Феруза мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайына экономика факультетине окуп калды. Жакшы окуучу, ошентсе да ата-энесинин колдоосу, куруттай кылып берген акчанын арты менен окууга өттү. Студенттик жылдар ал үчүн абдан эле көңүлдүү өтүп жатты. Анткени анда жаш тура! Далай жигиттер кат жазып, киного, концертке чакырды, бирине макул болгон жок: "окуудан өксү болуп калам, ата-энемдин ишеничин актай албай калам, жигиттер кайда качмак эле?" деп ойлогон ал ошондо. Өзү да оюн-зоокту, той-тамашаны сүйбөгөн бир мүнөздүү токтоо кыз эле. Өң келбети анча сулуу болбогону менен жылдыздуу, билинер-билинбес майда сары сепкилдүү экенине карабай абдан татынакай көрүнүп, кандай адам болсо да өзүнө тартып турчу. Арадан беш алты жыл өтүп окууну бүтүп, маянасы жакшы жумушка орношту. Мында да ал эч нерсени ойлогон жок, ата-энеси шаардын чок ортосунан бир бөлмө үй сатып берип койгон. Эмнегедир арадан өткөн жылдар Ферузанын жаштыгы менен кошо анын айланасында көпөлөктөй айланып ээрчип жүргөн жигиттерди кошо алып кеткендей…
Кызмат деп жүрүп жашы өтүп баратканын сезбей жүрө бериптир. Качан отуздан ашып, жалгыздыкты сезе баштаганда гана, өзүнөн кийинки инилери, сиңдилери үчтөн, төрттөн балалуу болуп калганын көргөндө убактысын текке кетирип, мезгилден артта калганын сезди. Ошондо гана түн уйкусунан кечип, эчен түндөрдү уйкусуз таң атырчу болду.
Ошол күнү Феруза жумушунан кеч чыгып үйүнө келсе, үйдүн ичи өзүнө негедир суук көрүндү, бул үйдө жашоо кунарсыздай сезилди. Тамактанууга көңүлү чаппады. Муздаткычты ачса анда эч нерсе жок экен. Анан Ош базарын көздөй жөнөдү, бул убакта базар али жабыла элек эле. Үйдөн чыгып эле Чүй көчөсүнөн өтө бергенде кырка талдын түбүндөгү решеткалардын ары жок, бери жагында экиден, үчтөн биригип алып отурган мастарды көрүп жийиркенип алды: "Булар эмне болгон адамдар, кызык бомждор деп угуп калчу, бирок көрө элек болчу, ушунча абалга келгиче эмнеге арак ичип жүрө берет, жайында го мейли кышында кайда жүрүшөт?" деп басканын жайлата алардын көз айрыбай бара берди. Улам өйдөлөгөн сайын стакан көтөргөн аялдар, самогон сурап жалдырап. Шөлбүрөп кийинген аял-эркектер. Бир кезде арыктын четинде улгайган бир аял менен эркек кучакташып отуруптур: "Эмнеге ушул бомждор түгөйлүү болот да менин түгөйүм жок?" деп негедир анын ички өксүгү эми өзүнө сезилгендей болду: "ырас эле мен жалгыздыктан тажап жатам го" деп ойлоп, кадамын тездете жөнөгөндө решеткага жөлөнүп алып даарат ушатып жаткан эркекти көрүп тык токтой калды. Анын даарат ушаткан жери ага кызыктай көрүндү, анан калса ал ага даана көрүнүп турган эле. Феруза өзүн кызыктай абалда сезип көзүн ала качып басып кетейин деп кадам таштады да, кайра эле аны карап жиберди. Ал дале бүтөлек экен. Решеткага жөлөнүп зорго эле тургандай. Ыргалып араң турат. Ал кадамын тездетип баратып ошол адамдын жүзүн көрүүгө кызыга кайра бурулуп бет ороюн карады: "жаш эле турбайбы, эмнеге мынча ичет, себеби бардыр" деп ойлоп анын үстүндөгү кийимин карады. Абдан кир, тытык, кийим деген эле аты бар экен: "Эч кимиси жок го, болбосо ушул абалга келбейт эле…" деп ойлонду да, базар жабыла электе эртелеп алчуусун алууга ылдамдай басты.
