| Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
| түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
l Атаңдан бото калбасын, Бата калсын. Эл Ак бата Жаңыртылып, толукталып Экинчи басылышы Бишкек "Бийиктик - 2003 ББК 83. 3Ки Б - 28 Ак бата/Түз. К. Жусупов, Ч. Өмүралиев. - 2 бас., толук. Б: "Бийиктик" 2003. - 198 б. ISBN 9967-21-557-7 Элибиздин жан кудуретинин уюлу батада уюган. Бата - улуттук рухтун улуу касиети, даанышмандыгы, акыл-оюнун мөл булагы. Эл атадан балага, укумдан тукумга уланып айтылып келет. Бул жыйнакка илгертен бери элдин жан дүйнөсүн аруулаган, дем берген, урпактарды тарбиялап мурас катары сакталган баталардын түрлөрү чогултулду. ББК 83. 3 Ки Б 4603020100-03 ISBN 9967-21-557-7 © "Бийиктик", 2003 Сөз зээри "Жамгыр менен Жер көгөрөт Бата менен Эр көгөрөт" Ушул бир ооз сөз канча миң жылдарды арытып, канча миң муунду карытып айтылып келет. Бу сөзгө кулагыбыздын да көнүп болгону ушунчалык- ага мамилебиз да азыр күндөлүк "кант, чай, аба, нан, суу" деген түшүнүктөрдөй эле кадыресе жөнөкөйлөшүп калган. Ыгы келген да, келбеген да жерден балп айтып сала беребиз. Бирок ошону айтып жатып ушул бир ооз сөздө "аба, нан суу" деген дүнүйө түгөнгөн жердеги кундуу түшүнүктөрдөй эле эң түпкү улуу чындык мөл катылып калганын элес албайбыз. Ооба, суу тилеп, кеберсип турган боз талааны көнөктөп куйган жамгыр кандай жашартып, жан киргизип, тиргизип өтөөрү чын болсо, Ак Батанын да адамдын жан дүйнөсүн асылдантаар таасири ошондой, табияты ошондой. Б.а. бул дагы буруу-терүүсүз чындык! Бирок биз муну элебейбиз. Ойлонбойбуз да. Анткени көбүбүз батанын чыныгы озуйпасын гана эмес, бата сөздүн өзүн унутуп калганбыз. Анын баасы- баркын, кадырын, касиетин, кудуретин, демин, турмуш жагдайдын миң бир кырдаалына карай жүрөк тереңинен миң түрлөнүп сызылып чыгаар адеми түрлөрүн- кудум жер тамырынан тарам-тарам балкып чыккан даамы-дарылыгы ар бөлөк арашан булак сыңары.... Ооба, бата чыны менен адамдын түпкүр касиетинин, кубатынын, аялуу сырынын сызылып сыртка чыгышы. Сөз аркылуу. Мөлл. Ошон үчүн байыркылар "бата-сөздүн атасы" дешкен. Бул тек ооз учу айтылган кеп эмес, мүлдө жашоо турмушун жетекке алган Жан Мыйзамы болгон. Ошондуктан, не башына баш кошулуп, келин алып балкып отурган үй болобу, не эл милдетин мойнуна алып сапар жүргөн азамат болобу, же бул дүйнөдө артында бир тукуму калбай куу баш өтүп бараткан балага зар пенде болобу, жаки, жайыты кургап, жери бозоруп, илдет каптап, Көктүн бир тамчы суусуна зарылып турган журт болобу, не кылым калкты жыйнаган кыжылдаган аш, той болобу, болбосо, бүтүндөй эки элдин тагдыры ортодо калчанып, жеңилгени кылычтан өтөөр кыямат күн тууп, жаат мелтиреп турган чакта жаадай атылып ортого чыгып, ат ойнотуп кыл чайнап, "бата! бата! бата!" деп бакырып жекеге чыккан эр болобу, баары, баары батага кайрылган. Ак Батага! Дили дирилдеп бата тилешкен. Ар кандай чоң, кичи маанилүү иш бата менен башталып, бата менен аяктаган. Бата- күч да, дем да, кубат, кудурет да, ишеним, эрк да, баары. Баарынын бир уюлу. Ал адам жабыгындагы Аяр Дем, Ыйык Күч. Ошол күчтүн көзү табылганда ал окуяны тикелей өзгөрткөн, ишке ашкан. Байыркылар батанын ушул улуу күчүн билген, ага ишенген, зарылган, сабылган. Жер- Асманды уюткан Алтын Түркүктөй ага бек таянган. Ошон үчүн аавал замандан батанын ээсин- калк дааналарын, касиеттүү карыларын, нускалуу билгилерин ыйыктап, жолун кыя кеспеген. Ысымдарын бийик ызааттап, коңур, басмырт айткан. Айтса, бул, бата тилегендин гана эмес, андан да ириде, бата бергендин да, эң бир бийик жоопкер кыйдамы. Айтылган ойду ачыктоо үчүн кыргыз тарыхындагы, тагдырындагы көөнөргүс айжаркын мисал- Кан Кошой бабабыздын Каныкей энебизге берген батасын эстей кетсек орундуу. Көп чатактын башы Көкөтөйдүн ашында Кошой дөөгө чак шым жок бир түптүү эл буйдалып, балбанын чыгара албай кысталып турган тушта кайран энең Каныкей тоо текенин терисинен жасаткан каңдагайын алдырып, калк намысына туруп берген. Ошондо сөөгү ыраазы Кан Кошой: "Айгожодон үч тилегиң кабыл деп баталуу болдум эле, Айгожом айткан үч тилек, Экөөнү тилеп өткөнмүн. ...Артында калган бир батам, Сактап жүргөн сүр батам. ...Манас сенин айыңдан, Баласы жок жайыңдан, Келгендерден кеп угам, Кейүүчү сөздү көп угам, Келин балам Каныкей, Төрөбөй жүрөт деп угам,- - деп анан ошол саргартып сактап жүргөн сүр батасын: Манаска парзант берсин деп, Пайдасын калкы көрсүн деп, Каныкей эркек туусун деп, Душмандан намыс куусун деп, Баатыр бала болсун деп Манастай арбак консун деп",- Каныкейге арнаган жайы бар. Ошентип эл мүдөөсү Семетей батадан бүткөн. Бул, билгенге, өтө терең, купуя маанилүү кеп. Бул -бата тилегендин да, бата бергендин да дили тазарган өзгөчө бир кырдаал, жаны ийиккен өзгөчө бир аяр абал. Бата тилеген жандын өзөк түпкүрүндө өрт жанган арман-көксөөсүн дирт туйган кыраа даанышмандык. Бата мына ушундайда ордунан келет, оңунан чыгат. Дил дирилдеп табышат. Б.а. эмкилердин тилинче, сөз материалдуу күчкө айланат. Бул, айрыкча азыр, ХХ к. аягы, ХХI к. башында адамзаттын илими өркүндөп, сырткы Аалам мейкинине эле эмес, адамдын ички Ааламына, анын психо-физиологиялык мүмкүнчүлүгүнүн ченемсиз кыйырларына улам тереңдеп сүңгүй баштаган замандары айкындалууда. Ал-Ишенимдин күчү. Дилдин күчү. Рух күчүнүн кара күчкө оошуу жиги. Батанын касиети мына ушул Сыр Жикте. Улуу Түлөөдө (тилөө), дүр Батада жүздөгөн, миңдеген кишилердин ниет-тилеги бир жерге чогулуп, бир ойго уюп, бир нуктуу багытталганда зор Күч төрөлөт. Эл оозундагы эзелтен айтылган батага байланышкан не бир керемет уламыштарга табигый илимдин ушул бүгүнкү бийигин жалгай карасак, анда ата-бабалардын Жандын жабык сырларына карай салынган жолу канчалык аяр, канчалык таамай, неткен ничке-изги, кайталангыс жалгыз, болжолсуз терең болгондугуна, айласыз, айласыз баш чайкап, таң бербеске арга жок. Жок, бул чыныгы тереңин эч кандай акылда аңдап, эсте калчап түшүнүүгө мүмкүн болбой турган жабык Сыр. Анткени ал дал Ошол Учурда гана, же Мезгил-Мейкиндин Бир Деминде гана Адам дили Асман Зилине дирилдеп ийип жуурулуп кеткен мөрт, кулачы-боюна оролушуп өрүлүп өткөн учур. Ал ирмем кайталангыс, жалгыз. Кийин жок. Агып кеткен. Булут менен кошо. Жел менен сыза. Асман түбүнө оодарыла. Бата тилеген да, бата берген да абал чыныгы табиятында кайталангыс. Ал-Руханий Акт! Учу Теңирде жаткан... Батанын ыйыктыгы ушунда. "Ботонун куну- бир жут, батанын куну- миң кут"- деген кептин түйүнү ушул жакта. Ошондуктан анык батакөйлөр да батаны туш келди сураганга эле, же кайсы учур болсо да мейли, бере берген эмес. Анын- батанын, ийип-ийигип алаар адамы, көлкүп- балкып берилээр күнү, сааты болгон. Батага зарылган муңайым пенде ошол мөрттү издеген, күткөн... Жаны азарланып! Анткени ал, айтылды, бата сурагандын да, бата бергендин да дили Көк Жиги аркылуу өтөөр байланыш Жол, айланыш Жол. Эртегини коюп кечээгиге эле келсек, сарбагыш Ниязбек атаны (сегиз бектин атасы) айдын белгилүү гана күндөрүндө бата берчү дешет. Батасы кайтпаган дөөлөс Сарт аке тууралуу да ушуну айтышат. Арийне, бул сөз- жыйнактагы баталар бир эле берилген, башка айтылбайт дегенди билдирбейт. Эч! Айтылгандар- батанын ички табиятына байланыштуу ойлор. Акыйкатта, мындагы баталардын өзү кылымдарды кыркып, ар бир заманга, муунга кызмат кылып келгени анык. Маселе, батанын Сенин дилиңде жуурулушуп, Сенин каныңда агып, Сенин жаныңдын илебинде жылып, "Сеники" болуп берилишинде. Бата тиленип жаткан шарт-кырдаалдын билги камтылып, байыры бата өзөгүнүн байытылып берилишинин зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүү. Бата ошон үчүн дайым тирүү, жандуу, заманга эриш. Бул күндө биз ыйман тууралуу көп айтабыз. Ырасында эле сыртта ыймансыздыктын болуп көрбөгөндөй арааны жүрүүдө азыр. Ар иштин көзү бар. Ыйман да батага бүткүл ниетин буруп, ыкласын төшөп, дили дирилдеп бата тилегенде тирилет. Бата тилөө- ыйман алдында жоопкерлик алуу. Демек, батанын азыркы замандагы озуйпасы өзүнчө, өзгөчө... Батанын башы, бул- Бала үчүн Ата-Энеден алган бата. Ата- Эне Баланы мүлдө Жан-Жаратылышка, анын Бийик Ээсине жалгап турган жападан-жалгыз көпүрө сыңар. "Ата-Эненин артында Кудай турат" деген кыргыздын кыраа сөзү ушул. Чоң Кудайдан кийинки эле, Кудай-Ата-Эне. Бул тууралуу Ак Бата да: "Атам" деп жадында жүргөн жанды, Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун. "Энем" деп эсинде түйгөн жанды, Эки дүйнөдө Эгем колдосун,- - деп мындай жанга батанын эң бийигин-ыйыгын ыроологон. Батанын да батасы, бул-Элдин батасы. Элдин батасын алган азамат Ата-Энеден артылып барып Эл Уулуна айланган жан. "Баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас" деген макалдын, не, "Ата-Эненин эле уулу болбой, Элдин уулу бол" деген алкыштын да мааниси ушул. Ал эми Ак Батанын тилеги бу: Бир үйдүн баласы болбо, Миң үйдүн санаасы бол. Бир элдин Атасы болбо, Миң элдин Даанасы бол. Бата- адамдын Теңири менен жекеме- жеке байланыш Жолу. Ушундан улам адамды Жан- Жаратылыш, Бийик Кудайга жалгап турган Көпүрө-Ата каны жуурулган Мекен, Эне сүтү менен эмген Тил жана Ак Батанын тереңги байланышы тууралуу эрксиз, эрксиз көңүлгө мобул ой төтөйт. Бу күндө биз бата кылганда, мейли арбактарга куран окулсун, не Жер-Суу тайып мазар ээсине багышталсын, оболу оо кыйлага дейре өзүбүзгө бир да бир сөзү түшүнүксүз, эс-акылыбызга эч бир ою илээшпеген жат тилдеги (араб) сөздөрдү жабыратып-шабыратып айта келип, анан эң сонунда гана барып Эне Тилибизде, ооба, Жан Жаратылышка ой-сезимибизди, ниет-дилибизди жынс жалгап турган Эне Тилибизде (!) эки ооз бирдемени кошумчалап айткан болуп бетибизге бата сүртөбүз. Мындай жорук Батанын эң түпкү озуйпа-философиясынын өзүнө кайчы эмес бекен?! Анткени жана да айттык, эми да айтабыз, эртең да айтылат,- Адам тириг Жаратылышка, Бийик Аң-Сезимге (Кудаага) карай бир тал нур жолун Эне Тили аркылуу гана салат, бүт ниетин буруп, дилин-зилин Ага нуктап жол алат. Ишенимдин өзү түбүндө аң-сезимдүү Акт! Ал- Ишеним, карандай сокур эмес, эң бийик, эң таза, эң аяр аң-сезим аркылуу өткөндө гана көкүрөктөн чыккыс бүрдөйт-гүлдөйт, түбөлүк! Адам Тереңги Эске (Высший Разум) табияты ошондо окшойт, жакындайт. "Ашыкча эле динчил болуп кетүүдөн да сактаныңыздар" деп айтылган Мухаммед пайгамбардын хадистеринин бири- маанисин өзү билбей, түшүнбөй туруп эле ошонун баарын ойлонуп-ойлонбой ашынып аткара берген фанатизимге коюлган айып. Өзү түк түшүнбөгөн өзгө тил (мисалы араб тили) балким адамды белгилүү бир деңгээлдерге дейре ыргагында, мукамында Жан тербетип алып чыгаар, бирок акыры түбү Төбөдөн жолун кесип коөт, өз төбөсүнүн каалгасын ичинен жаап коөт. Анткени Акка Сапар, Теңирге Жол түбүндө, айттык, аң-сезимдүү Акт! Аң-сезим-Эне Тил ажырагыс, тамырлаш. Эне Тилдеги бата, мунаажат, дуба гана Дилге, Зилге, Жүлгө (Асман-Жер жиги)-Жол... Колуңуздардагы китепке ар кайдан, ар кездери жыйналган баталар киргизилди. Республика басма сөз беттерине жарыяланган, кытайлык кыргыз туугандарыбыздан жазылган, жамаатташ элдерге жайылып кеткен да айрым баталар алынды. Ырасында, булардын баарынын теги жалпы, байыркы, түбү элдики. Тек, биринде жайылта, экинчисинде кыскараак, не саптары да оошуп, көчүп айтылып келет. Андыктан кайсыл бата кимге тиешелүү деп таандыктап отурбай жалпы бердик. Аныгында, ал-орток. Дагы, мазмуун-түрлөрүнө карай шарттуу ирээттеп, тогузга бөлдүк. Ата-бабаларыбыз ар нерсенин мертебесин тогуздан ашырган эмес деген эски насыйкатта эсте туттук. Байкалып тургандай жыйнактагы баталардын негизги удулу көчмөн турмушка, көбүнесе мал-жанга байланышкан. Ушуга карап кай бирөөлөрдүн көңүлүндө: "Бу баталар эски, жаңы шартка, заманга ылайыгы жок" деген күңкүл ой да болмогу тур. Мындай ойду ушул турган жеринде төрөлтпөй туруп көмгөн жөн! Анткени, баяраак айтылды, бата деген бул, ириде- Рух. Ал эми Рух универсалдуу жана түбөлүктүү. Андыктан базар заман батасы сөзсүз эле "өксүбөсүн бизнесиң, мерседесиң сынбасын" (баса, "дөөтү колдосун, машинең майлуу-сүттүү болсун" деп жаңы шарт бата соңуна жалганып айтыла берет, бата- жаңырат) деген таризде эле жаралбайт. Ал көңкүдөн келген Рухка өзүн тутумдаш тутканда тирилет, төрөлөт, наар алат, кубаттанат. Экинчиден, кыргыз: "мал боор эт менен тең" деген. Бул сөздү да биз бүгүн эч кандай образ, метафорасыз түптүз эле түшүнө турган чак келди. Анткени, биздин бүткүл адамдык кулку-тулкубуз мал азыгы менен шартталган. Ар бир элдин улуттук касиети анын миң-миңдеген жылдар бою жуткан абасы, ичкен суусу, жеген ашы, жердеген жери менен байланышканы ак. Эгерде биз бүгүн ата-бабаларыбыздын рух касиетин, дүйнөгө мамилесин калыптаган улуттук даам- кошкон май, кымыз, бозо, эт, чучук, эжигей, айран, курут, бурта, сары жүрмө, сүрдөн такыр айрылсак, эртең эл (кыргыз!) болуудан калабыз, өксүйбүз. Демек, мал бүгүн биз үчүн физиология да, психология да, философия да, салт да, өнөр да, искусство да, эр оюну да, кыскасы-баары. Дүйнөдө кыргыз бойдон калуунун жерпай шарты! Андыктан мал-жанга байланыштуу баталар эч качан эскирбейт. Ал арттагы эмес, тескерисинче, алдан келээр, алдыдан табылаар, күчөп жаңыраар кубулуш. Бата- сөз зээри. "Атаңдан бото калбасын-бата калсын" дешкен илгеркилер. Батанын баркын сезсек, кадыры чыгаар. Ошондо ниет изгиленип, бир-бирибизге ыкласыбыз артаар, ишенич бекиир. Демек, бата элди бириктирип, улутту бир ынтымакка уютаар касиет күчкө ээ. Илгериде баталашып чыбык кыркышкан. Батаны бузган- ушул чыбыктай кыркылсын демеги. Ак боз бээ союп колун кандашкан. Антты, батаны бузгандын каны- ушундай төгүлсүн дегени. Бул- улуттук ахлактын башы. Руханий Акт! Бүгүн элдин моралына негизделбеген, көбүнесе сырттан көчүрүлгөн мыйзамдар жашоо-турмушубуздун өзөгүнө өрүп кирип, анан да аны атка минерлерибиз: "мыйзам-буйлаланган төө" атап, кандайынан калчасаң да жыгылбай айкүр конуп, мыйзамды жеке күнөөсүн көшөгөлөөнүн, жеке кызыкчылыгын турмушка ашыруунун мыйзамдуу куралы кылып алган тушта Атадан калган Ак Батанын касиети, ага ыйык ишеним бизге кандай, кандай, кандай гана зарыл-ай! Муну Конституция кармап калк алдында ант берген Президенттен баштап ага Калк атынан бата берген Аталык (ооба, бата берген Эл Даанасы Канга Калк сөзүн түз айтаар Аталык болуп калууга тийиш), андан эң төмөнкү Айыл Башчы жана Айыл Аксакалына чейинки деңгээлдин баарында ыйыктап, Эл, Теңир алдында жоопкерчилиги да моюнга жүктөлүшү парз. Ошондо гана Бата жеке адамдын, бир үйдүн, бир тойдун катышуучуларынын гана ниет-тилегинин биригип аруулануусу эмес, Кан Көкөтөй ашындагыдай эң бийик элдик-мамлекеттик маанисине ээ болот. Ошондо Элдик ишеним тирилет, Эл бир ынтымакка уюйт, Бийлик- Эл арасы ширелет, Коом ыйманы агарат. Ошондо азыр карыш бассаң жолуңду торогон, шайтанды ичиңе көрүнөө салган ар бир бурч, кесилиштеги ооздуксуз бейжай миңдеген шарап, тамеки көрнөктөрүн октологон Ак Батанын бири миңге татыган үлгү сөздөрү тоом жолдордо шамдай жанып турган болот. Ойду ойготуп, сезимди түйшөлтөт, жүрөккө жылжыйт. Ал эми жүрөгүндө Батанын шамы бал-бал жанган адамдын жүзү нурлуу, дили ыйбалуу. Ал жарык анын алды жолун жууган, тазалаган... Биз бүгүн Сөз Зээрине, Батанын Ыйык Касиетине туу ашууда музду жарып чыккан биринчи байчечекейдей жан-дүйнөбүз зарлап-аңсап, дирилдеп-зирилдеп өсүп жеттикпи?... Бата текстине үңүлүп жатып ушуну да бир ойлойлу. Чоюн Өмүраалы уулу I Байыры бата Теңири бата Үстүдө түрк Теңири, түрк ыйык жери, суусу мындай деген: түрк эли жок болбосун дейин, эл болсун дейин.... Күлтегин ташынан Көк Бөрүнүн Угуз каанга тилеги ... Кош түшүрдү. Түн менен түн болуп уюп жатты. Таң буурулу кан чатырга Күндөй бир жарык акты. Ал жарыктан бир силкинип көк жал бөрү чыкты, Адам тилин өрүп чыкты: -Ай каганым, каганым, Беттеп Урум бараарың Бек урушту салаарың- Бак -дөөлөттү табаарың. Жол берсе Теңир жортоюн, Жолуңдун ачып оңтоюн. Аны укканда Угуз каган козгоп түгөл кошуунун, Салды өзүнө муз ашуунун... ...