| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Э.ТУРСУНОВдун вариантындагы БУРУЛЧА "Кыргызстан аялдарына" жазган макаласында Бурулча майда жандыктуу жай киши Ырыскул дегендин кызы дейт. Ал эми "Кыргыз маданиятында" "...азыркы Ой-Булак айылына жамаатта жер которуп көчүп жүргөн жандыктуу жай чарба Осмонбек дегендин кызы..." дейт. Айтор, Бурулча өткөн XIX кылымдын 70-жылдары туулуптур. Бирок наристе кезинен кызды атасы менен бир тууган, жайчы Алымбек багып алыптыр. "Жайчы" деп кыргыздар жылдыздарга карап, жыл санагын санап, жылдын оош-кыйышын алдын ала айткан "көздүү" кишини аташкан экен... Доорунун билерман кишилеринин бири, жайчы Алымбек Бурулча кызды уулундай урмат кылып, кызындай кымбат сүйүп, ашка-тойго, эл чогулган топко өзү менен кошо ала барчу дейт. Ошондо ушугезде кыргыз санжырасында айтылып, жазмасында аздыр-көптүр жазылып жүргөн жез таңдай ырчылар, жомокчу, жамакчы, чоорчу-комузчулар, уста, зергер, уздарды да жакшы билип, ара-чолодо алардын өнөрлөрүнө да көзү түшүп калган тура Бурулча кыздын. Уруу аксакалдары, кунттуу карылар: Садыр аке, Кадыр аке, Султан төрөлөрдү билип калган тура Бурулча кыз. Билмек турсун, алардан "барктуу-нарктуу" сөздөрдү, салабаттуу-салмактуу мүнөздү илип калган тура Бурулча кыз. Энеси кулак көнчөгүн көзөп, ийне көзүндөй көк мончок өткөрүп койгону болбосо, башына көрпө тебетейди, бутуна булгаары өтүк, күрмө шым кийип, өзөндөн ат сугарып, жылкысын кайрып, чүкө атышып, эркек балдар менен аралаш өскөн тура Бурулчабыз. Баса, айта кетээрим: ашкере куюлушкан сөздөрдүн баары Э. Турсуновдун калемине таандык. Бираз өзгөртүүлөрү меники. Көмөкөйүнөн күү сызылтып ооз комуз каккан, тилинен бал тамызып, сөзүн таптап айткан, ортонуна оймок кыстарып тушкийизге куштырмактай сайма сайган, улууну урматтап, кичүүнү зыйнаттап күткөн, буттун учу менен илбериңки басып, элпек мамиле кылган, колунан көөрү төгүлгөн өнөрчү, уз, жомокчу, ырчы, ооз комузчу энесинен таалим алып, зирек өскөн Бурулча кыз кийин он экиге чыкканда гана: "Болду эми, он экиге чыккыча ойунуң канды, сени кыз дейт, какшаал. Капшытка отуруп, көшөгө көктөп, сайма сай"- деген энесинин тилине кирет да, жип ийриген, чий чырмап, шырдак ойгон, жууркан каптап, төшөк жыйган өнөрлөрүн үйрөнөт. Бар өнөрүн көп кыйналбай өздөштүрүп кеткен кызы он алтыга чыкканда, энеси Бурулчаны кыз оюндарына эркин катыштырып, эл көзүнө урунсун деп деп жеңелерин баштатып журт аралатты. Ошондон баштап топ жыйында бөлөктөрдөн калышпай, ыр десе ырын созолонтуп, оюн десе анысынан калбай, Бурулча кызга көзү түшкөндөрдүн катары арбый берди, жуучу жиберип, сөз айттыргандар көбөйө берди. Акыры Бурулча Телгара дегенге буйруп, бирок ага бүлө болуп келгени Бурулчанын көңүл оту жаналбай, алган жары "карын тойгузбай", ал асмандагы бүркүт - ай чапчыган жигит көксөй баштады. Телгарасы топко кеткенде келин-кыздарга алтыбакан селкинчек салдырып, каалаганындай черин жазып, бугун чыгарып алчу дейт. Бурулчанын буулукмасы Ала-Тоодогу кыргыз эмес, жайык талаа казак арасына да жетет. "Бурулчанын күйгөнүн", "Бурулчанын обонун", "Бурулчанын селкинчегин" уккандар анын өзүн бир көрсөк дешип, Телгаранын айылына ат