Уважаемый читатель,
если желаете получить книгу полностью, то нажмите сюда ..
Урматтуу окурман,
китепти толук алам десеңиз, ушул шилтемени басыңыз..
ggle_h


Бишкек шаарындагы кыргызча китеп соодасы Кат_китеп
ggle_v

Айгџл ШАРШЕН: Кек кууган бала • Мазмуну • Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала:
  1.
1-бөлүк
  2.
2-бөлүк
  3.
3-бөлүк
  4.
4-бөлүк
  5.
5-бөлүк
  6.
6-бөлүк
  7.
7-бөлүк
  8.
8-бөлүк
Китептин
толук варианты


ggle_v


• Жаныбек ЖАНЫЗАКтын китепканасы • Айгџл Шаршен Айгүл ШАРШЕН
•  
Маскачан аял
•  
Эркин селсаяктар
•  
Солуган өмүрлөр
•  
Өзгөчө базар
•  
Өчпөгөн сезим
•  
Сыр катылган
жалгыз там
•  
Кек кууган бала
•  
Атасынан тууган кыз
•  
Ойнош
•  
Үмүт шооласы
•  
Күбүлгөн розалар
•  
Күкүк эне же сойкунун тагдыры
•  
Көз ирмемде бир өмүр


Айгүл ШАРШЕН
Кек кууган бала
<<< мурунку бөлүм

Анан эле бир күнү катуу уктап атып сырттан баланын үнү угулуп уйкусурай: "түн жарымда бала көтөрүп жолдо жүргөндөр ким?" деген ойдо ары оодарылып жатайын десе баланын үнү так эле босогосунан чыгып аткансыйт. Ыргып тура калып сыртка чыгып караса босогодо оролгон ымыркай жаткан экен, жүгүрүп эки жакты караса эч ким жок экен, кайра келип баланы алып үйгө кирди. Ошол кезде аны алыстан карап турган Зымырат көз жашын шыпырып алды да келген таксиге отуруп: "кеттик" деп койду: "Кечир мени, Суусар, сенден тартып албасам болмок экен, ошондо Камбардын кандай экенин өзүң түшүнүп мени жек көрбөй калмаксың?" деп ойлоп көзүнүн жашын токтото албай кете берди…
Суусаркан үйгө көтөрүп кирип ороону ачса кыз экен, бир-эки сыйра кийимдерин кошо салып ороп коюптур. Кабатталган ороону ачкыча: "кыз болду бекен же эркекпи?" деп ойлонуп ийди. Кыз экен. Анын колдору тийгенде наристе ыйлаганын токтотуп өз энеси көтөрүп жаткандай колу-бутун тарбаңдатып, оозун чормоңдотуп эмчек издей баштады. Кийимдерин ары коюп жалаягын котормок болгондо жалаяктардын ичинен төрт бүктөлгөн кагаз түшүп кетти. Кагазды окуганга кызыга баланын жылаңач экенин унута ачып ийип өзүнө тааныш кол жазманы көрүп жүрөгү болк этип алды. Шашып көз жиберип окуп атып көзүнүн жашы төгүлө берди. Көптөн кийин гана: "Оо кудай, бул эмне деген азабың эле, бул ымыркайды эмнеге менин эшигиме таштадың, муну кантип багам, куураган Зымырат ай, шоруң кайнаган тура, наристеңден тирүүлөй айрылуу сага деле кыйын болгон экен, экөөбүздүн тагдырыбыз бир адамга байланып, жашоодо да окшошуп жалгыз калган турбайбы, байкушум ай!!!" деп боздоп үн чыгара ыйлап да сүйлөп да, наристени ороп-чулгап да жатты…
Суусаркан Зымыраттан беш жаштай улуу болчу. Жылына окууга тапшырып атып өтүп кетип, онду жаңы бүтүп келген Зымырат экөө бөлмөлөш жашап улуулугу билинбей ынак курбу болуп келишкен эле. Азыр ошондогу күндөрүн эстеп алып ый аралаш жылмайып койду: "Байкушум, асылкеч кыз эмес беле, мен Камбарды чын жүрөгүмдөн сүйсөм да сени аяп, сенин жаркылдаган асылкечтигиңди сыйлап үндөбөй калбадым беле, башка болсо өмүрүм өткөнчө кек сактап өтмөкмүн" деген ойдо наристени төрдөгү өзүнүн диванына жаткырганда бала чукуранып алды:
– Ай-ай кичинекейим, шашпа, сага сүт берем, – деп шаша оозгу бөлмөдөн сүт ысытып келип кашык менен оозуна тамызып атса наристе аны жалмалап жатып эмчектей оозуна кирбегенге кыжыңдай кызарып-татарып бакыра баштады. Эптеп сооротуп кайрадан кашыкты оозуна алып барып ичирип, аракети текке кетпеди окшойт, көптөн кийин наристе мемирей уйкуга кетти: "Эртең упчу алып келейин, жакшылап кийинтейин" деп улам эч нерседен капарсыз оозун бүлкүлдөтө соруп коюп, бейкапар уктап жаткан наристени элжирей карап: "мейли, өз жүрөгүмдүн каалоосуна жетпесем да ошондон жаралган наристени жыттап жүрөйүн, Зымырат байкуш аргасыз ушуга барган экен, өзү эле келип түшүндүрсө деле болмок, корктубу же уялдыбы?" деп терең дем ала улутунуп алды да жалгыздыкты жерий баштаган кыз жаңы коногунун жанына кыңкая кетти. Бул кезде Суусаркан жыйырма сегизде эле болчу.
Ошентип Розаны багуу үчүн ал эртеси директордун атына арыз жазып бир жылдык отпуска алды. Анда мындай таштап кетүү да санда гана болчу, айыл боюнча кеп кылып уу-дуу болчу. Суусаркан аны таштанды атыкпасын деген ойдо: "мен бир сиңдилериме бала таап бергиле деп айтып жүрчү элем, өзүнүн бир жаштан удаа төрөлгөн үч баласы бар, ушул кызын мага алып келип түндө берип кетти" деп койду. Болбосо "таштанды" дешип аны жийиркене карашмак. Бала багуу түйшүгүн тартып Розаны бат эле чоңойткондой сезип кетчү кезинде. Бирок канчалаган түндөрү уйкудан туруп сүт берип, жалаягын которуп, ооруп калса чыйпылыктап доктурга жүгүрүп, койчу дегеле тежемел бала багуунун түйшүгү оңой эмес да. Роза үчкө чыгып артынан ээрчий баткактап калганда да иштей албады. Баланы караар киши жок деген шылтоо менен биротоло жумуштан чыгып алды. Бар үмүтү, жашоосу, бактысы Роза эле. Зымырат бир дагы кабар албады, басып келбеди. Аны ойлогон Суусаркан Розанын күбөлүгүнө: "Камбарова Роза Алсейитовна" дедиртип жаздырып койду: "Баары бир менин баккан энеси экенимди билбей койбойт" деп ойлоп "убагы келсе өзүм түшүндүрүп койом", – дечү. Убакыт деген адамдын ар бир саатын урдап алып күндүн кандай өткөнү сезилбей да калат кээде. Суусаркан Роза үчүн баарын жасады, өзү билим деңгээли жогору болгондуктан үй-мүлкүн, мал-жанын бүт Роза ээ болоорун тастыктап документтерин тууралап койду: "Эми мен күйөөгө кайдан тийдим, кудай алдына күнөөлүү болуп барбай так өтөйүн, Роза күйөөгө чыкса Зымыратты таап экөөнү тааныштырып койом, менин бардык мүлкүм ушул гана кызга тиешелүү болуш керек" деп ойлочу. Мына, бечара кыз кырк эки жашында капысынан ары карап ак менен караны ажыратып биле элек секелекти таштап кетип отурат. Эх бири кем дүйнө десең, кичине ооруп эле өлүп калам деп оюна да келбесе керек: "айыгып кетем!" – деген үмүт менен жатып жанынын учуп кеткенин сезбей калды го?!
