Уважаемый читатель,
если желаете получить книгу полностью, то нажмите сюда ..
Урматтуу окурман,
китепти толук алам десеңиз, ушул шилтемени басыңыз..
ggle_h


Бишкек шаарындагы кыргызча китеп соодасы Кат_китеп
ggle_v

Айгџл ШАРШЕН: Кек кууган бала • Мазмуну • Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала:
  1.
1-бөлүк
  2.
2-бөлүк
  3.
3-бөлүк
  4.
4-бөлүк
  5.
5-бөлүк
  6.
6-бөлүк
  7.
7-бөлүк
  8.
8-бөлүк
Китептин
толук варианты


ggle_v


• Жаныбек ЖАНЫЗАКтын китепканасы • Айгџл Шаршен Айгүл ШАРШЕН
•  
Маскачан аял
•  
Эркин селсаяктар
•  
Солуган өмүрлөр
•  
Өзгөчө базар
•  
Өчпөгөн сезим
•  
Сыр катылган
жалгыз там
•  
Кек кууган бала
•  
Атасынан тууган кыз
•  
Ойнош
•  
Үмүт шооласы
•  
Күбүлгөн розалар
•  
Күкүк эне же сойкунун тагдыры
•  
Көз ирмемде бир өмүр


Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала
<<< мурунку бөлүм

– Болуптур, азыр кийинип чыгайын, – деген кыз ичке кирип Зымырат менен Камбар, Суусаркан үчөөнүн түшкөн эски сүрөтүн, катты сумкасына салып алды да жасана кийинип чыкты. Анын азыркы турпаты чынында Зымыратка окшоп, бет түзүлүшү Камбарга куюп койгондой эле. Гүлжигит аны көрүп: "тобо-оо эгер жасанып алса чырайына чыгып калат тура" деп ойлоп машинанын эшигин ачты эле Роза отурганда рулга отуруп айдап жөнөдү.
Алар келгенде Камбарлар стол үстүнө жайнатып, тамагын асып коюп күтүп отурушкан. Роза кирип алар менен баш ийкешип учурашкандан кийин эч нерсе билбейт деген ойдо чай куюп отурган Зымырат Суусаркан жөнүндө сурай кетти:
– Роза, апаң эмне оорудубу, атаң кайда эле?
– Ата дегенди билбей чоңойдум, апам менин эң кымбат адамым эле, ал мындан беш-алты жыл мурун башым деп жатып эле кете берди, мен анда он төрттө болчумун.
– Аа – байкушум десе… – Зымырат ыйлап ийе жаздаганда Камбар аны тыйды.
– Койсоңчу Зымыш, балким башка Суусаркандыр, – Розаны карай сүйлөдү, – Кызым, апаңдын сүрөтү барбы? Зымырат бир кездеги курбу кызы менен алмаштырып жатат окшойт, – деди токтоо.
– Бар, мен апамдын сүрөтүн дайым ала жүрөм, – деп ал жалгыз түшкөн Суусардын сүрөтүн сумкасынан алып чыкты.
– Ошол, байкуш ай, жапжаш эле өлүп калган тура, – Зымырат дагы токтоно албай чыйпылдап жиберди.
– Ал турсун сиздердин да чогуу түшкөн сүрөтүңүздөр бар! – Роза билмексен боло үчөөнүн сүрөтүн алганда Камбар ордунан тура ары-бери басып: "демек анык экен да, эми кантип айтаар экенбиз, уулум күйүп-жанып сүйүп жүргөн кызы бир тууган эжеси экенин билсе кантээр экен, ушунун баары менин гана күнөөм, мен үйлөнө койбогондо Зымырат муну таштамак эмес" деп айласы кетип муруну, башы-көздөрү өзүнө окшоп маңдайында отурган тун кызын элжирей карап алды: "Ай турмуш ай, эми канттик, экөө тең эч нерсе билбей бизди үйлөнтөт го деп ичтеринен кубанып отурушат, сүйүүнүн азап-тозогуна күйүп көрбөдүм беле" деп дале ойлуу басып жүрдү. Бир кезде Роза бар күчүн жыйнап: – Мен сиздерди түшүнүп турам, ар убак өзүмө жөлөк болчу адам издеп сиздерди да издеп жүргөм, мына бул катты сиз жаздыңыз беле?! – деп Зымыратка жаштуу көздөрү менен караганда анын жүрөгү болк этип кетти.