жетелетип, тайын айдап келишкен. Атүгүл Сары-Аркадан бир казак төөсүн жетелей келип, Бурулчаны көргөндө көкүрөгүнөн көк түтүн буралтып домбурасы менен дейт: Кыз едиң сен акеңдин, бал Бурулша, Кыналган белге шашың тал Бурулша, Бой едиң, шырак едиң аулдагы, Болдың-ау, каратаска жар Бурулша. - Ах, ширкин, даамы ширин бал Бурулша Арга жок, алганыңа бар, Бурулша. Баурым-ау, тас кушактап жалгыз жылап, Боларсың биздин сөзге зар Бурулша. - "Арга жок, алганыңа бар, Бурулша" дегенине караганда, Бурулчаны кайран казак акын да кучагына кысып көргөн окшобойбу... Таң атаардын сыдырым, шылдыраган мөл булак, жайылып аккан кең өзөн, ай-жылдыздуу асманың, буулугуп чыккан кусалык, эңсөө, көксөө жана өксүү - Бурулча каккан күүлөрдөн не бир делебе козгогон үндргө балкыган бозойлордун көз алдынан жан жыргаткан жайлоонун элестери да, тулаң чөбү буралган белестери да чубуруйт... Ошол күү алда кайдан табылабы дегенсип түгөй издейт, кусалыгын тең бөлүшөөр кумардуу досун табайын деп безеленет. Күү алыска-алыска, кумар отунун алоо кучагына чакырат Бурулча сындуу жеңенин боздоткон мындай күүсүнөн ээликкен небир кербез жигиттер күйгөндөн айтып далай ырлар чыгарган тура Бурулчанын илебине зар болуп: Ууздай жайлоо түнкүсү, Угулат селки күлкүсү. Барчынды көрсө жалтанат Бадалдын кызыл түлкүсү... Бурулча кагат "Боз салкын", Бурулат ага ой-дартым, Капаста жүргөн жүрөккө Кайрылсаң боло, ой алтын! Таңды-кеч кагат "Боз салкын", Тартылат ага ой-дартым, Күйүттө жүргөн жүрөккө Күйгүзбөй туруп чок салдың! Бурулча каккан кандай күү, Булутсуз аткан таңдай күү. Талабын жаштын кандыраар Таңдайга таткан балдай күү! Жасоолдорго жаккан күү, Хан кумарга баткан күү. Боэойлорго болгон күү Болуш-бийлер тойгон күү! Жылкычылар сүйгөн күү, Жылас өмүр күйгөн күү. Көксөп угуп койчулар Көңүлүнө түйгөн күү... Көргөн-билген жигиттеринен көңүлү тойбой, ал ансайын буулуккан Бурулча жеңебиз кыз оюндан кыз оюнга күүлөгөнү күчөп жүргөн күндөрдүн биринде тескей манабы Батыркан дегендин көңүлү түшүп калат жеңебизге. Батырканды кыя карап күү каккан Бурулча тигинин жүрөгүндөгү жалынды ого бетер алоолонтот. Ашыглык кумарына канбай аргасыз күйөөгө чыккан жаш келин (бул аныктаманы көңүлүңүзгө түйүп коюңуз, окурман!) табышмактуу карап, көзүнөн да, сөзүнөн да берилгендиктин белгисин берип тиги мырза жигит Батырканды башкаларга теңебей көңүлүнө түйүп калат. Анан жан киши жандырбаган ашыглык түйүнүн жандырып, жигиттин кумарын кандырып, мурда татып көрбөгөн жаштык ырахатына, жан лаззатына батып, ал анан оюн-зоокту бирге өткөрүп жаш Бурулчанын ырдаган жери: Кыргыек салсаң сен салсаң, Кызылдай боосун мен чалсам. Кыйышпас курбум келди деп Кыраңга чыгып мен барсам! Ителги салсаң сен салсаң, Илмектеп боосун мен чалсам. Айтылуу мырза келди деп Алдыңан тосуп ат алсам... Айтаарга сөз жок, окурман! "Баягынын катаал заман" деп канкакшап келгенибиз ошогездердеги Бурулчанын ушул арманына не дээр экенсиң?! Ашыглыктын азгырыгына атайылап алдырган азоо келин күйөөсүнүн көзү тирүүсүнө карабай берки өйүзгө өтө чыкканын кантесиң?! Канакей жанагы Эрнис аке жазган: "Кылымдар бою калыптанып калган көчмөн элдин салт-санаасы, адеп-актыгы, ыйманы... Бурулчага