![]() | Уважаемый читатель, если желаете получить книгу полностью, то нажмите сюда .. | Урматтуу окурман, китепти толук алам десеңиз, ушул шилтемени басыңыз.. |
| Элдар Аттокур Ырлар жыйнагыКымбаттуу окурман! Ушул күндөрү дүйнө эли менен бирге жаңы миң жылдыктын босогосунда жашап жатабыз. Бул жүз жылдыктын башы Кыргыз элине бир топ коомдук өзгөрүүлөрдү алып келди. Буга бардыгыбыз күбө болуп жашап жаткандыгыбыз чындык. Биз руханий бийиктигибизге, улуттук көрөңгөбүзгө жана байыртадан түптөлүп келе жаткан жазма адабиятыбызга салым кошуу максатында 2003-жылы көгүлтүр Ысыккөлдүн жээгинде "Дебют-I" жайкы мектебин уюштурганбыз. Чоң ыраазычылыгымды билдире кетсем, ал жайкы мектепте Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмерлерибиз: Кыргыз эл акыны А. Өмүрканов, эл жазуучусу К. Жусупов, драматург М. Байжиев, кинорежиссёр 3. Эралиев, адабиятчы М. Рудов, жазуучу А. Сорокин, философ А. Брудныйлар Кыргызстандын ар тарабынан келген жаш калемгерлердин чыгармаларын талкууга коюшуп, талбай эмгектеништи. Ар күнү убакыт-сааты менен ар тармактуу сабактар өтүлүп, жаш калемгерлердин бош убактыларын талаага кетиришкен жок. 15 күндүк жайкы мектеп аяктагандан соң, келечектен үмүттөндүргөн жаш калемгерлердин чыгармаларын конкурска койдук. Ошол конкурска катышкан жаштардын чыгармаларын кыргыз, орус жана англис тилдеринде котортуп бастырып берүүнү өз жоопкерчилигиме алып, "Алманын мөмөсү" аттуу альманах китепчесин чыгарттырып бердим. Чыгармачылыктарын колдоо максатында конкурска катышкандардын ар бирине акчалай түрүндө жардам көрсөтүлдү жана конкурстан "Эң жакшы поэзия" деген Эларалык Айтматов дипломун жеңип чыккан жаш акын Элдар Аттокуровго акчалай сыйлыгы менен кошо диплом берилди. Ошол биздин бүтүрүүчүбүз Элдар Аттокуров автордук биринчи китепчесин котормосу менен эл алдына даярдап жатат. Айтарым: ак жол сага, жаш акын! Элдик акын болушуңа тилектешмин! Эларалык Айтматов Фондунун президенти: Чыңгыз Төрөкулович Айтматов Көл-дайраңдан, тоо-ташыңдан куралган, Ата-Мекен! Өзүң үчүн, чыгармам... (автор) Айдагы кыз Чаңкаганда дайра болуп акпадың, Кесирленип ак сүйүүмдү аттадың. Ишеничти кең мухиттей керилген Чаңга жууруп, таштак жолго таптадың. Билдиң бекен ыйык шамдын өчкөнүн? Гүл ордуна көк тикенек өскөнүн? Баёо жаным башта неге сезбеген Бийиктеги Ай көлчүккө чөккөнүн?! Кеч да кирбей, кеч кирсе, же таң атпай, Адат таптым ойго салчу жадатмай. Сүйүү үчүн текке кеткен убакыт Бир дем менен тез окулган барактай. Кызганычтан жансам дагы түйүлгөн, Арсыз жандай алдыңда, жок, ийилбейм! Кучагында тургандырсың башканын Калыбыңда мурдагыдай сүйүнгөн. Бүтсө дагы бизде сүйүү майданы, Унуталбайм жамалыңды жайдары. Бала кезги жомогума ишентип, Жашап калдың сен кыз болуп Айдагы. Кыялымдагы жылдыз Айыкпаган дарт түшүрүп ооруттуң, Оңолбодум, бирок, аз-аз соолуктум. Томкорулуп тоо тийсе да, кенебес Бейпил элем, кайдан сага жолуктум?! Калса болмок, ошол сүйүүм жаралбай, Сүйөм дедиң, бирок, койдуң жаналбай. Ортобузду бөлүп турган суздуктан Махабат да кетти жарык табалбай... Көргөн кезде көзүңө эле арбалдым. Ырга айланып канча сага арналдым!.. Көңүл отун кунунча да көрбөдүң, Саамайыңдан түшүп турган тармалдын... Китептерди ачкан кезде барактап, Көп окуя окулмак да, таң атмак... Эмнегедир чыгыш жагым бозорот, Мен сүйүүнү бүткөн окшойм барактап... Түшүп турат азыр менин асманым, Аңдаганга жалгыз калган аскамын... Кыялымда жылдыздарды чогултуп, Жетпеген соң, жерге күбүп таштадым... Махабат жүгү Оо, Жараткан, колдо мени, зар кылба, Кейиптентпей эшиктеги жамгырга?! Көксөгөнүм - ошол жалгыз махабат, Башка жанга бакыт кылып алдырба?! Кең ааламдан аба жетпей тумчугам, Саатым болбойт сени ойлобой тынчыган. Окшоштуруп сага далай кыздарды, Ашса аштым Толубайдай сынчыдан. Кете албадым жүзүм буруп өзгөрүп, Дале жүрөм бут алдыңда өкчөлүп. Айла таппай аргасыздан көтөрөм, Махабаттын жүгү менде төөчөлүк. Көптөр айтат "жетпей калуу - сүйүү" деп, Жетпей калса, сүйүүгө ким сүйүнөт?! Сенсиз, жаным, түбөлүккө кор болор Сол жагымда согуп турган түйүм эт... Жаш экенсиң! "Арак болдуң куюлган бир кеседе. "Пахмел" таппай башы ооруган немедей Баш айланып басып калдым көчөңдө..." Сенде сүйүү болсо гана! Тырмышып жетпей келем Эңсеген арманыма... Жаш экенсиң! Баркымды билбей мыш кылдың, Теңебей бармагыңа. Биздин от жанса гана! Тамызгы болуш оңой Чын сүйгөн ардагыңа. Таш экенсиң! Туруштук бере албадым Сен салган салмагыңа. Сен сүйүп турсаң гана! Мен жылан болсом дагы, Жыпжылуу кирер элем кучагыңа... Куу экенсиң! Алданып калыптырмын, Байкатпаган сыйкырдуу тузагыңа. Туруптурсуң, түтпөй бардым. Уурданып көз салганча Кайрылып тиктей калдың. Пери экенсиң! Бах! - этип тамшанам деп, Эрдимди тиштеп алдым... Көлдөгү кыз Көл жээгинде турат сулуу кыз, Көздөрү бар жанган үмүттүү. Кубалашкан майда толкунга Ал таратат куса-күйүттү. Тең жартысын Айдын сугунуп, Көл жутунат чексиз асманга. Бет алдынан муздак жел урду, Көл толкуну бийик чачканда. Ай жартысы атар таңга окшоп, Саамайында жылдыз төгүлөт. Кыздын чачы айга чагылып, Көл да, кыз да сырдуу көрүнөт. Алдабаймын, ал анткени, мени Мен! "Бир сендеги ыйык нерсе - ишенич, Алданбагын балдай таттуу тилге да! Жакшы адамдан кетирсең сен ишенич, Жакшы адамсыз жашап калат дүйнө да..." Кай бир кезде кабар келбей сен жактан, Жетким келип ошол жакка тартылам. Кубанарым, суранарым бир гана: Мени күтпөй, издеп келчи артымдан. Сен көп эмес, мен көп эмес дүйнөдө Жаралганбыз кайталангыс жан болуп. Күндө бирден тандап сулуу өпсөм да, Бир өзүңдөй калбас мага жар болуп! Жалгыз өзүң болуп мага таң чолпон, Жүргөн элем нур жүзүңө арбалып. Бармагымды кырча-кырча тиштедим, Калган кезде жаным сага алданып. Сен таарындың, мен дагы издеп барбадым, Өтүп кетти көп убакыт байкалбай. Жүргөндүрсүң сен да мендей күрмөлүп Бир ооз сөздү кечирчи деп айталбай... Мен сүйүүгө жолугамын деп жүрүп Жеткен элем, ал баркымды билбеген... Азыр болсо мен өзүмдү сүйөмүн, Алдабаймын, ал анткени, мени Мен! Таарыныч "Ойлонбостон менчик кылып өзүңө, "Мен сендик" деп чекит койбо бүтүрүп. Бир айтайын, кулак салчы сөзүмө?! Жашаш кыйын мени мендей түшүнүп!.." Бирибиз - жер, бирибиз - көк болгонсуп, Тирешебиз, кимдер үчүн билбейбиз. Бул бир келген ак сүйүүнү