– Кайсы кат?
– Бул каттагы Зымырат сизби же башкабы?
Гүлжигит окуянын эмне болуп баратканын билбей ар кимисин бир карап дел болуп отура берди.
– Оо жараткан! – Зымырат колуна катты алып эле ордунан туруп келип Розаны кучактай басып калды.
– Каралдым менин, баарын билет турбайсыңбы, садагам! – ыйлап жатып талып жыгылды. Аны зорго диванга алып барып жаткырышты. Гүлжигит эмне болуп кеткенине башы жетпей жерде жаткан баракты окуп алып шарт эте үйдөн чыгып кетти. Ал азыр жалгыз болгусу келди. Оюнда жалаң гана Роза болуп не деген асыл максаттары бар эмес беле: "эми аны кантип эже дейм, кантип унутам, кызык, эми эмне болот?" деп тумандаган миң сан суроосуна жооп таба албай кечке ээн жерде басып жүрө берди: "эми үйгө кантип барам, ата-энем эмне дейт?" ушинтип ойлоп үйүнө баргысы келбей курсташ досуна жолугууга жөнөдү. Ал экөө жолугуп кафеге кирип пиводон ичип көпкө отурду.
– Дос, сен бир нерсеге капа болгонсуң го, мындай эмес элең? – деди Элебес.
– Ээ дос, эмнени айтайын, – Гүлжигит эмне деп айтаарын билбей калп айтты, – Бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү элем, ала качып кетиптир.
– Оой кокуй десе, ошол элеби, сен экөөбүзгө азыр кыздын эмне кереги бар, адегенде окуп билим алып, андан кийин кызматка отуруп алсак кыздар өзү эле келет, ошого да ушунча "грустит" этип атасыңбы?
– Мен аны чын жүрөгүмдөн сүйчүмүн да?! – Гүлжигит төшүн койгулады, саал кызый баштаган болчу.
– Досум, сен анда бала бойдон экенсиң, азыркы сүйүү тоок сүйүү, андан кийин мырза сүйүү, үчүнчү жолу гана чыныгы сүйүү келет, азыр эмне… – деп Гүлжигитти далыга таптай жооткотуп отурду. Ортодон жогору кызуу болуп калган Гүлжигит түн ортосунда үйүнө келип шырп алдырбай бөлмөсүнө кирип жатып алып ойлонуп койот: "чын эле мен аны сүйбөй эле бир туугандык сезим менен жакындашып жүргөнмүн го, чынында бир көргөнүмдө таанышымдай көрүнүп кеткен, анын атама окшош экенин бүгүн көрдүм, көрсө ошон үчүн сүйүп жүргөн экенмин" деп шыпты карап жатып өзүнчө жылмайып алды: "Бир туугандык сезимди сүйүү деп алмаштырып алган экемин да".
Ошол учурда анын бөлмөсүнө Камбар кирди, ал тынчы кетип уктабай отурган, шырп алдырбай кирип кеткенин көрүп артынан кирди да:
– Уулум, мынча кеч келдиң? – деди.
– Жөн эле ата, – Эч нерсени жактырбагандай төшөк менен жүзүн жаап алып бурк этти уулу, – жата бербейсизби!
– Сенден көөнүм тынбады, анан дагы сүйлөшө турган сөзүм бар!
– Мен баарын түшүндүм ата, мага ашыкча сөздүн кереги жок!
– Мейли анда, тынч эс ал, демек түшүнүпсүң да? – Камбар уулунун азыр сөз укпасын сезип чыгып кетти: "Демек түшүнгөн экен, бир тууган болуп эмеле аралашып кетишет, деги жакшы болду, өмүр бою кызыбыз эч кимиси жок жалгыз арман кылып жүрбөй табыштырып койгонуна, байкуш кызым эстүү, чечкиндүү болуп чоңоюптур. Суусаркан абадан жакшы кыз эле, эне кызды жаратат деп чын айтылган экен, жакшы тарбиялаптыр" деп ойлуу көпкө чейин чылым чегип басып жүрдү.