Роза үйүн жыйнап, үйүн жыйнаштырганга жардам берип жүргөн келиндерге колкабыш кылып жүрдү. Суусаркан ага жумуш жасатчу эмес, ошентсе да өзү тирикарак болчу. Айрыкча катты окугандан кийин таптакыр өзгөрүлдү: "мен апамдын бакма кызы турбайымбы, неге өз апам мени таштап кеткен экен?" деп басса-турса "Зымырат" деген ат эсинен кетпей дилинде кайталанып атты. Ал күнү коңшу-колоңдор кирип чыгып улам уккандары куран окутуп келип атып Роза анча билген жок, ал турсун түн бир оокумга чейин отуруп элдин кетпегенинен уктап да калды. Кайсарбай болсо кеткен. Анын Розага ичинен жини келип: "энеңди урайын арам сийдик, баарына ээ болуп калгысы келип атса керек жашабагыр, эптеп кырк ашы өтсүн, менин тилимди албаса аны өлтүрүп салам, ким сурамак эле" деп ойлонуп кетти ал кеткенде да.
Күндөр билинбей убашып-чубашып өткөн кербендер сымал өтө берди. Роза жалгыз. Кеч кирсе коңшусунун өзү теңдүү кызын суранып келип экөө ойноп жатып уктап калышат. Жай өтүп күздүн салкын тарта баштаган мезгилинде Суусаркандын кырк ашын беришти. Кайсарбай эми чындап киришип Розаны алып үй ичин биротоло көчүрүп, мал-салын айдап кетмей болгондо ал таптакыр каршы чыкты: "Баланын кылаар иши чала дейт, кызым, сен али жашсың, өзүң жалгыз жашоо сага оор" деп улуу-кичүүнүн айтканына так секирип болбоду. Эл көзүнө ачуусу келсе да эч нерсе дей албай Кайсарбайдын айласы алты кетти. Ошондо сельсоветтен киши келип:
– Бул кыздын апасы мурунтан эле үй-мүлкү менен мал-жанын Розага жаздырып койгон, биз өзүбүз каралашабыз, көп болсо үч-төрт жылдан кийин окуусун бүтсө окуу жайга тапшырат. Сиз убара болбоңуз, биздин айылда бир жалгыз кемпир бар, ал Роза менен бирге жашап баш көз болот, – деди.
– Эмне үчүн, бул кыз үй-мүлккө ээ болгудай боло элек, жаш дагы, анан өзүнүн төрөгөн кызы эмес! – Кайсарбай чыдабай кетти.
– Өзбү, өгөйбү, маркумдун өз колу менен жазылган кагазы бар, биз документке таянабыз, сиз үйбүлө мүчөсүндө жоксуз, демек биз сизге ишенип кызды бере албайбыз!
– Мен анын урукташ иниси болом, эжем чынында жаш кетти, бирок ал мурда…
– Эмне мурда, ар кайсыны атпай чыгымыңды эсепте, анын мойнуна карыз кылбай малынан бөлдүрүп берем, бирок экинчи бул үйгө келгениңди кой! – Сельсоветтин секретары аны ачуулана карады, – Кана канча чыгым болдуң?
– Апей ботом, "эжем эле" деп өкүрүп ары-бери жүргөнү болбосо, кол кабыш кылып мүрзөгө койгондо тигил эле Мамасаалы койду, союлган кой менен уй өзүнүкү, кепинди өзүнүн акчасына алдырдык, – бери жакта отурган аял шакылыктап баарын айтып жатты, – Же бир кой сойсо да көрөт элек, мен бул жерде өзүм тейледим.
– Анда кечиресиз, кызды өз жайына коюңуз, бир кызды балдар менен кошуп өзүм деле багам! – деген сельсовет сөз бүттү дегендей басып кетти.
"Суусардын байлыгы менде калат, бир таштанды кызды эптеп үйгө алып кетсем анан калганын өзүм билем" деп ойлогон Кайсарбайдын тилеги таш каап: "энеңди урайын, өлөөрүн билип жүргөн го, арам сийдигине баарын калтырып, документ даярдаганга караганда" деп боз ала болуп басып кетти. Кеткен менен арам ой менен кетти, ал эми ошол кызды тындым кылып малын уурдап кетмекке өзүнө ант берди.

ggle_h



ggle_v
bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!