барктабай, Акыр бир күн кара көөдөй кирдейбиз. Бирде бойду, бирде ойду теңейбиз, Күрөшөбүз, бирибиз да жеңбейбиз. Көктүк менен өткөрсөк биз күндөрдү, Ак сүйүүгө кайрылып эч келбейбиз. Таарынычтан качан биз бир токтойбуз? Чындап эле көктүн көгү окшойбуз... Күндө аздап кемип жаткан сүйүүнү Акырында таппай калып жоктойбуз!.. Мен сени жүрөгүмдө багалбадым "Адам - акыл бардыгын билсе болот, Темирди да кызытпай ийсе болот. Жаѕылып калбаш үчүн бул жашоодо, Жаѕылып калгандарды сүйсө болот" Билбеймин, мен эмнеңе алданганмын, Көзүңдөн жылуу учкун табалбадым. Капастагы куштай кылбай учурдум... Чын, Бапестеп жүрөгүмдө багалбадым. Мен анда сезимдерден жаңылганмын, Санаадан канча жылдар арылбадым. Бакырайып тиктеген карегиңден, Өзүмдү канча издедим - табылбадым. Ортобузда эч нерсе болбогондой, Өзүѕсүз жашоом дагы оорлогондой. Ханга-бийге баш ийбес жүрөгүңдү Болбойт тура ар ойго болжогондой. Таткандан соѕ сыйкырдуу сүйүү даамын, Тамшанып күндөн-күнгө куруудамын. Туйлаган жүрөгүмдөн орун таппай, Болгону сага жазган ырымдамын. Бакытка, байлыкка да керилбедим, Сүйүүдөн жеңбедим, же жеңилбедим. Болгону сага арнаган саптарымды Түн бою жазуудан эч эринбедим. Басылбай бизде канча сапар калды, Чырыбыз күндөн-күнгө катарланды. Өзүңсүз өтө турган ар күнүмдө Билбепмин азап менен атар таңды. Жоготтук, жоготконду табуу кыйын, Таарынычты жүрөктө багуу кыйын. Оозу бүткөн жараны кайра чукуп, Ийне менен оорутпай жаруу кыйын. Тагдыр тасмасы! Беш манжаңдын салаасында ойноттуң, Түн уйкумду бузуп далай ойготтуң. Үйлөнүүгө бүт ниетимди койгондо Ортобузга бийик дубал орноттуң. Чыкпай дайым сен жөнүндө болжолум, Кээде урушуп, кээде жайкап оңдодум. Анда деле капар салып карабай, Салдың солго, турса дагы оң жолуң. Сен алыстап менден кача баштадың, Же туйдуңбу жат буудандын таскагын... Мен сүйүүгө ошол бойдон калсам да, А өзүңө өзгөрүлгөн башкамын!.. Тартып жүрүп узун чачтын күйүтүн, Өчмөй болду жашоодогу үмүтүм... Кудай өзү арачалап, эртерээк Угузса экен эркин жашоо дүбүртүн! Канча күйгүз, канча өрттөгүн, жанбаймын, Кайра өзүңдөй кайра өзүңдү алдаймын. Жетет мага азап чеккен күндөрүм, Мен сени эмес, ак сүйүүнү баалаймын! Ырга айланып өзүмдү-өзүм күчтөдүм, Сен жөнүндө калың ойго түшпөдүм. Бар болгону мен өстүргөн бакчадан Билдим бирөө кызыл гүлдү үзгөнүн. Бакча өстүргөн багбандыкты таштадым, Бирок, үзбөйм назик гүлүн башканын. Жүрөккө эмес, жүрөк мага баш ийсин, Мен - актёру "тагдыр" деген тасманын! Биз экөөбүз Менин дүйнөм, сенин дүйнөң опокшош, Азап тартат сеникиндей жүрөгүм. Каректерим сеникиндей жалтырап, Кубанганда сендей болуп күлөмүн. Менин атым, сенин атың башкача, Бириктирет бар болгону дүйнөбүз. Кездешебиз, бизди күткөн көчөдөн, Бөлүнөбүз эки башка үйдөбүз. Түбөлүккө бөлүнбөйбүз! - десек да, Экөөбүздү эки башка көмүшөт. Экөөбүзгө бирдей дуба окулуп, Экөөбүздөй бүт адамзат өлүшөт. Бактыбызга жетсек дагы чамалуу, Пенделиктен качан жүрүп оңобуз? Жөн жашоонун кызыгына тойбогон, Бал сүйүүгө кантип, качан тоёбуз? Менин сүйүүм татаал экен Долондон "Канат күүл ө п башкага учарымда, Сен мени ороп алдың тузагыңа. Жылуулук издептирмин башкалардан, Күн жатса күлмүңдөгөн кучагымда..." Жүрөгүмө жүзү кирип, жүз чыгат, Бекетке окшоп ар ким келип түнөгөн. Шамал үйлөп, тозоң уруп ышкырып, Жашап жатат жылуулук жок жүдөгөн. Бир эле ууртам махабаттын татымы, Опурталдуу опийден да, уудан да Жаза тайсаң махабаттан бир жолу, Чамаң келбес кайра өйдөлөп турганга. Кайда калды мен эңсеген ак сүйүү? Ойлонгум да келбей турат чарчоодон. Жашоо үчүн күрөш күчөп ар күнү, Күндөрүм көп түз баса албай баш оогон. Жарыгы жок атып жатат канча күн, А жаштыгым тарпы кетип тонолгон. Менин сүйүүм кыйын, татаал көрүнөт Кар кетпеген, бийик ашуу Долондон. Жаштыгым (тамашалуу ыр) Кыз жолукса кур өтпөй, Саат сураган жаштык ай. Бойдокчулук күнүмдүн, Аттиң десең, аздыгы ай! Кызды кармап билектен, Баш айланып илептен. Бойдокчулук өттү го, Уйку келбей жүдөткөн... Азиздерге көз дүйнө, Мүнүшкөргө куш дүйнө. Көпөлөктөй айланган Бойдокторго кыз дүйнө. Баарыбызга бир дүйнө, Мага болсо ыр дүйнө. Сендей сулуу кыз көрүп, Жетпеген соң, муң дүйнө. Менин дүйнөм - ошондой перилердин ордосу, Жүргөн жерим - дайыма селкилердин ортосу. Көчөдөн сулуу кыз көрсөм, Башым болбой бурулат. Көпөлөккө окшотуп, Кетким келет кубалап. Эгер султан болгондо, Гарем куруп салмакмын. Сакчылардын ордуна Өзүм туруп алмакмын. Күндө келип биринен, Жомок угуп турмакмын. Ортосунда олтуруп, Күндө сайран курмакмын. Ай чырайлуу үкөйүм, Аппак болгон сүттөйүм, Кимиңерди жар кылып, Кимиңерге түтөйүн?! Сени мага жолуктурбай тагдырың... Сага жетүү кол жетпеген асмандай, Мага кыйын сага баруу жазганбай. Ал-жай сурап эки ооз сүйлөм кат жазсам, Ошол күнүм том-том китеп жазгандай. Сени мага жолуктурбай тагдырың, Көкүрөктө жазылбаган калды муң. Туман басып атпай калган таңга окшоп, Күңүрт басып өтүп жатат ар күнүм. *** Ак жылаандай оролуп бутагыңа, Өзүңдөн эң бактылуу күндү күткөм. Кирсем деп толгон Айдай кучагыңа, Алдыңа ак пейилден төгүлгөндө, Сен учтуң шыр илинбей тузагыма. Тагдырыма таамай басып, из калтырып, Таштадың кур кыялдын азабына. А азыр жүрөгүмдү айлантканмын Бактысыз сүйүүлөрдүн базарына. Ата-Журт, Эне Берен Манас - туусу болгон элимдин "Биримдик үчүн жанып Берендериң, Эр болгон - төрөлгөндөн элди ойлогон. Эркиндик туусу алдына антын берип, Кылычы кынга батпай желде ойногон"... Ала-Тоосу, Ысыккөлү жеримдин Берген "куту" Көктө Жалгыз Теңирдин Журт тагдырын бийик коюуп барынан Берен Манас - туусу болгон элимдин. Бабалардын ой тилеги акталып, Эгемендик түбөлүккө сакталып. Баатырлардын кылган иши кылымга, Ырга айлансын өчпөс болуп даңкталып. Дүңгүрөткөн калың жерди дабышы, Ар бир уулуң Ата-Журттун намысы. Ташыркабай - арыш керген тулпарың, Улана бер! Кылымдарга жарышы. Атажурт ыры Ушул үнүм бийиктикке барасыңбы? Же жарылып чыгалбай көкүрөктөн, Кайра келип өзүмдү жарасыңбы? Мейли, мен бырчаланып бөлүнөйүн! Жашоомдо жалгыз гана бактым ушул - Боорума кысып жатсам Таласымды! Ассалоому алейкум, бийик тоолор! Айылда күмүш сакал кары аманбы? Мен билгени бала кезден кар оор түшчү, Жаныңарды сактап жүргөн мал аманбы? Ошол жердин ырыскы-кутун көргөн Алыста жүрөт азыр бир балаңар Азайтпай да, көбөйтпөй