Арууке атасынын үйүнө бекиткен алтынды кайда алып бараарын билбей башы маң болуп ойлонуп атты: "эми эмне кылам, Кумарбекти болсо өлтүрдүк, эгер мунун жиги билинсе эле мен өлдүм дей бер, кайда алып барып жоготом" деп тынчы кетип баласынын жанында жатып ойу онго бөлүндү. Анан көптөн бери эч нерсе коюлбай калган огородунун четиндеги картошка көмчү ороону эстеп: "түндөп ошол ороого көмөйүн" деп ойлоп жатып уктап кетти. Чоочуп ойгонуп ордунан тура калды, сырт капкараңгы экен, чыккандан коркуп кайра жатып алды. Көзүн жумса эле башынан канжалаган Кумарбектин элеси көз алдына келе чоочуп кетет. Ошол түн ал үчүн тозок болду. Эртеси ата-энеси кудай жалгап бир жакка жөнөдү эртелеп:
– Силер кайда, мен мектепке барат элем, – деди оюнда "эртерээк эле кетсе экен" деп турса дагы.
– Тиги Тобокелдикине барып келели, жамандыр-жакшыдыр теңтуш элек, андан кийин куда болуп калдык эле, эки баланын кадыры үчүн болсо да уулунан кабар бар бекен, сурап койолу, – Тажикан ага табышмактанта айтты.
– Эмнеге бармак элеңер? – Арууке жактыра бербей ичке кирип баратканда:
– Эси жогум десе, деги жашында токтоо эле, башкача болуп өзгөрдү, Кумарбек бир жумадан бери жоголуп атыптыр, баягы Белекти жуткан алтындын азабы да! – деп чыгып кетишти. Алар кетээри менен шашкалактап ороо жакка күрөк ала жүгүрүп жетип эски ороону ача баштады. Араңдан зорго бир четин ачып туруп куржундун ичиндеги алтынды эки бөлүп алып келди да баштык менен ичине салып кайра жаап койду: "тигилер бир жаңсыл болмоюнча муну чыгарып болбойт" деп ойлоп эси оодарыла чарчап үйгө кирип жата кетти: "Кудай сактай гөр, изи билинбей калса экен, балам экөөбүзгө заңгыраган этаж үй сатып алып бөлүнүп кетем, жаштыкты жакшыраак өткөрө албасам бул жарыкчылыкка келгеним кайсы?" деп көпкө жатып анан ордунан туруп үйдү жыйнай баштады. Арууке тердеп-кургап жер казып атканда коңшунун он бир, он экилердеги баласы көрүп турган. Чуңкурга салган эмне экенин билгиси келип кечке ойноп жүрүп да ойлонуп жатты. Ал күнү Тажикан күйөөсү экөөсү экөө кеч келишти. Киргенде эле:
– Бечарам ай, кол баладай, өзүмдүн баламдай эле да, кайсы шүмшүктөр кылды экен, – деп наалып баштады.
– Эмне болуп кетти, кейип-кепчип эле келатасыз, – Арууке билмексен болуп сурады.
– Кумарбекти белгисиз бирөөлөр кармап алып... – деп баштаганда эле Аруукени жүрөгү болк этип: "эгер билинип калса атам мени сотко жеткирбей өлтүрөт" деп ойлоп өңү кумсара түшкөнүн билбей эшикти көздөй чыга жөнөдү. Апасы өзүнчө эле наалып да, кимдир бирөөнү каргап да жатты.
Баласына да карабай кийинип алып кайдадыр чыгып кетти. Шашып-бушуп таксиге отурду да курбусунун үйүнө келсе ал балдары менен отурган экен.
– Сага эмне болду, мынчалык коркуп алыпсың?
– Кумарбекти аябай издеп жатышыптыр, силер баягыларды азырынча эч жерге чыгарбай тургула, кокус бир четин чыгарсак эле таап алчудай, кайнатамдын тааныштары күчтүү, менин балдарым алардын колдорунда, ошон үчүн атамдар барып абалын сурап келишиптир.
– Ой кокуй күн, ушунча да коркосуңбу, мынча болгондо кийин башты өлүмгө байлап коюш керек, Тургунбек аны алда качан эле Москвага алып кеткен, ошол жактан жок кылып келет, андан көрө өзүң этият бол! – деди.
– Мен эч ким көрбөгөн жерге бекитип койдум, кыскасы көмүп таштадым, бир жаңсыл болгондон кийин гана чыгарып, мен дагы Москва жакка алып барып алмаштырам го?
– Ошент, эч нерседен коркпо, шек билгизип койгондон сак бол!
– Мейли, анда мен барайын, – Арууке кайра эле үйүнө жөнөдү. Келсе баласы ыйлап жатыптыр. Тажикан наалып кирди:
– Бу сен эмне деген аял болдуң ыя, кыз экениңде баары жакшы эле, жаман катын кайдан чыгат болуп, бир жерге күлүң додо болбой, эрден эрге тийип же балдарыңа карабай, сендей дагы эне болобу? Күкүк эле болдуң го?!
– Мен эмне кылып атам, баарыңар эле мени күнөөлөйсүңөр… – Арууке тултуңдаган бойдон баласын сооротумуш эте ары карады, – Батыргыңар келбесе балам менен батирге чыгып кетем:
– Кет, кете бер, ата менен эненин кадырын түшүрүп бүттүң, сени ушундай болот деп түк ойлогон эмес элек, – эне кызын жаман көзү менен карап ички үйгө кирип кетти. Арууке аргасы түгөнө баласын жаткырып коюп өзү кийине баштады. Анын оюнда: "квартира таап чыгып кетем, анан көрөсүңөр, мен кандай жашар экенмин. Келишкен үй алып алсам, үйдө жатып алып багам баламды" деп батир издегени чыгып кетип кечке маал келди да кийим-кечесин баласынын кийимин түйүп атты: "Бүгүн бир эле тоголок алтын алып алайын, ошону менен көпкө жашайм, булар кантээр экен" деп кечти күттү. Айлана караңгылыкка чулганган учурда ал абайлай үйдөн чыгып эртең менен бекиткен жерин кайра ачмакка убараланып жатып; "деги көк мээмин да, жана эле бир-эки тай туягын алып койбой" деп өкүнүп жерди шилеп атты. Анын ар бир кыймылын баягы коңшунун баласы дагы карап турду. Анткени ал ошол катылган нерсе эмне экенин билүүгө куштар болуп ачып көргүсү келип, ал дагы бекинип алып эл жатуучу кезди күтүп акмалап турган. Арууке кичине жерин ачып үстүнө койгон тактайды алып колун созсо жетпеди. Ичи чуңкур эле. Акыры бир бутун ичине салып анан башты өйдө каратып алып эптеп эки тай туякты алууга үлгүрдү дагы, үстүн бекитип коюп үйүн көздөй басты. Анын кеткенин көрүп турган он эки, он үчтөрдөгү бала акырын кашаадан ашып түшүп баягы жерди ачып ичке түштү дагы оор ташка окшогон нерсени көрүп: "бул эмне деген таш болду экен, апама көрсөтүп көрөйүн" деди оюнда. Бирок ал оозун бекиткенди унутуп үйүнө шашып кирип барды. Жарыкка киргенде жалтырап кулпурган сапсары ташты көтөрүп кирип барганда төрдө отурган атасы:
– Ээ балам колуңдагы эмне? – деди боолголой карап, бирок ал деле өмүрүндө алтындын өзүн көрбөгөн, тааныбады.
– Ата, муну таап алдым, – бала эдиреңдей атасынын жанына отура кетти, – Бул таш эмне деген таш?
– Кудай уу-ур, ай балам, сен жөн эле кенч тапкансың го? – Сатыбалды ары салдырып, бери салдырып карап жүрөгү өрөпкүп кубанып жатты, – Ой бул илгеркилердин тай туяк алтыны го? – Анын сөзүн уккан аялы ордунан туруп күйөөсүнүн колундагыны ала коюп:
– Ырас эле ай, муну кайдан алып жүрөсүң, илгери мындай алтын үчүн бири-бирин өлтүрүп, казынасын бала-чакасына ыраа көрбөй тоо-ташка көмдүрүп коюп, алтын катылган жерди көргөн адамдарды түгөл кырып коюп, өзү да ошол алтын үчүн өлүшкөн.
