - деди, тегеректеп тургандар кыраан каткы күлүштү. Сарбагыш менен Бугунун өкүлдөрү катуу ыза болушту. - Сиз туура эмес айттыңыз, чечмелеп бериңиз! - дешти. - "Чечмелеп берем, - деди Садыр аке. - Сарбагыш менен Бугу бир атанын балдары. Экөө тең Кылжырдан. Ага болушпай кечээ кырылышып, кан төгүшүп чабышты. Тууганчылыкты билбеген, карылардын сөзүн көкүрөгүнө илбеген, куру намыска кутурушкан немелердин барынан жогу. Алды артын ойлошпойт. Солто болсо Сары өзөн Чүйдү жердеп, өз тиричилиги менен алек болуп жатты. Эч кимге болушкан жок. Ошон үчүн Солто элдин тогу. Саяктар эрегиштирип туруп, Ормонду өлтүрттү. Агасы Ажыбектен ажыраган Алыбек Бугуга кошулуп салгылашты. Ак Сыйнат менен Карагер атты тартып алам деп Балбай колго түшүп, анда да жөн турбай Осмондун кемпири менен мелдеше кетип, кулагын мулуйтуп кестирди. Ага ызаланып барып кол курап келип, Саяктын он эки эрин өлтүрдү. Бугулардан өч алабыз дешип, Саяктар Сарбагышка кошулду. Бул элдин шоктугу ушунда болду. Бул жүйөлүү сөзгө эл делдейди, талашкандар делдейишти. Жоопко нааразы болгон бирөө Садырды сөзгө жыккысы келип кайра суроо таштады: - Кыдыр аке сизди бала деп жатат. Канчадасыз, качан туулгансыз? Садыр аке Кыдырдан он беш жаш улуу эле дешет. Бирок экөө тең бирин-бири кадырлашып, теңтуш катары жүрүшчү экен. - Менин туулган жылым талаш болуп жүрөт, - деди Садыр аке. Солто Чолпонкулга Байзак элечек кийгизип, уй саадырганда төрөлгөнсүң деп бир айтышат. Жоок, Качыкенин Эралысы Ормонду матап барып, Байдөбөттүн башын дагы орго салганда төрөлгөнсүң деп бири айтышат. Балбай баатырдын кулагын Осмондун кемпири мулуйтуп кескенде төрөлгөнсүң деп дагы бир карыя айтат. Ушинтип, менин төрөлгөн жылым талаш болуп жүрөт деп баарынын жаагын жап кылган экен. | Китеп_тизме: |
|