да араңарды... Эмне кылып жүрдү экен инилерим, Муз тебишип дөңдүн үстү додолонгон? Маңдай жакта эски мечит дале бардыр, Таң алдында молдоке үнү озолонгон... Кеч күүгүмдө чана тепкен инилерим Канат байлап уядан түз учушсун, Атажурт ар-намысы ошолордон! Афганистандан кайтпай калган жигиттин монологу Көрдүк жашоо азабын да, кыйынын, Талкаладык душмандардын уюгун. Бирок, турмуш оордугуна ийилбей, Биз салганбыз бөрүлөрдүн чыйырын. Биз тепсеген кандуу жолдун арасы - Ал айтылуу кең Кандагар талаасы. Досум калган ошол жерде көмүлбөй, Ошол - менин жүрөгүмдүн жарасы. Октор учат ажал болуп жаныңдан, Канча жанга ошол октор жаңылган. Коңшу айылдык көрүп калдым Мырзаны Денесинен башы кесип алынган. Бычак мизи колкосунан өтүптүр, Дене болсо жаңы гана муздаган. Онтоп жатып жүзү жаңы өчүптүр, Сулуу эле канча кыздар суктанган... Аз кездешет сендей достун кучагы, Бөлдү бизди ант ургурдун бычагы. Кыркылбастан бүтүн болсун ар дайым Сенден башка үйбүлөңдүн бутагы! Биз чуркадык октон качып капталдап, Колубузда ок түгөнгөн автомат. Баары сулап, октон экөө кутулдук, Ал элестер калды мага аманат. Капилеттен ок жаңылды жүрөккө, Жетпей калдым казармага-түнөккө. "Кечир, апа, ак сүтүңдү кечиргин!" - деп үлгүрдүм эң акыркы мүнөттө... Жатам азыр колу-бутум кыймылсыз, Көмдү мени көп солдаттар уу-чуусуз. Бөтөн жерде жатсам дагы, энеке, Атажуртум, балалыгым унтулгус. Биз кайтпайбыз! Кош бол эми, Мекеним! Парзын кылдык сага кызмат өтөөнүн. Кандагарда отко күйгөн жигиттер Эч унутпа, каны Кыргыз экенин! Бабалар Орол тоодон Энесайга чейинки, Жерим калды ташбабага айланып. Байкөл менен Кыргызнурдай көлдөр да Башка элдердин тагдырына байланып... Ээ бабалар, силер кайда кечээги? Жүз жыл деле бир күнгө окшош, сыягы? Кайда ошол силер курган кагандык, Тепсеп турган тулпарыңдын туягы? Тарыхта катылган ый Кан жыттанган жайдак талаа түзүндө Кошуун келет душмандардын изинде. Үч күн бою алсыраткан салгылаш Алып жыкты алп уйкуга кечинде. Чагылгандай жара бөлгөн душманды Кан катыган кылычтардын мизинде. Туулга кийип, найзалары сороктоп Чаап келишти топ атчандар батыштан. Энеси ыйлайт баласына шолоктоп Мекен үчүн кан майданга катышкан. Куткарам деп журтка түшкөн азаптан, Жалгыз уулу кайтпай калды казаттан!.. Оо адамдар, ойлоп көрсөң, чынында, Падышанын бийлиги үчүн тактагы Баатырлардын кылыч жүрөт кынында.. Ташарык айылы, 17-февраль,1997-жыл Өскөн үйүм Кайдасың балалыгым өскөн үйүм, Өмүрдүн эң татына берген гүлүн? Эскертип кайда жүрсөм ээрчип алат, Калганбы ошол үйдө өчпөс сүйүүм?.. Дагы эле таштап сени кетип жатам, Көп жылга келе албаймын - сезип жатам. Ал үйдүн очогунда чоңоюшкан, Мен түгүл, элүүдөгү менин атам. Али эсимде короо бойлой өскөн тулаң, Түшүмө да кирчү болду улам-улам... Сагынып чоң энемдин ыр жомогун, Түшүрөм арбагына ыйык куран. Алыста жүргөн кезде мени жоктоор, Барбы деп бир кайрылсам эски достор. Көбүнө акыл токтоп адам болуп, Аракка берилиптир эрки боштор... 19.03.98. Мерке айылы. Казакстан Энемди жоктоо Качандыр бир көзү өткөн энемдин Айткандарын эске салып олтуруп, Табалбадым, бирок, сүйкүм элесин. Сүрөтүңдү көпкө карайм жатарда, Энеси бар адам кандай бактылуу?! Башка жанды Апа десем - жасалма. Мен сүйчү элем жылуу күздүн кечтерин.. Жалбырактай апакем да үзүлгөн, Келбейт менин эми күздү эстегим! Жылуулук жок себелесе аппак кар, Апакемдин ак чачындай оролуп, Жансыз болуп калышыптыр бак-шактар. Ак бубак кар себеленип жатканда, Мен өзүмдү ошол карга окшотом Айласыздан тебеленген аркамда. Ноябрь, 1999-жыл Энем жөнүндө баллада Мен эми орун алып автобустан, Жөнөймүн үйдү көздөй күтүп жаткан. Энемди көз алдыма элестетем, Күлчөнү чөөлү менен сүзүп жаткан..... Кимди ойлойм? Апакем тарткан сапар, Түнүндө жомок айтчу катар-катар... Мен эми кимге барам, кайда барам? Достордон эбак кеткен ысык салам. Кучактап дубал менен көрүшөмбү?... Айласыз үйгө барам, үйгө барам... Акырын аттаар менен көзгө урунду, Оозуңа суу тамызып отурган бурч... Эстедим окуяны ошондогу, Тыз этип жүрөгүмдө кан тамырлар, Жаш эмес агып турду сап-сап ырлар... Октябрдын күзгү суук бир түнүндө, "Атакелеп" турган элем молдо үйүндө. "А-а-а балам, жети түндө баралбайм - деп, Салды эле мени ошентип сан мүшкүлгө... Үзүлдүң ошол түндүн таңын көрбөй, Небереңдин болочок багын көрбөй. Таң менен бурганакты тосуп алдым, Ал күнү мен биринчи жалгыз калдым. Саарда отурдум да автобуска, Дос болдум ошол таңда ойлор менен... Жанымда байкуш эжем, Көз жумган жездеме да аз жыл болгон - Көтөрүү тең азапты кыйын экен... ...Тигинде эки караан: Бир аял, бир өспүрүм Келатат тез-тез басып кызуу кандуу. - А неге? - Кабарга келатышат. - Экөөнөн башка жокпу? - Билбедим, жок экен деп жатышат... Арман ай, көмүү кыйын энекеңди, Айрылгым келбей ал кез апакемден, Артынан өлгүм келди... Сабырдуу кармап туруп бүт денемди, Алдымда не болорун ошондо эле көрүп жаттым. Колума күрөк алып, Ыргыттым топуракты күрөп алып. Энемди көмүп жаттым, Жашымды төгүп жаттым... Кырк күнүм, кырк жыл болуп өтпөй араң, Жолдорум эки тарам. Колумда чоң түйүнчөк, Энем жок кайда барам?... ...Ошол жака кайтып барам, Балалыкты эске алууга. Мен ойногон адырларда, Атайылап кеч калууга. Мен жөнүндө Жол бергим келбейт менин картаюуга "Эртеңки таң сага кымбат - кайра жаңы өзгөрүү, Менин буга каршы айтарым: бир күнгө өмүр бөксөрүү" Укчу, досум! Тирүүлүктүн ар мүнөтү кандай улуу! Күздөгү тебеленген жалбырактан Февралда жааган жамгыр кандай сулуу! Бул - керемет! Аттиң ай, колдон келбес кармап туруу! Оо кудурет! Тыңдачы! Ушул сөздү ук олтуруп! Жол бергим келбейт менин картаюуга! Сүйлөшкүм келет недир бук толтуруп, Ансыз да өмүр бизден азаюуда... Биз - гүлбүз... Келгенбиз бул жалганга бир кулпуруп, Мээ чукулуп! Өткөн күндөр чындыкка келбейт кайра. Аттиң ай! Жалгансыңбы сен, шум дүйнө?! Кылчайып артына акса дайра, Анда биз калар элек тирүүлүктө. Жүз жылдан соң Айланбай турар элек жансыз күлгө... Буга күлбө! Мен киммин? Өзүмдү эч айталбаймын. Пендемин бир жаралган дүйнөдөгү. Жок болуп кайра артыма кайтканымча, Чечким келет жашоо сырын түймөдөгү. Кыял менен жашатса адамзатты, Тиленмек анда баары өлбөгөндү. Дүйнөгө жалгыз өзүм пир болчудай Мен да өлөмбү? Салаамдан түшүп кеткен бир тамчыдан, Көбүрөөк менин өмүр сүргүм