Ош базарынын жанындагы Кыялдын алдында көзү ачыктар туруучу жердин айланасындагы майда талдар менен арчалардын түбүндө жүдөп кейпи кеткен Сапар, Камбар, Султан үчөө олтурушат. Чөптөрдүн үстүнө стакан менен бөтөлкөнү коюп алып:
- Ээ Саке, - деди Камбар, - бу биз ушинтип жүрө беребизби, ыя?
- Анан эмне ажо болгуң келип атабы? - Сапар аны мыскылдай күлдү.
- Аттиң а-аай, ажо болсом кана, кыргыздын чек арасын илгеркидей чеп кылып, чымын өткүс кылат элем.
- Сен эле калдың эми, эми чеп эмес бүт Кыргызстанды боз үйдүн ичине бекитсең да болбой калды го, анткени душмандар арабызда кошо жүрөт.
- Ааа-ай сен билбейсиң да, мен ажо болсомчу ээ? - Султан сөзгө аралашты.
- Ийи сен эмне кылып ийет элең?
- Менби, мен кыргыздын кыздарын башка улутка тийбей турган кылмакмын, антпесе аз жылдын ичинде нукура кыргыз калбай бүт эле аргындашып калат го, неңди урайын.
- Ошону айтсаң, жөн да эмес сулуу, сулуу кыздарыбыз түрктөр менен америкалыктарга, кытайлыктарга тийип алып жатпайбы.
- Биздин.. Республика "обший дом" экенин билбейсиңби, ал эми обший домдо ким болсо да жүрө берет, сулуу кыздар менен келиндер да обший элдики!
- Эмне болсо ошол болсун, давай самаштан куй, андан көрө бул жашоонун кыйналышын, азап, тозогун сезбей ичип алалы да жата берели.
- Ырас эле, куй, ичели, самогон калып калганча жарылып кетсин ичеги, - деп Сапар булдурап ырдап кирди.
- Неңди-и акырын, жанагы кызыл шапкелер байкаса дароо тепкилеп айдап кетет.
- Ой мени эмне кылмак эле, чөнтөгүмдө сокур тыйын акчам жок, аларың азыр акчалууну күнөө кылбаса да алып барып акча өндүрөт, менден мынабу сасыган жыт эле өнбөсө.
- Чын эле, бир байкуштарды чыркыратып бейкүнөө камаганын көргөнүңдө акыйкатты жерден эмес көктөн да жолуктура албасыңа көзүң жетет.
- Экөөбүзгө акыйкатты, ажолукту ким коюптур, колго тийгенин кийип, ичип жүрө бербейлиби өлгөнчө?
- Келе куйчу, - дешип бир бөтөлкөнү бөлө ичип бүткөндөн кийин ордуларынан туруп жөнөштү. - Баягы биздин ойсокелерибиз көрүнбөй калды да ыя?
- Жүргөндүр да контейнерлерди чукулап, же мусор терип.
- Жүрбөйсүңбү үчөөбүз дагы өзүбүздүн контейнерди издеп шимшип келели, мүмкүн "товар" түшүп калгандыр, - деп үчөө тең байлар жашоочу айылды көздөй илкип жөнөп калышты. Алардын контейнер дегени мусор салган жашиктер эле…
Ээрчишип кетип баратышып бир нерсени эстей калган Сапар токтой калып:
- Менде бир аз тыйын бар, силердечи? - деп Кадыр да чөнтөгүн аңтарып кирди.
- Менде он сом, - Султан чөнтөгүнөн он сом алып чыгып көрсөттү.
- Үчөөбүздүкү биригип отуз болот тура, жүрү нан-сан алып алалы.
- Чын эле, жер кыдырып жүрүп чарчайбыз. Аякка түнөп да калышыбыз мүмкүн.
- Ой ал жакта бияктагыдай подвал болбосо кайда түнөйбүз?
- Аерде бир кароосуз калган үй бар, мен билем, ошого түнөйбүз.
- Жакшы болбодубу, ары-бери басып жүрө бербей, бол анда кеттик.
Алар базарга кире бергенде алдынан Ажар чыга калды.