Базар жабыла элек экен, эл суюлуп, базарчылар товарларын жыйып жатышыптыр. ары-бери тамак-аш ала коюп үйгө келатса баягы мас дале турган экен, шымын чала бүчүлөп алганга чала-була көрүнүп калыптыр. Ферузанын бүткөн бою дүр дей түштү. Канчалык тарткынчыктаганы менен улам карагысы келип, мастын турушун таңдана көз ирмебей бир топко карап туруп, анан ылдамдай басып кетти. Үйүнө келгенден кийин да газка чай коюп, тамак жасап жатып мас адамдын элеси, анын даарат ушатып жатканы көз алдынан кетпей кыйнала берди. Төшөк салып жатып алып телевизорду коюп койгону менен көз алдында мас адам. Ал ары оодарылып, бери оодарылып, уктай албай жатып бир кезде чоочугандай ордунан туруп отурду да, мас адамды бирөөгө окшоштуруп тааный албай жатканын эми билди. Көрсө ал айылдаш балага окшоштуруп жатыптыр. Болгондо да ал өзүнүн артынан ээрчип жүргөн Дуулат болчу: "Кызык - деп ойлоду Феруза, - адамга адам ушунча окшош болот экен ээ?" Анан анын ою тээ бир топ жыл мурун болгон окуяны эстеп жылмайып алды: Дуулат кайсы бир майрамда Ферузага открытка менен кошо кат берген эле. Ал катта: "Феруза кандайсың, майрамың менен куттуктайм! Ошол майрамды сага жүрөгүмдү белекке берүү менен куттуктагым келет, анткени мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм! Дуулат. 197 4. 7. 11." - деп жазганын окуп алып, Феруза аябай күлгөн эле. Бирок ал катты эч кимге көрсөткөн да, тыткан да эмес, ушул убакка чейин катып жүрөт. Оодарылып жатып кайра жылмайып койду: "кызыма окуп берем, көрсүн апасын жигиттер кандай сүйгөнүн" деп ойлоп көзү илинип баратты…
Эртең жумушка барып оңдуу деле иштей албады. Негедир кечээги даарат ушатып жаткан адамды эстеген сайын жүрөгү лакылдап, бүткөн бою бир кызыктай чымырап, өзүнөн өзү кыйнала бергенинен жумушунан суранып үйүнө келди. Үйгө келгенден кийин кадимки конок тосчудай болуп өзү жактырган тооктун этинен тамак жасады, анан шашпай жуунуп алып базарды көздөй жөнөдү. Келе жатып: "кайда болду экен, балким ал бүгүн аерде жоктур, же болсо да мени ээрчип келбей койсочу, менден он жашка кичүүдөй көрүнөт" деп сарсанаага батып келе берди. Кадимки Ош базары, мына "пьяный аллей", аерде кечкисин ичип алып, үйү жоктор түнөк кылчу бактын арасында экиден үчтөн чогулуп алып ар кайсыны сүйлөп мастар жүрүшөт. Феруза жол менен жа-ай басып, аларды мурда көрбөгөндөй карап жатты. Алардын арасында кечээги неме көрүнбөдү. Негедир ага ичинен боору ооруду: "эмне болду экен, абдан мас көрүндү эле, жыгылып катуу тийип бир нерсе болгон жокпу? " деп ага чындап эле кейип кетти: "тууган-уругу болду бекен, ата-энесичи? эч кимиси жок болсо керек, эгер ата-энеси болсо мындай абалга келмек эмес" деп да ойлоп ийди. Аңгыча анын тике маңдайынан кечээги эле бойдон ушул жерде өзүн күтүп турган өңдүү аны көрүп калды. Негедир ал ошол эле жерде эч нерсе менен иши жоктой, бирок решеткага жөлөнүп турган экен. Феруза эмне кылаарын билбей мууну калтырай туруп калды. Же алдыга, же артка кадам таштай албай турганда оюна бир нерсе кылт дей түштү. Же тагдырдын чындап эле буйругубу же кокусунан болдубу, Ферузанын анын жийиркеничтүү кейпинен тартынчыктабады. Ал азыр чечкиндүү түрдө ушул караңгылыктан пайдаланып аны жетелеп кеткиси келди. Медет турмуштан жолу болбой, карыган энесине да бара албай ара жолдо калганына кейип ичип алат да, же иштен жок, же акчадан жок биттеп-кирдеп бүткөн. Анын азыркы кебетеси ушунчалык жийиркенерлик эле. Канчалык кийими жыртылып кирдегенине карабай, жүзү сүйкүмдүү көрүнчү. Феруза аны акырын колдон ала:
- Жүрү, эмне болуп калгансың, карачы кебете-кешпириңди! - дегенде Медет элдир-селдир кызды бир тиктей берип:
- Аа... сен кимсиң, мен… мени кайда алып барасың? - деди.
