Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

түзгөн:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2003-ж.
click,  and see my picture...


Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ:
"Кызгылт багымдат"
жыйнагынан


Жарык турса

Бар өзүмдүн ушундай жан далбасам,
Жаралгандан бери мага жол кумар-
Ылдам жетип ар убакта, ар качан,
Тууган жердин тагдырында болгум бар.

Ал максатты алгам көздөп түнөрүп,
Ага жетпей жаным тынбас тирүүмдө.
Жан умтулат биротоло, түбөлүк,
Тууган элдин ишенчине кирүүгө.

Талпынганым мен силердин көбүңдөй.
Мекен мага кырын салса көзүнүн:
Кала бербей күүгүм тартып көрүнбөй,
Жарык болуп турсун жүзүм өзүмдүн.


Курсанттык

Суулардын күнгө жарк-журк чагылганы,
Же куштар ак канаттуу, көк канаттуу.
Асмандын тунук турган чагындагы-
Ойлорго мени апкелип салат таттуу.

Күндөрдү келип жаткан удаалашып,
Жадырап тоскон аба ырайы да,
Жаныма бир бөтөнчө кумар ачып,
Койгонсуйт бөлөп жумшак ырайымга.

Мен анда баштагым бар аңгемемди,
Бейтааныш, бара жаткан бирөө менен.
А түгүл, айтсам тилим алар өңдүү,
Ак кар да короодогу күрөлбөгөн.

Күн кечте же болбосо күн эртеде,
Не жетсин, турганыңа курсант болуп.
Турмушка алкыш айтып миң мертебе,
Кошулуп табиятка, бир сап болуп!..
Мезгил

Мезгил эмне?
Мезгил деген - шашылуу,
Аркаңдагы
Ач айкырык, куу сүрөөн.
Мезгил деген -
Кечээгиңден жашы улуу
Көрүңгөнүң,
Карап алсаң күзгүдөн.

Ал жаралган:
Айдаганга, кууганга,
Ал жаралган
Туруш үчүн тамчылап,
Сааттардын
Какканы да дубалда,
Жаткан окшойт
Сени жонго камчылап.


Азаптуу кесип

Бардык суулар: булуттагы, жердеги,
Келген окшоп жалаң мага тартылып.
Көл-шал болуп басса чылгый тер мени,
Бактым турат үстү-үстүнө артылып.

Кокус атпей, башка болгон учурда:
Мен - мусаапыр темселеген, жоготуп,
Апкелаткан үзүм нанын уучунда,
Адам дебес жанга бирөө жолотуп.

Сүйөм, бирок бул азаптуу кесипти,
Сөздүн үнүн, табиятын талдаган.
Ал капыстан мага бир кез кезикти,
Тийген күндөй чыга калып далдаадан.


Каалоо

Өз көзүңдөй өткөн өмүрдүн,
Артта калды жолдун ар кылы.
Жер шарынын түркүн өңүрүн,
Арылттым мен алар аркылуу.

Мол кезинде жандын үзүрү,
Жаркынынан көгүш суулардын.
Чайып далай өңү-түсүмдү,
Далайынан атым сугардым.

Кайрылбасын билем кайра алар,
Жомок окшоп бүткөн бир узун:
Ошол суулар, ошол дайралар,
Балдарыма эми буйрусун.


Тагдыр мени

Бет алдын көрө албаган азиз өңдүү,
Келемин, тагдыр мени коштоп жүрөт.
Көп бастым турмуштагы ойду, дөңдү,
Чалынып өлүмгө да эчен ирет.

Антсе да, аман бармын бул бир олжо,
А демек, себеп жоктур кейишиме?
Бир тилек - бийлигимди алсам колго,
Тагдырдан: Барса барып келишимге.

Аз болор же көп болор калган мөөнөт,
Арга жок ылгашка да азыр эми.
Тек гана жалгыз ирет сезгим келет,
Мен эмес, ээрчигенин тагдыр мени.


Мага жагат

Ушул дүйнө мага жагат бүт бойдон,
Алгачкы ирет аны көрүп тургандай.
Чыгып келип байыркы түнт токойдон,
Ал жатканда, маңдай терден курганбай.

Ушул дүйнө мага жагат бүт бойдон,
Жаман, жакшы адамына карабай.
Кээде шашып түпсүз орго бут койгон,
Опурталдуу кадамына карабай.


Эрте жаз

Бере түш ушул ууз күн чубактан,
Ак куудай жаным ага көлбүп көндү.
А түгүл, дарактар да бүрчүк ачкан,
Тиктешет алдыда жаш үмүт өңдүү.

Тоолор да эски муңун унуткарып,
Акырын күн чыгышка жылып барат.
А суулар жаңы жаздан угут алып,
Тойдогу сулуулардай кылыктанат.

Жарык да, жылуулук да канат жайган,
Көшүлтөт таасир берип жанга мынча.
Мендеги жаратылыш курган сайран,
Дүңгүрөйт, эс-акылдан танганымча.


Үнсүз жаңырык

Акырын археологдор алды казып,
Байыркы бир адамдын сөөгүн жерден.
Денеге жоо жарагын баарын асып,
Көмүлгөн: Бул эместир төгүн жерден.

Айтаарда унутулган бир сөз окшоп,
Жанында кошо жатты жаанын огу.
Кылычы "кыңгыр" этти, койсо козгоп,
Мүмкүн, бул кылымдарга берген жообу?!

Ээсине кошуп көмгөн атын дагы,
Туякта жатты канча чакырымдар!
Үмүттүн жалгыз-жарым татымдары,
Айланат ишеничке акырындан.

Баардыгын жер алдынан чыгып сууруп,
Жалганда чиеленген түйүндөрү.
Дүпүрөп кең талаага кетти чууруп,
Жылдардын агытылган үйүрлөрү:


Билгим келет

Билгим келбейт карап сырткы түрүңдөн,
Ал бир жабуу, эрте-кечтир ачылат.
Билсем, ичте толкун барбы түрүлгөн,
Жаткан сенин кашаттарың камчылап?

Эч нерсе айтпайт сенде сырткы көрүнүш,
Билсем деймин оту болсо жаныңын -
Жаратылыш берген улуу көнүмүш,
Окшоп сыртка таштап турган жарыгын?..


Болгум бар

Мен дагы жер бетинде көптүн бири,
Дүйнөдө тагдыр буйруп калган жашап.
Өзүмдү эчен көмдүм туруп тирүү,
Канча ирет белгисизге кадам жасап.

Өмүрдүн биз бараткан жол сапары,
Айтпагын бал кошкондой таттуулугун.
Өкүнчүм кээде күчтүү болсо дагы,
Бар аны кагып коөр катуулугум.

Билинбей күн артынан күндөр кулап,
Өзүмдөн өткөрүүдө жыл эсебин:
Болсом дейм барган сайын акылдуурак,
Кагуу жеп калбас үчүн келечегим.


Мөөнөт

Мен өзүмө берген элем убада,
Көз ирмемден сыр ачууга кылымга.
Тарттым далай ырахаттуу убара,
Издеп аны күүдөн комуз кылында.

Токтотмокчу болдум анан мезгилди,
Баратканда канатында куш алып.
Ал аңгыча бардык мазмун эскирди,
Кеткен үчүн мөөнөт улам узарып.


Мен гана эмес

Күлүк аттай дайым турчу табында,
Учкул ойлор казыгынан бошонуп.
Болгон үчүн бардан жокко табылга,
Келем ыйлап кайгысында ошонун.

Келем таппай, алыс-жакын арадан,
Ал гана эмес эки шумкар көздөрүм,
Бир караса, жерди теше караган
Учурум жок, эскирдим да, өзгөрдүм.

Алат антип азырынча жарымын,
Анан баарын: Закон ушул өнүгөр.
Андай болсо мен гана эмес, баарыңын,
Бар үңүлдөп ыйлай турган жөнүңөр.


Жерди сагынуу

Өткөнүм да, азыркым да, эртеңим,
Баары менен ант берүүгө беленмин.
Сагындырбайт өнүп-өскөн жер тегин,
Жер болбосо, бул дүйнөдө элең ким?!

Ошол сагынч кыпындардан куралган,
Тонналаган оордукта келээрин.
Сен түшүнсөң, ошол анда Кудайдан,
Учурунда кайтпай калган белегиң.


Чубактын аты

Алдыда шеги бардай алда ненин,
Талаалар баш көтөрсө жоболоңдуу.
Омкоруп түшүп келген аска белин,
Суу мөңкүп, өз нугуна жатпайт оңдуу.

Бир жактан жел удургуп, жүрүш жасап,
Катылган каары бардай көрөңгөлүү:
Алдында күзөтчүнүн күлүк басат,
Аралап көз жаш тамган өрөөндөрдү.

Ордунан чочуп тура калып Чубак,
Ойготту уйкудагы кырк чорону.
Чубактын эң акыркы колу чубап,
Аралап барат күзгү боз короону.

Баратты шүдүрүмдүү тулаң менен,
Бөгөөгө жакын келген жоонун жолун:
Э, Чубак, эрдиктерге тууган элең,
Сапардан кайтпай калдың, эмне болдуң?

Кагылбайт неге сенин добулбасың?
Турчу эле уккан жоодо жүрөк үшүп.
Апкелди атың сүйрөп токулгасын,
А, өзүң кала бердиң кайда түшүп?

Атыңдын сени жоктоп азынашы -
Ый эле: Калган окшоп аны жазып,
Азыр да Кең-Кол тоонун кара ташы,
Озондойт бара калсаң, жакын басып:


Бир кулак суу

Атаар таңдын алсыз, уяң нурлары,
Аяр жылып кирди жашыл даракка.
Билбей калды караңгыны мурдагы,
Алып кетти, айдап кайсыл тарапка?

Алма менен түндө чыккан бир түнөп,
Шүүдүрүмдөр жылт-жылт этип кулады.
Жалбырактар ага бетин сүртүнөт,
Желди тыңшап делбеңдеген кулагы.

Токтоп азга, албай тургун демиңди,
Дарактардын как жарып тең ортосун.
Бир кулак суу алга карай теминди,
Баштоо үчүн бүтпөй калган эпосун.


Бийикте

А сен анда ойлоно бер долбоорун,
Эстеликтин: Алыс дебей, алысты.
Кыштак үчүн туура тапкан тоо боорун,
Адамдар да тоодой бийик, намыстуу.

Көгүшүнөн бөлүшкөн соң кең асман,
Жер экөөнөн калган эмес айырма.
Мезгил мында - бир таман жол сен баскан,
Алып барып коөр тагдыр айылына.

Мен макулмун ушул жерде укташка,
Кеткенимде түбөлүккө турмуштун
Жерде салган дүбүрттөрүн укпаска:
А сен анда эстелигиң тургузгун.


Балалык

Тоо этеги өтө жашыл, өтө көк,
Бир жаш бала кууп келет көпөлөк.
Энтелешип бирге жыртып жүрүшөт,
Энчисине тийген Күндү экөөлөп.

Бул бир сүрөт турган көзгө жөн карап,
Ак мөңгүлүү, бийик тоолор - өйдө жак.
Андан түшкөн тирүү тамчы өңдөнүп,
Көпөлөк ак, бала кийген көйнөк ак.

Ошол гана сүрөт калып көздөгү,
Бала менен көпөлөктүн өздөрү
Кубалашып жүргөн бойдон калды да,
Жер өзгөрдү, мезгил кошо өзгөрдү.


Күчүк

Өзөндө, Үч-Эмчек деп койгон атап,
Жөлөнүп мен олтурам чөмөлөгө.
Жанымда көк күчүгүм ойноп жатат,
Жар ылдый кулап кетип, көмөлөнө.

Сездирет жалгыздыктан эрингенин,
Үңүлүп карайм анын көздөрүнө,
Билсем деп кандай тагдыр берилгенин,
Турмушта ит жолу да өзгөрүлмө.

Турмушта жеңил эмес ит милдети,
Көзүндө ойлуу сыймык багынбаган.
Кыйырсыз кең талаада, тээ илгерки,
Скифдер жаккан оттой, балбылдаган.

Башынан берген кыйын тагдырды алып,
Ар качан көз каранды, мейли бизге,
Чынында сот эмеспи алар анык,
Биздин иш, биздин нысап пейлибизге:

Сылайм да, эркелетем күчүгүмдү,
Баладай көңүлүмө берген көктөм:
Ар жакта кулаалынын ичи күйдү -
Шарт этип уча качты үймөк чөптөн.


Камтыгансыйм

Бүтөп алып жандын бардык эшигин,
Бир өзүнүн сырларында жашаган.
Жымжырттыктан бөлүп энчи-кешигин,
Кураштырып төрт сабак ыр жасаган.

Дайыма түнт күңгүрөнүп, түнөрүп,
Жарк деп качан табылганда ойдогу.
Табылбаса айла-амалы түгөнүп,
Эп көрүнүп жашабай жөн койгону.

Барбы мага уйкаштыктын кереги?
Мен дүйнөдө ансыз жашай аламбы?
Бирок колдо калам барда береги,
Камтыгансыйм жерге кошуп ааламды.


Жөө тумандар

Эсте калды кеч күздүн бул нотасы:
Жооткотуп кысыр калган аңызга.
Дарак ыйлайт - комуздун түп атасы,
Жеткирсем деп жаңырыгын алыска.

Ал турса да кулагыма жат бойдон,
Угуп, дагы баткым келет кызыкка.
Уурданып колоттордон ат койгон,
Жөө тумандар бул да өзүнчө музыка.

Баягыдай баспайт күндүн көрүгү:
Чабан эчак көчүп кеткен конуштан.
Атыш үчүн мерген аңдыйт бөрүнү -
Эски кастык, өмүр-өлүм тоорушкан.

Эң акыркы сөзүң өлөр кезиңде,
Калса калат жазылбай да, айтылбай.
Башка түгүл сага сырдаш сезимге,
Угузууга үлгүрбөйсүң ал тургай:

Өлүм өктөм, баарын өзү бүтүрөт:
Күздү жерге жаңы көмгөн табият
Ушул баштан калч-калч этип титиреп,
Келе жаткан кыш каарына табынат.


Автономия

Ырларымдан жыттанат ок-дарылар,
Ырларымда турат согуш тактары.
Үмүт менен тилектери дагы бар,
Курбулардын калган ошол жактагы.

Ата-бабам көрбөгөндү мен көрдүм,
Айтып турат аны мага ак чачым.
Боздоп ыйлап өз алдыма өңөрдүм,
Курман болгон досторумдун канчасын!

Убактылуу көргөн үлпөт, ырахат,
Убактылуу башка түшкөн кайгы да.
Аккан жашты мезгил өзү кургатат,
Кайгы-шатта калбагансып айрыма.

Алда нени биз каалабай, биз каалап,
Алдын ала боло албайбыз олуя.
Бирок өчпөй согуш баскан из калат,
Ал өзүнчө кандуу автономия.


Каркыралар өтүштү

Туман жерге жөө түштү,
Чалгын окшоп из чалган
Каркыралар өтүштү,
Балким, Афганстандан?

Күн асманда тиерге,
Таппай жүрөт жылчыкты.
Мен бармын деп, бул жерде,
Өзөндө суу унчукту.

Көрүнбөйт да, билинбейт,
Бир даракка бир дарак.
"Жарым келмек бүгүн" деп,
Мен жол издейм жер карап:


Эми билдим

Келем жерде жашай албай жакшылап,
Учурум көп максаттардан мүчүгөн,
Жер анымды кечирет да, жашырат,
Кеңдик кылып, бирок кейип ичинен.

Дале менден калтыра элек көөнүн ал,
Ишенимде: акыр бир күн түзөлөөр?..
Эми билдим, достор менин жөнүм бар,
Бул жер үчүн бир өлбөстөн, жүз өлөөр.


Дүйнө

Дүйнө тынбай өзгөрөт,
Бирде толкуп, бир токтоп.
Толот, кайра бөксөрөт,
Бирде тапса, бир жоктоп.

Кээде кылга илинет,
Коркунуч да коболоң.
Кайдан келет, ким билет,
Жерден, балким, ободон.