- Оо-ой кайран гана эргулдар, кайда жөнөп калдыңар ыя? - деди ал батташкан чачтарын сылап артка колу менен кайрып жатып.
- Сен кайда жүрсөң биз да ошоердебиз да, өзүң эмне кылып жүрөсүң?
- Эмне кылмак элем мурунга эчтеке иле албай эле, баары сагызгандан сак болуп калышты. Эки күндөн бери дурусураак эч нерсе табалбадым, - Ажар кабагын бүркөй унчукту.
- Эч нерсе эмес, сенде болбосо бизде бар, жанагы жаңыдан байыган кыргыздарга караганда биздин ыйманыбыз бар, боорукер келебиз селсаяктар.
- Ырас элеби ыя, абдан кардым ачты.
- Сейделер кайда?
- Алар кечээ күнү менден адашып калып ошо бойдон жок.
- Кайда кетишти экен?
- Алар аңга түшсүнчү, кана карын кампайтасыңарбы же жокпу?
- Бас үндөбөй, - деди Сапар, - билесиң, биз өзүбүз селсаяк болсок да кайрымдуубуз, - Ал Кадырды карап, - Туура айтып жатамбы достор, Ажардын көңүлүн көтөрүп койолу, ананкыны кудай өзү берер.
- Оп баракелде, - деди Султан, - Туптуура айтып жатасың, - андан көрө бир бөтөлкө алалы да нан, салат алып келе гой! - деп акчаны Сапарга берди. Бир аздан кийин төртөө бак түбүндө самогон менен нан, салатты ортолоруна коюп чечекейлери чеч боло, дүйнөлөрү түгөл олтурушту. Бөтөлкөнү ичип бир аз кызый түшкөн Ажар:
- Кайран гана баатырлар десе, силердин пейлиңерге ыраазымын ай, абдан ыраазымын, - каткырып калды, - менде жок десем ишенип калдыңарбы чын эле, андай күн эле болбойт да, мен келемиштен да жаман болуп калдым ай, бүгүн жирний шабашка кылгам, - самогонду жутуп, чөнтөгүнөн акча алып чыгат: - мына, силерди алдап койсом ишендиңер аа байкуштарым. - Акчасын кайра салып: - муну менен жок дегенде бир жума майрамдасак болот.
- Ой-ии Ажар, Эмне шабашка кылгансың ыя, аябай крупный го?
- Ананчы, - Ажар мактанып кирди, - мен кантейнерди кыдыры-ып жүрсөм эле тээ алыстан келген үчөө-төртөө оптом товар алып жатыптыр, а мен акыры-ын четке тура калбай жан жокпу. Анан эле тигилер эки коропканы бери мен жакка коё коюшту. Мен эки жагымды карап туруп баягыны ала коюп жөнөп кеттим. Эч кимдин иши да болгон жок, бирок кантейнерден чыкканча кара терге түшүп кеттим тим эле ай!
- Атаны байкушум ай, сенин көтөрүп келатканыңды көргөндөр унчуккан жокпу?
- Мен эмне, коробканын үстүнө жаман жемпиримди жаба койгом да.
- Укмуш ай! Ал эмне экен анан?
- Албы, ал кымбат баалуу духилер экен, болгондо да бирөө эки миң сомдук духилерден экен, а мен аны эки жүздөн эле саттым, бир коропкада ондон экен, ойда-а жыргаганымды айт, мына бул көйнөктү алып кийбедимби, - ал эскилиги көрүнүп, бирок таза көйнөгүнө мактана кетти.
- Маладес, эгер биз эч нерсебиз жок деп басып кетсек эмне кылаар элең ыя?
- Өз убалыңар өзүңөргө деп басып кетмекмин.
- Шумдук ай, биздин да кудайыбыз бар да, бирок чынында биздин пейлибиз кенен, анте алмак эмеспиз ээ достор?
- Кантип, ушу жашообузда пейлибиз кенен болбосо кудай урбадыбы. Акыркы жашообузга чейин бир бирибизден эч нерсе аябашыбыз керек!
- Туура, биз бир алланын алдына баргыча эркинбиз, бирок аякка баргандан кийин кудайым кандай кылат өзү билет..
- Кана балдар, эми эмне кылалы, күн кеч кире электе тамак-аш алып алалы да бүгүн бир тойлойлу.