Розага эки-үч сыйра кийим алып беришти. Басса-турса жалынып-жалбарган Зымырат: "аттиң, ушул кыз кыбыраган эле жаны бар ымыркай эле, байкуш Суусаркан кең пейил жан экен да, атын өзгөртпөй чоңойтуп метиркесин дагы атасына жаздырып койгонун, бейиши болгур" деп ойлоп эртеси эрте туруп куран окутуп коюуну ойлоп жатып калды. Розага өзүнчө бир бөлмөнү беришти.
Ал ойлонуп жатып уктап кетти, түшүндө Суусаркан кирип: "Зымырат, Розаны сага тапшырдым, жакшы кара, бөлөк өскөн немени таарынта көрбөгүлө" деп жатыптыр. Чоочуп ойгонуп кетти: "оо айланайын жараткан, кереметиңден айланайын десе, байкуш Суусаркандын арбагы кызымды тапканымды билген тура" деп көпкө уйкусу келбей жата берди. Анын түйшөлүп уктай албай жатканын сезген Камбар:
– Эмне эле ары-бери тынчың кетип атат, уктабайсыңбы? – деди.
– Уйкум келбесе эмне кылайын, Нуржигитти ордуна алпарып жаткырсаң боло, бул дагы чоңойгондо койнуңарга жатам деп балекет болду, – Зымырат наалый кетти, – Тээп ийгенинен чоочуп ойгонсом буту менин тумшугумда экен.
– Өзүңүн ордуна жат дебейсиңби анан, эркелетип алып жатып алган өзүң, – экөө күңкүлдөшүп жатканда эшикте короз кыйкырып калды.
Таң кылайып жерге жарык чача баштаганда Зымырат ордунан туруп камыр жуурду. Антип-минтип балдары ойгонгуча жети токочту кыпкызыл кылып дасторконго коюп баары отургандан кийин Зымырат Гүлжигиттин бөлмөсүнө барса ал жок. Эрте туруп кетип калыптыр.
– Балаң жок, түндө келди беле?
– Келген, мейли ал өзүн колго алып алсын, ага азыр оңой эмес да, акыры баарын таразалап көрүп өзү чечет, убакыт бериш керек! – Камбар кенебеди. Роза ыңгайсыздана кызарып кетти. Аны байкаган ата: – Кызым, өзүңдү эркин сезгин, сен эми баягыдай жалгыз эмесиң, мына биз турабыз, эки иниң бар, – деди анын чачынан сылай жаагынан өөп, – Иниң азыр жаш, көрсө силерди бир туугандык сезимдер байланыштырып жүргөн тура.
– Мен ичимден ойлонуп сиздерди тымызын гана издеп жүргөнүм менен Гүлжигитти иним болуп чыгат деп ойлобоптурмун…
– Эч нерсе эмес, башкысы сен үйбүлөңдү, ата-энең менен бир туугандарыңды таап жалгызмын деген санаадан алыс болдуң, ушуга шүгүр, апаң ушунча жыл сени бул дүйнөдө бар экениңди айтпайт ичтен сызып жүрүп жүрөгү оорукчан болуп бараткан. Көрсө ыраматылык апаңды аяган тура. Эми бул үйдө тартынбай каалагандай жүр.
– Мен үйүм бар да?
– Ал кайда качмак эле, азыр үй таппай жүргөндөргө квартирага берип койобуз, керегиңе жаратасың, макулбу?
– Садага болоюн көпөлөгүм десе, аман-эсен чоңойтуп колума берген Суусарканга ырахмат, ылайым жаны жаннатта болсун! – Зымырат дале кубанычын жашыра албай жатты, – Түндө түшүмө кирип сени мага тапшырып атыптыр, арбагы билип турат окшойт ээ Камбар?