Барат учуп Жер шары,
Мейкиндиктин чаңында.
Мындан ары жашаары,
Күмөн окшоп анын да.


Чынында

Жетимсирейт кыштак мында бош калган,
Мал-жан, турмуш-тириликтин - баарынан.
Кеме сындуу чыгарылып ташталган,
Күркүрөгөн азоо деңиз шарынан.

Кыштак калган эч кимге жок кереги,
Өтүп барат турмуш андан тышкары.
Боз дубалдуу, жалпак үйдө береги,
Мен төрөлгөм аяз күнү кыштагы.

Демек, мага кымбат: Кандай кылайын,
Кетээр белем жүрөгүмө көчүрүп?!
А чынында, мезгилде жок ырайым,
Эскилерин жаңы менен өчүрүп.


Ой

Өзүң менен өзүң калып,
Ойго баткан учурда.
Сен да бир куш чабыт алып,
Бара жаткан учууда.

Сапарыңдын уланганын,
Чамаң келбей үзүүгө.
Кайгырганың, кубанганың,
Изин таштап жүзүңдө.

Каяктадыр калып асман,
Барган-жеткен жагыңын.
Бардыгында калып аздан,
Жаңырыгы жаныңдын:


Арабаны эскерүү

Болчу эле ат чегилген арабалар,
Болчу эле күлдүрттөгөн жолдор таштак.
Турчу эле көп иштерге жарап алар,
Азыр жок, биз аларды кеттик таштап.

Түш көрсөм, арабада барам кетип,
Үстүнө үймө-жыйма чөп басылган.
Баратам, алдым мамык бүлк-бүлк этип,
Салаңдап бир жагына бут асылган.

Буруксуп чөптүн жыты мурун өрдөп,
Кайдадыр көрүнбөгөн селкилерди.
Издеймин, айтыш үчүн: "Мени көр!" - деп,
Аңгыча билбей кантип секирерди

Ойгоном: Ат, араба, түшүм дагы -
Баары жок: Жок жигиттик курагым да.
Дуулаган ошолордун тушундагы,
Бир гана үнү калып кулагымда.


Нота

Абайлап ач дептериңди ноталуу,
Байкабасаң окшоп билик жандырган,
Мүмкүн, анда күүлөр "дүрт" деп от алуу,
Жүргөн селдей өнүп чыгып жамгырдан.

Канча добуш, күүлөр мында катылуу,
Башка боөк, башкача өң-түстөгү!
Байкабасаң, мүмкүн, "шуу" деп атылуу,
Фонтан окшоп, турган "тизгин" үзгөнү.

Көз алдымда өзөндүн тынч токою,
Жай чилдеде турган уктап үргүлөп.
Желдин дагы козгой турган ою жок,
Ал козгосо, миң бир түркүн үн кирет.

Самолөттон же карасаң жер үстүн,
Ой-кыры жок, түз өңдөнөт тоо-талаа.
Ошол сындуу толкундарын деңиздин,
Ичте катып жаткан болот нота да:

Абайлап ач, сен андыктан нотаны,
Бейкуттукта кулак-мурун кескендей.
Мүмкүн кокус, "дүрт" деп дароо от алуу,
Сен козгосоң, болом аны сезгендей.


Жазгы бакта

Жазым келдиң көк көпөлөк түрүндө,
Жашыл-көгүш өңгө айланып боөгуң.
Кана бери, кончу такай түбүмө,
Канатыңдан жумшак сылап коөюн?!

Мезгил менен тизгин каккан жарыштар,
Аба, сууда, чөптө, ташта башталып.
Ага жолтоо болчу чуулар, дабыштар,
Карап жатат коңулдардан баш багып.

А күн болсо нуру менен издөөдө,
Талаа-түздүн баарын шимип, түгөлдөп.
Кошуу үчүн көлөкөлүү түздөргө,
Тоону төмөн алып түшүп жүгөндөп.

Жаш бутакка улам жогор жактагы,
Чыгып барам көзүм менен тырмышып.
Жаш болгон соң, болот дечи шок дагы,
Термелишет, түшкүсү бар ыргышып.

Ар бир дарак ойлойт: "Мени бааласа!"
Бирөө кыйса, кой дегенге жарабай,
Кете берсек, таарынып жаш балача,
Калат онтоп бетибизге карабай.

Мында бир куш безеленет, анысы,
Жөндүү бекен же жок бекен жөнү түк?
Эске түшүп махабаты алыскы,
Же жатабы муну мендей жөөлүтүп:


Кан Бакай, Манас өлөөрдө

Капысынан калды басып денесин,
Туюк ойлор, коргошундай салмактуу.
Катуу эле, кармай албай эми өзүн,
Жаш ордуна кары көздөн кан акты.

Дене бою таштай катты селейип,
Кабак кетип кар жаадырган булутка:
Эт-бетинен түшүп алып жер кейип,
Көңүл айтып жаткансыды улутка.

Адамга жыш аяк-башы Таластын,
Жалаң жаштан тынбай жүрүп турду сел:
Айтты ошондо: "Көзү өтсө да Манастын,
Аман болсун, аны тапкан кыргыз эл!.."


Мазмунга толо

Күн маңызын ичип албырган,
Талааларды көрсөм күздөгү -
Тынбай багып сууга кандырган,
Дыйкандардын эсте жүздөрү.

Ыңкып талаа, өзөн-кыр толуп,
Деңиз окшойт эрке толкуган.
Кеткен өңдүү баары ыр болуп,
Моокум канып, а мен олтурам.

Жер мазмунга толо бул чакта,
Ой мисалдуу бышып жетилген.
Мезгилди алып бекем кучакка,
Сүйгөн окшоп жылуу бетинен.


Жаңы барактар

Чубалжыган ойлорумдун аягы,
Алып барат баягы жаш куракка.
Соко менен жер айдачу баягы,
Сары-Булакта конуп-түнөп бир апта.

Азыркыдай трактор да жок анда,
Бирок болчу умтулушта бир ынтаа -
Коштоп-сүрөп, көрүнбөгөн кол алга,
Алпарчу эле, албай ага барымта.

Жүрүп анда жаман кийип, ач калып,
Жалаң гана эртеңдердин артынан.
Жаңы канча барактарды ачпадык,
Байлык менен бакыт кенчи катылган!..


Мактанам

Алыс жактан конок келсе дайыма,
Башка жакта жер түгөнүп калгансып.
Алпарууга шашам тууган жайыма,
Жыргайм анда жаным тыным алгансып.

Ал жер алгач өз атымдан чакырган,
Чакырганда аскалары жаңырган.
Талаасына далай соко матыргам,
Саптар кулап жаткан өңдүү жаңы ырдан.

Энем өңдүү түндө кирпик какпаган,
Бешик ырын ырдап мага суулары.
Өзгөлөргө эмнем менен мактанам,
Мактанбасам тууган жерим тууралуу.

Безилдешип жетип келип жолдору,
Баарын сага көрсөтүүгө тырышат.
"Олтур, эс ал!" - өз алдыңа тоолору,
Этектерин төшөй коюп турушат.

Жатат анда бала күнкү издерим,
Махабаттын басып койгон мөөрүндөй.
Мейлиң досум, издейм десең издегин,
Бирок жер жок менин ушул жеримдей!


Жатат

Бул колоттун жаткан ар бир ташын да,
Тааныйм жатка, ажыратам өңүнөн.
Жайдын жашыл айларында, жашымда,
Кулаткамын тигил бийик төрүнөн.

Кулаткамын жылдарымдай андагы,
Алар кайра кайтпасына өкүнбөй.
Таштар жатат, бирок жаштык калбады,
Тескей жактан өтүп кеткен өткүндөй.


Ак куу

Адамзат тээ байыртан ыйык туткан,
Ак куу го, көл бетинде келет сүзүп.
Бир кесим кулагандай ак булуттан,
Же бирөө ыргыткандай кебезди үзүп.

Калкыйбы, агабы же, айтор барат,
Канча көрк, канча кыймыл жарашыкта!
А түгүл, аркы өйүздө жашыл дарак,
Алсам дейт ага бир аз жанашып да.

Кээ жерде көлбүй түшүп каалашында,
Көк чөптө кокус калган аппак кардай
Баратат толкундардын талашында,
Жатышкан жабалактап кармашалбай.

Толкундун өйдө-төмөн ыргагында,
Ак куунун денесинен чыккан жарык,
Кошулуп күндүн назик нурларына,
Куюлат күмүш болуп көлгө барып.


Эркиндик бульварында

Жаз түгөндү, жайга кезек өткөрүп,
Ал аңгыча бийлик алып аптабы.
Жаз салкынын айдап чыкты, көп көрүп,
Калды акактап, башка түгүл, бак дагы.

Таңдан кечке төбөң ылдый куюлуп,
Турган үчүн күндүн ачуу нурлары.
Баягыдай баскан-турган суюлуп,
Ээн тартты Эркиндиктин бульвары.

Тоотпостон, бирок ушул ысыкты,
Бирөө калды, бактар менен мындагы
Өтүп алган аңгемеге кызыктуу,
Тармал чачы куюн окшоп кумдагы.

Акын Жоомарт, балким сурап жатабы:
"Кантти экен?" - деп кыйын күндө кырсыктуу.
Өзү сындуу дүңгүрөгөн атагы,
Курбулары: Мукай менен Жусупту?..

Сагынган го эки достун эски үнүн,
Окшош эле тагдырлары алардын.
Билген барбы, поездинен мезгилдин,
Кимдин качан, кайда түшүп каларын?..


Кургакчылык

Кесилген, кеберсиген эриндери,
Акактап жер чаңына бетин жабат.
Сезилип козголуудан эрингени,
Суулар да илкип араң кетип барат.

Кубарган, өң-алетсиз жашыл дөбө,
Күч алып кечээгиден онтогону.
Жөн жатпай, жөөлүп жатат таргыл дөбөт,
Аны да атты белем аптап огу?!

Абаны алган окшоп отко кууруп,
Бетке урат куйкалагыч илеп менен.
Же сени жаткан өңдүү муундуруп,
Закымы билинбеген билек менен.

Талаалар төшүн жайдак ачып салып,
Жаткансыйт жалын менен камчыланып.
Салкындар коркуп карап турган окшойт,
Алыскы мөңгүлөргө качып барып.


Ай-Көлдө

Атактуу курорт турса, ага барбай,
Жазда мен жерде болдум Ай-Көл аттуу.
Кең пейил, жүзү жарык адамдардай,
Мээрман, токтоо мүнөз, табияттуу.

Жаңыдан жер жаралган мезгил сыңар,
Жыш гана караган-чер, бир жан барбай.
Аскадан ага кулап түшкөн суулар,
Жок болот, кынга кирген канжарлардай.

Тоолору тиктегенсип турат ойлуу,
Калчудай сени дайым эсте тутуп.
Мас кыла чымыратат тула бойду,
Алганда абасынан кере жутуп.

Миң жылдык чөптөр аңкып жыпар чачып,
Өңдөнөт байыркынын бүгүнкүсү.
Дарактар аскалардын боорун чапчып,
Жел менен тең ойгонуп жашыл күүсү.

Чөп баскан аскалардын түрлөрүн көр,
Тургансыйт тулпар болуп үртүктөлүү.
Аларга түндө түшкөн шүүдүрүмдөр,
Жаш окшойт туруп калган кирпиктеги.


Жанды сабап

Жанды сабап жашап кумар тарабай,
Жетип келдик аттын оозун дуу коюп.
Жолдун татаал, аң-дөңүнө карабай,
Канаат кылды, кана өмүргө ким тоюп?!

Жаштык өттү. Эми алдыда не калды?
Достордон да кетип бүттү ишеним.
Жай келемин карылыктын деп алды,
Азоолукка жылдар салып кишенин.

Сүйдүк ырас, сулуулардын далайын,
Бирок кайда баарын сүйүп үлгүрүү!
Кайда менин ал жылдарым, ал айым?
Азыр өзүм адептүү да, үлгүлүү.

Жолдор узун, өмүр кыска, а бирок,
Кайдан чыгып, кайда келген кезиңи
Эске салып, сен жыйгыча эсиңи,
"Зып" деп жандан өтө берген ал бир ок:


Сөз

Жалаң чындык болсун десең айтканың,
Кошпой сүйлө өңдөгүгө түшүңдү.
Турмушту да бийигинен байкагын,
Турсун даана: ырахаты, түйшүгү.

Түбү келип, жер менен тил табыштан,
Бир ошонун эркиндесиң түгөл сен:
Мен да сендей корком өлүп калыштан,
Макул элем сөзгө айланып түгөнсөм.


Акың бар

Алдыда момун, татту үмүттөрдүн,
Ачылып эшиктери шарак-шарак.
Ар жактан чакыргансып: "Мени көргүн!"
Ай болуп, жылдыз болуп күлө карап,

Өмүрдүн айлампасы улам тездеп,
Жаңылап ачкан сайын барактарын.
Үмүттүн ошол жарык отун көздөп,
Сапарда тынбай кетип баратканың:

Сыйкырдайбы

Суу мында да көгүлтүр сыз жыттанат,
Ал өзүнүн жанга жакчу "атыры".
Дөң тарапта, суудан ары - сырткараак,
Тыным албай күкүк таңшып жатыры.

Сыйкырдайбы үнү тиги дайраны -
Бийлеп туру шарын ташка ургулап.
Күн нурлары күчөткөнсүп кайра аны,
Толкундарга сүңгүп, кайра суурулат.

Өзүн-өзү улам калчап-каңтарып,
Төө көздөнүп ойноп чыгып ак көбүк.
Мени бийик тоолорго да алпарып,
А тоолорду кайра мага апкелип.

Өйүз-бүйүз адырлардын гүлдөрү,
Аны көздөй түшүп келип төмөндөп,
Айкалышса күкүк, суунун үндөрү,
Ага болгон ышкым кайдан түгөнмөк?!


Аска булагы

Турмушта биз билгендин, билбегендин,
Ар дайым бар суроосу, жообу дагы:
Мына мен Муз-Төр аттуу жерге келдим,
Алдымда таң каларлык тоо булагы.

Сызылып араң чыгып аска таштан,
Тамат ал, алды жакта да бир ташка.
Капырай, жаралгансып көздө жаштан,
Тазасы, тунуктугу анын башка.

Жол ачып, ушул аска арасынан,
Тыпылдап түшүп турган бул тамчылар,
Чыккансыйт кудум көздүн чарасынан,
Же балким, муну бирөө чеккен чыгар?

Андайдыр?
Же башкадыр?
Ушул курдуу,
Аз эмес табияттын табышмагы:
Алыска мени узатып "ыйлап" турду,
Угулуп тамган "жаштын" дабыштары.


Асман чегинде

Асманды ары челип кере тартып,
Тизилген тоолор туш-туш тараптары.
Алар го кылымдарга сырын катып,
Ачылбай жаткан мезгил барактары.

Дал ошол ак чокулар, аска-зоолор,
Тийген жер бир өзүнүн тамандары.
Же мүмкүн, жайыт эртең космос болор,
Анткени аралык аз андан ары:

Айланып үй булутка, булут үйгө,
Үстүндө мээрим төгүп кыргыз көгү.
Алдында өзү баккан малдуу дүйнө,
Жылдыздан кем болбосо керек көбү?

Бир карап, жер-дүйнөнү камтып алган,
Чабандын теше тиктээр өткүр көзү.
Өңдөнөт көктө жүрүп чалгын чалган,
Бүркүттүн жерде көчкөн көлөкөсү.


ишеним

Берээрде ишенимин мага сөздүн,
Далбастап шаштым кетип, турдум сүрдөп.
Калгандай курчоосунда миң-сан көздүн,
Айтпаган: "Антип жүр" же "Минтип жүр", - деп.

Берээрде ишенимин мага сөздүн,
Түн бою тереземде ырдап турган.
Жамгырдын бир калыптуу үнүн сездим,
Түшүнүп ал экенин мага тууган.

Берээрде ишенимин мага сөздүн,
Болжолдоп мүнөттөрдү, сааттарды.
Жердеги чөптөр менен катар өстүм,
Алардан алып кыйла сабак дагы.


