Уважаемый читатель,
если желаете получить книгу полностью, то нажмите сюда ..
Урматтуу окурман,
китепти толук алам десеңиз, ушул шилтемени басыңыз..
ggle_h


Бишкек шаарындагы кыргызча китеп соодасы Кат_китеп
ggle_v

Айгџл ШАРШЕН: Кек кууган бала • Мазмуну • Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала:
  1.
1-бөлүк
  2.
2-бөлүк
  3.
3-бөлүк
  4.
4-бөлүк
  5.
5-бөлүк
  6.
6-бөлүк
  7.
7-бөлүк
  8.
8-бөлүк
Китептин
толук варианты


ggle_v


• Жаныбек ЖАНЫЗАКтын китепканасы • Айгџл Шаршен Айгүл ШАРШЕН
•  
Маскачан аял
•  
Эркин селсаяктар
•  
Солуган өмүрлөр
•  
Өзгөчө базар
•  
Өчпөгөн сезим
•  
Сыр катылган
жалгыз там
•  
Кек кууган бала
•  
Атасынан тууган кыз
•  
Ойнош
•  
Үмүт шооласы
•  
Күбүлгөн розалар
•  
Күкүк эне же сойкунун тагдыры
•  
Көз ирмемде бир өмүр


Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала
<<< мурунку бөлүм

Розанын жетимдиги эми чындап билине баштады, баягыдай үстүнө үйрүлүп: "муну же, муну кий" деп бапестөөчү апасы жок аябай кыйналды. Сельсовет айтканына туруп айылдагы багаар-көрөөрү жок кемпирди анын үйүнө киргизип беришти. Бүбүзейнеп өзү төрөбөгөнүнөн жашында көп эле күйөөгө тийип далай балдарды бакты, бирок өзүнүн баласы болбогондон кийин аны карыганда карабай кетишкен. Азын-оолак малы менен жалгыз жашаган кемпирдин бир туугандары деле бар болчу, бирок карашчу эмес. Кийин дагы малын инилери талашпасын деген ойдо болгон малын инилерине бөлүп берип: "өлсөм силер көмөсүңөр" деп Роза менен жашаганга келе берди. Розага Бүбүзейнеп өз энесиндей мээрим төкмөк кайда, өз энесиндей болмок беле, эптеп көнүшүп бири-бирине жалгыздык деген караанды сездирбей күн өткөрүп жатышты. Сааттын жебесиндей чыкылдаган убакыт тез эле өтүп, арадан үч жыл байкалбай зымырады. Роза керилген кыз болуп, он жетиге толуп мектепти бүттү. Буга чейин ага ашыктык каттарын жазган жигиттер көп эле болду. Оор басырыктуу кыз эч кимисине жооп кылбады, жолугуп сүйлөшпөдү. Тек алдыга койгон максатын ишке ашырууну ойлонуп окуудан баш көтөрбөй китеп караганы караган. Ал аны сууктун кыраан чилдесинде жүрөк түшүргөн окуя аңдып турганын сезбеди. Ошол күнү Бүбүзейнеп сууктап калганбы же карылыгыбы, мештин жанында оронуп жатып алган эле. Роза терезе тушунда коюлган столдо китеп окуп келээрки окуу жылында чоң окууга тапшыра турган болуп даярданып жаткан. Эшик дүп-дүп дегендей болду. Кыз эч нерседен камырабай эле сыртка чыга бергенде аны карылуу кол үн чыгартпай оозун басып тыпырата ары сүйрөп кетти. Ошол маалда багына жараша коңшусу кемпирге баласынын жүрөгүн көтөрткөнү кирип келе жаткан эле, ал караандарды көрүп үйүнө жүгүрүп барды да күйөөсү экөө кайра келди. Алар мал ууруга келгендер го деп ойлоп үйгө киришсе Бүбүзейнеп ары карап эч нерседен капарсыз жаткан эле.
– Эне, Роза кана? Эшикте үч-төрт киши корооңорго кирип кетти, – дегенде алсыз кемпир ордунан тура калды. Роза ордунда жок, үчөө эшикке чыгып союл алып короону көздөй басып баратып:
– Ким ой бул, азыр милиция чакыртам, кызды койо бергиле! – деп үн сала мал короого кирип барышканда үчөө тең аларды ыргыта түртүп жүздөрүн көрсөтпөй качып жөнөштү. Розаны төргө казыкка чырмап, моюнуна эми сыйыртмак салганы калган экен. Тыбырчылаганынан алдары келбей кызды кыл аркан менен чырмап салып анан муунтуп өлтүрүп "өзү асынып өлдү" дедирмек экен да. Караңгыда кардын ичинен оозу дагы чапталуу кыздын үнүн араң угушуп зорго бошотуп үйгө алып киришти. Эртеси эле айылдык участкалык милиционер менен сельсоветке чейин билдиришти. Кыз аз жерден өлүмдөн калганына ызаланып ыйлап да, коркуп да жатты. Ал түндөгү адамдар бири-бирине атын айтпаган менен бирөөнүн үнүнөн Кайсарбай экенин тааныганын айтты эле, ошол күнү аны алып келишти. Ал баарын таанып киргенде милиционер эки-үч жолу дубинка менен ичке койгондо чынын айтты да, жалынып-жалбара баштады:
– Экинчи мындай кылбайм, кечирип койгула, биз жөн эле коркутуп эжемдин малынан бөлдүрүп алайын дегем, кайдагы эле бир таштанды кыз ээлеп алганына жиним келгенинен…
– Эмне, сенин эжеңде энчиң болбосо же анын бир тууганы болбосоң талаша бересиңби, кокус ал кыз өлүп калса деле сени таап алмакпыз, кыңыр иш кырк жылда билинет дегенди билбейсиңби ыя?
– Анын бетин ары кылсын, – Кайсарбай калп эле эптеп кутулмакка жандалбас кылып жатты. Ичинен: "өлүп калса кана" деп атканын тиги кайдан билсин.
– Шериктериңди таап кел!
– Ой байке, эми аларды өзүм алып келгем, кечээ алар коркконунан шаарга качып кетишти. Аларда күнөө жок! – Кайсарбай кайпактады. Анткени тиги эки шериги түндөп үйүнө барышып: "эгер билинип калып бизди соттой турган болсо сени тирүү койбойбуз, бизди азгырган сенсиң, өзүң мойнуңа алгын" дешип коркутушкан болчу. Ошондуктан аларга чаң жугузбай эптеп өзү да кутулуп кетип жатты. Он беш күн камап беш жүз сом айып төлөтүп, "эч зыян болгон жок, мурун камалган эмес" деген тастыктоо менен койо беришти. Бирок ошону менен тыйылып калбай эми өзү киришмек болду. Ал эми кызды окууга кетээр маалда жолдон тосуп өлтүрмөккө өзүнө сөз берди. Ал ички сырын аялына да айтчу эмес. Аялы Суусарканды кайнежесиндей деле көрчү эмес, бирок сыйлачу эле. Күйөөсүнүн күйүп-бышып эле "бир кайдагы шүмшүк мал-мүлкүнө ээ болуп калабы?", деген сөзүнө кайдыгер гана: " жинди болдуң беле, ага анча эмне эле күйүп бышасың, калса калаар, аны өзү төрөгөндөн ашык кылып бакты, сенин эмнең кетип атты" деп койгон. Ошону менен ал унчукпай кала берди. Ичинен ит талап: "мен үч баламды бага албай чычкак улак таппай жүрсөм кайдагы бир чычкак кыз ошончо байлык менен кала береби, жок дегенде бөлүшүп берсе болмок" деген ичи тардыгы кармай берди.