– Ананчы, ал байкуш эч күйөөгө тийбей так өтсө, ал бейиште эле болуш керек?
– Ошондой го? – Зымыраттын жүрөгү зырп этип алды: "Камбарды сүйчү, башканы андай сүйө алган эместир, болбосо жогорку билими бар, өңдүү-түстүү эмес беле?" деп Камбарды карады. Ал мунун оюн биле койгонсуп:
– Өзү өңдүү-түстүү да, акыл-эстүү болчу, эмнеге күйөөгө чыкпады экен?
– Эми анын көзү жок, аны өзүң түшүнөсүң да, – Зымырат туюктап сүйлөгөндө Камбар ага түшүнгөндөй башын ийкей:
– Пешенеси ошол экен да… – деп анан кыраатын келтире куран окуп Суусаркандын арбагына багыштады. Баары бата кылгандан кийин токочтон үзүп жей башташты, бирок Роза баары аны же-ич деп атса да көнө албай жатты. Айланып-кагылып аткан Зымыратты баккан энесине салыштырат: "апам байкуштун өзү болсо бекем кучактап алып өпкүлөп алат элем, өз энем болгону менен мен буларга боор бере албайт окшойм" деп ойлогон Роза эрте мененки чайдан кийин үйүнө барууну суранып кетти. Үйүнө келип жатып алып кубанаарын же өкүнөөрүн билбей чалкасынан жаткан бойдон мелтирей ойго батты: "Гүлжигитке кыйын эле болду го, чынында мен деле жакшы көрүп калганмын, карасаң бир тууган болуп калганыбызды" деп көз кычыктарынан аккан жашы кулагынын кыры менен чачына сиңип андан жаздыкты суулап атты. "Неге менин тагдырым мындай, бир азаптан кутулсам бири пайда болот, ата-энемди таап кубанайын деп турсам сүйүүдөн куржалак калдым, балким эми башка адамды сүйбөстүрмүн, мындай сүйүү келбейт чыгаар" кечке ооналактап жатып уктап кеткен экен, түшүнө апасы кирип атыптыр. Ал аппак көйнөк кийип алыптыр, босогодон бери өтпөй эшикте көпкө чейин Розаны карап туруп анан: "кызым көп ойлоно бербе, сени атайы ата-энеңе жеткирейин деген эле шылтоо болчу, сен сүйүүгө кабыласың, бактылуу болосуң, али сенин келечегиң алдыда, ата-энеңди сыйла, жакын бол, алыстабай жүр" деп коюп көздөн кайым болду. Ошол тушта эшикти бирөөлөр тыкылдатып жаткан экен, чоочуп ойгонгон Роза чындап эле эшикти ача албай жүрөгү дикилдеп туруп калды. Дагы бир ирээт тарсылдатканда:
– Ким? – дегенге жарады.
– Мен эле, Роза ачып койчу? – деген квартирант кыздын үнү угулганда гана илгичтен чыгарып жиберди.
– Аа-а сен белең? – Роза кайра артына бурулуп ордуна келип жатып алып: "Арбак деле билет тура, анда неге ойгоо жүргөндө көзгө көрүнбөйт, эгер азыр келсе коркот белем же кучактап калаар белем?" деп ойлоп башы катты: "Жо-ок, өлгөн адамды өңүндө көрсө бардык эле киши коркот чыгар" деген ойлор менен алпурушуп жатып кайрадан көзү илинди. Бул жолу ал эч нерсени сезбей уктаган экен, тиги эки кыз тамак жасап алып аны ойготуп ийишти.
– Ай Роза, сен түндө уктаган эмесиңби ыя, бизге деле жигит таап берсең боло, өзүң эле гүлдөй жан болуп жүрө бербей.
– Ал менин жигитим эмес, иним, – Роза уйкусу бузулуп, жаткан жерине отуруп алып көздөрүн ушалай айтып муну.
– Апей, жигитиң деп жүрсө, күндө эле жаныңда турганынан? – Эки кыз ишене бербей бирин-бири карады.