келет! Окшошуп күнөөсү жок периштеге, Туптунук болуп көктө жүргүм келет! Түбөлүк бакыт издеп ошол жактан, Баарыңарды... Закым болуп күткүм келет!.. Кеч туйдум ырларымдын кымбаттыгын "Канча ырларды ойлоп таап, жараттым, Канча ырларды жазбай, кайра тараттым?! Канча деген м үнөтт өрдү алтындай, Барк албастан, убакытка талаттым?!" Сен сураба эми не жазасың? - деп, Олтурам жакшы ойлордун азасын жеп. Кеп качып айтар сөзүм токтосо да, Кыялым жашай берет катасы көп. Менде эми ойлонуудан өтөр өмүр, Санаасыз жашай берсең кандай жеңил?! Арманын уга берип айткан жандын, Жалган дүйнө сыноосунан калган көңүл. Тайраңдап шапар тебер жаш курагым, "Аттиң" деп ар нерсеге башты урамын. Жетишип аз өмүрдө көп иш кылгын, Билерсиң мезгил дайым шаштырарын... Алдымда көргөн күндөр мага сабак, Артымда мен кеткен соң эмнем калат?! Андыктан, көп ойлонуп, көп жазамын, Калган жаман бүт өмүрүң актай барак! Мен эми акындардын кылдатымын: Бирде асты, бирде ортосу, бирде артымын. Зарланткан бийликтен да, байлыктан да - Туямын ырларымдын кымбаттыгын. Менин жолум Турмуш салган татаал жолдор, Көчтү калбай тартып келем. Ишенгеним жансыз бирөө - Ал колумда жазган калем. Алсыраймын бут тарталбай, Агалар жок мени колдоор. Көч артында самсып келем, Дагы далай таштак жолдор... 1996-жыл Жалгыз үмүтүм Күн чыкса да, анын бети караңгы, Көз тунарып, көркоо болуп баратам. Эгер бирөө бөлүшпөсө санаамды, Мына минтип бөксөргөндө жан дүйнөм, Ушул бойдон толтуралбай каламбы? Өтүп келем төө өтө албас кечүүдөн, Мерез кылып турмуш мени чыйрады. Корком, бирок, жырткыч болуп кетүүдөн, Таза дүйнөм чоң кечүүдөн кыйрады. Акырындап бүчүр байлап келатсам, Душман чыкты кылычташып чабышкан. Колдорумду кишен мыжып турса да, Тууган чыкты бутка чылбыр чалышкан. Жүрөгүмдүн тамырына муз тоңуп, Согуп жатат, бирок, билбейм ким үчүн? Сүйүүсү жок өчтү кайран бул жүрөк, Ишенгеним - жалгыз Кудай, үмүтүм. Бир жарк этип өмүр бизден узаса, Үмүттүн да күнү бүтөт ошондо. Мезгил жетип баш иермин ага да, Түркүк болуп ким калыптыр жашоого?.. "Бүгүн той, мүмкүн, эртең азап тартуу... Алдыңа максат коюп жашап келип, Оор мүшкүл - ойлогонго жетпей калуу" Талкалап өзүмдөгү сулуулукту, Алсырап мүшкүл башта турат азыр. Периштем жүзүн буруп кеткен беле, Куурады ошол дүйнөм турган жашыл. Кайдагы жок нерседен кайрым күтүп, Алданып жүргөн экем болбогонго... Өзүмдөн тереңдикти издеп көрүп, Түшүндүм: жетүү кыйын ойлогонго. Изденип кезиге албай улуулукка, Чаржайыт жолдор менен сапар кезем. Мезгилдин өтүп жаткан дөө шарында Эңсеген бийик максат чыгат эстен. Ооруп жатып ойлонуудан таң атат " Ө мүрүң текке кетти өтсө жаштык, Кайран кез, кайран учур, кайран мастык! Мезгилди таразалап барктап билсең, Бүт өмүр ал күндөргө кылат аздык..." Толгон-токой кайгыруудан баш ооруп, Сезимдерим ыкшоо тартып баратат. Жапжаш туруп ыр-күлкүдөн бошонуп, Ооруп жатып ойлонуудан таң атат. Мен ыйлаган ушул кечте мени аяп, Жамгыр дагы төгүп турду басылбай. Жашоодогу үмүт өчүп дегдеген, Көкүрөгүм катып турду жазылбай. Ак баракка түшкөн ачуу тамчылар, Зилдеп турду кызыл канга айланып. Жамгыр токтоп, жерге дагы таң чыгар, Калбаса эле булут көккө байланып. Мен ойлогон кыялдарым чабыттайт, Жетпей келем колум сунуп алыска. Турмуш дайым башка жолго багыттайт, Тоюп келем ушул бүтпөс жарышка. Турмуш жолун кечип келем кечүүдөн, Тайгаланам балыр бутка илинип. Айла таап чыгалбадым эзүүдөн, Жүрөгүмдүн тамырлары тилинип. Мен батуучу кыялдардын ичинен, Үмүт өчпөйт учкун болуп көрүнүп. Көп адашып татаал жашоо изинен, Калчу болдум дайым жалгыз бөлүнүп. Жердин бети гүлдөр болсо жайнаган, Жаздын көркү - нөшөрлөнгөн жамгырда. Көр тирилик алсыз кылып байлаган, Ошол үчүн баш ийдик да тагдырга. Кайгы таарыйт, болоттой курч мизимди, Баш ийбеймин, бирок, ага ийилип. Канча жакшы жорусам да түшүмдү, Чын көрбөдүм абдан катуу сүйүнүп. Мен алаксыйм ыр жазганда олтуруп, Бул мен үчүн машакаттуу убара. Достошпогон болсом эгер ыр менен, Болмок элем анда чындап дубана. Май, 1997-жыл Шордуулардын балдары кандай шордуу! Алышып бүтө албадым тагдыр менен, Тургузбай канча жолдон бүгө чабат. Мейли, мен шыр жеңилип жок болоюн, Анда өзүн кимден издеп, кайдан табат?! Оо асылдар, оо курбулар, уксаңарчы?! Бирде өчүп, бирде кайра жанып келем... Акыл-эс калкып сиңип закымдарга, А жерде жашап жүрөт жалган денем. Эмне болуп баратам, эмне болуп? Айткылачы, туюп-билген жандар болсо?! Жашоодо сабырдуулук кандай жакшы, Жаралып калганыңа кылбай колко! Кош колун бекем мыкчып ыйлап түшкөн, Шордуулардын арасында мен да шордуу! Тукум улоо жашоодо максат болсо, Шордуулардын балдары кандай шордуу! Январь, 2002-жыл Тартылбаган сүрөт "Менин ырым күчтүү эмес Омор Хаям ырларындай жазылган, Бирок, ырда сезимдерим гүлдөй болуп ачылган" Тарамышы жан дүйнөмдүн тартылып, Туңгуюкка түшүп барам өзгөрүп. Мурда мага болуп жаткан жай турмуш Кеткенсиди энекемдей эрте өлүп. Таразабыз дал келгенсип биздин да, Оор салмагын жерге таштап көк деңиз, Эринбеген толкундары терметет. Турналар жок жалгыз калган ал шордуу, өчкөн экен быйыл нуру эртелеп. Күндүн нурун бир өзүнө энчилеп, Тээ бийикте аскалардын учтары Кароолчудай көзүн салат ааламга. Ак булуттар андан алыс сызбады, Ийилишип, келген сындуу саламга. Бул сүрөттүн тарткым келип дал өзүн, Ыр дүйнөмдүн калем сабын учтадым. Боёп жаттым ар башкача өзгөртүп, Бирок, билдим менден чебер чыкпасын. Сырдуу түш "Акындар ойчул келет башкалардан, Гүл издейт жыпжылмакай аскалардан" Мен тоого чыккым келип, Түгөнбөй агып жаткан булуттарды колума туткум келип... Тоого чыктым, тоолор жапыз - менде болгон эңсөөлөргө, мен ойлогон кыялдарга. Тоолор алсыз... Келаттым жансыз чөлдө Суусу эбак соолуп калган. Чөлдөдүм бүтпөй жаткан ушул чөлдө. Жашоо - күрөш, дүйнө - арман!.. Табият энчилеген Ажайып гүлзар бакта периштелер көп жүрөт. Бүт оюңду мас кылып, "Кел мага!" - дейт жан дүйнөмдү түрткүлөп. Алар шайтан - азгырык. ...