Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...

"Сыртың сулуу, ичиңди ким билиптир..."
Айткандай эле ошондон көп узабай Жапакең чын эле кырсыкка чалыныптыр: Чымырбай деген кызматкер адамдын Ак-Турсун деген сулуу балдызы ошол маалда Соңкөлгө келип калат. Аны мурдараак эле көрүп, көзү түшүп жүргөн Жапакең айласын таап тигинин койнуна бир жатып чыгат. Бирок анан төрт-беш күндөн кийин кайбарынан ириң агып бастырбай калат:

Сыртың сулуу - ичиңди ким билиптир,
Аламын деп далай жигит миниптир.
Тамтаңдатып таң аткыча жетелеп
Тамга такап, талга такап сигиптир!
Алда качан абийирсиз амыңа
Азынаган аңги коток кириптир.
Далайларга белек болуп кетти го
Сенден мага жугуп калган триппер!
Жашчылыктын күйүп кеткен отуна
Кийин ойлоп мен да ичимен кайгырдым:
Бир саям деп ирип калган амыңа
15 жолу пенициллин сайдырдым!
Дале болсо жылма беттер жолукса
Ташкындаган тармал жалдуу айгырым!

Ушул эле ыр саптары бүгүнкү күндө бираз өзгөртүлүп төмөнкүчө айтылып жүрөт:

...Алты жолу пенициллин сайдырып,
Тарттым ошол итчиликтин айыбын.
Дале болсо тазалары кезиксе
Даяр турат кара жалдуу айгырым!

Ушул бир куплет мисалдан көрүнгөндөй, Жапакемин ырлары бара-бара маңызы бир болгону менен, түпкүлүгү түрдү варианттарга бөлүнүп кетчүдөй. Бул өңүттөн алганда да колуңуздагы жыйнактын пайда болушу жакшы жышаан десек туура го дейбиз. Жапакем менен жүргөндөр, анын ушул жаатындагы ырларын билгендер эсте калган саптарын жана жогорудагы саптарга карата оңдоп-түзөөлөрүн Ж.Жанызактын дарегине жиберип, келечекте толукталып басыла турган китепти жаратууга көмөктөшөөрсүз, урматтуу окурман.








Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат
Почта дареги:janyzak@mail.ru
Телефону: (0777) 329784