– Мен таарынып үйгө барбай жүргөм, күндө келет, акыры үйгө алып барып таарынычымды жазышты, – деп айткан Роза: "жигитим деп айтпаганыма тобоо, кудай бир сактаптыр" деп ойлонуп алды.
– Ай, анда сенин иниңди чабыш керек экен ыя? – тиги кыздар тамашалай каткырды.
– Колуңардан келсе чапкыла, каршылыгым жок, – Роза ордунан туруп ажатканага кирди. Эшикте түн, "тигилер мени келбей калды деп сарсанаа болоор бекен же келет да дешип кайдыгер калаар бекен, байкап көрөйүн" деп ойлоп кыздардын катарына отуруп алып тамактана баштады. Кыздар өтө шайыр тамашакөй эле, кайрадан Розаны тамашалай баштады:
– Мен аны сени жигитиң экен деп ойлогом, мага бир көргөндө эле жагып калган, – деди кара тору, ооздору бөйтөйгөн, көздөрү тептегерек кыз Элиза.
– А менчи, мен деле бир көргөндө жактырып калгам, – Аида да шакылдап жөн турбай, – Сулуу жигит ээ, аты ким? – деди Розаны карап.
– Гүлжигит.
– Ой-иий, аты да укмуш тура, жигиттин гүлү дегендей бар экен.
– Болду эми, көзүңөр тийет, – Роза аларды сумсая карап: "жигитим деп жүрсөм иним болуп калса аргам канча" деп ойлонуп экөөнү тиктеп калды.
– Эми келгенде сөзсүз чабабыз.
– Сөзсүз! – Ал экөөнү караган Роза: "эми биякка келсе чабасыңарбы, келбесе кантесиңер?" дегендей телмире көз алдына Гүлжигитти келтирип жылмайып койду. Аңгыча каалга тарсылдап калды. Элиза чыгып эшикти ачып Гүлжигитти көрүп артына бурулду.
– Роза, иниң келиптир!
– Азыр, – Роза ордунан эшикке жеткенче бир нече ойду ойлоп жиберди: "Өзү эле келдиби же тигилер жибердиби, балким ата-энеси түшүнгөндүр". Босогодо турган Гүлжигит жылмая карап:
– Атамдар чакырып жатат! – деп ары басты, – Кеттик!
Роза үндөбөй анын артынан басып келип машинага отурду.
– Кечирип кой, мен билбестик кылган экенмин, көрсө экөөбүздү бир туугандык сезим жабыштырган тура, мындан ары менин сүйүктүү эжемсиз, – деди рулда келаткан Гүлжигит.
– Эч нерсе эмес, табышуу үчүн да, таанышуу үчүн да бир себеп болот да. Сенин баарын түшүнгөнүңө кубанам. – Роза жадырай жооп берди.
– Чыныда сенин абдан сумсайган мерездигиң болбосо башкача болмок, – деп Гүлжигит ойлуу жолду карап баратып айтты, – Мен сендей эжем менен сыймыктанам!
– Рахмат! – Экөө бат эле жетип келишкенде үйдөн Зымырат чыга калды.
– Ой Роза, садага болоюнум десе, эмнеге келбей калдың, атаң экөөбүз аябай сарсанаа болуп кеттик, биздин мамилебиз жакпай калдыбы деп ойлогонубузчу? – деп Розаны эки бетинен өөп үйгө колтуктай кирди, – Садагам эки көзүмдөн учуп жүрүп зорго таап алсам анан сен кетип калсаң болбойт го, менин жүрөгүмдүн жарасы жаңы эле айыкканы турса, кайрадан ырбатып ала көрбө каралдым.
– Ой, тынчсызданбай эле койбойсуздарбы, мен көнгөн үйүмдө эле жатып алсамбы дегем.
– Кой балам, убагында жалгыз болдуң, эми эч качан сени жалгыз койбой калалы, андан көрө биз менен аралашып көн, өзүңдү чоочун сезбе, сен мына экөөбүздүн эле кызыбызсың, өгөй-кагай эмеспиз балам.