Бир тегиз түз сызыктуу талаа жатат, Мейкиндик учу-кыйырсыз, мен жалгызмын. Сезим жок, бүт эркимди санаа басат, Ойгонууга мен алсызмын... Деңизден сүзүп келем... Бейтааныш жер Кайыгым эскилиги жетип калган. Далбастайм чөкпөйүн деп, Коркунучтуу жолдор менен өтпөйүн деп, Адамдын денесине үшүк салган. Кыйкырдым: "Мага жардам!!!" Кайыгым табытка окшоп, Деңиздин тереңине кетти түшүп, А өзүм чардак болуп кеттим учуп... Февраль, 1997-жыл Жаштыгым Бул шамал назик кыздай жүзүм сылап, Мени менен сырдашууга үмүт кылат. Билбеймин эмне айтарын, ички сырын, Оюмду оргуштатып күдүк кылат. Айтууга сөз жетпеген жазгы шоокум, Канабы миң кулпурган сага моокум? Мен сага ийилемин өмүр бою, Кош болгун, кошкун эми, жазгы толкун! Мен сага сырларымды ачкан элем, А азыр махабатсыз жалгыз келем. Жаштыгымды билгизбей артка таштап, Жашоосун кезип барат өмүр - кемем. Мен сага талантымды тартууладым, Алыстап сен кетесиң ал ансайын. Кайрылып келишер деп күтсө керек Сүйөнүп биз олтурчу сырдаш кайың. Өмүрүң текке кетти өтсө жаштык! Кайран кез, кайран учур, кайран мастык! Мезгилди таразалап барктай билсең, Бүт өмүр ал күндөргө кылар аздык. Өкүнүү Мен азыр башты салып өкүнөмүн, Жаңылып таалайымдан калганыма. Жетпеген тирүүлүктө максаттарым, Бүтпөгөн арман кошуп арманыма. Жаштыгым билинбестен менден узап, Күндөрдү күлүп турган жоготомун. Жүзүмө билинбеген бырыш түшүп, Кыйналуу менен күндү коротомун. Байларың бактылуудай көрүнүшөт, А бакыт куруп алган коргон эмес. Адамзат жаралган тарыхынан, Эч качан бактылуу болгон эмес. Ар күнүм "Олтурам ойго батып, буга себеп: Дүйнөгө кимдер келет, кимдер кетет?..." Мелтиреп тоолор турат, бүт тарыхты ичине катып алып, сырын ачпай. Түн жатат сырдуу тиктеп, тумандаган ойлорго батып алып, жылдыз чачпай. Бирок, неге мен олтурам кыялданып, убакытты уйкудан сурап алып? Себеби, ар бир күнүм жазылсын дейм өтпөй актай. Ырларыма "Эртеңки күндү күтүп ашып - ташам, Тумандап көз ачырбай күндөр-кашаң. Кымбат өмүр кайрылбай өтүп жатса, А неге бакыт издеп алга шашам?.." Жаралсак да тирүүлүккө аз күндүк, Тириликке тумчуктук да, башты илдик. Өтүп жаткан убакытка алдаттык, Байлык топтоп, чоң мансапта мас жүрүп. Анда, айтчы, кайдан келип кай жакка Кетет өмүр көзүңдү бир ирмегин... Кол саатыңдын жебесинде айланып Кемип турса сенин кымбат күндөрүң!.. Издеп таппай өткөн тарых калдыгын, Жүлүн бошоп, нурум өчүп алжыдым. Үмүт менен эртеңки деп жашаймын, Өтүп жатса күлгүн тарткан ар күнүм. Калары чын бүт өмүрүң апапак, Жан багуу деп акча үчүн жашасак! Тирүүлүктө жазып ырым бүтө албай, Оо дүйнөдөн тартаарым чын жан азап!.. Алыстыктар Алыстыктар, алыстыктар, Мен жер кезип жетпей келген, Силерде бир жарыктык бар... Узун жолдор, узун жолдор... Кыскартам деп калем менен, Жазып бүтпөй келем томдор. Сапар тартып ошол жакка, Жүгүмдү артынамын. Изсиз калган өткөн күнгө, Ырымды калтырамын. Үмүт жанат Адамда эмне кыска? Өмүр кыска. Кирип албай бир агымга, Улуу максат коюу керек бул турмушка! Өзүңчө кулак издеп агып чыккын, жарылып бул чындыкка! Кыйналам көп мүнөттөрдө Эмнегедир караңгылык басып алып, Заманам заң куурулуп, Сүйүүнүн да күчү жетпей ойготууга, Ойго тунам жатып алып... Аттамак издеп келип кечүүлөрдөн, Жар бооруна кадалган кийикке окшоп, көздөр жайнап, Бизден күчтүү чыгат деп, келечекти ойлогондо, Бакытым тоодой болуп, үмүт жанат... Сага айтам Жер огунда шек алдырбай айланат, Жерди айланып төбөбүздө Ай жанат. А адамды жаралгандан жанчыды, "Турмуш" деген чоң тегирмен майдалап. Жашайт адам бүт өмүрүн өнтөлөп, Келсе экен деп байлык, бакыт эртелеп. "Сыноо" деген сылык сөзгө маани сал, Ким жашаптыр Жаратканга эркелеп?! Бул турмушта канат канча кайрылат?! Жакшы достор кош айтышып айрылат. Жараткандын заң күчүнө баш ийгин, Илгенчекти "Ажал" деген кайырмак! Ааламда Жалгыз бир Улук Дүйнөдө ушул Улуу да, Ыйык күч бардай, Жетсем деп ага кайчылаш өтөм түз барбай. Талпынып жүрүп ташыркап өтүп кетермин Жашоомдо менин жартылуу жакшы из калбай. Тирүүлүк шаңдуу, арт жагы, бирок армандай, Бул дүйнөң, өзү түйшүктүү тура ар кандай?! Түз жүрүп дайым, чындыкта жашайм десе да, Бар бекен деги байлыкка калган алданбай?.. Күнүң да түшөт, Айың да түшөт кыйылып, Ал күндү кылар ааламда Жалгыз бир Улук. Өмүрдөгү чекит "Бул өмүрдүн ар мүнөтүн аярлап Сезсең гана текке кетип жатканда?! Түбөлүктүү эместигиң билип жүр! Шүүдүрүмдөй бир келгенсиң ак таңга" Аз күнгө эле жашап жүрүк баарыбыз, Түбөлүктүү болбогон соң жаныбыз. Боз чаң болуп бозоргон күн кейиштүү, Атпай калып сүттөй агыш таңыбыз... Акыркы күн - бүт өмүрдүн кымбаты, Тынчсыз жанды алп уйкуда жыргатуу... А адамдар өлүм эмне билишпейт, Керек эмес жаш төктүрүп ыйлатуу. Кеч киргенде көңүлүңдөн сыр кетип, Алп уйкунун жаздыгына шыр кетип, "Жалган түш" деп ойгонгондо айтасың, Жашооңдун да аягында бул чекит. Март, 2002-жыл Жоготууң бар Дүйнөдөн тапканыңдай жоготууң бар, Жүрөгүңдү тилип өтүп изин салар. Өзүң да кайып болуп кеткениңче, Эстетип өткөндөрдү түшүң калар. Дүйнөнү кезип канча кабар жүрөт, Адамдын коркуу менен жашайт жаны. "Жоготтук кайранды!" - деп айткан менен, Жок болот айткан дагы, уккан дагы. Көп суроо Тагдыр эмне? Сен ойлонсоң, көр пендем, Максатыма качан жетем де жүрүп, Артта калба өзүң өңдүү теңдерден?! Сүйүү эмне? Коргошунбу чыныда? Ичсең өлдүң, а ичпесең кур калдың! Эрдиң тийер сыйкырдуу бир кырына... Жаштык эмне? Чоктон ысык жалынбы? Тез эле өчкөн үйдүн шамы сыяктуу, Чаап калбагын, жалп дей түшсө, саныңды?! Жашоо эмне? Чырмалышкан желеби? Жанталашып чымын жаның кор болсо, Андай күндүн барбы сага кереги?! Турмуш эмне? Адам ага эшекпи? Кудай качан жүгүн алат деп жүрүп, Оозуңду ачып өткөзбөгүн кезекти!.. Күз "Мезгил эмне? Өмүр эмне? Бул - китептин барагы. Бирөө жаңы баштап жатса, бирөө жапты аягын" Күз деген не? Ызаланган шамалбы? Өзүнө окшоп капа кылат адамды. Шамал менен кошо кетсем артынан, Күз сыяктуу бакыты жок каламбы? Күз деген не? Түбү түпсүз санаабы? Өзүнө окшоп көрксүз кылды талааны. Бир кылымга жапжаш турсам карыбай, Чымын жандын үмүт оту жанабы?.. Күз деген не? Асман челген туманбы? Жаш тулаңдар жер бетине суналды. Тарс-тарс уруп добулбасын каккылап, Алып кетти сулуу, жашыл ыраңды. Сен да, мен да кайгырууну билбегем, Келип-кетип көңүл бузду Күз деген. Түшүп жаткан жалбырактар сыяктуу, Жансыз калар менин бир күн бул денем... Шамалга Шамал, шамал, сенде чексиз эркиндик, Шашыласың бүт дүйнөнү кыдырып. Сулуулардын сүйүп өтүп жүзүнөн, Кучактайсың бүт денесин сыдырып. Байланбастан бийликке же акчага, Үйбүлөгө, сүйүүгө же башкага, Бир өзүңдөй кезип өтсөм дүйнөнү, Моюн бербей жолду бууган