Ал анын мастыгынан пайдалангысы келди. Бирок андан ары эмне болоорун ойлободу…
- Мен эжең болом, сен киши тааныбай калгансың го ээ? - деди да жетелеп жөнөдү. Бирок Медет ага тоскоолдук кыла албады, кете берди кыздын жетегинде.
Феруза Медетти үйүнө алып кирип, бутун чечтирип анан ашканага киргизди да столго олтургузуп тамактан куюп алдына койду:
- Тамактан ич! - деп анын маңдайына өзү олтуруп тамак иче баштады. Медет алдына койгон тамакты эч тартынбай дагы, бирөө тартып алчуудай болуп шашып дагы ичип жатты. Феруза аны өз оюна койду. Столдун үстүнө төгүп, чачып ичип жатканын карап олтура берди. Отуздан ашканча анча-мынча тамашалашканы болбосо, эркек менен бет маңдай жалгыз бир бөлмөдө отурганы ушул эле, ал эки көзүн албай карап олтуруп: "кудая тобо-оо, эми муну үйгө алып келип алдым, эми эмне кылам, же жуунтуп, кийинтип жолго салсамбы же?..." деп өзүнүн суроосуна өзү жооп табалбай жатканда Медет Ферузаны карап:
- Эже, сизге ырахмат, көптөн бери тамак ичпей калдым эле, сообума калдыңыз. Эми кете берсем болобу? - деп сурап калганда Феруза шашып калды:
- Жок-жок, жатып эле алыңыз, же үйүңүз барбы?
- Кайдагы үй, мен жолдо жүргөн бир эркин селсаякмын! - деди Медет аны карап тамашалагандай жылмая, ал соолуга түшкөн эле.
- Анда түнөп эле алсаңыз болот, көчөдө түнөбөй келип туруңуз! - кетип калабы дегендей аны суроолуу карады.
- Ушул кебетем менен сиздин…
- Аа-а, эч нерсе эмес, жууп койобуз, жата бериңиз, талаада кантип?...
- Көнүп бүтпөдүкпү, азыр го жай, күн жылуу, бейиш да, кыштын күнүчү?!
- Кайдан болосуз?
- Көлдөн.
- Ата-энеңиз барбы?
- Атам эчак эле өлгөн, апам бар эле…
- Анан эмне болду?
- Мен минтип өз арбайымды таппай жүрөм, анан ал эмне болду билбейм, өзүм жалгыз бала элем, энем байкуш менин азабымдан куурады го…?
- Жаман болгон тура, биякка эмне келдиң эле?
- Товар алып кетип соода жасайм деп келип акчам менен кошо паспортумду алдырып жибергем.
- Канча болду келгениңе?
- Үч жылдан ашып баратат.
- Иштеген жоксуңбу?
- Документ жок эч жерге жумушка албай койду.
- Тачки түртүп, же жүк түшүрсөң деле болот эле го?
- Баарына паспорт керек да.
- Кыйын болгон экен, апаң жөнүндө кабарың барбы?
- Кайдан…
Ошол бойдон Экөөнүн ортосунда сөз токтоду. Экөө өз-өзүнчө ойлонуп жатты. Феруза: "өзү жалгыз бала болсо, энесинин дайынын билбесе, ушундай да келесоо болобу? Акчасын жоготсо карыздап деле айылына кете берсе болмок экен, же апасынын да колунда жоктур…" Медет: "энесинен кабар албаган кандай неме деп үйүнөн кууп чыгаар бекен.. Баса, эмнеге мени үйүнө ээрчитип келип тамактандырды экен, боор ооруган го? " деген ойдо сыртты көздөй жөнөдү эле, Феруза:
- Жатып эле ал, эртең кийим-кече алып берип жардам берсем ичпейсиңби же көнгөн адатыңдан чыга албайсыңбы? - деди.
- Эжекебай, андай жакшылык кылсаңыз өмүр бою кулуңуз болоюн, энемди эстесем эки мүнөт тургум келбейт, айла жок…
- Анда ваннага керип жуун, - деген Феруза ойлонуп калды: "бир да эркектин кийими жок, ваннадан чыкканда эмнени кийет, кайра кантип ошонусун кийсин?" - кир, кирип жууна бериңиз, - деп койду да, өзүнөн кийим салчу шифоньеринин ичин издеп кирди. Бир жолу иниси келип, ошонун кийимдери жүргөнүн көргөн эле, шашкалактап ошону таппай жатты. Издеп жатып тапты да, ваннадан чыкканда которунсун деп каалгага илип коюп өзү ашканага кирди да стол үстүн жыйнай баштады.