Жолунда бая Көк жал бөрү турду, Кайрылып каганга айтат муну: -Эреним, элиң жыйна, Эгерим карап турба, Эге бол төгөрөккө Эгең жар төбө-Көктө! Жортоюн жолуң ачып... Козголуп кошуун салат бөкөн жүрүш, Кош баштап барат бөрү ала качып... Түрк атанын Угуз каанга батасы Эми, эпаадам калбасын унут, Кагандын кеңешчиси бар эди, Ысмы Улуу Түрк. Жайкалган ак сакалы буурул кары, Кылымды билген кыраа эле, Сүйлөгөн кеби мураа эле. Түндөрдүн бир түнүндө түш көрүптүр, Түшүндө мындай кызык иш көрүптүр: Күн тууштан Күн түнөккө Керилет алтын жаа дейт. Түн жагын түптүз мелжеп, Тебилет күмүш ок дейт. Ойгонуп уйкусунан, Толгонуп тынчы кетип, Таңында каганына таазим этип, Түшүн аян кылат, баян курат: -Ай каганым, өмүрүң болсунгул узун, Төрөлүк болсун гүл түзүн. Теңирим түштө көргөнүм өңгө келдирсүн, Тең дүйнө жериң уругуңа бердирсүн! Каган кары үгүтүн куш көрдү дейт: -Түшүң түш эмес, туш келгил,-дейт... "Огуз намэден" Угуз каандын жалпыга тилеги (Бурут бата) Теңир буйруп болдум каганың, Будан ары: Жаа, калкан болсун куралың, Тамга болсун буланың, "Көк бөрү" болсун урааның. Айза учтуу жышың коргонуң болсун, Куушуп кумда куланың ойносун, Өзөнүң ташсын нугунан, соолбосун, Күн жалгасын, Көк колдосун! "Огуз намэден" Акбалтанын батасы -Бала Жакып баатырым, Сенин кабыл келди акылың. Жоруюн көргөн түшүңдү, Бай Жакып, балам байкачы, Оңдосун кудай ишиңди. Балам тоого чыгып алганың, Толкуган кара калмактын Төбөсүнөн басканың. Бала барчын куш салсаң, Азуулу кырып дагы алсаң, Балам Ааламды билет экенсиң. Барчының бала болбойбу, Атаңдын гөрү бай Жакып Сен балалуу болот экенсиң. Кайгырганың кой балам, Тоюңа токсон сой балам! Кара барчын куш салсаң, Жакып бай, балалуу болот экенсиң. Кыр жагыңда Кытайды, Кырып берээр уул экен. Кара калмак манжууга Калайман салчу кул экен. Капалуу болсоң жоөсуң, Балалуу болсоң кулунум Атын Манас коөсуң. Кара көкжал эр болот, Ааламды буй кылган, Аябаган шер болот. Түштө кылыч да тапсаң, Далайды бузуп эл кылган, Ташты чаап жол кылган, Кара сууга кан куйган, Өзөнчөнү майлаган, Каарына тийгенди, Кармап алып жайлаган, Аты Манас арстан шер, Алда Жакып, кулунум, Уулдуу болот экенсиң! Ай менен Күндү кармасаң, Балаң баатыр атыгып, Баатырым Жакып угуп ал, Он сегиз миң Ааламдын Сен туткасын кармаар экенсиң! Сенден тууса шер туулат, Алты шердин кенжеси, Алланын сүйгөн пендеси, Сайыпуруш аты улук, Ары балбан, ары шер, Таалайың артык султан эр, Уулдуу болот экенсиң! Акбалта баштап ошондо Бата берди чуркурап. Жакыптын зайыбы Чыйырды Ыйлап турду чыркырап... Кандардын Манаска берген батасы Каарданган канкор шер, Кан ичмеси бек кармап, Асты жагын караса Арстан сындуу көз жайнап, Качырганы жолборстой, Кагышкан аман болбостой, Каарданып сумсайып, Кошой, Төштүк алпынан, Ажыбай, Бакай канынан, Оомийин деп кол жайып Батасын сурап турганы. Бакай, Кошой эки кан Мойнуна курун салынып, Оомийин деп кол жайып, Кудуретке жалынып: -Жараткан уккун кебимди, Сындыра көрбө белимди. Кудай үстүн кыла көр, Кабылан Манас шеримди! Кытайды үстүн кылбагын, Кыргызды астын кылбагын. Ободо Чолпон жылдыз бар Артына Кудай таратпа, Кара калмак манжуунун, Жан деп Кудай жаратсаң, Тегеле көзүн каратпа. Аттан түшсө кокустан, Арстан төрө кабылан, Манасын колго берди деп, Чийгени турат сызыкты, Кан Коңурбай баш болуп, Кылганы турат кызыкты. Кошой, Бакай карыя Кол көтөрүп буркурап, Батасын кылды чуркурап... Кошойдун Каныкейге берген батасы Кундактай бели ийилип, Тизеси жерге тийилип, Каныкей басып барганы. Абакеңиз Кошой дөө Сын көзүн эми салганы: Атаганат, канкорум, Ушул балам Каныкей, Күйүп турган чок экен, Дегеле ак жоолукта жок экен. Желке чачы жүн экен, Өзүңдүн көзүң өткөндө, Эмгекке тууган күң экен! Азиздер мында келсин деп Айгай салган жери ошо, Атпай журттун баарысы Аңгемеге барышты. Абакеңиз эр Кошой Дастарын кыйгап чалынып, Жаратканга жалынып, Алакан жазды буркурап, Атпай журттун баарысы Бата кылды чуркурап. Көп жыйылган көзү ушул, Көпчүлүктүн көзүнчө Кошойдун айткан сөзү ушул: -Тилекти берсе бир Алла, Туулса мындан бир бала, Ургаачы болбой эр болсун, Аюу болбой шер болсун! Атышканын алсын деп, Күрөшкөнүн чалсын деп, Өлөңдүү жерди өрттөгөн, Өзүнөн бенде өтпөгөн, Тулаңдуу жерди тутантып, Туугандын баарын кубантып, Кайратын калк, эл туюп, Суу ордуна кан төгүп, Катылышкан душманын Өгөөлөсүн темирдей, Акыры тууса эркеги Аты болсун Семетей. Арууке келин баласы Акылдашы ар качан, Ага болсун чын жоро, Аты болсун Күлчоро. Кыдыра кырчын тал болсун, Кырга чыга бергенде Семетейге кылуучу кудай жар болсун. Ак болотун майласын, Ачуусуна келгенде, Абыке, Көбөш, кан Жакып Ошолорду жайласын. Көк болотту майласын, Кыйыгына тийгенде Кырк чорону жайласын! Кошой бата бергени, Каапыр менен мусулман Кошо бата кылганы, Жер дүңгүрөп калганы... Манастын Алмамбет менен Сыргакка берген батасы Боз кисесин тагынып, Туура тартып Алмамбет Туйгунду бата бергин деп, Мойнуна курун салынып, Батасын сурап Манастын Карап турду жалынып. Башында Кошой кан болуп, Бадыша Бакай да болуп, Башкалары андан көп, Баякы калың кол болуп, Алакан жайып көтөрүп, Арстан Манас күңгүрөп, Кыбыланы беттенип: "Барганда Кытайдын жолу тар болсун, Кабылан эки көкжалым Какайлаган Кытайда Кайыр кылар болбосун. Алмамбет, Сыргак эгиз эр, Арыстан тууган эки шер, Алыска сапар жол тарттың, Кабылан жолборс берендер, Аман келгин бөрүлөр!", Бата берип чуркурап, Баары туруп кол жайды. Кабары катуу Бээжинден Кайта эсен келгин деп. Көзүнүн жашы буркурап, Бата алып эки шер Жолго салды зыркырап... Нооруз айтымы Алас, алас, Ар балээден калас! Жаңы жыл келди, Эски жыл кетти. Жаңы күндү Теңир берди, Жакшылыкты кеңир берди. Корообуз малга толсун, Орообуз данга толсун. Жаңы жыл жалга, Эски жыл колдо, Ишибиз алга! Алас, алас! Ар балээден калас! * * * Келди Нооруз Болду Аалам аласал. Күндүн нуру төгүлүп, Кылды жерди гүлдүү шаң, Өлбөгөн кулга болду жаз. Мына майдан Жаркыраган жашыл жаз. Келди Нооруз, Жер жашарды карасаң. Доола байдан Толуп жатат аласаң. Бербесе бай, Бар го Кудай Алып берет сыйынсаң. Келди Нооруз, Биздер күткөн мурунтан. Жер энебиз нан берет, Жан алыңча урунсаң. Тилек кылгын, Шилеп бергин, Мээр төгөт сыйынсаң. Оомийин! * * * Алас, алас, алас, Ар балээден калас. Нооруздун ушул күнүндө, Арча түтөп ар үйдө, Шаттык күлкү жаңырып, Шаң жаңырсын көктөмдө. Урматына Нооруздун, Семизинен кой сойдук, Дасторконго нан койдук, Каймак менен май койдук. Кызыл салган чай куйдук. Ар түрдүү гүлдөн чогулткан, Аары жыйнаган бал койдук. Мал, башыбыз көбөйүп, Тоо-талаага шаң толсун. Ак тилектер айтылып, Арзанчылык мол болсун. Тынчтыкта жашап элибиз, Байлыкка толсун жерибиз. Ынтымак орноп ар үйгө, Ак таңдай болсун пейлибиз. Кудайга тобо дейли биз, Аман болсун элибиз. Аппак болсун дилибиз. Оомийин! Улустун улуу батасы Улусуң оң болсун, Ак мол болсун, Кайда барсаң жол болсун. Улус күн, бакты апкелсин, Төрт түлүк акты апкелсин. Улус күн, береке берсин, Балаа-жалаа жерге кирсин. Оомийин! * * * Көлүгүң миништүү болсун, Көңүлүң улустуу болсун. Өмүрүң ырыстуу болсун, Пейилиң жугуштуу болсун. Кудай жолу кабыл болсун, Ар бир нерсең азир болсун. Кеткениңди келтирсин, Кемтигиңди толтурсун. Бак-дөөлөттү Кудайым Насип этип болтурсун. Оомийин! * * * Улус күнү казан толсо, Ал жылы ак мол болоор. Улуу кишиден бата алсаң, Анда олжолуу жол болоор. * * * Кудай жалгасын, Бак карасын, Кыдыр даарысын. Айда аман, Жылда эсен кылсын. Үйдөгү, тыштагы Мал, башты өсөөр кылсын. Көңүлүң тынсын, Көлдөрдөй тунсун. Оомийин! * * * Бакыттуу аш берсин, Узун өмүр жаш берсин. Улустун улуу Күнүндө, Уулуң консун уяга, Кызың консун кыяга. Дөөлөтүңдү ашырсын, Душманың сынып-басынсын, Жөөлөгөн деми басылсын. Менин берген бул батам, Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам. Оомийин! * * * Жаңы жыл бакыт жылы болсун, Кийгениң кызыл болсун, Өмүрүң узун болсун. Малың ток, Убайым-кайгың жок болсун. Көгөн толо козу, Желе толо кулун болсун. Жеңелер көнөк- көнөк ууз саап, Энелер музоо кылоолосун. Малың базарлуу, Уулуң назарлуу, Кызың ажарлуу, Элиң кызырлуу болсун. Насибиң таша берсин, Душманың кача берсин, Кудайым узак өмүрдү жаза берсин. Оомийин! Жарамазан батасы Мингениң жорго тай болсун, Ичкениң кызыл чай болсун, Дүнүйөсү шай болсун. Карышкырдай көздүү бол, Адам тапкыс сөздүү бол. Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун, Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун. Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун, Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун. Бай көңүлү жай болсун, Балдарыңдын мингени, Жорго кара тай болсун. Ал желеңин башына, Ат жүгүрүп жетпесин, Бул желеңин башына, Бут жүгүрүп жетпесин. Бөдөнөдөй төлчүл бол, Бөрү аяктуу жолчул бол, Эр намыстуу элчил бол. Оомийин! * * * Уулуң күчтүү болсун, Кызың иштүү болсун! Балаңдын атын Жайнак кой, Биринин атын Тайлак кой. Көнөчөккө толтуруп, Кердениңе каймак кой Каймагыңды жеп койсо, Керегеңе байлап кой! Кызыңдын атын Сырга кой, Кыздын жолу сыйда гой, Чөйчөк толо ууз кой, Бармакка ченеп аш ичсин, Ууздай таза кыз болсун. Сыргасындай шыңгырлуу Чоңойгондо уз болсун. Көңүлүңүз жай болсун, Көөнүңүз кызыл чай болсун! Оомийин, аллооу акбар. * * * Жаңы тууган Ай дагы Батайын деп баратат. Астымдагы тай дагы Азайын деп баратат. Кашымдагы курбум да Уктайын деп баратат. Каран калсын кымызы, Кара суусун берсе да Ууртайын деп баратат. Ташыркап төрт туягы Тайымдын жону талыды. Кар-кар, кар-кар жар айтып Кайран бир үнүм карыды. Калдыратпай табагың Кана жеңе ылдам чык. Жарамазан жарылдап Жан ыргалып турган чак. Кана, кана, канакей, Мен тербелдим мынакей. Өрөгөйдөн сөрөгөй, Жеңекем эркек төрөгөй. Ак кочкордой уулун, Ак бешикке бөлөгөй. Жолдугун алып жар айткан, Жолуна түшүп жөнөгөй. Ак бар! Ак бар! Оозумдагыны о Кудай аткар, Оомийин аллоу акпар! Ай көрүү Ай көрдүм, аман көрдүм, Эски айды эсиркебейин, Жаңы айды жатыркабайын, Айдан аман, Жылдан эсен чыгалы Колдой көр, Ай Теңири! Ай Эне! * * * Ай көрдүм, аман көрдүм. Айдын мунарынан, Жердин кучагынан, Жегилик дан, Бир кыштык саман көрдүм. Жесирге -жемиш, Жетимге - жеңиш, Жөөгө- улоо, Жалкоого -мээнет, Жалгызга -эрмек, Иштерманга -кут, Сараңга-жут, Ушакчыга -уу, Ак ниетке- туу, Барыга кайыл заман көрдүм. Айдан аман, Жылдан эсен бололу. Келээрки ушул күнгө че, Өсүп-өнүп тололу. Бакылга-тар, Бакырга- бар ай бол, Оомийин, алло акпар! Үрөн себүү Мына септим уучтап: Жылуу жерден конуш тап. Бу- жетим-жесирге, Мунусу-карып мискинге. Бу- ач- арыкка, Мунусу- алсыз карыпка. Булары- курт-кумурскага, Мунусу-сурамчыга, А бул -тилемчиге, Булары -саламчыга. Калгандары -сизге, бизге, мага. Йа, Баба дыйкан, Курт -кумурска, жан-жаныбардан алганы меники. Йа, Кудай, Абадан жаадыр, жерден өндүр. Бала - чаканын ырыскысын өзүң жеткир. Көптүн насибине, Баба Дыйкан жолуна, Оңго, оңго, оңуна. Баба дыйкан жолдошум Бардык ишти оңдосун. Бардык жерде колдосун, Жар болуп жылоолосун. Эми биягын мен билемин, Сугатың өксү болбосун, Өнгөндө арам чөп койбосмун. Арыгың кенен чабылат, Корукчуң арбын табылат. Тилегим жөн, Өн үрөнүм, өн! Береке берк байласын, Бердик Баба Дыйканга Бириң миңдеп чайласын. Оомийин! * * * Күчкө кирсин билегим, Кабыл болуп жайында, Оңго тартсын тилегим. Үрөн алдым колума, Тилек кылып жерге себем, Дыйкан баба, ата салтым, Тепсесе экен Дыйкандардын дүрбөнү, Ак буудайдын үрөнү, Жараткандын аты үчүн, Жан-жаныбарлар акы үчүн, Үрөн септим жериме, Дем кошулсун демиме. Шамыянын шайлатып, Кош өгүзүн айдатып, Ала жерди аңтарып, Кара жерди каңтарып, Буурусунду буктуруп, Буурул жерге суктуруп, Жердин бетин ачалы, Жерге үрөн чачалы. Жараткандын аты үчүн, Арыйна-чачыйнанын акы үчүн, Үрөн чачтым жериме, Дем кошулсун демиме. Оомийин! * * * Жер кулагы жети кат, Жер иштеткен адамзат, Алас болсун аштыгың, Уста пари Дөөтү, Амачыңды оңдосун. Уйдун пири Ай мүйүз, Амач тартсаң күч кирсин. Күн күркүрөп, жамгыр жаап, Күлдүр ата колдосун. Күү атасы Камбаркан, Ай талаага күү чачсын. Өнүп чыксын үрөнүң, Өсүп чыксын жүгөрүң. Суу атасы Сулайман, Суусун берсин сиңимдүү. Жердин пири Жер Эне, Кабыл алсын дилиңди. Жел атасы Жел Кайып, Булут айдап буулуксун. Дыйкан терин чубуртуп, Ободон жамгыр куюлтуп, Күндүн пири Күн Теңир, Жаан менен бирге нур берсин. Жарык чачып жел жүрсүн. Чычкан пири Чие Ата, Ийин казып, жер көөлөп, Жамаатына жар кылсын. Жерге түшкөн үрөнүң, Жети күндө жарылсын. Майсалары ачылсын, Умай эне ак чачсын, Үркөр Ата тогошуп, Алас болсун эгиниң. Көкө Теңир жар болсун, Кызыр Ата даарысын. Күч өгүзүң кош болсун, Күткөн көктөм куш болсун. Оомийин! Жолго бата Жолдун башы- Жол Теңир, Жылкы башы- Камбар эй. Жол үстүндө чарчасам, Камбар сиздей ким бар эй. Жол үстүнөн бага жүр, Ар балаадан кага жүр. Оомийин! Көчкө бата Көчүң көлүктүү болсун, Жолуң көрктүү болсун. Конушуң куттуу болсун. Коңшуң мыкты болсун. Босогоң бек болсун, Жан жагың жайыл журт болсун, Жамандыктан сырт болсун. Башыңарга кетпес бак консун, Мээримдүү бир Алла Силердик жак болсун. Оомийин! * * * Көчүң көрктүү болсун, Журтуң жуктуу болсун. Унааң камбыл болсун, Уучтаганың кызыл жамбы болсун. Кызың кылыктуу болсун, Уулуң сылыктуу болсун. Келиниң келбеттүү болсун, Торко элгектүү болсун. Ичкениң тунук суу болсун, Өмүрүң түгөл дуу болсун. Калдайып турган жер сүйсүн, Калың кыргыз эл сүйсүн. Оомийин! Конушка бата Корооң кыктуу болсун, Конушуң ыктуу болсун. Жайлооң чөптүү болсун, Жан-жагың көрктүү болсун. Жайытың жайык болсун, Жаш балаңдын ойногону Жашыл сырдуу кайык болсун. Оомийин! * * * Жаңы конушта Жакканың арча болсун, Жайылган малың санча болсун. Күтүрөп корооң түлүккө толсун, Күнчүлүк угулган дүбүрткө толсун. Уулуң ушул жайлоодой күр болсун, Келиниң ушул суудай шар болсун, Кызың ушул төрдөй гүл болсун. Жер-Суу, Тоо-Таш, Кайберени менен колдоп, Мал жаның отко тунсун, Калк башың кутка тунсун, Оомийин! * * * Сыйлай берсең жата берем, Кой, козголоюн мен да ордумдан, Колуңду жай, бата берем: Таң жарылып атканда, Тай кулунуң элирип, Талаа түздө качканда, Жээрде кашка айгырың Жемире басып шыбакты, Жер чапчылап аңгырап, Жер суу бузуп шаңгырап, Жетимиш бээңди чарк айдап, Желеге ийирип шашканда, Уул келиниң чубашып, "Уай, тос!" деп үн ашып Чыктага илип жатканда: Көңүлүң толкуп калкылдап, Бакалооруң былкылдап, Бактың ашып балкылдап, Укуругуң калтылдап, Ошондо, Учу тийип турсун Асманга! Оомийин! * * * Бир өмүргө-бир жайлоо, Атадан калган күр жайлоо. Бетегеси бураган, Белестеги беш теке, Күүгүмдө билбей эчтеке, Күтүрөп койго кошулуп Короону көздөй чубаган- Берекесинде терметсин. Көк тиреген карагай Көгүндөгү Ай чарадай- Көлөкөсүндө тербелтсин. Өзөндө суу шарылдап, Казанда сүтүң шаулдап, Учкуну учуп жылдызга, Очокто отуң лаулдап, От Теңири жалынына алып, Суу Теңири шарына алып, Күн Теңири күүгүмүнө алып, Ай Теңири жарыгына алып- Көңүлүңдү өрлөтсүн. Кызыл кеч, аппак таңдарың Кызыгың канбай дегдетсин! Оомийин! * * * Йа, Жараткан кудурет, Жамандыкка жазбасын, Жакшылыкка баштасын. Мал ээси-Жер эне Жан ээси-Көк ата, Не тилесе азир эт, Эткен нээтин кабыл эт, Кабыл этсең, азыр эт. Оомийин! * * * Кочкоруң жүндүү болсун, Айгырың үндүү болсун. Өгүзүң күчтүү болсун, Инегиң сүттүү болсун. Эчкиң эгиз туусун, Эки жылда сегиз туусун. Өрүшүңдө мал жайнасын, Казаныңда май кайнасын. Ырыс, бакыт, таалай кол кармашып, Төрүңдө Кызыр бабам тайраңдасын. Кур сайыңа суу аксын, Кылган ишиң элге жаксын. Оомийин! Желеге бата Кулун, тайың жөрөлгөлүү болсун, Сабааң