Уважаемый читатель,
если желаете получить книгу полностью, то нажмите сюда ..
Урматтуу окурман,
китепти толук алам десеңиз, ушул шилтемени басыңыз..
ggle_h


Бишкек шаарындагы кыргызча китеп соодасы Кат_китеп
ggle_v

Айгџл ШАРШЕН: Кек кууган бала • Мазмуну • Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала:
  1.
1-бөлүк
  2.
2-бөлүк
  3.
3-бөлүк
  4.
4-бөлүк
  5.
5-бөлүк
  6.
6-бөлүк
  7.
7-бөлүк
  8.
8-бөлүк
Китептин
толук варианты


ggle_v


• Жаныбек ЖАНЫЗАКтын китепканасы • Айгџл Шаршен Айгүл ШАРШЕН
•  
Маскачан аял
•  
Эркин селсаяктар
•  
Солуган өмүрлөр
•  
Өзгөчө базар
•  
Өчпөгөн сезим
•  
Сыр катылган
жалгыз там
•  
Кек кууган бала
•  
Атасынан тууган кыз
•  
Ойнош
•  
Үмүт шооласы
•  
Күбүлгөн розалар
•  
Күкүк эне же сойкунун тагдыры
•  
Көз ирмемде бир өмүр


Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала
<<< мурунку бөлүм

Көңүлү бир аз болсо да тынчыгандай болгон кыз апасы Суусаркандын сүрөтүн колуна алып көпкө-ө чейин карап отура берди: "Апакем, алтыным менин, мен сени аябай сагынып кеттим, бейиште жүрөсүңбү деги апа, менин жашоом үчүн өлөөрүңдү билип анан кам жегенсиң го ээ, болбосо мага эч нерсени ээ кылмак эмес, бейиште эле жүрчү апаке" деп ойлонуп отуруп эле эчкирип ыйлап жиберди. Он чакты күндөн кийин базарларды аралап көрүп жаңыдан соодага чыгып жаткан кыргыздарды байкап анан базар экономикасын чыгарган өкмөткө нааразы боло баштады: "Деги эмнеден баштайм, бир аз акчам түгөнсө жашоого мүмкүн болбой да калат, жеп-ичип отуруп алсам мени ким аямак эле? Кой, эптеп бир нерсе кылайын" деп ойлоп өзүнө ылайык эле майда-чүйдө саткан стол даярдап тамеки менен семичке, дагы майда баратты коюп алып сата баштады.
Күн өтүп убакыт жылга алмашып шаарга келгенине жыл айланып калды. Баягыдай эле бир үйдө жапжалгыз жашайт. Бир бөлмө үйүнө квартирант алууну ойлоп өзү да жалгыздыктан тажаганын билди. Көп эле жигиттер айланчыктайт, бирок Роза бир да жигитке оңдуу жооп берип же жылмайып сүйлөбөдү: "Мендей томолок жетим кызды ким эле теңине ала койсун, тебелеп-тепсеп шылдың кылып кетип калса мен дагы төрөгөн энемче баламды талаага таштап жүрбөйүн" деген ойдо. Анын жанына кээ-кээде бир өзү курдуу жигит келип бир азга туруп анан кетет. Анын атын да билбейт. Жылдыздуу жаш жигитти мостойгон суз мамилеси менен узатып койот. Бир күнү ал:
– Чоң кыз, мынчалык неге сузсуң, танышып алалы, менин атым Гүлжигит, – деди жылмая карап.
– Роза, – деди дале суздугунан жазбай.
– Атыңызга затыңыз жарашып абдан сулуу экенсиз, чын эле атыңызды таап койгон экен ата-энеңиз.
– ?...
– Сүйлөшүп туралы жок дегенде, кай жерден болосуң? – Гүлжигит анын сүйлөгүсү келбей турганын билип туруп эле кайра сүйлөй берди, – бул жерде ким менен турасың?
– Өзүм эле, – Роза келген клиентке чылым сатып атып жооп берди.
– Жалгыз коркпойсузбу, Роза?
– Эмнеден корком, жылаңач келип жылаңач кетчү бул дүйнөдө эмнеге корком?
– Ырас эле… – Гүлжигит ойлуу бир аз турду да коштошо басып кетти. Кыз эмеле жанында турган жигитке кайдыгер мамиле кылып жаткан менен ал кетээри менен жалгызсырай түштү, эки жагын элеңдей: "Кетип калды ээ, эмнеге ага адамча сүйлөбөй койдум, деги мен мерез жаралып калганмынбы же жашоо ушуну үйрөтүп өмүрүм өткөнчө жалгыз өтүп кетемби?" деп санааркай отуруп калды. Көнүмүш турмуш алга жетелей ала салган күндөр өтө берди. Азыр ал жанында өзү теңдүү эки кыз менен жашайт. Экөөнөн батир акысына эки жүз сомдон акча алат. Ошентип көңүлсүз күндөрү өтүп бара-бара ачылып шайыр, күлкүчү, жайдары кызга айланды. Антип-минткиче жыйырмага жашы келип окууну унутуп бүт ою соода болуп алган. Гүлжигит болсо күндө келип жүрүп акыры сүйүүсүн айтып ал турсун үйлөнүүнү сунуш кылды. Кыз ага эмне дээрин билбеди же кеңеш сураар жакын адамы жок. Баягы апасынын төрт бүктөм саргарган катын үч бурчтук кылып чүпүрөккө тигип моюнуна илип алган: "кокус Зымырат дегенди көрсөм катты ага көрсөтөм" деген ойдо жүрөт. Бирок андай кымбат адам ага оңой менен жолуга койбоду. Гүлжигит ага күндө: "качан үйлөнөбүз" дегенин койбоду. Бир күнү ал:
– Жүр Роза, мен сени ата-энем менен тааныштырам, сен аларга сөзсүз жагасың, алар дагы жагат, – деди колдон ала.
– Койсоңчу Гүлжигит, менин томолой жетим, эч кимим жок экенин билсе ата-энең каршы болот, көрөсүң го? – деп Роза ыйламсырап ийди.
– Ал эмне дегениң, алар андай адамдар эмес, ал турсун мамамдар сүйүүнү жакшы билишет, – деди Гүлжигит кыздын көңүлүн сооротууга аракеттенип, бирок Роза айтканынан кайтпады.
– Гүлжигит, мен сага ыраазымын, сенин мен деген жүрөгүңдү үшүтүп атканымды дагы билемин, бирок мага өзүмдөй эле карапайым бирөө болсо.. Өмүр бою өзүмдү кем сезип сени менен жашай албайм! – деп үйүнө кирип кетти.
Ошондон көп өтпөй эле анын жанына машина токтоп, Гүлжигит түштү да Розаны ой-боюна койбой товарын жыйнап машинага жетелеп салып кетти. Жолдо келатып экөө бир урушуп бир табышып анан кыз жигитке таарына минтти:
– Жок дегенде үстү-башымды оңдоп кийинип алсам болмок, базардагы бойдон мени уят кылмак болдуң го?
– Ой сен ушул эле турушуң менен жагасың аларга, – деген Гүлжигит кыңылдай ырдап Розаны карап көзүн кысып койду. Ушул мүнөттөгү көз-караштар нени гана айтпады бири-бирине.

ggle_h



ggle_v
bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!