Медет ваннага кирип жуунуп чыкканда өңүнө чыга түштү. Ага берген Ферузанын инисинин кийими кичине чоңураак болгону менен мындан он беш минут мурунку Медетке окшобой калды. Феруза ага балконго орун салып берди да, өзү ордуна жатты, бирок ал дагы уктай албай ооналактай берди. Медет болсо жуунуп, тазараак кийим кийгенге сергий түштү белем, башы ооруганы да билинбей уйкуга кетти. Кантсе да таза кийинип, карды тоюп калганга тырп этпей уктады. Феруза ооналактап жатып таңга маал гана көзү илингенин билбей калды. Эртең менен бир дабыштан улам ойгонуп кетсе Медет кеткени жатыптыр.
- Эмне, кетип жатасызбы? - деди Феруза уйкулуу көзү менен.
- Жок-жок, азыр келем, - Медет мукактана жооп берип чыгып кетти. Ал чынында жанында жарым тыйын акчасы болбосо да башы ооруп тургандыктан ичкиси келип чыгып бараткан болчу. Аны Феруза сезбеди, бирок терезеге келип карады эле, анын столчиктеги аялдын жанында олтурганын көрүп: "Иий, башы оруп калган го, беш сом берип койбой" деп кайра төшөгүн жыйып, газга тамагын ысытып, чай коюп Медетти күтүп жатканда ал кирип келди. Аны көргөн Феруза негедир андан сүрдөгөндөй абалга келди, анткени азыр Медет таптакыр башка жигит эле, кечээги батташып турган чачтары тармалдашып, сеңселип турган болчу.
- Келиңиз, тамактанып алыңыз, - деди ал аны сүрдөгөндөй карап жылмая, - татынакай жигит турбайсызбы.
- Коюңузчу, бирок чын эле жаман абалга келип калганмын, сизге өмүр бою ыраазымын! - Медет столго олтура берип жооп берди.
Экөө тамактанып жатып көпкө сүйлөшүп отурушту. Феруза да өзү жөнүндө толук айтып берди. Анын ата-энеси, бир туугандары бар экенин. Өзү жалгыз турарын айтты.
Медет эки-үч күн үйдөн чыкпай жүрдү, кокус кайрадан ичкич "досторун" көргөндө азгырылып кетүүдөн коркту. Өзүн өзү кармап, минтип ичерге тамак даярдап, үстүнө кийим жаңырткан адамдын мээнетин, өзүнө жасаган мамилесин ойлоп уялып атты. Бирок улам эле кылт эте оюна түшкөндө ичкиси келип араң чыдап, акыры бир жумадай өткөндө кадимкидей унута түштү.
Бир үйдө эки жан, эки адам, болгондо да жаштыгы денесине батпай жаштык көөдөнүн тээп кумардуу түндөрдүн ээси болуп экөө эки түгөйдүн коюнун толтурчу жандар… Экөө тең дасторкондо отурганда бир туугандай же жакын адамдардай мамыр болуп сүйлөшүп бара-бара бир бирине көнүп баратышты. Бир күнү алардын үйүнө Ферузанын апасы менен эң кичүү иниси келип калды. Алар Медетти көрүп ичтеринен тынып тим болушту, сыртынан эч нерсе айтпай үч күн жүрүп, кетээринде апасы Ферузага:
- Кызым бул ким, жашырбай эле айта бер садага, атаң экөөбүздүн тилегенибиз ошол, сен орун-очок алып калсаң болот эле, - дегенде Феруза:
- Койчу апа, ал жөн эле бизде иштеген бала, квартира тапканча туруп турат, - деп жооп берип койду.
Ошол бойдон экөө тең үнсүз жолго чыгып жуп машинага отураарда апасы:
- Мейли балам, бирок ойлон, жашың бир топко келип калды, жакшына бала экен… - деп жөнөп кетти.
Алардын эмне ойлоп, эмненин сүйлөшкөнүн Медет кайдан билсин, ошол күнү ал өз оюн айтууну чечти.
- Феруза… мен эми сиз макул болсоңуз үйгө барып келейин, апамды көрүп кеңешип дегендей… - деп андан ары үндөбөй туруп калганда Феруза:
- Эмнени кеңешесиң, барсаң бар, кокустан… - деп ал дагы андан ары айта албай туруп калды: "ичип кетип жүрбө" деп айтып жибере жаздап токтоп калды.
Медетти Феруза айлына жөнөтүп, өзү калып калды. Ал эми чоң үмүт менен күтүп: "апасы экөө келип мени алып кетээр" деген ойдо жүрдү.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.