– Атасынын көрү, бул да бир кайып каскагынан олжо, мына эми байыйбыз байбиче, муну аз-аздан эритип алып барып өткөрсөк үй да, машина да, мал-жан да болот, – Сатыбалды өзүнчө кубанып атты, – муну кайдан таптыңар деп бирөөлөр сурап калса чоң атамдын казынасынан ушуну бекитип жүрдүм эле деп койом.
– Ата, эгер керек болсо мен дагы алып келем! – бала атасына айтканда анын көзү жайнай түштү:
– Дагы эмне дейт, мындай канчоо?
– Жарым мешок!
– Ой-ууй кемпир, уулуң анык казына тааптыр, тур эч кимге билгизбей түндөп алып келип катып алалы! – деген Сатыбалды ордунан алактай турганда баласы аны жеңден тартты:
– Ата, ал бул эле жерде, мен өзүм эле… – деп сыртка чымын-куюн болуп чыгып кетти.
– Эмне дейт ай бу балаң, бул тай туяк алтындар ушу чөлкөмдө бекен ыя, – Алаңдаган Сатыбалды сыртка чыкса баласынын дайыны жок, – Кайда кирип кетти ыя, деги шумдук болгону калдыбы, дагы бирди алып келсе бүт өмүрүбүзгө жетип, жеткен байга айланбайбызбы?
– Акырын эми, эчтеме көрө элек баштанып делбектейсиң да, мүмкүн тааныбай эле алтын деп атсаң керек да, – аялы бүшүркөй эч нерсеге түшүнбөй күйөөсүнүн колундагыны ала коюп: "тобо-оо, тим эле караңгыда жарк-журк эткенин жаныбар, ырас эле алтын болсо эптеп үй салып, малды көбөйтүп бир укмуш болуп кетет элек, атаң көрү" деп ичинен ойлонуп алды.
– Мени сен айбан деп ойлойсуң го ээ, мен алтын экенине көзүм жеткенинен сүйүнүп атам да, кандайча бул бала таап алды дейм да, мындай нерсе жерде жатпай калсын, – дегиче баласы алигиндей "таштан" эки колуна экиден көтөрүп кирип келди. Ошондо Сатыбалдынын эси ооп кала жаздады; – Эшикти бекиткиле, бирөө жарым көрүп койбосун, мен мындан кооздоп билерик жасап анан өткөрөм, болбосо бул башты жейт, – бир нерсени ойлоно калып баласына бурулду, – Ой тентек, чыныңды айтчы, муну кайсы жерден алдың?
– Бул эле Сайдимураттыкынан, короосунан Арууке эженин көөмп жатканын көргөм, анан барып ачып көрсөм…
– Оозуңдан чыгарба, канча бар дагы?
– Көп эле…
– Атаң көрү-үү, биз минтип зорго өп-чөп болуп жаныбызды багып жүрсөк, булар ошончо алтынды ороого катып жүрөт, – Сатыбалды коңшусуна ичи тарый кетти, – эмнеге эле баары эч нерседен капары жок чердейишет дейм да. Көрсө өзүнчө эле казынасы бар турбайбы?
– Анын эмнесин айтасың, андан көрө ушуларды пулдап алсак тим эле укмуш болуп кетээрбиз, алар сага мунун кырындысын да карматмак эмес, ушул балаңа кудайдын берген насиби, эми көп дардаңдабай акыл менен иш кыл!
– Ананчы байбиче, мунун баарын алпарбай калайын, кайып так бүткөндөй болуп колума бир жолу байлык тийгенде акыл менен иш кылбай анан, – Сатыбалды өзүнчө эле бир кубанычтуу бапылдап атты.
Аттиң адам баласы, бир келген жарыкчылыкта аманат экенин, кармаган буюмуң менен күткөн дүйнө-мүлк дагы ага убактылуу гана берилгенин, бүгүн бар болсоң эртең жок болооруңду сезсең боло! Жок сезбейт, түшүнгүсү да келбейт, анткени көр пендесиң. Дүнүйө-мүлк менен байлыкты өзүңдөн да жогору койосуң пендем, уучуң толо акчага маарып, үйүң толо жансыз дүнүйөгө толуп турганда алдыңа тоодой-таштай кадырлуу адам келсе манчыркайсың, эртеңки күнүң өзүң жылаңач гана кетээриңди ойлобой колунда жок жупуну адамдарды кумурскача көрбөй тебелейсиң. Ооба, бул сенин көрпенделигиң, кылымдан-кылымга өтүп жаткан бул оору, дүнүйө-мүлк үчүн болгон күрөш бул көз тойбогондук, ач көздүк, кыскасы көр пендечилик.
Анын сыңарындай Сатыбалды дагы көзүнө көрүнгөн муштумдай байлыкка көзү тойбой түндөп баарын ташып алгысы келди. Ага аялы болбоду.
– Деги сенин ушундай ач көз экениңди билбепмин, болгонуна топук кылбайлыбы, алдагыга бир короо сатып алсаң болот, жөнчү баланы убара кылбай, эртең эле жоктоп калса, эчтекеге жетпей жүрбөдү беле, ушу кылды баарын деп кармашса балаңды кармап бересиңби?
– Ой койсоңчу, кайдагыны айтпай, анын бетин ары кылсын, дагы эки эле… эки эле тай туяк болсо… – Сатыбалды өзүн жоготуп койгондой алтындарды мыжыга кармап жинди сымал абалга келди, – Ээ кемпир, өмүрү көрбөгөн алтынды көзүм менен көрүп, колум менен кармап жатсам анан… – Койнуна катып отуруп алды, – ырас эле, мен акылымдан адашып калдым.
– Этият болчу ай, баланы кармап калып жүрбөсүн, ушуну аш кылып алалы, – Аялы токтоо сүйлөп күйөөсүн көндүргөнгө аракет кылды.
Ары айтып, бери айтып жатып аялы аны эптеп өз ордуна койду. Көрбөй жүрүп көргөн адамдан түгүл, дегендей Сатыбалды бул табылгага жетине албай өзүн жоготуп барып эс алды. Андан кийин баласын жибербей койду.
Сатыбалды алтынды калай идишке салып күчтүү отко эритип, анан башкача көлөмдө он чакты даана кылып, анан алтын жасаган зергерлерге алып барды. Бир эле тай туякты эритип көөкөр сымал кылып калыпка уютту да огеле көп акча кылып келип, адегенде аялынын акылы менен куран окутканга бир кой сатып алышты. Балдары үйлөнүп-жайланып, кичүүсү колунда эле. Ага арнап үй тургуза турган болушканда улуу баласы таң кала сурап калды:
– Ээ ата, сиз үй тургузам деп атасыз, кайсы акчага, анын үстүнө килолоп ун алып жеп отурсаңар кантип үй саласыңар, же бизге билгизбей катканыңар барбы?
– Балам ай, ар нерсенин өзүнүн жолу бар, уулума буйруса ушундай бир айылда жок үй салдырып берем дейсиң! – атасынын ишенимдүү айтканына улуу уулу ичинен күмөнсүй кетти: "бизди мынчалык жакшы көрчү эмес, каткан акчасы болсо керек", – деп ичтен ойлонуп калды эле, эне баарыга тең эмеспи:
– Балам, эсиңер менен болгула, бул иш оозуңардан чыкпасын, Нурлан бир сумка акча таап келген, ошого үй салып, мал-сал күткүдөй бололу, качанкыга эле бирөөгө суктанып жүрүп өтөбүз, бизде болсо силерге бербей коймок белек, – Саадат шыбырай сүйлөдү, – Аз-аздап иш кылалы, дароо эле күркүрөтүп ийсек бирөө жарым шекшип калышы мүмкүн.