кыттай уюганы" ушулбу, я катыгүн?! Биерде биз кыргыз тукумундагы эки буттуу байталдын ай-талаада түгөй издеп, албуут боздогонун көрүп турбайлыбы, же калп айтамбы?! Али кое туруңуз: ыйман маселеси биякта жатыры кабат-кабат катмар болуп! Бактысын издей келгенде муну мындай таштап, айгыр мүнөз ургаачы ойношунун төрүнө жеткенин кантели?! Ошондо тобокел деп бел байлап, катын башы менен түгөйүн издеп, акыры "кайын атасы" ажыдан каккы жеген Бурулчанын деми сууп, айласыз мизи сынып турганда айткандагысы бул: - Батыркан?.. Сени мырза экен десем суусар тебетейиңен бөлөк идирегиң жок тура. Кылычың кыкка өтпөгөн кокуйгүн турбайсыңбы. Атаңдын кейпин көрдүм. Айтаарым, бул өңдүү "жакшы атанын" эрксиз кулу болгуча "жаман атанын" эрктүү уулу болгонуң артык... Аңги болгон айкырат, ажы. Барктуу, нарктуу жердин тукуму деп балаңызга ниетимди берип келсем, "сойкулугума" жетип, камчы үйүрүдүңүз. Менин "сойкулугуму" көрбөгөн чыгаарсыз. Көрбөгөн соң "абийириңиз" менен калыңыз, ажы! Менин абийирим сиздин эки бетиңизден чырайлуу болбосун?! Кош анда -"атасынын баласы"!.." Ошондо тоңдук Дөнөнбай сынчы бир эсе Бурулчанын сымбатын көрүп, бир эсе анын эркектен жалтанбай айткан айбаты менен кайратына тан берип: "Вазир жакшы - хан жакшы, катын жакшы - эр жакшы" - ате, бүлө кылчу зайып экен. Көзү тик, сөзү так, дымагы өрдө тура. Көзү тиктин уругу тик, тукуму тиригарак. Кеп экен мында. "Менин атым Бурулча, мейли салтың бузулса" дегенчелик эле бар экен",- дептир... Агезди кой, мынакей азыр "эгеменбиз!" деген ушул заманда аял башы менен ажы болумуштарга тил тийгизчүлөрдүн бирди-жарымы чыгабы десең... Бурулчага мынчалык айбат берген ашыглыктын күчү атүгүл Пушкиндин айтылуу Татьянасында да болбосо керек эй.. Бурулчанын кара кылды как жарган сөзү канчалык жүрөгүн өйүсө да Батыркан баары бир аны башка ургаачыларга теңебей, шар жүргөнүн жогору баалаган. Көңүлү сүйбөгөн болушка башы байланып, салттан аттай албай капсалаңга камалган (мындан ашык кандай атташ керек эле салтты?) бирок ошондой шартта да аял намысын бийик кармаган, өз баркын өзү да бийик баалаган Бурулчанын ууз сүйүүсү сүттөй адал, айдай ак эле. Ургаачыдан сейрек учуроочу ушундай асылды колдон чыгарып койгонуна өксүп, от болуп күйүп, ичи бышып түтөгөн Батыркан: Алтын да таш, таш да таш, Алтындай болбойт башка таш, Алтындай болсо башка таш - Алмашпайт белем башма-баш?! деп жер сабап калган дейт. Бурулчанын көкүрөгүнө көк заңкер уялаптыр деле, көз карашында ызага толгон кетпес кекээрдин заары жаныптыр: - 0, армандуу дүйнө! Асылдын баркын асыл билет. Баркына жетпесе асылды неге сүйөт? Жаштыгыман бир жаңылдым, катуу жаңылдым. Сизге деген жанымды купулга толгон кулга арнасам төбөсү менен кудук казып да болсо баркыма жетмек. Эттин тагы кетет, көңүл тагы кетпейт. Сыртыңыз сыпаа болгону менен ичиңизди көрдүм: таш жарып чыккан тоо гүлүн тепселеп койдуңуз. Атанын дөөлөтүнө эсирип, далдаасында жан баккан байкуш - эл башкарат имиш, журт башкарат имиш. Мени саткан сиз энеңизди да, элиңизди да сатасыз, - деп Батырканын катуу каргаган экен дейт... Батыркан ыйык сүйүүгө татыбай, көрпенденин кейпинен көтөрүлбөдү да, кунарсыз