Каныш эне таксиден түшүп этек-жеңин кагынып эки жакты элеңдей карап алды да агылып өткөн элдин арасына кирип жөнөдү. "Кыялдын" алдындагы решетканын түбүндө кыркалай стол коюп алып майда-барат сатып жаткандарды карап кетип жатты. Андан ары кетип атып жарым жартылай жылаңач кыздарды көрүп: "эл өзгөргөн экен, жер, шаар жаңырган экен" деп ойлоду. Маңдай жактагы чоң сүрөттө чет тилиндеги жазууну көрүп: "Капырай, Кыргызстанда кыргызча жазуу жазылбай калганбы, кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп эле жатып" деп ою бүдөмүктөп баратып алдынан чыга калган жети-сегиз жаштардагы кайырчы кыздын үнүнөн ою алда кайда жел учургандай жок болду.
- Энеке жетимге жардам бериңиз, кайыр садака бериңиз? - алдына тура калды.
- Аа-аа садага, берейин, берейин, - Каныш эне жан чөнтөгүнөн бир сом алып кызга берди да, - Ала кой каралдым, ала кой! - деп андан ары жолун улады.
Кайрадан эненин оюн жол боюндагы арбайган-тарбайган сүрөттөр менен жазууну көрүп: "мындан он, он беш жыл илгери шаарга бат-бат каттап турганда Фрунзе, Фрунзе болуп гүлдөп турган чагы эле го, таңдын көрү-үү, эми болбой калган тура. 'Эркиндик, Теңдик, Баардык өлкөлөрдүн Пролетарлары, бириккиле!' деп бадырайып жазылып тураар эле…". Пьяный аллейге жете келгенде решетканын ары жагындагы ар кандай мас адамдарды көрүп элейе карап туруп калды. Баса, ушул Ош базарынын айланасында эле алей деген жер бар дешпеди беле?" деп ойлонуп анын өтүп бараткан чоочун жигитти токтотуп:
- Уулум, ушул Ош базарынын жанында алей деген жер бар деди эле, кай жагында экенин билбейсиңби? - деди үмүттүү карап.
- Жок энеке, билбейт экенмин, - деген жигит ийинин куушура басып кетти.
- Капырай, ушул эле Ош базарынын жанынан табасың дешти эле го, кагылайын каралдым, кандай күндө жүрөт болду экен, деги аман-эсен болсоң болду эле садага, - деп күбүрөнүп кетип баратты, - жаңы курулган жай деле жок, дагы баса берейинчи, табаармын… - деген ойдо бара жатканда он үч, он төрттөгү бала жанына келип:
- Эне, томолой жетиммин, кайыр-садага бериңиз! - деп алакан жая туруп калды.
- Берейин кагылайын, жаман болгон экен, мына ала гой! - деп бир сом берди.
- Ылайым кудай жалгасын, эне, тилегиңизди берсин, - кайырчы бала андан ары кетип жатканда Каныш эне аны кайра чакырып алды:
- Ой балам, бери келчи, -
- Энеке, мени чакырдыңызбы?
- Ооба уулум, ушул тегеректен алей деген жер каякта экенин билесиңби айланайын?
- Алей дейсизби? - кайырчы бала бир аз ойлоно калды да, - Аа-аа эне алей эмес, пьяный аллей болуш керек, эгер сиз издеген пьяный аллей болсо анда мына бул жер, аны эмне кылат элеңиз?
- Ийи айланайын, жакшы болгон тура, сага рахмат уулум, ме муну алып ал да бара гой, - эне бала көрсөткөн жакты көздөй ашыга жөнөгөндө кайырчы бала эненин артынан ээрчий басты:
- Эне, ал жерде жалаң үйү жок бомждор, ичкичтер жүрөт, сиз аны эмнеге сурадыңыз эле?
- Эмне дейт кокуйгүн, ичкичтер дейсиңби, эмне аерде жумуш иштегендер жокпу? - делдейе кайырчы баланы карап калды.
- Жо-ок энеке, ал жерди алкаштар менен бомждор жүргөнү үчүн пьяный аллей деп айтышат да!
- Аа - аа карангүн, анда менин уулум ичип кеткен го, ошол үчүн өз көзү менен көрсүн дешкен го? - эне көзүнөн жашы куюлуп колдору калчылдап туруп калды, - байкушум десе, ичип кеткен окшойт, ээ?