- Давай кеттик! - деген Сапар алдыга түшүп жөнөгөндө калгандары аны ээрчий базарды көздөй жөнөдү.
***
Гүлнар айылына барып бир эки-үч күн туруп эле кайра шаарга келди. Кээлери менен сиңдиси ага:
- Баягы кемпир болгон акчасын алдырып жибериптир, эми кантип үйүнө кетем деп жатты эле, эмне болду экен?
- Апей ботом, карыган неменин ошол абалын көрүп туруп коё бердиңби, андан көрө колуна жол кире берип айылына салып койбойт белең, байкуш ай-йя, кантти экен? - Гүлнар ордунан туруп сыртты көздөй жөнөдү.
- Кайда жөнөдүңүз? - сиңдиси аны таң кала карады, - эми эле келбедиңизби, жолдо чарчап келдиңиз, эс албайсызбы?
- Байгамбар жашынан өткөн, умай энедей кары кишинин абалын билип туруп кайдыгер калганың адамчылык эмес, ошону бекер кылыпсың, мен аны Ош базарынан эле табам, жолуна төлөп таксиге салып жиберейин.
- Обу жок болбой олтуруңузчу, аны эми кайдан табат элеңиз? - Сиңдиси аны жактыра бербей олтуруп калды.
- Олтура бер өзүң, мен барайын, - деген Гүлнар жолго чыгып кетти.
Маршрутка менен Ош базарына келген Гүлнар эки жагын каранып Каныш эненин караанын издеп келе жатты. Бул кезде Каныш эне уулун күтүп үйүндө жүргөн болчу.
Керээлден кечке издеген Гүлнар Каныш эненин көчөдөн же базардан дайынын таппаган соң баягы пьяный аллейден издеп көрүүнү чечти. Аллейге келип ары-бери карап көрүп аерден да табалбады. Ал жерде кейпи кеткен аялдар, кишилер, жапжаш кыздар да өзүнө карабай адам жийиркенерлик болуп тамеки чегип, сөгүнүп олтурушат. Аларды көргөн Гүлнар өзүнүн кызын ойлонуп ийиди: "Шордуум эмне гана күндө жүрөт болду экен, ашкере эркелетип алганбыз го?" деп ойлоп Чүй көчөсүнө чыга бергенде машиналар токтоп жөө адамдар өтүп калганда Гүлнар дагы өтүп бара жатып маңдай тескей алдынан Аиданы көрө калып:
- Аа-ай Аида, токто кызым, токтоо-о! - дегенче машина сигнал берип калды, көрсө жолдун так ортосунда жалгыз туруптур. Эптеп өтүп Аида кеткен жакка жүгүргөн менен көзүнө көрүнбөдү: "Шүмшүк, менин үнүмдү угуп келүүнүн ордуна жоголуп кеткенин кара, менден качты ээ?" деп купуя ойлонуп алган Гүлнар бир топко ордунда тура берди.
***
Медет менен Феруза экөө бир бирине кадимкидей көнүп калышты. Күндө бир маал экөө ээрчишип чыгып базардын айланасын кыдырып карашат. Эч дайын болбогондон кийин үйүнө келишет да эки жаш бактылуу кыялданышып келечек жөнүндө сүйлөшүп олтуруп кечки тамактарын ичишет да эс алышат, телевизор көрүшүп олтурушат. Арадан билинбей эки жума өтүп кетти. Медет бир күнү жалгыз көчөгө чыгып Ош базарын көздөй жай басып кетип жаткан. Алдынан коңшусу жолугуп калып:
- Ой сен кайда жүрөсүң йя, апаң сени күтө берип жалгыз ооруп калды. Эмнеге кабар албай койдуң? - деп калды дароо эле.
- Мен апамды бияктан издеп жүрбөйүмбү, мен барганда жок эмес беле?
- Ошо сен барып кайра кеткен күндүн эртеси эле барган. Ошодон бери эле зарыгып күтүп жатпайбы.
- Анда апама айтып кой, мен келинчегим менен барам. Эмки жумада барып калабыз.
- Болуптур айтам, бирок эртерээк бар, апаң жалгыз үйдө аябай кыйналды.