– Айи-ий, жакшы болгон тура! Эч жанга билгизбеш керек, азамат Нурлан, буйругун кара, бул болсо жанагы рэкеттердин, авторитеттердин акчасы, кокус изи билинип калса соо койбойт, – Улуу баласы чоочулай инисин карады, – Кайдан таап жүрөсүң мынча акчаны?
– Кудай буйруп койсо өзү эле алдыңан чыгат да уулум, аны такып эмне кыласың?
– Деги да, кана ата, көрөйүнчү ошол тапкан байлыгыңарды?
– Аярлагыла, бирөө жарым шекшип калбасын, – Сатыбалды бирөө буларды аңдып тургандай сыртты карап шыбырады. Анан ары жактагы жүктүн түбүндө катылып турган кара баштыкты алып бүгүн эле эки тай туяк алтынды алмаштырып келген акчасын ача берди.
– Оо-ой-ий! – уулу оозун баса көздөрүн чоң ачып таң калып турду, – ушунча акча бекен ыя?
– Ооба, бир аз тамак-аш дагы алдык, апаң, иниң үчөөбүз бир сыйрадан жаңылап кийиндик.
– Ата, – уулу бир нерсе айталбай кылчактады, – мага машинага бербейсиңерби, силерди салып алып туугандарды бир кыдырып келейин. – Жамил атасы менен апасын үмүттүү карады, – Мынча акча жок деле жашап жүрбөдүк беле, ансыз деле же жумуш жок, же соода кылганга крупный акча жок кыйналып кеттим.
– Туура уулум, мен сени түшүнүп атам, анда мындай кылалы, сен бир машина мин, коңшу-колоңго уулум иштеп жүрүп машине алыптыр деп мен да баш көтөрүп жүрөйүн.
– Ооба, эч ким билбейт, ата-аңдын көрү, мен дагы бир машина минип калайынчы, – Жамил акчаны көрүп шилекейи чууруй алаканын бири-бирине жанып алды.
Ошентип пулу жок жарды бүлөнүн колуна оңбогондой байлык тийип, бапырап эле калышты. Бир күнү айылда кемпир өлүп ага коңшу-колоң чогулуп батага жөнөштү. Саадат алардын арасында, кийингени кымбат пух жемпир, жоолугу жаңы чыккандан, көйнөгү сүлкүлдөк баркыт, бутуна кычыраган туфли. Кошо бараткан аялдар аны карап бири таңгалса, бири көралбай: "бул байкуш кычырайт ко тим эле, кайдан жетип жүрөт мындай кийимге, ун-талкан сурап эле жүрчү эле" деп аны сынай ичинен күйүп-күйүп тим болушту. Батадан келгенден кийин Тажикан сөз арасында кеп кылып калды:
– Сатыбалдынын аялы тимеле укмуш болуп алыптыр, бир көргөндө тааныбай кала жаздадык, мунун балдары кайда иштейт ыя?
– Кайда иштемек эле, туруктуу жумушу жок эптеп-септеп иштеп жан багып жүрөт да, – Сайдимурат жактырбагандай колун шилтеп койду, – Ушу аялдар дэле укмушсуңар да, кийими жок болсо кемсинтип шылдыңдайсыңар, кийинип алса көрө албайсыңар.
– Көрө албай мен эмне, жөн айтып койдум да, биз менен чогуу баратса байкушту карап өздөрүнчө ооздорун бүйрүп-чүйрүп: "укмуш" дешип таң калып атышты.
– Ошону айтам да, ал байкуштун да төркүн-төзү, эже-сиңдиси бар, ошолор кийгизгендир?
– Таң, алар кийгизсе ушуга чейин көрөт элек, – Тажикан ошол бойдон унчукпай калды. Арууке үч күндөн бери келе элек. Ал баягы алтынын бир таанышы аркылуу айырбаштап эки-үч сыйра кийинип, баласына кийим алып берип, батирине беш айды алдын ала төлөп анан келген. Келген себеби калган алтынды алып барып өткөрмөк, ал зергерлик кылган адам: "эгер болсо дагы алып кел, баасын үч эсе жогору төлөйм" деген эле. Кеч кирсе эптеп анын жарымын алып түндөп жеткирмек болгон. Эптеп ата-энесинин төшөккө жатышын күтүп анан сыртка чыгып үй айлана басып баратып эки жагын карап алды. Негедир кийинки кезде өзүнөн-өзү корко бермей адатка айланды: "Эмнеге коркот элем, эч ким көрө электе алып кайра жаап койом" деп ойлоп жетип үстүндөгү топуракты шилейин деп баратып өзү бекиткендей эмес, ачылгандай болгонун көрүп: "бирөө урдап кетпеди бекен!" деп ойлоп ийди, шашып-бушуп топуракты шилеп туруп тактайды жылдырып коркпостон ичине түшүп эле жүрөгү шуу эте чоочуп алды: "бирөө кирген турбайбы, мен коркуп жүрсө, ким алып кетти?!" деп түбүндө он чактыдай калганын алып чыгып жолго чыкты. Ал түндөп жеткирмек болгон. Бирок: "Мен эмнеге шашам, муну алпарсам акча бергиси келбей, кайра өзүмдү өлтүрүп койсочу?" деп ойлоп баштыкты үйгө көтөрүп кирип баш жагына коюп алды: "Ким алды, эгер милиция аны кармаса сөзсүз айтат, ошондуктан муну дайынсыз жоготуш керек" деген чечимге келди.
Нурлан ата-энеси кубанып: "бул оңор байлык эмес" дешип бир-эки сыйра кийинтип койгондон кийин: "бир эле тогологу ушунча болот тура, мен апамдарга билгизбей ташып бир жерге көмүп каёюн" деп жарымын ташып тамынын артынан жер казып көмүп, анан анын үстүнө белгилеп таш коюп койду.
Мынча байлыкты кармап көрбөгөн, түшүнө кирбеген окуяга өздөрүнчө кубанган үйбүлө кантсе да акыл менен пайдаланууга өттү. Сатыбылдынын иш билгилиги, анча-мынча усталыгы ушундайда пайдасы тийди. Ал устаканада бир зергер адам менен иштешип ошондо күмүш эритип иймек, шакек жасаганды үйрөнүп алган. Ошондуктан ал күнү-түнү устаканасынан чыкпай билерик, сөйкө, шакек жасап эки-үч күндө шаарга барып өткөрүп келип турду. Эки-үч сааттык жол ал үчүн эч кеп эмес эле.
Ал эми Арууке алтындарынын азайып калганына ичинен кейип: "каап, алдырып жибергенимди кара, оңбогондой байлыкты алдырган экенмин, ууру алыстан келбейт" деп ойлонуп, эртеси таң эрте таксиге салып макулдашкан жерге барды. Келсе ал жок экен. Күтүп отуруп: "жана бир-экини үйгө алып койсом болмок, эми деле алып коёюн" деген ойдо баштыгынын оозун ачып эки тай туякты алып сумкасына салып жатканда жанына келген адам:
– Сиз да бул кишини күтүп атасызбы? – деди эле Арууке шашкалактап кетти.
– Ийи, ооба, ооба, келсем жок экен.
– Аа-аа, экөөбүз тең күтөт экенбиз да, – деген чоочун адам жылмая, – Сиз дагы алтын буюм бердиңиз беле?
– Аа-аа жо-жок, жөн эле жумуш бар…
– Мм, – деп койду да туруп калды, – Жөн тургуча таанышып албайлыбы, менин атым Ашымбек, – деди кайра бурула колун суна. Арууке эмне кылаар айласын таппай турган эле: "бул милициядан болуп калса канттим, балким атайы чакырып койгондур". Чоочун адамдын сунган колун көрүп шашып кол берди:
– Арууке.
– Оо, атыңыз сонун ат экен, мындай сулуу келиндин күйөөсү да сулуу, акылдуу жана да бактылуу болсо керек, ээ карындаш?
– Ошондой го?