- Эне, жүрүңүз тээтиги жагында эшиги бар, көрсөтүп койойун.
- Жок уулум, бара бер, мен эми өзүм эле… - Каныш эне өз ою менен алек болуп кете берди, - алда-аа кагылайын каралдым аа-ай, эмнеге жоголду десе ичкич болуп кеткен экен го, болбосо жалгыз карыган энем калды деп ойлойт эле да, көрсө ойлогонго алы келбей калган окшойт, - деп көзүнүн жашын жоолугунун учу менен аарчып эки көзү тосмонун ары жагындагы кейпи кеткен адамдарды карап баратты. Алардын ичинде өзүнүн Медети көрүнбөдү. "Кантип эле менин балам ушинтип калсын, такыр эле кейпинен кетип калган го, жок-жок, менин уулум мынчалыкка барбайт эле" деп өзүнчө кобуранып баратканда Гүлнар энеге байырлай калды:
- Жарыктык, күбүрөнүп эле атасыз да, сизге эмне болду?
- Ээ кызым, эмне болсун, шаарга он, он беш жылдан бери каттай элек элем, карачы өзгөргөнүн, эл-жер өзгөрүптүр, кадам сайын кайырчылар кезигип кыргыз элинин жашоосу оор болуп калыптыр го?!
- Анан эмей, заман өзгөрүлдү, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей баары жаңыланып баратат.
- Кайдагы заман өзгөргөнү, жаратылыш ошол эле бойдон, болгону жашоо өзгөрдү, пейил өзгөрдү.
- Ооба десеңиз, алдуусу алсызын талап-тоноонун амалын ойлосо, өлкөбүз общий дом болуп элибиз сырттан келгендердин кызматын кыла баштады. Сулуу-сулуу кыздарыбыз сойку болуп, эл жерден кетип жатат. Жапжаш жигиттерибиз кул базарда, алкаштар аллеясында бомж болуп талаада түнөп калышты.
- Аттиң, элдин тагдырын ойлогон эч ким болбой калды го, менин уулум кай жерде жүрдү экен, кантти экен? - Каныш эне өзүнчө ойлуу сүйлөнүп алды.
- Эмне дейсиз, уулум дейсизби?
- Аа-аа, жай эле, - деп Каныш эне ойлуу басып баратып жол боюндагы ташка көчүп басты.
- Энекебай, мен да бу шаарга жөн эле келген жокмун, алты эркектин ичинде алчактатып өстүргөн жалгыз кызым шаарга келип ошол бойдон дайынсыз, көргөн-билгендерден сураштырсак моссоветте жүрөт дешет. Атасынын көөнү түтпөй мени биякка жөнөттү.
- Анан, анан эмес болду, таптыңбы?
- Кайдан энекебай, он беш күндөй болду келгениме, дегеле дайыны жок.
- Менин да жалгыз уулум үч жыл мурун үйдөн кетип, ушул күнгө чейин кайда экени белгисиз, айлам кетип издеп келдим эле.
- Шаар чоң, эл көп, кай жагында жүргөнүн билбейм, моссоветине барып иликтеп таппай койдум. Элдин ушагынан уялат экенсиң… - Гүлнар ойлуу отуруп калды.
- Мен дагы уулумду ушул эле Ош базарынын жанындагы алей деген жерден издегени келгем. Айылдан келгендер уулуңуз алейде жүрөт дешкенинен эле…
- Аа-аа энекебай, алей биерде эле, мына, алкаштар менен бомждордун түнөгү ушул жерде, сиздин уулуңуз иччү беле?
- Кайдан, ачкыл ичкенин көргөн эмесмин, бир жерде иштеп жүргөн го деп ойлогом.
- Андан жумуш менен алек болуп жүргөндүр.
- Ким билет, жумушта жүрсө "кароосуз жалгыз энем калды эле, эмне болду" деп ойломок, курган балам, сасыган суунун кулу болуп кеткен го!.. - Гүлнар жолдон өтүп бараткан таанышы менен учурашып калат, - …аттиң дүйнө ай, кирдүү кийим кийгизбей алпештеп баккан балам кандай күндө калды экен?! - Эненин эки муштуму түйүлө, көзүнүн жашы төгүлүп, эки бети ылдый куюлуп кетти. Жаагы карыша тиштенип алган. Аны көргөн Гүлнар ары жактан келип чоочуп кетти:
- Жарыктык сизге эмне болду?