- Сөзсүз барып калам, - деген Медет анан аны менен коштошуп үйүнө Ферузага сүйүнчүлөөгө ашыгып баратты.
Медет кубанычын Ферузага айтып келгенде ал дагы абдан кубанды. Ошентип экөө кеңешип, белек-бечкекти мол алып алышып айылды көздөй жөнөмөй болушту. Ферузанын чабылып, болгонун аябай белек-бечкекти да, Каныш энеге бир сыйра кийим алып жатканын да көргөн Медет ичинен уялды.
- Феруза, мунун баарынын кереги эмне, апамдын деле уучу кур эмес, көрөсүң го кудайга шүгүр эле турабыз, бирок сага чоң ыраазымын. Мени жаман жолдон кайтарып кайрадан жаңы жашоо бердиң. Эми минтип апамдын, элдин алдына жүзүмдү жарык кылып олтурасың. Апам менин ошол кейпимди көрсө эмне болоор эле, сага өмүр бою ыраазымын! - Медет Ферузаны кучактап өөп койду.
Ошентип эртеси алар такси жалдап жөнөштү. Алар Ыссык-Көлгө жетип өзүнүн туулуп өскөн айылына келип үйүн көздөй бурулду. Алар келгенде Каныш эне ооруп жатса да кубанычтан калдактап туруп мурунтадан камдап койгон жоолук, көйнөгүн алып жүгүрдү. Бат эле кошуналары чогулуп чачыла чагып тосуп алышты. Каныш эне жоолугун салып келинин өөп, сүйүнүп жүрдү. Ушул кезде эне ооруган жерин да унутуп коюп кызмат кылган келиндерге баш көз болуп, уулун кайра-кайра кучактап өөп, жаш баладай эркелетип жатты. Сүйкүмдүү, бирок Медеттин өзүнөн бир топ улуу көрүнгөн келинине ичи чыкпай турду. Ферузаны көшөгө тартып олтургузуп, жанына кыздар олтуруп, кирген-чыкканга келин жүгүнүп жатты. Келинди көргөн коңшу-колоңу Медетке абдан ыраазы болуп жатышты. Анткени ушунча жыл дайынсыз жүрүп куру кол келбей, апасына бир сыйра кийим менен дасторконго толтура шаардын тамак-ашын ала келгенине шыпшынышып:
- Айланайын Медетим жоош, момун, кудай бере турган бала, карабайсыңбы тимеле кандай гана ушактарды чыгарышпады эле. Көрчү талтөөндөй болуп эле иштеп жүргөн тура!
- Ошону айтсаң, баса көчөдө калыптыр дешпеди беле?
- Ошону айтып жатпаймынбы!
- Капырай десең, укмушуң кургур десе, ушунча да калпты чындай калып айтышам экен ээ? - деп таңдайларын такылдатып олтурушту.
Илбериңки кыймылдап, көшөгөгө олтуруп албай дасторкон жыйнашып, тура калып жумуш жасап жаткан келинине бир чети ичи ысып кетсе, бир чети уулун ушул эле айылга келтирбей алып жүрүп алгандай көрүнүп ичинен жаман көрүп да жатты эне.
Акыры эне уулун өзүнчө четке чакырып алып сүйлөшүп олтурду:
- Ыя садагам, мынча эмне шаштың, өзүң эле келсең, биякта кыздар бар эле го, мунуң канча күйөөгө тийип чыккан неме, айланайын?
- Койсоңчу апа, күйөөгө тийбеген кыз, ырас менден улуурак экен, бирок адамгерчилиги, кылган эткени, иштеген иши абдан жакшы.
- Ошентсе да балам, өтө эле улуу көрүнөт экен.
- Эч нерсе эмес, - Медет андан ары сөздү улатпай туруп калды: "минтип айтат деп ойлогон эмес экемин, мейли ким эмне десе ошол десин, болоору болду, а апама болсо кызматы, мамилеси менен жагып кетет сөзсүз" деп Медет ичинен ойлуу боло түшкөндө Каныш эне: "Ботом жалгызымды капа кылып алдымбы?" деген ойдо ордунан турду да бака-шакага аралашып кетти.
