Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,
 and see my picture...


Салмоорбек Жуманов
Алыстан арзуу тилек!!!

1998-ж орто мектепти бутуп шаарга окууга келдим. Эл коргон студенттик кундордун таттусун, ачуусун да коруп кун отуп жатты. 3 курста бир жакшы кыз менен (болочок жубайым) таанышып калдым. Ал экообуз копко дос мамиледе журдук, акыры мен ага соз айттым. Ал каршы болгон жок. Ошентип экообуз дос кыз эмес, кыз-жигит катары журуп 1,5 жыл жургондон кийин баш коштук. 5 курсту уй-булом менен шаарда туруп аяктадым, албетте уй-було менен акыркы курсту бутуу онойго турган жок. Бирок баарына умтулуу жана каниет кылуу менен аны женип чыктык. Анткенимдин себеби мамлекеттик экзамендердин алдында кыздуу болгон болчук. Б.а. май айынын башында. Буга омурлук жарым Жылдыздын да кенештери, жардамы, озунун мээримдуу мунозу, талыбас аракетчилдиги, омурлук жарына болгон суйуусу менен, бул тоскоолдуктардын оордугу билинген жок деп айта алам, жана салымы да чон деп белгилеп отоор элем.

Ошентип окууну бутуп, кызыбыз там-тун басып калганда шаардагы бир ишканага менеджер болуп ишке кирдим. Турмушубуз оз нугунда уланууда. Айтайын дегеним ар бир адам озунун турмушун озу гул кылып кооздосо болот. Себеби ыраазы болуу бул эн чон байлык деген, чыныгы соз тура. Албетте адам озунун кайсы жолдо баратканын, кандай турмуш кечирип жатканын чойросундогу жоро-жолдошторуна, тууган уругуна жана башкаларга салыштыруу иретинде билет доп ойлойм. Кээде адамдар озунун жакшы жашоосун бироонун козу менен коро албай калат да, ар кандай адашууларга жол берет. Менин тааныш ага туугандарымдын, дос-жарымдын кобу озунун омурундо коп адашууларга жол бергенин айтып калышат. Эмне учун ??? Себеби мени да ошол жаман адашууга жол бербесин дешсе керек. Озум да кээде ойлонуп олтуруп озумчо корутунду чыгарып калам: Эмне учун менин жакындарым тушкон турмуштун жаман чункуруна мен да тушушум керек??? А мен ал жерден адашкандарды уктум, кордум, ал жерден аттап отсом болбойбу!!! Же мен да созсуз адашып ошол чункурга тушуп чыгышым керекпи??? Менин оюм боюнча аз убакыттын ичинде коп байлыкка же мансапка жетууго умтулган адамдар, озунун жашап жаткан ошол турмушунан да жаман абалга кабылат. Себеби кенен ой жугуртуп карасак кылмыш дуйносу да 80% ушундай ойлорго азгырылып анан ошол жолго баргандыгы белгилуу.

Бир адабий китептен окуган жерим бар: Ким озун-озу кармана билсе, ал бир шаарды басып алган менен барабар деп. Бул фраза менин жашоомдогу девизим болуп калды. Кээде досторумдун коз карашы менен бул девиз туура эместей сезилсе, озумдун жан-дуйномо эн туура кадам катары эсептелинет. Анткени азыркы турмушта коп адамдар Аш койгонго аш коюп, таш койгонго таш коюп калган заман тура. Менин оюмча кээде таш койгонуна дагы аш коюп койсок, биз ошондой кылуубуз менен аны андан бетер уятка калтыраарыбызды билели. Анткени таш койгонго таш койсок, кийинки биздин муундарыбыз, таш койгонго граната коюшу мумкун.

Жана менде эч кандай адашуулар болгон жок деп айта албайм, себеби адашуу ар бир адамдын тагдырында болот, бирок ошол адашуудан чыгып кетуу жолу да ал адамдын озунон болот. Ар бир проблеманын чечуу жолу да болот, а ал жолду табуу учун албетте сабырдуулук менен ой жугуртуу талап кылынат.

Мен бул макаланы жазуума эмне себеп болду деген окурмандын суроосу туулар. Жанызак байкенин сайтына дайыма кирип окуп журом, андагы макалалар, чыгармалар, жанылыктар мага абдан жагат, жана окурмандардан келген каттардын кобу эле мун-зар, жогоруда мен айтып откон турмушундагы адашуулар, ошол себептен мен мактануу иретинде эмес, келечектеги коптон умуттонгон биздин жаштарыбыздын, алдыдагы жашоосуна кичине болсо да туура жол катары, айтып отоор элем.

Салмоорбек.
Жалалабат шаары.




Жалпы эле жазармандарга Жанызак-өтүнүч:
кыргыздын айтылуу үч тамгасы кокус компьютериңизде жок болсо, анда ошол тамгаларды баскычтагы (клавиатурадагы) башка тамгалар менен, айталы, ө=ё, ң=ъ, ү тамгалары менен алмаштырып жазыңыздар, мен биерден аларды кайра биздин сүйүктүү тамгаларыбыз менен алмаштырып койом.
Антпегенде жогорудагы макала кыргыз тилине шек келтирип жаткансыйт, билген кишиге..





Бу чыгарма тууралуу пикириңизди
Меймансапка жазыңыз, урматтуу окурман..







Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат
Почта дареги:janyzak@mail.ru
Телефону: (0777) 329784