аскага. Жазгының Чети оюлбай калың ойдун түйдөгү, Жарык өчпөйт тереземден үйдөгү. Кыйын күндөр каршы алдыңда турса да, Бүтпөйт экен таттуу кыял түрмөгү. Башталган ой-кыялдарым кечээги Унутулду, жыйынтыксыз этеги. Ырга айланып кагаз бетин көрбөсө, Ушул күндөр кайып болуп кетеби? Жазгын, жазгын ар күнүңдү мурастап, Тактык менен, далил менен ырастап. Асыл башта толуп турган акылды Жөндөй албай, өтүп кетпе кылактап. Досума "Деңиз толкуп жээкти көздөй урунат, А деңизге дайра жетпей бурулат. Ал дайрадай сага жетпей турсам да, Ак дилимден жазган ырым сунулат" Досум Жылдыз, Биз канча умтулбайлы, Биз канча талпынбайлы, Агымында өтөт турмуш. Бул сапарда сен да, мен да, Жашоонун даамын татып, Ачуусун жутуп кээде, Таттуусун билбей калып ыйласак да, Тирүүлүктүн өзү - бакыт! Сапырылган боз чаң менен дайынсыз калган күндөр, эстесем, жомок болот. Мен сага кездешкенче, эң кымбат жаштыгымды убакыт жолдон тоноп... Тытылган китептин барагындай өтөт күндөр. Күндөр эмес, бүт өмүрүң - көз ирмемдик! Биз такыр сезбей аны, күнүмдүккө сүйүнөбүз, кийгендей көйнөк жаңы. Өтөт баары, өтөр баары!.. Ар мүнөттү - жаша ардактап. Бир туугандан, достон алыстап, Жалгыз өңдүү жашап келемин. Менден өтөөр ушул өмүр да, Колдон түшүп учтуу калемим. Менден бетер жалгыз кызым бар, Үйдөн чыксам дароо сагынган. Анан жалгыз көктө Кудайым, Мээримине күндө табынган. Мен бакыттын чыгып тоосуна, Түштүм кайра жалгыз салпактап. Эмне үчүн деп, суроо бербестен?! Ар мүнөттү - жаша ардактап. Заман ырлары. Социалдык Сенин жолуң бүтөр бекен чектелип?.. Чалдыгып биз акча деген тумоого, Жан дүйнөбүз жакырланып уроодо. Жансыз болуп турган менен, ал кагаз Адамзаттын башын байлап сыноодо... Сен көп жерде адам кылып көп күнөө, Сен жок жерде - ачкачылык, мөгдүрөө... Кара күчтү кактай соруп калтырбай, Акылды да бийлеп алып көптүң ээ?! Сенин жолуң бүтөр бекен чектелип, Жан дүйнөнүн бийлигине кез келип?! Адамзаттын эркиндиги жарк этер Бут алдыңда соолуп жаткан тепселип!.. Бардыгы тең жасалма Күн чыккан соң мезгил келет батарга. Ал өзүнүн бир жолунан адашпайт, А адамдар - бир башкача жасалма! Ак жүзүн да жасалмалоо айкын кеп. Айдай сүйкүм, Күндөй сулуу кыздар да Айталышпайт периштедей акмын деп! Жасалмалоо жолун абдан үйрөндүк. Тилиңди да жөн сүйлөбөй бурмалап, Дилибиз да калмай болду күрмөлүп!. Ыйык сөздү молдо айтат азанда. Балким, анын арасында жүрбөсүн, Жаратуучу кудайга да жасалма... Коррупционерге Жеңилгендер жеңгендерге дос болбойт, Күрөш болбой, чындык жерден козголбойт. Алтындын да баасы түшөр кездер бар, Тигил дүйнөң бул дүйнөдөй кооздолбойт. Жалган сүйлөө азабынан арылбай, Жалган үйгө жалган бакыт курабыз. "Оо, бул адам кыйын чыкты!" - деп айтып, Билсек дагы, көздү жумуп турабыз. Кана, чындык кайсыл жерде? Айткыла! Баарыңардын көзүңөргө кум толгон. Кошоматчы болуп алып философ, Билимди да бурмалаган түз жолдон. Периштелер ыйлап турат артыңда Жалган айткан ар бир сенин сөзүңө. Көрдө жатып кыйкырганың кеч болор, Ал тараза тирүүлүктө өзүңдө. Эй, жасалма! Качан бүтөт жоругуң? Бетиңдеги паранжыңды сыйрычы! Сенден сулуу, сенден таза көрүнөт, Көчөдөгү нан сураган кайырчы. Жүргөн жериң дайым сенин бут тосмой, Түз бараткан иштен дагы акча алуу. Сен өндүргөн ар тыйындын эсеби, Жараткандын архивинде сакталуу. 70 жыл - соңу минтип мыш болуп... Аз да болсо ордо күтүп оңолдуң, Жетимиш жыл жерди казып торолдуң. Өз алдыңча мына туруп кетээрде, Жети күнгө жетпей жатып тонолдуң. Колдо кетмен жаткан жери "сыз" болуп, Жетимиш жыл чогултканың "туз" болуп. Ортолук,- деп элим жыйган чоң байлык, Амалдууга конуп калды куш болуп. Дүйнө кезип кетти Кыргыз таскагы, Тирилик, - деп акча издеп тапканы. Чөнтөгүңө салсаң салгын, а бирок, Жан дүйнөңө сала көрбө акчаны. Бир караан... Кечки иңирге сиңди бир караан, Барар жолу алыс өңдөнөт. Көзгө урунду тоолор талаалар Ай келатса улам өйдөлөп. Айдын жүзү бүгүн дапдаана, Карт тарыхтан кетпес тагы бар. Кайда кетти жалгыз бир караан? А бул айдын, барар жагы бар. Кеткен жагы мени ойлонтот Караан эмес, ал бир жаш бала Эч кими жок анын табынар Оо Жараткан, өзүң таштаба. Кандай кана кыйын күндөр бар Биз адамдар баштан кечирээр. А айбандар, адам кейпинде Ал күндөрдү унутар, эсирээр. Заар заман Кыялданып кыялдарга жетпейбиз, Үмүт кылып улуу көктү тиктейбиз. Көкүрөктө ыйык максат болсо да, Көр тирилик жашоо менен эптейбиз. Айрылышсак, жакын болуп жоктойбуз. Тирүүлүктө катуу тийген октойбуз. Аңгиленип азоолонбой обу жок, Адам болуп кай убакта токтойбуз? Жоготконду издеп кайра таппайбыз, Колдо барды кайда, кантип сактайбыз?! Бабалардын көрөѕгөсүн байыркы Баткак кылып бардык жерге чаптайбыз. Бийлик менен байлык топтоп үйөбүз, Элди бөлүп, жерди бөлүп чиебиз. Максат кылган бийиктикке жеткенде, Төбөсүнө аруулуктун сиебиз. Кыргыз жүргөн кыр-жондордо басабыз, Тилибизден, динибизден качабыз. Кыргыз үчүн күйбөй турат кыргыздар, Келет бир күн Жараткандан жазабыз! Бар нерсеге кайыл болуп жүрөбүз, Азап тартса, какшык айтып күлөбүз. Бар күнөөнү түртө салып заманга, Башыбыздан ашып турат күнөөбүз! Күнүң тийбей, күчөп турат ызгаары, Көчө бойлоп өзүн сатат кыздары. Эне - улуттун түбөлүктүү түркүгү, Жоголгонбу кыргыз канын кызгануу? Кара жердин каршысына айланып, Турат башта бүтпөс карыз байланып. Казактардын талаасында канчабыз Арсыз болдук азап тартып чайналып. Алсыз болуп алгыр бүркүт учканы, Бийиктигин жерден жапыз таштады. Көгүчкөндөр чоѕ кырманды айланбай, Ачка жүрөт чымчык түгүл, чычканы. Уулуѕ жокпу улуу тилек актаган, Кан төгүлгөн карыш жерин сатпаган, Бабалардын осуятын байыркы Куран кылып жаздыгында сактаган?! Тынчтык болсун мекенимде Өмүр бизден өтөр-кетер, Аккан суунун агымындай токтобой. Эл-жериңди сүйө билгин, Жаңы кылым "маңкуртуна" окшобой. Атак-даңк да өчөр-бүтөр, Батыш жакка батып кеткен Күнгө окшоп. Эл уулу бол, өлбөйсүң сен, Чыгып турган ар жаздагы гүлгө окшоп. Аккан суунун агымында, Мезгил дагы өтө берет байкалбай. Тынчтык болсун мекенимде, Бейпил жаткан эл толкубай, чайпалбай. Көз карандысыздык күнүмө Миң жылдап жоголгонум, Жетерде тонолгонум, Жараткан жардам берип, Жаңыдан оңолгонум. Уулдары канын берип, Жакырлар малын берип, Бабалар сактап келген Азаптын баарын көрүп. Кыргыздын таңы атпай, Чачылып сөөгү батпай, Ал