көрөңгөлүү болсун. Ортого чыгып топ бузган, Ооздогу сөзүң өнөгөлүү болсун. Желе бооң бек болсун, Желдеген касың тек болсун. Табагыңда сүт турсун, Аягыңда кут турсун. Жылкыңдын үйүрү башка болсун, Кулундары кашка болсун. Жоргосу болсо кызың минсин, Күлүгү болсо уулуң минсин. Кас санаган оңбосун, Камбар ата колдосун! Оомийин! Кымыз бузгандагы бата. Жылкы атасы Камбар, Кымыздан башка эмне бар. Жергелүү жериң өссүн, Керилип келин өссүн. Үйүң толгон үт кирсин, Көнөк толо сүт турсун. Алты төөң ботолосун, Алты келиниң жетелесин. Кырк төөң ботолосун, Кырк келиниң жетелесин. Сабааңарга кут түшсүн, Саргашка кул ун жуп түшсүн. Үйүңөргө үзүлбөй бут кирсин, Бутка илээшип кут кирсин. Чаначыңа кудайым береке айтсын, Чайкалган сайын каңыл жарсын. Алыстагы тууган чаңкап келсин, Ак байбичең бал чайкап берсин. Алаканың ар дайым ачык болсун, Дөөлөтүң душманыңдан ашык болсун. Көп бер, көп бер, Ой-тилекти төп бер. Оомийин! Көгөнгө бата Кызыл кандан айрылган, Аппак сүтүң бергиниң. Чолпон Ата баш болуп, Кошокту коштоп келгиниң. Бендеге чачкан ырыскы, Берекеттен тергиниң. Оомийин! * * * Эчкиң тууса, улагы эгиз болсун, Эки жылда бир эчкиң сегиз болсун. Күзүндөгү көтөрүп сойгонуңда, Ичинен чара-чара май чыгып, Семиз болсун. Оомийин! Союшка бата Сообуң мага, жаның Кудай жолуна, Ай мүйүздүү, Ача туяктуу арналуу малым. Сенде кеп жок, Менде эт жок, Адамзатмын, анча эмес алым. Эрте жатып, кеч калдым, Кудайым өзүң жалгагын. Оомийин! * * * О Жараткан, Жалынмак бизден, Жалгамак сизден, Айры мүйүз, ача туяк, Эрте айдадык, кеч кайттык. Менде азык жок, Сенде жазык жок. Жаның кудайга, Сообуң бакканга. Оомийин! * * * Кайыптан бүткөн ак малым, Кыйналып турат бир жаның. Көктө Теңир күбө, Жерде Кыдыр күбө, Ыйык көтөргөн төл элең, Ак сарбашыл мал элең, Ак тилекке багыштадым. Эмесе, мен ургурда азык жок, Сен кургурда жазык жок. Жакшылыгыма жарап бер, Жаныңды ак санап бер. Оомийин, аллоакпар! Согумга бата Телегейиң тегиз болсун, Жайлооң кеңири өрүш болсун. Тубар малың эгиз болсун, Сойгон уюң семиз болсун. Айдан, жылдан аман чыккын, Элге-журтка жаккын, Дасторкон менен пейлиңден, Шыбага, ырыс тапкын. Оомийин! * * * Согумуң чүйгүн болсун, Көңүлүң туйгун болсун. Казаның ток болсун, Убайымың жок болсун. Кут конгон төр болсун, Коногуң көңүлү өр болсун. Дасторконуң кең болсун, Бала-чакаң эр болсун. Теңирим кеселеп берсин, Кеселеп берсе эселеп берсин! Оомийин! * * * Этке эттей бата, Эт-бети менен кеткен бата. Нанга нандай бата, Мындан артык кандай бата. Атадан калган ак бата, Ар адамга бап бата. Арамзаада бузукту, Арабыздан тап бата. Кадимден калган ак бата, Калың журтка бап бата. Кара нээт бузукту, Казыктай жерге как бата! Оомийин! Кечмеликтеги бата Агымы катуу дайрадан, Алла Таала колдосун. Суу кечкенде жетелеп, Сулайман болсун жолдошуң. Шаштыра албай кыйналып, Шайтан шашып оңбосун. Сулаймандан кагажып, Чөлгө качып жоголсун. Оомийин! * * * Күргүн дайра суудан Кудайым өзүң колдоорсуң. Шар жиресем шаштырбай, Илияс пирим жолдошум, Шааниси менен кечиргин, Шайтанга наалат, жоголсун. Жаа, пирлерим тирегим Чымын жанды коргосун! Оомийин! Төлгө айтым Пайгамбардын бал төлгөсү, Падышамдын дал төлгөсү. Сен таштык кылба, Мен жаштык кылбайын. Ачык айтып, айра сүйлө, Мен уятка калбайын. Максатына жетер болсо, Мээнет-чемен кетер болсо, Төлгө ташым төп түш, Оң жагыма көп түш. Түш! * * * Төлөктөн калган төп төлгө, Таштанбектин таш төлгө, Азиреттин алп төлгө, Жолдо жолоочуну, Үйдө коргоочуну, Баскан-турганды көрбөй түш. Калп айтпа, жакшы түш. Бешенеси беш түш. Оң колума ооп түш, Он эки таш ашып түш. Түш! Ууга чыгардагы бата Кайберен ата чеберим, Сыйынамын мен сага. Менин жолум кайыптан, Жараткан өзү буюрган. Күндөп-түндөп көп басам, Буюрбассың күнүгө. Арачалап жанымды, Тоо-ташыңдан тайгылтпа, Кур кол кайра келбейин, Кайберен аткан айыпка. Аркар-кулжа аралаш Алдыма тушташ кыла гөр. Кайберен ата чеберим, Ырыскы колго берегөр. Оомийин! Сагызган сайрагандагы айтым Ак сайра, сагызганым, ак сайра. Ак сайрасаң, Өзүңдөй өпкө берем, Башыңдай май берем. Ак сайрабасаң, Каргыштан бөлөк кай берем? Ак сайрасаң- Оозуңа майлуу бок. Кара сайрасаң- Бооруңа темир ок! Жаңы өргөгө бата Чамгарак чалкый берсин, Керегең кеңий берсин, Ушу үйгө кут келсин, Душманың кемий берсин. Күндө береке, Күндө той болсун, Кубаныч, шаттыкка толсун. Уулуң Урум болсун, Кызың Кырым болсун. Кызматкериң Кыдыр болсун, Бир күн эмес сызыл болсун, Колуң узун болсун! Оомийин! * * * Жаңы өргөнүн Жакканы арча болсун, Жайылып короосу малга толсун. Уугуң учтуу болсун, Уулуң сестүү болсун. Керегең кептүү болсун, Келиниң эстүү болсун. Энелүүдөн эптүү болсун, Аталуудан эрктүү болсун. Түндүгүң түнөрбөсүн, Кемегең кемибесин. Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң манат болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун, Душманыңды төбөлөмөк адат болсун, Оомийин! * * * Дасторконуң жабылбасын, Кайгы сага кабылбасын. Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын, Кара ниеттер асылбасын. Казынаң чачылбасын, Каймагың бузулбасын, Кайнаган казаның токтобосун, Калгандар сага окшобосун. Эңсегениң эшигиң жыртып, Күткөнүң күйүгүп чуркап келсин. Он эки жороңдун бири болуп, Олуя кызыр салам берсин, Оомийин! Уктаардагы тилек Жаттым Жараткан, Тургузагөр эсен-аман. Бейиштин түбүндө бир дарак, Жалбырагы гүлдүү барак, Аны жети жолу окуп жаттым, Менден тозок оту ыраак. Жаттым аманат, Ойготогөр саламат. Оомийин! * * * Жаттым тынч Жаздыгым-кенч. Тилим-куран, Тилегеним-ыйман. Йа Жараткан, Уйкумду мамык кыл, Тилегимди анык кыл. Оомийин! Дамбыр таш Дамбыр-дамбыр-дамбыр таш, Дамбыр аткан кызыл таш. Жамгыр жаады күркүрөп, Челек тулга калдыр таш. Күн күркүрөп көп жаа, Жер жарылып чөп чык, Желин айрылып сүт чык. Чебичегим челеңдеп, Челек- челек сүт бер, Ченебестен бүт бер! Тоо жарылып от чык, Булак ийип кут чык. Токтучагым тороңдоп, Торочо-торочо сүт бер, Жуурат уюп тик бер! Байчечекей башбаксын, Арык -торук кой, козу, Көккө тоюп жан баксын. Жыл жадырап эртелеп, Келишинен кайтпасын. Жаан тилөө Күн жаа, күн жаа, Күндөп-түндөп көп жаа. Карагай башын кайра жаа, Арча шагын айра жаа, Чекенде башын черте жаа, Чийдин башын ийип жаа, Төө куйрукка уюп жаа, Жер жаанга сыйып жаа, Төгүп-төгүп куюп жаа. Ашкана толгон ак болсун, Малга жыргал бак болсун. Береке нуру чачылсын, Пейли элдин ачылсын. Малдын, жандын ырысы, Жаап-жаап турушу, Көксөп жүргөн элдердин, Жамгыр болот ырысы. Оомийин! Бейит башындагы тилек Теңирим өзү колдосун, Олуялар оңдосун. Дүйнөдөгү изгилик, Алдыңдан чыгып жолдосун. Тар кабырың кең болсун, Күндүзгүдөй күн күлсүн, Шамчырагын жаккандай, Таш кабырдын ичинде, Таш жамынып жатсаң да, Ырахатка бата гөр, Күн чыгып таң аткандай. Жаннаттан жаның жай тапсын. Жараткан эгем кудурет, Көп батасын кабыл эт. Күнөөдөн таза жандардын, Ак тилегин макул эт. Оомийин! Жыл ашындагы тилек Союлган малдын, Жасалган нандын Тийгизсин сообун. Арты кайырлуу болуп, Мындан аркысы оңго оосун. Дасторконуңар жакшылыкка жайылсын, Оомийин! Намысың колдон кетпесин, Касташканың талабына жетпесин. Кеткениңдин топурагы торко болсун. Караңгы көрү чырак болсун, Мингени дулдул бурак болсун, Жүргөнү бейиш-жумак болсун. Арбак ыраазы болуп, Кемигениңди Бир Алла толуктап Азан-казан ортоң толсун. Оомийин! III Тилөө. Көпчүлүккө, карыларга бата * * * Йа Теңири, эсиңе ал. Өзүңдөн башка пенденин Сүйөнө турган неси бар. Йа Теңири, абалы өз каарыңан сакта, Шайтандын заарынан сакта. Кадеми катуудан сакта, Ач азуудан сакта, Кабаарыган ачуудан сакта. Куюлган уудан сакта, Жыйылган доодон сакта. Каптаган чуудан сакта, Ташыган суудан сакта. Онтотуп жаткан дарттан сакта, Өчпөс өрттөн сакта, Кетпес кектен сакта! Оомийин! * * * Айлыбыз тынч, Акылыбыз кенч, Мал жаныбыз аман, Байгамбар өзү бараан болсун! Оокатыбыз тың, Ден соолугубуз чың, Бала чакабыз аман, Бир Теңир өзү караан болсун, Оомийин. * * * Йа Теңири, Арамды адал дегизбе, Катынды базарчы кылба, Нааданды азанчы кылба. Жерим тозбосун, Элим азбасын. Оомийин! * * * Сакта Кудай! Арбак колдо. Жараткан жар бол. Олуям демей гөр. Йа Теңири, Кыдыр ата жебей көр, Касиетиңен айланайын! Колдо пирим, Колдо бабам, Тил, көздөн сакта. Медет бер баба. Оомийин! * * * Балаадан сакта, Жалаадан сакта. Кооптон сакта, чууттан сакта, Түн катып тушуңа чыккандан сакта. Озунган бөрүдөн сакта, Оозу кан уурудан сакта. Күлүп кирип, күңгүрөнүп чыккандан сакта. Дос болуп, кас болгондон сакта. Оомийин! * * * Йа Кудурет, Суук көздөн сакта, Кайбаат сөздөн сакта. Мезгилсиз өлүмдөн сакта, Көөдөнсүз келинден сакта. Татымсыз туздан сакта, Арсыз кыздан сакта. Капилет ордон сакта, Кайрымсыз зордон сакта. Жамгырсыз жаздан сакта, Тагдырсыз таздан сакта. Бакты берсең, байырлуу кылып бер, Дөөлөт берсең, кайырлуу кылып бер. Аял берсең сүйүктүү кылып бер, Уул берсең улуктуу кылып бер. Келиндин келиштүүсүн бер, Аттын желиштүүсүн бер. Тирүүбүзгө тилек бер, Өлүүбүзгө жумак бер. Ушу тилегимди бөлүп-жарбай, Үйүп-төгүп бир-ак бер! Оомийин! * * * Йа Теңири, колдой гөр, Бак-дөөлөттүү өлбөс кыл, Жалгаганга жалгаш кыл, Ала ооздуудан алыс кыл, Көрө албастан калас кыл. Ак пейилдүү пендеңин Тилектерин асыл кыл, Ниеттерин кабыл кыл. Өпкөсүн чаң өрдөбөс, Жүргөн жерин жашыл кыл. Оомийин! * * * Далактатаар доодон сакта. Жалактатаар жоодон сакта, Ачыккан бөрүдөн сакта, Кара жердин ачылган көрүнөн сакта. Ашынган уурудан сакта, Кулкуну куругдан сакта. Душмандын каарынан сакта. Ичи жамандын заарынан сакта. Аяк алдынан кезигээр Балаа-жалаанын баарынан сакта. Оомийин! * * * Жексурдун жез чаар көзүнөн сакта, Кергиштин кесир сөзүнөн сакта, Жалаакордун көөсүнөн сакта, Жашырынып жаныңда жүрүп, Жагалдуу күлүп, Ашыңа уу чылаар, Аягыңа тузак чалаар, Аркаңа бычак сугаар Котур ташы койнунда Желмогуздун өзүнөн сакта! Оомийин! * * * Чалгырттын көзүнөн сактасын, Чалгындуу сөзүнөн сактасын. Сага аткан уусу кайрылып Кайра өзүн каптасын, Калтылдатып как башын Каргышында какшасын, Оомийин! * * * О, Жараткан, Өлүмдүн тезинен сакта, Андан калса сегизинен сакта, Андан калса эгизинен сакта. Кандын каарынан сакта, Карачанын дооматынан сакта. Бакбай балааңан сакта, Жаппай жалааңан сакта. Капсалаң болгон жуттан сакта, Кара өзгөй болгон доодон сакта. Аңдыган уурудан сакта. Абайсызда тийген жоодон сакта. Оомийин! * * * О, Кудай! Кандын каарынан сакта, Төрөнүн заарынан сакта. Өктөгөн өкүмдөн сакта, Боктогон кокуйдан сакта. Онтогон оорудан сакта, Кежирлердин догунан сакта. Качырганы шамалдай, Кайсаганы камандай, Кандын кабыланынан сакта. Күрүлдөгөн көчкүдөй, Күүлөнгөн борошондой, Төрөнүн дөлөнгүтүнөн сакта. Жабуулаган жалааңдан сакта, Таңуулаган балааңан сакта. Күлүп киргенден сакта, Күңгүрөнүп чыккандан сакта. Сасык арамзаанын ушагынан сакта, Эшек арамзаанын тушагынан сакта. Оомийин! * * * Йа Жараткан, заалымдан сакта, Араны сууткан чагымдан сакта. Жазды кургаткан загымдан сакта, Күз кургатпаган жааныңдан сакта. Жоо кууп алактаган көздөн сакта, Эрсиз тууп далактаган кыздан сакта. Жабылуу жайган тордон сакта, Казылуу жаткан ордон сакта Өзү эгерим билбеген, Билген айтса илбеген, Дүйнөңдү түгөткөн дүлөй Кемчонтой кежир шордон сакта. Оомийин! * * * О, Кудай! Айланайын өзүң колдо, Өйдө-ылдыйда, ашууда, татаал жолдо. Шайтанга азгырылтпа ач көз кылып, Кулкумду буза көрбө, ниетимди оңдо. Сагызганча жүгүнтүп кичилетпе, Чач каргача чырылдатып кишенетпе. Кай жерде, кайсы тойдо олжо бар деп, Түлкүчө жойлоттуруп шимшилетпе. Жон жоругуча жонго коюп, тарп күттүрбө, Кол жоругуча үксүйтүп баш мүлжүтпө. Карышкырдан калгандын кардын жарып, Кашкулакча капталдан сүйрөттүрбө. Кузгунча таң заардан куркулдатпа, Каргача кайдалатып тарпаңдатпа. Кайда болсо напсим тыйып, ыйман берип, Касиеттүү элиме уят кылба. Оомийин! * * * Асыл болсоң күндөй бол, Ааламга жарык нур берген. Балбан болсоң жердей бол, Баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол, Баарын жууп кетирген. Улукман болсоң желдей бол, Ушунча жанга дем берген. Оомийин! * * * Жерге Тал суусун бойлодум Мен көп эле тойду тойлодум. Ушундай тойдун ичинде Батамды кантип бербей коөмун. Улуу тоонун боорунан, Уулум бир гүлүн терсе экен. Улуулар менен кармашпай, Уулума ыйман берсе экен. Керме тоонун боорунан, Келиним гүлүн терсе экен. Кайнене менен кармашпай, Келинге ыйман берсе экен. Кырка тоонун боорунан, Кызым бир гүлүн терсе экен. Күйөөсү менен кармашпай, Кызыма ыйман берсе экен. Аска тоонун боорунан, Атабыз аркар атса экен. Улан-кыз менен урушпай, Атага урмат айтса экен. Арчалуу суунун боюнан, Мен бир гүлүн терсем экен. Абышкам менен бир болуп, Балдарымдын убайын көрсөм экен. Жашылдан чапан өңүлү, Жакшы отурдук көңүлдүү, Жакшылап бата берели, Балдарым болсун өмүрлүү. Кызылдан чапан кыюусу, Кырка отурдук үй ичи. Кыркалай бата берели, Кыздарым жүрсүн сый ичи. Оомийин! * * * Жалга Теңири, кабыл эт, Жалгоонун камын эт, Ызаат-абырой, бак-дөөлөт, Кызыр карап, бак конуп, Эмне тилек тилесек, Ошонун баарын кабыл эт. Иманымды түгөл эт. Достун көңүлүн ача гөр, Душмандын демин баса гөр. Тозоктогу оттон как, Насип каккан жоктон как. Адилдикти бургандан сакта, Кайырымсыз туугандан сакта. Нанды тепкен кесирден сакта. Ырысты чанган келинден сакта, Мезгилсиз келген өлүмдөн сакта. Татымсыз туздан сакта, Уятсыз кыздан сакта. Жигиттин аңкоосунан сакта, Жаштардын жалкоосунан сакта, Агайындын бүтпөс доосунан сакта. Оомийин! * * * Йа жараткан кудурет, Ниети кара, жегени арамдан сакта, Күлө кирип күңгүрөнө чыккандан сакта. Өтпөс бычактан, баспас көлүктөн сакта, Эл ичин ыдыраткан бүлүктөн сакта. Жетим-жесирдин ырыскысын ашагандан сакта. Аманатка кыянат жасагандан сакта. Йа Алла, кооп, коогадан сакта. Ооруу, сыркоо, балаа-жалаадан сакта. Жетесиз уулдан сакта. Никесиз кыздан сакта. Оомийин! * * * Йа Жараткан! Агайындын акыйынан сакта, Коңшунун кокуйунан сакта. Тулпардын туягына мык каккандан сакта, Жумуруна бузук жук каткандан сакта. Шумкардын канатын кайрыгандан сакта, Жуптууну зарлатып айрыгандан сакта. Атаны көп алдында муңдурган баладан сакта, Энени эл алдында сындырган кыздан сакта. Аркаңды алган оорудан сакта, Арналуу буюмду алган уурудан сакта. Адепти этпегенден сакта, Ар намысты тепсегенден сакта. Тилиңди күрмөгөндөн сакта, Дилиңди зилдегенден сакта. Калыпты билбегенден сакта, Калкты тилдегенден сакта. Каргышка кактагандан сакта, Батаны аттагандан сакта! Оомийин! * * * Калкың тоосу менен болсун, Кайберен зоосу менен болсун. Өндүрүң малы менен болсун, Өмүрлөшүң ары менен болсун. Балдарың оюну менен болсун, Жаштарың ысык коюну менен болсун. Чалдарың азил тамашасы менен болсун, Балбаның даңазасы менен болсун. Байбичелер сөөлөтү менен болсун, Байыңар дөөлөтү менен болсун. Устаң көөрү менен болсун, Чечениң айры тил мөөрү менен болсун. Көсөмүң сүрдүү көзү менен болсун, Гөзөлүң сырдуу назы менен болсун. Ушу айтканым баары Кудайымдын кулагына чалынсын, Талабың тегиз табылсын! Оомийин! * * * Ат берсе ала берсин, Томолок баш бала берсин. Эчки берсе теке берсин, Эшиги ачык Меке берсин. Пайгамбар, мазарын берсин, Кызырым, назарын берсин. Оомийин! * * * Жаш баланын күлкүсүн бер, Жаш эненин уйкусун бер. Жоомарттын колун бер, Жолдоштун жолун бер. Кыздын кылыгын бер, Уздун учугун бер. Азоонун арымын бер, Азоо жүрөк сеп алган Айлуу түндүн жарыгын бер. Эгиздүү улагын бер, Эки айрык шыбагын бер. Аскар тоонун салкынын бер, Булбулдун таңкы үнүн бер. Талаанын жазыктыгын бер, Гүлдүн назиктигин бер. Деңиздин тереңдигин бер, Дүйнөнүн кереңдигин бер, Кыраандын көрөөндүгүн бер. Эрдин билегин бер, Шердин жүрөгүн бер. Түбөлүккө ажырабас, Чын ашыктын тилегин бер. Оомийин! * * * Аброй бер, аман сакта, Өрттөн, суудан сакта, Тилсиз жоодон сакта, Тилишкен чуудан сакта. Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта, Жөндөн-жөн келген балаадан сакта, Балаадан жаман аялдан сакта. Жээликкен жеңеден сакта, Балээ апкелер теңгеден сакта. Чочуган желинден сакта, Кетпес кезик келинден сакта. Дос болуп, кас болгондон сакта, Арам дүнүйөгө мас болгондон сакта. Кыдыр колдосун, Башыбызга бакыт орносун, Балээ апкелем деген өзү оңбосун, Оомийин! * * * О, касиеттүү кудурет, Тилди тилгенден сакта, Дилди билбегенден сакта. Кайырымсыз туугандан сакта, Коогалуу катындан сакта, Ыймансыз баладан сакта. Жамандын көзүнөн сакта, Оозу кан бөрүдөн сакта. Тескери батадан сакта, Элди жапаадан сакта. Оомийин! * * * О, кудурет, жараткан, Башыбызга эсендик бер, Дөөлөт, бакыт ынтымак бер. Жерге жамгыр бер, Жакырга байлык бер. Азалуу үйгө шаттык бер. Карыга сөөлөт бер, Балага абийир бер, Кемпирге келбет бер, Келинге ыйман бер, Жигитке эрдик бер, Элге береке бер. Ырыскы менен даарый кет, Ушу батабызды кабыл эт. Оомийин! * * * О, Жараткан, Айдан аман сакта, Жылдан эсен сакта. Жаман ойдон сакта, Жазакер азгырыктан сакта. Жабыркаткан оорудан сакта, Жалаңдаган жоодон сакта. Жамандын жалаасынан сакта, Жазатайым жолуңан сакта. Жашырынган ууруңан сакта, Жалындаган өртүңөн сакта, Жанталашкан сууңдан сакта, Жан алган чууңдан сакта. Улуу жолдо туш келер- Балаа- капшабыңдан сакта. Кол жайып бердик бата, Колдосун Кыдыр Ата! Оомийин! * * * Баш болсун, Мал болсун, Узун өмүр жаш болсун, Берекелүү аш болсун. "Ихи" деген оору болбосун, "Келе" деген доочу болбосун. Баккан балээ болбосун. Калк ордунда болсун, Хан тактысында болсун. Хандын калаабасынан сактасын, Жаттын дооматынан сактасын, Айкырып тийген жоодон сактасын, Адам өлгөн чуудан сактасын. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Эл ичи тынч болсун, Эмгек кайнап турсун, Береке жайнап турсун. Карыларыбыз нускалуу болсун, Байбичелерибиз берекелүү болсун. Кыз-келиндерибиз уяттуу болсун, Уулдарыбыз ыймандуу болсун. Оомийин! * * * Ак барчын, кызыл барчын, Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун. Бак карасын башыңа, Куру сайыңа суу аксын, Элиңе ишиң жаксын. Берекет берсин ашыңа, Кызыр келсин кашыңа, Узун өмүр жаш берсин, Бала-чака башыңа! Оомийин! * * * О, адамдар! Өмүрүң- сапар, Жол жүрөсүңөр: Жолуңар шыдыр, Жолдошуңар Кыдыр болсун. Тилек ак, ниет таза, Ишиңерди Кудай оңдосун. Өрүшүңөр -малга, Кырманыңар -данга, Оозуңар -майга толсун. Жакшы адамдарды, Теңир жаман көздөн, Жалган сөздөн сактасын. Эл намысын коргогон, Эр азаматтардын, Башынан сыймык кетпесин, Карылар-дөөлөттүү, Айымдар -сөөлөттүү, Келиндер- келбеттүү, Жигиттер албеттүү болсун! Барчылык болуп, Токчулук келип, Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап, Очок жагып- Ордо толсун. Эл тынч, журт аман болсун. Ата-баба арбагы жылоолоп, Теңири колдосун. Оомийин! * * * Бата деп көтөрдүм билегимди, Кудайым берсин тилегиңди. Пайгамбар батасын берсин, Бак-дөөлөтүн берсин. Керегең көрктүү болсун, Келиниң септүү болсун. Уулуң оттуу болсун, Улагаң куттуу болсун. Кызың кырк жылкы болсун, Күйө балаң тактыда болсун, Умай эне батасын берсин, Бак-дөөлөтүн аябай берсин. Өрүшүңөрдө мал жайласын, Казаныңарда май кайнасын. Үйүңөргө бакыт кушу конуп, Тайларыңар талааңарда тайраңдасын. Башыңардан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин. Балдарыңар чечен болсун, Баары туугандар эсен болсун. Айгырыңар үндүү болсун, Кочкоруңар жүндүү болсун. Өгүзүңөр күчтүү болсун, Инегиңер сүттүү болсун. Атан, нарың жүктүү болсун, Аталган жарың куптуу болсун. Корооңор кыктуу болсун, Конушуңар ыктуу болсун. Куру сайыңан суу аксын. Кылган ишиңер элге жаксын! Оомийин! * * * Оомийин деп кол жайсаң, Мен батамды берейин. Мобу отурган көпчүлүк, Баарыңа бакыт тилейин: Эч бириңдин башыңда, Жамандыктар болбосун. Санап чыксаң бирөөвүң, Кыдыр болсун жолдошуң. Не тилесең тилегиң, Кабыл болуп орносун. Жалгыз Теңири жар болуп, Арбактарың колдосун. Оомийин! * * * Көпчүлүк көл, Көл кургаса чөл. Чөл элге келбесин, Ал күндү кудай, Адамзатка бербесин. Көл бөксөрбөй толкусун. Бүгүнкү ишиң көпчүлүк, Толкуган көлгө окшосун. Оомийин! * * * Кыргыз элим соо болсун, Кылымга ишиң оң болсун. Торолуп уул, кыздарың, Толкуган көлдөй ой болсун. Ала Тоодой козголбос, Маңдайга багы орносун. Азап чекпей жаш-кары, Айылыңда дайым той болсун. Жеңишиңди көрө албай, Жезиттер түбү кор болсун. Айкөл Манас атабыз, Арбагы менен колдосун! Оомийин! * * * Ой Кудай, Олуя, колдо. Жалгамак сенден, Жалынмак бизден. Эл ичинде эсен кыл, Көптүн арасында, көчтүн карасында кыл, Кимди жалгасаң ошонун арасында кыл. Элди-жерди колдой көр. Ашка береке, башка дөөлөт бер. Кең пейил ырыс бер. Бала чакага узак өмүр бер. Жакшыны көп кыл, Жаманды аз кыл, Жакшы алдында бас кыл. Оомийин! * * * Улуулардан урк кетпесин, Кичүүлөрдөн ырк кетпесин. Эркектерден эрк кетпесин, Зайыптардан көрк кетпесин. Ок тиштешкен шарты урат, Эрендерден шерт кетпесин. Кан- Кудаанын көлөкөсү, Калайыктын кусуру урат Калкы алдында ант кетпесин. Калк чайкалса- жер чайпалат, Кара журтка берт кетпесин, Оомийин! Карыларга ак тилек Узак өмүр бирге жашап, Жуурулуп жүзгө жеткиле, Өмүрдө эч кейибей өткүлө. Отургула уулдун төрүндө, Балдардын жакшылыгын көргүлө, Ыр, күлкүнүн үстүндө эле жүргүлө, Бактылуу өмүр сүргүлө. Үйүңөрдөн ырыскы, той кетпесин, Небере чууруп келе берсин, Чөбөрөңөр колдон жетелесин. Батаңарды бергиле урпактарга, Бириңден бириң адашпагыла, Каада, нарк менен жашагыла. Катарда болсун жолдошуң, Теңирим силерди колдосун. Оомийин! * * * Түнүңөр тынч болсун, Үйүңө ырыс толсун, Келиндериң эстүү болсун, Уулдарың сестүү болсун. Балдарың кубаныч апкелсин, Неберелериң жубаныч апкелсин, Ай, жылда эмес, күн алыс апкелсин. Орунуңар төр болсун, Дасторконуңар мол болсун. Катарыңар суюлбасын, Кырчын талыңар кыйылбасын. Жаштардын казасын көрбөгүлө, Душмандын жазасын көрбөгүлө, Элиңдин азасын көрбөгүлө. Калкыңда бийлик болсун, Жарашкан тирлик болсун. Токсон тогузуңарда Түзөңдөн түзгөнгөнүң көрөлү. Жүзгө чыкканыңарда Жүзүңөрдөн өбөлү. Оомийин! * * * Балаң өзүнө шай болсун, Ыңгыранган бай болсун, Желеден сааны кетпесин, Башынан кайгы өтпөсүн. Аты кетип Алайга, Даңкы кетсин далайга. Аргымак атын желдирсин, "Атанын уулу" дедирсин. Кыргызга атың билгизип, Кыйлага затың сүйгүзүп, Үстүңө кымкап кийгизип, Бакыт берсин башыңа. Сексенге чыга жашаңыз, Серкенин майын ашаңыз. Токсонго чыга жашаңыз, Топоздун майын ашаңыз. Жүзгө чыга жашаңыз, Жылкынын майын ашаңыз. Жаш кошулсун жашыңа, Баш кошулсун башыңа. Кызыгын анын көрүңүз, Кылым дооран сүрүңүз. Көлүгүң миништүү болсун, Көңүлүң тыныштуу болсун, Карылык ырыстуу болсун, Пейлиң жугуштуу болсун. Оомийин! * * * Айтканың эки болбосун, Агайын тууган колдосун. Сөзүң эки болбосун, Сөөлөтүң Кыдыр колдосун. Өкүмүң эки болбосун, Өзүңдү Теңир колдосун! Оомийин! * * * Торколуу тоюң кут болсун, Төрт тарабың куп болсун, Томуктай болгон башыңа, Тоодой бакыт жык толсун! Токумчан жеттиң марага, Топтогонуң жук болсун. Кемибегин ашыңан, Кенен болсун казынаң, Керээлди кечке чериңи жазсын Кемпириң менен кошунаң. * * * Даанышман сөзүн эстеңиз, Даамдуу ширеден кетпеңиз. Деми жаш жыттан издеңиз, Дембе дем тынбай искеңиз. Дабаа болуп ушулар Дагы отуз жыл иштеңиз! Күмүш тойго бата Куттуу болсун күмүш той, Той дегениң ырыс го. Алтын жамбы берсем да, Экөөңө тең дурус го. Күмүш тойдун аягы, Алтын тойго жалгашсын. Жаркырасын жаныңар, Жүзүндөй ак албарстын. Күркүрөсүн демиңер. Мизиндей көк албарстын. Ташый берсин дөөлөтүң, Жарашып сан сөөлөтүң. Кара курттай кыжылдап, Өсүп-өнсүн овлатың. Өрлөп дайым ташыңар, Жээктен ашып-ташыңар. Ажырабай жубуңар, Жүзгө жетсин жашыңар. Калт-калт этип жаңгактай, Ошондо кагышып турсун башыңар. Оомийин! Алтын тойго бата Алтын той куттуу болсун, Алтындан баалуу болгула, Жылдыздай наарлуу болгула. Кундуздан жакалуу болгула, Күмүштөн такалуу болгула. Өркүндөп-өскөн урпагыңдын, Үзүлбөс сабагы болгула. Жүрөктүү туулган уулдарыңдын, Акылчы жарагы болгула. Ай жүздүү аппак кыздардын, Алтын сом тарагы болгула. Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун, Үйүңөргө Кызыр келип консун. Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулсун, Көңүлүңөр көкөлөп толсун. Жүдөбөй жүзгө жеткиле, Өмүрдөн армансыз өткүлө. Оомийин! IV Үй ээсине, дасторконго, тойго бата * * * Дасторконуңар бай болсун, Казаның, очогуң май болсун, Төрт тарабың шай болсун. Көңүлүң толуп жай болсун. Уулуң конуп уяга, Кызың учуп кыяга, Келиниң бүбү атанып, Уулуң болсун бий, ага, Бергенден Теңирим танбасын, Көбөйө берсин мал башың, Өсө берсин жан, башың. Тилегиң өргө чамдасын, Досуңдан көңүлүң калбасын. Жолуң болуп жорткондо, Жолуңду Кызыр жалгасын. Дасторконуңдан даам кетпесин, Өмүрүңдөн маани кетпесин. Урук-урпак аман болуп, Көңүлүңө санаа жетпесин. Оомийин! * * * Абалы Теңир колдосун, Ак жолуна жолдосун. Сыртыңдан кайбат айткан жан, Акыры жүрүп оңбосун. Дөөлөтүң баштан кетпесин, Душманың кууп жетпесин. Кайырлуу кылып дөөлөт берсин, Душманың түтөгөн сөөлөт берсин, Өмүрлүү кылып перзент берсин. "Атам" деп жадында жүргөн жанды, Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун. "Энем" деп эсинде түйгөн жанды, Эки дүйнөдө Эгем колдосун. Оомийин! * * * Ээ Кудайым сакта, Бакыт бер башка, Соолук бер жашка. Бармын деп ташпа, Жокмун деп азба. Береке бер, Ичип-жеген ашка. Оомийин! * * * Калкыңа кадырың өтсүн, Касың алдыңа чөксүн. Кыдыр ачып жолуңду Кызылдай ырыс төксүн. Дасмалың набат болсун, Баскан изиң абат болсун. Айдыңың кеңисин, Арбысын ырыс жемишиң. Аман болуп балдарың, Жаныңда жүрсүн жалжалың. Таттуулукта өмүр сүр, Тартпагын турмуш зардабын. Болоор жерин толо айттым, Теңирим берсин калганын, Оомийин! * * * Казынасы кең кудай Түбүн берсин. Ар таңда ырыскы чачкан Албырган күнүн берсин. Ар түндө кут куюлткан Көлбөөргөн түнүн берсин. Күндөн Түнгө оошкон Ооматтын жүгүн берсин. Түндөн Күнгө куушкан Дөөлөттүн түрүн берсин, Эртең эмес бүгүн берсин! Оомийин! * * * Медийнада Мухаммед, Түркүстанда Кожахмет. Экөөвүң бирдей болгойсуң, Мынабу үммөтүңө жар медет. Бул дүнүйөдө жыйганды айт, Акыретте ыйманды айт. Эки дүнүйө абыроюң берсин. Баани өмүрдө малга жарытсын, Алганың менен тең карытсын. Төрт түлүгүң көбөйө берсин. Журтуңа арналган ниетиң, Ата-бабаңа тие берсин, Ата арбагы ие берсин! Оомийин! * * * Бата бер десеңиз бизге, Бата бердик сизге: Качан да болсо бизди, Той -тамашадан изде. Кудайым кубат берип сизге, Урундурбай кыш, күзгө, Учуратпай суук көзгө, Жашыңызды жеткирсин жүзгө. Кудайым көктөн берсин, Көктөн берсе көптөн берсин. Кудайым жаздай берсин, Жаздай берсе жазбай берсин. Кудайым күздөй берсин, Күздөй берсе үзбөй берсин. Кудайым кыштай берсин, Кыштай берсе кыспай берсин. Кудайым көңүлүңдү жаш кылсын, Жаш кылса, жаздай наз кылсын. Кастык ойлогон адам болсо, Кадемин катырып шаштырсын, Көңүлүн анын пас кылсын. Кастарын тиккен жооңду, Кара таш менен бастырсын. Абыроюңду андан аштырсын, Аскар тоодой бийиктетип, Берекеңди көлдөй таштырсын. Оомийин! * * * Ашың, ашың, ашыңа, Бакыт консун башыңа. Таң мезгили болгондо, Бөдөнөдөй ойдолоп, Кыргоолдой жорголоп, Кызыр келсин кашыңа. Ден соолугуң зор болсун. Кайда барсаң алдыңда, Жаркыраган жол болсун. Умтулганың учурап, Убадалуу кол болсун. Басып кеткен жериңе, Базарлуу калаа орносун. Теңирим ишиң оңдосун, Тегерете колдосун! Оомийин! * * * Кутуң кетпесин, Касың жетпесин. Каргышы өтпөсүн, Катылган өксөсүн. Катының көппөсүн, Каршың өспөсүн. Кызыңды оозар өппөсүн, Кырк шамы өчпөсүн. Уулуң ууктай Узарып көктөсүн. Зоболоң өйдөлөп Зоокалап Көккө өссүн. Оомийин! * * * Кумга коюң жайылсын, Курутка колуң малынсын. Кыйшая бастырган жериң- Кызыгың жолдон кабылсын, Кымызың оңдон табылсын. Салбуурун чыксаң салганың Калча болсун. Айдасаң малың күтүрөп Санча болсун. Кылымга жашың кыярбай Арча болсун. "Болсом, толсом" дегендер биригип Бир сенче болсун, Оомийин! * * * Сурасаң бата берейин, Бата берсем не дейин. Көңүлүң ийип, колуң жай, Көлкүтүп мээрим төгөйүн. Көк жайлоону жайлагын, Көбүртүп кымыз байлагын. Көнөктөн ашып айраның, Көнөчөк толсун каймагың. Багландын бал куйрук Балпаң-балпаң чайнагын. Балбаалатып агызып, Ууртуңдан тамызып, Мурут, сакалың майлагын. Сабааң толсун кымызга, Чараң толсун уузга. Атың кетсин алынып Алыс менен жуукка. "Ай балилеп" эриксиз Ак пейлиңде чалкысын Душманың да, тууш да. Басып сүйгөн неберең, Батасы тийип көп элдин Баш кошсун Айдай кызга, Оомийин! * * * Ашка толсун табагыңар, Ачык болсун кабагыңар. Жаштарыңар ойлуу болсун, Жардыңар койлуу болсун. Балдарың убайлуу болсун, Кыздарың чырайлуу болсун. Ишиңер так болсун, Нээтиңер ак болсун. Байгамбар көлөкөсүн салып, Башыңарга бак консун. Телегейиң шай болсун, Теңирим өзү жар болсун. Оомийин! * * * А Кудайым, берегөр, Элиме көлөкөң бер, Жериме берекең бер. Баяндуу амандык бер, Ашка адалдык бер. Ырыскың ичтен, Абыроюң тыштан болсун. Өмүрүң узак, Эмгегиң өнүмдүү болсун. Не тилесең кабыл болуп, Кудай тилегиңди берсин. Оомийин! * * * Чарыяр болсун достошуң, Мухаммед болсун коштоочуң. Кыдыр болсун жолдошуң, Улукман болсун курдашың. Мүдүрүлгөн жериңде, Жети олуя, жети пир, Керемети менен колдосун. Көңүлүңө алган талабыңды, Бир жасаган Кудайым, Кудурети менен оңдосун. Улууларды сыйласаң, Боло берсин болбосуң, Толо берсин толбосуң. Таңда макшаар күнүндө, Бурак болсун мингениң, Жибек болсун кийгениң, Үрлөр болсун сүйгөнүң, Ошол убакта билээрсиң, Бул күндө берген ашыңдын, Батасынын тийгенин. Малыңдын көр пайдасын, Башыңдан багың тайбасын. Оомийин! * * * Жабылып ушул үйгө бата берели, Теңирим сага бак берсин, Түбөлүктүү баш берсин, Талбаган канат берсин, Жанбаган бакыт берсин. Кетпеген ырыс берсин, Улукмандын жашын берсин. Үйүңө береке берсин, Келинге бала берсин, Баш артынан баш келсин. Кызыңа бак берсин, Жетелеп жээн апкелсин. Тилегениң азир кылсын, Үйүңө толо перзент келсин. Азан-казан түшүп чуулдап Айылыңды базар кылсын. Журт батасын кабыл кылсын. Оомийин! * * * Жакшылык, тойго жайылган, Дасторконуң мол болсун, Чыкданың майга толсун, Абыройуң зор болсун, Кабагың жарык болсун. Келиниң кичи пейил болсун, Балаң абийирдүү болсун. Короого малың толсун, Үйүңө бала толсун. Чубурган урпактарың, Тегиз аман болсун. Бейкутчулук заман болсун, Бул дүнүйөдө жыйганың болсун, Ал дүнүйөдө ыйманың болсун. Айткан батам кабыл болсун, Бабалардын арбагы колдосун! Оомийин! * * * Сөзүң аталуу, Дасторконуң баталуу, Атың жотолуу болсун. Бээң кулундуу, Козуң тулумдуу, Төөң ботолуу болсун. Коюң эгизден, Эчкиң сегизден туусун. Келиниң аягы менен, Койчуң таягы менен жаксын. Көңүлүң дилдүү, Башың сыйлуу болсун. Кызың ыйбалуу, Келиниң ыймандуу, Уулуң уяттуу болсун. Өзүң сары тиштүү карыя, Дөөлөтүң дарыя болсун. Оомийин! * * * Атың тулпар, Кушуң шумкар болсун. Желең бээлүү болсун, Көчүң төөлүү болсун. Ишиң жүйөөлүү болсун, Башың киелүү болсун. Кызың кыяга, Уулуң уяга консун. Сапарың байсал, Жегениң май сал болсун. Баяндуу болуп, Бак-дөөлөт конуп, Көңүлүң толсун. Оомийин! * * * Йа, Теңири, Ушул үйдүн ээсине Мол кылып аш бер, Көбөйтүп баш бер, Узак өмүр жаш бер. Ансайын ийиктесин Ич-сыртка бирдей жагып, Аттансын келген коногу Ичпей тоюп. Ыраазылыгы түгөнбөгөн Ыкылас бер. Оомийин! * * * Береке берсин ашыңа, Бак келип консун башыңа. Балын татып өмүрдүн, Бабаңдын жет жашына. Кубаныч менен досторуң, Жыйнала берсин кашыңа. Коюң козулап эгиздеп, Эчкиң тууп сегиздеп, Майдан колуң кетпесин. Согумуң болсун семизден, Айтып жүрсүн коногуң: "Ашын-ай -деп,- жегизген". Чалкып жатсын дөөлөтүң, Ташыган сел деңиздей. Башыңа Алла бак берсин, Адалын берсин, ак берсин. Атагың кетип Алашка, Астыңа алтын так берсин. Оомийин! * * * Өмүрүң узак болуп, Оозуңда отуз эки тиш калбасын, Башыңа бакыт конуп, Кемшеңдеп жеген казыдан Сакал мурутуң майлансын. Небере-чөбөрө жаныңда, Базар түшүп айлансын. Сенден тараган урпактын, Эч кайгысы болбосун. Ушу айтканым кабыл болуп, Арбактарың колдосун. Оомийин! * * * Ээ Кудайым, бала берсин, Мал менен башты жана берсин. Сага кастык кылганды Таман астыңа сала берсин, Так төбөдөн кага берсин! Ээ Жараткан, ушул чамгарак алды Аллага жагып азандуу болсун, Агайынга жагып казандуу болсун. Калкына жагып адил болсун. Суудай таза, Жердей балбан, Аймагы жашыл, сугат болсун. Сөзү элине кубат болсун. Өмүрү узак болсун, Оомийин! * * * Желеңдин ал четинен бул четине, Ат чаптырса жетпесин. Теңирим берген насибиң Тепкилесе да кетпесин. Кудайым берген ырыскың Кубаласа да кетпесин. Көнөгүң жыйылбасын, Сабааң кыйылбасын. Сааганың бээ болсун, Дасторконуң акка толсун. Кечке келип чуулдаткан, Мүйүздөрүн зуулдаткан, Карсылдашып сүзүшүп, Кара зоону жаңырткан, Козучактын атасы Кочкор бассын үйүңдү. Бакайлары шыртылдап, Мүйүздөрү жылтылдап, Үй арасын бок кылган, Ичсе айранга ток кылган, Музоочуктун атасы Бука бассын үйүңдү. Таштан ташка секирген, Камалып калса бакырган, Капкайда элди чакырган, Куулугу салаңдап Үзүлчүдөй байкалган, Туягында чайкалган, Улаккандын атасы, Теке бассын үйүңдү. Маң-маң, маң-маң, маң баскан, Чуудаларын чаң баскан, Өркөчтөрүн ком баскан, Боточуктун атасы, Буура бассын үйүңдү. Шыңгыр-шыңгыр кишенешкен. Чыңырып, чыңырып издешкен, Чычып богун искешкен Кулунчактын атасы Айгыр бассын үйүңдү. Оомийин! * * * Уулдарың бөрк камчылуу, Кыздарың сөйкөлүү, Аялың ак тасмалдуу болсун зэр. Ишиң илгери жүрүп, Итиң чөп жесин. Жүргөнүң жайлоонун төрү болсун, Ичкениң кымыздын гүлү болсун. Алачыктай калдайып, Оолжуп шашпай бастырган, Оболкудай каткырган, Уулуң барып ат алган, Төр жакалай отурган, Конок бассын үйүңдү. Кызыгы кумар тараткан, Кырмычыгын талашкан, От жакалай чыт курсак, Бала бассын үйүңдү. Желеге басса керилген, Салтанаты көрүнгөн, Сан сөөлөтү төгүлгөн, Келин бассын үйүңдү. Эртели-кеч сайрандап, Маңдайы ачык жайдаңдап, Кымыз уулап ичишкен, Кыйындыкта түтүшкөн, Элиң бассын үйүңдү, Оомийин! * * * Шыбагалуу баш берсин, Берекелүү аш берсин, Маңдайыңа: баркыраган бак берсин. Уучуң узарсын, Жаның жашарсын. Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Ырысың журттан ашсын, Көңүлүң толкуп ташсын. Эч нерседен кем болбо. Башыңан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин. Балдарың чечен болсун, Баары журтуң эсен болсун. Сага жамандык издеген Ара жолдо кесел болсун. Кыдыр Ата даарысын, Кылымга атың таанылсын. Тилиң кызыл болсун, Тилегиң узун болсун. Оомийин! * * * Бак карасын, Кыдыр даарысын, Кудай жалгасын, Мал, башыңды Аман кылсын баарысын. Кудай бак берсин, Бак берсе бат берсин. Кудайым ырыс берсин, Ырыс берсе дурус берсин. Бактылуу бол, баштуу бол, Узун өмүр, жаштуу бол. Телегейиң тептегиз, Малынып турсун майга кол. Бактылуу болуп балдарың, Ачылсын багы ар дайым. Түндүктөн ырыскы куюлуп, Жолу болсун күн сайын. Оомийин! * * * Керегең эптүү болсун, Келиниң септүү болсун. Айгырың үндүү болсун, Кочкоруң жүндүү болсун. Отуз уулуң болсун, Кырк кызың болсун. Жайлоонун оту жошулсун, Жайылып малың кошулсун. Келиниң кулун байласын, Кемпириң куйрук чайнасын. Тоодой ырыс берсин, Көлдөй кымыз берсин. Көлкүтүп пейил берсин, Балкытып бата берсин, Оомийин! * * * Алганың алтын болсун, Мартабаң улук болсун. Жүзүң жарык болсун, Өмүрүң узун болсун. Ден-соолугуң сак болсун. Алганың менен тең карып, тең арып, Ак чачтуу сары тиштүү болгула. Дасторконуң узарсын, Дөөлөткө өңүң кызарсын. Ат көтөргүс бай болгун. Пайгамбар батасын берсин. Бак дөөлөтүн берсин, Кең пейил берсин, Ырыскы өзү издеп келсин. Оомийин! * * * Балдарыңа бакыт берсин, Бакыт берсе, Ар дайым артык берсин. Даражасы көтөрүлүп нур чачып, Ырыскысын гөөхардан чачып берсин. Бак карап, Кызыр даарып, ырыс жетип, Дөөлөтү суудай агып, өсүп-өнсүн. Оомийин! * * * Угумсуз тыңдоочуң болбосун, Сыңар өтүк сындоочуң болбосун. Орунсуз мактоочуң болбосун, Отсуз кактоочуң болбосун. Отуруп алып чыкпай турганга кез болбо, Кол кабыш кылар кези келсе, Үйүңө башын сукпай турганга кез болбо. Арак берсең алдыңа кетип, Бербеген күнү боктой турганга кез болбо. Уятсыз келиниң болбосун, Ушакчы катының болбосун. Тамактан соң кекире көрбөсүн, Тамак үстүндө чүчкүрө көрбөсүн. Уулуң какырып үйрөнбөсүн, Кызың кыйкырып үйрөнбөсүн. Атың арам болбосун, Конгон үйүң сараң болбосун. Оомийин! * * * Оомийин десең, мына бата: Даарысын Кыдыр ата, Кыдыр кыяласын, Периште уяласын. Бак берсин, баш берсин, Өмүрүңө узак жаш берсин, Кетпес ырыс Кең пейил берсин. Коргогонго колдош кылсын, Жалгаганга жалгаш кылсын, Каргаганга каргыш кылсын. Мээнетин ак кылсын, Муратын так кылсын. Каба жааган кардан сактасын, Чаба жааган жаандан сактасын, Каптай чапкан жоодон сактасын. Оозу кандуу бөрүдөн сактасын, Колу кандуу уурудан сактасын. Ушу үйгө жамандык ойлогон Эгерим эки дүйнөдө береке таппасын. Оомийин! * * * Ак калпактын уругу, Ак сөөктөрдүн улугу, Акылмандын тунугу колдосун. Касың оңбосун, Кырсык болбосун, Калкыңа кут орносун. Артыңдан куубасын, Алдыңдан тоспосун, Эгерим душманың озбосун! Оомийин! * * * Каниет, үй ээсине! Кана, жайгын билегиңди, Мен айтайын төгүтүп тилегимди. Кези, кези, кези келсин, Уулуңа Улуулардын эсин берсин. Асанкайгынын мээр дилин берсин, Жээренченин мөөр тилин берсин. Токтогулдай ырчы болсун, Толубайдай сынчы болсун. Сегиз уулу сегиз бек, Телегейи тегиз бек Ниязбектей бактылуу болсун. Опузасы орусту алган, Ормондой тактылуу болсун. Калыгулдун керээтин берсин, Арстанбектин кереметин берсин. Тайлактын ташын берсин, Байзактын башын берсин. Адылдай өр, Төрөгелдидей зор болсун. Боромбайдай акылчы, Тилекматтай өкүлчү болсун. Сарт акедей даана болсун, Моют акедей нарктутка баана болсун. Токтогулдай тоом, Тобоктой жоон болсун. Санчы менен Матайдын баамын берсин, Сарыбайдын сан жылкы малын берсин, Калмырзанын кара жаагын берсин. Алымбектин баркын, Жантайдын наркын берсин. Чоконун калыстыгын, Балбайдын көктүгүн, Жангарачтын төптүгүн берсин. Байтиктин өкүмүн, Шабдандын өтүмүн берсин. Кыдырдын кыраакылыгын, Садырдын бир акылын берсин. Кубатбектин кутун берсин, Бүргөнү бүтүн берсин. Жеңижоктой дарыя болсун, Куйручуктай олуя болсун. Казыбектей агылган акын, Көкөтөйдөй төгүлгөн чечен болсун. Касымаалыдай күлүгүнөн бак айтсын, Көкүмбайдай шумкарынан нак айтсын. Чалганын-алсын, Нарбаштай чапканы чыгып, Сары Эдийдей салганы алсын. Кожомкулдун билегин берсин, Аксакалдын жүрөгүн берсин. Карамолдонун салмагын берсин, Ыбырайдын бармагын берсин. Айтылган, айтылбай калганын берсин. Пенденин оозунда- Кудаанын кулагында, Кур дегенде ушу айтканымдын жармы келсин, Оомийин, аллоуакпар! V Куда, жек-жааттарга бата * * * Бизге берген ашыңыз- Ачык болсун кашыңыз. Бизге тарткан башыңыз, Узак болсун жашыңыз. Бизге тарткан жамбашың- Аман болсун мал, башың. Бизге тарткан омурткаң- Аман болсун колуктуң. Бизге тарткан жилигиң- Өнүп өссүн түлүгүң. Бизге тарткан кабыргаң- Айырбасын жакындан. Бизге тарткан куйругуң- Туурда шаңшып туйгунуң, Кермеңде ат туйлап, Кемибесин бийлигиң. Оомийин! * * * Акылың ашсын, Ыкыласың ташсын. Балаң неберелүү болсун, Кызың чөбөрөлүү болсун. Жакының көп болсун, Душманың жок болсун. Жакшы келсин кашыңа, Нур жаасын башыңа. Айылыңар малдуу болсун, Жылкыңар жалдуу болсун. Жигиттериң эмгек этип, Агайындын алды болсун. Катуулуктан оолак бол, Таттуулукка ынак бол. Күйөө - жүз жылдык, Куда - миң жылдык. Кудай кошкон куда болот, Пайгамбар кошкон дос болот. Көңүл төтөгөлүү, Өмүр өтөлгөлүү болсун. Таңың азандуу, Очогуң казандуу болсун. Түндүгүңөн кут куюлсун, Дасторконуңа бүт жыйылсын. Оомийин! * * * Ойдо коюң жайылсын, Омуртка менен куйрук же. Кырда жылкың жайылсын, Казы менен карта же. Байтал, бээң кулундап, Кең жайлоодо туйласын, Кунаажының музоолоп, Тор талаага сыйбасын. Оомийин! * * * Уулуңуз баяндуу болсун, Улууну сыйлаар аярлуу болсун. Жүзү жарык болсун, Сөзү канык болсун. Келиниң бактылуу болсун. Жол жүрсө сыпайы жүрсүн, Күлсө адептүү күлсүн. Ач болсо жалаңдабасын, Ток болсо тороңдобосун. Алды менен эрине жаксын, Эринен артылып, Элине, жерине жаксын. Босогого бак болуп конуп, Барган жеринин алкышын алсын. Оомийин! * * * Жаш келиндин конгон жери, Куттуу конуш, турак болсун. Бирөө чал, бирөө кемпир, Өмүрү өткүчө ынак болсун. Кумар артып, ышкы канбай, Кыска түнгө шыбыр толсун. Балапан менен, балакан менен, Бешик ичи үбүр болсун. Кулун, тайдын кызыгы менен, Үй ичине дүбүр толсун. Кары күтүп, бала багып, Мол кызыкта чарчап жүрсүн. Карыларга мээримдүү, Келиндерде адеп болсун. Ата тутуп, эне күткөн, Баба жолу адет болсун. Оомийин! * * * Келиниң зыйнаттуу болсун, Улууну сыйлаган уяттуу болсун Сулуу жүздүү болсун, Жылуу сөздүү болсун. Келиниң эстүү болсун, Эл кыдырса, эптүү жүрсүн, Күлсө сыпайы күлсүн. Ачмын деп жалаңдабасын, Өз байыма келбейт деп, Каш кайрып алаңдабасын. Алды менен эрине жаксын, Агаин көбүнө жаксын. Ушу акылымды укпаган келиндер, Бир Теңирден тапсын. Оомийин! Келин алган үй ээсине бата Келинди бүгүн алганда, Буга кер эне жоолук салганда, Айылдын баары келгенде, Ага ак тойду жасап бергенде, Аксакалдар келгенде, Ак майды кармап чеңгелге, Чачылган нандын күкүмүн, Чаар чымчык терип жегенде, Ушу тойдон ооз тийсин деп, Топудай этти сактадың. Ушинтип берген тоюңа Элдин баары кубанды. Бетиңе колуң жайып тур, Мен берейин бата дубамды. Жараткан Аллам жар болсун, Жакуттан үйүң бар болсун. Алтындан болсун түркүгүң, Асылынан кийип түлкүнүн. Тактысына минип ал, Тамаша менен күлкүнүн. Узун кылсын жашыңды, Урматтуу кылсын башыңды. Колуңдан дөөлөт кетпесин, Ишиңди кудай эптесин. Алганың алтын чеп болсун, Айткан кебиң эп болсун. Жалгандан башың жыргасын, Жайласын жердин жылгасын. Кыздарың кымкап жамынып, Кыйшайып колун сунбасын. Балдарың тогуз беш болсун, Сага бак -таалай ырыс тез консун. Орошолуу жай болсун, Ортончу балаң бай болсун. Канаатташ айылын жыргаткан, Кабыргасы май болсун. Ак жалгасын, Кудайым колдосун. Оомийин! * * * Оомийин десең мына бата: Даарысын Кыдыр ата! Периштең уяласын, Душманың кыяласын. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Эмесе тилекти бер: Каргагандан калас кыл. Жалгаганга жанаш кыл. Ата-энесин ыйлатпа. Агайынын сыздатпа. Бала- чакасын аздырба. Бары журтун тоздурба. Йа, Көк Теңирим, сен колдо! Йа, Умай энем сен жалга! Көптүн тилегин көлдөй кыл, Душман тилегин чөлдөй кыл. Жарык күндү кеңир бер, Тар көрдүн кеңин бер. Миң бир түрлүү санаадан сакта, Жүз бир түрлүү жалаадан сакта, Көзгө көрүнөөр, көрүнбөс Бардык балаадан сакта. Оомийин! * * * Йэ, Кудайым эскерип, Ташытсын Теңири нээтиңди. Досуң түгүл душманың Кайтарбасын бетиңди. Кан Кошойдой сөздөрүң, Калкыңа болсун өтүмдүү. Дарыядай дөөлөтүң, Жээгинен ашып куюлсун. Шоолалуу болуп сөөлөтүң, Тең-тең болуп жыйылсын. Бак келип консун башыңа, Көңүлүң көлдөй чалкысын. Пейлиңе тойгон коногуң, Ичпей-жебей балкысын. Оомийин! * * * Теңирим баарын берсин, Үйүңө Кыдыр келсин. Бак-дөөлөт кирсин. Корооңо мал толсун, Мал толсо, мол толсун. Төрт түлүгүң шай болсун, Дасторконуң май болсун. Ар дайым көңүлүң жай болсун. Оомийин! * * * Ашың, ашың, ашыңа, Береке берсин башыңа. Кыргоолдой жорголоп, Кыдыр деген жарыктык Өзү келсин кашыңа. Бөлчүл, бөлчүл, бөлчүл бол, Боз торгойдой төлчүл бол, Бурама темир, сом алтын, Сууга салса кетибесин. Теңири берген насибиң, Тепкилесе кетпесин. Оомийин! * * * Теңири жарылкасын, Кимди жалгаса, Ошонун жанында кылсын. Жамандын алды жагында кылсын. Жорткондо жолуң болсун, Адашсаң жолго салып жүрсүн, Мүдүрүлтпөй алып жүрсүн. Миң бир балээ, Жүз бир коогадан кагып жүрсүн. Оомийин! * * * Кудайым жолуң оңдосун. Кырк чилтениң колдосун, Басып өткөн жериңе Базарлуу шаар орносун. Кыдырып өткөн жериңе, Кызырлуу калаа орносун. Төрт түлүгүң дүпүрөп, Алдың толуп күтүрөп, Ала-шала төлдөсүн. Сексен инген ботолоп, Сегиз келин комдосун. Токсон инек музоолоп Тогуз кемпир кылоолосун. Желеңден кетпей тегеренип, Желкең-желкең эмиренип, Жетимиш каймал боздосун. Ичи жаман душманың, Пейлинен тапсын, озбосун. Айдап жүргөн жылкыңдан Алтымыш айгыр азынасын, Алты жүз байтал казыласын, Тойдун ыры ырдалып, Токсон катын ыргалып, Толгоно басып оң, солго Тойдун чачсын чачыласын. Ырыскың ашып жээгинен, Ырыстуу элге чачырасын. Түндүгүң бийик серпилип, Кылым өскөн кызыл арча Очогуңда бачырасын, Оомийин! * * * Йа Теңири Кудурет, Малын, жанын аман эт. Башына берип бакытты, Ашына бергин берекет. Өмүр жашын узак эт, Душмандын күнүн тозок эт. Айылын, элин аман эт, Арамдын көөнүн жаман эт. Ар кимди өз пейлинен Айланып келип табар эт. Жайлоосун гүлгүн жашыл эт, Жаш муундун күнүн асыл эт. Кара суусу бал татып, Калмакка качсын касырет. Дүйнөдөгү бар жакшылыкты, Дал ушул үйгө насип эт. Насип этсең азыр эт! Оомийин! VI Жаш жубайларга бата * * * Йа, эки жаш, эки жаш, Сизге тилек, ыкылас: Бакыт консун башыңа. Жаш кошулсун жашыңа. Өлөр-өлгөнчө айрылбас, Мүнөз берсин тарылбас. Өпкө берсин кагынбас, Жүрөк берсин жарылбас. Өргөө куруп, бала күтүп, Кол кармашып чогуу бас. Каргашадан ары бас, Ынтымакка бери бас. Бейкут жашоо күн берсин, Ата-энеңди сагынбас. Оомийин! * * * Чамгарагыңар бийик болсун, Босогоңор берик болсун. Боо бакчаларың, Алма менен өрүк болсун. Башыңда дайым, Кулпурган кундуз бөрк болсун. Ак жүзүнө жарыңдын, Ак элечек көрк болсун. Кудай кааласа, Көп узабай жерик болсун. Томпок чекелүү уул тап, Ал өзүңө шерик болсун. Оомийин! * * * Баш алган буудайдай ыргалгыла, Кошулган талдай чырмалгыла. Ырысыңарга эр бала сүйгүлө, Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө. Кайгыланбай каткырып Кол кармашып жүргүлө. Омийин! * * * Омийин деп колуң жай, Мен да бата берейин, Бергенде бата не дейин: Оболу Кудай оңдосун, Олуялар колдосун. Малың менен башыңа, Эч жамандык болбосун. Берекелүү бак конуп, Бирдей өссүн мал башың. Насибиң артып күн сайын, Өзөгүн эч бир талбасын, Жараткан өзү жар болуп, Пендеге күнүң салбасын. Жаратуучу кудурет, Жалгагандын камын эт. Кайырлуу өмүр кечээрди, Урпактарга насип эт. Кошулган эки жаштарды, Зулайка менен Жусуптай, Бир-бирине ашык эт. Кайып эрен Кырк Чилтен, Назарыңды салып өт. Бакыт, дөөлөт перзентте, Эч болбосун касырет. Ыкылас тилек тилеген, Тилекти кудай кабыл эт. Оомийин! * * * Алтындан болсун жакаң, Күмүштөн болсун такаң. Ташка таруу өнгөнчө, Тарчылык көрбөй өткүлө. Музга буудай өнгөнчө, Муңчулук көрбөй өткүлө. Жүзүңөр жайнап, Келиштүү болгула. Толгон айдай, Өрүштүү болгула. Катарыңардан озгула, Козгогон чоктой козгула, Эң алды берекечил болгула. Көпкө ырайымдуу көлөкөчүл болгула. Ден соолук амандык болуп, Узак өмүр жаш берсин, Башыңарга кошуп баш берсин. Оомийин! * * * Адалдан бер, актап бер, Балаа-жалаадан сактап бер. Батпас күндөй шат көңүл, Жаңы жубай жашка бер. Зор махабат өмүрлүк шерик болсун, Бакыттары баяндуу, Жаңы өмүрдө Жолдору байсалдуу болсун, Бир- бирине күйүмдүү, Эл- журтуна сүйүмдүү болсун. Өбүрө-чөбүрөлүү болсун. Мөрөйлөрү үстөм, Мартабасы зор, Адамкерчилиги мол болсун. Кармашкан колдору ажырабай, Ар дайым Алла колдосун! Оомийин! * * * Кош аккуудай көлдөгү, Кызгалдактай белдеги, Жаш жубайлар экенсиң, Колуң жайгын канакей, Бата берем мынакей: Дөөлөттүү, малдуу болгула, Кыл өтпөс таттуу болгула. Эл-журт үлгү тутарлык Жаштардын асты болгула. Тутанттыңар чырагыңарды, Коштуңар курагыңарды, Теңирим колдоп ар дайым, Ширелсин ынагыңар бу. Үйүңөр ордо болсун, Мингениңер жорго болсун. Кушуң боосу ар дайым колдо болсун. Оомийин! * * * Пайгамбарым батасын берсин, Душман алдыңа өтпөсүн. Батма, Зуура, Улукман пирлер колдосун. Жети атасы жетимиш, Мага окшоп токсонго чыксын. Томпойгон чал-кемпир