Нөшөрлүү күн

Калаа кенен: көп көчөлөр, аянттар,
Скверлер... Тыным албай кечкээте,
Өтүп турат дөңгөлөктөр, аяктар,
Мында жоктой таң калаарлык эчтеке.

Көбү жөнөйт бак-дарактуу тарапка,
Же сейилдин уюткусу ошерби?
Жарк деп көктөн кеткен өңдүү жарака,
Куйду аңгыча жайдын кара нөшөрү.

Туфлийлерин чечип кармап колуна,
Көйнөктөрү эттерине жабышкан.
Чачтарынан суу шорголоп жонуна,
Кыздар барат кыт-кыт күлө жарышкан.

Жаштык демде эсиркешип күлүшөт,
Алар үчүн нөшөр оюн-тамаша:
Үч-төрт кары бак түбүндө бүрүшөт,
Көктү тиктеп: "Булут эрте тараса?!"


Июль айда Соң-Көлдө

Июль айда Соң-Көлдөгү гүлдөрдүн,
Агат жыты жазгы жүргөн кыяндай.
Аны менен өтүп турган күндөрдүн,
Ар бирөө менде таттуу кыялдай.

Тоолор узун-туурасына жазылып,
Үргүлөшөт ал жыт менен бир жашап:
Көк кылаңгыр булут көктө асылып,
Гүлдөр өңдүү мага башын ыргашат.


Аптап

Элп этип соккон жел жок, калды тынып,
Үп болуп үйлөр түгүл, тыш жак дагы.
Жаткансыйт ага түтпөй "карс" деп сынып,
Капшытта китеп салган шкаф дагы.

Акырын онтогонсуйт китептер да,
Алганда үптүн колу муундуруп.
Денемден аккан өңдүү жан да, тер да,
Акактайм бир бөлмөдө далбас уруп.

Чоюндай бекем ныктап басат денди,
Аптапка атаандашкан түн салмагы.
Мезгил да соолуп жылбай калган өңдүү,
Дайны жок ата турган таңдын дагы.


Жан кумары

Ысык-Көл сага жагат, мага жагат,
Башталар мезгилинде жайдын жаңы.
Толкундар бир бөлөкчө жагалданат,
Өңдөнүп ойноп жүргөн көлдүн жаны.

Билгендей көтөрүүнү адам зээнин,
Калкытып ары коштоп, бери коштоп.
Түпкүрдөн ала келген жердин демин,
Каныңа кошуп куюп берген окшоп.

Бир айда жаным үрөп келип эки,
Кеткенсийм жүрөгүмө кымтып аны.
Билгенге көлдүн көлдөй керемети -
Аба, суу, күн - үчөөнүн ынтымагы.

Гүлдөр

Ышкылуулук жагымдан,
Тапкан жалгыз табылгам -
Көздөн учат кызгалдак,
Кырда чоктой жагылган.

Өсүп турса коюураак,
Жаным ага бой урат.
Алар ойнойт кыпкызыл,
Жоолук менен койгулап.

Ашкан сулуу кыздардан,
Артыгыраак кызганам.
Жаздын жели аймалап,
Кучагына кыскандан.

Калсам өтө сагынып,
Шүүдүрүмдөй агылып,
Оюм кулайт, а гүлдөр,
Алат аны тагынып.


Прометей сыяктуу

Жыңайлак таштай салып жел өтүгүн,
Келатты качып бейкут өрөөн менен.
Максаты - бизге апкелип бермек бүгүн,
Таң нурун түнгө сүңгүп тереңдеген.

Багымдат - мезгилдин туу чегиндеги,
Күн-түндүн кезек менен алмашылып
Өз ара чабуул коюп, чегингени...
Аны эми апкелатты жел жашырып:

Олжосун кыйып колдон түшүралбай,
Кадимки Прометей окшоп качып.
Бул иштин эмне экенин түшүналбай,
Жылдыздар тиктейт көктө, оозун ачып.

Кармалды... Танып барат жел эсинен,
Аскага койгон үчүн кадап-кагып.
Аңгыча кан ордуна, денесинен
Жөнөдү таңдын аппак нурлары агып.


Ийменүү

Баары жымжырт,
Жалгыз окшойм тирүүдөн,
Ушунчалык кең дүйнөнүн ичинде.
Коркуп анын,
Үнсүз ээн сүрүнөн.
Жатайын деп,
Жамбаштасам кичине:
"Чый-чый!" эткен,
Үнү чыгат бирөөнүн.
Чочуп ыргып тура калсам,
астымда,
Эзе баскам чөптүн өпкө-жүрөгүн:
Андан бери жаш чөптүн да, жаздын да,
Жүзүн тике карай албай жүрөмүн.


Кубануу ыры

Сен көзүмдөн учуп көпкө күттү элем,
Жаркын жазым, о жаным, бир тууганым.
Келдиңби аман?! Түтөгөн көк чөп менен,
Кандай жакшы бир жашап, бир турганым!

Бул келишиң болсо дагы көнүмүш,
Сен бересиң чарчап турган акылга,
Чарчап турган колго жаңы өнүгүш,
Билем, куру калбастыгын акын да:

Сени менен жерде жашыл сел жүрөт,
Жазгы кирген суулар менен барабар.
Дүкүйгөн бак-дарактар да семирет,
Сенин төшүң эмген кыштак, калаалар.

Тынчтыктын бешиги

Жылдыздар, ай болуп жандоосу,
Түн кирди - тынчтыктын бешиги.
Түн кирди - кылмыштын жан досу,
Бекилип үйлөрдүн эшиги.

Дүйнөнүн жашыруун сырындай,
Эч бирөө билбеген, укпаган.
Түн кирди, кара чач сулуудай,
Тизеңде көшүлүп уктаган.

Кулады ал кетип, бут талып,
Келем деп көк менен, жер менен.
Күндүздүн көйнөгү жыттанып,
Күн бою жумушта тердеген.

Түн кирди жок жерден өндүрүп,
Денеге күч-кубат бөлүүгө.
Бизди да аз-аздан көндүрүп,
Уктатып - тирүүлөй өлүүгө.


Толкундар

Ак толкундар, көк толкундар дирилдеп,
Эске салат бийчи кыздар этегин:
Ушул жерде мени менен биригет,
Ажыралгыс келечегим, кечээгим.

Кеталбастан кум ойногон жээгинен,
Нес болгондой калам узак олтуруп.
Куйгум келип көлдүн терең жеринен,
Эки бирдей карегиме толтуруп.

Толбогонун же толгонун көзүмүн,
Түшүнгүчө оюм ага дит койгон,
Жаным болуп кеткен окшойт өзүмүн,
Толкуп-ташкан ушул дүйнө бүт бойдон.


Алма

Бул өзү бир үзүм күн калган уюп,
Анан суу аба менен ширетилген.
Карасаң караганың дароо туюп,
Тамылжып чыгат жүзү ширесинен.

Чытырап, тамшанууга түгөл арзып,
Кармаган чагылгандын илептерин.
Мыжыга жууруп анан койгон асып,
Багбандын тамган ысык билек терин.

Бир жактан өң талашып алтын, жезден,
Чок болуп тамылжыйт да турат жанып:
Бошонуп ой-санаадан кай бир эзген,
Кара да, ырахат ал канааттанып.


Батчу күнгө

Батып жаткан Күнгө ырахмат айта жүр,
Керек эмес ага башка эч нерсе.
Жаркып-жайнап келсин үчүн кайта бир,
Мээнети үчүн иштеп кеткен кечкээте.

Күн аркылуу биз бүтүрдүк канча ишти,
Ал жиберген нурга канып бак дагы.
Гүлдөр менен чөптөр аны канча ичти,
Майлуу-сүттүү болсун улам арт жагы!

Кош айтышып, кызгылт жоолук булгалап,
Жеткен кезде жер-асмандын жээгине.
Токтой калып, биз тарапка бир карап,
Батып жаткан Күнгө ырахмат дегиле!..


Агым

Тоо дайрасы жатты түзгө куюлуп,
Куйган өңдүү эрип турган күмүштү.
Турган эле боз чаң болуп уюлгуп,
Талаа-чөлдөр жымың-жымың күлүштү.

Барат шары мөөрөп, маарап, азанап,
Барат сүрдүү төшү менен жер жиреп.
Кагып, түртүп жолун улам тазалап,
Миң туяктан жер жаткансып дүңгүрөп.

Жаак сындуу эки жакка керилген,
Жээктер да кош айтышып чегинди.
Да бир ирет бизге сыйга берилген,
Кылкылдашты кең талаалар эгиндүү.


Түнкү жылкылар

Жылкылар
Тоонун бийик кыраңында,
Турушат
Аз калгандай куланаарга.
Бозомук
Айдын алсыз ыраңында,
Кийиктей
Түнөп калган кумайларда.
Көсөшүп
Туяктары түндү жумшак,
Чыгышкан
Тепкич жасап асман жакка.
Аларды
Сырттан көздөп, бейкут жуушап,
Жаткан тоо
Өзү чыгаар Камбар Ата?!
Түндүкү
Азыр жерде падышалык,
Жымжырттык
Алган ага коюндашып.
Жылкылар
Кыйышпаска каргыш алып,
Жаткансыйт
Жылдыздарга жонун кашып.


Унутулган жылдар

Мала кызыл нурданган,
Таңкы таза жарык ай!
Унутулуп бир калган,
Орок окшойт жарым ай.

Андан түшкөн шооланы,
Мен өзүмө ороном:
Ойгонду да тоо жаңы,
Мени көрдү короодон.

Ага колум булгалап,
Айтам таңкы саламды.
Шамал жатты жулмалап,
Бир боо эски саманды.

Мектебине жаш балдар,
Барат күлүп жыргаган.
Бизге берип бир кабар,
Унутулган жылдардан.


Үрөң-бараң

Өрөөндөр жарым тирүү, жарым өлгөн,
Каалгып боз буу жерден көтөрүлөт.
Жер кайсы же суу кайсы - чек жок бөлгөн,
Бирок түн бир четинен барат түлөп.

Андагы атаар таңдын алсыз нуру,
Кадалса түн төшүнө бычак болуп.
Ал кайра мени төшкө кысып туру,
Сүйүүдөй ынак, ысык кучак болуп.

Өз өңүн издеп жатат жаратылыш,
Уктаган аны өткөрүп түнгө берип.
Ан сайын агыш боло берет чыгыш,
Ал жакка аккан өңдүү жылдыз эрип.


Кур-Таш аска

Жайылган керегедей керилген бир,
Айлымда Кур-Таш аттуу аска турат.
Белекке бизге атайы берилгендир,
Же мүмкүн, тагдырлардан алдык сурап?

Баратсам күндүк жерден мени көрүп,
Ордунан шып деп тура калган окшоп.
Аңгыча шашып-бушуп жели келип,
Аймалап өөп-жыттап жөнөйт коштоп.

Ойлоймун: "Ал бар үчүн мен да бармын",
Айлымдын чоң белгиси, жердин жери.
Дүйнөдө болгон бардык шамалдардын,
Өтпөгөн ага тийбей эриндери:


Түнкү оттой

Кеч кирди асман бүркөө, булут көчүп,
Олтурдум ташка келип коюп көчүк.
Арыда кыштак оту жалт-жулт этет,
Ымдалган көз сыяктуу күйүп-өчүп.

Дүйнөнүн бул да көрктүү бир учуру,
Баратты коюуланып түн утуру.
Жанымда кыштак жакка көз жиберип,
Мен өңдүү ойго баткан терек туру.

Куштармын мен ушундай көз ирмемге,
Жайкы түн бышып жеткен учурунда.
Табият белек этип берген менде,
Канатым жарап турса учурууга.

Кызыкпайм алысына, жакынына,
Бир гана болсо болду бийиктиги.
Түндү да, түнкү жорткон закымды да,
Тең жарып турган оттой, күйүп тиги.


Алайдагы кеч

Курулган ак кыш менен кызыл кыштан,
Үйлөрү бир-бирине кынай жатып.
Шахматтын доскасына окшойт кыштак,
Кечкурун тең жарыша түтүн атып.

Адамдар кечте үйлөргө кирип кеткен,
Бүткөндөй ошол күнкү турмуш ойну.
Көк менен тең тайлашкан бийик беттен,
Ит менен чабан айдап келет койду:

Кылымдап ичте жаткан мазмундары,
Кеч менен чыккан окшоп сыртка калкып.
Мындагы күңгөй-тескей жактын баары,
Уюган алтын мисал жатат балкып.


Көчкү жүрөөрдө

Жайдыр-кыштыр өңүрүндө кар жаткан,
Түрү суук, үңүрөйгөн капчыгай.
Кокус эле дабыш чыкса ар жактан,
Болот дароо "бап" деп басып калчудай.

Анда чексиз уроо-кыйроо катылган,
Жашырынган жаңырык да толтура.
Шек чыкса эле, болот баары атылган,
Жерди коюп анда көктөн жол сура.

Жаратылыш камдап койгон капканын,
Мезгил учпай, жылып калган жөн гана.
Музга айлантып суулардын да акканын,
Кулак түрүп тыңшай калды айлана.

Өз кырсыгын өзү тыя албаган,
Жаратылыш күтүп турду камданып:
Бул сапар да өз ажалын алдаган,
Түлкү гана качып барат жанды алып.


Түндүн бийи

Келчи бери, бир аз карап туралык,
Бийлеп жатат дүйнө тоодон өйдөгү,
Куюн окшоп миң бир эки буралып,
Жылдыз менен тигилген түн көйнөгү.

Шарак-шарак чымкый кара шалысы,
Улам четке берээринде бурула.
Болор-болбос тийип кетип далысы,
Атаар таңдын чалгындоочу нуруна.

Ага болбой бийлейт-бийлейт шарактап,
Көз уялткан каухарларын жылдырып:
Ыраазы бейм карап кетип баратат,
Түлкү көздүү Ай асманда кылгырып.


Өзгөндү эскерүү

Али эсимде ыйык жазы Өзгөндүн,
Аттандырчу жашыл менен дарылап.
Андагыдан мен канчага өзгөрдүм,
Кыйын бекен бул өмүрдө карымак!

Жаз өтсө да, анын сүйгөн ыр-күүсүн,
Жаттап калат суулар сайда, арыкта.
Андан калган ырахатың бир үзүм,
Алпаргансыйт сени түндөн жарыкка.

Жер жуунган жашы менен өткөндүн,
Ал - кубаттуу, адам аны сүйгөндөн:
Келет кээде аскасына көктөлгүм,
Учу барып булуттарга сүйөнгөн.


Ырларыма

Келет алып ырларыма кийиргим,
Бурганактын жибинин бир ийримин.
Же мезгилдин билдирбестен, алдыртан,
Бизге кылган өжөр-өктөм бийлигин.

Улуулукту көз ирмемге камтылган,
Үмүттөрдү жалаң ага умтулган.
Же деңиздин күр-шар түшкөн толкунун,
Же тынчтыкты ойго батып тим турган.

Согуштагы ок жаңылган дарактын,
Адам окшоп онтоп ыйлап турганын.
Башкалары же таңалбай жараатын,
Ичтен кейип аяганын "тууганын".

Ырларыма келет алып кийиргим,
Аба-суунун, асман-жердин бирдигин.
Ага кошуп сапардагы куштардын,
Токтой калып бизде өткөргөн бир күнүн.


Айсулуунун дептеринен

Мен бөтөнчө бак жашылын жактырам,
Күн алоолоп ачуу тийген түш ченде.
Капысынан жамгыр суусун актырган,
Окшоп кудум жайкы "душка" түшкөнгө.

Дарак сонун, жамгыр катуу сабалап,
Жамгыр менен шала-шала тилинген.
Жалбырак же бутак сайын салаңдап,
Шуру мисал суу тамчысы илинген.

Жамгырдагы жалынычтуу тил менен,
Дарактагы назик жашыл козголуу -
Ошол бекен биз адамдар билбеген,
Табиятча сүйүшүү же дос болуу?