күндү жашырса да, Калбаптыр тарых актай. Кол жетпей эңсегеним, Мына эми кез келгениң Төбөмө көтөрөмүн, Эч качан тепселбегин. Акынга Мезгил бизге берип тунук акылын, Өтүп жатат билинбестен акырын. Колдон келет байлык күтүү башкадай, Анда неге сен жакырсың, акыным? Орду толгус ар күнүңдүн эсеби, Кайрып көрчү өткөн күндү кечээги. Укмуш сонун ыр жараткан акындын, Унутулду бизге жетпей нечени. Бийиктиктен качан жерге түшөбүз, Же жылдыздан бүткөн беле мүчөбүз?.. Баарын карап сынга салып олтурдук, Жаным, денем жана ырым - үчөөбүз. Көл жана акын Бой урба, бой урба, толкунум, Көңүлүн эч ким жок көтөргөн, Жээгиңде телмирип олтурат Жок жерден оору таап жөтөлгөн. Таңда да, кечте да, түштө да, Бир караан кыялбай айланат. Калкыган көктөгү булутка, Кылымдык кыялы байланат. Табылбай досунан, жарынан Эңсеген аруулук, тазалык. Сен гана сырдашы экенсиң, Жүрүптүр өзүңдөн тазарып. Эми азыр канчасы салт кылып, Сыр катып жээгиңе келишет. Баягы оорукчан караан жок, Анткени, баары аны сүйүшөт... Июнь, 2001-жыл Куплеттер Барар жерден кеч калып кечикпегин, Орун тийбей кеч калган эшиктегим. Төрдө отурган калп сөз менен аш жегиче, Улагада жакшы адамдан кешик жегин. *** Жолу татаал ийри-буйру бүтпөгөн, Турмуш салат бизди дайым ашууга. Канча таттуу күндөрдү тез унутуп, Жеңилебиз бир тамчы эле ачууга. *** Шаардын көркү - бийик-бийик мунара, Анын өзү - муздак тарткан дубалдар. Мен калаадан канча тарттым убара, Ошол үйлөр көтөрө албай куланар... *** Из жашырып качып кетти кылымдар... Өткөн тарых туюк бойдон калса да, Эртең үчүн менин жазар ырым бар. *** Вагондордой чиркешип, Муз тебишет топ балдар. Кардан киши жасашты, Кышты сүйгөн шок балдар. *** Too башынан тентек келген ызгаарды Түндө жатып үшүгөндө билгенмин. Көптөн бери эңсеп жүргөн ак карды, Чокою жок көрүп алып жиндендим. *** Пенденин ыйык жери - көкүрөк дейт, Турганданбы ал жерде сүйүү жашап?. Мына ошол таза дилге так түшүргөн Арамдыкты ойлонткон акыл - чатак! *** Артымда калган күндөрүм далай жыл кетпей эсимден. Жалганын билдим дүйнөнүн кайрылбай кеткен кезимден. Дайрадай болуп чалкыган жүз жаштын өзү - көз ирмем. *** Эмген күндөн энекемдин эмчегин, Билбептирмин ар татымдын өлчөмүн. Ошол күндөн ушул күнгө карыздап, Кайтара албай келе жатам бөлчөгүн. *** Болсо дагы менин башым миң, Тизмегиндей кара чачымдын. Өлөр күнүм мүмкүн эртеңдир?... Душманга да келбейт катылгым. *** Бирде түз да, бирде жаңылып Жүрөгүмдө жашайт жаңырык Изин таппай чыгар жолумдун Келем күндө, келем чалынып. *** Өмүр эмне? Айтып бүтпөс санатпы? Сен койбосоң, өзү коёт талапты. Ар күнүңдү татыктуураак жашап өт, Жигит болсоң колго илинер, жарактуу! *** Жылдар сызат, кылым өтөт байкалбай, Тамырына канча өмүрдү сиңирип. Канча бүчүр өнүп чыксын, баары бир, Турат ал да күзгө чейин илинип... *** "Бул дүйнө - жалган дүйнө, жалган" - дешип, Ойлонбой шарап ичип, сайран куруп… Оо кургур, канча кыздар жоготушту Абийирин, ар-намысын айдай тунук?! *** Беш кабат үстүмдөн түштү басып, А өзүм жер телөөдө калдым катып. Өх! - дедим, көзүмдү ачып ойгонгондо, Сезгенге тирүүлүктүн өзү - бакыт! *** Жанар тоолор атырылып күч менен, Жексен кылып жердин үстүн түздөгөн, Какшып турган бул жерге да гүл чыкты Тирүүлүктү сүйөм деген күч менен. *** Күн артынан күндөр келип кошулган, Дүйнө ошондон керилген да, созулган. Ошол чексиз көз жетпеген ааламды Жаратканым Сүйүү берип толтурган. *** Көз менен сен канча кара дүйнөнү, Көкүрөгүң көрбөгөн соң - бир тыйын. "Досумун" деп кимге өзүңдү айтасың, Чече албасаң көйгөйдөгү бир сырын? *** Ойлойм сени, санаа менен күрмөлөм, Салдың мага кыяматтуу дүрбөлөң! Оттой жанган жаштыгыма жан салбай, Үзмөй болдуң үмүтүмдү гүлдөгөн!.. *** Сүйүү менен - алоолонуп от болуп, Сүйүү менен - 200ват ток болуп. Мен сүйүүсүз элестетсем өзүмдү Калмак экен жүрөк эбак токтолуп. *** Түбү эмне болоруна көз жетпей, Түпсүз ойдун тереңинде келемин. Жан туйбаган бар күнүмдү баяндап Жаза берет түгөнгүчө калемим... *** Ал көпүрө канча сууну агызып... Калган элең көздөн жашың тамызып. Келгин куштар келип жаткан ал кезде, Сени менен, мени менен таанышып. *** Кайрылдым сүйүүгө мен өңү өчкөн, Калың ойдун түбүнө эбак чөккөн, Саргайган барактагы ыр кубат берип, Чоң бакыт күтүп жатам ушул көктөм. *** Кечээ күнү үшүк жүрдү тоолордо, Бирок, ал чыпчыныгы ызгаар эмес. Көп сулуулар бой көтөрүп кылыктанат, Бирок, анын бардыгы кыздар эмес. *** Кыял менен жетип баарын сүйгөнмүн, Азыр минтип кишенделдим, үйлөндүм. Эркиндигиң өчпөй турсун жүрөктө, Баркын билгин сүйүү толгон дүйнөңдүн. *** Сулуулук чачкан дүйнө, акырын арбап алдың, Көрсөтүп кызыгыңды, кишендеп кармап алдың. Балалык жомокторум жылдыздай чачырады, Бүлбүлдөп араң жанат сүйүүнүн шам чырагы. Күн тиет ысыгы жок, сенсиз сүйүү кызыгы жок. Сенсиз жашоо жалаң санаа, чеги да жок, сызыгы жок. Сүйүүгө адам жипсиз эле байланат, Алыс кетпей, тегеренип айланат. Сүйүүсү жок Күн да чыкпай тумчукмак, Жүрөк соолмок, анан кайдан ыр чыкмак?.. Сыртта жамгыр төгүп турат токтобой, Кечээги күн бүгүнкүгө окшобой. Биз да өтөбүз ошол жааган жамгырдай, Келечекке жарык чачып-жандырбай. Өмүрбаян Элдар Аттокур - Эл аралык Айтматов дипломунун лауреаты. 1977 -жылы 21-июнда Талас районунун, Талды-Булак айылында туулган. 2002-жылы БГУнун Маалымат, социалдык кызмат жана психология факультетин "Артыкчылык диплому менен бутургон. 2000-жылы КР Окмотунун алдындагы Жаштар саясаты комитетинин "Коомдук ишмердуулук активдуулугуно жана жаштар кыймылындагы озгочо кошкон салымы учун" Ардак громатасы менен сыйланган. 2000-2002 жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун алдында "Жолон Мамытов" атындагы жаштар секциясын жетектеген жана "Нурборбор" Республикалык чыгармачыл жаштар бирикмесин негиздеген. Жаштар чыгармачылыгына кошкон салымы учун Борбодук Азия Адабиятчылар Академиясынын "Ыраазычылык" баракчасы менен сыйланган. 2001-жылы "Ата-Мекен" жана "Эне" темасындагы Республикалык ырлар жарышынын женуучусу. 2003-жылы Эл аралык Айтматов фонду тарабынан уюштурулган "Дебют - I" чыгармачылык конкурсунун лауреаты. 2006-жылы квалификациясын жогорулатуу боюнча БГУнун алдындагы Узгултуксуз билим беруу институтунун Экономика жана Бизнес факультетинин, Финансы жана кредит болумун бутургон. 