– Күйөөңүз кайда иштейт? – деп сурап жатканда күткөн адамы келип экөө тең учурашып калды. Арууке сыртта калып калды. Тигилер өздөрүнчө сүйлөшкөн болуп анан тиги кеткенден кийин зергер адам Аруукени ээрчитип кирди. Ал баштыкты ала койом деп оордугунан эси оой: "кудай мындайды бербеспи, бул көп болсо беш жүз миң берсем ыраазы болчудай, бул жерде баасы жок байлык жатат, граммдап жасаганда мен дүнүйө боюнча бай болуп кетем да" деп ойлоп:
– Кызым, бул товарың чынында таза алтын экен, мен сага булар үчүн беш жүз миң берем, сен көп болсо беш миң, алты миңге үй алып аласың, укмуштай жашасаң болот! – деди.
– Аке, бул оңор алтын эмес, жок дегенде дагы жүз миң кошуңуз, бул жердеги буюмдун баасы жок экенин билем, бирок сиз менен сатуулашпай эле коёюн, алты жүз миң кылыңыз!
– Ээ кызым, бул беш жүз миңди дагы мен сурап келип отурам, берсең ошол, бербесең ошол. Азыр өзүң билесиң, мындай акча кармаган киши жок, баары арзан, бул акчага он үйдү сатып алып ичин толтурсаң болот, эмне мынча эле майдаланып жатасың, аял менен соодалашкандын ушунусу жаман да, – деп наалый кетти.
– Анда жок дегенде бирөөнү алып алайын, балдарыма кийин пайдасы тийип калаар… – Арууке ичи ачышып жок жерден бирөөнүн кынына сугарылган байлыктын арзан кетип атканына ыраазы болбой турду.
– Жок, болбойт кызым, болбосо мындай алтын эч кимде жок, милицияга билдирип койсом өзүң билесиң эмне кылаарын, – дегенде Арууке:
– Кызыксыз го, мен эмне уурдап же казына таап алды дейсиңби, бул укумдан-тукумга ата-бабаларыбыздан калган экен, ошонун акыркысын өткөрүп жатам, өзүм жалгыз кызмын, атам өлөөрүндө таштап кетти эле… – деп ыңгайсыздана чыгып баратып, – Мейли эми, сизге да мага да буйрусун! – деди.
– Ошентпейт белең бая эле, – деген зергер ууртунан жылмайып кала берди: "эми муну иги-жиги жок бекитип четинен гана пулдай берсем болот" деп кыңылдап коюп кайра-кайра чанда табылчу нак алтынды кармалап отуруп анан ишине киришти.
Арууке ошол күнү керээли кечке өзүнө жаккыдай үй издеди, купулуна толгон үй табылбады, суй жыгыла жаздап: "эптеп каникул бүткөнчө кирип алсам болот эле, анан иштей берет элем" деп кечке жуук келсе баласынын эти ысытмалап ооруп апасын кыйнап ыйлап аткан экен.
– Кайда жүрөсүң ой кыз, деги куураган неме болдуң го, күндө кетесиң таң атпай, аягы суюк аялдардай үйгө байыр албай калдың, – деп жиндене урушуп кирди.
– Мен эмне ойноп жүрүптүрмүнбү? – апасынын колунан баласын алды.
– Анан эмне кылып жүрөсүң ыя, таңдан кечке, деги сенин ушундайыңдан уруп согот да Төлөгөн, ушул кебетең менен күлүң бир жерге додо болбойт, жашыңда сүйөт эркектер, күйөм-сүйөм деп өпкө жүрөгүн чабат, анан жашың өткөндө эч ким карабай темселеп каласың, ошондо мына бул балдар керек, сени ушулар карайт, – деп ачууланды.
– Апа, жөндөн-жөн эле уруша бересизби, мен ойноп жүргөн жокмун, квартира издеп жүрөм, балам экөөбүз өзүбүзчө жашаганга, а то силерге жаман көрүнүп бүттүм.
– Көргөн-уккандар эмне дешет ыя? – Тажикан кызын ачуулана карап делдейди, – Ээн-эркин болгуң келип калганбы, бая күнү эле таап алдым деп келбедиңби беле?
– Силер айылда, мен шаарда болом, шаардагы мектептерден иштеп алам, силерге оорчулугум тийбейт, эми түшүндүңүзбү?
– Ооба, кыйраткансып "түшүндүңүзбү?" деп койот, – деп унчукпай калып анан, – Ой тиги Сатыбалдынын баласы кечээ түнү эски ороонун жанында туруптур, эмне кылып атасың десем, "сиздердикине атам жиберген", деп кайра үндөбөй басып кетти, ал ороодо эчтеме жок болсо аны эмне айланчыктайт ботом, эртеси карасам аны тырмалап ачканы жаткан го?
– Кайсы баласы?
– Кичүүсү?
– Ийи, жүрсө жүргөндүр да, – Арууке ошенткен менен ичинен: "шүмшүк, ошолор алып бекер табылган олжого оңуп калган тура, сени шашпа, буларды аңдып колго түшүрбөсөм элеби" деп жинденип алды. Чынында милицияга алтын жөнүндө билдирип ич арадан тымызын изилдеп атышкан. Арууке өз оюн ишке ашырмакка, өзүнүн коркпой эркин жүрүшүнө жол издеп дал ушу Сатыбалдынын үйбүлөсүн кармап бермей болду. Уулу баласы эч жерде иштебей эле машина минип, үйлөрүнө дүнүйөнү жыйа баштаганына коңшу-колоңдору таң кала баштаган эле.
Бир күнү ал апасына:
– Апа дейм, Кумарбектин тирүүлөй жоголуп кеткенине мен ушу Сатыбалдынын баласын күнөөлүүдөй сезип атам, карачы өмүрү жарыбаган немелер үй-жайын оңдоп, баласы машина минип калыптыр.
– Эми ботом, баласы иштеп таап алгандыр да, бирок ушу кезде мен деген чоңдор гана минген машина экен, чын эле буларды бир иш бар, – Тажикан ойлонуп калды. Бирок Арууке барып айта албады: "кокус баласы 'мен короосунан алганмын' десе канттим" деп жүрөксүнүп койду. Ошентип ал үчүнчү күнү беш миң сомго Фрунзеден Турусбеков көчөсүнөн өзүнө ылайыктуу короосу бар, жакшы салынган үй сатып алды. Эч нерсе билгизбей апасы берген жууркан-төшөктү алып көчүп келип алды. Эч нерсе менен иши жок баласын эркелетип отуруп: "эми эле үйдү толтуруп алсам шекшип калышы мүмкүн, койо турайын" деп эригип отуруп телевизор алууну чечти: "эмне болмок эле, бир телевизор менен проигрыватель алып алайын" деп эртеси эрте дүкөндөргө жөнөдү. Чоң телевизор алды да такси менен алып келип алды. Акырындап күз келип жаңы окуу жылы башталды. Арууке мектептерге ишке орношоюн десе баласын багаар киши жок, эптеп бала бакчага тапшырып анан иштей баштады. Анын үй алганын эч ким билбейт, батирде жашап жатам деп койчу. Бир күнү ал кайнене-кайнатасыныкына барып уул-кызын көрүп келүүнү ойлоду. Ал келип короодон баш багып эле ойноп жүргөн эки баласын көрүп:
– Керимбек! – деп үн салганда алар делдээ карап туруп калышты, – Кел уулум, келе кой! Кундуз!
– Аный барбайм, сизди биз тааныбайбыз, – деп ары көздөй жүгүрүп үйгө кирип кетишти. Арууке эмне кылаарын билбей көпкө туруп анан: "кирсемби, кирбей эле койсомбу, булар мени такыр карабай калышкан го, мен жөнүндө жаман сөз айта берип балдарды менден жат кылып коюшкан экен" деп дагы эле кайната-кайненесине, Кумарбекке жини келип алды да, кайра эле өңү бозоро түштү: "мейли карабаса койсун, акыры түшүнөт, өгөй энеси барбы же кетип калды бекен, билип алсам болбойт беле" деп бир аз кыңырыла туруп калды да: "кокус кайнатам же кайненем чыгып калса эмне дейм" деген ойдо алардын жүзүн кароодон батына албай артына бурулуп кете берди. Ооба, жүзү жарык болсо кирип ал-жай сурашып, балдарын өөп-жыттап анан кетпейт беле, өзүнүн күнөөсүн барынан бети чыдабай дагы эле аларга күнөө коюп ыйлап баратты: "Мен эмнеге мындай жаралдым экен, жөн эле жүрсөм болбойт беле?" деп эч кимге билгизбей эчкирип алды да жолун андан ары улады. Кетип баратып жаштуу көздөрүн аарчый күзгүгө каранып алды. Ошол кезде анын алдынан бирге окуган курсташы жолугуп калды.