Мага кымбат июлдагы дарактар,
Жамгыр аткан жебелерге кабылган.
"Кел дарагым, кел мени бир карап кал!"
Деген окшоп жарк-журк этип чагылган.

Үлгүралбай жууган чачын өрүнүп,
Жаткан кезде бактын нымдуу жүзүнөн,
Калгансыймын мен да кошо көрүнүп,
Балалыгым көрүнгөндөй күзгүдөн.


Талаада

Мелмилдеп уч-кыйырсыз жатат талаа,
Жетилип шыбак токой болорунда.
Айланам агып бери келет мага,
Өткөнсүп өзүм анын борборуна.

Үңүлөм бет алдымда моло ташка,
Кыл мурут бир эр турат жоо-жарактуу.
Өзүмө окшоштурам, бирок башка,
Анткени, арабызда жылдар акты:

Көк чөпкө эт-бетинен түшүп чубак,
Өңдөнөт чачын жазып тарагандай:
Топ жылкы оюн салып кетти чубап,
Туяктар жерди сабап барабандай.

Артында алар менен бараткансыйт,
Бир-бирден күн шооласы сүйрөтүлүп:
Күүсүнө саратандын болом таңсык,
Ойлорум момундукка үйрөтүлүп.


Күзгү түндө

Ат ордуна булут чапкан түнүндө,
Жол келатып мен аргасыз түнөгөм.
"Мас" болушкан дарактардын түбүндө,
Аздап-аздап жалбырактар түлөгөн.

Ажылдашып өз тилинде сүйлөшүп,
Кайра баары карс-карс күлүп каткырат.
Анан жалпы шалкылдаша бийлешип,
Алда неге тырмак салат аткылап.

Кээде мага тап беришип жулунат,
Угам кайра үңүлдөшкөн ыйларын.
Көз уйкуга анан кантип жумулат,
А кайтара качкансыды ыйманым:

Эртең менен "мастык" тарап соолугуп,
Шалдайышыт денин жыйнап алалбай.
Мастык менен баштан жулган жоолугун,
Табалбастан, карайлаган аялдай.


Кем калышпай

Башкаларга өтүп өмүр кезеги,
Айыл ичи адашкыча жаңырган.
Улан-кызы, жоокерлердин кечээги,
Аталардан калышпай даңк жагынан.

Ашкан милдет билбейт арнап коюудан,
Алар бүгүн өмүр-күнүн, ал-күчүн,
Акыр келип столуңа коюулган,
Эт, каймак-сүт жана жытту нан үчүн:


Ыйык көрөм

Мен негедир бошонууга далбастап,
Алда кимдин жүгүн алсам ийнимен.
Анда жеңил, эркин боло калбастан,
Ого бетер оор тартам кийин мен.

Билбейм, жаным ойлоп онтой береби,
Чыктымбы деп башкаларга керектен?
Адамдардын ишеними мендеги,
Ыйык, кымбат көздөрүмдө каректен.

Мен дүйнөдө жеңилдикке көнбөгөм,
Кырстык мага андан бетер жатыраак.
Жаным болсо, өйдөсүнбөй өңгөдөн,
Жапыс-төмөн жүргөндүгүн жактырат.


Айтамын

Жер шары - жүгүргөн тирүү шар,
Курчанган кургактан, деңизден.
Точкада кыргыздын жери бар,
Көк челген тоосу көп, тегизден.

Эзелде, бөлүштө алгачкы,
Энчиме тоо тийип калышы -
Аларсыз мен жашай албасты,
Эске алган табият калысы:

Жол сындуу ийрилген, толгонгон,
Өзөндөр, колоттор, жылгалар.
Бадалдар бак менен тордолгон,
Бай дүйнө өмүрдөй жылган ал.

Адырлар, жоностор, белестер,
Койгонсуйт кээ кезде козголуп:
Козголсо көзүңө элестеп,
Жүз өркөч төө минген кыз болуп.

Кесесин түшүрбөй колунан,
Жамынып күрмөсүн желбегей.
Кадырлуу конокту жолунан,
Күткөнү атайлап келгендей:

Адамда ак дилдей тап-таза,
Бул аба жүгүрүп денемден,
Бу суулар канымда акпаса,
Ким болуп күн көрөт элем мен?!

Ар таңда жер жарык болорун,
Күтөм да, бет чайып суусуна,
Айтамын: "Ай алтын тоолорум,
Ак жүрөм өлгүчө тузуңа:"


Чак түштө

Туманды түрө өңөрүп,
Жел кетти адыр тарапка.
Бешикте перзент өңдөнүп,
Бейпилдик калды даракта.

Термелсе жаным жоошуган,
Дарактын үнсүз үндөрүн.
Дүбүртү менен кошо угам,
Дүңгүрөп өткөн күндөрдүн.


Кайыңдар

Өзөндүн бою калың бак,
Бир чети аппак кайыңдар.
Өңдөнөт алар айылдап,
Бараткан сулуу айымдар.

Төгүлүп "чачы" далыда,
Ипичке бели буралып.
Термеле калат баары да,
Элп эткен желден ыр алып.

Жазгыдай жарык жүздөрү,
Бой сунбай күзгө көп анча.
Буларга төмөн түздөгү,
Көз артат кырдан көк арча.


Силер кайда

Улуу тоодон угулган,
Улар куштун үндөрү ай!
Жандан жумшак суурулган,
Жайдын салкын түндөрү ай!

Асман толо жагылган,
Жылдыздар ай сурмалуу!
Ала салып жарылган,
Ашуу төрдүн суулары.

Турган кезде тийип күн,
Жамгыр төгүп жуулган.
Тулаңдары ай бийиктин,
Тукабадай кубулган.

Сүйлөй алган менен да,
Силер билген тил менен.
Бала экемин мен анда,
Баркыңарды билбеген.

Башым ийип ар бир күн,
Бактым окшоп маңдайда,
Бааларымда а бүгүн,
Силер кайда, мен кайда?!

Кадам сайын бурк этип,
Көк арчада жыт кандай!
Бул куракта бир жетип,
Болсом кана жуткандай.

Айгыр үйрү мал жаткан,
Ат кулактуу кырлар ай!
Кечте чыккан ал жактан,
Кыз-жигиттин ырлары ай!..


Ат

Тик карабай, кыйгап карайт ат көзү,
Ал ийменет назарыңа жугуудан.
Ат сүйлөбөйт, бирок анын кеп-сөзү,
Окшойт ошо карашында угулган.

Шар түрүндө хрусталы кичине,
Турат тынбай өз огунда айланып.
Төгөрөктүн төрт бурчу бүт ичине,
Кирген өңдүү бир мезгилде айдалып.

Ат кыйналса башын чайкап үшкүрөт,
Ат жылмаят көз карашы аркылуу.
Жаман көрсөң, жакшы көрсөң түшүнөт,
Бирок айтпайт, ичте сыры катылуу.

Ат көзүнүн терең орбитасынан,
Карап турсам алыс-алыс арыдан.
Жылдар келет жонго курал асынган,
Жер шарынын этегинин баары кан:

Мени менен кошо кирип кыргынга,
Мен көргөндүн баарын көрдү ат дагы.
Турган эле турмуш кылдын кырында,
"Туугандыкты" анда да бир актады.


Шыбак

Ак шыбакта "бур" деп, жыт кандай,
Ал эмине, асыл өмүрбү?
Адам эмес, кана жуткандай,
Аны тоонун жашыл өңүрү.

Жылмаюубу, келчү бактыбы,
Өсүп чыккан шыбак түрүндө?
Жердин мээри, жердин марттыгы,
Аны жаткан даңктап бир үндө?

Белен үчүн берчү жообу да,
Шыбак өзү бүгүн бир күбө.
Жер алдында бейиш жогуна,
Жер үстүнүн - өлбөстүгүнө.


Эл айткандай

Поэзия - эски дүйнө баягы,
Бирок жолдор бийиктеп өр таяды.
Ал бийикте сыналышып жатышат,
"Акын" аттуу байге аттары аялуу.

Бара жатып күлүк озсо күлүктөн,
Күйүп-бышып тыпырайт төрт аягы:"


Искусство

Искусство,
Эргүү алган канаттан,
Көрк үрөнү калып өткөн изинде.
Метеориттей чагылганга бараткан,
Күмүшүнөн сүртүү үчүн жүзүнө.

Искусство,
Канатты өзү жараткан,
Жердин түркүн жаңырыгын, күүлөрүн.
Кан аркылуу тамырларга тараткан,
Кошуп күндүн ууртунан күлгөнүн.

Искусство,
Жаралгандай жаннаттан,
Сыр чечишээр ынак досу жүрөктүн.
Акын анын угутунан дан таткан,
Тартуу үчүн сөзгө айлантып сүрөтүн.


Тарых окшойт

Дарактардын
Жалбырагы өрт өңдүү,
Саргыч тарткан
Мөөнөтүнөн мурдараак.
Бир карасаң
Сактап калган өткөндү,
Тарых окшойт
Ар кимиси бир барак.


Алдыда

Алдыда не бир таттуу үмүттөрдүн,
Ачылып терезеси шарак-шарак.
Арыдан чакыргансып: "Кирип көргүн!"
Ай окшоп турат сага күлө карап.

Өмүрдүн айлампасы улам тездеп,
Жаңылап ачкан сайын барактарын.
Үмүттүн ошол жанган отун көздөп,
Сапарда тынбай кетип баратканың.


Жер шарын сезем

Жайлоосу жагып турганда,
Жакага неге шашамын.
Куладым көпкөк тулаңга,
Кучакка кысып жер шарын.

Бейпилдик кымбат баарынан,
Көшүлөт жаным жай алып.
Бир гана тынбай арыда,
Күркүрөйт терең сай агып.

Асманга окшойт жеткендей,
Жанымда чөптүн баштары.
Күн оту көсөп өткөндөй,
Кармасам ысык таш дагы.

Күтүрөп тулаң чөп кырчып,
Жылкылар оттойт жанымда.
Олтурат конуп көк чымчык,
Кер кашка тайдын жалында:

Чалкаман жатсам далымдын,
Алдынан сезем жер шарын.
Өмүрдүн бул тынч агымын,
Бузбастан келет жашагым.


Өтүнүү

Тууган айлым!
Сенсиң ысык жан дүйнөм.
Мына сага,
Ак пейилимди апкелдим.
Жер арытам,
Таноосунда от күйгөн.
Жез туяктуу,
Жел канаттуу ат бергин!


Августтун кечи

Жел жүрүп турса айдарым,
Жайкы кеч кандай жайдары!
Батышка жылган боз булут,
Баратса сүйрөп айды ары!

Жайкы кеч кандай керемет,
Желинин түндүн жер эмет.
Түн окшоп анда жан үчүн,
Жатууга жайлуу керебет.

Гүлдөрдүн сансыз көп түрү,
Бой жеткен кыздар сыяктуу.
Алгандай кечке өптүрүп,
Алдыртан карайт уяттуу.

Августтун кечи эрке кеч,
Асылып ойноп мойнуңа.
Кой-айыңа көнбөй эч,
Кирип уктайт койнуңа.

Кеч сонун август айдагы,
Көшүлүп айыл аймагы.
Сыпайы-сылык аккансып,
Суулар да өзөн сайдагы.


Дездемона

Сен болбо кардын кызы, Дездемона,
Бириңден бөлө албаймын мен бириңди?..
Кечээгиң - жакса бардык кезде мага,
Бүгүнкүң - кесип турат кендиримди.

Ак туруп, алдың ылгап түн карасын,
Өткөргөн сени акыры кызганууга.
Билбестен жаштыгыңа ыйгарасың,
Баратса махабатың кыскарууга.

Маврда бар караңгы жана жарык,
Мас болуп өзүң берген кучак менен.
Тойгуча илебиңе канып алып,
Эртеңди көмгүсү бар бул чак менен.

Кой, сулуу, баарын таштап алдын алгын,
От таппай карайласын жылынаарга.
Акырын түнгө кирип уктап калгын,
Турбаска - түбөлүккө, кылымдарга...


Түшүндө

Түштө көрүп, күндүзгүнүн элесин,
Уктап жатты капшытында үйүнүн.
Билген да жок ачып анын денесин,
Уурданып кирген кезин сүйүүнүн.

Сүйүү жумшак сылап койду чачынан,
Колу назик ханышасы жаштыктын.
Оттой ысык сезим жатты чачылган,
Бетин бербей төшөк менен жаздыктын.

Жай жылмайды: Калды көргөн түш кетип,
Жүрбөй чарчап кечте кайткан жумуштан.
Мээнеткечтик - шарын тынбай иштетип,
Жер коңторгон дайралардан жугушкан.


Ажырашуу

Жалынганым сага таасир этпеген,
"Кош!" - деп айтпай, жөнөй бердиң өктөмдүү.
Эң кыйыны - өзүң гана кетпестен,
Ала кеттиң экөөбүздүн өткөндү.

Жетиш үчүн канаты жок учуулар,
Күтүп турчу, тосуп алчу күндөрдү.
Таарынышкан, эркелешкен учурлар,
Үзүшпөстөн жакшылыктан күдөрдү.

Бир кубанып, турмушта бир кейүүлөр,
Ак тилектер, аяшуулар жана да:
Балким, сага жок өңдөнүп көрүнөр,
Жанды кошо жулган окшойт, а мага.

Айла барбы, тагдыр буйруп койсо ага,
Өзүм менен калды жалаң өз энчим.
Өмүр бою айыкпаган ой-санаа,
Байкуш үйүм, анан муздак төшөнчүм...


Бой жеткенде

Жаштык сыйбайт чымыратып төшүн тээп,
Өзүн-өзү жүгөндөшкө ал жетпей.
Ойлор кээде мас болгуча көшүлтөт,
Кээде жаны быркыранып айнектей.

Барган сайын түтпөй барат күткөнгө,
Жоок болуп басса-турса үшкүргөн.
Же тез өтпөйт мезгил келип бүктөмгө,
Саятчыдай саргайгыча куш күйгөн.

Кээде туруп төрт дубалга сыя албай,
Келет аны жара тээп качкысы.
Адамдан да, кудайдан да уялбай,
Уурдамак, болсо сүйүү ачкычы.

Үмүт колго тие жаздап, кайра өчүп,
Сынап жаткан окшоп анын чыдамын.
Түндө чыгат кирпик какпай дөңгөкшүп,
Жагып коюп жандын бардык чырагын.


Барар жерим

Кетейин, барам кечигип,
Айтаар да жок сөз башка.
Сен анча эле эчкирип,
Күч келтирбе көз жашка.

Же мен барса келбеске,
Кетип жаткан жокмун да.
Же болгондой бир кезде,
Арасына октун да:

Бараар жерим - Эскимос,
Кыштоо курган чатырдан.
Согуштагы эски дос,
Мени ал жакка чакырган.

Мен баратсам кар менен,
Ит кошулган чанада.
Бирге айланып кан менен,
Сен турасың санаада.

Түндүк кышы катуу да,
Жылытаарсың үшүсөм?
Сапардан баш тартууга,
Болбойт, жаным, түшүн сен:


Музейде

Бир көргөн көзүн кайра тартып алгыс,
Караймын картинаны турган бөлөк.
Жылаңач сулуу анда жатат жалгыз,
Бүтүндөй залдын ичин нурга бөлөп.

Баары да аны карайт үймөктөшүп,
Музейде башка сүрөт калбагандай.
А сулуу тиктеп турат үнсүз көшүп,
Ой менен сен жөнүндө алда кандай.

Кандай ой? Көзүн кимге жатат жаңсап?
Сулуулар бизге маалим жоругуңар.
Силерде текеберлүү канча мансап,
Эченди айыктырар, оору кылаар!..

Кумарды кантип, качан козгоорду да,
Бир гана силер жакшы билесиңер.
А түгүл, жаны бирге досторду да,
Кас кылып, эки бөлүп ийесиңер?


Сагынуу

Урунганда жан сагынган сезимге,
Калаары чын коңгуроодой кагылып.
Шыбак-Белдин жыты түшөт эсиме,
Тургандагы жыпар мончок тагынып.