болсун. Балдарын жетелеп жүрсүн, Ак жолу шыдыр, Жолдошу Кыдыр болсун, Тапканы насип болсун, Казандары кайнасын, Оттору жайнасын. Канаттары карыш, Куйругу кулач болсун. Суудан тунук, Адамдан улук болсун. Айдан жарык, Күндөн ысык болсун. Пахтадан ак болсун, Көөндөрү ток болсун, Кардылары ачпасын, Кайгы тартпасын, Короо толгон кой болсун, Койну толгон бала болсун. Алтыны жерге чачылсын, Ай бактысы ачылсын. Күмүшү төргө чачылсын, Күн бактысы ачылсын. Кетпес дөөлөт, кең пейил берсин. Оомийин! * * * Ак батаны беребиз, Эки жашты бир алкап: Бак карасын, Кожо Кыдыр жалт карасын. Кетпес дөөлөт берсин, Кең пейил берсин. Пир колдосун, Дөөлөт орносун. Бай кылсын, Мамыр кылсын, Ушул үйдү жалаң Бакыт бийлеп амыр кылсын. Ата пири жалгасын, Жигит пири колдосун. Умай эне, Батма, Зуура, Бүбү Катыча энелерибиз колдосун. Эки жаштын жаңы конушу жайлуу болсун. Кайрылыштан суу алсын, Кара чачы чубалсын. Бурулуштан суу алсын, Бурак чачы буралсын. Кайненеден дуба алсын, Кайын журттан уялсын. Карап турган күйөөсү, Кымылдап ичтен кубансын. Оомийин! * * * Эмесе, балам колуң жай, Үлбүрөгөн бүлөөңө Балбыратып бата берем: Колуктуң гүзөрдөгү Кайнаган чайдай болсун, Дүйүм элге тең тийген айдай болсун. Алдын бала бассын, Аркасын мал бассын. Дөөлөткө бети кызарсын, Перзентке колу узарсын. Конушу жайлуу болсун, Казан-табагы майлуу болсун. Жегени жүзүм болсун, Өмүр жашы узун болсун. Алып жүрсүн, алдырбасын, Жулуп жүрсүн, жулдурбасын. Долонодой бүрлөсүн, Тобунан уул үйлөсүн. Уул-кызын өстүрүп, Атасы менен энеси, Сарпайын кийип дууласын, Жете албай душман куурасын. Оомийин! * * * Казаныңар ашка толсун, Үйүңөр башка толсун. Корооңор койго толсун, Челегиңер сүткө толсун, Жегениңер жуктуу болсун. Чатырыңар ак үй болсун, Ак үйүңөр Ордо болсун. Уул үйлөп, кыз узаткыла Балдарыңардын багы ачылсын. Ылайым эле арып-тозбой, Ойлогон оюңар орундалсын. Ата-энеңерди ыйык сезгиле, Тилеген тилегиңерге жеткиле. Ынтымак менен кол кармашып, Бактылуу өмүр сүрүп өткүлө. Ата конушун ээлеп өткүлө, Эл конушун кеңитип өткүлө. Оомийин! * * * Йа, Жараткан, Өмүр берсең жайлуу кылып бергин, Дөөлөт берсең сыйлуу кылып бергин. Уул берсең от болсун, Кыз берсең чок болсун. Келин берсең келиштүү болсун, Келечеги өрүштүү болсун. Аял берсең адептүү болсун, Алыс-жакындын көөнү толсун. Куда берсең жолдошуңдай болсун, Кудагый берсең сырдашыңдай болсун. Ата-баба жолунан ким ашсын, Кудалык сый миң жылга улашсын. Эки жаштын бакытын берсин, Эки жак тең кызыгын көрсүн. Оомийин! * * * Кол кармашып өткүлө, Муратыңа жеткиле, Саябалуу дарактай, Сан жылдарга өскүлө. Болдуңар ак никелүү, Бөлүнбөгүн эки эли. Аппак келин уул тапсын, Айдай жарык чекелүү. Жүзгө жетсин жашыңар, Аппак болсун чачыңар. Чөбөрөңдү урушканда, Калтылдасын башыңар, Оомийин! * * * Жетегиң боодо болсун, Арканың чууда болсун. Берээрге ашың болсун, Көрөөргө жашың болсун. Сүйөөргө жарың болсун, Намысың, арың болсун, Бешигиң алдыңан түшпөсүн, Башыңдан жакшылык кетпесин, Жамандык кууп жетпесин. Оомийин! * * * Дасторконуңарга береке берсин, Дөөлөтүңөр колуңардан кетпесин. Тилекти кудай кабыл этсин, Колуңар асманга жетсин, Атагыңар ааламга кетсин. Илээшкен жаман кырсыктар, Аккан сууга агып кетсин. Жамандык кууса жетпесин, Жакшылык кууса кетпесин, Катуулукта кайышпагыла, Кыйындыкта кыйышпагыла, Качан да болсо бир-бириңди байыстагыла. Досуңарды жатка сатпагыла, Абийириңерди бекем сактагыла, Элиңерди жолго баштагыла. Өркөнүңөр өссүн, Өрүшүңөр кеңейсин, Теңирим, силерге, Узаак-узак өмүр берсин, Калышпаган көңүл берсин. Оомийин! * * * Кол кармашкан эки жаш, Конушуңар жайлуу болсун. Ниетиңер аппак болсун, Пейлиңер тунук болсун. Эшигиңер ачык болсун, Капа-кайгы жок болсун. Үйүңөрдө дарт болбосун, Көбөйсүн дос-жолдошуң. Жегениңер кешик болсун, Терметкениңер бешик болсун. Кол кармашып жашагыла, Өмүрүңөр узак болсун. Оомийин! * * * Башыңарга бак берсин, Не берсе да нак берсин. Кырда жүргөн Кызырды, Төрүңөргө апкелсин, Карыныңар ток болсун, Кайгы-капа жок болсун. Базар түшүп чуулдап, Бала-чакаң көп болсун. Оомийин! * * * Бактылуу бол, багың ачылсын, Бар күнүң шаттыкка чачылсын, Төрүңөн жакшылык кетпесин, Босогоңо жамандык жетпесин. Кызың мончоктуу болсун, Уулуң он чакты болсун. Башыңарга бак консун, Жараткан ээм жак болсун. Ынтымак шерик болсун, Чамгарагың бийик болсун. Насип ээси ийип келсин, Берекесин ийип берсин. Дасторконуңар кең болсун, Кызыкчылыгыңар тең болсун. Айлыңар мааракелүү болсун, Өмүрүңөр берекелүү болсун, Мал, башыңар ашсын, Дөөлөтүңөр ташсын. Оомийин! * * * Жети мүчөл жашагын, Тартпагын жоктун азабын. Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол. Ак сакалдуу абышка болгула, Ак саамайлуу байбиче болгула. Оомийин! * * * Оо эки жаш, эки жаш, Ниетиңди сыйладың, Тагдырыңды байладың. Хан Теңирдей чалкыдың, Кең талаага сыйбадың. Ак тилектүү тоюңа Арнайм сөздүн каймагын. Кана эмесе колуң жай, Каадимдин сөзү момундай: Кан Манас бабамдай калкка тирек бол, канзаада, Каныкей энемдей акылы зирек бол, канчайым. Семетей атамдай сеңирлүү бол, канзаада, Айчүрөк апамдай зээрлүү бол, канчайым. Оң колуңарга Күн туусун, Сол колуңарга Ай туусун, Бешенеңерде Чолпон балбылдап, Кут Жылдызы кутун ийип, Так ортоңордо Куш Жолу тараза турсун. Сызгырып кирсе жай чилде, Зымырыктын көлөкөсү тапсын. Шукшуруп кирсе кыш чилде, Мунарыктын закымы аксын. О канзада, аты улук канзаада, Алтын куш келип тууруңа конду, Кушуңдун боосун бек карма. Алла Таалам силерге эми Алтымыш дөөлөттү бир апкелсин. Ал дөөлөттөн анча артылтып Ак пейил, ыйман нак берсин, Ак никеңер нап берсин. Алтын бөркүң башыңан түшпөсүн, канзаада, Күмүш элечегиң ийниңе ообосун, канчайым. Эсиңди энтелеп элиңе арна, Өзүңдү өнтөлөп жарыңа арна. Кылт эткен ар кадамыңды Кызырың кыраа багып, Кырк чилтен сүйөп жүрсүн жаныңарда. Эки атага бирдей дем болгула, Эки энеге бирдей эм болгула, Эгерим кем болбогула, Кең болгула, Телегейиңер тең болгула. Бак карасын, Кыдыр даарысын, Көшөгөңөр көгөрсүн. Ай айланып жыл аксын, Келээр жылы канчайым Балканактай уул тапсын. Балаңдын төбөсү кууш Маңдайы жазы болсун. Кудаанын көлөкөсү түшкөн Баатырлык туушу болсун, Башына Алпкаракуш консун, Эмесе, сөздүн атасы ушу болсун. Батадан жыйган казынаңар, Байлыгыңардын башы болсун, Оомийин! Узаган кызга бата Ээ берекем, Элиңе элелүү бол, Калкыңа калалуу бол. Ата-энеңе жагымдуу бол, Кайныңа кайрымдуу бол. Айлыңа абыройлуу бол, Алганыңа жайдарлуу бол. Берээрге белен ашың болсун, Көрөөргө көсөм жашың болсун. Бешигиң алдыңдан түшпөсүн, Башыңан жакшылык кетпесин. Оомийин! * * * Йа, карагым, жарыгым! Колдосун Теңир өзү. Инабатың ийгиликке баштасын, Пейилиң жамандыкка баспасын. Очогуңдун оту өчпөсүн, Арың менен жаның, Арамдыкка көчпөсүн. Босогоң бектүү, Керегең кептүү, Түндүгүң түптүү болсун. Көңүлүң ачык, өмүрүң насип болсун. Жакшынын кадырын бил, Карынын адилин бил, Өнөрүңдү казык кыл, Акылыңды азык кыл. Шагың сынбасын. Чырпыгың чынарласын, Түндүгүң мунарласын. Күнүң кыяласын, Күкүгүң уяласын. Оюң көсөм болсун, Сөзүң чечен болсун. Ушунун баары- сөзүмдүн наары, Кудайымдын кулагына чалынсын, Тилегим кабыл болсун. Оомийин! * * * Балам, барган жериңе Кетпес дөөлөт консун, Кең пейил орносун. Кудай тилегениңди берсин, Самаганың келсин. Алдыңды бала бассын, Аркаңды мал-дүйнө бассын. Кудай ынтымак ыраа берсин, Жашка ылайык мудаа берсин, Мудааң удаа келсин! Ызааттуу жаштан кылсын, Башыңарды таштан кылсын. Бата бердик жаш кары, Алганың менен тең кары. Кош болгондо ыйлагын, Кайын журтту сыйлагын, Ак жолтой бол Алдың жарашсын. "Алган бүлөөсүн ай" деп Алыстагылар моюн созуп карашсын. Ак элечек башыңан ообосун, Ансайын кадырың артып оболосун! Оомийин! * * * Оомийин десең мына бата: Колдосун Кыдыр ата. Кызың кыяласын, Уулуң уяласын. Эл чети жоосуз болсун, Эл ичи доосуз болсун. Өрүшүң оттуу болсун, Конушуң куттуу болсун. Колуң берекелүү болсун, Жолуң мааракелүү болсун. Артканың төө болсун, Сааганың бээ болсун. Колуңда көгөн болсун, Оозуңда өлөң болсун. Кийгениң кымкар болсун, Мингениң тулпар болсун, Ырысың ашып турсун, Абыроюң ташып турсун. Досторуң басып жүрсүн, Душманың качып жүрсүн. Өркөнүңөр өсүп, Өмүрлүү болгула. Өмүр бою ушундай, Көңүлдүү болгула. Оомийин! * * * Алдыңды бала бассын, Артыңды мал бассын. Ак элечегиң башыңан ообосун, Алганың менен тең кары. Көчтө минер жоргоң болсун, Тойдо киер торкоң болсун. Өзүңдөй күйөөң болсун, Жетелээрге төөң болсун. Үнүң угумдуу болсун, Колуң жугумдуу болсун. Барган жериңде Күл кармасаң - күмүш болсун, Топо кармасаң -алтын болсун! Оомийин! Келинге бата Башыңарды таштан кылсын, Урматтуу жаштан кылсын. Бошоң эмес тың болгула, Болоттой чың болгула. Бата бердик жаш-кары, Алганың менен тең кары. Алтындан бешик ыргап өт, Алганың менен тең карып, Ай тийгендей жыргап өт. Күмүштөн бешик ыргап өт, Күйөөң менен тең карып, Күн тийгендей жыргап өт. Балдарың эр жетсин, Кудаларың төргө өтсүн. Силер да небере, чөбөрө сүйүп, Бешигин эне терметсин. Оомийин! * * * Ак жолуң ачылсын, Алтын күмүш чачылсын, Өмүрүң узун болсун, Жегениң жүзүм болсун. Жар жамаатың көп болсун, Конушуң сенин төп болсун. Көшөгөң көгөрсүн. Айдай бала төрөп ал, Ак бешикке бөлөп ал. Күндөй бала таап ал, Күн нуруна жаап ал. Ак алмадай мөмөлөп жүр, Ак тооктой жөжөлөп жүр. Көп алмадай мөмөлөп жүр, Көк тооктой жөжөлөп жүр. Ата-энеңди сыйлаган, Керилген келин бол, Чоюлган жубан бол, Балпайган байбиче бол. Келген жериңен бак айтсын, Эмики ата-энеңдин акыбети кайтсын! Оомийин! * * * Жаккан отуң өчпөсүн, Ынтымак бирлик сакталып, Конушуңан көчпөгүн, Карыбагын жашаргын, Кадимкидей жашагын. Кызырың кыяласын, Ырысың уяласын. Кыздарың сулуу чыксын, Кыр-кырынан улуу чыксын. Уулдарың өрт туулсун, Убайын эли көрүп турсун. Башыңан бак тайбасын, Элиңен ынтымак качпасын. Кетпес кешиктүү бол, Кең ачкан эшиктүү бол. Оомиийн! * * * Менин берген батам бул: Кичи пейил бол келинжан, Сыйлагын эне, атаны, Кекчил болбо, карагым, Кечирээр ар ким катаны. Боло берсин оюн-той, Кызыктуу тойго урмат кой. Акыл эстен айрылбай, Жаштарым эске алып кой. Кайырлуу болсун тоюңуз, Качан да болсо ушинтип, Кудалар төш тийгизип, Куйрук-боорго тоюңуз. Оомийин! * * * Кол кармашып өткүлө, Максатыңарга жеткиле, Мөмөлөгөн дарактай, Түшүмүң болуп берекелүү, Аппак келин уул тапсын, Айдай торсок чекелүү. Жүзгө жетип жашыңар, Куудай болсун чачыңар. Оомийин! * * * Келиним, сага бата берем: Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн, Көшөгөң көгөрсүн. Ак элечегиң ообосун. Эриңе адал бол. Сарамжалдуу, сабырдуу бол. Дайыма жайдары бол. Кайын-журтка кайрымдуу бол. Алдыңан Күн туусун, Артыңан Ай туусун. Өмүр сүргүн бир басып, Алганың менен тең карып. Терметкениң бешик болсун, Бакыт-таалай үйүңө толсун. Оомийин! * * * Келген келин төрөсө, Алтындан казан көмөрсүн, Эмики ушу убакта, Айдай бешик өңөрсүн, Айдай бешик ичинде, Эгиздиктер бөлөнсүн. Ынтылып алган келини, Ынтымактуу жашасын, Тандап алган келини, Таттуу гана жашасын. Сыйыры каймактуу болсун, Келини салмактуу болсун, Сыйыры коңур болсун, Келини оор болсун, Сүргөнү доор болсун, Казаны чызы-бызы болсун, Кайын журт менен сизи-бизи болсун. Суу кайнаган казанга май кайнасын, Төрт периште төрүндө тайрандасын, Кудай берген уул, кызың май чайнасын. Заманыңар тынч болсун, Тынчтык жакшы күн болсун. Уруш деген чыкпасын. Урушту кулак укпасын. Бейпил күндүн майкөл келини болсун, Берекетин төбөдөн баккан Теңири болсун. Оомийин! * * * Пайгамбар батасын берсин, Бак-дөөлөтүң берсин. Кызыр берекесин берсин, Казаның толгон аш келсин. Уулдун уурматын көр, Келиндин кызматын көр. Керегеңден баш чыгар, Келин алып кыз чыгар. Улагаңдан баш чыгар, Уул үйлөп кыз чыгар, Астыңды бала бассын. Кармаганың чырак болсун, Кайнаганың май болсун. Ичкениң кызыл чай болсун. Жакканың арча болсун, Жамынганың барча болсун. Кийгениң торко болсун. Мингениң жорго болсун. Пешенең ачык болсун, Периштең улук болсун. Өмүрүң узак болсун, Ата-энеңер менен, Ага-тууганың менен Ырыс ынтымактуу жашагыла, Нээтиңерди акка атагыла. Оомийин! VII Уул, кызга бата Асан чакырып, ат коюу батасы. Аллоо акбар, аллоо акбар! Алпейим дайым сактаар. Теңирим дөөлөт берди, Ааламга адам берди, Ааламга адам келди. Айыл, калкым сүйүнчү! Арыштаар кадам келди. Кең пейилге перзент берди, Касиети бассын жерди, Берекети баксын элди. Көлөкөсү тапсын шерди. Асан айтып, атын коөм, Теңир берген затын коөм, Уул болсо-жоодон сактаар, Эне эмизген сүтүн актаар, Атаандашпай малын багаар, Жерин айдап, данын багар, Атасынын мээнети кайтаар, Алдына дулдул тартаар. А кыз болсо- кырк жылкы. Кийиз жасап үйүн жабаар, Энесинин ишин алаар, Гүлдөй гүлдөп сайма сайаар. Уул бекен, кыз бекен? -Уул экен, уул экен! Ааламга адам келди, Айыл, калаа, сүйүнчү! Арыштаар кадам келди. Ким дейбиз атын? Көрүнчү бачым!... ... Анакей отун келди. Эмесе атын коөм, Отун алып баксын элди. Жарыя айтам, отурчу, Аты болсун Отунчу! Айыл, калаа сүйүнчү! Оо, Отунчу! Отунчу! Аты болду Отунчу. Калк сабына кошулчу. Оомийин! Оозантуу батасы Бисмиллахи рахмани рахим, -Ач, ач! Оозуңа май салып турган Умайым, Төбөңдөн багып турган Кудайым. Алты куйрук ашагын, Алтымыш аша жашагын, Жети куйрук ашагын, Жетимиш аша жашагын. Кызыл тилден таңдайлуу бол, Ырыскыдан маңдайлуу бол. Оомийин! Туулган күнгө бата Куттуу болсун туулган күн, Киндигиңди шыр кесип, Жибек менен бууган күн. Киндик энең суу менен, Алгач ирээт жууган күн. Ороп алып ороого, Белден байлап бууган күн. Ак сүтүн асыл энеңин, Эмирене эмген күн. Атаң келип төбөңдөн, Тебирене төнгөн күн. Кубангандан эл журтуң, Көрүндүгүн берген күн. Кимге окшоду экен деп, Бетиңди ачып көргөн күн. Туулган күнүң жыл сайын, Жүз жыл бою тойлонсун. Жүзүнчү жылдын күзүндө Зырп-зырп этип тамыры, Бейиште энең толгонсун. Өсүп урум бутагың, Көздөгөнгө жете бер, Өмүр чексиз көк деңиз, Токтобостон кече бер. Оомийин! * * * Аркардын этин ашагын, Алты мүчөл жашагын. Жээрендин этин ашагын, Жети мүчөл жашагын. Токтунун этин ашагын, Токсонго чыгып жашагын. Оомийин! * * * Бактылуу бол карагым, Кара көзүм, маралым. Алтындан болсун тарагың, Күмүштөн болсун жарагың. Кубаныч, күлкүң тыйылбай, Ачык болсун кабагың. Мактанычы боло бер, Ата менен апанын. Тилегиңе жете бер, Оңунан согуп шамалың. Жорткондо жолуң оң болсун. Жолдошуң Кыдыр зор болсун. Оомийин! * * * Улуунун жашын берсин, Жакшынын башын берсин. Алдуунун алын берсин, Малдуунун малын берсин. Эр Агыштын көңүлүн берсин. Манастай билектүү бол, Каныкейдей тилектүү бол. Алманбеттей улуу бол, Аруукедей сулуу бол. Билектүүдөн күчтүү бол, Жалтырактан түстүү бол. Аталуудан улуу бол, Акылдуудан кундуу бол. Энелүүдөн эрке бол, Эл алдында серке бол, Кызыл тилден таңдайлуу бол. Ырыскыдан маңдайлуу бол. Оомийин! * * * О, касиеттүү Теңирим, Куттуу болсун бүгүнкү күн, Жаш наристе туулган күн. Дидарын ачкан күн, Ымыркайды жууган күн. Эне сүтүн эмген күн, Ак сарбашыл чалган күн, Карындан май жарган күн. Бөбөккө узак өмүр бер, Берсең кошо эрдик бер, Эне сүтүн актасын, Мекенин жаттан сактасын. Туулган күнгө бата айталы, Эми үйгө кайталы. Оомийин! * * * Ага-тууган чогулуп келдик, Наристе бөбөккө бата бердик, Алтын башы аман болсун, Ар балээден алыс болсун. Бак- дөөлөтү тоодой болсун, Алтын сандыкка жык толсун. Байтеректей бийик болсун, Басаар жагы жайык болсун. Жоолошконго коргон болсун, Жол баштаган көсөм болсун, Үшүгөнгө оттой жанып, Душманына кылыч болсун. Туушунун тушун сактап, Чыккан күндөй жарык болсун. Доско жумшак, касына айбат, Баскан жери аян болсун. Арстандай аяр болсун, Жолуна куту даяр болсун. Кыдыр ата колдосун. Оомийин! * * * Жараткан өзүң жалга, Жалгагандан талба. Ыйман берип ылдыйда жөлө, Ымыркайынан ырыскыга бөлө. Кесепеттүүнүн көзүнөн сакта, Кесирлүүнүн сөзүнөн сакта. Капылет тайып кырчын сынаар, Кара Жердин төшүнөн сакта. Аман жүрүп жетилсин, Атанын уулу дедирсин. Акелерине атчы болсун, Үкөлөрүнө башчы болсун. Жамандан адаштыр, Жакшыга жанаштыр. Теңтушун көп кыл, Текөөрлөшкөнүн тек кыл. Акылын саз кыл, Аңдышканын пас кыл. Арамдыктан алыс кыл, Актан тайбас калыс кыл. Айткан сөзүнө бек кыл, Атпай журтуна чеп кыл. Жортсо жолун ач, Жоомарт кылып колун ач. Алдына нуруң чач, Артына шуруң чач. Ченебей билим бер, Чексиз илим бер. Өргө кулатып ташын, Өңгөдөн өйдө кыл башын. Жараткан жалга, Жаш ушул ымыркайга Жакшылыгыңдан жанба, Оомийин! * * * О Жаратканым, Жаңы төрөлгөн жанга ыйман бергин- Ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болсун, Ымыркай ырыстуу болсун. Кесепеттүнүн сөзүнөн, Ичи тардын көзүнөн сакта. Жакшыга жанаштыр, Жамандан адаштыр. Ата-энеге кайрымдуу, Эл ичинде кепке алымдуу, Өмүрү узун болсун. Өрүшү кенен болсун. Кудайым тилекти берсин. Оомийин! * * * О, Умай эне, Наристеге күлкү бер, Күндүн жарыгын бер, Эненин мээримин бер, Акылмандын батасын бер. Суунун тазасын бер, Булбулдун үнүн бер, Гүлдүн бүрүн бер. Эрдин билегин бер, Элдин тилегин бер, Жолборстун жүрөгүн бер. Тоонун бийигин бер, Толо-боло баарын берип, Тобоосун таанытаар Жолдун кыйынын бер. Оомийин. * * * О, кудурет Теңирим, Дүйнөгө келген береги, жаш бөбөктүн Өмүрүн узак, бактылуу кыл. Ата-энесин, эл журтун эсен кыл. Акыл-эстүү, элине керек уул кыл. Кең пейил акылман кыл, Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйүктүү кыл. Бак -дөөлөт, ырыскысын бекем кыл. Даражасын бийик, мингенин тулпар кыл, Колунда кондурганын шумкар кыл. Колдогонун кырк чилтен кыл, Келген Кыдырды кетпес кыл. Оомийин! Кыркын чыгаргандагы бата Кырк атаңдын жөрөлгөсү, Ата-энеңдин өбөлгөсү. Кырк уруу кыргыз ичкен суу, Кырк атабыз кечкен суу. Кырк ашууну ашкан суу, Кырк томолонуп келген суу. Кыр таштарды кырккан суу, Кызыр атам таткан суу. Кырк кашык сууга киринткеним- Кырк башатыңды тирилткеним. Кырк курак көйнөк кийгизгеним- Кырк урууңду билгизгеним, Кырк чилтениңе сүйгүзгөнүм. Суудай таза бол, Нурдай сулуу бол, Кийгениң олоң болсун, Кыйрыңда кырк жороң болсун. Оомийин! Бешик бата Өөбай, өөбай ак бала, Ак бешикке жат бала. Бешигиң кептүү болсун, Ата-энең эптүү болсун. Энелүүдөн эрке бол. Эл башында серке бол. Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун. Жети мүчөл жашагын, Тартпа жоктун азабын, Билектүүдөн күчтүү бол, Тилектүүдөн түптүү бол. Баатыр болсоң жөлөк бол, Баарыбызга өбөк бол. Оомийин! * * * Наристенин боосу бек болсун, Ата-энесине шерик болсун. Азамат болуп эр жетсин, Аксакал болуп төргө өтсүн. Азамат болсун көрктүү, Өмүрү болсун бериктүү, Канат бутагы жайылып, Арты болсун шериктүү. Азамат болсун ардактуу, Мүнөзү болсун салмактуу, Өнөрү болсун жан жактуу. Ушу айтканым баары келип, Теңирим берсин зор бакты. Оомийин! * * * Ушу балаң, Төрөлөр менен тең болсун, Чоролордой эр болсун, Пейили кенен өр болсун. Чөбү чүйгүн бал болсун, Соолбогон көл болсун, Элине аскар бел болсун. Белдин белин майыштырып, Өрүшүнө мал толсун. Өзүнөн туулган балдары, Жеке-жеке эл болсун! Оомийин! Тушоо кесүүдөгү бата Тушооң кесилди, жыгылба, Тизеңди айрып ыйлаба. Кулундай туйлап жүгүрчү, Канакей, өзүңдү сына да. Жүгүрсөң түздөн сүрүнбө, Бийикке чыксаң бүгүлбө. Кабыргаң катып болоттой, От ойносун түгүңдө. Узак болуп өмүрүң, Шаттыктан ташып көңүлүң, Жаркырап өскүн күн санап Жаркылдап шамшар тебингиң, Жар болсун көктө Теңириң! Оомийин! * * * Тушооңду кестик балам, Эми кара жерге жыгылба. Балдардан калбай чуркап жүр, Кулундай оюн салып жүгүр. Элим- эр, Досум-шер деп Бүгүлбөй өмүр сүр. Өзүңдү эрдиктен сына, Жамандан жардам суранба. Ичиңе кек сактаба. Билегиңди талдырба, Жүрөгүңдү алдырба, Ниетиңди жандырба. Багыңды басынтып, Шагыңды сындырба. Жигит кезге жетил эрте, Намысты колдон кетирбе, Жаман тукум дедирбе. Дайыма алдыга озун, Үмүтүң узак болсун. Досуңду сүйүнт, Касыңды күйүнт. Теңирим сага тилекти берсин, Тилеген батам кабыл келсин. Оомийин! * * * Кесилди балам тушовуң, Жалтактабай аяк бас, Бийик болуп учарың, Аскарларга канаатташ. Душманың казган оруна, Түшүп кетпей анык бас. Оомийин! * * * Сыртыңдан душман жүрбөсүн, Көңүлүңө коркуу кирбесин, Көрө албаган күнүчүл, Күчүктөй чуулап үрбөсүн. Сыйлуу этип Алла башыңды, Өмүрлүү кылсын жашыңды. Арбак колдоп ар убак, Өргө өрлөтсүн ташыңды. Катарыңдан калбагын, Кадырын билгин апаңдын. Эгерим ишиң түшпөсүн, Колуна топор сараңдын. Арааның жүрүп арылдап, Аппак атсын таңдарың. Максатыңа жете бер, Кут болуп баскан кадамың. Оомийин! * * * Каз-каз, каз-каз карагым, Куттуу болсун кадамың. Өмүргө аяк баса бер, Өркөчү бийик ашуудан, Тайгылбастан аша бер. Оомиийн! * * * Тай-тай балам, тай балам, Талпына кой, баса кой, Шилте дагы бир кадам, Бир кадамды аша кой. Тай-тай балам, тай балам, Тартынбагын жүрө бер. Бешигиң калды коштошуп, Чырпыктан атты мине бер. Көтөрүп улам бутуңду, Татынакай баскының. Чыбык атың жорголоп, Чын ат болсун ойдолоп. Ойду ой дебей омуруп, Кырды кыркып ашкының. Катаал ашуу, калтаң муз, Жиреп өт турмуш ташкынын. Баскан жолуң оң болсун, Жараткан сени колдосун. Оомийин! Сүнөт тойго бата Бисмилла иррахман иррахим! Мусулман болдуң карагым, Кана бери карагын. Чырагын жагар уулусуң, Ата менен апаңын. Тоодой болсун талабың. Алтын менен күмүштөн, Жасалсын мүлдө жарагың. Көркүң чыкты мынакей, Барбы дагы кааларың. Кой сурасаң кой берем, Тай сурасаң тай берем. Зат сурасаң зат берем, Ат сурасаң ат берем. Баатырлыгың байкалса, Зоот берем ак берен. Эртең эле туруп кет, Ошол сааты апкелем. Муратыңа жете бер, Күндөн -күнгө өсө бер. Узак болуп өмүрүң, Өмүрүңдүн түйүнүн, Өзүң билип чече бер. Оомийин! * * * Уулум, бери карагын, Атанын уккун батасын. Теңирим берсе тилекти, Өмүрдүн жолун басасың, Караңгыда жол жүрсөң, Өчпөй турган чырак бол, Суусаганга булак бол. Жолоочуга жылдыз бол, Жоолашканга элдеш бол. Улук болсоң кичик бол. Суудай таза, сүттөй ак, Акыл ойдун кени бол. Калайыкка адил бол, Түндүгүңдөн кут түшүп, Бак карасын, Кыдыр даарысын! Оомийин! Атка алгач минген уулга бата Мобул эр бабалардыкы, Нечен доор, заман баскан. Бек отур балам, Элиңе бол караан. Сапарың узак болсун, Бабалардын касиети колдосун. Атың алыстан кетпесин, Атагың Мисирге жетсин. Чылбырың уулуң жетелесин, Зыйнатың элге жетсин. Кабарың Кырымга кетсин, Даңкың Урумду жарсын, Даңканың кылымга калсын. Ата наркы өчпөсүн, Өмүрлүү бол, уулум, Бекем болсун тууруң. Теңир болсун улугуң. Оомийин! * * * Балдар, балдар , балдар ай, Балкытып бата алгыла ай. Күнүң-күлүс, түнүң жай болсун, Баарыңардын мингениң Кара кашка тай болсун. Тойпоң тойпоң бастырып Жүргөн жериң той болсун. Алты атаңдан өнөгө- Устукан ал улуудан. Жети энеңден жөрөлгө- Жеңелерден бадырак же Жеңиң ылдый чууруган. Бабаңдын тонун жамынып, Байыртан калган жомокту ук. Энеңдин төшүн жазданып, Эзелден келген жумбакты ук. Ата жолун уланткан Аштык айдаар уул бол. Бастырып келген сыйлууңа Баштык байлаар кул бол. Батадан агар-көгөрүп, Бапыраган шаар бол. Оомийин! Кыз балага бата Кийимиң эптүү болсун, Топуң кептүү болсун. Сымбатың көрктүү болсун, Жүрөгүң өрттүү болсун! Өмүрүң узун болсун, Өрүшүң жайык болсун. Тукумуң журттан ашып, Тууганың канат болсун. Аккуунун мойнун берсин, Ак гүлдүн жытын берсин. Каныкейдин акылын берсин, Айчүрөктүн сулуулугун берсин. Зулайканын дидарын берсин, Жамалыңа кошуп иманың берсин. Оомийин! * * * Талдай бой берсин, Шамдай ой берсин. Жаздай жыпар берсин, Кардай жамал берсин. Үйүңө кешик келсин, Кешикке кошуп шыбага келсин, Шыбага келсе ырыс келсин. Энеге күйүмдүү болсун, Атага сүйүмдүү болсун. Эжеге эрмек болсун, Сиңдиге өрнөк болсун, Агага сыймык болсун. Назик жаны болсун, Элинин ары болсун. Башына өнөрдүн багы консун, Шагына түгөйлүү жары консун. Оомийин! * * * Колума суу куйган кызым Жүзүң суудай тунук болсун, Тамчыдай тазарсын ниетиң, Сапарың суудай узун болсун. Олоңдой кара чачыңа, Оролсун дөөлөт башыңа. Чылбырдай кара чачыңа, Чырмалсын дөөлөт башыңа. Максатыңа жетип, Бактылуу бол айланайын. Жигиттин сымбатына ээ бол, Карылардын урматына ээ бол. Уяң наздуу бол, Узун өмүр жаштуу бол. Оомийин! * * * Көл боюнда талың болсун, Көлөкөлөөр чагың болсун. Үйүңдүн үстү жагында, Үп тартылган кайың болсун. Короо толгон коюң болсун, Козголбос тоодой оюң болсун. Аттанып үйдөн чыкканда, Айчүрөктөй жолуң болсун. Алла раазы болсун. Оңуңдан Күнүң туусун. Солуңдан Айың туусун. Маңдайыңда Чолпонуң балбылдап, Жолуңду жылдыз жуусун. Бактылуу бол, багың жансын, Татты кыз бол, балың тамсын. Таалайың мөл болсун, Баскан изиңе гүл өнсүн. Куу жыгачты кармасаң, Жашылы ток бүр болсун. Куу куурайды кармасаң, Кулпуруп турган гүл болсун. Оомийин! * * * Чырагым ай, чырагым, Калкыңа калалуу бол, Элиңе элелүү бол. Тоодой толоор бергенче, Бармактай бак берсин. "Атаң, энең" дегизбе, Ата, энеңди эгизде. Алдыңан Ай туусун, Аркаңан Күн туусун. Улуунун жолун кеспе, Ата, энеңди муңдурба, Сөөктү сындырба, берекем. Оомийин! Уулга бата Жорткондо жолуң болсун, Калтаңа дилде толсун. Бир эмес жылда толсун, Өмүр жашың узак болсун. Катардан озгон эрен бол, Көл түбүндөй терең бол, Сынай калса- кулак сал, Мактай калса- керең бол. Оомийин! * * * Көтөр балам билегиңди, Кудайым берсин тилегиңди. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Айыкпас балаа, Жок жалаадан сактасын. Ата-бабаңдын арбагы колдосун, Эч жамандык болбосун! Көтөр балам билегиңди Он сегиз миң Ааламдын падышасындай, Кудайым кабыл кылсын тилегиңди. Каз каркылдап кечкисиз көл бол, Куш куркулдап жеткисиз бел бол, Кумайык жортуп өткүсүз чөл бол! Тукумуң журтка таанылсын. Илимиң башка толуп, Илебиң ташты жарсын. Казаның кайнап турсун, Отуң жайнап турсун. Башыңан бакыт кетпесин, Жооңо бийлик жетпесин. Оомийин! * * * Абалы кудай оңдосун, Арбактарың колдосун. Бакыт, дөөлөт, мал, башың, Башыңа кетпес орносун. Төрт тарабың шай болсун, Төрт кыбылаң бар болсун. Элиңе ырыс, кут орносун, Жериңе тынчтык орносун. Өсөк айыңдын чырмагы болбо, Озбурлардын курманы болбо. Алыс жолдордо, Жыш ормондо, Баткалда, муздарда, Чаткалда, ызгаарда, Жазыксыз түшөр жазадан, Капыстан келээр казадан Ата-баба арбагы сактасын. Акылдуу бол, ардуу бол, Бактылуу бол, малдуу бол, Катарыңдын алды бол. Курдашыңа кубаныч бол, Сырдашыңа сынагыч бол, Ыйлаганга жубаныч бол. Турмушуңа тунук бол, Таттуулукка ынак бол, Ыкыласка ыйык бол. Ата-Эне алдында аласа, Ар алдында бийик бол. Оомийин! * * * Дөөлөт кушуң тууруңдан кетпесин, Дөөтү колдоп кырсык жетпесин, Кас душмандын каргышы өтпөсүн, Кайрылып өзүн өзөгүнөн өрттөсүн. Кабагың-жарык, көңүлүң-барик, Жаш булбул конуп тил безеген, Жазгы талдай өмүрүң көктөсүн. Оомийин! * * * Көйнөгүң мала болсун, Таягың ала болсун. Калпагың ак болсун, Төбөсүндө чок болсун. Атың кашка болсун, Алты асый жашта болсун. Камчы сабың кайың болсун, Казыгыңда дайым болсун. Оомийин! * * * Шердей үндүү бол, Жолборстой сүрдүү бол. Ажыдаардай заардуу бол, Карышкырдай каардуу бол. Буудайдай бутакта, Талдай шакта, Карагайдай зуулда, Арчадай көгөр! Атаңдын ыйык туусу бол, Апаңдын сүйүктүүсү бол. Калкына кадыры арткан, Мартабасы бийик киши бол. Оомийин! * * * Бирлик берсин башыңа, Береке берсин ашыңа. Жакшылык жар болуп, Жаш кошулсун жашыңа. Оңго басса талабың, Көөп кетип ташыба. Тайып кетсе таманың, Чүнчүп бекер жашыба. Арам ойлуу арсызга, Боло көрбө ашына. Алды-артыңды ойлобой, Иш кылбагын ашыга. Жолдош болгун эр барктаар, Жакшы адамдын кашына. Ошондо жаның жай алып, Аш кошулсун ашыңа, Баш кошулсун башыңа. Ак жолуңа жол кошкон, Чак боюңа бой кошкон, Алды жактан кезиксин Айдай бийкеч татына. Оомийин! * * * Атаң-Манас. Айлың-Алаш. Балдарың баатыр чыксын, Топту жарып чыксын. Оомийин! * * * Пейлиңе талаанын кеңдигин берсин, Көөдөнүңө тоонун өрлүгүн берсин. Бабалардын байрагын берсин, Баатырлардын айбарын берсин. Бакай бабаңдын акылын берсин, Кошой бабаңдын батасын берсин. Сыргак эрдин билегин берсин, Чубак шердин жүрөгүн берсин, Алмамбет зардын тилегин берсин. Асман-Жер арасын буй кылган, Айкөл Манастын бир илебин берсин! Оомийин! * * * Булактай тунук бол, Кичүүгө өрнөк бол, Жакшыга өнөк бол, Жаман көздөн алыс бол, Элиңе жөлөк бол. Улуу журттун башы бол, Каптап кирсе калың жоо Каш кайтарар сеси бол. Акыл-ойдун кени бол, Адам таппас сөздүү бол, Арыстандай айбаттуу бол, Чалкар болуп көлдөй тол, Чалкыган узак өмүрлүү бол. Өмүрдүн баркын бил, Жакшынын кадырын бил, Адамдын адалын бил. Достун адилин бил, Жарыңдын көңүлүн бил. Эне сүтүн актай бил, Кудайдын амирин бил. Оомийин! * * * Көңүлүңө зак кетпесин, Оору-сыркоо түк жетпесин, Дили кара душманды Бир жараткан өзү эптесин. Дөөлөтүң колуңан кетпесин. Арчанын бүрүн берсин, Жолборстун сүрүн берсин, Акылмандын оюн берсин, Айдың калктын сыйын берсин. Өмүрүңө береке берсин, Көптөн көлөкө берсин. Башыңан багың тайбасын, Булбулдай үнүң сайрасын. Жакшылыгың элиңе тие берсин, Тийген сайын булактап ие берсин, Айткан батам кабыл келсин! Оомийин! * * * Өлчөбөй өмүрлүү бол, Арчадай тамырлуу бол. Ысык-Көлдөй терең бол, Кан Теңирдей касаба бол. Бакайдай акылман бол. Элиңе тумар бол, Журтуңа асаба бол, Бактылуу бол, Малдуу бол, Элейген жолдон, Калайман жоодон сак бол, Байтеректей бой берсин, Бойго ширеп ой берсин. Дөөтүнүн күчүн берсин, Улукмандын жашын берсин. Жаш берсе бак берсин, Калкка үлгү нарк берсин, Теңирим сага көлөкөсүн тийгизсин. Алдамчыга алданба, Тайгак музга кабылба, Тар тузакка чалынба. Жорткондо жолуң болсун, Уучуң кутка толсун. Жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун. Оомийин! * * * Теңир жолу ыйык деп, Биз берели ак бата. Жаш кошулсун жашыңа, Баш кошулсун башыңа. Ата жолун ардакта, Энени мазарыңдай сакта. Атанын эмгегин, Эненин мээнетин акта. Сабааң толсун кымызга, Чараң толсун уузга. Ырысың ташып турсун, Абыроюң ашып турсун. Агымы катуу дарыядан кеч, Элиңе түшкөн түйшүктү чеч. Бактысыздын багын ач, Калк жолуна алтын чач. Калк ичинде сасыткыдан Кара бою алыс кач. Жүргөнүң бийик кыр болсун, Сүйгөнүң пери үр болсун, Душманыңа сүр болгун! Оомийин! VIII Эр жигитке жана сапар бата * * * Көңүлүң толо берсин, Бак таалайың чынарлап, Башыңа бакыт куту коно берсин. Узак өмүрлүү болгун. Арыстандай айбаттуу, Ач жолборстой кайраттуу, Бото тирсек сеңирлүү болгун. Өнөрүң өрлүү болсун, Бакчаң мөмөлүү болсун. Сөзүң жөлөлүү болсун, Жолуң жөнөлүү болсун. Оомийин! * * * Күнүң чубактуу болсун, Көңүлүң куунактуу болсун. Конушуң өрүштүү болсун, Эккениң жемиштүү болсун, Эмгегиң келиштүү болсун. Жылдызың төбөңдө болсун, Кундузуң жакаңда болсун. Жарың чүрөктөй болсун, Арың түлөктөй болсун. Өнөрүң өрлөй берсин, Өмүрүң төрлөй берсин. Оомийин! * * * Жүзүң нурлуу болсун, Жүрөгүң сырлуу болсун, Тилиң ырлуу болсун. Жигиттин сырттаны атанып, Өнөрүң сегиз кырлуу болсун. Бир үйдүн баласы болбо, Миң үйдүн санаасы бол. Бир элдин атасы болбо, Миң элдин даанасы бол. Бир тонго жака болбо, Көп колдун агасы бол. Акты ак деп баала, Караны кара деп сана. Өзөгүң талса өзөн боюн жагала, Башыңа иш түшсө, көпчүлүктү сагала. Белге таңуу кемер бол, Өзүңө- өзүң кемел бол. Досуңа эдил бол, Калкыңа адал бол, Жооңо катаал бол, Оомийин! * * * Талпынган талап берсин, Чалкыган канат берсин. Баяндуу бакыт берсин, Карыбас убакыт берсин. Акылчы бол, даана бол, Калкыңа камкор паана бол. Жакшыга жанашып жүр, Жардыга карашып жүр. Жамандан адашып жүр, Жоого тик марашып жүр. Чалкыгандын чамасын бил, Ак каранын арасын бил! Кубанычтын турагы бол, Улаан иштин булагы бол. Жакшылардын ынагы бол, Мээримдүүнүн чырагы бол. Сабырлуунун сыңары бол, Бек үлгүнүн чынары бол. Тууралыктын тумары бол, Көпчүлүктүн ынаары бол. Оомийин! * * * Акылчы бол, даана бол, Адашканга