– Ошону айтсаң, апаңдын жамандыгы, ошондо айтып койгондо бөлөк өстүрбөй дароо эле алып келип алмакмын, – Камбар кызынын жанына келип жүзүнөн сүйө, чачынан сылай кучагына кыса отурду, – Мына мен сенин өз эле атаңмын, кичинеңден өстүрүп эркелетпесем да эми сени төбөмө көтөрүп багам, жалгыз кызыбызсың айланайын, – Камбар кызынын көкүлүнөн жыттап койду.
Тамак жасап алып ичпей отурушкан экен, алдыга эми чыныларга куюп алып келди.
– Ато-ов, Роза эжемди кантип жоготуп ийдиңер эле? – Нуржигит эркелей сурап койду.
– Роза эжеңди апаң уурдатып жиберген, эми кайра таап алдык, – Камбар уулунун мурдунан чымчый эркелетип койду, – сен дагы бейбаштык кылсаң уурдап кетет.
– Эмне Роза эжем аябай бейбаш беле?
– Ананчы, абдан тентек болчу, – Зымырат Розага карап көзүн кысып койду.
– Анда мени таап аласыңар да ээ?
– Ок, оозуңа келгир, жөн отуруп тамагыңды ич! – Зымырат аны чоочуй карады, – Азыр жоголгон балдар табылбайт, көчөдө көп жүрбөй эрте келип жүр!
– Ики, балдарды алба-айт, кыздарды алат.
– Болду эми тамак ичели, – Гүлжигит инисин тыя сүйлөдү, – эркелетип койсо чолчоңдоп кетесиң да.
Нуржигит унчукпай оокатын ичип калды. Ортодо андан кийин сөз болбоду. Тамак ичилип бүткөндөн кийин гана Камбар Розаны карай сүйлөдү:
– Кызым, окууң кандай эле, эмдиги жылы окууга киргизип койсом кантет?
– Окуум жакшы эле, аттестатым жалаң беш…
– Оо кокуй анда без проблем окуйсуң, тааныштар толо, бир кызымды окутпасам анда достуктан кечип койбоймбу?
– Көп мактана бербей кайсыга тапшырат, кандай даярдык көрүш керек экенин түшүндүрбөйсүңбү? – Зымырат күйөөсүн жактыра бербей сүйлөдү, – болоор ишти кеңешип чечиш керек, анан сенин досторуң менен баланын иши эмне?
– Койдум кемпир, кызың келгенге сен бизге чоң-чоң сүйлөй баштадың го?
– Ананчы, көпөлөгүмдү көзүмө сүртө албай зорго жүргөндө кудайым минтип берип койбодубу?
– Болду, болду эми, мен кызымды кудай буйруса мединститутка окутам.
– Жок, мен мугалим болгум келет, апам мага менин жолумду жолдоп мугалим болосуң деп көп айтчу, аны унутуп койгонум болбойт.
– Аа-а мейли кызым, мугалимдик кесип дагы абдан жакшы, мына апаң экөөбүз ээрчишип барабыз, ээрчишип келебиз, бирок азыр заман такыр башка кызым, элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол деген убак. Ошон үчүн сени башка окууга тил боюнча котормочулукка киргизейин.
– Макул, өзүм англис тилинен жакшы окугам, эркин окуйм.
– Эң сонун, анда сен дапдаяр экенсиң, документиңди даярдап туруп киргизип койом.
– Ошент, окуп алсын! – Зымырат күйөөсүн коштоду.
Розаны ошол бойдон өз үйүнө жибербей койушту. Ал чынында кудайга ыраазы, бирок такыр ата-апа деп айта албай кыйналып жүрөт. Гүлжигит экөө кээде бир нерсени талашып-тартышып бири-бирин жеңе албай бөлүнүшөт. Экөө абдан ынак. Нуржигит да эжелеп жанынан чыкпайт. Баягы сарсанаа, убайымдан арылып, "жалгызмын, өбөк-жөлөгүм жок" деп арман кылчу Розанын көңүлү ток. Эмдиги жылы күзүндө окуганга даярдыкты эмитен көрө баштады…

ggle_h



ggle_v
bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!