– Ой кандайсың Арууке, иштер жакшыбы, ден-соолук, бала-чака, – колун силкилдете көздөрүнө тигилди ал, – дале баягыдай супсулуу бойдон экенсиң, күйөөң жакшы чыккан окшойт?
– Кудайга шүгүр, баары жайында, өзүң кандайсың?
– Ойдогудай, бирок азыр бойдоктуктун доорун сүрүп атам, жүр чайлашалы!
– Жак Акмат, мен шашып бараттым эле, дагы жолугаарбыз.
– Жок болбойт, азыр эле чайлашабыз, эч кайда барбайт экенсиң да, же күйөөңдөн коркуп атасыңбы?
– Эмнеге коркмок элем, өзүм шашып кетип аттым эле.
– Койсоңчу, кыз кезиңде профессордун баласына тийип кетип жалдыратып таштап кеттиң эле, эми бир эле саатка дидарлашсак болбойбу?
– Экөөбүздү башкалар көрүп калса эмне болот ыя, сени го эркек дейт, а менчи, мен ушакка кабылып жүрбөйүн, – Арууке калп эле аксынып жүргөн менен ичинен: "эмне экен барса барып көрбөйүнбү, кандай сыйлаар экен" деп кыйылып туруп калды.
– Ой кокуй күн оой, бизди ким эле карап туруптур, жөн эле кыйшактай бербей жүр кеттик, аялдар бир кызык жансыңар да, – деп колтуктай ары басты. Экөө жакшы ашканага кирип жай алышты, бакылдаган Акмат толгон тамак-ашка заказ берип аны менен кошо винону алдырды.
– Акмат, винону ким ичет, менин жаш балам бар, апам ал ыйласа кыйналып калат го?
– Эч нерсе болбойт, кудай сактасын, бат эле турабыз, мынча болду шашпай отура тур эми.
– Эртерээк туралы ээ, сенин көңүлүңдү кыялбай эле… – Арууке наздана көздөрүн ага карап жалжылдатып койгондо Акмат анын көз карашына чыдай албай кетти окшойт:
– Жаным ий, ушу сени жолуктурган кудайга миң мертебе ыраазымын, бүгүн бир студенттик кезди эстешип отуралы, – Акмат алынын жетишинче Аруукени сыйлап винодон куюп, – Кел эми жолугушканыбыз үчүн алып койолу! – деди.
– Болуптур, бир гана жолу ээ Акмат, башка кыйнабайсың, менин колумда жаш балам бар, атам менен апам урушат! – деди Арууке.
Экөө бирден алып ийишип закускадан жеп анан өткөн күндөрдөн кеп козгоп отурушту. Баятан бери "албайм" деп аткан Арууке вино ичине киргенден кийин ачылып сүйлөп, каткыра күлүп калды. Бир топ отурушкандан кийин ал жерден чыгып коштошуп эки жакка бөлүнөөрдө Акмат анын үйүнүн дарегин алып калды. Виного башы айланып, эки бети кызара түшкөн Арууке эми чындап сыр төгө баштаганда кокусунан күйөөсү чыга калды. Ал үч-төртөө болуп келе жаткан. Жанындагылар ары көздөй басып кетишти эле, Төлөгөн Аруукени көрүп басып келди:
– Сен кайдан, колу-жолуң бош болуп эле жыргап калгансың го? – Какшык аралаштыра сурап кыжынгандай сүр көрсөттү.
– Төлөгөн, сен эмне деп жатасың, менин колу-жолумду алда качан эле өзүң бошотуп койбодуң беле? – Арууке андан калып калбай жаакташа кетти, – мени менен ишиң болбосун, уктуңбу?
– Энеңди жалап, ушундайыңды билгенмин, баланы бергин мага, өзүм багып алам.
– Баланы берчү мен эмес, билгениңди кыл! – Арууке басып кетээрде Төлөгөн аны колдон ала токтотуп туруп жаактан ары чаап жиберди.
– Жинди, алкаш, мен сага көрсөтпөсөм элеби? – Арууке ысып чыккан бетин баса ыйлап ийгенде Акмат Төлөгөндүн колун кармай калды. Анткени ал дагы чапмак болуп келаткан эле.
– Эй сен кимсиң, бул менин аялым, уруп өлтүрсөм да өзүм билем! – деген Төлөгөн аны оңурая карады.
– Мен адамын, көрбөй турасыңбы, катынды үйдө урат, сенчилеп көчөдө урбайт! – Акмат анын колун силкип жиберди, – Эркек деген эркектигин көчөдө, коомдук жайларда эмес, үйдө көрсөтөт, билдиңби?
– А сен ошондой эле кыйынсыңбы? – деген Төлөгөн Акматты дагы бир коймок болгондо ал аны ары түртүп койду:
– Сендейлерге колумду булгагым келбейт, эркек болсоң ээн жерге барып сынашабыз, макулсуңбу?
– Эмнеге, макул элемин, качпайт экенмин да, кана каякка?
– Жүр, тиги жерде машина турат.
– Кеттик.
Арууке алардын мушташынын арты эмне менен бүтөөрүн билбей коркуп кетти:
– Акмат, кечирип кой, сен бара бер, муну менен өзүм сүйлөшөм, – деп күйөөсүнүн колунан тартып ары жөнөйүн дегенде ал булкунуп чыгып Акматты көздөй басты:
– Энеңди жалап, мени ушунун, ойношуңдун алдында кемсинткиң бар го ээ, мен эркекче сүйлөшүп койом керек болсо!
– Акмак, элдин баарын өзүңдөй ойлойсуң, өлүп кет маа десе! – Арууке: "бириң өлүп бириң кал" дегендей басып кетти. Анын эмелеги биртике ичкени ирим болуп кайда кеткенин сезбей да калды. Акмат тигини машинасына отургузганда аны менен бирге келаткан бири аларга келип:
– Ээ дос эмне болуп кетти, катының сени тоотпой калган го? – деп бакылдап кирди, – Эми буга тийгени жатыптырбы?
– Эмне деп жатасың эй, оозуңа карап сүйлө, деги адам сындуу айбандардан айрымаңар барбы?
– Ийи, сүйлөшүп койобуз, бул биздин дос, таландыга таштабайбыз! – деди тиги.
– Досторуң менен каласыңбы же эркекче сүйлөшөсүңбү? – Акмат жини келе Төлөгөндү карады, – Болбосо убактымды алба?!
– Ушерден эле сүйлөшөлү, кана эмне дейсиң? – Төлөгөн жанындагы досуна карап; – Силер тура тургула, мен азыр барам, – деди эле ал Төлөгөнгө колун созо акыл үйрөтүп койот:
– Эй жакшылап сүйлөшүп кой, бирөөнүн катыны менен жүргөн кандай болоорун эсинен чыгарбай жүрсүн! – Муну уккан Акмат ачуусу менен түшө калып тигини желкеден тартып кекиртегине колун матыра:
– Эмне былжырап атасың, оозуңду талкалай койойунбу ыя? – дегенде көкмөк болуп тигил:
– Ж…ж…жок ту-уган, болду, болду, – дегенге зорго жарады. Аны койо берди да кайра машинасына отуруп:
– Сүйлө, Арууке сенин аялың болобу? – деди.
– Ооба, эми билдиңби?
– Кыйшактабай жөн сүйлө, ал менин курсташым эле, мен анын башка күйөөсүн билчүмүн, аны менен ажырашып кетти беле?
– Оой алда качан ажырашкан, эми мени менен дагы ажырашканы жатат.
– Эмнеге?
