| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
ЖАЙЛООДО Жапакем Жумгалдын "Карагайлуу көлмө" деген бир жайлоосуна чыгып, он-он беш күнчө жүрүп калат малчыларды аралап. Күндө кымыз, күн сайын эт жеп, коноктон чыкпайт. Жанында жолдоштору. Айтор, барган эле жери тамаша. Бир күнү таңга жуук Жапакем сыртка атып чыгыптыр. Жанында жаткан эки жолдошу: "Ой Жапар, сага эмне болду? Же түшүңдөн чоочудуңбу?" - деп тамашалашат. Анда Жапар: Көп күндөн бери чабандын, Чатырында жатамын: Баягы кудай урган котогум Кооп алып салат чатагын! Ал жулкунган сайын башына Муздак суу куюп жатамын!! Ат баскан бака кейиптенген Амыңдын тарттым азабын! - дептир... Кайран жаштык кайра келбейт окшоду... ...Соң-Көлдүн түндүк-чыгышын Кочкордун чарбалары жайлайт. Бир үйгө барышса бойго жетип калган сулуу кызы бар экен. Жапакеңдин даңкын угуп жүргөн го - карегин айрыбай карай берет. Анда Жапакең: Кайран жаштык кайра келбейт окшоду, Кыз тиктеши делебемди козгоду! Минтип жүрсө бир балээге кабылтат Күндүр-түндүр котогумдун копкону! - - деп блокнотуна чиймелеп коюптур дейт. Мидиндин... <<< Кириш сөз: Мидиндин "Эшек дептери" l "Сыртың сулуу, ичиңди ким билиптир..." >>> .."эшек дептери" | |
|