Оо, айылдын эли укмуш эмеспи, керээлден кечке кылар иши жок, ушак айтып ушак уккандан башка жумушу жок.
Медет менен Феруза жөнүндө бир топ сөздөрдү айтып, айыл ичи дүңгүрөп жатты.
- Медеттин аялы ушул кезге чейин күйөөгө чыкпаптыр, анан Медеттин ичкенин токтотуп, адам кылган ошол экен ай.
- Ырас эле, чын-төгүнүн ким: билет, тиги-ини ботом.
- Ооба, ооба чын эле ошентип жүрүшпөдү беле, бу аялы деле отуздан ашкан неме го кебетеси, буга чейин канча эрге тийди дейсиң, мунун жоош экенин байкап анан үйүнө киргизип алган да.
- Ошенткен да, болбосо… - деп олтурушканда Каныш эне аларды чакыртып жиберди. Анткени Ферузанын төркүндөрү кууп келе турган болуптур. Каныш эне тууган-уругун чогултуп, конок тосконго даярданып жатты.
Ферузанын агасы, жеңеси, атасынын бир тууган агасынын аялы, жездеси, сиңдилери кууп келишти. Медеттин жоош, момун экенин, үй-жайын, жашоосун, апасын көргөндөн кийин алар ыраазы болуп калышты. Бирок азыр алар ортодо кандай жагымсыз окуя болуп, бир туугандардын ортосунда кайгылуу тагдыр күтүп турганын сезишкен жок, тек гана эки жашка бакыт, таалай каалашып, эки жак тең кубанычта олтурушту. Каныш эне өзү жетимишке барып калса да кайраттуу, өз билгенин коё бербеген мүнөзү бар эле. Оюнда: "балам али жаш, чабылса чабылармын, өзүмө жаккан кыздардан алып берем!" деп бир чечимге келип калды…
***
Аида жолдон өтүп келе жатып апасынын үнүн уккандан кийин артын жалт карады да, апасын көөрү менен шаша-буша басып кетти. Узап кеткенден кийин артын бир кылчайып алып, көзүнүн жашын агызып ийди: "Алчаңдатып баккан атамдын, эркелетип өстүргөн энемдин жүзүн көрүүгө зар болуп турсам да жолугууга бетим чыдабады го кудай ай, эмне кылсам экен, апам байкуш мени издеп келген го?" деп базар аралап баратып бирөө менен сүзүшүп алды. Чоочуп кетип жаштуу көзү менен:
- Кечирип коюңуз! - деп өтүп кетээрде тигил бейтааныш адам:
- Эч нерсе эмес чоң кыз, мындай жерде боло берет, - деп Аиданы карап жылмайып койду да, - капасың го? - деди катарлаша берип.
- Ооба, сизге тиешеси канчалык? - деген Аида аны жаштуу көздөрү менен жактырбагандай карады.
- Капа болуу сендей сулууга жарашпайт, андан көрө таанышып алалы, менин атым Турат, - ал колун сунду.
- Таанышуу ошончолук эле сиз үчүн кызык болсо танышууга макулмун, атым Аида, - аны ызалуу көздөрү менен карап колун сунду. Ушул кезде анын жаштуу көздөрү ого бетер сулуу көрсөтүп турган.
- Эң сонун. Таанышканыма кубанычтамын, мен да эригип басып жүргөн элем, жүрүңүз суусун ичип бир аз кобурашалы, - деген Турат аны Ош базарынын кире беришиндеги "Айдана" кафесин көздөй колун жаңсай ээрчитип жөнөдү. Аида үнсүз анын соңунан баратты, ага азыр баары бир эле.
Турат өзү толмоч болуп турган менен жашы отуз бештерде эле. Кызматы жакшы, үй бүлө, бала-чака дегендей, баары жыйында болчу. Акыркы кезде жаңыдан депутаттыкка ат салышып тоголоткон ташы өйдөлөп жаткан убак. Бир жаман жери, бир жыл мурун аялы каза болуп калып жалгыздыктын курчоосунда калган. Убактылуу аялзаты табылат дечи, бирок түбөлүк оюндагыдай табылбай келет. Кийинки кезде бойдокчулуктан тажай баштаган. Жумуштан келгенде тамак-ашын жасап тосуп алчу адам жок, абдан кыйналды. Тамак демекчи, курсагы деле ачпайт дечи, бирок үй деген үй да, келсе томсоруп муздак дубалдар тосуп алат. Ойлонуп олтуруп үйлөнүүнү чечти, балдары да ата-энесиникинде.