Же ким билет, ал жыт бекен сендеги?..
Азыр бизде ак кар, көк муз кыш турат:
Андагыдай окшоп Шыбак-Белдеги,
Менде да жок кырчылдаган жаш убак.

Мейкиндиктин барып бардык учтары,
Бир кошулат: Тартып анын пардасын.
Бул аязда жылаңач да, курч дагы,
Жаным сага жашырынып барбасын?!

Барса куусаң, куубасаң сен акылуу,
Бирок болсоң анча-мынча ой бурган.
Бул дүйнөдө болоор элем бактылуу,
Кайра да бир турган окшоп койнуңдан.


Кумар

"Кыз куумайга" кыз-жигитти белендеп,
Койгон эле: Өрт койгондой кетти ана!
Чөптөр үркүп баш көтөрүп элеңдеп,
Селт дей түштү бейкам жаткан кең талаа.

Карайт баары дем чыгарбай оозунан,
Көз отунда ал экөөнүн карааны.
Кыл мисалдуу үн алыша созулган,
Ырбатууда кумар аттуу жараны.

Алдыдагы мейкиндиктин "дубалын",
Жаткан өңдүү үңүп-көсөп, бургулап,
Желек кылып кармап жаштык курагын,
Алар кетти түпсүздүккө бир кулап.

Алдыдагы жердин жети катынан,
Тамырында кулай жаздап термелип.
Көк тиреген туу чокулар атынан,
Дүбүрт калды, булуттарга сермелип.

Алар менен кошо кетип көөнүндө,
Тыбырчылап отура албайт кишилер:
"Кумар" деген эмне экени жөнүндө,
Жомок айтып кала берди ушу жер.


Жүрөк кылдарың

Турган эле күүгүм жерде шуудурап,
Жалбырактай кызгылт тарткан күздөгү.
Арасынан кадамыбыз угулат,
Ыргытылган ысык демдей биздеги.

Назиктиги ай, ошол кечтин төшүнүн!
А мен анда жүүнү боштук кылбадым -
Башым жөлөп көөдөнүңө өзүңүн,
Тыңшап аттым жүрөгүңдүн кылдарын.

Ыклас коюп турган окшоп сен дагы,
Эсимде жок, асманында кылымдын
Ошол кечте канча жылдыз жанганы,
Бирок эсте күүсү жүрөк кылыңдын.


Таарынуу

Ар-намысым, арым-күчүм барында,
Сен кыйылсаң кыйыл, а мен кыйылбай
Коштошо алам, махабатты жарымга,
Бөлүп дагы кереги жок тыйындай.

Сени менен кетсин мейли, ал дагы,
Мага жетет мобул жашыл бак менен,
Сайрап жаткан куштар анда калганы,
Жандын күүсүн алар мага апкелген.

Мага жетет суулардагы шылдыр үн,
Баратканда колот ылдый сабалап.
Же жөнөкөй чөпкө түшкөн шүүдүрүм,
Сенден көрө көңүлүмдү таба алат.


Болсоң

Сен - кулпурган жаз болуп,
Сөөлөтүңө мас болуп.
Мен олтурсам алдыңда,
Ала моюн каз болуп.

Сүйүү - тийген күн болуп,
Сен ачылган гүл болуп.
Мен шагыңда сайрасам,
Булбул таңшык үн болуп.

Сүйүү - бир көл чалкыган,
А сен ак куу калкыган.
Өжөр толкун мен болуп,
Өзүңдү көздөй чарпылам.


Баягыда

Мен үчүн өзүн бүтүн арнагандай,
Олтурду оюм менен бирге болуп.
Ак куудай, себеп менен алда кандай,
Көлгө эмес көңүлүмө калган конуп.

Бир жактан атаандашып жамалына,
Жасалга моюндагы, колундагы.
Жаркылдайт жагынуунун амалында,
Табам деп максатымды оюмдагы.

Бутума тийип калган бутун албай,
Сабырсыз, текеберлүү этиетте,
Тиктеди: Каны туйлап кутургандай,
Дуу этип чыга калып эки бетке.

Кол салып кирген менде эркиндикке,
Бул катуу "чабуулуна" түтпөй анын,
"Өлүмгө" башын байлап, беттеп тике,
Баратты тобокелчил менин жаным:


Сага

Жутайын илебиңден кел, олтурчу,
Кечтин да, а ким билет акырыбы?
О мезгил, алга жылбай тура турчу,
Бүткүчө кусалыктын чакырыгы.

Эч бир кеч болгон эмес мынча жылуу,
Жок азыр жүрөктө кыл тирилбеген.
Сезимдин күүгө келди канча кылы,
Бизге тек буга чейин билинбеген.

Жаныма бери жакын кел, отурчу,
Кайра бир мас болоюн илебиңе!
О чиркин, мен үчүн бар канча курчуу,
Мына бул мага оролгон билегиңде!


Жерденби

Чыга келип капыс булуңдан,
Кыялбастан менин пейлими.
Токтой калдың: Тийген нуруңдан,
Жылынгыча алсам мейлиби?

Үлбүрөгөн назик мүнөздү,
Үнүңдөн да сезип турамын.
Суусу таза, өзү күнөстүү,
Жер өңдөнөт өскөн турагың?..

Же мынчалык эрке кылыкты,
Бүт кыздары жыйнап бергенби.
Жыланды да болсо жылытчу,
Же бул дагы тууган жерденби?

Ага жарайт жалаң жер гана,
Энелердей жоомарт колу ачык.
Энелердей боорукер жана,
Ташка дале турчу жаны ачып?!


Сулуу

Баарын таштап, туума болуп энеден,
Окшоп жалаң музыканын бир деми.
Баскан сайын нур төгүлүп денеден,
Барат мына, сулуу сууга киргени.

Айлуу бийик тескей окшоп далысы,
Бели кымча, толор-толбос тутамга:
Болсо ушундай өлбөстүктүн дарысы,
Таалайына бир кылт этип жутканга!

Ак төшүндө эки бирдей уюлу,
Жарыла албай турган окшоп тырсыйган -
Аны үймөлөп өткөн мезгил куюну,
Тагдыр кимге буйруур экен бул сыйдан?

Шек чыгарбай демин алып акырын,
Шыбырашат дарак, чөптөр мындагы.
Суу талашып баса калып жатыры,
Баратканда түшкөн изин кумдагы.

Жаткан окшоп жаны күйүп кызганып,
Көлдүн кысчу кучагынан, койнунан.
Эки ийнине эки нурун кыстарып,
Күн аймалап, барат соруп мойнунан.

Муну көрүп булутта да ич тарып,
Токтой калды күн алдына тосулуп.
Күрөң-көгүш толкундарды как жарып,
Кетти сулуу ак балыктай созулуп.


Жээктеги ой

Кеч күздө үргүлөгөн тынчтык менен,
Жулмалап аны жаткан көл экөөнүн.
Оюнун мен кызыгып карап келем,
Бириндей жылып жүргөн көлөкөнүн.

Үйрөнүп табияттан назиктикти,
Олтурам колум улам сууга малып.
"Мына эми махабаттан насип бүттү -
Карыды турчулар да сугум алып:"

Издер жок жээктеги, калган жуулуп,
"Шырп" эткен добуш менен алда кандай.
Көл гана аркы-терки которулуп,
Бу сапар болот мени алдагандай.


Сага эскертүү

Мен неге сага назар салбаганым,
Тийишмин алдын ала эскертүүгө.
Ар кандай амал менен арбаганың,
Жараксыз болду жаным өзгөртүүгө.

А демек, ал өзүңдү жаңы жасап,
Ар башка, ар учурдун таламдары -
Байкасаң башкачараак жалжылдашат,
Азыркы жылдыздар да ааламдагы:


Бул сүйүүбү?

Айтчы мунуң анык сүйүү өзүбү?
Анда бу не күтүлбөгөн кезигүү?
Уйку-соонун арасында жүргөнсүйм,
Таап-таппай эрким менен эсими.

Бул сүйүүбү? Жетпей жатат акылым,
Анда неге жандын ичке ар кылын,
Козгоп туруп мендеги тынч күндөргө,
Кирип келдиң аздан-аздан, акырын.

Анда неге мен табынып-ташынып,
Акыр жагы болсун деймин жакшылык.
Анын жашыл тоолоруна капкачан,
Алган окшоп жылдыздарым жашынып?!


Сен менин динимсиң

Аз өмүрдө чанда мындай кезигүү,
Барган экем байкабастан түз кирип.
Карап алып баркут кара көзүңдү,
Мен өзүмчө койдум терең үшкүрүп.

Мейли, сулуу, маани бербей кой буга,
Бирок сездим сенин олку-солкуңу:
Ары бассаң ак куулардын мойнуна,
Окшоп кетти колдоруңдун толкуну.

Жатат белем кыймылыңа тил кирип,
Бар өзүмдүн өжөр да бир болжолум:
Качып чыккан дубалында тирилип,
Сен музейдин картинасы болбогун?!

Бирок жакпайт калаа жакка качканың,
О, сен анда көз арткандын баарына,
Эң оболу өзүңө жол ачканың,
Элет жакшы сага мындан ары да.

Жетпесимди билип жанды кыйнайм да,
Тагдырыңа ачкыч издеп кол сунам.
Душманыма өлсөм ыраа кыйбайм да,
Кызганамын жан кыйышпас досуман.

Чын болсо

Берейин мен өзүңө толук бойдон,
Окуган китебиңдей баракталып.
Тоолордун аманатка мага койгон,
Ырын да, каалашыңча тарат алып.

Чын болсо, сен меники боло алаарың,
Берем, ал, энчимдеги баарын сага.
Дүйнөгө мени апкелген талааларым,
Бул үчүн мага өпкөлөп таарынса да:


Алыста жүрүп

Желдин урат эпкини,
Көйнөгүңдүн же сенин,
Желбиреши жеттиби?
Сездим жаның эсенин.

Аптап кысат денимди,
Асылкечим же сенин,
Алган ысык демиңби?
Билдим жаның эсенин.


Самолөттой

Ар кандай аба ырайы мүнөзүңдө,
Адамды адаштырып коө турган.
Коно албай кайра кетем мен өзүмө,
Болсо эгер "аэропортуң" коюу туман.

Анда мен күтүп калган самолөтмун,
Алдыда күндүн кайра ачылаарын:
Жол ачып көзүңдөгү күйгөн отуң,
Күттүрбөй, мени кабыл алчы, жаным?


Кургады

Мен жанымды камчылап,
Анда сени издегем.
Жаш көзүмдөн тамчылап,
Жерге салган из менен.

Бирок үмүт үзүлдү,
Көз жаш кошо кургады.
Мен жоготтум изиңди,
Сиңген суудай кумдагы.


Жаштык өрөөнү

Куугандынын жазгы жаңы гүлдөрү,
Турган чакта түркүн түстө ачылып.
Өссө дагы тоо-талаада чачылып,
Окшойт кудум жаш баланын күлгөнү.

Бул айрыкча жер баш коюп жоошууга,
Тоо артынан күн чыкканда жаңыдан:
Деле сонун сууларынын доошу да,
Жаш баланын үнү болуп жаңырган.

Бүркүт кайкып учуп чыгып бир убак,
Жерге өзүнүн көлөкөсүн кулаткан.
Кыр чокудан араң көзгө урунат,
Чабандардын айлы түтүн булаткан.

А кеч кирсе, курдаш келип курдашка,
Ары айланып кетет аппак өргөөнү:
Ойлоп коөм: "Кантип болбойт ырдашка,
Куугандыны атап "Жаштык өрөөнү"?!"


Карыбайт

Махабат да, жомок да,
Бирок күндөй кечээги,
Жомок бүткөн болот да,
Махабаттын жок чеги.

Махабаттын чеги жок,
Жок башы да, аягы.
Карып койбойт же бирок,
Качан болсо баягы.

Турмуш өтүп кетсе да,
Ал ордунда турганы.
Биздин ушул кезде да,
Окшойт миң жыл мурдагы.


Турса экен деп

Сен кызындай кудум кечки перинин.
Мен ырындай өзүм өскөн жеримин.
Жүрдүк көпкө: Башкалардан башкача,
Жумшак, таттуу болчу сенин эриниң.

Жаткан эле кар жакаңа куланып,
"Ичикий" - деп, күлүп койдуң кубанып.
А мен күттүм бул өңдөнгөн минуттар,
Бүтпөй узак турса экен деп уланып.

Болсо керек сүйүүнү оттон жараткан,
Же түштүбү учкун өзүң тараптан,
Туруп-туруп окшоп кеттим бир учур,
Мен жалындап күйүп кетип бараткан.


Көрө элекмин

Биз экөөбүз батаар күнгө карадык.
Кышкы кечте чыгып тоонун кырына.
Күндөн кызыл нур бетиңе таралып,
Күткөнсүдү, кошсо экен деп ырына.

Анда менин дүрбөй түшүп ойлорум,
Бар эсимде карбаластап шашканым:
Ошол кечтин сенде калган боөгун,
Көрө элекмин мен өңүнөн башканын.


Анда сен

Байкасам, сени ушунча сагынгамын,
Ал сагыныч кайра өзүмө тузак болгон.
Мен бүгүн каркыралар сабындамын,
Жазды эңсеп, кайра кайткан узак жолдон.

Жел күчөп, бороон улуп ар тараптан,
Айткансып алай-дүлөй жомокторун.
Анда да, сен үчүн деп алпараткан,
Өзүмдүн жан отторум жоготподум.

Ооба, мен көктө сүзгөн каркырамын,
Келаткан алдыдагы жазын самап.
Анда сен алда кайдан жаркырагын,
Гүл болуп, жаңы ачылган жашыл сабак.


Түш көрсөм

Мен түш көрсөм жер бетинде жаз экен,
Жүрүптүрмүн Бишкегимде бир тууган.
Парк ичи экен, баскан-турган аз экен,
Сени сүйүп жатыптырмын ууртуңдан.

Жок, кайтара калган экен күз болуп,
Саргыч тартып чөп, дарактын баарысы.
Аллеяда өсүп турган гүл соолуп,
Мага, сага жугуп ошо сарысы.

Анан сезем, ал күздүн да өткөнүн,
Бороон уруп, жердин бети кар экен.
Баягыда, жазда сени өпкөнүм,
Ойлоп көрсөм дале эсимде бар экен:


Ат-Башыда бир кезде

Эки түнөп Нарында,
Аттандым Ат-Башыга.
Жаш курагың барында,
Жер кыдыруу жакшы да.

Жамгыр, жерде суу көлмө,
Ат-Башыда жаз экен:
Мейманкана беш бөлмө,
Хозяйкасы жаш экен.

Көзү күйөт жалындай,
Агын айтпа беттин да.
Ат-Башынын таңындай,
А мен түтпөй кеттим да.

Унутуп бүт дүйнөнү,
Өптүм кыса кучактап.
"Болсо болсун сүйгөнү,
Сойсо сойсун бычактап!.."

Ала жүргөн табагын,
Аз-аз колдон түшүрбөй.
Кыз селт этип, кабагын,
Түйдү такыр түшүнбөй.

Аял затын атайын,
Ал биринчи өпкөнүм.
Ай, эмнесин айтайын,
Жашмын: Же мен көпкөмүн?!


Кыялымда

Кыялымда өзүмдү,
Хан Семетей болдуруп.
Көлдөн албайм көзүмдү,
Ак шумкарым кондуруп.

Көл каратып ойнуна,
Түрүлөт да жазылат.
Антип, балким, койнуна,
Ак кууларын жашырат.

Мен жадабай кээ күндө,
Таңдан кечке жүрөмүн.
Кийген ак куу кебинде,
Кезиксе деп Чүрөгүм.

"Ак куу экен деп салсам",
Алып качса кушумду.
"Аттиң, кокуй!" - деп калсам,
Жаным каалайт ушуну.

Кыялымда өзүмдү,
Хан Семетей болдуруп.
Көлдөн албайм көзүмдү,
Ак шумкарым кондуруп.


Легенда

Ак чокунун каптап эки өңүрүн,
Талас агат Таш-Арыктан бери узап.
Ошол жерде өткөргөн дейт өмүрүн,
Жаш Айчүрөк теңдеши жок перизат.