2007-жылы Кыргыз-Турк "Манас" университетинин алдындагы Коомдук билимдер институтунда "Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларындагы таалим-тарбия идеялары" деген темадагы магистрлик диссертациясын жактаган. Учурда Кыргыз-Турк "Манас" университетинде эмгектенет. (2-бөлүмдүн Кириш созу) С Элдаром Атокуровым и его стихотворными произведениями на кыргызском языке я имел возможность познакомиться на благославенном Иссык-Куле, где Международный фонд Айтматова провел летнюю школу молодых литераторов и творческий конкурс "Дебют-1". Элдар обратил на себя внимание целеустремленным пафосом поэтического творчества, поиском своих тем, созвучных мироощущению современной молодежи. Его жизненная позиция ощущается в ритмичном пульсировании созданных поэтических произведений.Он заслуженно стал лауреатом творческого конкурса, собравшего плеаду молодых литературных дарований, вдохновленных мыслью и заботой Чингиза Айтматова о будущем национальной литературы. Несколько стихотворений Эльдара я перевел на русский язык, чтобы и русскоязычный читатель услышал молодого поэта. Он, понятно, в начале пути. По молодости может показаться, что путь будет устлан розами. Восхождение к поэзии - это духовное прозрение, которое надо ощутить в себе и не дать угаснуть трепетному огню, вдохновения. Профессор КРСУ им. Б. Ельцина, член жюри конкурса "Дебют-1": М. А. Рудов Перевод М. Рудова 1) Лунная красавица Не стала рекой, чтоб напиться мне всласть. Любовь ты отвергла мою как напасть, И веру безмерную, как океан Ты с пылью и щебнем сумела смешать Светильник любви, поняла ли, погас. Репой вместо розы растет напоказ Не знала, что в луже утониет луна? Так что же об этом ты скажешь сейчас? С утра и до вечера, ночью и днем Печальные думы мои об одном: Напрасно страницу любви я читал, Не знал и не думал, что будет потом Нет вечной любви, - свою ревность смирив. Не жди, что унижусь, измену простив. Наверно, в объятьях другого стоишь, О том, что была ты со мной, позабыв. Закончилась песня, любви твоей нет. Но образ твой все же является мне, Как в сказке из детства, я вижу тебя Красавицей лунной в волшебной стране. Перевод М. Рудова 2) Звезда моей мечты Болезнь нежданно меня поразила. Еще нездоров, но пришел я в себя. Гору, казалось, поднять мне под силу, Был в этом уверен, но встретил тебя. Не знал, что любовь была обреченной, Без пламени чувств ты сказала "Люблю" Дохнуло однажды ветром студеным. Угасла любовь, я об этом скорблю. В тебя я влюбился с первого взгляда, С тех пор сколько песен тебе посвятил. Краса твоих кудрей была мне отрадой, Но жар наших чувств постепенно остыл. И если бы книгу любви мы листали, В ней много страниц, до рассвета не счесть. Восток залел, мы тогда увидали, Что книгу любви нам уже не прочесть. Под небом теперь стою одиноко, Скалой одинокой под небом стою. Мечтанья, как звезды на небе, высоко, Но я опущу их на землю мою. Перевод М. Рудова 3) Монолог жигита, не вернувшегося из Афганистана В логово вражье мы ворвались, В смертной схватке с врагом сошлись, Волчий след проложили мы, В плен страданиям не сдались. Путь кровавый пришлось пройти. С другом в Кандагарской степи. Друг погиб, он не погребен. Как покой мне теперь найти! Пули летели нам во след, Многих сгубили в свете лет, Обезглавлен там был Мырза, Нашего аила сосед. Лезвие сквозь горло прошло, Судорогой тело свело, И на красивое лицо Покрывало смерти легло. Мы друзьями были всегда, Развела нас, друзей, беда. Как теперь там его семья? Вот к чему приводит вражда. Мы скрывались в лощине гор, Расстреляли многих в упор. Только двое спаслись из нас, Не забыть это до сих пор. До казармы я не добрел, Смерть от пули в степи нашел. "Мама, мама, прости меня! - Навсегда от тебя ушел". Бездыханный, я в землю лег, Вдалеке мой родной порог. Что лежать мне в чужой земле, Я об этом думать не мог. Не вернемся! Прощай, страна! Долг заплачен нами сполна. В Кандагаре сгорели мы, Не забудьте меня, родня. Перевод М. Рудова 4) Когда наступит предел Зараза под именем "деньги" нас всех поразила. Наш мир бессердечный, бездушный она поглотила. Всего лишь пустая бумага без признаков жизни, Но слаб человек, и бумага его покорила. Где денег без счету - в разврате там жизнь прожигают. Где нет их - без денег от голода там умирают. Не деньги ль жестоко людей истязают, терзают, И совесть, и разум, и силу у них отнимают?! Когда же наступит предел этим черным деяньям? Когда человек перестанет платить свою дань им? Сломают оковы свободные гордые люди, Власть денег растопчут, конец положивши страданьям. 20) Перевод С. Суслова и М. Ааматова Кто я? О себе я судить и не тщусь. Всего - человек, в этом мире я создан. Умру - то обратно уже не вернусь. Секрет этой жизни доныне не познан. С мечтой человечество вечно живет - Открыть бы секрет!.. Мы бы стали бессмертны. И я - будто вечен, - живу в беспросветных Раздумьях о смерти который уж год. Зачем эта жизнь мне, что, каплей, дрожа Срывается с пальцев?.. Мечтаю я часто: О, был бы я вечным, как ангел, - душа, Несущая людям бессмертия счастье! Автобиография Элдар Аттокур -Лауреат международного диплома Айтматова "За лучшую поэзию" Родился 1977-году 21-июня в селе Талды-Булак, Таласского района. 2002 - году окончил с отличием БГУ, факультет информации, социальной работы и психологии. 2000 - году награжден Почетной грамотой Молодежной комиссии при Правительстве КР "За активную общественную деятельность и особый вклад в развитие молодежного движения КР". 2000-2002гг. Организатор Республиканского творческого объединения "Нурборбор" и получил наградный лист "Благодарность" от Центрально-Азиятский Академии Литераторов. 2003 - Лауреат конкурса "Дебют-I" организованный Международным Фондом Айтматова. 2006 - Получил 2-ое высшее образования ИНО при БГУ, факультет Экономики и Бизнеса по специальности Финансы и кредит. 2007 - Защитил магистрскую диссертацию на тему "Нравственно-воспитательные идеи в произведениях кыргызских писателей" в Институте общественных наук при Кыргызско-Турецком университете "Манас". В данное время работает в Кыргызско-Турецком университете "Манас". |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|