Турат тамакка заказ берип коюп Аиданы кунт койо карап калды:
- Чоң кыз, кайдан болосуң?
- Таластан. - Аңгыча официант стол үстүн тамак-ашка толтуруп жиберди. Турат кичипейилдик кыла анын астына вилка менен кашыкты коюп:
- Алыңыз! - деди.
- Рахмат.
- Ата-энең барбы?
- Жок! - Аида сөздүн андан ары уланышын каалабай турду. Анткени алпештеп өстүргөн ата-энесин жок деп алып ачуу жаш тамагын бууп калды.
- Менин ата-энем бар, болгону үйүмдү жарык кылуучу сендей бирөө табылбай…
- Айалыңыз эмне болду эле?
- Каза болуп калган.
- Кечирип коюңуз, ошол суроо берип алганымды.
- Эч нерсе эмес, билбеген адам уу ичет.
- Рахмат түшүнгөнүңүзгө, - Алар тамактанып болуп ордуларынан туруп сыртка чыкканда базардагы эл суюлуп күн батып калган экен.
- Эми кайда барабыз? - Турат Аиданы карады.
- Аа - аа, мен өзүмдүн жатаканама барам го.
- Аида эгер туура көрсөң, жүрү мени менен, жок-жок, жаман оюм деле жок, жөн гана чөгүп турганыңды көрүп эле…
- Сизге ырахмат, дагы бир жолугарбыз… - Аида өзүнүн сойку экенин сездирбегенге аракет кылып андан эптеп кутулууга аракеттенип жатты, - жакшы барыңыз! - деп басып кетээрде Турат:
- Аида, мени түшүнсөң, менин үйүмдө чоочуй турган эч нерсе жок, мен болсо тынчыңды деле албайм, болгону бир аз болсо да сүйлөшүп дегендей кенен таанышып алсак…
- Сүйлөшкөндө…?
- Суранам, менин сага жаман оюм жок, укчу мени.
- Мм, - аярлай калган Аида эмне дээрин билбей турду.
- Жүрү Аида, мүмкүн бүгүн экөөбүздү бир периште жолуктургандыр?!
- ?...
- Суранам.
- Макул, - деди Аида бияктан бери суранып аткан бейтааныш адамдын көңүлүн кыйбай. Экөө катар басып бара жатышты. Турат жолдун жээгинде турган таксиге барып сүйлөштү да, Аида экөө таксиге олтуруп жөнөдү. Бат эле болжогон жерге жетип бийик дарбазалуу үйгө келип киришти. Үй абдан чо-оң салынган экен. Чынында Тураттын мактанарлык жашоосу бар болчу. Өзү айткандай ага бир гана үйдүн ичин жарык кылып мээрим чачып турчу ургаачынын гана жетишпегендиги эле. Турат үйгө кирип баратып алдыда жарык жандырып ашкана жагына өттү. Ал газга чай коюп анан телевизор сайды. Анан ыңгайсыздана туруп калган Аиданы креслого олтурууга жаңсады:
- Отур Аида, эч ойлонбо да кабатыр болбо! - деген Турат өзү да бир креслого олтуруп телевизор тиктеген тейде көз кыйыгын Аидага жиберип жатты. Азыр Аида абдан суз эле. Жүрөгү түпөйүл тартып, жолдон көргөн апасынын элеси анын көз алдына келе калып атты: "Аа-ай кудай ай!!! - деп алды Аида ички сезими туйлап, - Эмнеге ушул жолго түшүп кеттим десең, ата-энемден качкыдай күнгө туш келгенимди карасаң, эми кантип тирүү жүрөм, кантип?" деп жандүйнөсү сыздап турду. Анын кайгысы эмне экенин Турат билалбай чарк айланып сураса да ага жик билгизбеди. Эки көзү телевизордо, ою бейкүнөө ата-энесинде.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.