– Кайдан билем, сулуунуку кургабайт дегендей ага четинен чыга берет экен да.
– Сен аны кармап алдың беле?
– Жок, биринчи жолу сени менен көрүп жатам.
– Эмне, төшөктөн көрдүңбү?
– Акыры болмок да! – Төлөгөн ага ушинткенде Акмат анын кекиртегине акырын колун узатып кармап туруп:
– Катынга ишенбесең катыны жок жүр, ушу сөзүң үчүн Аруукеге мен эми үйлөнөм, ал мага күйөөм күтүп атат деп шашып аткан, көрсө чочкодой болгон сага кор болгон тура, байкуш! – деп кайра койо берди эле ал кызарып-татарып тим болду.
– Айтаарың барбы?
– Жок, мен жаңылыпмын, чын эле кармап алганым жок, кызгана берем.
– Обу жок кызгансаң катынсыз өтөсүң да.
– Ошондой болот окшойт... Болуптур тууган, кадырына жете алсаң Арууке сеники, мен эми ага басып да барбайм, бала чоңойсо таап келет да – деп кычы сүйлөп түшүп бараткан Төлөгөндү Акмат желкесинен кармап тартып алды да колтук тушка сокту эле "ык" дей түштү.
– Дагы эмне дегиң келип турат?
– Эчтеке…
– Анда жөнө, экинчи алдыман чыкчу болбо!
– Сөз жок! – Төлөгөн түшүп кетти. Акмат машинасын айдап Арууке берген даректи көздөй жөнөдү. Акмат келгенде Арууке жок экен, бир аз күтүп туруп короонун сыртында турганда баласын көтөрүп келип калды. Акматты көрүп ыңгайсыздана:
– Бул жакка эмнеге келдиң Акмат, тиги жинди үйгө барып атамдардан сураса алар айтып койот, ансыз да кызуу экен, келип калса урушуп жүрбөгүлө, – деди.
– Арууке, атыңа затың жарашып чынында аруу жансың, мен сени күйөөң айткандай ойлобойм, бирок күйөөң сени абдан жакшы көрөт окшойт, кызгануу сүйүүдөн улам келип чыгат эмеспи, сүйбөсө мынчалык кызганбайт эле?
– Сүйбөсө койсунчу, тажадым ай деги баарынан, сүйүүдөн да, жашоодон да… – Арууке эшикти ачты да, – Үйгө кир дебесем да болбойт, эри жок аялдын үйүнө чоочун эркек кирсе да болбойт, – деп тамашалай үйгө жол баштады.
– Арууке, Кумарбек менен качан ажыраштың эле?
– Көп болду… – Арууке мелтирей калды: "аттиң, ошондо өзүмдүн тагдырымды өзүм талкалап алган турбайымбы, көрсө бактымды көтөрө алган эмес экенмин" деп ойлонуп калганда Акмат:
– Кызык, мен сени дагы эле ошону менен жашап жүрөт деп ойлогом, тигини көрүп аябай таң калбадымбы.
– Ошондой, жашоого экинчи жолу келбесиңди билсең кайталангыс өмүрдү өкүнбөстөн өткөрүүгө аракет кылат элек го?
– Эч нерсе эмес Арууке, жашоонун өйдө-ылдыйына, ысык суугуна чыдай билиш керек, менин сага келгеним бир гана суроо?
– Эмне… – Арууке түшүнбөй кайра сурады, – Эмнени түшүнбөй калдың дагы? – дасторкон жайып атып маңыроо карады.
– Мен түшүнбөгөн эч нерсе жок, андан көрө айтчы, мунуң менен закондуу түрдө ажыраштың беле?
– Жок, ажыраша элекпиз, баса бергениме бир жылдай болуп калды, келет-кетет, мен такыр жолукпай койгом, бүгүн беттешип калбадыкпы.
– Эмесе мындай, мен сага үйлөнөм, элчилеп сени сүйөм-күйөм дегенден алысмын, бирок студент кезде эле жакшы көрчүмүн, демек убакыт келди, – Акмат Аруукенин колунан кармап жүзүнөн өөп, – сени эч убакта кор кылбайм? – деди шар эле.
– Акмат, тамашаңды койчу, мен күйөөдөн тажадым, эми калган өмүрүмдү баламды тарбиялоо менен өткөрөйүн.
– Антип өзүңдү менден алыстатпа Арууке, ырас көңүл калуу жаман, жүрөк үшүткөн жаман сөздөрдү угуудан ким тажабасын, менин аялым ажаан болчу, сегиз жыл жашап төрөбөгөнүнөн ажырашканбыз, мына отуздан ашып калсам да балалуу боло элекмин, сенчилеп бойтойгон баланын үнүн угузуп койсо ажаандыгына карабай жашай бермекмин…
– Акмат, сен мени түшүнсөң боло, кайра-кайра күйөөдөн чыгып, күйөөгө тийгениме ата-энем да жаман көрүп жатышат.
– Баса, Кумарбек жакшы эле жигит эле, аны менен кандайча ажырашып кеттиңер эле?
– Ой болбогон себеп, өзүмдөн кетти, адам баласы барды да, жокту да көтөрө албай кетет тура! – Арууке ойлуу отуруп Акматты күлө карады, – тим эле чекисттей жүрөт экенсиң, сырымды айттырып ала турган болдуң го?
– Айтсаң, эмнеге ажыраштыңар?
– Айттым го, менден кетти, кыскасы кайненемдер, күйөөм эч нерсе дешкен жок, бирок мага Кумарбектин сүйүүсү жоктой сезилип эле туруп алды, ал таңдан кечке кагаздан баш көтөрбөй отуруп алат, кээде түндөп жазат, ошого жиним келип эле баса бергем.
– Ал эми тагдыр да, болоор иш болуптур. Арууке, мен азыр үйгө кеттим, сен эмки жумага чейин ойлон, мен сөзсүз сага үйлөнөм! – Акмат туруп баратып аны имере кучактап өөп коюп чыгып кетти.
Арууке эмне кылаарын билбей турган ордунда катты… Баласы чыргоолонуп түнү менен ыйлап чыкканга жумушуна барбай эле телефон чалып койду. Кечке дары берип жылуулап үйдө болду. Басса-турса Акматты ойлоно берип башы ооруду: "Кызык, мен эмне болуп баратам деги, отузга чыгып-чыкпай үч күйөөгө чыксам, анан да Кумарбек тууралуу билинип калсачы, ошондо не болот, ата-энем менден кечип эле койот го, тиги Сатыбалдынын баласын карабайсыңбы, жөндөн жөн эле байлыкка туйтунуп, тим эле көбүн алып коюшуптур, алар кантип пайдаланып жатышты экен, кайда өткөрүп атышат?" деп ойлонуп кеч киргизди. Баласы дары таасир бердиби, көөшүп уйкуга кирди. Эми үч күн баласы менен алек болуп үйүнө барбаганга апасы телефон чалып келип кет деп калды. Кеч кирип калгандыктан эртең барам деп телефонду коюп койду. Жатып алып ойлонуп атты: "Кайсыл күнү айыбым ачылып калаар экен, эки баламдын да жүзүн карай албайм го, эмитен мага көңүл салбаган немелер атасын өлтүргөнгө себепчи экенимди билсе "эне" деп атамак турсун ойлоп да койбойт го, ай кудай ай, бирок Кумарбекти мен өлтүргөн жокмун да, ал мени таанып койбодубу, ошон үчүн Турганбек аны өлтүрүп койду" деп эзиле берди. Эртеси телефон чалган мектептин директору: "Иште же арызыңды жаз, мугалим жетишпей балдар бош калып атат" деди эле Арууке ага жини келип: "иштебесе иштебей койом, сен берген биртке айлыгыңа жалдырагыдай акыбалда эмесмин" деп, баласын көтөрө барды да арыз жазып таштап койду. Ошол бойдой жумушка чыкпады. "Эптеп издөөдө колго түшпөй иш жабылып, унутулуп калса, эркин жүрүп калат элем" деп ойлоп тамак-ашты толтура алып келип алып үйүндө жата берди. Апасынын "келип кет" дегенине болбоду. Арууке күндүзү уктап жаткан. Кумарбек аны кубалап, бирок жетпей эле колун созуп жатканда чоочуп ойгонду. Жүрөгү лакылдап сыртына чыгып кетчүдөй болуп кара терге түшүп калыптыр. Туруп отурду: "бул эмнеси ыя, мага кол созгону мени алып кетем дегениби, ай кудай ай, башынан аккан кан дале жүрөт, кудай ай кечире көр, күнөөмдү кеч" деп шыбырап көпкө отурду. Таң атып калыптыр, эрте туруп бир чыныга суудан куюп башынан тегеретип төгүп: "көргөн жаман түшүм ушуну менен кетсин" деп чыныны босогого көмкөрүп коюп үйгө кирип кетти. Арадан бир жума өткөндө Акмат кирип келди. Анын жанында апасы, эжеси, карындашы да бар эле. Арууке адегенде таңыркай карап алды да:
– Келиңиздер… – деп сыпайы гана учурашып коюп төрдү көздөй колун жаңсады, – Өтүңүздөр!