Алдыдагы ак ала саз майданда,
Семетейдин ак өргөсү турчу экен.
Жайкы түндө көктө жарык ай барда,
Кыз-жигиттер келип оюн курчу экен.

Бир оюнда, атаандашаар теңдеши
Жок да болсо, Семетейге таарынат.
Кызганганды жерде бардык пендеси,
Билсин үчүн берген белем табият?!

Келет качып, жашырынып киринчү
Далда жайга, Талас суунун боюна.
"Өлөмүн" деп издейт андан иримди,
Антип жарын жазаламак оюнда.

"Ай, сулуу ай, эмне керек эрте өлүп?"
Аң-таң болуп ай-жылдыздар карашат.
Бирок мындай текебердик, эркелик,
Бул дүйнөдө жалаң ага жарашат:

Чүрөк кантти ошол иңир күүгүмдө?
Айтуу кыйын: Билбейт эч ким тарыхын.
Анткен менен ал күндөрдөн бул күнгө,
Ала келди ал өзүнүн жарыгын.


Сагынганда

Жылдыздар өчүп-жанышып,
Камтыган иңир канатын.
Суу менен оюм жарышып,
Өзөндө кетип бараттым.

Жебесин сүрөп саатымдын,
Жүрөгүм кагат түрсүлдөп.
Даңканын коштоп атымдын,
Таш атат дайра күрсүлдөп.

Тынч түндөн кылдай суурулган,
Беймаза мен бир жүргүнчү.
Сезимге мыктай урулган,
Сүйүүнүн башкы бир күчү.

Аңгыча жылкы кишенеп,
Алдымда бийик тектирден.
Жалынды жаным тизелеп,
Тагдырга, сага жеткирген.


Күттүң бекен

Күттүң бекен, Ак Мөөр анда күткөндөй,
Соң-Көлдөгү сагынычтуу Болотун.
Болгон бардык сабыр, санаа түт келбей,
Жашка чайып Чоң-Кеминдин колотун?

Күттүң бекен, баягыдай бир убак,
Анда күздүн төрөп-түшкөн кези эле.
Бышкан алма кулап, башка ургулап,
Күн сүт болуп, өзү толуп кесеге.

Күттүң бекен, жылуу төшөк жай калып,
Кирпик какпай, кабарды куш тилиндей.
Же селейип моло ташка айланып,
Үмүт өлүп жатса дагы тирилбей?

Койдум сага колум тийип бара албай,
Уч-кыйырсыз деңиз болсо тирилик.
А мен анын ортосунда аралдай,
Туш-тарабын толкун урган түрүлүп.

Күттүң бекен, кеч түгөнсө, таң эртең,
Санааң окшоп самсыган боз түтүнгө?
Күтчү дагы, күтчү чыдап жан эркем,
А мен жашап жүрөм сенин күтүүңдө.


Пристанда

Толкундар ат жалындай кылкылдашып,
Арыда кашаттарын жатат кашып:
Буфетте, пристанда жүргүнчүлөр,
Тынчыбайт халатчан кыз тамак ташып.

Пристань көлдүн соңку туюгундай,
Сөз ырбап аарылардын уюгундай.
Колго алып салфеткасын басып келет,
Кыз мында көздүн салган кыйыгындай.

Билгизип баратканын бешим таяп,
Калдайган көлөкөлөр төшүн жаят.
Аларга каяша айтып жаткан өңдүү,
Ар жерде кылдыр-кыңгыр идиш-аяк.

Кишилер келет кээси, кетет кээси,
Бирине жоктой такыр тиешеси,
Жүргүзүп эсеп-кысап ишин жалаң,
Кыз окшойт пристандын жалгыз ээси.

Ашпоздон айланага жыт буркурап,
Жутунган ач толкундар жээкти урат.
Пароход ыкыс берип токтоно албай,
Ар дайым сапарларга күтүп турат.

Бир-бирден чечип бүтүп сөз баштыгын,
Жөнөштү жүргүнчүлөр: Өз жаштыгын,
Жетелеп кыз телмирет пристанда,
Же менин жок баштагы уйкаштыгым:

Ким мага анын сырын азыр чечти,
Караймын: көлдү, кызды, жашыл кечти.
Ансыз да жанды канча жаралды,
Ар кандай аял заты, асылкечтүү!


Тажик кызына

Кээде айтышат: "Сүйүү канкор, баш кесер",
Эрким менен барсам ага мен өзүм -
Менде таштап кеткени го жаш кездер,
Өздөрүнүн өжөр, өктөм мүнөзүн.

Арсланбаптын жаңгак тоосу жактагы,
Сен билесиң даңктуу шаркыратманы.
Зор мештерде эрип ылдый кулаган,
Ак күмүшкө окшоп турган акканы:

Ошол жакта жашайт менин жалжалым,
Турбаса да жердин тигил учунда.
Жакындат деп, жүрөк салат жаңжалын,
Күн чыгыштан таң агарар учурда.

Олтурчу эле ууртап цейлон чайынан,
Ак чыныдан, сүрөтү бар тартылган,
Жүрөк: Ага жаанын огу сайылган,
Сайылганда кан "бурк" этип атылган.

Ал учурда мен асылкеч жанында,
Жутамын деп анын ысык деминен.
Мен бир ирет кулап кетип жалынга,
Жаткам жансыз, коргошундай эриген.

Айткам анда: "Тажик кызы жан эркем,
Койчу секет, койчу минтип "үркүтпөй".
Бийиктигим бир күн табам таң эртең,
Кыргыз тоосун кыркып учкан бүркүттөй.

Олдо сенин эрке кыял оюнуң,
Кимди болсо арбап алган, арбалган!
Анткен менен ак жумуру моюнуң,
Эмес чыгаар ар ким үчүн арналган?!

Кой сен эркем, көз карашың тентитип
Жибербечи, жалаң мага жумшачы!
Сен жанымда жок кезиңде мен түтүп,
Күндүз ыйлап, түндө жаным жуушачу:"

Кай бир кезде канышасы жаңгактын,
Бак өстүрүп, кетсе менде жок ою.
Кейиштемин: "Неге болуп калбапмын,
Арсланбаптын ай түнөткөн токою!"

А токой жыш, чычкан жойлоп жүрө алгыс,
Адам ата, Обо эненин кезиндей.
Арасында кош айнектүү үй жалгыз,
Карайт мени Арслан баба көзүндөй.

Бул тааныш үй: Күтүп канча таң ашкам,
Кылдырт этсе каалганын дабышы.
Күлүк аттай колдон суулук талашкан,
Жүрөгүмдүн күчөп түрсүл кагашы.

Ал үйүнөн кызматына басканда,
Адам жоктур, токтоп көзү түшпөгөн!
Ала-чаңгыл булуттар да асманда,
Ошол чыгаар, бир себеби сүзбөгөн?!

Ал көркөмдөп коөт чаңдуу жолду да,
Ала-Тоонун ак гүлүндөй термелип.
Кошо кетем ишеним кат ордуна,
Койгон өңдүү жүрөгүмдү мен берип.

Балким, кыргыз жергесинде сен жалгыз,
Же жок бекен сага теңдеш жалганда?
Суу боюнда кумар көздүү көк жалбыз:
"Аның чын!" - дейт, барып карай калганда.

Сени менен бир тагдырга бир сыйып,
Жан тынгыча түгөнбөстүр Ошко жол?
Төшү мисал таштай катып тырсыйып,
Турса болду колу, мени коштогон:


Шаркыратмага

Чаркың келбей, бул учуруң ылгоого,
Айкырган үн - айланага төккөнүң.
Тээ башынан ачуулуу да, чыргоо да,
Ыза-кектүү болду баштан өткөнүң.

Капчыгайды алдыңа бүт өңөрүп,
Дүбүрт менен чыгарчудай жер эсин.
Денеңдеги өрттөн качкан өңдөнүп,
Бойду таштап, жандан безип келесиң.

Сен келесиң, жер-дүйнөгө бата албай,
Аска төшүн ийлеп жана ийленип:
А мен мында коркунучумду ката албай,
Артым карай басып барам ийменип.


Баарыбызга жер тагдыр

Качан болсо дүүлүктүрүп тургузуп,
Жай соңунан күздү күткөн жүрөгүм.
Алмак анын марттыгынан жугузуп,
Бар учурда бере жүргөн үрөнүн.

Күндөр күнгө өткөрүшүп кезүүсүн,
Келе жатып мейкиндиктин уучунда.
Жаз бергени эмес жалаң өзү үчүн,
Тууган жердин кудурети үчүн да.

Неге десең, баарыбызга жер - тагдыр,
Төкпөй-чачпай жеткирсем дейм асманга.
Болсо дагы суулар айтып жаткан ыр,
Аны айлантып өлбөс, улуу дастанга.


Жылгада

Ат азынап, жер жарылган чуу чыгат,
Бардык белги - Манас курган кошундай:
Аңыз жакта бир жаш жигит мурчуят,
Калган үчүн кырк чорого кошулбай.

Манас кайда? Айтмак ага даттанып,
Издеп чыкса үлбүрөгөн жаш жеңе,
Жолун бөгөп алдындагы атты алып,
Бир жоодурайт: "Жолукпады башта не?!"

Сулуу жатты өөп дагы өптүрүп,
Бел сынгыча кучактатып, кучактап.
Анан калса тоо-талаада көп жүрүп,
Аял затын сагынбаптыр бул чактап:

Шарт ойгонсо, жатат жылга боюнда,
Күн төбөдөн аны тиктейт аялдай:
Жан илебин таштап жигит койнуна,
Бирок жаткан чачын жыйнап алалбай.

А Манасчы? Коө турсун Манасың!
Аяк жагын адыр алган жашырып,
Кой-эчкиси бөлүп бардык санаасын,
Жөнөй берди жоо куугандай шашылып.


Эңсөө

Абада асылгансып мелжийт чоку,
Күн батып, кеч күүгүмгө берген кезек.
Чокунун алды боз үй, жаккан оту -
Талаадан өзүм терип келген тезек.

Түтүнүн жутсам канып жан кумарым,
Түндүктөн жылдыздарга чейин аркы.
Тикийип, узатып от учкундарын,
Олтурган жаш ойлордун чеги барбы?..

Азыр да ал куракты эңсөө эрмек,
Сагындым эркелетип турчу кезин.
Мойнуна олтургузуп мени жер-көк,
Ансайын максаттарга курчуп өзүм:


Үмүт

Ипподром: Кызуу кези байгенин,
Аттар сызат учкан куштай жер кайпып.
Үлгүрбөйсүң түзөшкө көз айнегиң,
Же коңшуңа сен бир неме деп айтып.

Максат - алга бара берүү жутунуп,
Колдон келсе кетүү керек бирото.
Жердин тартуу күчүнөн да кутулуп,
"Космодром" боло түшүп бул орто:

Ой-сезимдер сабырынан айрылып,
Эпкининен бал-бал этип от жанат.
Максатына жебе мисал сайылып,
Барат-барат ҮМҮТ деген тулпар ат!..


Цыгандар

Көздөрү түнкү күйгөн оттой жанып,
Көздөрү турган сага ок кадалып.
Куруна кыстарылган канжарлары,
Жаркылдайт алган окшоп күнгө малып.

Кан кызуу, дүрт этишке жаны белен,
Кайгысын жерге тепсеп аны менен.
Тубаса, өзгөрүлбөс "илими" бар,
Жоруп да, алдап дагы алуу деген.

Чыйрак, тың аялдары дагы алардын,
Төшүндө балкылдатып мамаларын,
Жер шилеп этектери кетип барат,
Бакылдап арты менен арабанын.

Ичинде бой жеткени жаңы бышып,
Атайлап же болбосо жаңылышып.
Көз менен издеп таап башка көздү,
Ыраазы калганына "кагылышып".

Цыгандар: Кыялына чабыт берген,
Талаа да мас кылардай учсуз, кенен:
Баратат кетип табор атаандашып,
Көктөгү калкыган боз булут менен.


Үй

Биз кечээ бир карыны жерге көмдүк,
Жан эле кадыр-барктуу, арга барбы?
Тагдырдын жазасына көнбөй, көндүк,
Айлыбыз боло түштү анда жарды.

А менен кошо кетти да бир дүйнө,
Антсе да ыйлабадым мен ал үчүн.
Ыйладым бош, аңгырап калган үйгө,
Бир гана шамал ээлеп алган ичин.


Айылда

Эки жума жүрдүм тууган айылда,
Минтип узак болушума бир себеп.
Араң жүрүп жетсем ага ай-жылда,
Карап канаар, эске салаар нерсе көп.

Бала кезден үйүр алышкан, көз көргөн,
Жер-суудагы эчен-эчен белгиден
Эч нерсе жок, болсо небак өзгөргөн,
Тоолор калган эскилерден мен билген.

Адамдардан башта өзүм тааныган,
Көптөр эчак жай алышкан арыда
Мүрзөдөгү аталардын жанынан,
Бир кездеги балдар өтүп карыга.

Ал гана эмес, мал жайылган кырлар да,
Азыр эми турат жаңы жыттынып:
Турмуш бизди зымыратат бир алга,
Тизгинде кол, үзөнгүдө бут талып.


Ахалтеке аты

Апкелди Ахалтеке тукуму атты,
"Так-так!" - деп, тынчтанууга буйруп аны.
Бир үзүм бороонбу же бурганакпы,
Козголсо, сапырылат куйрук-жалы.

Өңү да келген экен буурулунан,
Аз жерден өлбөй аман калган өңдүү
Бир жерде тура берип буулугуудан,
Так туйлайт жетекке да көнбөй жөндүү.

Жер чапчып, кулак түрүп, кошкурганда,
Бүркүлүп таноолордон жалын атып.
Бото көз булактардан коштурганга,
Окшотуп, эки көзүн жалжылдатып.

Жел ойноп туягынын учтарында,
Тазалык, сулуулугу табияттай.
Берип көр мейкиндикти учканына,
Э, досум, калам десең дайнын таппай!

Мен өзүм аттан алган маркабатты,
Толкунга салыштырам бүктөм-бүктөм.
Же бул бир ат түрүндө махабатпы,
Жомоктон же куюндуу желден бүткөн?!

Же бүткөн учкул кыял, көркөм ойдон,
Же нагыз сагынычтан азоо, таза?
Жөн эле өрт кеткенсийт бүткөн бойдон,
Көк тиктеп токтой калып азынаса!

Же мүмкүн, мунун баары жердин каны,
Жүгүргөн тамырларда оргуп каты.
Кошулган ага жана элдин жаны,
Ай бали, Ахалтеке - Түркмөн аты!...


Түпкө чейин

Байкасаң Ысык-Көлдө канча шоокум,
Жалт берип ала салып турган тынбай!
Антсе да жөн карасам канбас моокум,
Түрүлгөн толкун менен кошо жылбай.

Көл өзү жаңы ойгонуп, көзүн сүзүп,
Туманды, өңүрүндө түнөп калган,
Шамалы Балыкчынын тытып-үзүп,
Кез болот жылдыз эрип жерге тамган.

Аңгыча ак куу учуп, каздар конуп,
Уйкудан ойготууга бала "күздү".
Жыргалаң, жылан боор камчы болуп,
Бир салып "тыз" эттире талаа-түздү.

Толкундар түрмөктөлүп коюуланып,
Үстүндө ыр жүктөлгөн кеме болуп.
Чок-Талдан Түпкө чейин жол уланып,
Баратса, канбас беле моокум толук!


Акынга

Кунт коюп карап турсаң, сырты калып,
Мазмуну бат өзгөргөн биздин кезде.
Кылымдын тузун гана татып алып,
Сен кетип баратасың эскирбеске.

Көрө элек өзү жаккан коломтону,
Жашоону чындап баштай электер да.
Айрыкча жетине албай ушул жолу,
Бир бөлөк сый көрсөтүп келет сага.

Куюндай сапырылып чачың башта,
Аркырап доорубуздун шамалы урат.
Тырышып туугандыгын жашырбаска,
Тоолор да сага сыйлуу карап турат.