катындын койнунда куйругун кыпчыган бойдон кала берди.. Баа деген, барк деген өзүндө болбогон соң, андайлар башканы баалайбы. Былбыраган Батыркандын кордугу да бир эсе, анын атасынын айтканы бир эсе - өзүнө теңди көксөгөн Бурулчанын тилеги кабыл болбой, ызасы буулуктуруп, күйөөсү Телгара "молодес" экен - ошоерден аялын байталга ала салдырып үйүнө жөнөптүр дейт. Бурулча катын зар какшап, аябай боздоптур дейт ко: Келгенде тору жорго минип келдим эле, Кеткенде кер байтал минип кеттим ээ, кокуй! Ушуерден бираз токтоло кетели, окурман. Кантсе да өз бактысынан үмүт үзбөй, салт-санаа, ыйман-ысман дегениңе кайыл болуп азаптанган азаматтардын алдында кулдук урасың дечи. Бирок ошол адамды "Таптаза, ыймандуу, салт-санааны күткөн" деп куру бекер даңазалай бериш кандай болоор экен? Анан калса астейдил сүйгөнү чын болсо, анысы чындап эле батынып эрдик кылалбаган күндө да Бурулчадай карганып-шиленмек беле? Менимче, Бурулчаны Батырканга кууп барган "кеселдин" аты - кыпкызыл эле дене кумары (плотская страсть) болсо керек. Эгерде Бурулчада "ички сулуулук менен жандүйнөсүнүн улуулугу" бар эле десек, Батыркандын чабалдыгын кечирээр эле го дейм. Айтор, ары калчап, бери калчап көрсөк, Бурулчанын көзүн тунарткан Батыркандын ойдүйнөсү эмес, мырзанын кара күчүбү (же "төшөк дүбүртү" дейлиби?) деген ойдо калдык. Мындай болгондо көксөгөн тилегине кокус жетпей калса, ургаачыдан жаалдуу жандими табылбасын дүйнөлүк адабияттан билебиз го. Бирок көңүл кушун издөө аракети да колдоого жана суктанууга арзыйт: күчтүү инсандардын Чынгыз мисал сүйүүсү да, кумары да даңаза! Эгерде Бурулчага тийиштүү окуялар ыйык сезимге байланыштуу десе мынчалык "жеңил" саптар жаралаар беле, ким билет. Айтор, Бурулчабызды канчалык аракеттенип, салмактуу деңгээлге жеткирели десек да колдон келбейт шекилди. Демек, элибизге, бизге-сизге сөзсүз эле бийик кыяздагы чыгармалар эмес, кадимки турмуштан алынган, жашоо кумарын даңазалаган "селкинчек" мисал жеңил жанрлар да керек окшойт. Баса, жеңил деген жанрдын деле өзүнчө оордугу бар. Андыктан ушу Бурулчабызды кол жеткис бийиктикке чыгарып, аруу аялзатынын катарына кошомун деп далбастагандан көрө, болгонун болгондой жазып, сезимталдык жагынан айтылуу Екатерина деңгээлиндеги кыргыз ургаачылардан экендигин моюнга алуу керек. Анын ырлары элдин арасына кеңири тарап, "Бурулчанын селкинчек", "Бурулчанын боз салкын", "Бурулчанын күйгөнү" делинип, аларга атайын обон-күүлөр чыгарылып, ооздон-оозго өткөн дейт Э.Турсунов. Ал ырлардын мааниси жоголбой, мукамы, аземи күнү бүгүн күчүндө. Бурулчанын кийинки ырлары Эрнис акенин вариантында: 1. "Менин атым Бурулча"; 2. "Бурулчанын селкинчек"; 3. "Бурулча менен Батыркан" болуп үчкө бөлүнөт экен. Бурулчага өлөөрчө ашык болуп, жетпей калган желөпкө жигиттер ызасына чыдабай ич күйдүлүк менен уятсыз, апыртмалуу ырларды чыгарышкан (Жапар-аке Кенчиев мисалы - Ж.). Аларды азыр да ала-көөдөктөр жалгап-улап ырдап жүрүшөт. (Булардын баары акын Э.Турсуновдун варианты. К.Жапардын жазып берген материалына салыштырып окугулачы: бираз сыпайыраак болгону менен, мааниси бипбирдей эле. К.Жапардын вариантында да Бурулча ырлары 3 бөлөк). | |
|