Уважаемый читатель,
если желаете получить книгу полностью, то нажмите сюда ..
Урматтуу окурман,
китепти толук алам десеңиз, ушул шилтемени басыңыз..
ggle_h


Бишкек шаарындагы кыргызча китеп соодасы Кат_китеп
ggle_v

Айгџл ШАРШЕН: Кек кууган бала • Мазмуну • Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала:
  1.
1-бөлүк
  2.
2-бөлүк
  3.
3-бөлүк
  4.
4-бөлүк
  5.
5-бөлүк
  6.
6-бөлүк
  7.
7-бөлүк
  8.
8-бөлүк
Китептин
толук варианты


ggle_v


• Жаныбек ЖАНЫЗАКтын китепканасы • Айгџл Шаршен Айгүл ШАРШЕН
•  
Маскачан аял
•  
Эркин селсаяктар
•  
Солуган өмүрлөр
•  
Өзгөчө базар
•  
Өчпөгөн сезим
•  
Сыр катылган
жалгыз там
•  
Кек кууган бала
•  
Атасынан тууган кыз
•  
Ойнош
•  
Үмүт шооласы
•  
Күбүлгөн розалар
•  
Күкүк эне же сойкунун тагдыры
•  
Көз ирмемде бир өмүр


Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала
<<< мурунку бөлүм

Розаны коноктоп анан узатып коюшту. Гүлжигит ичинен кубанып: "демек атамдар каршы болбойт, тойду тездетиш керек" деп ойлоп Розага:
– Көрдүңбү, алар сени жактырышат, апам "биринчи келинимди кызымдай эле көрөм, анткени кызым жок, экөөңөр элесиңер" деп калат, иним али мектепте окуйт, – деп мактана сүйлөп баратты. Роза негедир унчукпайт, анын жандүйнөсүндө бороон улуп, деңиз толкугандай жүрөгү уламдан-улам солк этип кайра ылдамдай согуп: "үйгө тезирээк жетсем эле сүрөттөрдү карайм, анан тигил экөөнү салыштырам, оо кудай ошолор болуп калса анда Гүлжигит менин иним болуп калат турбайбы" деген ой башына келтек тийгендей зыңгырай көздөрү караңгылап баратканда машина токтоп Гүлжигит адаттагысындай эле:
– Келип калдык, чоң кыз, – деди колун суна. Бул жолу Роза ага колун бербей эле өзү түшүп:
– Кош Гүлжигит, менин башым ооруп чыкты, тезинен үйгө барайын, – деди да товар салынган чоң сумканы көтөрүп шашыла кирип кетти: "Роза, эртең келем", – деген жигиттин жообун бергенге үлгүргөн жок: "Эмнеге, эмнеге эле мелтирейт, эгер бул мени сүйбөсө менин жан талашканым кеп деле эмес го, эмнеге мынчалык мерез" деп ойлонуп анын артынан бир азга карап туруп анан машинасын жылдырды.
Бая Роза менен Гүлжигит чыгып кеткенден кийин Камбар Зымыратка:
– Сен эмне эле киши тосуп көрбөгөнсүп бир кыздын көзүнчө өзүңдү жоготосуң? – деди.
– Каке, мен эми сага сырымды ачып бербесем болбойт, Гүлжигит бая күнү мага: "апа сүйлөшкөн кызымдын аты Роза, абдан жакшы кыз" деген. Бүгүн көрүп жүрөгүм токтоп кала жаздады.
– Эмне үчүн?
– Анткени ал биздин кызыбыз Каке, балаң аны сүйөм деп атса, миң түркүн ойду ойлоп ийбедимби?
– Койсоңчу, сен ал кызды өлүп калган дебедиң беле?
– Жок, ал өлгөн эмес. Мен аны Суусардын эшигине алып барып таштагам, ал турсун менин кызым экенин ачык айтып кат жазып "экинчи барбайм, кызды талашат деп коркпо", – деген элем, сөзүмө туруп барган жокмун, байкуш Суусаркан жаш эле өлүп калган тура!
– Кызы-ык, эми балаң кандай абалда калат, муну укса, элеп-желеп болуп жүргөн неме…
– Айтып түшүндүрөбүз, садагам татынакай болуп чоңойгон экен, эртең Гүлжигитти алып кел дейли да орой көз чарай болуп отуруп айталы, түшүнөөр…кечирээр?
– Ай ким билет, сен эле кайдагыны чыгарып атасың билбейм, эртең дагы тактап сурап билээрбиз, бул дүйнөдө бир эле Суусаркан бар бекен, аты уйкаштар көп да?
– Жо-ок Каке, мен көрүп эле сезип-билип алдым, негедир көздөрүн көргөндө эле сенин жаш кезиңди көргөндөй болуп кызыктай болбодумбу.
– Эгерде ошондо Суусарканга таштаганыңды билсем дароо эле алып келмекмин, сен айтпай койдуң.
– Мен Суусарканды аядым, ошондо үч ай болуп калган, күнү-түнү уйкудан безип жаш бала багуу оңойбу, байкушту сыздатпайын дедим да…
Аңгыча Гүлжигит келип калды, кирип келип эле:
– Апа, сиз эмне болуп кеттиңиз, анын апасын тануучу белеңиз? – деди суроолуу тигиле.
– Ооба уулум, анын апасын атаң экөөбүз тең таанычубуз, – деди көздөрүн ала качып Камбарды карай. Камбар: "айтпа" дегендей башын чайкап койду. Муну байкап калган уулу:
– Силер менден бир нерсени жашырып жатасыңар го ээ? – деп жалдырай сурады.
– Эмнени жашырмак элек уулум, бул кызды деги кайдан таап жүрөсүң? – Камбар андан тактай сураганда анын жини келе:
– Демек мен эми түшүндүм, анын жетимдигин кемсинтип, мага тең эмес деп турасыңар го, силер каршы болсоңор дагы мен Розага үйлөнөм дедимби үйлөнөм! – деди ички үйгө кирип баратып.
– О-ок! – Зымырат чыңырып ийгенин өзү да билбей калды. Гүлжигит чоочуй артына карай салса Зымырат жыгылып бараткан экен, жетип кармай калды. Камбар дагы чоочуп кетти. Диванга жаткыргандан кийин эс ала түшүп: – уулум, эртең Розаны ээрчитип келчи, мен өзүм жакшылап сүйлөшөйүн, – деди уулун жалдырай карап.
– Макул апа, алып кел десеңер азыр да алып келем!
– Азыр болбойт, биз аны коноктогудай кылып камынып алалы, – Камбар токтоо сүйлөдү, – Үйлөнө турган жигит да сендей болобу, мынчалык жеңил болбой жүр уулум, ар нерсенин убакыт-сааты болот.
– Силер айткандай эле болсун, апа коркутпаңызчы, деги сиздин денсоолугуңуз начарлап баратканбы дейм?
– Коркпо, апаңдын ден-соолугу кудайга шүгүр эле, бир аз ойлонгондуку эле?
– Анда мен жатам, чарчадым, – Гүлжигит бөлмөсүнө кирип кетти.
– Эй бала, бирдеме ичип алсаң боло?
– Жок, кардым ток.
Эне-ата үндөбөдү: "Мейли ал дагы ойлонуп жатат, акыры түшүнөт, кайда бармак эле, тагдыр деген ушундай тура!" деп ар кимиси ойлонуп кала берди. Камбар: "мына кызык, ушунча жылдан бери мага бир ооз айтпай ичтен сызып чыдап жүргөнүн, Суусарканды аяган тура, байкуш кыз жакшы неме эле, Зымыратты ал дагы түшүнгөн, болбосо ал мени сүйчү эле, тобоо, деги бу жумуру баштан эмнелер гана өтпөйт" деп аялын аяп турду.
Өзү кайрылып келгендеги көзүнүн жашын мөндүрдөй төгүп сөз айтууга чамасы келбей үнсүз ыйлап турган Зымыраттын ошондогусун эстеди: "көрсө аны аяп айта алган эмес тура". Зымырат да ой түбүндө калкып эчен жылдардан бери ичтен сыза: "Суусаркан Розанын атын өзгөртүп алды бекен же ошол бойдон багып жүрөбү, күйөөгө чыкса кызымды өгөйлөп батырбай эмне күндө болуп жатты экен" деп ойлонуп жүргөнүн, анын аты өзгөрбөй эле маңдайында суйкайган кыз болуп бойго жетип жигит жандап… болгон да бир эне, бир атадан туулган инисинин сүйгөн кызы болуп келгенин көргөндө жүрөгү ийне менен сайгылагандай сыздап кетти: "сенин улуу эжең бар, аты Роза, издей жүр" десем болмок экен" деп өзүнүн каталыгына ичинен жини келип алды.
Эртеси эрте туруп Камбар менен Зымырат базарга жөнөмөк болду. Гүлжигиттин адаты түшкө чейин уктамай: Ал ойгонгочо келип калабыз деп чыгып кетишти. Гүлжигит туруп эле ата-энесин таппай калды: "базарга кетишкен го" деп жуунуп эми чай ичмек болуп столго отуруп жатканда Камбарлар кирип келди. Оңор эмес чоң-чоң эки сумканы көтөрүп киришти. Анан чогуу тамактанып Гүлжигитке эч нерсе айтпай эле "Розаны алып кел, коноктоп, жакшылап сүйлөшөлү" деп жиберишти.
Гүлжигит: "жагып калды бекен, жакшылап коноктойбуз дегенине караганда бир сыр бар, балким сынаганы жаткандыр" деп ойлоп тез эле Роза жашаган үйгө келди. Келсе ал үйүндө экен, базарга чыкпаптыр. Гүлжигитти көрүп "кел" деп башын ийкей учурашкан болду. Жигит кызды бетинен өөп койду да:
– Атамдар сени чакырып жатат, тезирээк келгиле деди, – деп айтканда Роза сумсайган жүзүнөн нур төгүлө жадырай:
– Эмнени сүйлөшөт экен? – деп койду.
– Билбейм, иши кылса ээрчитип кел деп мени жиберишти.

ggle_h



ggle_v
bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!