| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Мидиндин "Эшек дептери" Айла жок катуу эскертебиз:тексттерде "Мидин" деген ат "Жапар" деген ат менен алмаштырылды, антпесек айрымдар чатак салып жатат. Калганын окурман өзү териштирсин… Кокус кай бир жеринде алмашылбай калса мураскерлер таарынбасын дегеним… Улуу элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган, далайлар бир окусак деп самаган, кыз-келин окуп жактырган, кумары канып каткырган, жигиттерди жээликтирип, чал-кемпирди чаалыктырбаган, көп жылдар өтүп кетсе да көрөңгөсү көөнөрбөй көбүк бүркүп жаңырган Жапакемин "Эшек дептери" колуңарда. Бу да болсо айкындыктын шарапаты, Жанызактын "кесепети". Анткорлордун акааратынан айбыкпай басып чыгарууга батынганына шүгүр. Тигил Алмустактан эле актын карасы, аланын чаласы, күнөөкөрдүн сыйы, күлкүнүн ыйы болуп келген. Айтылуу Жапакенин да капарсыздыктан какшык, алабармандыктан акыл, чылык сөздөн уят, ойлоосуз жерден одоно айтылган карама-каршы ырлары көп. Бугезге чейин алары жарык көрбөгөнү менен эл оозунда айтылып жүрөт. Турмуштун тундурмасынан чыккан туптунук ырлар унутулмак беле?! Көкүрөгү жеткен адам ал саптардын улуулугун айттырбай түшүнөт, тек түркөйлөргө не дейбиз... Ал кишинин "Эшек дептерин" мен өз көзүм менен окуй алган жокмун, бирок үйрөнүп алган айрымдардан угуп, эсиме тутуп калып жүрдүм. Жапакемдин жумгалдык курбулары "Эшек дептерин" окушкан экен, ошолордон да чогултуп калдым... "Улуу сөздө уят жок", - дейт элибизде. Кадам сайын кездешип, айтыла жүргөн сөздөр, болгондо акындын залкар таланты менен өлбөс-өчпөс саптарга тизилди, элибиздин тарыхынын бир бучкагы болуп калды. Акыры бир күнү кагаз бетине түшүрүп, жаңыртып койбосок улам айтыла жүргөн саптар бара-бара өзгөрө берип ың-жыңсыз жок болуп кетиши да ыктымал, урматтуу окурманым. Чачмак оңой, жыйнамак тозок, ушул жагын эсиңе тут, замандаш! Түзгөн Ж. Жанызак. Иштеп чыккан: А. Кокешова. Ырлардын жана айтылган окуялардын басымдуу бөлүгүн кыргыздын айтылуу санжырачысы, кадырман карыбыз, Жапандин жердеши Жапар-аке Кенчиевден сатып алдык. Айрым ырлары Улуу Акындын жесири берген чыгармалар менен толукталып, оңдолду. (1992-жылкы басылышы өзгөртүлбөй берилди жана ошогездеги басмасөздөгү талкуулар Ж.Жанызактын каяшалары менен коштолду. Мынакей, урматтуу окурман, арадан беш жыл өтүп кетиптир - кимибиз туура, кимибиз натуура кылганыбызды сиздер эми калчап алыңыздар...) "КАТТАМАНЫН" КОШТОО СӨЗ Мынакей, окурман - эл арасында даңазаланып, ооздон-оозго айтыла жүргөн "Эшек дептерин" да окуп чыгасыз. Бу да болсо турмуштун бир барагы. "Минтип жазылсын, мындай кылыш керек эле",- дегендер да четтен чыгышы мүмкүн - аларга эскерте кетейин: бу жыйнакка киргендердин баары Жапардын сөзү... (...дейт кадырман карыябыз Жапар-аке Кенчиев. Кокус андай болбой калса күнөөнүн баары ошо кишиде жана ушул китепчени чыгарган мени менен кошо, аны сатып алып окуган сиз да күнөөкөр болдуңуз бираз, урматтуу окурман мырза!.. - Ж.). Аларды баракка түшүргөн ардактуу санжырачы байкебиз Жапар Кенчиев. Ончакты ырын акындын жесири Жыпариса Кудайбергеновадан алгам. Ал эми мен болсо ошолорду бир жыйнакка топтоп, силерге тартууладым, калыстыгыңарды айткыла. Соңку кездери анткор "ыймандуулар" көбөйүп кетти: "Тигини жап, муну жап, этегиңди жап, мээңди жап..." Айтор, "жап эле жап!" Тарыхты кантип жабасың?! Элдин оозун кантип тыясың?! "Саймалы-Таштагы" кылымдарга чегилген "төшөк" сүрөттөрдү кантип жоготосуң?! Баса, ошол сүрөттөр жалаң аалымдар үчүн эмес, жамы журтка да жетсе гана, атаганат... Бу китепче телевизор эмес, же гезит эмес: бу сенин жан досуң, окурманым. Ал эми досуң менен эмнелерди гана сүйлөшпөйсүң?! Ар кимдин өз курагына жараша досу бар, ичтегисин ошого толугу менен төгүп салат. Баланын баладай досу, жигиттин жигиттей досу, орто жаштын орто жаштай, кемпир-чалдын кемпир-чалдай курбусу бар. Келиндин келиндей абысыны бар. Бул жыйнак болсо ар бириңдин өзүңө тең курбуңбу дейм. Андай болсо: "Балам окуп койду, келиним көрүп койду" - деген сыңары курулай жалаакорлордон Теңирим сактасын, калтаңа катып оку! "Дептердин" экинчи басылышына (1997-жыл) Ж.Жанызактын коштоо сөзү: ЖАҢЫ СӨЗ Бу "...дептер' мурдагы чыгарылышынан өзгөртүлбөстөн берилди, болгондо ошогездери кыргыз басмасөзүндө жарыяланган сын пикирлерди коштоп, Жанызактын ошондогу каяшаларын жана далилдөөчү материалдарды жарыяладык, себеби мына беш жыл өткөндөн кийин аталган китепченин чыгышынан жаралган талаш-тартыштардын натыйжасы кандай болгонун окурмандар билсин дедик. Бул жыйнагыбызды жаңылап чыгараар алдында колжазмалардын басымдуу бөлүгүн берген Жапар-аке Кенчиевдин өзүнө барып жолуктук жана төмөнкүдөй суроо-жооп алдык: - Жапар-аке, сиз берген ырлар чын эле Жапандикиби же өзүңүз жазгандарбы? - Жапандики. - Мен аларды кайрадан бир жолу талашка коюп, анан чын-төгүнүнө жеткенден кийин атайын китепче кылып чыгарайын деп жатам. - Аның туура. Мына, ошондой саптарды билгендерден бирибиздин артыбыздан бирибиз дүйнө салып жатабыз: Түмөнбай Байзаков кетип калды, артынан абдан сөзмөр киши эле - Абдырасул Токтомушев кетти. Өткөн жылы Качкынбай Осмоналиевден айрылып калдык. Мынакей, апрелде ээрчишип жүргөн досум Эркетанов Оморду чын дүйнөгө узаттым... Ушулардын баарында жанагы "ыймандуу" делинген саптарынан башка да эл арасында өздөрү ара-чолодо айта жүргөн окуя-шакабалары бар эле, аларды отургандар уксун деп айтып жүрүшчү - эми ал сөздөрү өздөрү менен кошо көргө кетти. Ошо кишилердин бир элеси калкына кайрылбай жоголду... - Чыгара берейинби? - Чыгара бер. - Дагы чырлашсачы? - Чырлашса мен сага дагы жаңы саптарынан берем, эгер китепче чыгарсаң... | |
|