Роза башаламан жашоонун өйдө-төмөнүн түшүнө электе баккан энесинен ажырап калды. Өз эне-атаны ким, кайда экенин билбейт. Ал бакма кыз экенин качан апасы өлгөндөн кийин түшүндү, билди. Суусаркан анын үстүнө үйрүлүп, эч нерседен кемитпей кареги менен тең айланып эркелетип ар качан: "эрмегим менин, көзүмдүн карасы, өлсөм башымда ыйлап отураарым" деп турчу. Аны он төрттөгү кыз кайдан түшүнсүн, сереңдеп ойногондон башканы билчү эмес. Суусаркан кокусунан көз жумду. Башым деп эки күн жатып эле тил-оозго келбей жан берди. Ботодой боздогон кыз үнүн баспай, апасынын үстүнө түшө калып көзүнүн жашын он талаа кылып чыркырай берди: "Олда-аа айланайын ай, мынча не безилдедиң, ажал деген ошо да, байкуш Суусаркан күүлүү-күчтүү эле бойдон болчу, кор болбой, ооруп-сыркабай өлгөнүн карабайсыңбы, эми бу байкуш кантет?" деген аялдар кызды сооротумуш болуп ээрдин шалп эттире шыпшынып алышат: "Туугандары да жок эмеспи" деп бири айтса: "оо-ой кокуй десе, Суусаркан анча-мынча эркеги бар үйбүлөдөн тың турчу, мунун мал-кели, дүнүйөсү үчүн дагы тууган четинен чыгат, бирок ушу тырмактай кызды батырат дейсиңби, өзү төрөгөн кыз болсо да бир жөн" дешип аста шыбырап да коюп жатты. Ошентип Суусарканды жайына узатып ырым-жырымын жасап бүткөндөн кийин чогулган эл Розанын тагдырын чечүүгө тегеректей отурушту.
– Туугандар, эл-журт, Суусар эжем абдан жакшы киши эле, менин жакын эжем, кийинчерээк ар кандай себептерден улам катташпай кеттик эле… – деп Суусаркан өлгөндөн бери ары-бери жүгүрүп кызматын, төркүндүк милдетин аткарып аткан Кайсарбай элге карап сөз баштаганда элдин ичи күбүр, шыбыр боло түштү.
– Ооба, ооба айланайын, экөөңөр бир атанын балдарынан тарагансыңар, билбей анан, – деди жакын коңшусу Зыяда кемпир, – Байкуш Суусар сонун аял эле, кийин-кийин эле сага таарынып катташпай калдыңар эле…
– Оо кокуй, дүнүйө мүлкү бар адам өлгөндө эч кимиси болбосо тууган чыгып калат, кокус Суусардын мал-жаны, үй-жайы, дүнүйөсү болбосо өкүрүп коюп кетип калмак! – бир аял эл ичинен үн салды.
– Койгулачы ушундай кесир ооз кебиңерди, эгер Кайсарбай болбосо тиги көчөттөй кызды силер карайсыңарбы?
– Деги чындыгын айттым да, – деген аял оңтойсуздана отуруп калды.
– Мен эжемдин мал мүлкүнө кызыккан жокмун, ушу кыздын кийинки тагдырын ойлоп жатам, – Кайсарбай да өзүн ыңгайсыз сезе элге карады, – Роза азыр жаш, жалгыз тамга таштап койсок болбойт ко?
– Жалгыз кантип болмок эле, азыр ал ойноо бала да, байкуш Суусар ушу кызды кандай гана кылып бакпады, – ал Розаны карап ээгин эмшиңдете кейип, көз кычыгын жоолугунун учу менен аарчып койду.
– Кана, кандай дейсиңер улуу-кичүү, мен Розаны өзүм алып кетейин, там-ташына көз болуп тургула, кыркы, ашы өткөндөн кийин үйдү бир жаңсыл кылалы…
– Капырай, үйүн карап турбай анан, кызды алып кетпесең болбой калбайбы, минтип күтүүсүз өлөөрүн билсе өзү дайындабайт беле? – деп улуулата сүйлөп Розаны ошол эле күнү Кайсарбай райондук үйүнө алып кетмек болду. Роза "кетпейм, апамдын оордун жоктотпойм!" деп ыйлады эле улуу-кичүү ага акыл-насаат айтып көндүрүштү. Он төрт жаш… Эч нерседен кеми жок энесине эркелеп ойноп-күлүп бактылуу жашап жаткан жашоосуна бүлгүн түшкөн тестиер кыз аргасыз кетмей болду. Анан төркү үйдөгү чоң сандыкты ачып, анда катылып жүрчү апасынын сүрөтүн өзүнүн кийимдерине ороп алып кетмек болуп аңтарып, жаңы эле арнап алып берген жаңы кийимдерин алып жатып түйүнчөктү көрүп "мында эмне бар болду бекен" деп ойлоп аны ачты эле качантан берки катылып жүргөн жаш баланын кийимдери, сүрөттөргө кошулуп саргайган кагаз түшүп кетти. Аны ала коюп төрт бүктөм кагазды ачты да окуп кирди: "Курбум Суусаркан, жакшысыңбы, менин ушул таштандымды көрүп: "эми керек болуп калган экенмин" дээрсиң, аның да туура. Бирок экөөбүз ынак курбу эмес белек, мен сенин Камбарды сүйөөрүңдү билчүмүн, анан кантмекмин, мен да сүйүп калдым. Ошондо сенин адамдык сапатыңдын жогорулугун, теңтуштукту сыйлай билгендигиңди түшүнбөгөн экенмин. Көрсө сүйүүдөн көзүм тумандап эч нерсени тоотпогон кезим тура. Жаштыктын делөөрүткөн көпкүлөң чагы экен. Ооба курбум, сени таштап экөөбүз бири-бирибизсиз тура албай калган кездерде мен ага өзүмдү арнап койгом. Экөөбүз үйлөнөбүз деп турган учурда ал айылдагы ата-энесине айтып келем деп кетип кечикти. Мен кийим-кечемди даярдап, апама дагы айтып камынып алгам. Апам байкуш жалгыз кызым деп мени менен сырдашып калчу. Ачык эле айткам. Мен ошондо Камбардын алдап жүргөнүн түк ойлобоптурмун. Сүйүнүп, жүрөгүм элеп-желеп боло үч күн күтүп, үчүнчү күнү анын досу келди, ал жок. Көрөөрүм менен эле: "Камбар кана?" десем ал: "Зымырат, аны ата-энеси болбой үйлөнтүп койду; "биз билбеген кызды бүлө кылбайбыз, биз тапкан кызды аласың болбосо бизден кечип биротоло кет" дешип кыстаганда ал аргасыз макул болду" дебеспи.
Уккан кулагым чуулдап, көзүм караңгылап эмне дээримди билбей үнсүз артыма бурулдум да үйгө кирип кеттим: "ичимдегини эмне кылам" дегенде жүрөгүм үзүлүп кетчүдөй өңгөчүмдү тарта солкулдап ыйлап жаттым… Ошентип кудайымдай ишенген Камбарым үйлөнүп алганда бу кызалак үч айлык ичимде болчу. Алдырганга кеч болуп калыптыр. Апам мени менен кошо ыйлап, кейип жүрүп оорукчан жүрөгү кармап жакында көз жумуп кете берди. Жалгыз калдым. Каралашаарым болбосо баланы кантип багам деген ойдо өзүмдү да жок кылайын деп ойлодум, бирок жазыксыз наристени төрөп бирөөгө таштамак болуп чечимге келдим. Курбум, бул сырды сен гана жашыра аласың, көтөрөсүң, түшүнөсүң, анткени сенин жүрөгүң мээримдүү, пейлиң кенен, көлдөй тереңсиң. Ошондуктан ушул жаңыдан жарыкка келген наристемди сага таштап отурам. Бир кездеги каталыгым үчүн сенден кечирим сурайм, алың жетсе кечир! деп:
бул турмушта бактысыз, жашоодо жалгыз калган арсыз курбуң Зымырат, 1972-жыл. 10. 05".
Катты окуп отурган Роза көздөрүнүн жашы этегине чөлкүлдөп, бетин жууп атканын сезбей отура берет беле, сырттан аны чакырган үндөр чыгып бирөөлөр кирип келе жатканы угулду. Сандыктын ичине калган буюмдарды салыштырып коюп кийимине ороп апасынын, анан Суусаркан менен түшкөн кыз-жигиттин сүрөтүн алып алды: "кетпейм, эч жакка кетпейм!" деген чечимге келди ал.
– Роза, бол кызым, кечиктик. Мал-жанды дагы дайындап койдум, кам санаба! – Алдынан чыккан Кайсарбай кызды көкүлүнөн сылап сыртка алып жөнөдү.
– Менин кетким келбей жатат, – Роза кыйыла туруп алды, – Мен үйдө эле болом!
– Атаны кокуй ай-йээ, эми эмне кылдык ыя, бул кыз көнбөйт го?
– Көнбөгөндө кайда бармак эле?
Кемпир-кесек, коңшу-колоңдору Розаны ары айтса да бери айтса да ыйлап болбоду. Акыры: "жана эле макул болбоду беле, муну бирөө-жарым бузган жокпу?" деген ойго келген Кайсарбай:
– Өзүң жалгыз аңгыраган үйдө коркосуң, сен али жашсың да, – деди.
– Эмнеге корком, өзүмдүн үйүм аке, ушул үйдө чоңойсом кантип коркмок элем, окуум да биякта, тааныбаган жерге барып окуудан да артта калам.
– Ии ырас эле Роза абдан жакшы окуйт, биерде биз каралашып, көз салып турабыз, мал-салын тиги селсебетке айтып совхоздун малына коштуруп бир эки жыл карашып беребиз, сен эми карындашыңа таарынбай бара бер, балким кыркынан кийин деле бара-ар, эми чырагын өчүрбөй турса тура турсун! – Зияда кемпир кыз ордуна жооп берип койду.
– Макул эне, баш-көз болуп койгула эми, бала неме жалгыз жатып бир нерседен коркуп калбасын, – деген Кайсарбай жөнөй берди.
Кайсарбай чынында эле Суусаркандын бир атадан төрөгөн сөөк өттү туугандарынан. Жакшы эле катышып жүрүшкөн, ушул кызды багып алганда иниси каршы чыгып: "баланы коюп жаныңды эле бакпайсыңбы, менин үйүмө көчүп келип, жылуу-жумшак отуруп, мал карайм деп убара болбой өзүңдүн ден-соолугуңа кара", – дегенде Суусаркан жини келе: "сен менин малыма, дүнүйөмө эле кызыгып атасың, болбосо минтмек эмессиң, өзүмө эрмек болот, туубасам да ушуну берген кудайга мен ыраазымын" деп үйүнөн чыгып кеткен. Кайсарбай аны узата карап кала берген. Андан кийин эки жолу келди, бирок Суусаркан жакшы кабыл албай: "эрте эле төркүндөн жардымын, өлсөм өкмөт деле көмүп койот, ушул наристени аман-эсен чоңойтуп алсам караан бутак болбойбу?" деп телмире тиктеп отуруп чай берген. Анын жактырбаганын сезген ал бир аз отуруп өзүн ыңгайсыз сезип кете берген. Негизи Кайсарбай чындап эле анын мал-жанына, дүнүйөсүнө кызыгып далбастап жаткан: "жакын тууганы болбосо менден башка ким ээ болмок эле, ошончо малын көрүнө алып кетмекпи?" деп Розаны багып алганда жини келген. Эми эселек кызга ээ кылбай мал-жанын кырк ашын бергенден кийин алып кетсем дегенде эки көзү төрт. Ою ордуна чыгаарына али да болсо убакыт бар, ал көңүлү ток үйүнө кетти.
Суусаркан демекчи, мугалимдик окуу жайды бүтүп келип иштеп калган. Жигити Камбар Зымырат менен жүрүп кеткенден кийин эркек аттуу менен сүйлөшкүсү келбей иштеп жүрө берди. Ата-энеси кары кишилер, аны күйөөгө тийип орун очок алса дегенде эки көздөрү төрт болуп жүрүшүп өтүп кетишти. Өзү менен бир тууган агасы камакка түшүп ошол жактан өлгөн. Бир үйдө жалгыз калды. Ата-энесинин үй-мүлкү, мал-жанын багып жүрчү койчу Суусарга да жардам берди кийин.
Совхоздун коюна кошуп коюп төлдөтүп күзүндө айдап келип берчү. Бир эки айдан кийин кайра кышында койлоруна кошуп алат. Кой-эчки болуп жыйырмадай бар эле ошондо, эки уй, бир жылкы, бир ат (миңги). Ошол кой баккан койчуга жайы-кышы жайлоого көчөөрдө, жайлоодон келгенде бирден козу, үндүк же каз союп, барып өрүлүктөп узатып, тосуп алып турчу. Суусаркан күйөөгө чыкпады. Камбарды катуу сүйгөн эле…
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.