- Эчтеме болгон жок айланайын, мени өз жайыма койчу деги, ооруп турат окшойм.
Ошол тушта алардын жанынан Медет орус кыз экөө ээрчише өтүп кетти. Каныш эне аны байкаган жок, көрсө да таанымак эмес, анткени Медеттин бети-башы айрылган, аябай мас болчу. Кийими кийим деп айтарлык эмес эле…
- Жок эне, мен сизди көрүп туруп кантип таштап кетмек элем, андан көрө врач чакырганга телефонго барып тез жардамга чалайын.
- Кареги жок кызым, кыйналба, андан көрө колумдан тарт, өйдө болоюн.
Гүлнар Каныш экенин колунан сүйөп тургузду да жай басып жөнөштү.
- Адегенде алкаштар жүргөн жерди аралап көрөйүн, кокус уулум табылып калса тез арада үйгө алып кетип чара көрбөсөм болбойт!
- Туура айтасыз, мен да кызымды тапсам дароо айылга алып кетем, эл эмне десе ошо десин.
- Эл экөөбүзгө жакшы баласын бермек беле, табаласа табалайт, жакшы болсо көрө албайт.
- Ырас эле, атасы аябай эркелетип, окуйм дегенинен окууга өзү алып келип киргизип, берчүсүн берип, колуна акчасын карматып бир тууган сиңдимдин үйүнө дайындап коюп кеткен.
- Сиңдиң батырбай койгондур?
- Кайдан, бир күнү квартирага чыгам деп кийим-кечесин алып кетиптир, ошол бойдон жок дейт.
- Жаштардын кулк мүнөзүнүн өзгөргөнүн карачы, кыздарды кол жоолуктай алмашып, бири бирин бактысыз кылып жүрө беришет. Биздин коңшубуздун бир кызы кытайлык соодагерге тийген экен, тим эле жыргатып койгон, көп узабай эле ажырашып кетиптир. Эми жанагы сен айткандай өзүн сатып иштей имиш.
- Аргасыз, айласы кеткенде ошол ишке барганы бир жөн, көпкөнүнөн барганын айтпайсызбы!
Экөө аркы-беркини сүйлөшүп Беш-Сары базары менен Кыялдын ортосундагы көзү ачыктарды аралап, алардын четинде талдардын арасында мас болуп алып сөгүнүп жаткандарды көрүп Медетти көрө албагандан кийин супсуну сууган Каныш эне:
- Кой айланайын кызым, кеч кирди. Эрте жарыкта жатакана таап алайын.
- Эне, мени менен эле барып түнөп алыңыз, - экөө эрчишип кетип жатып решеткага жөлөнүп ыргалып турган жапжаш жигитти көрүп эненин жүрөгү зырп этип алды. Бети жарылып, көзү көнөктөй болуп шишип кетиптир. Анын жанында чачтары саксайган, өзүнөн бир топ жаш кичүү келин турат жүдөө, ал да мас экен. Ал эми алардын туурасында колуна стакан кармап, колтугуна желим бөтөлкө кыстарган аял турат: "Кимиси келе койор экен" деп стаканын даярдап. Аларды көргөн эненин жүрөгү сыздап, жандүйнөсү жабыркап: "аттиң ай, уулум ушулардай болуп бир жерде жүрөбү?" деп көкүрөгү толо муң менен азага буулуп, дилинде боздоп Гүлнарга билгизбөөгө аракеттенди.
- Жатакана издеп убара болбой эле мени менен барып жатып алыңыз.
- Макул кызым, жакын болсо жатып эле алайын да эртең эртерээк келип издейин.
- Ооба, ошентиңиз.
- Жүрү базардан таттуу-саттуу алып алалы, балдар жол карап калбасын.
- Жөн эле коюңуз, балдары чоңоюп калды, өздөрү базарда, айылдык балдар жол карамак. Булар шаардыктар.
- Ошентсе да, куру кол барганым болбос.
Базардын кире беришинен нан сатып алышты да маршруткаларды көздөй басышты.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.