– Арууке, бул киши менин апам, бул эжем, ал эми мунусу болсо карындашым, ийри отуруп түз чечишкени келдик, – деп апасын карады.
Арууке эч нерсе уккусу жоктугун билдирип дасторкон жайып, чай коюуга аракеттенип жүрдү: "Жинди го ушул, күйөөмдөн биротоло ажырай элек болсом, анан мунун не кылганы, эми шерменде болдумбу", деп ойлонуп зыңгырап отуруп чай куя баштаганда Акматтын апасы:
– Кызым, чырайың келишкен жан экенсиң, уулум мени жайыма койбой ээрчитип келди кагылайын, экөөң тил табышып бала-бакыралуу болуп жашап кетсеңер арман жок эле, уулума жагып калыпсың садага, эми биз сенден жооп күтөбүз, – деди чыныдагы чайдан ууртай.
– Эне, мен Акматты студент кезде көрүп жүрчүмүн, андай деле мамилебиз жок эле, кечээ жакында кокусунан жолугуп калдык, андан башка сөздүн кереги барбы, мен эки күйөөгө тийгенмин, үч балам бар, Акмат балдары жок бай келиндерден издегени туура го?
– Арууке, мен сенден башканы албайм, сен болосуң!
– Кызык, менин толук ажыраша электигимди билесиң, билип туруп улуу кишилерди убара кылганың кантип болсун?
– Арууке айланайын, адамдын көңүлү түшүп калса кайт кылганың болбойт, "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө чык" деген сөз бар. Балдарыңа ата болот, өзүңө тирек болот, ойлон садага, мен сени кыстабайм, суранам: "жаш кезде күйөө келет, карыганда аңдыган ажал келет" деген кеп бар, мен да карып-арып сапарым чукулдап баратат, ушул баламдын чүрпөсүн жыттап, жүзүнөн сүйсөм жакшы болот эле…
– Мени кыйнабаңыздар, мен деле бала эмесмин, отуздан ооп калганда кайдагы жаштык эне, балдарым бар.
– Балдардан кам санаба, мен татыктуу ата болуп берем.
– Олда балам ай, эне түйшүгүн тартып, баланын келечеги үчүн кам көрүү эненин бирден бир милдети, мен эчтеке дей албайм, өзүңөр чечишкиле. Аруукеники деле туура, бир жаңсыл болбой туруп ак же көк дей албайт го?
Акмат көгөрүп кетпей отуруп алды. Арууке: "Төлөгөн деле адегенде ушинтип ак эткенден так этип жүрүп кийин эле өнөрү чыгып кетпеди беле, деги ишенсе болоор бекен, баары бир ушул бойдон өтпөйм, кадырымды билер жан болсо баш кошууга туура келет, ата-энем да мени жаман көрүп бүтүштү, ага-эжелерим анда-санда көрүшкөнгө сыйбыз, эми канттим?" деп ойлуу отуруп калды.
Акыры бир чечимге келип Акматка макул болууга ниеттенип калганда Төлөгөн өзү ажырашууга арыз жазган экен. Экөө тең беттешкенде эле ажырашууга макул экендерин билдирип эки айдын ичинде ажырашып тынышты. Ошондон кийин гана Арууке менен Акмат баш кошуп алышты. Сайдимурат менен Тажикан жини келип ага каттабай жүрүштү. Акыры эне-ата баладан кечмек беле, бир күнү босогосун аттады..
Сатыбалдынын үйбүлөсү болуп көрбөгөндөй байып кетти. Баягы жерге каткан алтынды бир күнү Нурлан кеч киргенде атасына дагы алып берейин деп ойлоп жер чукулап жатканда Жамил келатып эле аны аңдып калды. Бир кезде ал жерди түздөп койуп үйгө кирип кеткенде баягы жерди казып алтынды көрдү да шашып-бушуп үч-төртөөнү алып кайра көмүп салып үйүнө кирбей эле аялы экөө жашаган батирге сызып жөнөдү. Ата-энесине кеткен Жамилдин тез эле келип калганын көргөн аялы Гүлнур аны таң кала карады:
– Эмне тынччылыкпы, тез эле келип калдың го?
– Эч нерсе, укмушту азыр көрөсүң, – деп шаша костюмуна ороп алган буюмун алаңдай үйгө кирип жарыкка алып кирип эле: – көрчү, бул эмне экенин билесиңби? – деди аялын кубанычтуу карап.
– Бул эмне экен? – Гүлнур мындай нерсени көрбөгөнгө бир токтоо салмактуу таштай оор нерсени кармалап туруп, – Алтынбы? – деди күйөөсүнө ишенбегендей карап.
– Дал ошонун өзү, деги биздин үйбүлөгө кудайым берген экен, бул биздин ырыскыбыз, – деп кудуңдаган Жамил ар кайсыны ойлоп асманда калкый баштады: "Кудай буйруса буларды өткөрүп Гүлнурдун оозуна тиш салдырып берейин, өзүмө дагы тиш салдырып, бала-чакам менен батирде тыгылбай үй сатып алалы, анан жашоонун ырахатын көрүп чалкалай жатып жыргайын" деп ойлонуп алды да, – Гүлнур, атамдарга айтпа мейлиби, айтсаң иш чатагына айланат, – деди.
– Макул, ушу чын эле алтын болсо эртең экөөбүз барабыз да, шакек менен цепочка алып берчи, сөйкөм да жок, тигил аяштарыбыздын оозунда, колунда, кулагында тагынган сөйкөлөрүн көрүп өзүмчө корунуп жүрөм, булардан ээритип алсак болобу, таза алтындан тиш салдырса жакшы болот дейт.
– Гүкүш, мен дагы ошону ойлоп атам, экөөбүз тең тиш салдырып, балдарды бир-эки сыйра кийинтип бир жыргайлы, анан үй албасак болбойт го?
– Сөзсүз үй алыш керек!
– Бул оңор байлык эмес, атамдар кайдан тапканын билбейм, Нурландын каткан жерин көрүп калып алып алдым да үйгө кирбей баса бердим.
– Көп бекен?
– Дагы бир топ бар го?
– Ай-ийи, жакшы эле албайт белең анан?
– Аларда болсо бизден кайда качмак эле, андан көрө муну эртең эле өткөрө алабызбы?
– Ой жанагы алтын саткандардан сурайбыз, граммы канча экенин сурап алып анан көрсөтөбүз.
– Ошентиш керек, антпесе арзан алып койот, – деген экөө түн бир оокумга чейин ойлору менен байып кубанычтары койнуна батпай эртеңки бапыраган акча колдоруна тийээрин элестетип уктап кетишти.
Адам пендем ай, эртеңкисинен жалаң жакшылыкты күтүп башына кандай күн түшөөрүн сезбеген момунсуң да, кээде болоор болбос кыйынчылыкка чыдай албай бири-бириңди сатып ийгенге устасың. Жамилди дал ушундай кырсык аңдып жүргөн эле. Эртеси ал машинасы менен аялы экөө шаарга келип алтынды кайда алмаштыраарын билбей тиш доктурга кайрылып сураганга киришти. Орто жашаган адам аларды кабыл алды. Ал келээрки клиент катары кабыл алып:
– Келгиле, кана кандай жумуш? – деди.