Ач талаа

Калган бейм табияттын каргышына,
Муунтуп, кекиртектен алып күнү.
Бир тамбай жайда жамгыр, кар кышында,
Айкырган анафема ачуу үнү.

Эриндей чарт жарылып кеберсиген,
Жел жүрөт жалын менен камчыланган.
Терисин сыйрып алып денесинен,
Өткөрүп кургакчылык маршын андан.

Турмуш жок: Бир кулаалы куш олтурат,
Бозоргон куу дөбөнүн этегинде.
Иши эмне алдындагы боз топурак,
Байыркы хандын шаары экенинде.

Кылчактап карап-карап эки жагын,
Шарт учуп жөнөй берди чабытына.
Ага да оокат керек, эч бир анын,
Иши жок жаткан жерде табытында:

А менчи? Мен күнөөдөн тазаланып,
Актоого өзүмдү-өзүм арзыйт белем -
Бирото бул жер менен жазаланып,
Темселеп кайра артыма басып келем.


Алгач

Өрөөнүнөн жашыл Алтайдын,
Угутумду түйүп белиме.
Улуу тоого чейин алпардым,
Уютку деп тууган элиме.

"Чатыр-чутур" күйгөн жалында,
Дүбүртүнөн азоо кошуундун.
Жер жатканда, окшоп жарылган,
Конушумду таап, кошулдум.

Бийик чоку, жыттуу арчадан,
Суусу түшкөн типтик куланып.
Көп кылымга кыйрап чарчаган,
Уругумдан жаттым уланып.

Жылдар чууруйт, тизгин кагышып,
Учурунда "Манас" айтылган.
Суулар тыңшап акпай калышып,
Тына түшөт жамгыр жаай турган.


Турсун

Штангистер оордукту алгандай,
Жерден жулуп кете аламын кайгымы.
Жаман-жакшы учурларда ар кандай,
Мен - комузмун, турган күүгө кайрылуу.

Кээде сага көрүнүп да, көрүнбөй,
Достук менен мээрбандык суранам.
Анан аны үйдө жалгыз эринбей,
Болом жердин тагдырына улаган.

Буга дагы турмуш өзү үйрөткөн,
Таап келип ийленбеген жеримен.
Кээде сенин колуңдагы күрөк - мен,
Шилеп жаткан, темирлерди эриген:

Мен бул жакта сөзгө айланган учурда,
Күн, суу менен кандыр дарак-багымы.
Мейкиндик бер куштарыма учууга,
Жылдыздар да турсун тегиз багылуу.


Эки деңиз

Минген атты дайрадан,
Мен сугарган тарапта.
Алма бышса кайрадан,
Буудай өсөт даракта.

Жерден туруп сунулган,
Колум менен ааламга.
Нан ордуна сугунам,
Жылдыз үзүп алам да.

Улуу Олимп тоосунан,
Одиссейге кезигем.
Тентип касы, досунун,
Чыккан эчак эсинен.

Өлө турган эмеге,
Суусун берип бир чыны.
Издейм түшүп кемеге,
Элладалык ырчыны.

Келсем, Гомер олтурат,
Көк деңиздин жэгинде.
Анык көсөө ал тура,
Бир кылы жок ээгинде.

"Одиссейге конушун,
Таптырбасаң эгерде,
Троянын согушун,
Сага ачам!" - дейм Гомерге.

Мен бересе, а сенби,
Окшоп менден аласа.
Айтпадың го: "Эсенби?"
Ал таарынды балача:

Кебим укпай деңизге,
Чулп деп кирип кеткени -
Эки деңиз эгизге,
Окшоп, күр-шар этти эми.


Арал жеринде

Барбай жүрүп сенден алыс болгону,
Мен жанымды сага канча учурдум.
Тапка келген шумкарымдай колдогу,
Бек кармоого тууган жердин учугун.

Окшойт кудум ырбап кеткен жараатка,
Сени катуу сагынганым шаарымда.
Эгер аны бөлүп-бөлүп таратса,
Жетээр эле сендегинин баарына:

Өмүр жолун басып эчен түйүндүү,
Келдим мына, куру келбей мен сага.
Ала келдим ат коө элек сүйүүмдү,
Ылайык деп Арал атын берсе ага.


Кээ бир кезде

Күндөр чууруйт, тез-тез берип кезегин,
Мүмкүн, бизге бүт боөгу жукпасы.
Кээде өзүмдү ишенимдүү сеземин,
Колго тийген окшоп жердин туткасы.

Көрөм анда болсо дагы оолактан,
Мазмундарын окуянын, күтүүнүн.
Адамдардын оюн кокус жолуккан,
Жандай көрүп Ата Журттун түтүнүн.

Бул учурдун ар тараптан жетилген,
Жандыргансыйм эчен түркүм түйүнүн.
Төшкө бекем кысып таза ниетимден,
Айтам ага асыл кебин сүйүүнүн.


Бир кечтин канатындай

Баратам жалгыз өзүм дүлөй жолдо,
Узун чөп, бак-шактуу, кең өрөөн менен.
Жайкысын биздин жердин көркү мол го,
Бүткөндөй "сүйүү" аттуу көрөңгөдөн.

Мендеги ага болгон кумарчылык,
Айланып сулуудагы көз карашка.
Алдымдан улам кетип, улам чыгып,
Алпарат багыт менен башка-башка.

Бир туруп алыс кетет, жакын келет,
Кубалайм улам кумар таратылбай.
Кучакка аны кысып жаткым келет,
Бир кечтин алсыз, сенек канатындай:


Гөте

Рейн суу шашып келип энтелеп,
Жай агыла сунган жерде аягын.
Сексен жашын жаш баладай жетелеп,
Гөте келет тык-тык уруп таягын.

Таш да, чөп да, жол боюнда камыш да,
Селт этишип жүзү менен бурулуп.
Ага дилгир баш ийкешип калышка,
Же калышка таягына урунуп.

Турса дагы өмүр жалгыз түймөдө,
Келет анын сеңселген ак чачынан,
Шоола жанып, ал аркылуу дүйнөгө,
Күн сыяктуу булуттардан ачылган.

Бул биринчи чыгышы эмес үйүнөн,
Анда неге карайт баары курчалып?
Ал чынында жадап ырдан, сүйүүдөн,
Жаткысы бар түбөлүккө тынч алып.

Каухар окшоп жалт-жулт жанат көзүндө,
Сан кылымга сакталуучу арааны:
Менин болсо эс тартканы эсимде,
Келе жаткан Гөтенин алп карааны.


Келгенбиз

Дайым тынбай кандуу кагыш башталып,
Жарк-журк этип ойноп найза-кылычтар.
Чапкан сайын денедеги башты алып,
Өзүн-өзү кырып келген кыргыздар.

Тагдыры да өзү мисал түнт эле,
Ошол кезге жетип анын убалы.
Жалгыз калып тентигенин түпкү эне,
Калган айтып кылымдардын дубалы.

Бирок да жок коломтосун жоготкон,
Ал булатты Ата Журттун түтүнүн:
Биз келгенбиз чындык менен жомоктон,
Бирдигинен чыдоо менен күтүүнүн.


Юлий Цезарь

Мен бир кезде көп окудум тарыхты,
Артык көрүп башка бардык илимден.
Ал аркылуу арылтып бүт жарыкты,
Кайттым кайра байыркы карт Римден.

Мен Римде окуп гексаметрди,
Парнас жакка барчу төтө жол көргөм:
Чиркөөсүнөн чыгып ыйык Петрдин,
Юлий Цезарь өзү мага кол берген.

Ошондогу жайдын жумшак кечинде,
Күн ордуна күйүп турду көздөрү.
Сен Апполлон, мейлиң кечир, кечирбе,
Ар нерсенин бар эмеспи өз жөнү?

А сен болсо мени мейман деп санап,
Өзүң келип колуң бердиң, ырахмат!
Тирүүлүктө бардыгынан сый кымбат,
Ансыз алыс алпаралбайт бир атак...

Айтылбады андан башка кеп артык,
Айыгышкан кармашында өз ара,
Анын оттой жаштыгына жан тартып,
Мен жакшылык каалап кеткем Цезарга.


Менин философиям

Бечара менен карыпка,
Менде бар чексиз жан ачуу:
"Ал үчүн мени барымта,
Алсаң ал!" - дешке жарачу.

Бир сырдуу болуп жан сакта,
Жаңырса мезгил жаңыраар:
Айрыкча бийлик мансапка,
Жутунбас байкуш жаным бар.

Кай бирлер колун шилтешип,
Күлүшөт мага: "Бош, уяң!.."
Ансайын укпай тил тешип,
Дүкүйөт философиям.


Биз - ветерандар

Мейли алдыбыз бардык дейли сексенге,
Артыбыздын жашы мейли элүүдө.
Буйруганын жашап, мөөнөт жеткенде,
Бизге болот кам санабай өлүүгө.

Анткени биз денебизден өткөрдүк,
Кыргындарда коргошунду, темирди.
Өлбөсөк да эчен жерден көктөлүп,
Биз актадык бул берилген өмүрдү.

Кийин-кийин азыркыдан жүз эсе,
Эскерүүлөр болот бирге биз менен.
Анда биздин атыбызды издесе,
Табат жалаң эрдик аттуу тизмеден?!


Мезгил дарылайт

Кеткен окшоп жандан эчен жарака,
Ырпым куруп калды, чыкпай дагы ырым.
Күйүт деген караңгы, түнт тарапка,
Алып келип таштап атты тагдырым.

Жүрөгүмө тырмак салып матырып,
Калбыр кылып кайра берди калганын.
Же бирөөгө даттана албай батынып,
Өзүм менен өзүм бекип алгамын.

Дарысынан татпай доктор, табыптын,
Жатып-жатып бир күн элге кошулам.
Таппай жатсам: "Мен эмнеден айыктым?"
"Мезгилден" - деп, айта койду кошунам.


Сапарда

Жамгырдан соң жаткан эле курганбай,
Жол боюнда жаш чөп, жашыл тал арбын.
Окшойт бирөө мени карап тургандай,
Күлмүңдөгөн көзү менен алардын.

Тааныш чыгаар же чоочундур бир бөлөк,
Ким турса да жүзүн ары жашырып.
Ак тилектен каалап турган өңдөнөт,
Азыр мага ак жол жана жакшылык.

Аны сезсең ойдо калсын кайдан кир,
Кубангандан жылмайганым тыйылбай
Келем жолдо: А чынында бул да бир,
Табияттын тарткан улуу сыйындай.


Трубалар

Мен бир ирет болгонум бар Хатында,
Андан бери аны көрөм түшүмдөн:
Коңгуроолор кагып ар бир саатында,
Окшойт аздан ал күндөргө түшүргөн.

Түшкөнсүйсүң трубалар аркылуу,
Кочкул тартып куйкаланган жалынга.
Жүрөгүңдө: коркуу, аөо, тартынуу,
Сени таштап качкан окшоп жаның да.

Жок үйлөрдүн коломтосун күзөткөн,
Трубалар - ал тозоктун керээзи.
Ар адамдын жоо колунан көзү өткөн,
Аты-жөнүн айтып калган жер өзү.


Баралбайм

Тулаң бийик жайлоодо,
Бий үйрөтүп жел ага.
Кулун турган байлоодо,
Сүт жыттанат желе да.

Үй жанында атан төө,
Турат кепшеп, үргүлөп.
Балалыгым, ит - экөө,
Моюндашып бир жүрөт.

Көрө коюп сай жакта,
Уйду музоо эмгенин.
"Жубарымбек каякта?!"
Үнү чыгат эненин:

Барайын дейм, бара албайм,
Айтайын дейм, айталбайм.
Кабар гана бар андан:
"Алдым, кайра кайтарбайм:"


Сократтын жообу

Мен жаралып Прометей отунан,
Түшпөс болуп дүйнөлүк туу чокудан.
Ыйык десең ыйык дагы, улуу да,
Сен бараткан жолдо күтүп олтурам.

Мен оболу баш тарттым да бийликтен,
Даңкты таптым кылымдарга дүүлүккөн.
А турмушта бир жөнөкөй адаммын,
Сен сыяктуу катын-бала, үй күткөн.

Дүйнөдөгү болгон бардык дарыдан,
Ойлор күчтүү оту менен каарыган:
Сага бирөө ишенбесе, сура де,
Сократтай, жер сыяктуу карыдан.


Күзгү

Жер менен бир жашоочу туугандашып,
Учуруң азыр кайда экенине.
Көз жетпей, өмүр эчен кырдан ашып,
Чыгаарда бүгүн анын этегине.

Жакшылап карап алгын да бир ирет,
Турмуштун тунук, таза күзгүсүнөн.
Өткөнүң болуп жазуу, болуп сүрөт,
Көрүнөт кайра сенин өз жүзүңөн.

Көрүнөт тууралык да, жаңылыш да,
Жаныңдын мезгил менен үндөштүгү.
Өмүрдү кайра баштан жаңылашка,
Аттиң ай, арман болор күн кечтиги!..


Жолоочуга

Бул үйдө чебер уста жашап турган,
Жан берип темир менен жыгачтарга.
Акыркы таарындысы ашып кырдан,
Кулаган ашуудагы аппак карга:

Балким, бул өз тагдыры чыгаар анын,
Мен анын буюмдарын таанып айра,
Эсимден бирден санап чыгарамын,
Кийрүүгө шамалдатып алып кайра:

Устанын жаны булар: Ээсин жоктоп,
Үй-музей кайрылат деп, карайт кырдан,
Жолоочу кол бере кет, ага токтоп,
Мезгилде кыялдардан учкан ылдам.


Болсом кана

Толгоп күүгө келтиргенин кеч билдим,
Мени кыргыз комузунун үч кылы.
Болсом кана зымыраган мезгилдин,
Туягынан чыккан оттун учкуну?!

Мен чаңкасам канганымча сугарды,
Биздин жердин кымбат, асыл маңызын
Ала келген азоо, тунук суулары,
Биринен соң берип башка, жаңысын.

Жатат күндөр мага бирден урунуп,
Өздөрүн да, өмүрдү да түгөтүп:
Калса кана жаңырыгым угулуп,
Тоолорумда турган үмүт түнөтүп?!


Айрыбасын

Жылдарың жетсе дагы канча санга,
Өмүрдүн бүтпөгөнсүйт баары акталып.
Адамга жарым-жарты ачылсам да,
Бергим бар табиятка баракталып.

Сыйлашуу кээде жетпей, кээде жетип,
Адамда дайым турат эсеп-кысап.
Дооматсыз качан болсо эркелетип,
Табият бизди бекем төшкө кысат.

Ким билбейт ак каранын айырмасын!
Табият - махабатым, куштарлыгым.
Тагдырым угузгандан айрыбасын,
Жазгысын сайрап чыккан куштар ырын!..


Өттү-кетти

Өттү-кетти көп жылдар,
Окшоп жазгы ташкындар.
Калды ийинде салмагы,
Баскан өңдүү таш-кумдар.

Жатат өтүп карт жылдар,
Ыкшоо тартып арткылар.
Жүгү дагы азайып,
Алар жонго артынар.

Жылган суудай береги,
Жылдар өтө береби?
Адамдын да турмушка,
Аз өңдөнүп кереги!

Турса жылдар тизилип,
Калат токой түзүлүп.
Мен жөлөнүп бирине,
Тиктейм ойлуу сүзүлүп:


Жол

Беш мүнөт, он мүнөткө мен бир жолу,
Өзүмдү мындай бөлүп алсам ырдан.
Окшоймун жолоочуга өткөн жолду,
Үңүлүп, ойлуу тиктеп турган кырдан.

Жолдорум, жаным сүйгөн кыйбас нерсем,
Өмүрүм алар менен жылжып аккан.
Бүтүндөй бир дүйнөмдү ага берсем,
Бүтүндөй бир дүйнөнү андан тапкам.

Жолдорум - менин киноленталарым,
Түрүлгөн, бир жак учу мага жетип.
Өмүрдү эгер келсе кайталагым,
Жандырам, өтө берет мелт-калт этип.