Күткөн жаз да келип, документтерин даярдап бүтүп, мал сатып жолуна тыйын алып, Роза окууга кетти. Аны акмалап жүргөн Кайсарбай артынан эле Фрунзеге жөнөдү. Өкмөт ошол учурда демократияга, эркиндикке умтулуп жаткан убак. Ал окууга канчалык какшап атса да өтпөй калды. Акыры убактылуу жашаган жатаканасынан чыгып кайра жөнөмөк болуп өзүнчө бук болуп ыйлап, паркка кайрылып бир аз олтурмакка көзүн аарчый отура кетти. Убакыт кеч болуп калган. "Бүгүн кеч болуп калды, кыздар менен жатып алып эртең эрте чыксам деле болоор" деп ойлоп отура берди. Бул кезде артынан канча күндөн бери ээрчип жүргөн кара көлөкөнүн аны көздөй келатканын сезбей ичтен арман кылып ызалуу: "жок дегенде таянаар бир адамым болсочу, апаке, эмнеге жапжаш эле өлүмгө баш ийип бердиң, жок дегенде ушу күндө сен бар болсоң эч санаасыз окубасам дагы армансыз жүрбөйт белем?! Кана Зымырат деген эмеси, мени төрөп анан таштап койгон аял, ушундайда мага арка-жөлөк болбойт беле, апаке, тажадым ушул жашоодон, мени да өзүң менен кошо ала кетчи?!" деп үнсүз арбагы менен дилинде сүйлөшө берди. Ошол убакта тал арасы "шырт" дегендей селт этип эки жагын караса паркта жалгыз эле отуруптур. Жүрөгү опкоолжуй ордунан тура жөнөгөндө артынан бирөө оозун баса калып бекем кучактай ары жактагы топ арчанын түбүн көздөй сүйрөп жөнөдү. Эми кыздын шымына асылып арам оюн ишке ашырмакка киришкенде Розада бир күч пайда болуп тигини тумшук талыштыра тээп жиберди. Ал жыгылып калганда ордунан атып туруп жүгүрүп баратты.
Бул Кайсарбай эле, ээн бактын ичинде кызды зордуктап анан өлтүрүп кетмек болгон. Ал тумшугу канаганын сезди, оозуна ысык бир нерсе кирип түкүрүп алды да узай элек кызды кууп жетип кармап көргүлүктү көрсөтмөк. Бирок анын буттары тушалып баса албай кыздын кеткен жагына көз жүгүртүп алып оозунан келмеси түшүп калды. Анткени кетип аткан кызды колтуктап ары узаткан аппак көйнөкчөн аял кайра өзүн көздөй желбирей буту жерге тийбей учуп келаткандай көрүндү. Көзүн бардап ачып жума артына качып жөнөдү. Көпкө чейин артын карагандан коркуп, чоң көчөгө жеткенде артын караса эч ким жок: "Коркконго кош көрүнөт" болдум го деген ал "өх" деп эс ала түшүп троллейбус менен жатчу үйүнө келди. Бирок бир аз мурун көргөн окуяны көз алдынан кетире албай жаман абалда болуп турду: "бул эмнеси, арбак билип атабы?" деп өз оюнан коркуп да кетти: "Кантип эле өлгөн киши биле койсун, эмдигиче сөөгү сөпөт болбодубу, коркконго кош көрүнөт болдум окшойт" деп эртеси айылга жөнөмөй болду. Роза дагы эртеси кыздар менен коштошуп үйүнө жөнөдү. Бирок ал ушул ирээт шаарга биротоло кетмек болуп келип эле сельсоветке кайрылды да, ушу базарда малдын баарын сатып шаарга кете турганын билдирди. Ошентип рубль акчалары самандай сапырылып берекеси жок болуп турган кезде үйдү бошотуп Суусаркандан калган мүлкүн жүктөп, малдарын калтырбай сатып ийип шаарга баса берди. Келген күнү эптеп бир квартира жалдап алып ал жерде туруп калды. Бир айдай издеп жүрүп өзүнө ылайык бир бөлмө үй сатып алды да, көчүп келди. Ошентип Розанын кийинки өмүрү шаарда өтмөкчү болду…

ggle_h



ggle_v
bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!