– Аке, биз… – Гүлнур тиш доктурду карап бир нерсени айталбай кайра күйөөсүнө бурулду.
– Аке, сиз алтын тиш саласыз да? – Жамил жакындай келип сурады.
– Ооба, ооба, саламын, заказ берсеңер баары болот.
– Канчадан саласыз, и баса, алтындын граммы канча болот?
– Эми… эми тишти сексен сомдон салам, жакшы салам, граммын биз өзүбүз кымбат алабыз.
– Сизге алтын көрсөтөлү дегенбиз, кайда алаарын билбейт экенбиз… – Жамил босогону бир карап уурусу кармалып калчудай өзүнчө эле чочулап атты.
– Кана алтының? – Тиш доктур кызыга карап калды.
– Мына көрсөңүз, нак илгерки алтындан.
– Охо-оо, муну кайдан алгансыңар? – Бекбоол көргөн көзүнө ишенбей таңгала карады, – Менде бир клиент бар, а мен мынча алтын алгандай каражатым жок.
– Ал ала алабы? – Жамил эми эле колуна көк-жашыл сомдор тийип кала тургандай кубана карады.
– Силер дарегиңерди айтып кеткиле, мен ээрчитип барам, ал өзү эле ордунан алып кетет, – деди да бир тогологун колуна алып беш жүз сомго бересиңби бирин? – деди.
– Мейли аке алыңыз! – Гүлнур сүйүнүп кетти. Ал кезде рубль менен беш жүз деген акча чоң акча болчу. Бекбоол аны ары коюп акчасын берип жөнөттү да: "Дароо Тобокелге телефон чалайын, ал бечара убайым тартып зорго жүрөт, дал ушундай көлөмдө деген эле, жаңылган жокмунбу, кокус жаңылып калып бирөөнүн убалына калбайын, өзүн сатып алуучу кылып ээрчитип келейин, дагы болуш керек, көп дебеди беле?" деп ары-бери басты. Ойлонуп отуруп анан үйүнө эле барууну чечти. Кечке маал милициядан да гражданча кийинтип ээрчитип алмай болду. Бул Бекбоол Тобокел менен жакшы мамиледе катташып жүргөн досторунан эле. Кумарбек иги-тиги жок жоголгондон кийин дос-туугандары, иштешкендери чогулуп анан абалын сураганы барганда айткан. Тобокел милицияга да жашыруун издөө салып изилдетип жүргөн. Арадан андан бери алты жыл өтсө да ың-жыңы жок сууп да бараткан эле… Ошол эле күнү Бекбоол Тобокелдин үйүнө кеч күүгүмдө барды. Анын келгенинен бир жакшы кабар укчудай болуп кубанып кетти:
– Оо кел досум, мындай кеч келчү эмес элең, жакшы кабарың барбы? – деди.
Тобокел коляскада отурган экен, аны көргөн Бекбоол чоочуп кетти; анын оозу да кыйшая, бир кол, бир буту кыймылга келбей калган эле.
– Ой, сага эмне болду?
– Ээ досум, кан басымым көтөрүлүп өзүмдү билбей жыгылган экемин, дагы жакшы мээге кан куюлуп кетпептир. Үч ай болду, ушинтип отурам. – Ушул кезде Барчынай кирип келди:
– Келгиле, жакшысыңарбы?
– Жакшы, жакшы аяш, бу Төкөмөн кабар албай уят болгон экенмин, эми дарыланып жакшы болуп кетесиң. Баса, мен келгеним, бир иничек таптым, ошого экөөбүз барып келели дедим эле.
– Кандай иничек? – Тобокелдин жүрөгү булкуп алды, – Бир эле изи чыкса калганы өзүн-өзү сууруп чыгат эле. Аттиң, Кумашымды кандай гана пенде чыркыратты экен ээ? – көз кычыктарынан жаш кылгыра колдору билинээр билинбес калтырай үн катты Тобокел.
– Токе, антип кейий бербе, өзүңдү кармасаң, кан басымың дагы көтөрүлүп кетпесин, – Бекбоол чоочуй карады.
– Кантем анан Баке, колум менен ак кепиндеп көмсөм да башка кеп эле, ооруп же бир кокустап өз колумдан өлсө да арман жок эле…
– Кантебиз Токе, бешенеге ушуну жазган тура, Белегим жаш кетти, Кумашым… – Барчынай да ый бууган тамагын "ык" деп алып буулугуп ыйлап ийгиси келип турду.
– Койгула эми, мына бул ишти тездетели, бүгүн сөзсүз барышыбыз керек, бир милицияны алып алалы, ал гражданча кийинип алсын, – деди Бекбоол өзүн ыңгайсыз сезе бул өксүк жандардын көңүлүн канткенде жубатаарын билбей сөздү башкага буруп.
Алар кеңешип алышып шаар четиндеги айылга жөнөштү. Тобокелди машинага отургузуп алышты. Машина үйдүн жанына келип токтогондо Жамил чыга калды. Ошондо үй ээси кошо чыгып карап туруп калды.
– Сизби алтын сата турган? – Тобокел аны сынай карап сурады.
Жамил эч нерседен капары жок: "Бул кинодогудай машинадан түшпөй туруп сураганына караганда бандиттердин ана башы го, а кокус жөн эле тартып алсачы" деп ойлонуп алды да:
– Ооба.. – деди бош.
– Алып чыкчы көрөйүн, чыныгы алтынбы же?
– Азыр… – Жамил үйүнө кирип баштыкта аярлап салып койгон тай туяктардан төртөөнү көргөзгөндө Тобокел: "Мм" деп өзүнчө ичтен онтоп алды:
– Дагы канча бар?
– Башка жок, болгону ушул.
– Бул үй өзүңдүкүбү?
– Жок, батирде турам.
– Жүр, акчасын үйдөн берем, мен мынчалык баалуу экенин билбеген экенмин, мындай алтын азыр жок, а сен кандайча ээси болуп калдың?
– Аа-аа, мен… мен… – Жамил мукактана жооп бере албай калды.
– Мейли, кыскасы буюмуң баалуу экен, өзүң батирде турсаң, жакшылап төлөп берейин, – дегенде Жамил: "булар үчөө экен, мени ээн талаага алып барып өлтүрүп койбос бекен?" деп бир азга кыйылып туруп анан тиш доктурдун отурганынан шекшибей машинага түштү. Зуулдата бараткан шофёр эч нерсе сурабай эле аларды Фрунзедеги кылмышкерлерди кармоочу жайга айдап келип токтотту. Адегенде Жамил эч нерсени байкабай эле машинадан түшүп тигилер менен басып баратып тык токтой калды: "бул жер милициякана го?" деп жүрөгү солк эте элеңдей тигилерди карап кетенчиктей калганда милициянын майору Зыпар Жанболотов:
– Эмне, коркуп кеттиңби? – деп желкесинен кармай алдыга түртө өз бөлмөсүнө алып кирди, – Сен жакшылап бул алтынды кайдан, кантип тапканыңды жаз, чындыкты гана, бир эле калпты кошсоң кесилип кетесиң! – деди алдына калем-кагаз берип. Жамил эмнени жазаарын билбей көпкө отура берди; "Атамдарды да сурашат да, эми эмнени жазам" деп ойлонуп айласы кетип турганда Зыпар:
– Болбойсуңбу, болгонун болгондой жаз! – деп столду катуу муштаганда селт дей түштү Жамил.
– Эмнени, эмне деп жазам? – көздөрү алаңдаган Жамил майорду жалооруй тиктеди.
– Сен алтынды кайдан алдың?
– Мен… мен таап алгам, түндөсү бирөөнүн жер казып жатканын карап туруп ал кеткенде кийин ачып көрсөм ушул экен.
– Калп, адам өлтүрүп алгансың, айт ошону, кимдер бар дагы сени менен!