паана бол. Жакшыны макта, Жаманды датта. Алсызды жакта, Артыңды сакта, Арыңды сатпа. Оомийин! * * * Берекең тайып качпасын, Белиңди душман баспасын. Адал жан болсун антташың, Арыңды күлдөй чачпасын. Бакыт болсун башташың, Мейманың бекер ташпасын. Тирликте тапсаң түз жолуң, Теңирим берээр башкасын. Оомийин! * * * Барчыл, барчыл, барчыл бол, Кере канат барчын бол. Болчул, болчул, болчул бол, Боз торгойдой төлчүл бол. Адам таппас сөздүү бол, Ор коөндой көздүү бол. Бурама темир, сом алтын, Сууга салса кетибесин. Теңир берген насибиң, Тепкилесе кетпесин. Желеңдин ал четинен бул чети, Жебе сызып жетпесин. Кастык кылган адамың, Карайлап жолдо өксөсүн. Айтса-каргыш, тийсе- көз, Даарыбасын, өтпөсүн. Оомийин! * * * Жолборстун жүрөгүн берсин, Жорткон элдин билегин берсин. Кудаанын кулагына чалынып, Ушу айткан тилегим келсин. Байдын дөөлөтүн берсин, Байлыгын элге жумшап, Кызыгын овлаты көрсүн. Дубасы тийсин бакшынын, Дабасы тийсин жакшынын. Жаттын жалаасынан сакта, Жакындын табаасынан сакта. Керооз катындын өсөгүнөн сакта, Капыс келээр кеселинен сакта. Карадан каргыш алба, Каракчыдан алкыш алба. Бооруң бүтүн болсун, Соолгус кутуң болсун. Сүйөөчүң Үрүстөм болсун, Мөрөйүң үстөм болсун. Өсүп-өнүп толуңуз, Өкүнбөстөй болуңуз. Оомийин! * * * Оомийин десең мына бата: Төрүңдө жорголосун Кыдыр ата. Кайда болсо жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун. Кайырлуу кылып дөөлөт берсин, Өмүрлүү кылып перзент берсин. Ошол көргөн перзентиңе, Улукман акимдин жашын берсин, Кыдыр бабамдын башын берсин. Көрө албаган пендең болсо, Коргоочуң бир Теңири болсун. Тилеген тилегиңди кабыл алсын, Кабылдаганын насип албасын. Оомийин! * * * Бакытың дөөлөтүң менен таша берсин, Душманың кырдан үркүп кача берсин. Бата шул: бизден сизге ырахмат жаап, Кудайым маңдайыңды ача берсин. Оомийин! * * * Кажарлуу болсун салганың, Качырганын койбогон. Ажарлуу болсун ардагың, Чачылганың жыйнаган. Мазарлуу болсун жүргөнүң, Изиңде кут уялаган. Кызырлуу болсун түгөйүң, Жүзүңдөн бейиш сылаган. Оомийин! * * * Оболу Кудай оңдой көр, Оң жолуңа жолдой көр. Адашса жолго сала көр, Мүдүрүлсө колдоп ала көр, Кездешсе шайтан кага көр! Жакшыларга жанаштыр, Жамандардан адаштыр, Жылдыздарга жалгаштыр. Чегеси бол жериңдин, Эгеси бол элиңдин. Кадоосу бол калкыңдын, Ажосу бол жалпынын. Оомийин! * * * Эр жигиттин сыйлаатар Ар убак турагы болсун, Канат берип туйлатар Аргымак туягы болсун. От айлана баш берсин, Өрүш толо мал берсин, Чамгарагы чалкысын. Оомийин! * * * Күнүбүз тууштуу болсун, Жерибиз ырыстуу болсун. Өрүшүбүз малга бай дүбүрлүү болсун, Келиндерибиз балага бай үбүр-шүбүрлүү болсун. Эр жигиттин туу этер турагы болсун. Ээрчип чыгаар туягы болсун. Чалгын керип күүлөнтөөр канаты болсун, Чабышкан жоосун жеңмек- адаты болсун. Оомийин! * * * Мингениң тулпар болсун, Салганың шумкар болсун. Көңүлүң жамандык көрбөсүн, Малың экиден төлдөсүн. Жайлооң жашыл болсун. Алганың асыл болсун. Салганың куш болсун, Төрүнө кут консун. Өмүрүңдө жамандык көрбөй, Көңүлүң толкусун көлдөй. Жараткан узак берсин өмүрүңдү, Болбосун жашооң бүлүндү. Алганың ак уул, кызыл кыз төрөп, Тебелеп турсун төрүңдү. Суу кайнаган казаныңда май кайнасын, Төрт периште төрүңдө тайраңдасын. Пешенең эгиз болсун, Ырысың тегиз болсун. Маанайың мамык болсун, Маңдайың жарык болсун. Эшигиңден май аксын, Чайнегиңден чай аксын. Өмүрүң суудай болсун, Сакалың куудай болсун. Ишиң илгери болсун, Жолуң шыдыр болсун. Жолдошуң Кыдыр болсун. Оомийин! * * * Сапарың оң болсун, Кайтаарың тез болсун. Кашка жолдун боюнда, Кызыр бабам кез болсун. Кетилбесин тулпарыңдын туягы, Кайрылбасын шумкарыңдын кыягы. Барган жерде кучак жайып каршы алсын, Жакшы адамдар, жайсаң жандар зыялы. Жайдары элге, жакшы жерге таанышкын, Алла жебеп учкан кушка жарышкын. Көңүлүң шат, ат көлүгүң арыбай, Аман-эсен очогуңа табышкын. Оомийин! * * * Төрт тарабың шайлуу болсун, Жорткон жолуң жайлуу болсун. Күнүң чыгып жаркырап, Түнүң тынч айлуу болсун. Ичкениң зам-замдын суусу болсун, Ууртуң толо майлуу болсун. Бир Алла өзү жебесин, Арбактарың демесин. Кайып Эрен, Кырк Чилтен Жан жагыңдан жөлөсүн. Нук пайгамбар алдыңдан, Деңизде тоссун кемесин. Алты күндө алты айлык, Арыбай -талбай жол алгын. Аман-эсен кайрылып, Азыркыдай кол алгын. Оомийин! * * * Балам, сапарың олжолуу болсун, Жорткон жолуң оң болсун. Башыңа булут конбосун, Кара ниеттин тилеги оңбосун. Атың тулпар болсун, Кушуң шумкар болсун. Жалгыз башың эки болсун, Эки башың жети болсун, Жети башың жетимиш болсун. Бабалардын арбагы, жолдош болсун. Теңирим өзү колдосун. Оомийин! * * * Оомийин десең бизге, Алакан жайдык сизге. Жол Теңири колдосун, Жортуп жүрсөң түздө. Жабалактап кез келсин, Жазда издегениң күздө. Жамандык көрбөй эгерим, Жашың жетсин жүзгө. Жамандыкта кайышып, Жаман аттай майышып, Жакшыдан күдөр үзбө. Жар болсун Жаратканым, Ак болотуң мизде, Адилдикти изде, Айланаар жолуң түздө. Оомийин! * * * Жолуңду Теңирим колдосун, Жаманчылык болбосун. Шертинен тайбай бек турган, Ишенимдүү болсун жолдошуң. Жолуңду кесем дегендер, Эгерим иши оңбосун. Жарыя болсун ишиңер, Жакшы болсун түшүңөр. Жортуп кеткен изиңде, Жоогазындап гүл өнсүн. Доско-бурак, каска-чок, Жоо айласы түгөнсүн. Жумшак болсун төшөгүң, Жугумдуу болсун ичкениң. Көрбөгөн жерди көрүп кайт, Көсөмгө салам берип кайт. Ырыскың сыртта чачылса, Баарын түгөл терип кайт. Көкүлүңдөн жел сылап, Желип барып, желип кайт. Бак кошулсун багыңа, Так түшпөсүн арыңа. Сак -саламат кайтып кел, Кездешелик дагы да. Оомийин! * * * Жамгырсыз жаздан сакта, Жапа чеккен аздан сакта. Касиетсиз кектен сакта, Кегин кууган көптөн сакта. Булуттун аласынан сакта, Чууттун балаасынан сакта. Дос болуп, кас болгондон сакта. Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта. Береке дуба ашыңдан кетпесин, Бакыт-дөөлөт башыңдан кетпесин. Бак атасы кашыңдан кетпесин. Жорткондо жолуң шыдыр болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун. Жигит пири- Шаймерден колдосун. Оомийин! * * * Жорткондо жолуң болсун, Жолдошуң Кыдыр болсун. Кайберен, Кыдыр, Чилтен, Катарлашып колдосун. Жолуңа кедерги болбосун, Беш карууң шайлуу болсун, Беш багытың жайлуу болсун, Түнүң тынч айлуу болсун. Кана эмесе жөнөлгүн, Атаңдан калган жөрөлгүң. Кайрылып эсен оролгун, Көп болуп сый жоролгуң. Оомийин! * * * Оң болсун балам сапарың, Мол болсун даамың, татаарың. Тууган элиң тапшырса, Парызын өтө катардын. Барып келип жүрбөйбү, Өзүңдөй жаштар катарың. Калктын сүйгөн тиреги, Коргоочум сен деп тиледи. Энеңдин сүтүн актай бил, Абыроюңду сактай бил, Ордунан чыксын тилеги. Оомийин! * * * Жалгыздын жары- Кудай. Эгиздин түгөйү-Ыйык. Үчтүн бири- Кут Тумар. Бештин бири-Бек Жолдош. Жетинин бири- Кыдыр. Тогуздун бирөөсү- Тоом. Он үчтүн бири- Олуя. Дос күтсөң он экини күт, Он эки түт. Ошондо баары болот, баары толот. Жараткан мүчөлдү колдойт! Оомийин! * * * Саламат барып сак кел, Сагындырбай бат кел. Эсен барып соо кел, Эзелкиден оор кел. Алдың ачылсын, Жолуңа була чачылсын. Жолуңда өнгөн тал көргүн, Жоболоңсуз жан көргүн. Жылаан болсо өлтүргүн, Жыдыгыңа көндүргүн. Бөрү болсу эргигин, Тобо томук келтиргин. Оомийин! IX Дааналардын батасы Асанкайгынын батасы Бак карасын, Кыдыр даарысын, Желең узарсын, Жергең көбөйсүн. Өрүшүң жашыл болсун, Өңүң кызыл болсун. Кудайым мал берсин, баш берсин, Узак өмүр жаш берсин. Оомийин! Акын Арстанбектин Жеңижокко берген батасы Шаймерден сени колдосун, Барбардигер кудурет Бааналап ишиң оңдосун. Камбаркан баба кол берсин, Кыдыр даарып, жол берсин! Оо балам ырчылык жайын айтайын: Ырчы болсоң- сынчы бол! Зөөкүрдү чабар камчы бол, Кургак жерге тамчы бол. Дүлөйлөргө кулак бол, Чөлдүү жерге булак бол. Аргымак минген баатыр бол, Алсыздарга жакын бол. Күлүк минген күчтүү бол, Күйдүргөнгө миздүү бол. Жесирлерге жөлөк бол, Жетимдерге көмөк бол. Канкорлорго касап бол, Калп айтканга мазак бол. Ууруларга айгак бол, Ушакчыга сайгак бол. Бечарага калка бол, Беделсизге арка бол. Айтаар сөзгө кыска бол, Аптыгып алкым агытпай, Атпай журтка нуска бол. Кара өзгөй болбой калыс бол, Кошоматтан алыс бол. Усталарга балка бол, Уяттууга калка бол. Коркокторго туруш бол, Кош сөздүүгө буруш бол. Калк чөлдөсө жамгыр бол, Карыларга кайрым бол. Алы жокко айбар бол, Ашы жокко айран бол. Эрегиш чыкса элчи бол, Эл журтуңдун кенчи бол. Тону жоктун бөркү бол, Той менен аштын көркү бол. Желек кармаар жетик бол, Бакырларга кешик бол, Балалууга бешик бол, Бак-таалайга эшик бол. Жери жокко конуш бол, Эти жокко союш бол, Пейилдүүгө бейпил бол, Тар дүйнөгө мейкин бол. Нысаптууга байыр бол, Мүлдө журтка шайыр бол. Таразанын ташы бол, Ырчылардын башы бол. Нуска сөзүң кап болсун, Санат ырың сан болсун, Санжыра сөзүң саз болсун, Калың кыргыз элине, Кадырың артып бак консун. Оомийин! Акын Нурмолдонун батасы Жин-шайтанды качыраар, Жек- жаатындай куучу бол. Тарттырбас намыс атуулу, Турагынын туусу бол. Тартышта мөрөй алдырбас, Теңтуштарың күүсү бол. Сурап турар барысын, Суктандырар күчү бол. Бир гана карап сескенчү, Чоңду сымал сынчы бол. Көргөнүн нөшөр төгүүчү, Күсөйдөн өтөр ырчы бол, Оомийин аллоу акбар, Жүсөйдөн ашар сырчы бол! Акын Жеңижоктун батасы Тогузу болгун жылдыздын, Туйгуну болгун кыргыздын, Жетиси болгун жылдыздын, Жетиги болгун кыргыздын. Учу болгун кылычтын, Учкуну болгун жылдыздын. Сабы болгун кылычтын, Сазы болгун кыргыздын. Оомийин! Акын Коргоолдун батасы Отурган жерде айдай бол, Оозго салган майдай бол. Жумшактыгы пейлиңдин, Жылма жибек шайыдай бол. Жакпай турган кишиге, Жер жуткан Карынбайдай бол. Оомийин! Аалы акындын батасы Асман-Теңир, жаш кезимде берегөр, Капкайдагы мага келчү мээнетти. Асман-Теңир, карган кезде берегөр, Шайыр көңүл, тынчтык менен дөөлөттү. Асман-Теңир, досту көккө көтөрүп, Душманга бер өлүм күткөн мөөнөттү! Оомийин! Аалым Кусейин Карасайдын батасы Мал болсун, Баш болсун, Берекелүү аш болсун. Узун өмүр жаш болсун. "Ики" деген оору болбосун, "Келе" деген доочу болбосун. Баккан балаа болбосун, Жапкан жалаа болбосун. Калк ордунда болсун, Кан тактысында болсун. Кандын касабынан сактасын, Карачанын дооматынан сактасын. Ашуусу бийик тоодон сактасын, Айкырып кирген жоодон сактасын. Агыны катуу суудан сактасын, Адам өлгөн чуудан сактасын. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Эл ичи тынч болсун. Эмгек кайнап турсун, Береке жайнап турсун. Карыяларыбыз нускалуу болсун, Байбичелерибиз берекелүү болсун. Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун, Жаштарыбыз ыймандуу болсун. Акимдерибиз кичинесинен Чоңуна чейин адилетүү болсун. Элибиз асмандагы Топ жылдыз үркөрдөй жаркырап, Чогуу ырын ырдап, Тоюн тойлоп үзүрлүү өмүр сүрсүн. Оомийин аллоакпар! Байдылда акындын небересине батасы Каным бирге Карлыгачым төрөгөн, Карааныңдан кагылайын неберем. Оюмдагы неберем бар ондон көп, Ошолордун аксакалы сен элең... Борс, борс күлгөн бөдөнөдөй бөйтөгүм. Бой жетсе деп көп ойлодум, эңседим. Дагы далай тилектерди тиледим, Даңктуу кызы болсо экен деп өлкөнүн. Бойго жеттиң бөйтөңдөгөн Дилбарым, Ак батамдын айткандарын бил баарын. Экинчи энең-кайненеңди кадырлап, Улууларды урматтагын, сыйлагын. Эгиз гүлдөй эп келтирген Кудайым, Арслан уулум, Дилбар кызым- Күн, Айым. Эмгек менен, билим менен, эс менен, Эч жамандык көрбөгүлө ылайым. Асманга учса кош канаты талбаган, Ала-Тоонун кушу болгун, Дилбарым. Толгон даңктуу эжелериң сыяктуу, Тоолук элдин кызы болгун, Дилбарым. Колдорунан көөр төгүлгөн уздар көп, Ал уздардын узу болгун, Дилбарым. Байкап, баалап жакшы менен жаманды, Барган үйдүн куту болгун, Дилбарым. Бийиктикке бир тепкичтен өйдөлөп, Билимдүүдөн билимдүү бол, Дилбарым. Бей-бечера, карыптарга кайрылып, Берешен бол, күйүмдүү бол, Дилбарым. Таятаңдын ою, жолу кеңейсин, Неберелер, чөбөрөлөр төрөлсүн. Бүт дүйнөгө кыргыз даңкын чыгарган, Билимдүүлөр, илимдүүлөр көбөйсүн. Сабырдуулук, акыл жеңет бардыгын, Сабырдуу бол, акылдуу бол, Дилбарым. Барктап сени кыргыз тургай башка эл да, Бардыгына батымдуу бол, Дилбарым. Карапайым- жөнөкөй бол ар убак, Сабырсыздык сага да уят мага уят. Бул ак батам бүтпөй турган көрүнөт, Кеп тизгинин кете берсем дагы улап, Айла канча актык ишке каралдым, Апаң менен, тайнең менен калармын. Обонуна салып туруп Шаршендин, Ордуң карап- даа дорулдап алармын. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун Президент Аскар Акаевге берген батасы Илим-билимди, асыл өнөрдү өнүктүргөн акыл-эстүү адам баласы адил күрөшүндө айкөл, камкор, боорукер, кечиримдүү тартып, жалпы эле жер балдарына бирдей энчилеш бакыт кушун үндөп келатыр замандан замандарга! Боору кенен Жер-Суу деми, ачык тийген Күн Нур илеби, алкагы кенен Аалам касиеттери менен жан-жаныбар өмүрү танапташ деген кеменгер элибиз: бакытты-канаты талыбас касиеттүү кушка теңеген. Биз-адам баласы, бирибизге-бирибиз пейлибизди агартып, өмүр көчүн сапардаш узатканыбызда бакыт кушу төрүбүзгө конду. Жергебиз кеңейди. Калайык-калк муң билбеди. Дасторкондо ырыс-кешик толуп турду. Биз-адам баласы, пейил бузуп, бирибизди-бирибиз душман санап менсингенде жергебиз тарыды. Жерибизге кан төгүлдү. Жалпы жан-жаныбардын каргышына калдык. Бакыт кушу төрүбүздөн учту. Өмүр көчү өзүнүн татаал-катаал сапарында эчен албан сабагын тартты. Ал сабактын таалимин улагандар - оң жолго түштү. Өркөнү өстү. Адам өзүнө, жалпы эле жан-жаныбарга - жакшылык арнады. Замандан-замандарга өмүр көчү ушундай оош-кыйыш жолдо келатыр. Өкүнүчтүү жагдай эң акылдуу жаныбары - адам баласы, өзүнө-өзү оор жүктү артат. Анан: "Оо, тагдыр!" - деп, бактысыздыкты жаандан, жаратылыштан, Кудайдан көрөбүз. Жаан жерди көгөртүп, жаратылыш асыл байлыгын энчилеп, Кудай пейлибизди агартып келатпайбы! Биз - адам баласы ошого ак бололу! Байыркы атам-кыргыз урпагы, келкелиң келгенде, сен желдей сыздың, куштай учтуң. Агыны катуу дарыядан ат сугардың. Кырк капкалуу Бээжинге от жебеңди ызгыттың. Келкелиң кайтканда канатың кайрылды. Тулпарың аксады. Жөө бастың кылымдарга. Отко күйбөс, сууга чөкпөс, жерде чирибес сөз бермети- жараткан дастаның күбө баарына! Кеменгер ажо бир айтат - төп айтат. Ал айтканы калайыкка жагат деген. Терең ойлон-айтканыңды калайык жактырсын, балам! Кеменгер ажого өз да тууган, жат да тууган деген. Кара кылды как жарган калыс болгун бардык иште, өз да, жат да туугандашсын. Кеменгердин курбусу көп, теңи жок, ачуусу бар, кеги жок деген. Ал карыга, жашка бирдей курбалдаш. Билимин элге берет. Билбегенин элден үйрөнөт. Ошон үчүн курбусу көп. Билгени кенен - ага теңдеши болбойт. Кеменгер ачууланат, бирөөгө кек сактабайт. Кекчилдин пейли бузук, жолу тар. Ачууңду күлүп тарат, ишиңди оңго салгының, балам. Менин бул айткандарым - бабабыз берген ак бата: Ак ишиң так өтөлсүн, Зоболоң көтөрүлсүн! Элиң эсен, жер-сууң бүтүн болсун. Калк ырыскысы толсун! Аксарай төрүнө бакыт кушу уяласын, Аскар балам. Оомийин! Мазмуну Сөз зээри ......................................................3 I. Байыры бата 15 II. Айтым, тилөө, салт бата 25 III. Тилөө. Көпчүлүккө, карыларга бата 55 IV. Үй ээсине, дасторконго, тойго бата 81 V. Куда жек-жааттарга бата 105 VI. Жаш жубайларга бата 115 VII. Уул, кызга бата 139 VIII. Эр жигитке жана сапар бата 169 IX. Дааналардын батасы 185 Ак бата Түзгөндөр Чоюн Өмүралиев Кеңеш Жусупов Редактору Ч. Өмүралиев Корректору Ж. Эсеналиев Тех редактору В. Масикова Сүрөтчүсү Р. Исаков Компьютердик калыпка салган Б.Жанызакова Терүүгө 22. 01. 2003-жылы берилди. Басууга 06. 03. 2003-жылы кол коюлду. Форматы 70х90 1/32. Көлөмү 12, 25 б.т. Офсеттик кагазга басылды. Нускасы 500 даана. Заказ № 44 "Бийиктик" басмаканасы 720040, Бишкек шаары Эркиндик сейилбагы, 30 тел: 66-14-16, 66-25-03 | Китеп_тизме: |
|