Аттиң, бирине-бири дилдерин берип, өмүрлүк жубайлардан болууга ата-энесине алып бараткан менен, алардын алдында кандай ажыроо жатканын, экөө бир тууган болуп чыгаарын билсе, анда сүйүү сезимин Гүлжигит Розага айтмак беле?! Зыпылдаган машинада бараткан кыз: "менин томолой жетим экенимди билсе каршы чыгышат го, ай кудай ай, апакемдин өзүнүн эле кызы болгонумда эмне, оо кагылайын апаке, мага жардам берчи, Гүлжигиттен ажырабай бир өмүр бирге жашасам экен" деп ойлуу. Гүлжигит өзүнчө: "жетим болсо эмне экен, мен сүйөм, ансыз деле өздөрү сүйүп баш кошушкан эмеспи, түшүнүшөт, келиниме өз ата-энесиндей мамиле кылышат" деп ойлонот. Машина чоң дарбазалуу үйдүн эшик алдына келип токтоду. Гүлжигит адегенде өзү түшүп анан Роза отурган эшикти ачты да анын сунган колун ала жетелей үйгө ээрчите кирип барышты. Алардын кирип келгенин көргөн Зымырат делдээ туруп калды...
Зымырат кызын Суусарканга таштап келгенден кийин эле аз өтпөй Камбарга жолугуп калды. Ал жолугаары менен өзүн издеп жүргөнүн айтып кечирим сурап жалбарып да, жалынып да жатты. Кыз жүрөгү ансыз да канап боор этинен жаралган кызын таштап келгенге үшүгөн жалбырактай дирилдеп үнсүз көзүнүн жашын төгүп турду: "Кайдан билдим, эми кеч, кагылайын кичинекей наристем ай, энеңдин эмчек сүтүн кана эмбей өлүү сүт менен чоңойо турган болдуң, минтип Камбардын келээрин билсем сени таштамак эмесмин, кечире көр кичинекей көпөлөгүм..." Анын көз жашы Камбардын колуна таамп кетти. Ал аны имере кучактап алып кечирим сурап жаткан, колу төшүндө эле. Үнсүз муңайып турган селкисин ого бетер кыса кучактап:
– Жаным биргем, сен үчүн баарынан кечип баса бердим. Эмне, төрөдүңбү, кайда ал? – деп шыбырай сурады, – бир көрсөтчү, менин уулумбу же кызымбы…
– Кыз болчу… – Зымырат да алсыз шыбырады.
– Кыз болчу дейсиңби?! Эмне болду ал, бол эртерээк айтчы Зымыш?
– Ал өлүп калган!
– Эмнеге?
– Ичтен кыйналса керек. – Ошону менен сөз бүттү.
Камбар менен Зымырат бирге жашап той да өткөрүштү. Ата-энеси кайра-кайра чакыртса да барбады: " Мен силер үчүн өлгөн кишимин, менин калоом, жүрөгүм менен ишиңер жок, мен аны сүйбөйм, жашабайм" деп кат жазып досунан берип жиберди. Анын алган аялы Акчайым аргасыздан үйүнө кетип калды. Камбар болсо өзүнүн кылган кемчилигине өкүнүп кечирим сурап:
– Эгер мен үйлөнүп албаганда сен аман-эсен көз жарат элең, кызыбызды эркелетип отурмакпыз, – деп улутунду эле Зымырат ага бир сыр билгизбей:
– Камбар, ага кейибей, өлгөнүн кайра-кайра эле айта бербей унут эми, мына кайрадан боюма болуп калыптыр, кызыбыз үч ай болмок, эмдиги жылы ушул маалда көз жарып алсам үч ай болуп калат. Кызыбыздан бул туура бир жаш кичүү болот экен, – деди жылмая күйөөсүн кучактап. Айткандай эле Розанын төрөлгөн күнүнөн эки күн өткөндө Зымырат уул төрөп атын Гүлжигит койгон. Ошол Гүлжигит ушул Розасын жетелеп келип атпайбы?!
– Эй Зымырат кантесиң, конокту кел десең боло, сага эмне болду? – Камбар аялын таңгала карап алып кайра тиги экөөнү карады, – Кел, келегой кызым, отургула, – деп анан: "аа байкушум, келиндүү болот экемин деп кубанганынан го?" деп кайра отуруп калды.
– Эмне дейсиң Гүлжигит?
– Апа, сиздер…
– Мм… – Зымырат сүйлөйүн деп келатканда Камбар сүйлөп ийди:
– Кызым, кайда жашайсың, ата-энең каерден?
– Мен… мен жалгыз жашайм, Чаң-Кеминден болом, апам жашымда эле өтүп кеткен…
– Бир туугандарың барбы?
– Жок, жалгызмын…
– Камбар! – Зымырат үнүн катуу чыгарып күйөөсүн тыйды, – Кызым… атың ким? – Зымырат кызга карады, анан жан дүйнөсү будуң-чаң болуп: "Оо кудай бул менин Розам го, Суусаркан өлүп калганбы, жашымда эле өлгөн дейби, бул күнгө чейин кантип жашап жүрөт, мен айбан, бир жолу барып койбогон" деп кызды телмире тиктеди.
– Роза.
– Апаңдын атычы?
– Суусаркан! – дегенде Зымырат ордунан туруп барып кызды кучактай калды:
– Кагылайыным десе, сени да көрөөр күнүм бар экен ээ, Суусаркан байкушумдун кызы турбайсыңбы?!
– Ооба… – Кыздын да мууну калчылдап: "качан 'мен сени төрөгөн апаңмын' деп айтып ийет?!" деп күтүп көздөрүнө жаш толо калды. Бирок Зымырат эч нерсе дебеди.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.