Тбилиси госпиталында

Асылып араң турат жаным жипке,
Кылт этсе, бүттү дароо үзүлөрдөй.
Тагдырым мага басып келчи тике,
Өлгүм жок да бир ирет жүзүң көрбөй!

Төшөнчүм - алды-үстүмдө аккан каным,
Жаткансыйм мен энемден жаңы туулуп.
Бар-жоктун талашында калды жаным,
Ажал сен, менден аны кетпе сууруп.

Түңүлүп, таштап атып көр оозунан,
Бу жолу тагдырым да менден безген:
Ошондо: "Уулум ай!" - деп, мага сунган,
Мээрман Грузия колун сезгем.


Жоогазындар

Күн - аптап, каалгып учкан ак куш болуп,
Сездирбей деле канат сермегенин,
Акырын эки ийниме алат конуп,..
А, көөнүм какшып турган жерде, менин.

Суу үчүн өзү берген ар бир кашык,
Асмандын жерден алаар соогаты бар.
Тоо жакта күн көзүнө жалжылдашып,
Карашат жаңы ачылган жоогазындар.

Алардын жылмайганы жаңы, таза,
Сеземин арасында мен бар окшоп.
Жалдырап тилеп келем: "Жамгыр жааса?"
Кайдадыр көк дүңгүрөйт, мени коштоп.


Акын

Учуудан анча-мынча талса канат,
Бук болуп боздоп турган жүрөк ыйын.
Муунтуп, ичте тыйып таштай алат,
Ар качан акын жолу татаал, кыйын.

Ырда бар сүйүүлөрдөй жалын арбын,..
Болсочу жаңы гений жолуккудай.
Көзүнө көрүнмөккө башкалардын -
Жөнөкөй адам, бирок болуп кудай!

Жылдызым бар

Башталган өмүрүмдүн учу мында,
Жер ушу мени аяган жаны күйүп.
Бир гана анда жүргөн учурумда,
Өзүмдү бул дүйнөдө сезем бийик.

Билип кой, менин дагы жылдызым бар,
Бийикте, үстүңдөгү асманыңда.
Алдыңа төшөлсөмбү көрпө сыңар,
Болсун деп жайлуу-жумшак басканыңа.

А бирок анталбаймын: Өзүң менен,
Жан сүйгөн жерге болгон карзым үчүн.
Актанып жатам жалаң сөзүм менен,
Колдо жок башкасына жетпей күчүм:


Лайнер

Зып этип атып чыгып кетти тике,
Кыялдын жүрчү жалгыз жолу менен.
Ийнимди такап алып мейкиндикке,
Мезгилди апчый кармайм колум менен.

Сапарды биз өзүбүз көздөп учкан,
Жеп жатты, чарык жиптей мотор түрүп.
Мезгилдин жебелери ойдон ылдам,
Алгансыйт артыбыздан кууп-сүрүп.

Максатты ал аңгыча колго берет:
"Аэропорт: Мына келип калдык!" - дешти.
Учаарда биз узатып койгон элек,
Коноордо тосуп алдык ошол кечти.


Келме-кезек

Сааттар соккон сайын чык-чык этип,
Өмүр - суу, ага берет жылжып аздан.
Ансайын тагдырыңдын тынчы кетип,
Өкүнөт жылдарына кулап жаткан.

Артына кайра экинчи кайтпайт өткөн,
Баары да бул дүйнөдө эсептелүү.
Сааттын үнү чыгып улам өктөм,
Эскертет бар экенин кезек берүү.

Пайда жок кутулмакчы далбасыңан,
"Бүттү!" - деп саат какса акыркы ирет.
Сени алып кетип жаткан "дарбазадан",
Жулкунуп дагы башка бирөө кирет.

Чектелүү ага дагы берген мөөнөт,
Ага да жашоо керек тынчы кетип.
Өмүрдү жаткан окшойт аздан өөнөп,
Сааттар кагып турган "чык-чык" этип.


Токтогул

Тоолор мына экиге тең жарылган,
Ортосунан жол бошотуп дайрага:
Келип турду арык, ачка, жарым жан,
Анча ишенбей келгенине кайра да.

Сүргүндөгү чынжыр буттан жулунуп,
Бошонгуча өмүр канча кемиген!..
Ушул азыр суудан урган жылуулук,
Келгенсиди энесинин деминен.

Көпкө тиктеп бир боорундай Арымын,
Тебетейин малып ага аңгыча,
"Каймагынан" көбүктөнгөн шарынын,
Жутуп жатты кусалыгы кангыча.

Жерден алып, анан жумшак сылады,
Комузунун чаңдуу, назик кылдарын:
"Токомсуңбу?" - уккансыды кулагы,
Үн катканын тоолор менен жылганын.

Кубангандан санаа санга бөлүндү,
Жашы чууруп сакалынан карынын.
"Ай, кудай ай: Акыр келчү өлүмдү,
Айтсын сенден Ала-Тоом, Арымым!.."


Каруу жолунда

Өзүмдөгү кыйбастардын баарысы,
Кымбаттардын, асылдардын баарысы.
Барат тиги батып жаткан күн менен,
Маалим болуп мага тоскон далысы.

Шахта сындуу менин азыр өмүрүм,
Оюп-казып, үңүп бардык өңүрүн.
Алып кетип алтын менен күмүшүн,
Албай таштап кеткен жалаң көмүрүн.


Эски картина

Жайдын кечи: Бир карыя кечиккен,
Эшек минип жетелетип балага.
Кыйгап өтүп барат эски мечиттен,
Жалгыз турган элсиз ээн талаада.

Турса керек аба шывак жыттанып,
А батчу күн өрттөн бетер албырат.
Андан түшкөн учкундардан тутанып,
Күйгөн окшойт күрөң-кочкул жалбырак.

Тынбай учуп жүргөн ушул кечтеги,
Угулгансыйт чымын-чиркей үнү да:
Карыя да эшек белин чечпеди,
Кууп-сүрүп келген үчүн түн удаа.

О, кур пенде! Көр оокаттын камында,
Жанды сабап, чамаң келбей уктаарга,
Улам жаңы үмүт ойноп каныңда,
Тартыласың алтын алыстыктарга!..


Да бир күн

Да бир күндү чуркап жүрүп жөнөттүм,
Демейдеги көп күндөрдүн бириндей.
Ал кетсе да өтөп бардык мөөнөтүн,
Мага калды бир мүнөтчө билинбей.

Ачмак тургай анын ички сырын да,
Кармай албай калдым сунган дос колун.
Батар кезин көрүп тоонун кырында,
Атам азыр өлгөн окшоп боздодум.


Кирген суу

Кыш бою былк этпестен жатып ылгый,
Жылт коюп качып чыгып кар астынан
Түз эле боюн таштайт тип-тик ылдый,
Түшүнүп... ал ошого жаратылган.

Кээ жерди буйтап өтүп, кээсин ашып,
Көөнү шат кыткылыктап, кутулганга.
Өз теңдүү курбуларга кол кармашып,
Күүлөнүп барат, окшоп кутурганга.

Баратат ташка урунуп, күрс-тарс этип,
Агымы ак жон тартып буура жүндүү.
Караган-бута калбай кошо кетип,
А түгүл, сермейин деп көктө күндү.

Жарылып, күү-шаа түшүп, кайнап-ташып,
Кызылдай кирип кыргын салгылашка.
Жарк-журк деп чагылганга атаандашып,
Өзүнө жээк ачып жаңы, башка.

Канчалык арткан сайын өжөр каары,
Үзүлүп түшүп куштун канаттары.
Бир тийип жылдыз сынып быркыранып,
Бары да чаң-тополоң андан ары:

Караандар тарпаң-турпаң бийлеп бууда,
Күч алып ый-өкүрүк, онтоо-боздоп.
Жаралып жаткан окшойт азыр сууда,
Алиги, акын Данте айткан тозок.


Чөлдөгү станция

Ар-ар жерде эрмен, шыбак эрбейген,
Башкадан жок, башкасы бүт топурак.
Станцияда жаңы темир жол келген,
Жалгыз там бар, да бир боз үй олтурат.

Үй түбүндө турат эски араба,
Тарпы чыккан "тигишинен" сөгүлүп:
Талаа купкуу кай тарапка караба,
Анан да күн, жаткан агып-төгүлүп.

Жандык да бар жайылган жол алдында,..
Эт - ширелүү, сүтү да мол каймактуу.
Жыты менен даамы башка нандын да,
Күн бышырып берет, демек, аймакты.

Ичип-жей бер, турмушуңдун баары күн,
Бар керегиң - жалаң күндүн нурунан.
А түнүндө ай бир чачат жарыгын,
Сен окшойсуң сүт көлүнө урунган!..

О, чөлдөгү күнгө тойгон станциям,
Ашкан сый жок кайра сага жеткенден.
Кызганамын, эгер сени кызгансам,
Да бир мендей ырга таазим эткенден.


Поезд окшоп

Алып келип койгон платформага,
Поезд окшоп турмуш түндө токтолду.
Планета тек өзү салт, жөн гана,
Караңгыга сүңгүп кирип жок болду.

Турмушка да адамдардын өзүндөй,
Керек чыгаар кезегинде дем алуу.
Ай-жылдыздар караңгынын көзүндөй,
Күзөтүшүп туруп калды эми аны.

Түн тартиби катуу дагы, кыска да,
Эң оболу ал каалабайт жарыкты.
Уйкуну да берип бир-бир нускада,
Таң аткыча ишсиз коөт тарыхты.

Кийин-кийин таң кылаят, мезгилдин,
Сүттөй аппак жана таза жүзүндө.
Жөнөйт эми жолун улап өзүнүн,
Турмуш - поезд, турган соңку изинде.


Нойгуттар

Талааларды атынын,
Төрт туягы ийлеген.
Жаасы жоктур атылып,
Кароолуна тийбеген.

Жоокерчилик өнөргө,
Арнап каны-жанын да.
Кыңк этпеген өлөөрдө,
Окшоп кызы Жаңылга.

Жылмаюусун жүзүнөн,
Албай дагы бир азга,
Анан барып үзүлгөн,
Анты бардай мураска.

Карт тарыхтан чийилген,
Болсо дагы өздөрү.
Суур казган ийинден,
Карагансыйт көздөрү.

Жашаар элем

Кеме мисал гавань сайын токтолуп,
Жашаар элем өзүмдү-өзүм шаштырбай.
Бирок күндөр тобу менен жок болуп,
Эскиликке өтө берет, жаш турбай.

Самолөттой коно берген шашылбай,
Туура келген аэропорттун баарына,
Жашаар элем, бирок гүлдүү жашыл жай,
Өтөт ылдам кайра кыштын каарына.

Мен турмуштун этегине илээшип,
Ал шашылса, мен да кошо шашылам:
Улам кийрип күндөр ачып бир эшик,
Өмүр калат тоо артында жашынган.


Тынчтык

Келемин тааныш жол менен,
Алдымда Донец дайрасы,
Бир кезде мында жоо менен,
Болду эле кандуу таймашуу:

"Өлүмгө - өлүм!" аталган,..
Окко учуп далай досторум.
Айрылган окшоп атамдан,
Анда мен канча боздодум!

Азыр да жаным кейиштүү,
Калмаксың кайдан жөн көнүп.
Алардын жаткан бейити,
Жерде эмес, менде өңдөнүп.

Жеңиштин элүү жылына,
Мен алар менен келемин:
Жүрөктүн улуу кылында,
Жаңырып: "Тынчтык!" - деген үн.

кирген суу

Зоону жолдон жоготууну жөн көрүп,
Дайра тийип экиге тең бөлүндү -
Чабуул койгон аттуу кошуун өңдөнүп,
Карабаган: "Өмүрбү же өлүмбү?"

"Качыр эрте!", "Өлтүр кана!", "Кырып сал!!",
Жер жарылган ач кыйкырык, чуу чыгып.
Так төбөдө ойноп "найза, кылычтар",
Капчыгайдан калды кара буу чыгып.

Бирок бул зоо эркин жаткан өлкөдөй,
Бейпилдикте болгон жобо-жосуну.
Эми милдет - ичти карай өткөрбөй,
Ойрон кылуу басып кирген жоосун бу.

Кол соңунан самсып башка кол чууруп,
Жаңырыкка жаңырыктар уланды.
Ээсиз калган аттар үркүп, кошкуруп,
Шалак-шалак баш денеден кулады.

Курал-жарак, үзөңгүлөр кагышып,
Өкүрүк-ый, онтоо-боздоо күч алып.
Эки жак тең жандан безип карышып,
Күңгүрөнүп жер азалуу күү чалып.

Үстү-үстүнө ураан таштап жаалашат,
Соккудан соң жаңы сокку урулуп.
Адыр-кырлар селейишип карашат,
Айла кетип заманасы куурулуп.

Ал аңгыча күн батууга аз калды,
Көчүргөндөй ошол асман өртүнөн.
Айландыра курчап бийик асканы,
Бир көл жатты кандан бүтүп, көлкүгөн.

Айылым - күзгүм

Көп ойлоп жаным бүгүн куса мында,
Кантти экен менин айлым мен жогумда?
Турчу эле Талас өрдөп Суусамырга,
Бараткан Чат-Базардын кан жолунда.

Билемин азыр анда түшүм маалы,
Ойнолуп музыкасы жатат күздүн.
Ыргалып аркы-терки толкуп баары,
Алтынга жалаткансып жердин үстүн.

Сап куруп, курал жанда, кылыч кында,
Бир кылка кызыл жүздүү, кыл муруттуу.
Сан-түмөн солдат окшойт эгин мында,
Көрсөтүп алдуу-күчтүү Ата Журтту.

Жалмалып, комбайнга таштап боюн,
Артында "чачы алынган" аңыз калып.
Тыпырап, дандар туйлап, салып оюн,
Куюлуп бункерлерге алыс барып.

Чынында түшүм жыйноо - жыргал түйшүк,
Мол болуп оруп алар, ташып алар.
Быкылдап кумурскадай кайчы өтүшүп,
Дан ташып сабалашкан машиналар:

Болалган мол булагы берекенин,
Жытында өзүм бармын ошол күздүн.
Күз менен айлым турган жер экөөнүн:
Анткени менин айлым - менин күзгүм.


Жамгырдан кийин

Кайра ордуна туруп калды,
Асман жана эриген.
Күн каткырат, булуттарды,
Көсөп бардык жеринен.

Жер бүткөндүн баары "көз жаш",
Тамып жаткан, кулаган.
Жол боюнда жаткан көк таш,
Түтүн окшойт булаган.

Көйрөңдөнөт көк тулаңдар,
"Мончок", "шуру" тагынган.
Суунун үстү ак кылаңгыр,
Алар - сынган чагылган.

Кашатында мажрум тал,
Карап турсаң элесин.
Суудан чыккан сулуу мисал,
Чачы чүмкөп денесин.

Жаратылыш жаңы, таза,
Жаралгандай кайрадан.
Сайда суулар сайраңдаса,
Куштар жыргап сайраган.


Өрдөштө

Аңгыча кирип келет кеч апсайып,
Суу ташып, экиленип курчуп улам.
Ай туруп, кулап кетет ары тайып,
Асканын эң акыркы урчугунан.

Бадалдуу капчыгайды жиреп жарып,
Күтүрөп өрдөп калың жылкы барат.
Мөңгүнүн муздак жели аңдып барып,
"Ар" этип жал-куйруктан жулкуп алат.

Колотко суусап төмөн түшүп келген,
Көгүлтүр булуттарды өргө түртүп.
Баратат бейкам жерде түйшүктөрдөн,
Кошкурса, таноолордон жалын бүркүп.

Баратат бийиктердин жетегинде,
Ай жеткен жерге барып токтоо үчүн.
Кар менен музга бышкан бетегени,
Асманга кошуп аткып оттоо үчүн.

Чыйрыга канып түнкү сыдырымга,
Жамынып жылдыздардын нурун жумшак.
Дүйнөнүн окшоп тирүү сыныгына,
Жылкылар кыр башында калат жуушап.




  Китеп_тизме: 



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0777) 329784
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат