|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Чолпонбек Абыкеевдин аңгемелери Терезеде өскөн гүл (Новелла) Терезеге катар коюлган гүлдөргө суу коюп, саргарган жалбырактарын үзүп, жаңы ачылган кызгылтым назик желекчелерин суктана карап турду да, анан негедир улутуна көчө жакка назар салды. Күз. Шаардын чет жакасына жайгашкан бул булуңчанын тар көчөсүн ансыз да тарытып дүкүйгөн бактар бутактарын арбайта такыр ороп алган. Жай күндөрү бул көчө менен бассаңыз күн төбөдө болсо да салкындай түшөсүз. Жергиликтүү эл көчөнү "жашыл тунель" деп атап алышкан. Мына эми ошол сансыз жашыл жалбырактар саргарып, кичине жел жүрсө уюлгуй себелене кычыр-кычыр бут астында тебеленүүдө. Кыз буулуга тиктеп турду күздүн тарткан сүрөттөрүн. Жалбырактар. Көчө жамгырга жуунуп, шамалга эркелеген, ыры бүтпөгөн, айлуу түндө шыбыры бүтпөгөн жашыл жалбырактар. Мезгили келди. Саргарып үзүлүүдө... Өткөн киши жок, көчө ээн. Кыздын терезеден кеткиси келбеди. Кыз жымжырттыкка тумчугуп баратты. Терезенин астынкы көзүн акырын ачып, эшиктен соккон муздак желге жүзүн тосту. Бычырап сынган жалбырактардын доошу. Көчөнүн так ортосу менен колуна дипломат кармаган жигит келатты. Жигиттин көңүлү кушубак. Эч нерседен бейкапар. Анда-санда калдаңдап учкан жалбырактар менен ойной кетет. Ана, желге көтөрүлгөн жалбырактын аркасынан секирип-секирип чуркай жөнөдү. Жолундагы туура арыкчаны элес албай келатып жыгылып түштү. Кыздын шыңгыр күлкүсү жаңырды. Байкабай күлүп жибергенине уяла түшкөн кыз аппак ичке манчалары менен оозун баса калды. Элирген жүрөк ичке манчалардын токто дегенине болчубу. Чоң эле токтолуп калган жигиттин бала мүнөзүнө кытылдай берди. Же бир жарашса экен. Боюн айт. Кодороок болсо да билинмек эмес го. Өзү бутактарга чекеси тийип, теректей болуп турат. Жигит калдастай түштү. Ордунан тура күлкүнүн ээсин издеди. Эч ким көрүнбөйт. Жалбырактар жабышкан пальтосунун этегин күбүй, аяр көз кырын жибере тегерегиндеги ар бир теректин артын карайт. Жашынып алып, аны бирөө шылдыңдап жаткансып. Кыз дале оозун басып кыткылыктап күлө берди. Жанакы калдайган жалбырак жигитти кызга кошула шылдыңдагансып, төбөсүндө калдактап учуп жүрдү. Кыз жашынып турганын унута кыйкырып жиберди. - Тигине... тигине кармаңыз. Төбөңүздө айланып жүрөт... Жигит кызды таап алды. Көздөр чагылыша түштү. Көз нурундай сезимтал нерсе жоктур дүйнөдө. Кирпиктери бат-бат ирмелип, жалындуу нурларды тосуп калууга аракеттенди. Мындай тиктешүү, үнсүз, көз менен арбашуу өмүрдө дайым кездеше бербейт. Кыздын жамалын кызгылтым боек ого бетер сулуулап, жигитти үнсүз чакырып жатты. Көпөлөк кармоочудай жигит аяр кадам таштады. Кыз канчалык терезени ичинен жаап, артка кетейин десе да кете албады. Дирилдеп туруп берди. Жамалына сүртүлгөн кызыл боек улам коюланып баратты. Жигит эки-үч саргыч жалбыракты кызга сунду: - Сиз жалбыракты жакшы көрөсүзбү?.. Карачы кандай жакшына... Мен өзүмдү-өзүм жоготуп коюпмун. Кыялга алданып... Сиз эсиме салбасаңыз элирип кетмекмин го... - Сизди эсиңизге келтирген мен эмес, тигил арык болду го. Кыз колундагы жигит берген жалбырактарды сылай, күлмүңдөдү. - Жо-ок, сиз болбосоңуз мен туруп алып, жалбырак кууп жүгүрүп кете бермек окшоймун... - Коюңузчу! Деги бала кыял көрүнөсүз да... Кыз жигитти сынай тиктеди. Жигит оңтойсуздана түштү. Кыздар сынай караса, оңтойсуздана түшүү жигиттердин баарындагы "оору" эмеспи. - Билбейм... бала кездегидей ойногум келип кетти. Анан кантип чуркап кеткенимди да билбейм... Билесизби, биздин айылдын көчөлөрү да ушул көчөдөй бактуу. Кичине кезимде жылаңаяктанып алып жалбырак кече чуркап ойногонду жакшы көрчүмүн. Кыздын кулагына сырткы эшиктин ачылып кайра жабылганы угулду. Шаша түштү. - Атам келатат окшойт... Болуптур эмесе... Терезени жабыш үчүн колун созду. Жигит кандайча кыздын колунан кармай калганын өзү да байкабады. - Атыңызды айтпадыңыз го?.. - Атым Нази... - Меники Алмаз... Кыз терезесин шарт жаап, пардону түшүрдү. Жигиттин бет алдында томсоргон терезе турду. Умсуна түшкөн жигит эс-мас көчөнүн так ортосу менен кетип баратты. Көз алдында кыздын портрети. Жоодураган карагат көздөр, билинер-билинбес кызгылт боегу бар жамалы, аппак моюнун жашыра эки жагынан төгүлгөн эки өрүм кара чачы, тирсигий кош алмасы, баары... баары, жигиттин көз алдында турду. Күрсүнүп койду жигит. "Аттиң, сүрөтчү болсом сүрөтүңдү ушул жерден күнү-түнү кетпей тартаар элем". Парданы түшүрөөрү менен кыздын атасынын үнү чыкты. - Нази, садагам, газга койгон чайыңды унутуп коюпсуң го... Кайнап кетиптир... - Ий, эсимден чыгып калган тура... Кыз ар күнү гүлгө суу куюп, же бир нерсесин унуткансып кайсалап баягы терезеге келе берчү болду. Пардону ачкан сайын көчөдөн жигиттин караанын издейт. Кайра өз оюнан өзү уяла шак жаба салып, артка кетенчиктейт. Пардонун жылчыгынан жигитти нечен жолу көрдү. Жигит да анан калса көп өтчү болду ушул көчө менен. Терезени кылчак-кылчак карап өтөт. Караган сайын кыз жүрөгү "дүк-дүк" уруп, майда калтырак баскан колдору пардону ачып жиберүүгө алы келбей тура берет. Кыңылдай ырдап, гүдөргө суу куюп болуп, терезени ачып коюп, чаңын ным чүпүрөк менен сүртүп жаткан Назинин, так эле кулак түбүнөн чыккан үн чоочутуп жиберди. - Саламатсызбы Нази!? Көрүнбөй кеттиңиз го?.. Кыз таң кала көздөрүн бакырайтып жигитке тигилди. Эми эле көчөнүн арыжак-берижагын караган. Эч ким жок болчу. Жигит жерден чыга калдыбы? - Неге унчукпай калдыңыз, же менин келгенимди жактырбай турасызбы?.. Жигит суроолу тиктеп, күнөөлүүдөй үнүн пас чыгарды. - Жок... Жок. Неге жактырбайт элем. Эми эле караганымда жок элеңиз. Кайдан чыга калды, - деп таң калып... Кыз чынын айтып жиберди. - Мен, сиздин терезеңиздин ачылганын көрүп, асман менен учуп келбедимби... Жигит күлө тиктеди. - Коюңузчу, деги кайдан чыга калдыңыз... чын эле? - Айттым го... - Койгулачы... - А мен сизге эмне апкелдим билесизби? Кыз ого бетер таң кала жигитке тигилди. - Мынакей... Жигит колундагы "дипломатын" ачып кыздын астына жая салды. "Дипломатта" толтура ар түрлүү саргыч жалбырактар эле. - Ой, кандай жакшынакай жалбырактар а-а. Кыз суктана улам бирин колуна алып, кайсынысы кайсыл бактыкы экенин атай баштады. - Бул, жалбырактардын баарын кантип айра таанып жатасыз? - Ботаникмин да... - Демек студентмин деңиз? Университетте окуйсузбу? Кыз үнсүз баш ийкеди. - Сиз да студентсиз го? - Ооба, мединститутта окуйм. Экөө дагы тиктеше түшүштү. Кыз негедир ыңгайсыздана терезени жабууга колун созду. - Болуптур эмесе, атамдын келээр маалы болуп калды. - Атаңыз ушунча катуу кишиби? Анда кийинип эшикке чыкпайсызбы? Кичине сейилдеп басып келели. Үйдө отура берип тажагандырсыз?.. - Жок. Рахмат. Мен көнүп калгам... Мамамдын да жумуштан кайтаар убактысы болуп калды... - Сиз шаардык кыздарга окшобойт экенсиз. Азыр айылда деле кыздар жигиттер менен ачык айрым көчөдө басышат. "Мамам келет, атам көрөт..." Болбогон жок шылтоону айтасыз... Жигит таарына буркуйду. Кыздын өңү бозоро түштү да, үнсүз баш чайкап айнекти жаба баштады. Айласы куруган жигит: - Алтынчы күнү биздин институтта бий болот. Дайым кызыктуу өтөт. Деги барганы барбаганы да арманда. Барасызбы? Келейин. Кайра жеткизип коем. Кыз үн катпастан астынкы эрдин тиштей башын чайкап, терезени жапты да, пардону түшүрүп таштады. Жигит томсоргон пардону, пардо менен айнектин ортосундагы бажырайып ачылган гүлдү телмире тиктеп турда да, анан башын силке артка бурулду. Ичинен "Барктанган неме окшойт сулуулугуна. Сулуу болсо өзүнө. Сыйлап чакырса.. балким, башка сүйгөнү бардыр... мындай өңдүү-түстүүлөрдүн аркасынан жүгүргөндөр көп да. Эй, койчу ушуну..." Күңкүлдөп баратты. Кыз канчалык шагын сындырып, намысына тийип койгон менен бир белгисиз сезим кызга болуша анын күнөөсүз жоодур көздөрүн жигиттин эсине кайта-кайта салып, тынчтык бербеди. Пардо жабылары менен тиштене араң чыдаган кыздын көз жашы чуурду. Бүлдүркөндөй назик эриндерин жымыра канчалык бекем тиштесе да, түпкүрдөн муңдуу добуш үзүк-үзүк акырын угулат. Кыз бул түнү түшүндө жигитти көрдү. Экөө айланкөчөк атып бийлеп жүрүшүптүр. Тегеректеген жаштар экөөнө кызыга кол чабышат. Кыз жигитке улам ыктап, башын көкүрөгүнө катат. Аңгыча музыка токтоп, жигит кучагынан чыгып кетти. Кыз айлана жигитти издеп кыйкырат. "Алмаз... Алмаз..." Жигит жок. Тегеректеген кыздар шылдыңдап күлүшүүдө. Ар кимиси өз жигиттери менен бийлеп жүрүшөт. Алмаз жок... Ойгонсо жаздыгы сууга чыланып калыптыр. Огобетер түшүндө жоготкон Алмазын издей шолоктоду. "Ой кудай, жок дегенде түшүмдө жоготпой чогуу болсомчу..." Кечинде кызынын температурасы көтөрүлүп өзүн жаман сезип турганын байкаган атасы, санаасы чыдабай үстүнө кирди. Столдун үстүндөгү көгүлжүм жарыктан кызынын бүлкүлдөп ыйлап жатканын сезген атасы эси чыга кызынын жанына аяр отурду. - Нази, берекем, бир жериң ооруп турабы? Доктур чакыртсамбы? Эңкейип кызынын бетин ачты. Көз жашын жашыра албаган кыз атасынын мойнунан кучактай буулуга эреркий: - Жок ата. Кереги жок доктурдун. Меники айыккыс оору эмеспи... Атанын жүрөгүн бирөө ийне менен сайгандай "тыз" дей түштү. Сүйлөй албай кызынын маңдайынан жыттап, көзүнөн жаш тегерене түштү. Эртеси Нази күндөгүсүндөй эле сергек, көңүлдүү турду. Эртең мененки тамакта отурганда бөбөктөрүн эркелетип, тамашалай ойноп көңүлдүү. Кызын астыртан байкашкан ата-эне көңүлдөрү толо, дүпөйүл болуп таң аткыча уктатпай чыккан санааны унутуп коюшту. ххх Чоң-чоң айнек терезелүү имараттын экинчи кабатында турган Алмаз шашкалактай чуркаган студенттерди тизмеден өткөрө тиктей, күткөн кишисин издейт. Ичинен "Кечеге келүүгө сөзсүз көндүрөм... Жок" "Чакыруу баракчасын" берип кете берем, келсе келсин, келбесе келбесин. Жок, сурануу керек..." Уйгу-туйгу ойлорго бастырып телмирет. Кайбирде ууртунда күлкү ойноп, Нази экөөнүн кечеде бийлеп жүргөнүн элестетсе, жүрөгү алеп-желеп боло түшөт. Кош балдакка сүйөнүп, майып бутун аяр таштап, сумкасын көтөрүп жардамдашкан кыздар менен келаткан Назиге окшош кызды көргөндө, өз көзүнө өзү ишенбей ача-жума тиктеди. Нази. Жок башка. Нази. Жок, жок. Нази эмес, башка. Көздөр жаңылбаптыр Назини жеткирип келген кызыл "Москвич" акырын жүрүп кетти. Жигиттин буттары калтырап, денесин кармоого алы келбей терезенин кырына отура калды. Жер айлан-көчөк болуп кетти. Көз алдында күнү-түнү уйку бербей кыйнаган карагат көз терезедеги Нази турду. Чолпонбек Абыкеев 1980-жыл, Фрунзе шаары Мен жөнүндө жазсаңыз... (Аңгеме) Биз күтүүсүздөн тааныштык. Менин ар күнкү өткөн жолум балдардын жылгаяк тээп ойногон дөбөчөсүнүн баш жагынан кесип өтчү. Чурулдашып ылдый сыйгаланган балдардын тушуна келгенде өзүмдөн өзүм токтоп, аларды кызыга карап калганымды байкабай да калам. Балдардын оюнуна кыял менен аралаша, эч капарсыз күлкү менен өткөн балалыгымды эстеп келатсам, четте кызыл пальточон кичинекей кыз ыйлап туруптур. Боорум ооруп кетти. Жакын барып, эңкейе: - Эмне болду? Жыгылдыңбы же уруп коюштубу? Кой эми ыйлаба? Чоң эле кыз кантип ыйласын. Сооротуга аракеттендим. Соороно албай солуктап: - Тетиги... Колун жаңсап төмөнтө чана тээп жүрүшкөн балдарды көрсөттү. - Сени, аларды... Ай, кимиң урдуң ыя?! Мотураңдаган балдар мени карап элейе туруп калышты. - Кимиң урдуң дейм? Балдардын баарына башчы болуп, оюнду башкарып жүргөн бала, колундагы сүйрөп жүргөн чананын жибин таштап ийип, бөжүгөн бойдон качып жөнөдү. Мен тигил балага, өзүнөн кичине кызды урганына ачууланымыш болсом да, торсолоңдоп качканына күлкүм келип элжирей тиктедим. - Ай сени... аркасынан колумду жаңсап койдум, - Мына ыйлаба эми. Эмне сени оюнга кошпой коюштубу? - Чанамды алып алды. Сен чана тебе албайсың дейт. Көзүн ушалап бышактады. - Кара, чоңсунганын... басыла гой, эми ал сага тийбейт. Мен коркутуп койбодумбу. Азыр чанаңды апкелип берем. Чуркап барып, чанасын сүйрөп келип, колдорун кармасам аябай үшүп кетиптир. - Ай-ий, тоңуп калгансың го... ушалап быйтыйган кичинекей колдорун жылыттым. Жүз аарчымды алып мурдунун кычыгына туруп калган жашын сүртүп, топчуларын бүчүлөп кымтыладым. Бат эле сооронуп калды. Жанакы тентектин "чана тебе албайсың" дей турган жөнү бар экен. Өзүнөн чанасы чоң. - Жүрөгой үйүңө жеткизип коеюн. Үйүң кайда? - Тиги... Колун жаңсап беш кабат үй жакты көрсөттү. Чанага отургузуп сүйрөп алдым. Мөлтүрөгөн көздөрүн бакырайтып таң кала карайт. Оюмда "Бирөөгө окшотуп жатса керек", - деп болжоп койдум. Мурду, көздөрү, эжемдин кызына окшоп кетет экен. - Сиз кимсиз? Эмне, мамамды тааныйсызбы? Ойго батып бараткан элем, буйдала түштүм. - И-и таанышым да мүмкүн... Атың ким эле? - Гүлнара... - Оо-о, мына, сени тааныйм. Атың Гүлнара... Кыткылыктап күлүп койду. - Качан мен айткандан кийин анан билдиңиз... - Жо-ок, мен Гүлнара го - деп, бирок окшоштура албай жатпадымбы... - Таанылбай калыпмынбы? - Таанылбай калыпсың ыйлай берип. - А сиз мамамды тааныйсызбы? - Таанышым да мүмкүн... Мамаң кайда иштейт? - Мамам мугалим, сабак берет. А сиз кайда иштейсиз? - Менби... мен студентмин. - Студент... Ал ойлуу унчукпай калды. Кейпи "студент" деген сөзгө түшүнгөн жок окшойт. Анан кичинеден кийин кайра сурады: - Студент деген эмне жумуш кылат? - Студент дегенби? Студент деген жумуш кылбайт. Ал окуйт. Окуп бүткөндөн кийин сенин мамаңдай болуп мугалим болот, же инжинер болот, кыскасы, эмнени окуп үйрөнсө ошо болот. Колумдан келишинче түшүндүрүмүш эттим. - А сиз ким болосуз? - Мен журналист болом. - Журналист... журналист эмне жумуш кылат? - Журналист жазат. И-и жанагы газеталарды, журналдарды көрүп жүрөсүңбү? - Ооба... - Ошолорду чыгарат. - Эмнени жазат? - Эмнени жазат десем... мисалы сенин мамаң жакшыбы? - Жакшы. Оо-й мамам кандай жакшы дейсиз... - И-и ошол мамаңдай жакшы мугалимдерди газетага жазып, "Ушундай жакшы мугалим болгула, Гүлнарадай жакшы кыздарды тарбиялагыла", - дейт. Аны окуган башкалар "биз эмне Гүлнаранын мамасынан кембизби. Биз деле жакшы иштейбиз, кыздарыбызды, балдарыбызды Гүлнарадай кылып жакшы тарбиялайбыз" - дешет. Түшүндүңбү? - И-и түшүндүм... түшүндүм. Чоң энем дайым эле "мени ал эмес гезитке жазган, мен да жаш кезимде менмин дегендердин бири болчумун", -дейберет. - И-и ошол чоң энеңди мага окшогон журналист жазган турбайбы анда. - Сиз да жазасызбы? - Жазам, жазбаса журналист болбойт да. - Сиз мен жөнүндө жазасызбы? Ал оңтойсуздангандай үнүн акырын чыгарды. - Сен жөнүндө жазса да болот. Эмне үчүн болбосун. Бакчага барасыңбы? - Барам. Дем алыш, күндөрү барбайм. Калган күндөрү барам. - И-и бакчада тентек кылбай, оюнчуктарды сындырбай, өзүңдөн кичүүлөрдү урбай, тартиптүү жүрөсүңбү? - Ооба, воспитательница дайым мени мамама "кызың жакшы, тартиптүү" дейт. Мамам болсо мага, "Дайым тартиптүү жүр. Болбосо жаман кыз болуп чоңоюп каласың, - дейт... - Көрдүңбү... мына сен жөнүндө жазса болот. "Гүлнара жакшы кыз, өзүн бакчада тартиптүү алып жүрөт. Өзүнөн кичүүлөрдү урбай, кайра сооротуп ойнотот. Тарбиячысын капа кылбайт. Эмне айтса угуп, учуру менен аткарып турат. Гүлнаранын мамасы мугалим. Ал да жакшы мугалимдерден. Гүлнарага дайым туура тарбия бергендей эле өзү окуткан балдарга да туура тарбия берип, өз билгенин аябай үйрөтөт. Гүлнаранын папасы да... Баса, папаң кайда иштейт? Гүлнара кичинеге унчукпай мукактана түштү. Анан: - Менин... Менин папам жок. Байкабай берген суроомо өзүм эмне дээримди билбей, буйдалып калдым. Экөөбүз тең үнсүз унчукпай калдык. Гүлнаранын астында чоң күнөө кылгансып башымды төмөн сала демимди ичиме катып, үнсүз сүйрөп бараттым. "Папаң эмне болду эле?" - деген суроо тилимдин учунда турса да берүүгө батынбадым. Ал түгүл ушул маалда Гүлнараны карагандан корктум. Тынчтыкты Гүлнара өзү бузду: - Сиз чын эле мен жөнүндө жазасызбы? Мен үнүмдү акырын чыгарып ишенимсиз: - Жазса да болот - дедим. Менин чечкинсиз жообумданбы же эмнеликтен билбейм, Гүлнара: - Эмне папасы жок болсо жазууга болбойбу? - Такый сурады. Шаша түштүм: - Болот. Эмне үчүн болбосун. А папаң эмне болду эле? Кантип сурап жибергенимди өзүм да билбей калдым. - Папамбы... Гүлнара жооп бергиси келбегенсип төмөн карады. Мен унчукпадым. Биз дагы кичине үнсүз бастык. - Папам... папам мамам экөөбүздү таштап кетиптир. Муну мага кошунанын кызы Света айткан. Мен ыйлагам. Мамама айтсам мамам да ыйлаган. Мен мамам ыйлабасын дейм. - Мына Гүлнарка үйгө да келдик. Сөздү башка жакка бурдум. Гүлнара чанадан секирип түшүп: - Рахмат байке... - Эч нерсе эмес. Үйгө кир. Күн суук болуп келди. Ансыз да үшүп кетипсиң. Мейли көрүшкөнчө... Үзүк-үзүк сүйлөй анын ботонукундай наристе таза көздөрүн элжирей тиктеп мурдунан өөп койдум да, алыстай бастым. Он чакты кадам узай элегимде аркамдан: - Байке... байке токтосоңуз? Гүлнара чуркап келатыптыр. Энтиге жетип келди. - Эмне болду? Мен эки колунан кармап отура калдым. Ал үнсүз жер карап, айтайын дегенин айталбай турду. - Айтагой... эмне дейин дедиң эле? - Мен... мен... мен жөнүндө жазсаңыз "жакшы папасы бар" деп жазыңызчы? Макулбу байке? Көздөрүн жашылданта тиктеди. Жер көчүп кеткенсип дуулдап, сүйлөй албай мууна түштүм. - Же антип жазууга болбойбу? Ал күнөөлүдөй буту менен жер чукуду. - Болот... Болот. Эмне үчүн болбосун. Гүлнаранын жакшы папасы... папасы бар деп жазууга болот. Анын көздөрүндө кубанычтын учкундары жанып: - Сиз ошентип жазыңызчы. - Макул, сөзсүз ошентип жазам. Наристенин демин суута албай убада берип жибердим. - Мейли... Жакшы барыңыз. Быйтыйган колдорун булгалай үйүн көздөй басты. Жонума бирөө бир кап туз артып койгонсуп ордумдан араң турдум. Ал түгүл чекемден чыбырчыктап тер да чыга түшүптүр. Жүрөгүм уруп жатты көөдөнүмдү сабап. Чолпонбек Абыкеев 1981-жыл, Фрунзе шаары Ишенген доктур сен болсоң (Интермедия) Катышуучулар: - врач жигит - ардагер кемпир (Окуя алыскы райондордун бириндеги тоо арасындагы айыл жеринде өтөт) Ак халат кийген врач жигит кирет. Врач: (өзүнчө) - Мына жер деп ушуну айт. Жаратылышы, абасы өзүнчө эле курорт. Эмнеге мындай жерде иштештен баары качат түшүнбөдүм. Келгениме бир жумадан өттү, али бир да киши "оорулуумун" деп көрүнө элек. Ушундай жерде жашагандар оорушпайт деле болуш керек. Шаардан баса бергеним да ырас болуптур. Эртеден кечке кезек күткөндөр өксү болбойт го. Ал түгүл рецепт жазып да үлгүрбөйсүң. (Аңгыча эшик тыкылдайт) - Кире бериңиз. Кемпир: - Кирсем болобу? Кагылайын. Врач: - Кириңиз, кириңиз. Кана мындай отура калыңыз. (орундукту көрсөтөт. Жөн эле жан алы калбай шыпылдап жүрөт.) - Тамагыңыз ооруйбу? (кемпирге сүйлөөгө мүмкүндүк бербейт) - Оозуңузду ачыңыз? (кемпир оозун ачат) О-ог-оо тиштериңизди качантан бери жууй элексиз. Жеген чучугуңуздун калдыгы жүрөт. Тамагыңыз кадимкидей экен. (мурдунун ичине үңүлөт). - Мурдуңузду көтөрүңүз? (Кыпчууру менен мурдунун ичин кеңейтип карайт) Кемпир: (Чыдабай кетип) - Оо балам, мурдум соо эле, маңка эмесмин. Врач: - Анда кулагыңыз ооруйбу? (Кемпирдин кулагынан кармайт) Кемпир: (Кулагын ала качып) - Кокуй, кулагымды жуласың, кулагым да сопсоо, доктур балам. Чычкандын шырт эткен дабышынан бери угам. Врач: (Кемпирге таң кала карап) - Анан кайсы жериңиз ооруп келдиңиз, жарыктык? Кемпир: - Бая эле ошентпейсиңби доктур балам. Отура элек жатсам, оозумду ачтырып жеген чучугумдан бери текшердиң. Мурдум да, кулагым да, тамагым да соо. Келгенимдин себеби, кийинки күндөрү буту-колумдун сөөктөрү эле сыздап-какшайт. Врач: (башын чайкайт) - Ой катыгүн, мен андай ооруларды карабаймын да. Кемпир: - Эмне дейт? Ботом, анан кандай ооруларды карайсың? Врач: - Кире бериште жазылып турат го. Менин кесибимди врач ухо-горло-нос дейт. Кемпир: (өзүнчө чоочуй) - Ук, көр, дос дейсиңби? Же тос дейсиңби, кагылайын. Бул шаардын балдары улуу, кичүүгө карабай эле теңтушундай кайрыла беришет тура. (Врач сүйлөйүн десе сүйлөтпөй колун көтөрөт.) -Кой балам, айыл жерине келдиң. Эми биздин ыкка көн. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жаса. "Ага-ини, эже-карындаш, эне-ата" деп кайрылганды үйрөн. "Дос" дегениң кантип болсун. Врач: - Ой энеке... Кемпир: - Ии, ошент балам, "Эне", - деп кой. Эми жаштыгым калды дейсиңби, жетимишке чыктым. Врач: - Энеке, мен сизди "дос" деген жокмун. Кемпир: - Мейли балам, укпадым деп эле коеюн. Сени уяткарып, элге жаймак белем. Эч кимге деле айтпайм. Врач: (Айласы кеткендей) - Энеке, мен кулак, тамак, мурун ооруларын караган доктурмун дегеним. Буту-колу, ашказаны ооругандарды караган врачтар башка болот. Кемпир: - Эмне, - дейт ботом. Бул айылда жалгыз эле доктур сен эмессиңби?.. Врач: - Ооба, айылда жалгызмын. Кемпир: - Деги тиги Поронзодогу (Фрунзедеги) доктурдуктун чоң окуусун бүткөнсүңбү? Врач: - Ооба. Ошол Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайын бүтүргөм. Бирок, бизди "узкий специалист", - деп коет энеке. Кемпир: - Ушундай исписалысыңды, кандайсың өзүнө буйрусун балам. Деги чоң окууну бүтүрсөң болду да. Бизде Муса деген доктур бар болчу. Өзүңдөй болуп илгери чоң окуу жайын бүткөн. Деги билбегени жок эле. Байкуш раматылыгы болсун. Мындан жети-сегиз жыл мурда машинадан авария болуп кайтыш болбодубу. (Өзүнчө жашып, жоолугунун учу менен көз жашын аарчыйт.) Врач: - Кой энеке, сабыр кылыңыз. Кемпир: - Жакшы кишилер аз жашайт тура. Он эки баламды тең өз колу менен төрөттү эле, Мусадан кийин биздин айылга деги доктур турбады. Врач: (Таң калып башын чайкайт) - Ушунча бала төрөп, анан ден-соолугуңуз азыркыдай болсо... Кемпир: (ордунан козголуп) - Ии кокуй белим. Тил сайраган менен ден-соолук жыл өткөн сайын болбой баратат балам. Андан көрө менин оорумду карап, дары-дармегиң болсо берчи. Сайрабай кетейин. Врач: - Энеке, сизге кантип түшүндүрсөм экен. Тиги райондун борборуна барыңыз, мен кагаз жазып берейин. Кемпир: - О кокуй ботом, өзүң турганда тиги жүз чакырымдан ашык жолго, районуна кантип барам. Андан көрө балам (жанын сыйпалап, оролгон акча алып чыгат) кел бери бол (доктур кемпирге жакындайт, акчаны тигинин халатынын чөнтөгүнө салат). Өзүң эле карап көр балам. Врач: (акчаны колуна алып карап) - Бул эмнеңиз энеке? Кемпир: - Алып кой балам. Төркүлөгөнүм ошол. Чай ичип кой. Кыргызда ушундай салт бар. Врач: - Жоо энеке акчаңыздын кереги жок. Мен андай взятичниктерден эмесмин. (Кайра акчаны кемпирге сунат) Кемпир: - Уялбай эле кой балам. (Врачтын колун ары түртөт.) Сени акча алат экен демек белем. Үй-бүлөң барбы? Врач: - Жок. Кемпир: - Андан да жакшы. Чогулта берсең калыңдыкка жарайт. Врач: - Жок энеке, акчаңызды кайра алыңыз. Мен калыңсыз эле үйлөнөм. Кемпир: - Ботом, кыздын калыңы болбосо да, каадасы болот. Той-пойуна жаратасың. Ашып баратса, жанагы легковой машина сатып аласың. Акчанын да зыяны болмок беле балам. Врач: (Өзүнчө ары басып акчаны санап көрүп) - О-ий, бул өзүнчө эле жарым айлык тура. Мунусу жакшы экен го я. Албаган оюма да койчудай эмес, мейличи. (Акчаны чөнтөгүнө салат.) Кемпир: (Ордунан очорулуп туруп, этегин кармайт). - Чечинейинби доктур балам? Врач: (шашкалактайт) - Кое туруңуз энеке. Мен азыр тигил "справочникти" алып келе коеюн. (Ар жакка жүгүрүп кетет.) Кемпир: - Эмнени алып келсең деле мейлиң, деги оорумду көрсөң эле болду. Врач: (Ары жактан килейген китеп көтөрүп келет) - Та-ак, сиз кайсыл жерим ооруйт дедиңиз. (Китепке үңүлө барактай баштайт.) Кемпир: - Буту-колум сыздайт. И-и ушинтип эле алдагы китебиңди окуп үйрөнүп кетесиң. Сенден мурдагы келген доктур бала да алгач "оксмин" дейби ай, деги көздөн башканы көрбөймүн дечү. Анан алдагы китебин карап, алда немедей болуп үйрөнүп калды эле, аны да жөн койбой, жанагы "бокис" дейби бир оңбогон немеси бар экен го, келип кармап кетпедиби. "Чайлык алат экенсиң", - деп. Врач: (колундагы китеби түшүп кетет) - Я, эмне дейсиз? ОБХСС дейсизби? Кемпир: - Ии ошол оңбогур. Врач: (шашкалактап чөнтөгүнөн жанагы акчаны алып чыгат да) - Айланайын энеке, акчаңыз өзүңүзгө буйрусун, меңиз. (Кемпирдин чөнтөгүнө сала коет.) - Туруңуз менин шашылыш жумушум бар. Кетишим керек. Кечигип калбайын. Кемпир: - Анча эмне болду балам? Анда эртең келейин. Врач: (өзүнчө) Бул жерден ушунчамда өз арызым менен качып жоголбосом, кестирип тынышат го, биринчи эле келген кемпир ушинтсе. Кийинкисинен кудай сактасын. (Кемпирге кайрылып) Жок, энекеси. Мен эртең да болбойм. (Халатын чече баштайт.) Кемпир: (Кетип баратып өзүнчө) - Аа кокуй, ишенген доктурубуз ушул болсо, (жанын чабат). Кой, андан көрө баягы эле табып кемпирге барайын. Алдаса да көңүл жубатар сөзүн айтаар. Ч.Абыкеев, 1984-ж. Кер тайган жана барак жүндүү кара дөбөт (Аңгеме) Чабандын эки күчүктөн бөлөк дагы бир саксагай жүндүү ийри бут, карып калган сары дөбөтү боло турган. Ал түнү менен короо кайтарып үрүп чыкканы аз келгенсип, күндүзү кечке бийик-бийик беттерде ээси менен кой тосушчу. Эки күчүк бул дөбөттү анда-санда гана кечкурун үйдүн жанынан көрүп калышат. "Жарыша ойнойлу" деп жакын жетип барганда, ансыз да кечке чарчап, сиркеси суу көтөрбөй турган тигил дөбөт түсүн үйрүп экөөнү зыркырата кайра куучу. Кай бирде чала-була тиштеп да койчу. Акыры күчүктөрдүн бейкапар оюн куруп жүрө берчү күндөрүнүн чеги бүттү. Ээси эртең менен койго чыкканда, экөөнүн тең мойнунан байлап жетелеп алды. Бири-бири менен алыша ойноп, ээсинин аларга көңүл бөлгөнүнө кубанычтарынын чеги жок делөөрүп баратышты. Мындай аттуу күн болсунбу. Мурда ээрчип калышса, ташка алып же сары дөбөттү айдактап кайра кубалап жиберчү. Кубанычтары көпкө созулбады. Түшкө жетпей үйгө кеткилери келип кыңкыстай башташты. Каарлуу ээси ага көнсүнбү экөөнү акырындап кой кайтарууга үйрөтө баштады. Ал түгүл тил албаса же жакпай калса сабачу болду. Өзгөчө сары дөбөт экөөнө өч. Экөө жаңылыштан койду башка жакка үркүтсө, сары дөбөт кууп барып баса калып таласа ээси болушмак түгүл табаалап калат. Типтик бийик беттерден иттер менен гана жөө киши баспаса, ат баса алмак эмес. Ошондуктан, жакшы үйрөтүлгөн ит чабан үчүн чоң жардамчы. Күчүктөр торолгон сайын, кара кадимки дөбөт тукумуна окшоп билектери жоон-жолпу келип, жүнү дугдуйуп калың, мойну кыска, күрсүгүй тартса, Кер кадимки таза кандуу тайган тукумуна оой бели ичке, субагай сулуу, кулактарынын үстүн тармал жүн баскан, көздөрү ойноктоп курч тиктеп, жытчыл болуп чыкты. Эми сары дөбөттөн таяк жебей калышты. Кыжырларына тийсе ал түгүл талап да коюшат. Таяк жей турган жөндөрү да жок эле. Кой кайтарунун ыгын сары дөбөттөн кем билишчү эмес. Иттеринин мыкты үйрөнгөнүнө ээси өзүнчө кубанып жүрдү. Кердин күчүк кезиндеги чырдыгы чоңойгондо да калбады. Жөндөн жөнү жок кээде Карага асыла дугдуйган шилисине мине калчу. Карадагы сокур сезим Керге тиш кайтарууга мүмкүндүк бербей, калың жүнүн тосуп гана тим болчу. Урушкандан табышкандары бат эле булардын. Кара шыйпаңдап жетип барчу. Кердин жанагы ачуу тишин унутуп коюп. Кер Карадан кечирим сурагансып, тумшугун жалап кулагынан акырын тиштеп тарткылай ойной кетчү. Кара мындайда жүрөгү элжиреп, көздөрүн жуумп, магдырай тагдырдын жыргалына мас боло түшчү. Экөө чогуу бир уяда жатып дайым ээрчишип жүрүп өсүшкөндүктөнбү түнкү сууктарда Каранын калың жүндүү бооруна ыктай жатып, колтугуна тумшугун катмайын Кер түк уктай алчу эмес. Улам чоңойгон сайын Кара Кер менен мурдагыдай асылып ойнобой, четтей басып, түшүнүксүз боло баштады. Ал түгүл чогуу жатканда да улам тура качуучу болду. Буга Кердин ачуусу келип, аркасынан калбай шилилеп алчу. Кай бирде ызасы ичине батпаган Кер Сары дөбөттү качырып сала берчү. Коркконунан каңшылаган Сары байкуш үйгө корголочу. Ээсинин айкырган үнү гана Кердин эсине келтирчү. Улам өйдөлөп көчүп отурушуп баары жайлоого да келишти. Ушундай күндөрдүн биринде көк тайган ээрчиткен бир адам келип, чабандын үйүнө түштү. Кер менен Кара алгач астынан тосо үрүп чыкканда Көк тайган корко аттын астына корголоду эле, жакындап келгенде Керден көзү өтүп каргысын чое жулуна баштады. Мурун мындай көз карашты учурата элек Кер, жалт бурула Каранын аркасына өтүп корголой калды. Муну көрүп турган Каранын итатайы тутулуп, ээсинин кыйкырганына тиги чоочун кишинин шуулдата камчы шилтегенине болбой тайганды качырып сала берди. Шамдагай тайган тиштетпей буйт берип дугдуңдаган дөбөттөн коргонуп жатты. Маалына толуп калган Кара чынында дөбөттөрдүн алпы эле. Араандай ачылган оозуна тигил тайган кептелсе оң болбосу түшүнүктүү. Тайган канткен менен тайгандык кылып алдырбады. Аңгыча, ээси бакан ала жүгүрүп ажыратып калды. Бакан жонуна тийип, эти ооруй кыңшылаган бойдон үйдү айлана качкан Каранын аркасынан Кер да кошо жөнөдү. Бул атчан ушул айланага атагы чыккан мергенчи эле. Чабанга "кийикке чогуу чыгалы" деп келген. Керди көргөндө, "Тайганың таза кандуу тайгандардан экен. Кошо ала чык. Кийик камаганды үйрөнсүн. Кийикчи тайган болуп калса, мага ырахматыңды айта жүрөөрсүң" - деп калды. Эртеси таң бүлбүлдөй Керди жетелеген чабан, Көк тайганчан мерген кийикке аттанышты. Ээрчип калбай койгонунан улам Кара дөбөттү байлап ташташты. Кийикчилер жерге жарык киргенде бийик аскаларды аралай жөө жөнөштү. Улам айланчыктап шыйпаңдаган Көк тайганга кыжыры келген Кер аткый тиштеп жанына жолотпой ээсине корголойт. Көп жүрүшпөй Көк тайган жыт алып алдыга жулуна каргысын чое элтеңдей эки жагын сак-сактай баштады. Аңгыча алды тараптан таш калдырап кулап калды эле Көктү да, Керди да агытып айдактап калышты. Октой атылган Көк таштардан бүргөдөй секирип көздөн кайым болду. Кер тигил чоочун тайгандын аркасынан жүгүргүсү келбеди. Ээси, "Ал, ал айдак..." - деп, колун жаңсай кыжырлана кыйкырды. Кулагын тикчийте кол жаңсалган тарапты теше тиктеп туруп, качып бараткан саргыч бозомук жаныбарларды көргөндө ал да зуу койду. Астында бараткан Көктөн тигилерге мурун жетиш үчүн жанын үрөгөн Кер бат эле Көктү басып өттү. Шалдырата таш кулатып качып бараткан отузга чукул эчки текеси аралаш тоо кийигине Кер жакындай баштады. Жакындаган сайын тигилердин жыты мурдун жарып кызыгы күчөп бийик зоокаларды көзүнө илбей илбирстей түйүлөт. Көк тайган мындайдын неченин көрүп дасыккан неме куулук кылып чукул жолго сала чоң зооканы айланып өтүп, кийиктердин астынан арсылдай үрүп чыкканда, корккон кийиктер жалама зооканын тектирине тиреле тырмышып чыга качышты. Кер тайган бийиктикте көздөрүн жалдыратып тиктеп турган эчки текелерге жете албай эки-үч секирип кайра артка кулап түштү да ызалана үрүп жиберди. Көк тайган болсо биз өз милдетибизди аткардык дегенсип бейкапар анда-санда "арс-арс" үрө тилин салаңдата акактайт. Жүрөктөрү түшкөн тигил момун жаныбарлар көздөрүн балбылдата азуулары арсайган эки тайгандан көз алышпайт. Кер тайгандын чыйпыйы чыга Көк тайганга жакындады. Көк куйругун шыйпаңдата "Биздин милдет ушинтип камап бериш, калганын ээлерибиз өздөрү билиште" - дегендей Кердин тумшугун жалап-жалап алууга үлгүрдү. Ушул жытташуу аңдын кызыгы менен унут боло түшкөн эркектик ыкшоосу кайра ойгонуп тигил зоого камалган кийиктерди эсинен чыгара Керге тап койду. Кер тайган өзүнүн жаңылыштык кетиргенин сезе азуусун арсайта Көктү кулак түптөн бир булкту. Кантсе да эркек эмеспи Көк тайган ага болчубу чимирилтип айланта улам кыстай баштады. Ал түгүл жон жүндөрүн түктүйтө ачууланып, ыкка көнбөсөң күчкө салам дегенсип эки жолу арткы сандан бурдай-бурдай тиштеп да алды. Ушундайда болушаар Кара дөбөтү көздөн учкан Кер эби келе түшкөндө, зымырап кача жөнөдү. Аркасынан Көк тайган кошо кетти. Боштондукка чыга түшкөнүн сезишкен кийиктер "дыр" бере үркүштү. Мылтыктын ачуу үнү жаңырып огу ташка чабылды. Эми эле толо эчки, теке шыкалган бийик зоо көз ирмемде бошой түштү. Таштан-ташка жашынып жакындап келаткан мерген менен чабан көздөгөн өңүттөрүнө жетпей алыстан аткылашып, тийгизе алышпай, ойдо кубалашып бараткан тайгандарга кекене сөгүнүп отуруп калышты. Мерген жаны күйө "Сенин канчыгыңды кайдан ээрчит дедим эле. Акмак экенмин да..." - деп өз санын өзү мыжыйт. Чабан болсо, "... чечек чыксачы, чечек... кудай бычып салгырдыкына... Толгондон ушул жерге келгенде ойлошкондорун" - дей сөгүнүп-сагына бир тайгандарды, бир чокуга улам жакындап бараткан кийиктерди алактай карайт. Кер тайган түз үйдү көздөй кеткен жолго салды. Көк тайган аркасынан калбай бирде жетип астын торой, кайра булт берип качса жетпей калып баратты. Кердин бара-бара алы кетип чарчай баштады. Астын тосмолой из кууп келаткан Кара дөбөт ажыратып калбаганда, Көк тайгандын ыгына көнүп да бермек. Көзү тумандап астындагы сулуу Кер тайгандан башка эч нерсе көрүнбөй келаткан Көк тайган "күр" дей түшүп оор дене басып жыгылганда эсине келе түштү. Бирок, коргонууга кеч болуп калган. Ушундай учур көзүнөн учуп келаткан Кара дөбөттүн кере карыш оозуна тайгандын ичке мойну толо түштү. Шамдагай тайган бул жолу булт бере албады. Оор салмак жерге жапшырып деми кыстыга жан далбас кыла тыбырап жатты. Ан сайын албууттанган дөбөттүн азуулары мойнуна батып эзип баратты. Ушул учурда Көк тайган киши үнүнө зар болду. Бул долу дөбөттөн бир ажыратса, адам баласы гана ажырата алмак. Кой жайып кийикке кеткендердин астын тосо акмалаган чабандын баласы мергендин жакшы көргөн Көк тайганын талап жаткан дөбөттү көргөндө, кашаң атын тепеңдете "кой-койлоп" чапкылап жөнөдү. Кой-койго дөбөт болчубу, качан жонуна баланын камчысы зыпылдаганда күркүрөй ордунан ыргып туруп камчы чапкан немеге секире турган болуп комдонуп барып өз ээси экенин көрүп, четке чыга берди. Араң жаны калган тайган ордунан очорула баланын бут астына кире качты. Кер тайган күнөөмдү кечир дегенсип Кара дөбөттүн кан болгон ууруттарын, тумшугун жалап кыңшылай айланып жүрдү. Дөбөттүн али ачуусу тарабай жон жүндөрүн дүгдүйтүп анда-санда кыжырлана күркүрөп коюп, кыймылсыз комдонгонун жазбай, өзү басууга жарабай калган тайганды өңөрүп бараткан чабандын уулунан көз албай бугуп жатты. Ошол боюнча Кер тайган менен Кара дөбөт кайда кеткени белгисиз үч күн жоголуп кетти. Чабандын айласы кетип, бир ордунда тынч отура албай үч күн бою "ме-мелеп" чакырып жер суунун баарын издеп таппай жүрдү. Төртүнчү күнү өздөрү келишти. Ээрчише келип үйдүн жанындагы кырга үй жакты тиктеп жанаша отуруп калышты эле аларды көрө койгон чабандын аялы сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди, "Ой иттерибиз келди... ме... ме...". Чабан шашкалактай тамак ала жүгүрдү. Экөө бир күнөө кылышкансып жалтайлай басып келишип, берген тамакты үнсүз ичип жатышты. Чабан, аялы, бала-бакырасы менен иттеринин кайра келгенине кубаныша тиктеп турушту. Кара дөбөт жүндөрү түктүйүп бир аз арыктап калса, Кер тайган субагай тартып, жылтылдап кайра кулпура түшкөнсүйт. Күз айлары аяктаган сайын Кер тайгандын курсагы чоңоюп, желини чыгып тирсийип төшүн тээп баскан-турганы оорлоп, койго жумшаганда баягыдай чимирик атпай калды. Анын ордуна Кара дөбөт менен Сары дөбөт иштеп жүрүштү. Өзгөчө Карага күч келчү болду. Карыган Сары куулук кылып ээсинин көзүн жазгырып, койдун бир четинде жүрө берчү. Кер тайганга ээси ачууланып жүрдү. Эки ити тең жаш, Сары да күчтөн кала элек ага ашык иттин кереги жок. Андан да жакында алыскы кыштоого кой айдашмак, ошондо Кер тайган чоң күч бермек. Күндөрдүн биринде Кер тайган үйдөн обочороок чоң таштын коңулунда таң аткыча кыңшылап жатты. Кара дөбөт Керден алыс кетпей улам айланчыктап "мен сенин жаныңдамын, эч нерседен коркпо" дегенсип, "күрс-күрс" үрүп басып жүрдү. Күндүн мурду жылтырай таштын коңулуна барса, Кер жакындатпай ыркырады. Кара кулактарын делдейте, энесинин эмчегине асылган күчүктөрдү бир топко таңдана тиктеп турду да Кер балдарын кызганып ырылдай бергенинен улам алысыраак барып комдоно жатып калды. Эрте турган чабан басып келип күчүктөрдү камчысынын учу менен ары-бери оодарып карап көрүп, кыжырлана чыйт түкүрүп басып кетти. Көп өтпөй чабандын аялы кичинекей уулу экөө чуркап келишти. Алар биртопко, жарыкчылыкка келгенине али толук ишене элек беш макулукту кызыга карап отурушту. Кер тайган күчүктөрүн кызганып, айласы куруй кыңшылап жатты. Чабан эртеси кыштоого көчмөк. Таң бүлбүлдөй дабырап турушуп, жүктөрүн таңа башташты. Күн нурлары чачырай эки ат бир өгүзгө чабандын чакан жүгү бүт жүктөлүп бүтүп, газетанын айрындылары менен гана аңгыраган журт калды. Аялы менен уулуна жүк жүктөлгөн унааларды жетелетип өзү иттери менен койду ылдый үркүттү да Кер тайганга келип каргысынан чынжыр менен бекем байлап алып атына сүйрөтө жетелей жөнөдү. Энесинин жылуу койнунда эмчегин соруп жаткан күчүктөр тайган тура жөнөгөндө, топ-топ кулап түшүшүп бири-бирин тумшуктары менен түрткүлөй кыңшылап кала беришти. Бир нерсени жүрөгү сезген Кер тайган капчыгайды жара каңкылдап мойнуна байланган чынжырды кажый тиштегилеп сүйрөлүп баратты. Жүк жүктөлгөн унааларды жетелеп алыстай берген чабандын аялы атынын башын бура токтой калып, "Күчүктөрүнүн бирин алып алалыбы? Энеси куурайт го. Чоңойо түшкөндө кыштоодогу чабандар алышаар", деп калды. Чабан аялына корсулдай "Бастыр арыжакка. Күчүктү алганды коюп жүгүңдү кулатпай жеткир. Деги мунун боорукерин. Ушундан ошол эки күндүк жолго былжыраган немени ташып... бирөөнү иттүү кылат элем деп... жолуңа түш". Кара дөбөт менен Сары дөбөт үркүтүп алыстап калган койлорду көздөй желдире жөнөдү. Көр тайгандын жалынычтуу каңкылдаганын угуп Кара дөбөт чуркап келди эле чабан ага тап бере "Жөнө" атаңды..." камчысын шилтеди. Кара куйругун кыпчый кайра кой артынан түштү. Кер тайган күчүктөрү калган конушту кылчак-кылчак карап, каңкылдап жулунуп, чабандын атына бир сүйрөлүп бир айлана жүгүрүп жүрүп отурду. Күүгүм кире чабан койлорун колотко имерип, атын жайдактап отко койду да, өзү тамактанып иттерин да тамактандырган соң, кечке чарчаган неме тонун жамынып кыйшайып жата кетти. Кер тайган жулуна берип бошоп калган каргысын башынан шыпырып алаары менен жанында жаткан Кара дөбөттүн кулагынан бир булка тиштеп ойготуп кайдадыр караңгыга сиңип жоголду. Кара дөбөт түшүнө бербей чокчойуп отура калып тайган кеткен жакты канчалык тиктеген менен эч нерсе көрө албады. Кечке койдун бир тыягына, бир быягына чыгып жүрүп чарчаган неме кайра комдонуп жата кетти да анан эсине бир нерсе түшө калгансып, атып туруп тайгандын аркасынан жүгүрдү. Из кууган дөбөт журтка келгенде, Кер тайган кечке ачка болгон күчүктөрүнө сүт тээп ооруган эмчегин балкылдата сордуруп жатыптыр. Дөбөтүн көргөндө, "Ырас келбедиңби" дегенсип оозу мурдун жалап-жуктап жиберди. Мурдагыдай күчүктөрүн да кызганган жок. Көп өтпөй Кер тайган кыңшылай Кара дөбөттүн кулагынан акырын тиштеп тарткылай чебелектеп күчүктөрдүн улам бирин аны көздөй тумшугу менен түрткүлөдү. Кара бул эмнеси дегенсип ордунан тура калып, күчүктөрдү бир жыттап алып четке чыга берди. Кер айласы куругансып кыңшылай кара дөбөткө окшош ак төш кара күчүктүн шилисинен аяр тиштеп тура жөнөдү. Кара дөбөт булактай кошо басты. Алыстай түшкөн Кер токтой калып, аянычтуу кыңшылап Караны жалдырай тиктеди. Эч нерсе түшүнө бербеген Кара чокчоюп отура калды. Кер кайра уяга барып бир күчүктү тиштеп келип Каранын астына таштап, өзү мурдагы күчүгүн тиштей астыга түштү. Эмчек издеп түрткүлөгөн күчүктү таштап кете албай Кара дөбөт жыттагылап турду да шилисинен акырын тиштеп Кердин аркасынан басты. Кер тайган кубанычтуу кыңшылап, куйругун булгалактап жиберди. Күчүк тиштеп ээрчишкен экөө сайга келгенде суу күпүлдөп кирип жатыптыр. Күндүз күн жылуу тийген ошонун кесепети го. Тоонун таштан ташка урунуп жулунган жинди суусунан жалтайлаган экөө жээк бойлоп кичине жүгүрүштү да кечүүсүз жерден эле сууга киришти. Алдыда Кер тайган сүзүп баратты. Аркасынан Кара. Экөө тең моюндарын бийик созуп күчүктөрдү сууга тийгизбөөнүн жан алакетинде. Тоо суусу өчөшкөндөй таш агызып күркүрөйт. Кер тайгандын бутуна таш тийип сууга чумуй түштү. Кайра башын көтөрүп суу үстүнө секиргенде, айлампага туш болуп дагы чумуду. Экинчи жолкусунда оозундагы күчүгү тумчуга түшүп катуу-катуу туйлап кетип булт эте сууга түштү. Кара дөбөт жээкке чыгып силкингенде, Кер тайган каңкылдап улам чумуп күчүгүн таппай агып баратыптыр. Кара дөбөт оозундагы күчүктү суудан алысыраак бадалдын түбүнө алпарып таштап жиберип, жээк бойлой күрсүлдөп үрө жүгүрдү. Улам чумуп каңшылаган тайгандын үнүнө чыдабаган Кара сууга секирип кирип аны көздөй сүздү. Суу улам ала салдырып, бир чумуп бир кайра суу үстүнө чыга түшкөн экөө, добушу капчыгай жарган бийик шаркыратмага улам жакындагандан жакындай беришти. Алы кеткен Кара Керди мойнунан тиштеп тартып жээкке чыгара албай убара. Кер тайган өлүмдү унутуп карарып уюлгуган иримдердин улам бирине чумуп баласын издейт. Кара жакындап калган коркунучту сезе акыркы жолу Кер тайгандын мойнунан тиштегенде, азуусу каргыга илине түштү. Болгон алп күчүн үрөй жээкке сүйрөй секиргенде суу экөөнү агызып, бийик шаркыратманын башына жеткирген. Долу суунун эрмеги болгон экөө укмуштай ылдамдык менен тунгуякка кулашты. Каңкылдаган иттердин ачуу үнү түнгө сиңип жок болду. Бадал арасындагы күчүктүн алсыз кыңшылаганын суу добушу басып угузбай, эркинче күпүлдөп капчыгайды жаңырта бийлеп жатты. Асманда ай эч нерсе көрмөксөн болуп бейкапар каалгыйт. Чолпонбек Абыкеев, 1980-жыл, Фрунзе шаары Өткөөлдө (Юморлуу аңгеме) Астымдан чыккан Маркабайды көргөндө күлкүм келе түштү. - Ой дос, кейпиң кантет сууга түшкөн тооктой болуп. Эмне турасың бул жерде калчылдап?.. - Күлгөнүңдү көрөм сенин тигил жакка барганда. Менче аялың менен балдарың өтүп кетип өзүң калсаң... - деп кеп аягын туюктай дугдуюп тескери карады. Ал жаңсап көрсөткөн жакты карасам топурап чогулган эл. Баары бир эшиктен өтүүгө түртүшүп баратат. Так ооздо мурдунда кызыл лапмочкасы бар робот отурат. Ары жакка өтөм деген кишинин тамырын кармап көрүп оорусун шакылдатып айтууда. Бири жакындады эле шап колдон алып: "Күнөөсү аракечтик" деди эле, арыта турган дагы бир роботу дегдеңдете жетелей "Аракечтер" деген топко алпарып кошуп таштады. Дагы бирөөнү "паракор" деген топко, бирин "аягы суюк" деген тарапка, "эки жүздүү" дегендери да бар, дагы, дагы... дегеле көп топтор. Жанакы чайыттай маанайым чытылып кайра Маркабайга жакындадым. - Я-а Маке, тигил эшиктин ары жагына өтпөй койсок кутулабызбы. Ага эмне анча капа болосуң. Жүрү андан көрөөк... - А-аа аңкоо байкушум. Менин сөзүмдү аягына жеткирбей бузду. - Ал эшиктин ары жагына өткөндөр жаңыланууга кирет. Өтө албагандар эски доор менен кетишет... - Я-аа, эски менен кетишет дейсиңби? Кайда кетишет? - Эски кайда кетсе ошол жакка... Кайда кетишет дейт тура. Кекиртегиме тонгон май тургансып сүйлөй албай калдым. Элдин баары тигил эшикке жулунушууда. Ары өткөндөр аз. Көпчүлүгү жанагы "табличка" илинген топторго кошулушууда. Бар кордуктан да жанагинтип топко бөлүп эле тим койбостон, ал тарапта отурган башка роботтор тамырын кармап алып шакылдатып күнөөсүн жарыя окуп жатканычы. Топко кошулуп эшикке жакындай албай четтеп жүрсөм Какишим да жүрөт. - Ой сен эмне жүрөсүң, балдар гана? - Балдар тигил жакка өтүп кетишти... - Сен эмне калдың кошо өтпөй? - Сени күтүп эле... деги мындай жумшак сүйлөгөнүн бери дегенде беш жылдан бери уга элек элем, кыз кезиндегидей шыңкылдап назик болуп кетиптир. - Мени күтпө. Өтө бер - деп корсулдадым. - Койчу чогуу эле өтөлү. Колтугума жабышып алды. Ошентип, түртүшүп отуруп эшикке да жакындай баштадык. Ан сайын денемден кара тер кетип өткөндөрдү ойлойм. План аткарылбай калды дегиче деп, жакында эле бир имаратты "бүттү бүттү" кылып жаап салганбыз. Курулуш материалдарынын көбү жанакы Маркабай аркылуу сатылып кеткенсиди эле. Анан тааныштык туунуштук дегендей... Үйгө кээде өзүнөн-өзү эле союлган кой, казы-карта, чучугу болуп дагы башкалары келип калат. Улуу кызымды быйыл жогорку окуу жайына эки тоголок ыргытып жатып араң аттаткам. Мына роботтун колуна түшөөрүбүзгө эки-үч эле киши калды. Эмне болоор экенмин ыя. Балким ушул роботуңдун мурдундагы кызыл лампочкасы менин күнөөмдүн көптүгүнөн аныктай албай катуу чыңалып "тарс" жарылбасын я-а. Аңгыча астыда бараткан Кеңеш: - Сен биринчи өтчү жаным. Эркектен озуп эшик аттаганым болбос, - деп кыйгачтады. Ачуум мурдумдун учуна келе түштү. Качантан бери салтты, жөндү билип калды экен дейм да. Анан жайында курортто жүргөндөгү күндөр эсиме кылт түшкөндө, жүрөгүм алкымыма тыгылды. Аным билинсе уу-уу. Башкасы бир тең, ошол бир тең болот го... - Кой эркем, кантсе да балдардын энесисиң, кыздын кырк чачы улуу дейт, сен эле биринчи өт. Мен да ийиле Какишиме жол бошоттум. Биз бири-бирибизге ызаат менен жол бошотуп, сен өт болуп жатканда саат 12ге жакындап топурагандар жанагыдан да кысып түртө баштады. Көрсө, саат 12ге чейин ким өтүүгө үлгүрсө үлгүрүп, бизге окшоп кайпактагандар кала берет экен. Кысмактан ого бетер терге чөмүлө жан көзгө көрүнүп, роботтун арбайган темир колдоруна Какишим экөөбүз тең жакындап бараттык. Мен эле коркуп жатам десем анымдын да өңү бопбоз. Бул эмне мынча калтырайт, - деп коем. - О-оо жараткан сактоочу болсоң сактай көр - деп көздү жуумп кыйкырып жибердим эле каруумдан бир кол апчый кармап силкилдетти. Болоору болду түшчү роботтун колуна түшсөм керек, - деп көзүмдү жүлдүйтүп ачып карасам Какишим. - Ой сага эмне болду мынчалык кыйкырып?.. - Я-аа, биз кайдабыз? ...эки жагымды алактай карадым. - Жинди болгон го. Кайда болот элек, үйдөбүз... - Өх... түшүң менен түмүрөн калгырдыкы - деп желпинип жибердим. Жүрөгүм биртопко лакылдап жатты. Чын эле турмушта ушундай өткөөл болсо, эмне болмокпуз я-а, достор. Чолпонбек Абыкеев, 1986-жыл Кыз сүйдүм (Сатиралык аңгеме) Студент болгонумду толук сезе элек жүрүп сүйүп калдым. Ал кыз мен үчүн деги сөз жеткис... Сүйгөнү да курусун сүйүп коюш оңой иш экен. Эки-үч жолу жалдырап оозуңду ачып тиктесең болду... Негизги маселе ошол сүйүүңдү кызга билгизиште тура. Ары ойлоном, бери ойлоном жолун таппайм. "Чакырып чыгып, ачыгын эле айтам. Эмне менин көйнөгүмдү чечип калмак беле же бир жеримди кесип алмакпы..." - деп, өзүмчө таң аткыча уктай албай чабалактап, чамынып чыгам... А көзүн көрөөрүм менен аллам оозумдан түшүп, жашынарга жай таппай качам. Деги айлам куруду. Кой минтип жүрө беришим болбойт. "Досторго акылдашайын" деп чечтим да өзүмдөн курсу жогору, кыз сүйүүнүн чебери, тажрыйбасы мол, бир кызды эмес бир неченин таржымакалына ортоктош болууга үлгүргөн досума кайрылып, санаамды ортого төктүм. Унчукпай отуруп "тарыхымды" толук укту. Анан ойлонуп ары-бери басып туруп: - Ишиң жаман экен досум. Жаман... башын чайкап - Сүйүүнүн азабы жаман... Мага жөн эле боору ачый элжирей карады. Мен да ыйламсырап жалдырайм. - Бирок, мындан деле кутулууга болот. Бир жол бар. Ошол жолду колдонсок, болду... баары жайында... сөз аягын табышмактады. - Айтсаң? Кандай жол?.. - Жок. Аны жөн айта коюга болбойт. Айткан менен да шааниси келбейт. Бар бирдеме апкел! Кекиртегин чертип койду. Мен чөнтөгүмдү сыйпалап кыйылдым эле досум шак түшүнүп, эшикти "тарс" жаап чыга жөнөдү. - Мен чын ниетимден жардамдашайын десе... Күңкүлдөгөнү ачык угулду. Айла жок аркасынан жүгүрүп чыктым. - Болуптур... болуптур, досум. Мен азыр. Сен отура тур, капа болбой. Дүкөнгө калдаңдап шашып жөнөдүм. Ортодогу бир "Барматуханы" теңдегенден кийин сүйүүнүн "чебери" сөзүн баштады. - Мен жигитмин, сен кызсың... - Кантип? Чочуп кетип өзүмдү-өзүм кармаласам тигил: - Сен туура түшүн да. Мисалга, мисалга... сенин ордуңда менмин, сен сүйгөн кызыңдын ордундасың. Түшүндүңбү?.. - Мейли болсо боло турайын. Башымды ийкедим. Чебер колумдун үстүнөн улам-улам сылап коюп, "Эркем... сен үчүн..." жөн эле ээритип кирди дейсиң. Кудай... чын эле кыз болсом эмне болмокмун билбейм... эркек башым менен эсимди жогото сактадым. Кызуусуна келгенде, "Аз болуп турат. Дагы барып келчи! Көзүнүн кыйыгы менен кур бөтөлкөнү карап. Эң негизгисин айта албай жатам - деди. Мен ным сүйлөбөй карзинкени колго алдым. "Кайта-кайта бирден ташыбай, бир жолу эле үчтү-төрттү алып кел" артымдан кыйкырды. Андан кийинкилери эсимде жок. Канча ойлонсом да эстей албайм. Бир билем жаңы чыккан жазгы чөптөй солкулдап, тигил сүйгөн кызымдын эшигин тыкылдатып жатканымды... Эсиме келип көзүмдү ачканымда, өз бөлмөмдө жатыптырмын. "Ики-кокуй", кыймылдасам белим, мойнум, жамбашым, деги он эки мүчөм бүт сыздайт. Ордумдан сүйрөлө туруп, күзгүгө жакындадым. Кудай сакта кичине өйдөрөөк болгондо, капкара көздөрүмдү оюп алмак тура... Бетимде беш тырмактын тагы турат. Айттырбай билдим он эки мүчөмдү оңдурбай жанчкан жанагы бийиктиги бир карыш жыгач таман туфли кийген неме экенин. Ээ достор, ушинтип кыз да сүйдүм. Бирок сүйүүм мындан ары уланабы же куланабы бул жагын айта албайм. Чолпонбек Абыкеев, 1979-жыл Карегиңе бүткүл дүйнөм камалган (Новелла) Сен ушуну билесиңби. Жок. Билбейсиң. Эгер билсең таң экөөбүзгө башкача атып, күн башкача чыгып, кеч башкача кирип, жашоо кумары бир башкача болмок. Сен билбейсиң же учурунда билбей калдың. Бүтүкүл арман мына ушунда. Экөөбүздүн ортобузда агып турган булак дайрага, дайрадан көлгө, көлдөн деңизге, океанга, мухитке айланып экөөбүз эки жээгинде калганыбыз мына ушунда. Жээксиз, жел кайыксыз калдым. Ак шам астында ак баракка батпай отуруп ушуну ойлодум. Сен кантип отурасың элестетким келбеди. Карегимден кетпеген баягы бир элесиң келди. Сени эстеген сайын ушул элесиң келет. Сен чалкаңдан түшүп магдырап уктап жаттың. Эриндериң кичине-кичине ачылып калган. Мен карап жатам. Деги сонун уктайсың. Сен уктаганда сага эки дүйнө бир тең болуп калат. Сенин уктап жатканыңды суктанып карап жүрүп билдим уктоонун да өзүнчө сулуулугу болорун. Кээ бирлерди уктап жатса көргүң келбейт экен. Бүрүшүп алган, көмкөрөсүнөн түшүп калган, деги жагымсыз. А балким, көрө билүүдөндүр. Ак жайдын күнү блөмө ысык. Жамынган жука шейшеп тебилип аягыбызда жатат. Экөөбүз тең энеден туумабыз. Жок. Сени сүрөттөп жазбайм. Кызганып кетем. Ак барактан да кызганам. Кызганчаактыгым ушунча карегимден бирөө көрөт деп элесиң келсе көзүмдү жуумп жиберем. Тобо. Андан бери канча мезгил өттү. Дагы канча мезгил өтмөк. Биз баскан көчөлөр өзгөрүп, биз жаткан ошол үйлөрдүн ордунан жаңылары турмак. Карекке түшүп мээге чөгөрүлгөн элес гана жашай бермек. Шаарда ал жерди "Уста сепил" деп коюшчу. Аты сонун "сепил" деп. Затычы? Заты бир менден башка эч кимге жакпаса керек. Тар көчөлөрүнөн бир машина араң жүрөт. Ар-бир экинчи-үчүнчү үй урандыга айланган. Кээ бир үйлөрдүн жарымысы урап калган ал эми жарымысында адамдар жашап жатат. Ар бир бурчта таштанды-чириндилер. Мерчемдүү-мерчемдүү жерлерде ажатканалар бар. Айтканда эмне көпчүлүк үчүн делип курулган суу жүрбөгөн ажатканынын абалы кандай болмок. Мына ушул маанай чөгөөрлүк көрүнүштү жазып жатсам да маанайым чөкпөй жүрөктүн түпкүрүнө уюган бир сезим кытыгылап дагы жаза түш деп кумары арта кубанып турат. Тобо. Күүгүм киргенден кийин, көчөсүндө жарыгы жок жүздөгөн жылдар мурдагы тарыхый шаардын сырдуу калдыгы болуп томсоргон бул сепилди өзүндө жашоочулардан башкалар аралоодон коркчу. Менчи? О кокуй, туура кызыл кыргын согуш болуп жатыптыр десе да аралап бара бермекмин. Сен үчүн, сага жетиш үчүн. жолумду эч ким тосо алмак эмес. Аралаганда да эч бейкапар айлананы рахаттана карап, көктөгү жымыңдаган жылдыздар менен көз кысышып, тийишип аралачумун. Полу жок жер тамда бир кат матрастын үчтүндө. Сени менен кучакташып жатчумун. Бир ыктам менен оодарылбай канча бир сааттар бою жатчумун. Оюма койсо күндөп-түндөп жата бермекмин. Ким менен оюма коймок эле. Бири-бирибиздин оюбузга койбой түрткүлөп тургандыгыбыз үчүн турмуш жүрүп турат да. Баса, дайыма нааразы боло берчүмүн. Ушу адамдар дайым акыл-эстүүбүз деп мактанабыз бирок бири-бирибизди түрткүлөп, кысмалап оюндагыдай жашоого мүмкүндүк бербей тосмолоп турабыз деп. Анан бир күнү микроскоптон малекулалардын кыймылын карап отуруп түшүндүм өтө чоңойтуп алганда аалам өзү да түртүшүп, кысышып тосмолошуп туруу менен жашаарын биздин каныбызга микроскоптон көргөн тигил уруктагы молекулалардан өтөт экен мен нааразы болгон нерселер. Ушуну билгенден кийин нааразылыгым жаратылышта тиричиликти ушинтип жаратып койгонуна баш ийип үшкүргөн арманга айланып калбадыбы. Ой учугунун узундугу ай. Тартсаң кете берет ээ чубалып. Сепилден баштайсың бир учурда артыңды карасаң сепил жок калат. Менде бир бала кезимде таттуу кыял болоор эле. Балалыктын ошол кыялын али да сагынам. Атам чабан, апам койчу. Чындыгында апам кой кайтарбайт, үйдө бээ саап бизге тамак дайындап үй-тиричилиги менен алек. Койду болсо биринин артынан бири тоодой болуп өсүп келаткан балдары биз кайтарабыз. Апамды койчу кылып каттатып койгону акчасын алайын дегени. Атам да кой кайтарбайт. Ат жоорутуп дайыма кыштак менен жайлоонун ортосунда. Эки күндүн биринде отчету чыгат. Өлгөн койду жеткизет. Чоңдор менен сүйлөшкөнү кетет. Азыр ойлойм атам ошондо эмнелерди сүйлөшчү болду экен деп. Анда биз үчүн атам президент болуптур. Өз саясаты өз бийлиги бар. Биз болсо башка президентти билчү эмеспиз. Сүйлөшүүлөр кээде жумалап созулуп апамдын койчулук, өзүнүн чабандык маянасын жоопту сүйлөшүүлөргө жок кылып коюп, жергиликтүү бийлик ээси көтөрүлүш чыгарып (апам) үй-бүлөбүздөгү экономика оорлоп, ун жок, талкан жеп же бирөөлөрдөн карыздап ун сурап, кийген бут кийимдерибиз жаңырбай башынан бармагыбыз көрүнүп калчу. Атам (түшпөс президент) андайда кадимкидей мүңкүрөп балдарым кор болуп калды деп азыркыча айтканда коммерцияга өтчү. Эбин таап козуну кой кылып, торпокту уй кылып сатып алмаштырып, чаң-будуң кылып жатып баарыбыздын бир сыйра кийимибизди жаңыртып, апамды да кийинтип. Тамак ашты жарым жыл, бир жылдык кылып дайындап салчу. Мындайда апамдын кубанычы койнуна батпай келген кеткендерге атамды мактап, "О кокуй киришпейт, киришсе колунан баары келет. Көңүлсүнбөй жүрбөйбү болбосо биз эбак чириген бай болмокпуз" деп калчу. Бирок, атамдын эрдиги узакка созулбай "чоңдор" деп аталган "чет өлкөнүн президенттери" менен сүйлөшүүлөрү кайра башталып эски тарыхтар кайталан берчү. Азыр ойлойм "мамлекет үй-бүлөдөн башталат" деген туура экен го, үй-бүлө да өзүнчө кичинекей мамлекет тура деп. Чоңойгуча биз балдары атам-апам үчүн анда-санда "жаңы тумагым жок" деп ыйлап коюп жүрөберчү бекер жумушчу күч болгон экенбиз. Ошентип, "бекер күч" болуп жүрчү мезгилде далай жолу жайлоодо кой кайтаруу кезеги мага да келген эле. Жайлоодо жалгыз кой кайтарганды өзүм жакшы көрчүмүн. Себебин айттым го таттуу кыялым болоор эле деп. Койлорду жайыттан төрүнө сүрүп барып ысуулагыча көз салып отуруп ысуулай баштагандан кийин этегинде мупмуздак, туптунук булагы бар, чокусу булут жиреген атактуу Карала асканын түбүнө берчумун да атты отко коюп үйдөй-үйдөй коргулдарды аралап, "Өзүмдүн тектирим" деп атап алган асты да, үстү да типтик жалама зоока, бир капталында гана таман чубама жолу бар тектирге чыкчумун. Бул тектирге мага окшоп көзү ачылгандан тоо аралап жүргөн малчы же мергенчи чыкпаса жан жолой алмак эмес. Эки боз үйдүн ордундай тектирдин шибери бел кырчоодон буралып ушул кезге чейин мен башка эч жерден жолуктура элек жыты тири укмуш түркүн гүлдөр өсчү. Жытына мас болуп көшүлүп калчумун. Дайыма өтүүчү бир из менен басып барып так ортосуна келген сайын жатып жүрүп чөбү жапырылып менин боюмдай орун болуп калган жерге чалкамдан түшүп, көздөрүмдү жуумп коюп кийик эненин күн десе күн, ай десе айдай наркы бар пери кызын күтө баштачумун. Кыз, мен уктамайын келчү эмес. Мен канча уктабайын же уктамыш болоюн десем да болбой эс-мас болуп уктап кетчүмүн. Менин көзүм илинери менен кыз келчү. Үзүм ак булуттай болуп учуп келчү. Баш жагыма отуруп алып сызылтып ырдап берчү. Ырын угуп ойгоноюн деп ойгоно албай, турайын деп тура албай жата берчүмүн. Тээ далайда барып чачымды сылап маңдайымдан өөп туруп "Алда жараткан ай, экөөбүздү эмне жолуктурдуң" деп сыздап карагаттай карегинен ысык жашын сыгып алып басып кетчү. Ал зоо ашып кеткиче, анын ак буладан согулган көйнөк кийген караны үзүлгүчө ордумдан кыймылдоого дарманым келбей жата берчүмүн. Мени дубалап таштоочу. Ал мага колун тийгизчү. Мен ага колумду тийгизе алчу эмесмин. Ал мага сүйлөй алчу, мен ага сүйлөй алчу эмесмин. Ал мага ушул мүмкүнчүлүктөрдү бергенге ишенчү эмес. Менден адамдык кылып чектен чыгып кетет го деп коркчу. Ал кеткенден кийин ордумдан туруп алып анын калың шиберге түшкөн изин карап жалдырап калчумун. Жай бою күн сайын жолуккум келе берчү. Ал да тажабай келе берчү. Мен жыл өткөн сайын бой тартып өстүм. Ал өзгөрбөдү. Акыркы жолу жолугушканда "Эми экөөбүз жолугушпайбыз, сенин жолуң башка. Кайрылып келерки жайда кой кайтарып келбейсиң" деди. Адатынча маңдайымдан гана өппөстөн көздөрүмдөн өөп-өөп туруп кетти. Ошол күнү арманым ичке батпай күүгүм киргиче ыйлап отурдум. Анын айтканындай болду. Ошондон ушул жылга чейин кой кайтарып ошол тоого бара элекмин. Муну эмнеге эскерип жатам. Билесиңби, менин жүрөгүмө баткан тунук сүйүү, карегимден чыккыс кылып элесиңди тартып калуунун улуу чеберчилиги тээ бала күнүмдөн эле улуу тоолордон кан жаныма сиңген экен. Сен ушуну билбейсиүң. Мен өзүм да билчү эмесмин. Эсиңдедир. Такси менен бараттык. Улам ашуунун белине жакындаган сайын жүрөгүм көөдөнүмө батпай делөөрүй баштадым. Балалык күндөрүмдөгү атактуу Карала аска, гүлбурак тектир, түшүмдөн кетпеген кийик экенин сулуу кызы. Канча жылдар болду эле бийикке чыга элегиме. Бугум бүт денеме сиңип, толуп кетиптир. Өзүмдү-өзүм кармана албай калдым. Түшүндүм. Күчүм жетчүдөй эмес. Аракка мас болумуш болуп калайын деп иче да бердим. Ыйлай да бердим. Кошо бараткандар мени ошондо акылыман айнып кетпесе экен деп коркушту окшойт. Сен да корктуң. Менин адамдан башкача буулугуп калганымды байкап үн дебей айтканыма көнүп жүрүп отурдуң. Бийик ашуунун ак-ала кар баскан бели артта калганда барып эс-акылыма келдим. Кийин сен ошол жоругумду эстеген сайын шылдыңдап күлүп жүрдүң. Мен болсо акыркы ирет кийик эненин кызы менен коштошуп сенин карегиңе камоого түшкөнүмдү жанга билгизбей жашырып койдум. Ошентип, менин жарык дүйнөм тоо аралап учуп жүрө бербей адамдарга, сага кайрылган. Ушуну билген эмессиң. Мен өзүм да толук түшүнө билбегем. Тоо аралап учуп жүргөн кези жыргал кез экен. Экөөбүздүн ортобуз мухиттей чоңоюп мен үчүн эки дүйнө бир тең болуп турганда көчөдө келатсам артымдан үн чыгат. Кубат эй, Кубат - деген токтоп кайрылсам жакын тааныштарымдын бири экен. Ал-жай сураштык. Көрсө, мен аны байкабай жанынан өтүп кетипмин. Өзүнүн (азыр эсимде жок) бир партияга мүчө болуп өткөнүн айтып кирди. Эл башына оорчулук келип турганда саясатка чындап кийлигишпесе болбойт, - деди. Мени да өзү өткөн партияга мүчө болууга үндөй баштады. Мен "ойлоноюн" деп койдум. Ал эми ичимден "Мен эчак эле бүткүл адам баласы мүчө болуучу партиядамын. Биздин да Лайли-Мажнун өңдүү лидерибиз өткөн. Марксыңардан ашса ашат акыры кем эмес. Башка партияңдын кереги жок. Эртедир-кечтир баарыңар биздин партияга келип мүчө болосуңар. Бизде анткени чыныгы эркиндик. Устав, көрсөтмө жок. Мүчө болуп кир-чык деп да эч ким тескебейт. Өз акылың менен түшүнүп, өз дареметиң менен иштей бер. Ушундай досум" дедим. Ортого айтсам ал өз идеясын бергиси келмек эмес. Мен өзүмдүкүн туура демекмин. Ошентип, талаш-тартыш башталмак аягы балким жаңжалга жетмек. Үн деген жокмун. Акырын кутулуп жеңилденип дем ала түштүм. Мага бир эле түрмө сенин карегиңден чыга албай тыбырап жүргөнүм жетиштүү болчу. Ошентип сөлөкөтүм жээксиз жел кайыксыз отурат. Ортодо мухит. Жан дүйнөм карегиңде камоодо. Мына ушуну түшүнүш кыйын. Бир өмүр жетпей калат көрүнөт. Чолпонбек АБЫКЕЕВ l Чымчым новеллалар Айдан сени издедим Сени издебеген жерим калбады. Кубанып издедим. Үмүттөнүп издедим. Ыйлап издедим. Өтүк кийип издедим. Ботинка кийип издедим. Жылаң аяк издедим. Сен жоксуң. Чыдабай чыдабай мен да жок болуп кеттим. Күн шоолаларын чачып тээ ак мөңгөлүү тоолордон чыгып келаткан. Мен карап тургам. Балким сени күн менен кошо чыга келеби деп. Асман көпкөк, үзүм да булут жок болчу. Анан асманды карсам ай баратат. Эх, чиркин дүнүйө ай. Түндө эле, мындан аз-аз мурда эле табактай болуп жылдыз арасында эркелеп кумар чачып, сулуулук тартуулап турган, нечен түнкү сүйүүлөргө күбө болгон, өзүн ааламдын кожоюнундай сезген ай кайда. Боз сөлөкөтү калыптыр да өзү жок. Бир тоголок тамчы суу жүзүм менен жорголоп келип ууртума туруп калды эле жаласам ачуу-туздуу экен. Билесиңби биз сүрөткө көп түшчүбүз. Гүл кучактап түшчүбүз. Алманын гүлү, алчанын гүлү, кызгалдак, деги биз кучактабаган гүл калбаган. Кинодон кино калтырчу эмеспиз. Азыр менин эсимде калганы "Любовь с первого вгляда". Сенинчи? Айлуу түндөрдө үнсүз басчубуз. Тил байланган. Кудайга шүгүр буттун да байланбаганына. Анан эле экөөбүз эки жакка кеттик. Кетип баратып ойлогом Сени издеп таап алам деп. Таппай калып жатпаймынбы. Ойлогом сендейлер самандай деп. Күн сайын бирден табам деп. Көрсө сен сен эле экенсиң. Табылбайт экенсиң. Ошону түшүнгөндө жоголбодумбу. Сенин нуруңдун жарыгын түшүнгөндө жоголбодумбу. Эми сен да түшүндүңбү. Инопланетянин болчубуз Бул дүйнөдө экөөбүз гана бар элек. Көлгө барсак көлдөй толкуп, тоого барсак тоодой толкуп кол кармашып жетелешип жүрчүбүз. Гүл бакчаларды аралачу элек. Тойлордо, отуруштарда ырдачубуз, күлчүбүз, рахатка батчубуз. Башкалар деле биздей дечүбүз. Алгач көүңүл да бөлүшпөдү. Анан кызыгышты, суктанышты, таңданышты. Барып-барып кыжырлана башташты. Бир күнү кармап алышты да тилдешти, урушушту, тепкилешти, миң-миллион акылдарды айтышты, терибизди тескери сыйрып туруп өздөрүнүн терисин кийгизип ташташты. Азыр экөөбүз өз өзүбүзчөбүз. Жүрөбүз дале миллион, миллиардтар көргөн күндү көрүп. Болгону инопланетянин болбой калдык. Биз кимге эмнебизден жаздык. Эч жамандыгыбыз жок өзүбүз менен өзүбүз болуп эч кимге тийишпей кайра жүрөгүбүздөн жакшылык гана ойлоп жүрчү элек го. Керемет талаа Мага ушул керемет талаадан башка эч жер жакпайт дедиң. Кантип эле деп ишенбедим. Узак-узак жолдорду көрсөттүм. Бал кымыз ичирдим. Кыгыздын жери укмуш жер. Ысык-Көлүнө алпардым. Суусамыр, Чычкан, Сары-Челек, деги койчу кыдыртпаган жерим калбады. Кайда болсо "керемет талааңды" эстеп сагынасың да турасың. Кайра "керемет талаага" келдик. Кереметти кайда деп көмкөрөмдөн да, чалкамдан да, кырымдан да жатып карадым. Эч нерсе көрө албадым. Көздү жуумп угамбы дедим. Уга албадым, жыттап да көрдүм. Туурасы эки узуну төрт метр ушул жердин сырын туюга дарманым жетпеди. Кубулуп кеттиң. Айпери, күнпери, суупери, гүлпери, жинпери болуп кубулуп кеттиң. Мени тирүүлөй жеп койдуң. Тырмагымдын карасын, чачымдын чымчым талын да калтырбадың. Ушинттиң. Мен сага жеңилип калдым. Сен дагы деле "керемет талааңда" жүрсөң керек. Чолпонбек Абыке уулу Биздин жомок (новелла) Сен жөнүндө баарына айта берем. Угабы укпайбы, кызыгабы кызыкпайбы, элес албай калам... Сен жөнүндө айткандан рахат алып, бала болуп кетем. Сүйлөшүп отурган, так айтканда мени угуп отурган адамды эч карабайм. Карасам менин айткандарым ал үчүн кызыксыз экенин туюп дилим муздай түшөт го деп сактанам. Божурап, божурап сүйлөп экөөбүз бирге өткөргөн аз убакыттарды узун сабак жомок кылам. Жомок демекчи, эсиңдедир "Бугу эне" деген жомогум. Сага арнап чыгарган элем. Аны сен билип койгонсуң. Бугунукундай жайнаган кара көздөрүң мени бир башкача карады эле, мен дел болуп дем ала албай калгам. Сен ошентип карап турсаң дем алыштын деле кереги жок болчу. Көзүңдүн оту да кылымга жашатмак... Ошондо жамгыр жаап жаткан. Көнөктөп. Кыргыздар көнөктөп төгүп деп коебуз го. "Көнөк" деген эмне экенин азыркылар көбүбүз билбей калдык. Көнөк кыргыздын ыргытса сынбаган, кабырылбаган, чапча ийрийбеген, бөлүнбөгөн, тоонун башынан кулактып жиберсең этегине жеткенде деле ошол калыбында жата берген уйдун, төөнүн, жылкынын калың терисинен тигип жасаган азыркыча айтканда чакасы болгон экен. Жамгырдан коркуп баарыбыз эшикке терезеден баш бага карап, жатаканага корголоп балапан болуп атканбыз. Кыл мурут жаңы кылтыйган студенттик курак. Сенин бөлөмөңө барып калдым. Аныгы, өзүң ээрчитип бардың. Тарыхтан консультация берчи деп. Анда төбөм көккө жетип, өпкөм таноомо тыгыла түшкөн. Көкүрөккө батпай. Өзүмдү чилистен сезе түшкөм. Кийин акыл токтогондо ойлосом шылтоо экен. Жамгыр терезени жууп жатты. Терезе тушундагы бак-дарактар жамгыр бийин бийлешүүдө. Сен көлдү эстедиң. Жамгырдагы көлдү, жамгырда көлгө түшкөнүңдү айтып берип жаттың. "Көздөрүң маралдыкына окшош экен, уругуң Бугубу", - дедим. Оозума сала бергенсип. Оооба уругубуз "Бугу энеден" дедиң музоонукундай кирпиктериңди төмөн салаңдатып. "Бугунун кыздары сулуу болосуңар" дедим. Жамалыңа кызыл кан жүгүрө түштү. Делбиреп кеттиң. Сулуулугуңа, мен сенин сулуу экениңди көрө алганыма делбиредиң. Эх өмүр... "Бугу эне" жөнүндөгү жомокту билесиңби? - дедим. "Так эсимде жок. Кичине чагымда уккан элем. Эгер билсең айтып бересиңби" - дедиң. Ушуну күткөм. Ушинтип ооз учунан эле суранып койсо деп күткөм. Төгүлүп кеттим. Көнөктөгөн жамгырдай. Сен менин жомогума жуунуп жаттың. х х х Кыз булак башына келди да согончогуна жеткен узун кара чачын жазып жиберип тарана баштады. Кундуздай кара чач булак суусу менен толкуп агып турду. Кыздын карагаттай каректеринен эрксиз сызылып чыккан жаш ай жамалынан шорголоп өтүп, булакка тып-тып таамп жатты. Мына ушул маалда булактын тээ төмөн жагына алты айры мүйүзү шаңкайа керилген ак бугу суу ичкени келген эле. Булактын туптунук мөлтүр суусуна тумшук салаары менен бышкырып кайра башын тартып алды. Булак агып келген баш жагын тиктеп турду да арткы бутуна тура калып ордунан чимирилип кетти. Бугу чимирилип барып кебездей ак булутка айланды да булактын башын көздөй каалгый учту. Кыздын тушуна келгенде ак булут удургуй түшүп бой мүчөсү келишкен баатыр жигитке айланды. - Ай десе айды, күн десе күндү адаштыраар сулуу кыз. Көңүлүңүз эмне чөгүңкү? Карагат карегиңиз эмнеге жашка толгон? Кыз кайдан-жайдан пайда боло калган жигиттин үнүн укканда чоочуганынан бакырып жибере таштап, ордунан атып турду. Жайылган чачы сыдырым урган желге серпилип уюлгуй денесине оролуп желбирейт. - Мырза-жигит сиз кайдан келе калдыңыз? Бул чөлкөмдө жан жок эле го. - Ал өзүнчө сөз. Алгач менин суроомо жооп берсеңиз селки? Кыздын денеси корккондон калтырап, жүрөгү жарылчудай лакылдап чыкты. Душмандын же баскынчынын колуна түшкөн экенмин деп ойлоду. Экөөнүн каректери чагыла түштү. Жигиттин бакырайган каректеринен эч кандай душмандыкты көрө албады. - Сиз коркуп жатасызбы? Жигит кыздын колдорун кармады. Колдон өткөн сыйкырдуу күчтөн кыздын денеси балкып кетти. Өзүн жоготуп койду. Коркууну такыр унутту. Жигит менен сагынышкан эски таанышындай элжиреп сүйлөшүп кетти. - Биз чоң уруу эл элек. Капилеттен жоо тийип, эркек-ургаачы дебей кырышты. Бир уруудан үч жан калдык атам, энем, мен. Биз да кудайдын буйругу менен аман калдык. Энем акылдуу киши. Жоо тийсе сактанганга деп дайыма тактанын астынан ороо казып, үстүн чымдап жаап койчу эле. Курчоодо калып бүт кырылып арга түгөнгөндө үчөөбүз ошол ороого жашынып үстүн чымдап жаап алып аман калдык. Жоо кеткенден кийин ушул тоо арасына качып келип жашынып жашап жүрөбүз. - Эх адамдар?! Эмне мынча бири-бириңерге душмансыңар. Кыз жигиттин сөзүнө таңдана көзүнө тигилди. Жигиттин көздөрү кызга адамдыкына эмес, бугунукуна окшоп кетти. "Мен эмнени ойлоп жатам" деп койду кыз ичинен. Жигит кыздын колдорун кармалап койду эле, каны дүргүп кайрадан өзүн жоготуп койду. Кыз жигитти ээрчип гүлдүү талаага кандайча келип калганын билбеди. Ар түрлүү гүлдөрдү көргөндө чыдабаган кыз делбиреп чуркай гүл терип кирди. "Гүл жандуу экенсиз" деди жигит. Кыз гүлдөн топу түйүп башына кийди. Оромол түйүп жигиттин мойнуна ороду. Экөөнүн оюну бүтпөдү. Кумарлары тарабады. "Ой, күн кечтеп кетиптир го" деп чоочуду кыз. "Ата-энем эмне дейт. Мен үйгө кетейин". Экөө бөлүнүшө албай турушту. Жигит кызды экөө жолуккан булакка чейин узатып келди. - Дагы жолугушабызбы? - деди кыз кирпиктерин нурдай чачырата жигитке тигилип. Жигит үнсүз турду да - Мен бүгүн биздин тукумдун мыйзамын буздум. Сага жолуктум. Эми кайра жолугушабызбы же жокпу, ачык айта албайм. Туура жети күндөн кийин күт. Эгер келсем келдим. Келбесем мени мындан башка көрбөйсүң. Кош бол перим. Менден башка эч нерсе сураба. Бүгүнкү жолугушуубуз тууралуу жан адамга, ата-энеңе да айтпа. Айтсаң экинчи көрүшпөй калабыз. - Эмне сырыңды жашырасың деп кыз кылыктана таарынымыш болуп булак боюна отура калды эле жигит кандай пайда болсо кайра так ошондой жок болду. Ордунан айланып жигитти таппай калган кыз маңдайдагы карагайлуу белести ашып баратып кылчак-кылчак артын караган келишкен сулуу чоң ак бугудан башка айланадан кыбыр эткен жанды байкай албады. Кыз үчүн жети күн жети жылдай созулду. Жигиттен айрылаары менен кайра сагынды. Эртеден кечке булак боюнда көз жаш төгүп отурчу болду. Үйрүлүп түшүп эмне кайгы басканын сураган ата-энесине сыр чыгарбады. Кыздын көз жашына чыдабай булактын таштары ээрип кум болду. Муздак булак ысык булакка айланды. Жетинчи күнү таң жарыгы менен келген кыз адатынча чачын жайып жиберип булак боюнда отурган эле. Күн жаңы тоо баштарынан нур чачканда ачык турган асман бүркөлүп караңгылай түштү да чагылган чартылдай шатырата жамгыр куюп жиберди. Кыз суу болгон чачын жыйнай башын көтөрсө маңдайында жигит турат. Кучагында боюн таштап жиберди. Кандай бүркөлсө так ошондой жарк деп күн ачылды. - Кетпечи экинчи кетпечи. Мени таштабачы экинчи. Кыз жигитке жалбара суранды. Жигит кыздын колун кармалап көздөрүнө тигилип туруп сөз баштады. - Менин төрт шартым бар. Ошол төрт шартты айтайын. Өзүң терең ойлонуп, эне-атаң менен да акылдаш. Анан жообун айт. Биринчи шартым: Эч убакта эч кимиңер энең да, атаң да, сен да менин тек-жайымды, урук туугандарымды, кайдан келгенимди, жеримди сурабайсыңар! Экинчи шартым: Биринчисинде макул болсоңор мен сени менен он жети гана жыл жашайм. Он жети жылда сен жети эркек төрөйсүң. Жетөө тең ченде жок баатыр, чынчыл, акылдуу жигиттер болушат. Жетөөнөн тараган тукум узарат. Үзүлгөнүңөр уланып жерге жээгиңер кеңейет. Душман чегиңерге жолобойт. Тукумуңар бүгүнкүдөй болуп эч убакта үзүлбөйт. Кайталайын, экөөбүз чогуу он жети гана жыл жашайбыз. Себебин сурабайсыңар. Үчүнүчү шартым: Эч убакта бугуга аңчылык кылбайсыңар. Тукумуңарга ушуну үйрөтөсүңөр. Бугуну ыйык тутуп сыйынасыңар. Төртүнчү шартым: Жумасына бир күн белгисиз жакка кетип жок болуп турам. Кайда кеттим сурабайсың.. Аркамдан аңдыбайсыңар. Мына ушул айтылган төрт шартка көнсөң, так аткарууга, бузбоого макул болсоңор эртең так ушул жерден жолугушабыз. Жигит кыздын маңдайын сылап койду эле кыз эс-мас боло түштү. Кыз өзүнө келгенде жигит эчак жок болуптур. Маңдайдагы белесте баягы ак бугу турду жаңы чыккан күн нуруна бөлөнүп, шаңкайа мүйүздөрү асман тилип. Кыз болгон окуяны ата-энесине болгондой баяндап берди. Үчөө күнү-түнү ойлонушту. Акыры сырдуу жигиттин айтканына көнмөй, шарттарын так аткармай болушту. Антпесе эне ата карып баратышат. Тукум үзүлүп калышы да мүмкүн. Эң жаманы он жети жылдан кийин кантишмек. Бара көрөлү дешти. Кыз таң сүрө булак боюна келсе жигит күтүп отуруптур. Кызды бир тиктеп койду да айтпай эле кой, баарын билем. Мен койгон шартты толук аткарууга макул болдуңар. Экөө кол кармашып ээрчишип алып кыздын ата-энесине келишти. Кыздын ата-энесине жигит бир көргөндө эле жакты. Экөөнө нике кыйып, ак баталарын беришти. Арадан жылдар өтүп, жигит айткандай эле кыз удаа жети уул төрөдү. Жетөө биринен бири өткөн азамат болуп чоңоюп келатышты. Душман жолободу. Алардын тынчын эч ким албады. Бейпил жыргал турмушта жашашты. Он алтынчы жыл аяктап он жетинчи жыл жакындаган сайын балдардын энесинин тынчы кете баштады. Жигиттен сурайын дейт, шартты бузгандан коркот. Пенделик кызыкчылыгы күчөп күндөрдүн бир күнүндө жигит жума сайын кайда жоголот аңдып көрмөк болду. Түн ортолой туруп жөнөгөн жигиттин артынан уурданып кошо чыкты. Жигит баягы булак боюна барганда колун асманга созуп туруп бутунун башы менен айланганда айдын жарыгында булуттай бозоруп барып кайра ак бугу болуп тура калды. Коркуп кеткен Гүлпери (Жигит кызды ушинтип атоочу) таптакыр кетип бараткан экен деп - Гүлмырза (кыз жигитти ушинтип атоочу) деп кыйкырып жиберди. Бугу бышкырып жиберди да ордунан атылган боюнча көздөн кайым болду. Гүлперинин эси ооп жыгылды. Көзүн ачса, башында балдары турган экен. Үйүндө жатыптыр. Өңүбү түшүбү ажырата албай, түндөгү көргөнүн жан адамга айтпады. Экинчи күнү түн ортосу болгондо Гүлмырза кирип келди да чөгөлөп отуруп ыйлап жиберди. - Пендем пенделик кылдың. Дагы үч ай чыдаганыңда экөөбүз түбөлүк бирге калат элек. Менин жараткан теңирим Пенделер пенделик кылбай он жети жыл шартты туура аткарса сени алар менен калтыралы дешкен эле. Ушунча жыл чыдап, үч ай калганда шартты буздуң. Кош эми. Айтаарым тукумуң үзүлбөйт, уругуң кеңейет. Кылымдан-кылым карытып Ысык-Көлдү жээктеп жашай бересиңер. Көлдү сыйлагыла. Жаратылыш энени сыйлагыла деди да көздөн кайым болду. Гүлперинин кайрадан эси ооп калды. Эртең менен көзүн ачса Гүлмырза жатчу жаздыктын үстүндө алты айры бугунун мүйүзү турган экен. Гүлпери мүйүздү кучактап буркурап боздоп ыйлады. Гүлмырза ошол бойдон кайрылбады. Гүлпери мүйүздү ыйык көрүп, төрүнө коюп сыйынып жүрдү. Кийин-кийин өзү да Гүлмырзам деп боздой берип бугуга айланып кеткен дешет. Ошондон кийин Гүлмырза менен Гүлпериден тараган тукумду "Бугу эненин тукуму" деп атап калыптыр. х х х Менин жомогум бүткөндө жамгыр эчак басылыптыр. Сенин көздөрүң жайнап, жомокко берилип кетипсиң. Кирпиктериң нурдай чачырайт. Экөөбүз тиктеше түштүк. Тымтырстык. Көздөр эмнени сүйлөштү... Анан, анан... Колуңдан кармап өзүмө тарттым. Сен көздөрүңдү жуумп жибердиң. Жамалыңдан, эрдиңден... Сен дирилдеп кеттиң. Жамалың алоолонуп күйүп чыкты. Ал от мага жаба берди. Бүлдүркөн эриндериңе тойбодум. Ордуңдан атып туруп кроватыңа барып көмкөрөңдөн куладың. Көзүңдү дагы бир көрсөм дедим. Көрбөй калдым. Жа дегенде балтырларыңды да кызыл кан тээп кетиптир. Мен өзүмдү өзүм кармоого кудуретим жетпей баратканда эшикке качтым. Качпасам чагылган чарт демек. Эшикке чыгып жамгыр дагы жааса, мен жамгырда калсам деп тиледим. Жамгыр жаабады. Мен өрттөнүп кеттим... Бишкек-95 Улактын үнү (аңгеме) (Иним Рысбектин арбагына арнайм) Кара улак энесинен жэетим калган. Энеси желини салаңдаган чоң көк эчки болуучу... Улактары секирип ойной баштаган кези. Кара улактын түгөйү энесине окшош көк улак. Деги улак сүйкүмдүү болот го. Иним экөөбүз алардын кулак башынан өпкүлөп, дайым көтөрүп жүргүбүз келет. Меники кыйын, сеники эмес меники кыйын болуп кээде жарга секирип ойногон аларды карап туруп, тартыша да кетебиз. Кечке эрмегибиз ошолор. Алардын артынан жарга кошо чыгып, кай бирде кулап түшүп кубалашып ойнойбуз. Ал күнү улактар менен ойноп жатып, салактаган эки тайган ээрчиткен мергенчинин жакын келип калганын байкабаптырбыз. Качан гана желини салаңдаган көк эчкини чоң сары тайган зуулдата кубалап жөнөгөндө эч нерсе түшүнө албай оозубузду ачып, делдейип туруп калдык. Аңгыча биз менен кошо жарда ойноп жүргөн эки улак да энесинен аркасынан зыр коюшту. Тайгандардын бири улактарды качырып сала берди. Буйдалтпай көк улакка жетип бир силкип, эшик-тердей ыргытып ийди да томолонуп барып кызыл ала болуп жатып калган байкушту алкымдап кирди. Эсибизге ошондо гана келип "Кет... кет, дейм... Ай... тийбе дейм, тийбе" деп жарыша кыйкырып ылдый чуркадык. Кырга чыга келген кызыл бет ээси атына камчы басып "кой, койлоп" чаап жөнөдү. Мерген жеткен кезде көк улак эчак бут серпүүгө жарабай, көзү аңтарылып калыптыр. Тээ төмөндө көк эчкини сары тайган буйдалап жатты. Бирин ажыраткан мерген экинчисине чаап жөнөдү. Үлгүрбөптүр. Көзүбүздүн жашын аарчууга алыбыз келбей иним экөөбүз энтеңдеп чуркап барганда тиги киши эчкини мууздап коюп, бычагын жүнүнө аарчып отуруптур. Биз сүйлөй албай кекечтенип өпкө-өпкөбүзгө батпайт. Тигил мерген бизге багжая карап: - Булардын малсаактарын, атаңарды тартсаңар керек го. Эч нерсе эмес. Тумшуктарына жыт илинбей буулугуп келаткан тайгандардын астынан ажал айдап чыккан тура. Тайгандын кылаары ушул, ошондуктан кийикчи тайгандар дейт да... Тайгандарын сыймыктана карап коет. Менден да, инимден да сөз чыкпады. Кайдагы сөз далдайган неме ачуусу келсе экөөбүздүн тең башыбызды жулуп алчудай сүрдүү. Унчукпай кичине ойлонуп отуруп, анан ордунан туруп эчкини жеңил гана көтөрүп, атына бөктөрдү. Бизге кайрылып: - Эмне турасыңар, оозуңарды ачып. Тиги улакты сүйрөп келгиле. Деги эле буларды, эчки өлгөнгө ыйлап. Унчукпай улакты сүйрөп келдик. Аны да бөктөрүп канжыгасы менен бекем байлады да биздин үйдү көздөй кеткен кыязга салды. Ал кичине узай бергенде иним чыдабай кетти көрүнөт: - Ээй, сенин энеңди... Сениби, атама айтам... Тигил кайрылып артына жалт караганда коркконунан томполоңдоп, жарды көздөй качып жөнөдү. Ичимден "алын билбей сөгүнгөндү эмне кылат" деп иниме боорум ачыды. Анткен менен көк улак өлбөдүбү. Мергенчи болсо коктуну жаңырта каткырып - Тигини... Тигини, кайратын деле... Кайратыңа чычайын.. Камчысы менен тап берип койду да, бурулбай бастырып кете берди. Иним экөөбүз көпкө бири-бирибизге тик багып карай албадык. Катуу коркуп калган кара улак кой арасын аралай чуркап, элеңдеп энесин издей чыйылдап маарайт. Унчукпай жүрүүгө чыдабай, сөз баштадым. - Эми, кара улак экөөбүздүкү тең болсун ээ. Иним мойнун толгоп: - Өзүң ала бер, мага кереги жок. - Эмне тултуясың. Менде эмне күнөө. - Мен сендей чоң болсом, мен жанакы кишиге көргөзмөкмүн. Турат бир сөгүүгө жарабай... Тескери карап жашын аарчыды. - Ой атаа, тапкан экенсиң, мен сенден болгону төрт жаш улуумун го. Тиги кызыл бет тултугуң менден канча чоң дейсиң. Алым жетсе сенсиз деле мурдун канжалата муштамакмын. Андан көрө байкеме барып айтпайлыбы. Жазасын берсин. - Байкемдин алы жетер бекен. - Ой байкемдин алы жетпегенде. Сен күчүн билбей жүргөн экенсиң. Өөгүнү тору тайды куйругунан кармап токтотуп койду го. Экөөбүз жарыша чуркап барып, булак боюнда оттоп жүргөн кашаң күрөңгө минип, теминип, кагына үйгө жөнөдүк. Боз үйдүн жанындагы мамыда жанакы мергендин тору аты байланып туруптур. Ичкериде бака-шака. Кирсек, казанда эт кайнап жатат. Төрдө байкем, атам, жанакы мерген үчөө кымыз ичип, карта ойноп отурушат. Апам болсо чыгдан жакта камыр жаюуда. Экөөбүз удаа кирип келип, босогодо жарданып туруп калдык. Төрдөгүлөр бизге көңүл да бурушпады. Апам гана экөөбүздү алмак-салмак тиктеп турду да: - Ии, улагыңарды итке жара тарттырып жибердиңерби. Жылмая тикдеди. Иним ушуну күтүп турса керек, өкүрө этегине кулады. - Тетигинин ити жеди. Үйдөн кетирчи апа. Улагымды өлтүрүп таштады апа. Мен чыдай албай эшикке чыгып, боз үйгө жөлөнүп ээрдимди кесе тиштенип туруп калдым. Үйдөгүлөр инимди соорото алышпай кыжылдашып жатышты. Акыры байкемдин ачуу үнү чыкканда, жаагы жап болду көрүнөт. Кайрылып киргим келбей ары басып баратсам, жанакы эки сары тайган казыкта чынжыр менен байланып туруптур. Боз үйдүн курчоосуна жөлөп койгон узун укурукту алып, качырып сала бердим. - Ме сага... Ме сага. Улакты тиштейсиң. Мына сага. Мага жардамдашып чулук куйрук көк дөбөт ары секирип, бери секирип, тийип, качып талап кирди. Эки тайган жулунушуп, каңкылдаша мага чаптырбай буйташат. Ушундан пайдаланган көк дөбөт капталынан качыра аткый жулат. Ан сайын мен да күчөп, сабайм. Карылуу кол желкемден кармап, так көтөрүп, жаактан ары бир чапканда көзүмдөн от чагылыша түштү. Карасам, биз болушат деп үмүттөнгөн өзүмдүн байкем. Мени ары ыргытып ийди да, ачуу кыйкырды. - Жогол ары. Булардын өжөрүн ай. Тигиниси аз келгенсип. Унчукпай боз үйдүн артына бастым. Көксөөм сууп, өзүмө-өзүм ыраазы боло жеңилдей түштүм. Жаагымдын ооругунан да сезген жокмун. Арыта мергенчи муруттарын бүлкүлдөтүп карап туруптур. Тайгандарына жакшы эле жаны ачыса керек. Байкеме "Бала да, урбай эле койбойсуңбу" демиш болду. Үйдөн анча алыс эмес чоң кара таштын коңулуна иним экөөбүз курган алачыкка кирдим да, чалкаман түштүм. Көп өтпөй иним келди. - Жүрү, сени эт жесин деп чакырып жатат. - Жебейм. Корсулдап койдум. - Сени катуу урдубу. Мени деле урду. Ошого эмне, ачка калмак белек жүрү. - Барбайм дедим го. Сен барып жей бер. Ошол өз улагыңдын этин. - Менин улагымдын этиби, казандагы. - Макоо. Анан эмне менин улагымдыкы бекен. Менин кара улагым тирүү эле жүрөт. Үнсүз бир топко жаттык. Иним мага ыктап: - Эмесе, мен да барбайм. Өздөрү жей беришсин. Сен кара улак экөөбүздүкү болсун дедиң эле го. Мен үндөбөдүм. - Эмне, кайра экөөбүздүкү болушун каалабай калдыңбы. Инимдин үнү ыйламсырап чыкты. - Мейли, кара улак экөөбүздүкү болсун. Мен көңүлсүз күңкүлдөдүм. х х х Күз келди. Мен үчүнчүдөн окуй баштадым. Атамдар жайлоодон түшүп, күздүккө көчүп келишти. Кара улак да чоңоюп, күлтүлдөйт. Азыр кубаласаң да карматпайт. Жайкы окуя унут болду. Инимдин болсо улак менен иши да жок. Мектепке тор кашка тай менен барып келип окуйм. Окуудан кайтканда жолумдан иним тосуп чыгат. Тайга минсем дегенде эки көзү төрт. Тайды аяп көп мингизгим келбейт. "Кой чарчап келди. Минбей эле койчу десем" таарына түшөт. "Сен өзүң жыргап окууга чейин минип, барып келесиң, мага кичине да бербейсиң" деп кээде мингизип коем. Кай бирде кашайып болбойм. Чабандар уулдашып, дуулдашып күн мурунтан аттарын таптап жүрүшчү күзгү чоң майрам да келди. Атам, байкем, апам болушуп майрамдык оюнду көргөнү кетишти. Иним экөөбүзгө "койду көздөй тургула бүгүнчө, эртең силер майрамдайсыңар. Бириңе күлүк торуну, бири каракерди токуп берем. Айылдагы балдардын эч кимиси силерге жетпейт" деп байкем убада берди. Чөнтөктөрүбүзгө болсо түрлүү таттуудан шыкады. Жайылган койдун четинде момпосуй соро, эртең кандай майрамдарыбыз тууралуу талашып, тартыша бастырып жүрөбүз. Мен тору тайчанмын. Иним кашаң күрөңдүн үстүндө конгон каргадай болуп чокчоет. Уюлгуган чаң көтөрүлүп, дүпүрөтө чапкылап келген атчандар, жулунган аттарын демиктире койлорду чогулта баштады. Бизди барбы, жокпу деп да ойлошпосо керек. Кыйкырып каршысынан чаап жөнөдүк. - Эйэ, эмне кылып жатасыңар. Койго тийбегиле. - Тийбегилени коюп, чогултуш. Чабдар атчан байкемдин досу Аскар мага олунуп койду. Үрккөн койлор бат эле чогула түштү. Тигилер өздөрүнчө: - Бириң түшө калып кармагыла. Ээй, түшүп жүрөбүзбү, эңип кетебиз. Бакылдашып, төбөлөрүнөн буу буркурап баары кызуу. Иним экөөбүз эч нерсеге түшүнбөй бири-бирибизди карап коебуз. Атчандардын бири койду аралай кирип, калың жерине кептеле түшкөн улакты эңип кетти. Колго түшкөн улак жандалбас кыла аянычтуу маарап баратты. - Улакка тийбегиле! Улакка тийбегиле дейм. Улак меники! Мага кулак каккан киши болгон жок. - Суу жээгин көздөй, суу жээгин көздөй, ошол жакка мууздайбыз. Баары жапырт чабышты. Эми түшүнүктүү. Менин кара улагымды көкбөрү тартышмак экен го. Тайымды камчылап, топту качырып сала бердим. - Таштагыла. Тийбегиле дейм. Менин улагым. Сөзүмдү уккан киши жок. Айлам куруп жалына баштадым. Байкелер, улагыма тийбесеңер. Байкелер... Байкелер. Топураган чоң аттардын жанына тайым жолой албай теминип-кагынам. Кашаң күрөң желип-желип баспай койгондо түшө калып жүгүргөн иним: - Таштагыла. Силерди байкеме айтам! Атама айтам! деп бакырып аркада жүгүрүп келатат. Бир аттын соорусу уруп кетип, тайым мүдүрүлүп оңкочок атты. Мен алда кайда учуп түштүм. Бетим жерге сүрүлүп тийип, мурдумдан кан жая берди. Улакчылар улам алыстап, алардын аркасынан уюлгуган гана чаң калды. Канчалык ыйлайын десем да көзүмдөн жаш чыкпайт. Отуруп алып жер тепкилеп, бакырып-өкүрүп, өжөрлөнүп жаткан инимди көрүп, итиркейим келип кетти. - Бакырба! Уктуңбу. Бакырба! дейм. Үнүм киркиреп араң чыкты. Иним тып басылып мени алайып карап калды. Сыйрылган чекемден, мурдумдун аккан кан оозума кирген сайын жутуп коем. Бара-бара жер айлан көчөк атып, тирүүлөй көкбөрү болгон улактын чыркырап маараганы кулак жара күчөгөндөн күч алып, айланамдагы койлор да, тай да, күрөң ат да, ал түгүл иним да, ага кошулуп маарашып, мен болсо алардан бөлүнө кайдадыр учуп бараттым. х х х Коңулдагы үй (Аңгеме) Калың бактын ичине орнотулган отургучта эки кемпир сүйлөшүп отурушат. Эмнени сүйлөшмөк. Өткөн-кеткендерди эске салышат. Кошуна колоңдордогу болуп жаткан жаңылыктарды козгошот. Көргөн уккандарын айтышат. Биринин оозунан чыкканы бири үчүн түгөл чындык. Анткени менен ооз сүйлөп жатса да кол тынымсыз иштейт. Бири дайым байпак, колкап, свитер түйүп отурса, экинчиси жээк тордоо менен алек. Эки кошуна үчүн бүгүн жаңы жаңылык. Кара кемпир аркы булуңдагы чукчуйган эки бөлмөлүү үйүн ижарага берди. Экөөнүн тең ойда сөздөрү бүтпөй шыпшынышат. - Кайдан таап келгениңди билбейм. Ушуга окшогон селсаякты да кардар кылып алабы, ботом... - Кой ээ, жакшынакай эле жигит го. Жаш көрүнөт. Жаш болсо да кызматта иштейт экен. "Энекелеп" жалынганынан алдым. "Ичкилик ичпейм" - дейт. Үйүңө топурап көрүнгөндөр келип, музыка коюп өкүртүп, кошуна колоңдун тынчын алабай жашасаң, жаша - дедим. Чүрүшкөн карасы балпайган сарысын көз айнегинин үстүнөн тиктеп койду. - Билем мындайларды. Убада берип, жалына беришет. Менин колумдан буга окшогон нечендер чыкпадыбы. Эптеп маяна алган, кагаз тиктеген жерде иштесе болду, "кызматкербиз, тартиптүүбүз" - дешип чирене беришет. Өзүң деле байкабайсыңбы. Сууткан айгырдай болуп сөнкөйүп турганын. Күндө аягы суюк кыркма чачтарды жетелеп келип, таң аткыча музыкасын өкүртө коюп баарыбыздын тынчыбызды алат эмеспи. Сары балпайган кемпир ээги ээгине тийбей эбиреди. - Болсо болоор. Деги азыркы жаштарды билип болбойт. Сыртынан карасаң зыңгырап турушат. А ойлогондору эмне түгөнгүрлөрдүкү. Жуурлуша келсең быкыйы чыгат. Кокус андай жаман жагын байкасам чыгарып жиберем да. Карасы сарыга кошула баш ийкеди. - А катыгүн эмки жаштар такыр колдон чыгышпадыбы. Биздин учурчу. Түн ичинде өбүшсөк да уялгандан бетибиз чымырай түшчү эмес беле. Эмкилер сыгылышкан автобуста баратышып деле мурундары жалпайгыча жытташып калышат да, уялмак түгүл айланасындагыларга сыймыктана карашат. Андан да ичкиликти шыңгыткандарычы, жерден боорун көтөрө албай жүрүшүп, бутуна тике тура албай ылжыганча. - А кокуй десең. - Эми муну да көрөсүң. Күндө тоюп алып бүт короого чаң салат. Ошондо кууп чыга албай убара чегесиң. Чык десең "Сени караңгыда кармап алып өлтүрөм" - деп коркутуучулары да болот. - Ким билет. Бирок адамдын баарын жаман деш туура эмес. Бул маалда тигил жигит эшиги короонун ички бетин караган эки бөлмөлүү үйдү тазалап актоо менен алек. Үстүнө жаман халат кийип алган. Үйдү кеминде беш жылдан бери эч ким актап сырдабаса керек го. Студенттер, жумушчулар, ар түрдүү адамдар убактылуу жашашкандыктан дубалдын аргай жерине мыктар иретсиз кагылып, чийилип, полдун сыры кетип, жыты да бузулуп кеткен. Бөлмөлөрү да бөлмө аты болбосо көчүк айланбайт. Кейпи атайын ижарага бериш үчүн салынса керек. "Коңулдагы үй" - деп атоонун себеби бар. Чатырчалуу чоң ак үйгө улай салынганы аз келгенсип жанаша өскөн жаңгак жыгачы өзүнүн калдайган жалбырактары менен такыр ороптур. Арадан күндөр билинбей кубалашып өтө берди. Эки кемпирдин күндөлүк маеги жакшы эле уланып келип тигил коңулдагы үйдүн "ээсине" келгенде талаш-тартышка айланат. - Деги, жаштардын баарын тең жаман дей бериш да туура эмес көрүнөт. Карыган кезиңде адамга адилет баа бергениң жакшы эмеспи. Тиги жигит, түзүк неме экен. Келгенине көп болду, зымпыйып тартиби да жакшы. Кара кемпир адатынча көз айнегинин үстүнөн тигилди. Анткени дайым ылдый карап отургандыктан көз айнеги мурдунун учуна жете араң илинип турчу. Улам өйдө кылуудан эринип жайына коет. Аңгыча коңулдагы үйгө сумка көтөргөн эки жигит келишип, беркилерге башын ийкеп учурашып коюп кирип кетишти. Буйдала түшкөн сары кемпирдин тили чыкты. - Ушуга окшогон үксүйгөн немеге ишенген сен дагы... Кокуй күн... Жөн эле азырынча сыр билгизбей жатпайбы. "Көчүгүмдү бекемдеп алайын" - дегенсип. Мына эми көрөм... Тиги солкулдаган немелер жөн келди дейсиңби... Жанагы колтуктагандарынын ичинде бирден-экиден шише. Кичинеден кийин музыкасы өкүрөт... Анан өздөрү... Үйдө өкүрүп тынч отурушпай короого чыгышат. Жакын барып көр эр болсоң "Койгула" - деп. Бир муштап өлтүрсүн. Карасы унчуга албай ордунан туруп үйүн көздөй жөнөдү. Кетип баратып күңкүлдөй: - Ошентсе да жаштардын баары тең жаман эмес. Сарысы жеңиштүү табалай: - Бышш... Кызыкты көрөсүң... Эрдин түйрө эликтеп койду. Бул күн да демейдегидей тынч өттү. Өкүргөн музыка деле чыккан жок. Короодо кадимкидей бейкуттук өкүм сүрүп турду. Сары кемпирдин тынчы кетип улам эшикке чыгып карайт. Кечке жуук келген экөө жөнөп кетишти. Тигил жигит узатып чыкты. Үчөө тең түз басып баратышты. Үндөрү да өзгөрүүсүз жөнөкөй. Сары кемпир өзүнө-өзү ишенбей аңдый ар бир кадамынан көз албайт. Кара кемпир бул маалда терезесинин түбүндө эшиктен кулагын албай тыңшоодо. Жигит астынан чыккан сары кемпирге "Кечиңиз бейкут болсун энеке" - деп күлүмсүрөй карап ийилип коюп кирип кетти. Берки негедир кыжырлана жийиркеничтүү жылмайып башын ийкеңдетти. Эртеси эрте турган сары кемпир коңулдагы үйдүн эшигин тыкылдатты. Эшикти ачкан жигит таң кала көздөрүн ирмегилеп карап калды. - Келиңиз энекеси... Сары кемпир босогодон өтпөй туруп: - Колго тартылган арак аласыңбы? Жигит, ала бер... Таптаза. Күчтүүлүгүн айтпа. Жыттай да албайсың. Жашыруун сырын айткандай шыбырай сүйлөдү. Жигит уккан кулагына ишенбей ого бетер таңдана көздөрүн ачып-жуумп үтүрөйө тиктеп, - Жок. Албайт элем... -Алып кал дейм! Колуңдагы чоң сумканын ичинен шишенин мойнун көргөздү. Арзан сатам... Акчаң жок болсо кийин деле таап бересиң. Кошуна эмеспизби... - Жок мага арактын кереги жок... Кемпир сөзүн бөлүп, - Ботом, сендей жигитке... Жоро-жолдошторуң келгенде деле... -Энеке чынымды айтсам, ичкиликке анчалык шыгым жок. Башка кошуналарга барып көрүңүзчү балким алар алышаар... Балким жаңы жубайыма кийим болсо алайын. Сизге акча керек го... Сары кемпир жаман көзү менен жигитти бир тиктеп койду да үйүнө бет алды. Кара кемпирдин үйү тарапты улам-улам карап коет. Жолдо баратып өзүнчө түкүрүнүп, - Түү... ушунун эркек болгонун... Эркекмин деп... Тфүү... тфүү... Орунтугуна жайланыша отургандан кийин кара кемпир: - Ии ботом, булардын үйү түндө тынч болду го... Башы менен коңулдагы үй жакты жандап сөзүн улай: - Деги адамдар кызыкпыз. Кимдин кандай экенин туура баамдабай эле сыртынан баа быча коебуз. Сары кемпир кыжырлана колундагы тордомону силкип. - Жап-жаш туруп коңулда жашайт. Эркек болгондон кийин эркектей эле жашабайбы. Ушунуңдун жигиттигинде шегим бар... Чачы ийнине жайылган, узун бойлуу, колуна кичинекей кара сумка кармаган кара тору сулуу сымак кыз беркилер менен баш ийкей учурашты да шыпылдай басып тигил үй жакка өттү. Эки кемпир үнсүз бири-бирин тиктеп калышты. Кыз эшикти бир-эки тырс-тырс урду да ичкери кирип кетти. Үй тараптан акырын чыккан назик музыканын үнү угулду. Музыка чыккан үйдөгү окуяны кемпирлер ар кимиси өз ченеминде көз алдына элестетишип термелише бирин-бири кандай сөз баштайт дегенсий күтүп жатышты. Жаштык кездери, орой мүнөз оттой күйгөн жигиттер эстерине түшүп колдору да көңүлсүз кыймылдайт. Кара кемпир ордунан туруп жатып: - Деги жаштардын баары жаман эмес. Адамды туура баалаган жакшы эмеспи. Күңкүлдөй үйүн көздөй басты. Сары кемпир унчуга албай кыпкызыл болуп чыңалды. Анан угулаар-угулмаксан: - Тигил жигит колго токулган светир болсо сатып алат экен. Кара кемпир чала угуп калгансып кичине сарыны тиктеп турду да: Мен ага энелик белек катары берейин, - деп түйүп жүрөм. Колундагы бүтө жаздап калган, кооздолуп токулган күрмөнү көргөздү. Чолпонбек Абыкеев Күүгүмдөгү кусалык (Болумуш) Жайлоодо күндүн минтип жумалап ачык болуп ысышы чанда болот. Мына экинчи аптага өтүп баратат асман чайыттай ачык. Тигил көпкөк асманды жиреп чалкалаган ак мөңгү чокулардын, берки аркайган аскалуу кырлардын үстүнөн кетпеген булуттардын дайны да билинбейт. Мындай ысыкты көптөн бери көрбөгөн тоо куштары кайдадыр көлөкө издеп житип кетишсе керек айлана мемиреп, теребел тыптынч. Жүнү кыркылганына бир айга толо элек аппак койлор бирин- бири жөөлөп этектеги таштардын томуктай көлөкөсүнө баштарын катышып ысылашууда. Бийик дөңсөөнүн үстүндө койлорго көз салып отурган келин жанынан дүрбүсүн алып алгач тигил жакадан келчү (колхоздон, айылдан) жол тарапка көпкө телмире тигилди. Жолдошу колхозго малдын эсеп-кысабын берип, өлгөн койлорду өткөрүп, бир жолу үч айдан берки ала элек айлык маянаны алып кант, чай өңдүү майда-чүйдө сатып келем деп кеткенине жума өттү кайта элек. Мурда кеткенде ашса үч-төрт күн жүрбөсө мынчалык кечикчүү эмес. Бүгүн эсептесе 9 күн болуптур. Эмне болду деп санаркай баштады. Дагы аябай ичип башын көтөрө албай көрүнгөн арак досунун үйүндө жатат да деп бир ойлосо, балким баягы кассир сары катын " кымыз ала келбейсиң, семиз кой сое келбейсиң", - деп каңкуулап " акча жок" деп бербей, эртең - бүгүнүн айтып чоюп жаткандыр, деп өзүн-өзү сооротуп коет. Канча тиктесе да дүрбү менен араң көрүнгөн үңүрөйгөн капчыгайдын оозунан ийри буйру чубалган чыккан жолдон бери чыккан караан көрүнбөдү. Үмүтү үзүлгөндө балким түндөп келип калаар деген ойдо кайрадан ысуулаган койлоруна сереп салды Дөңдө отурса да леп эткен желдин жогунан алкым асты , колтуктары ымшып чыкты. Арыта демейде ооздугун чыгара электе оттоого жулунган чоң курсак күрөң ат да башын ийкеңдете чымындан көрүнүп оттобой ылаалап турат. Келиндин эсине бүгүн тигил ысык булактын этегиндеги көлчөгө жуунуп алсамбы деп атайын даярданып чыкканы түштү. Кайра дүрбүсүн алып айланада аң уулап же мал карап жүргөн киши кара көрүнбөйбү деп бир сыйра кыдырата кокту- кырынан бери аябай карап чыкса да жүрөгү апкоолжуй " Кудай уруп бирөө болбосо, бирөө баягынын аялы дырдайып ысык булактагы көлчөгө түшөт экен" деп лакап болбогой элем деген санаа турду. Кайра өзүнөн өзү кайрат берип "Өлүнкөрөйүн эч ким деле көрүнбөйт. Көрсө көрүп, айтса айтат да, тигил көл жээгиндеги кумда бир ээли чүпүрөктү жан жерлерине байлап алып жүргөндөрдү деле эч ким кеп кылган жок го. Көп болсо мени жылаңач көрдүк дешээр" деди да ордунан чечкиндүү туруп тигил калың өскөн карагандын этегиндеги ысык булактын чыккан жеринен он кадамча алыс эмес жерде көк ирим болуп мелмиреп жаткан көлчөгө көздөй басты. Ылдый түшүп келатып ылаалаган күрөңдү жетелей суу жээгине чейин апкелди да тушап коюп канжыгасындагы баштыгы менен алда кандай болот деп дайым жанына ал жүрүүчү кош ооз мылтыкты алып көлчөнүн жээгине келип мойнундагы жоолугун шиберге ыргыта чыптамасынын бүчүлүгүн чечкенден кийин кайрадан бирөө көрбөсүн деген ой жүрөк башына келип жерге отура калып айлана-теребелге көз жиберди. Дым. Ал түгүл "пырп" деп учкан куш да жок. "Өлүнкөрөйүн, тоо-тоолоп жүрүп жедеп жапайы болуп калсам керек. Жалгыз отуруп чечингенден коркуп" - деп дагы бир кайраттанып алды да ыргып туруп шак-шак үстүндөгү болгон кийимин шибер үстүнө ыргытып жиберип көлчөгө кирди. Бул көлчөгө эки булактын суусу кошулат. Бири жанатан кеп кылып жаткан жер астынан оргуштап чыккан кол тийсе күйчүдөй ысык булактын суусу, экинчиси каршы тараптан агып түшкөн муздактыгы башкача туптунук билектей булактын суусу. Илгери бул жерди ыйык тутуп алыстан ат арытып келип суусуна түшүп жээгине конуп кетишчү экен. Тигил жогорку караган черге байланган эскилиги жетип өңдөрү өчкөн чүпүрөктөр да ошону ырастап тургансыйт. Жыл өткөн сайын бул көлчөнүн ыйык касиети унутулуп келүүчүлөр азайып отуруп азыр дээрлик жокко эсе. Анда-санда тегеректеги малчылардын эркектери чогулуп алып келишип мончо катары пайдалангандары болбосо. Анан калса бул тоого келиш үчүн жакадан ат арытып конуп-түнөп отуруп араң жетүүчү жер. Азыр кол жолу бош жүргөн эле ким бар дейсиң. Ал түгүл төрдү жыл сайын жайлаган Салтанат (келиндин аты) Абдыбек (күйөөсүнүн аты) бир жайда бир түшүшпөсө түшпөй да калган учурлары болот. Көп-көк ирим болуп мемиреп жаткан көлчө келин киргенде "шарп" дей түшүп чыбырчык толкундары жээгине берди. Келиндин эзели күн көрбөгөн апапак денеси сууга дээрлик мойнуна чейин кирсе да кадимкидей көрүнүп турду. Суу мелмилдеп жып-жылуу экен. Ал түгүл ысыгыраак десе да болчудай. Кейпи күндүн ысык тийгенинин таасиринен болсо керек. Болбосо мынчалык ысык болчу эмес эле. Салтанаттын денеси магдырап сууга ээрип жайылып бараткандай болуп кетти. Көздөрүн жума маңдайына түшкөн жайылган чачтарын артына сылай ыргытып таштап колу менен балтырларынан баштап бүт денесин сылап чыкты. Өзүнө-өзү кумарлана бир колу менен капкатуу болуп тийчийген күкүрөгүн ушалай экинчи колу менен балтырларын анан улам жогорулай киндигин, кайра төмөн сылап баратып бир чети өзүнө тааныш эмес башка бирөөнүн укмуштай сулуу денесин кармалап жаткансып да кетти. Анткени бир гана кийим которгондо, анан анда-санда үйдөгү чоң дагырага сууга жуунганда жылаңачтанбаса ушу бүгүнкүдөй ээн-эркин жылаңач чечинип көрбөптүр. Которунуп же үйүнө жуунуп жатканда дайым алактап бирөө келип калабы же көрөбү деп саксынып бүрүшүп жатып өзүнө-өзү көңүл бөлмөк кайда. Абдыбек экөөнүн баш кошкондоруна беш жылдан өтсө да ушу кезге чейин эрди-катын болушуп ич кийимдерин чечинип жатып көрүшө элек. Буга балким Абдыбектин алгачкы баш кошкон түндөгү сөөкө өткөрө айткан сөзү да себеп болгондур. Чындыгы экөө мектепти окуп жүрүшкөндөн сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Анан ошол алгачкы түнү өзү бүт кийимин суранып жатып чечиндирип коюп кайра эртең менен кабыргага укуп "Эй көк мээсиңби, уялбайсыңбы, дырдайбай кийинип жатсаң боло" дебеспи. Алгачкы түндүн ырахатына чарчап кийинүү оюна да келбей уктап калган Салтанаттын ошондо үстүнө бирөө муздак суу сепкендей денеси дүр деп бүрүшө түшүп шашкалактай кийинген да ошондон соң антип чечингис болгон. Кийин Абдыбек мас болуп келгенде канча суранса да ич көйнөгүн чечүүчү эмес. Тээ кыйлада барып жээке чыкты да баштыгынан атыр самын алып шашпай самынданып кирди. Улам суудан уучуна толтура уучтай денесине серпип коюп ырахаттана самынданып жатты. Капкара кундуз чачы далысын жаап төгүлөт. Кудай дене түзүлүшүнөн сулуулукту аяган эмес экен. Дайым кыймылда жүргөндөн го бир да ашык эт байкалбай кыздай болуп бели буралып көкүрөктөрү тийчийип, балтырлары шыңга боюна жараша керилет. Алгач боюна бүткөнүнө беш ай болгондо Абдыбек мас болуп келип курсакка тээп жиберип боюнан түшүп калган ошондон бери боюна бүтпөй жүрөт. Өз күнөөсүн сезген Абдыбек да төрөбөйсүң деген сөз чыгарбайт. Салтанат ичинен сыза бала күтөт. Ушу быйыл ылдый кыштоого түшкөндө догдурга көрүнүп төрөөр же төрөбөсүн билгиси келип жүрөт. Буга чейин деле көрүнсө болмок, бирок эми төрөбөйт экенсиң деген сөз угамбы деп ойлогондо догдурга баргысы келбей кетчү. Быйыл билбей кыйналгыча ары же берисин билип кыйналганым оң деп бел байлап калды. Жараткан сулуулукту дене турпатынан аябаган менен жүзүнө келгенде тайыптыр бир көзүнүн кылыры менен калың түйрүгүрөөк эриндери, кырдач мурдунун, оту кызгылт тарткан беттеринин сулуулугун сызып жокко чыгарып биринчи көргөн адамга серт көрсөтөт. Негизи маңдайы жарык, ким менен болсо да жаркылдап ачык сүйлөшкөн келин. Кейпи бир үйдүн жалгыз кызы болуп денесиндеги кемчилдигин көп биле бербей эрке өскөндөн болсо керек. Али бала оозу тийбеген үрптөрү колу тийген сайын бир башкача дир-дир дей түшүп миң тамырын чоочутуп жатты. Аябай самынданган соң кайра сууга кирди. Бул жолу көлчөдөн чыкпай башын самындап үч-төрт жолу жууду да билектей жоон чачын ороп туруп төбөсүнө түйүп койду. Эки үч жолу көлчөгө кирип чыккандан кийин денеси талыкшып жаткысы келип кетти. Жоолугу менен көйнөгүн шибер үстүнө жайып жиберип чалкасынан түшө керилип жата кетти. Өмүрүндө мынчалык өзү менен өзү болуп ырахат албаса керек. Адам кээде өзү менен өзү болгондо да ырахат аларын биринчи туюп алгач сууга түшөөрдөгү кысынуунун кайда кеткенин да билбей ушул жыргалчылыгы дагы улана түшсө деп туюк сезиминде эңсей убакыттын кантип өтүп жатканын да билбеди. Колдорун жая таштап эки бутун эки жака керилте сунуп үргүлөп жаткан келинди сак сезими селт дедирип ордунан тура калды. Эмнегедир ан үчүн кайсы бир тараптан аны кимдир бирөө теше тиктей тургандай сезилип жүрөгү лакылдап чыкты. Коркконунан колдору калчылдап баштыгынан ич кийимдерин шаша-буша алып алеки саатта кийине салды да жанында жаткан кош ооз мылтыгын мыкчый кармап айлана тегерегин акырын карап чыкты. Эч нерсе байкалбайт. Күн төбөдөн тийип койлордун асты оттоого чыга баштаптыр. Төмөндө күрөң ат бей капар оттоп жүрөт. Шилисинен өткөн бул кандай көз. Жогорку дүпүйгөн карагандын арасын канчалык тиктесе да эч нерсе байкалбайт. Өлүңкөрөйүн "коркконго кош көрүнөт" болуп жатамын го. Ким келмек эле ээн жайлоого" - деп өзүн сооротту да жыйналып туруп мылтыгын жонуна иле күрөң ат тарапка басты. Жок. Бирөө аркасынан тиктеп тургансыйт. Бурулуп караса эч нерсе жок. Басса кайрадан шилиден өткөрө тиктеген бирөө. "Өлүңкөрөйүн эмне болуп жатам" - деп шыпылдай басып барып күрөңгө минди да койлорунун башын кайра үркүтүп ылдый түшүрө баштады. Аябай жуунганга денеси жеп-жеңил болуп көңүлү көтөрүлүп ырдагысы келип созолонто кое берди. Келиндин ырына жанатан аптапта уктап жаткан жайлоо ойгонуп көлөкөдөгү чымчыктар учуп чыгышып сайрап, ар жерден суурлар ышкырып жайлоо өз турмушунда азан - казан түштү да калды. ХХХ Өмүрү мындайды көрбөптүр. Деги эле бир да жандуунун мынчалык таң кала мынчалык сугу арта тиктебесе керек. Алгач аппапак бир башкача жандуу ысык көлмөнүн жээгинде жатканын көргөндө коркконунан качып жөнөй сактап аз калды. Анан аярлап караса турпаты өзүнүкүнө окшош бирок башынан башка жеринде өзүнүкүндөй жүнү жок. Күндүз эмес түндө да бери дегенде элүү кадам жерден учкан чымчыкты жазбай көрүүчү курч көздөрү менен теше тиктесе да бир жерин кошпогондо жүн аттууну байкай албады. Тигил төмөндө жашоочу эки буттууларга да окшобойт. Алардын терилери билгенине караганда ар түрдүү болчу эле. Бирок жыты ошолордукуна окшоп кетет. Өңү-бет түзүлүшү да ошолордукуна окшош. Болгону териси апапак болуп эч окшобой турат. Туюк сезиминде тигил жаткан жандуу ургачы экенин сезди. Көздөрү тумандап аттап- буттап жетип барып басып жыгылгысы келип кетти. Корккону бир башкача ачуу жыт жыттанган тигинин жанында жаткан союл болду. Эгер ал союл оозунан от бүрксө ишинин бүткөнү. Муну анын бүт тукуму жакшы билет. Тигил ордунан ыргып турганда тикчийген көкүрөктөрү менен көзүнө бир башкача жакын тааныш ысык көрүнгөн жеринен көзүн ала албай шилекейи куюла катты да калды. Качан гана тигил жерде чачылып жаткан терилерин үстүнө ороп алганда эсине келе үрпөйө түштү. Укмуш сулуулук жок болуп көз алдында кадимки эки бутуу желмогуз турду. Болгондо да колунда оозунан от бүрккөн союлу бар желмогуз. Жанага көргөн сулуу жанды жоготуп ийгенге ичин тарта сыздап жиберди. Балким тигинин колундагы оозунан от чачкан союлу болбогондо учуп жетип үстүнө орогон бүт терини тытып-тытып жиберип апапак сулуусун эзиле тиктемек беле ким билсин. Ушунчалык көңүлү чөгө, бир чети бүт жүндөрү үрпөйө ачуусу келе бүрүшүп калың чердин арасына чөктү. Келин күн уясына жакындаганда койлорун төрдөн түшүрүп кеткенден кийин гана ордунан турду да аярлай басып көл жээгине келди. Көл жээги бир башкача жыттанып калыптыр. Жанагы келин жаткан жердин уйпаланган шиберинин үстүнө чөгөлөй отурду да таноолорун дердеңдете жерде келин жаткансып теше тиктеп туруп "Ауу-аа" деп тиштене күңгүрөнүп кулап түштү. Манжаларын жерге ушунчалык катуу ургандыктан колдору билегине чейин бата түштү. Дардайган зор денеси титиреп безгек тийгенсийт. Кичине жатып жерден колдорун сууруп алганда уучу менен кошо килейген келки-келки чымдар туш-тушка чачылды. Ордунан кайра атып турду да жүрөк тушун апчый бир ууч үксүйгөн жүнүн жулуп алды. Алакандын отундай жүнсүз калган жердин териси канталап чыкканы менен тээ ичкеридеги жүрөккө түшкөн өрт өчө койбоду. Ого бетер күчөй көз алдынан жанагы аппапак дене кетпей көздөрүн жума айласы кеткенсип башын чайкай кош колу менен өз чекесин өзү башын калжаңдата урганда чалкасынан кулап түштү. "Ауу-аа" деген ачуу чыңырык тоолорду титиретип аска таштар кулап, кийиктер үркүүгө жарабай бүрүшүп, учуп бараткан куштар кулап түшүп, төр ичи кый-сыпыр болуп кетти. Таноолору бир башкача дердеңдеп албууттана көлчөгө секирди. Ары бери кулач уруп сүзүп суу түбүнө деми кыстыккыча чумулса да көзүнөн аппак элес кетпей койду. Эси оогуча көлчөнү чайкап шарпылдатып жүрүп жээке келип солуй жыгылды. Баары бир көзүнөн аппак элес кетпеди. Сокур сезими менен өлгүчө кутулбай турган азапка түшкөнүн сезип айласы куруй кадимкидей өңгүрөп көздөрүнөн жаш куюлта ыйлай көкүрөгүн тытмалап кирди. Акыры ордунан ыргып турду да келин коюн айдап жөнөгөн тарапка жин ургандай ой чуңкурга карабай дардаңдап чуркап жөнөдү. Мынчалык ылдамдыкка учкан куш да жетмек эмес. Жерге буту тийсе тийип, тийбесе тийбей зымырап келиндин боз үйү турган конуштун үстүндөгү кырчага жеткенде гана чоң кара ташка чабыла токтоду. Аңгыча тоо баштарынан табактай болуп толгон ай чыга келди. Короодо койлор бир үзүм ак булут чөгүп калгансып жатат. Боз үй тараптан түтүндүн жыты менен кошула келиндин да билинээр билинбес жыты келген сайын беркинин оозунан ак көбүк чыгып таштын боорун тытмалайт. Көзүндө буралган аппак элес. ХХХ Кечки тамагын ичкенден кийин келин төшөк салып жатууга кам урду. Жүрөгү дүкүлдөп эмнегедир тынчы кетип улам эшке кирип чыгат. Койлор тынч жуушоодо. Күйөөсүнөн дайын жок. Түндөп келип калабы деп күн сайын төшөктү кенен салат. "Өлүңкөрөйүн, келээрсиң. Сазайыңды бербесемби. Тапкан тура койчуну. Мага коюн кайтартып коюп жүргүсү бар жакада айлап арак ичип. Сениби", кыжыры келгенинене ыйлай да кетти. Күндүз ысык булактын көлчөсүнө көп түшүп койгондуктанбы денеси талыкшып уйкусу келе баштады. Сырткы кийимин чечип адатынча ич көйнөгүн чечпестен төшөктүн ичине кирди. Асма чырактын билигин кичирейтип жанына койду. Төшөктүн этегинде керегеге жөлөнүп турган кош ооз мылтыкты, керегенин башындагы илинген ок чонтойду, бир сыйра карап эсине дагы бир жакшылап түйдү. Бул эгер кой үркүп калса шашканда карбаластабай баарын өз-өз ордунан табайын деген аракети эле. Жаздыка башы тийип тийбей кандай уктап кеткенин да билбей калды. Шарак деп катуу ачылган эшиктин үнүнөн чоочуп ойгонуп башын көтөрө салып үн чыгарууга дарманы келбей аптыгып коркконунан колдорун сербеңдете аба чапчылап жиберди. Босогодо бүт денеси жүн баскан, көздөрү кичинекей төптөгөрөк кыпкызыл, таноолору бир башкача дердеңдеген оозу бир аз урчуйуп алдыга чыгып турган, өтө эле чоң адам аны тиктеп турган эле. Экөө болгону эки-үч көз ирмемге тиктешти. Келин өңү- түшүн айрый албай турган абалда төшөктүн этегиндеги мылтыкка тап койду. Тигил келиндин аракетин түшүнө койгонсуп бир секирип жетти да келинди кичинекей балача төшөгүнөн жепжеңил сууруп алып колтугуна кыса эшике жөнөдү. Келин эсин жоготуп койду. ХХХ Аска-зоону титиреткен ачуу чыңырыктан чоочуп кетти. Мындай чыңыруу булардын тукумунда өтө чанда болот. Өлүм менен өмүр беттешкенде гана ушинтип чаңырышпаса жөн жагдайда мындай ачуу үн чыкпайт. Тоонун экинчи бетинде жүрсө да анын сак кулагы кадимкидей укту. Катуу бышкыра ордунан атып турду да колундагы жеп жаткан карагатты ыргытып жиберип, жаңы кармаган кийиктин улагынын этин да унута түгөйүнө эртерек жетиш үчүн жалама аска-зоону аралай тырмышып өйдө чыга баштады. Кечөө экөө түнөк кылган зооканын коңулуна жетип келип демиге айланасын карай туруп калды. Түгөйүнүн кайда экени белгисиз. Тоо ичи мемиреген тынчтыкта. Күн батып айлана улам күүгүмдөп баратат. Өзүнүн гана дүкүлдөгөн жүрөгүнүн үнүнөн башка дабыш угулбайт. Жанагы чыңырган үндүн так ушул төрдүн ичинен чыкканы анык. Демек түгөйү ушул төрдүн бир жеринде. Дүгдүйгөн калың жүн баскан денесинен тарам-тарам болуп чыпылдап тер агууда. Көкүрөгүндөгү салпыктаган эмчектеринен улам ургаачы экенин билбесең беркисинен айырмачылыгы жок. Ал түгүл ага караганда чоңурактай көрүнүп колу бутунун булчуңдары бөлүнүп-бөлүнүп буркуят. Оозу кичине астыга чыгып эриндери томпок келип астыңкы эрди жука жамакайы чоң. Мурдунун кыры жок жалпак келип таноолору эңирейип чоң-чоң. Демигип чарчаганга огобетер чоңураак көрүнүп карышкырдан корккон жылкынын таноолорундай дердеңдейт. Колдору узун келип дээрлик тизесине жетип турат. Манжалары шадылуу. Тырмактары уркуйуп учтуу келип колдун ичин көздөй ийрейип катып калган. Кичинеге кулак түрө айланасын аяр тыңшап турду да анан мурдун көтөрүп абадан жыт искей баштады. Күчтүү өнүккөн ички туйгу сезими астыдагы жаманчылыктан кабар берип тынчы кете түгөйүнүн изинин жыты менен жөнөдү. Ысык булактагы көлчөгө келгенде адам -желмогуздун жыты кеңилжерин жарып кетти. "Ауу" - деп онтоп алды. Түгөйүнүн ачуу чаңырыгына адам-желмогуз себепчи болгонун түшүндү. Ысык көлчөнү айлана жыт искей жүгүрүп тыбырчылай далбастап жанын коерге жер таппайт. Адам-желмогуз оозунан от чачкан таягы менен түгөйүн өлтүрүп таштады го деп коркуп кайта-кайта "Ауу-ауу" дей кынкыстайт. Жакшылап көңүл бөлсө издин жыты тигил төмөнкү тарапка адам желмогуздар жашаган тарапка кетиптир. Учуп-күйүп, из кууй ал да төмөн жөнөдү. Кандай да болсо түгөйүнүн өлүү-тирүүсүн билүү максаты турду. Булардын тукумунун бирден-бир коркушкандары ушул өздөрүнө түспөлдөш келген эки аяктап жүрүүчү адам-желмогуздар. Колдорунан келсе адам-желмогуздун аягы тийген жерге жологулары келишпейт. Ушундай тоолорду мекендеп чытырман токойлордун түпкүрүндө жашап келатышынын, күн-түн дебей саксынып жашырынып жүрүшүнүн да башкы күнөкөрү адам-желмогуздар. Ички сезимдериндеги кандан-канга өткөн баладан баласына берген мурасы да колуңдан келишинче адам-желмогуздан кач деген түшүнүк. Жыты келген аймактан алыс бол. Көзүнө чалдыкпа. Биринин көзүнө чалдыксаң, миңи сенин артыңдан түшөт. Бирин өлтүрсөң түмөнү сени, сенин тукумуңду куугунга алат. Желмогуздун-желмогузу, жырткычтын- жыткычы - адам. Аларда жаратылыштын башка жандыктарын аяе жок. Боорукерлик дегенди билишпейт. Колдоруна тийгендерин, көздөрү көргөндөрүн, оозунан от чачкан таяктары менен, андан башка да нечен өздөрү ойлоп чыгарышкан жан алгычтары менен, жок кылып кырып өлтүрүп, кармап алып темир торго камап мазактап келатышат. Алардан дайым сак болугула. Жашаган аймагыңды жаткан уяңды көрсөтпө. Биринин эле көзүнө чалынып калсаң жер которуп кет" деген мурас. Жылдан жылга азайып жок болуп бараткан бул жандуулардын тукуму мындай мурасты катуу сакташаар эле. Жер которуп бул төргө келүүлөрүнө мурдагы жашаган тоо-токойлорго да кийинки жылдарда адам -желмогуздар көп катташып, ой-чуңкурунан бери тинте башташы себеп болгон. Эми кара бул жерде бир айча жашаша элегинде дагы балакетке жолугуп отурушат. Ушундай ойлор менен учуп күйүп из кууп келатканда жакын эле жерден түгөйүнүн жыты мурдуна бур дей түштү. Ошол тарапка калың черди аралай жапыра жөнөдү. Ай нуруна күндүзгүдөй жарык болуп турган аянтчада түгөйү аппак денелүү жандыкты жерге жаткызып алып жан алы калбай чолоо жерин калтырбай жалагылап жатыптыр. Ушунчалык өзүн жоготуп койгон экен шырп эткен дабышка алдырбаган кулагы беркинин он, он беш эле кадам жерден чыга калганын да байкабады. Өз көргөн көзүнө ишенбей дел боло түштү. Ал түгүл тигил түгөйү жанталашып жалап жаткан эмне жандык экенин да түшүнбөдү. Барып-барып тигил аппак денелүү адам-желмогуз экенин, болгондо да ургаачысы экенин билгенде жүрөгүн кызганычтын ийнеси тепчий сая "Аауу" деген күрүлдөгөн добуш чыгара алдыга умтулду. Эки секирип жетип тигил түгөйүнө жалаттырып коюп чалкасынан жаткан неменин колун кол, бутун бут кылып жулуп, башын бычырата кармап өлтүрүү тилеги турду. Аңгыча түгөйү беркини байкай койду да "Аауу" деп ачуу үн чыгара астын торой мына азыр секирүүчү илбирстей бүт булчуңдары түйүлө туруп калды. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. "Кое бер мени тигини мыжып жок кылайын" деген түшүнүк берди ургаачысы. " Бул жерден кет болбосо сени аябайм, Тигиге тиймек түгүл жакын да жолобойсуң" дегенди түшүндүрдү эркеги. Экөөнүн ортосунда буга чейин мындай чыр болгон эмес. Томуктай жем тапса да тең бөлүшүп жешчү. Бири-биринин жанын оорутуп жулмалашып урушуп көрүшпөгөн. Ургачысы акырын баса айлампа жасап эркегин жоошутуп көрөйүн деди эле берки бир секирип астын торой туруп калды. Ал түгүл "Аауу-аауу" деп " Кетчи, тилди алып кетип калчы" деген түшүнүк бере аянычтуу үн чыгарды. Ургачысы астын торогон эркеги тирүү турганда тигил аппак денелүү немеге жете койбосун билип мурду менен күнкүлдөй басып карагандын түбүндөгү ташка отура кетти. Бир чети бул жерде эмне окуя болуп жатканын түшүнгүсү келсе, экинчиден катуу жүгүрүүдөн чарчаган өпкөсүн басып эс алгысы келди. Анан калса түгөйүнүн тирүү экенин көргөнгө жаны тынчып шалдырай да түштү. Аңгыча тигил ак денелүү неме кыймылдап кирди. "Кетчи, кетип калчы" деген түшүнүк бере аянычтуу тиктеген түгөйү беркини унута кайра тигиге жетип барды да аяр кучактай көкүрөгүнөн баштап ылдый көздөй кайрадан назик эркелете жалап кирди. Тигинин ичке кичинекей колдору менен тырмалаңдап койгулап жатканын тоготуп да койбоду. Бара-бара беркиси тырмалаңдагынын токтотуп тынчый баштады. Так ушул маалда жанатан көргөн көзүнө ишене бербей эси ооп отурган ургаачысы эки секирип тигилерге жетти. Иштин жайы кайсыл максатты көздөй ооп баратканына ачык көзү жетсе керек. "Кетчи десем болбодуң" дегенсип эркеги ордунан атып туруп ургаачысын башка урду эле мындай күтүүсүз соккудан ургаачысы күп деп учуп түштү. Эркеги бир секирип барып басып жыгылды да кекиртегинен апчый кармап муунтуп ушунчалык кыжыры келгенинен эмчегинин үстүн тиштеп туруп бармактай этин жулуп алды. Денесинин катуу ачышканынан эсине келе түшкөн ургаачысы муунтуп өлтүргөнү жаткан эркегинин көзүн бир тиктеп алып экөөнүн ортосунда өлүм менен өмүрдүн кармашы турганын туйду. ХХХ Келин эсине алгач тиги күрсүйгөн неменин кучагында келатканда келди да колу менен тигини бир муштамыш болуп кайра эсин жоготту. Экинчи жолу эсине келгенде муздак шиберде жатканын туйду. Көзүн ачкандан корко ичинен болуп жаткандар түшүм эле болгой экен деп кичине айлананы тыңшай жатып колдорун кыймылдатса чын эле жерде шибер чөптүн үстүндө жаткан экен. Көзүн ачып башын көтөрөөрү менен жанагы күрсүйгөн жүндүү неме кайра пайда боло калды да жаш балача имерип кучактай көкүрөгүнөн баштап уй музоосун жалагансып шалкылдатып жалап кирди. Келин кантсе да көнө түшкөнбү же бул күрсүйгөн-үксүйгөндүн өлтүрөйүн же жеп алайын деген ою жогун туйдубу бул жолу эси оободу. Тескерисинче тигиге каршылык көрсөтүүгө аракеттенип туш келди жерине бар күчү менен муштагылап кирди. Тигил келиндин муштумун чиркей чакканча да көрбөдү. Кайра келиндин колдору топоз муштагансып ооруп калды. Күрсүгүй келиндин курсагын, балтырларын жалап келип жан жерин ырахаттана кайта-кайта жалап киргенде келин бүткөн бою бир башкача чымырап тигинин чын эле уйдукундай катуу тили жан жерине кайта-кайта тийген сайын каршылык көрсөтүп тыбыроого чамасы келбей колдору шалдырап баратканын сезбеди. Аңгыча жакын жерден "Ауу-уу" деген үн угулганда жалт караса дагы бир күрсүгүй келатыптыр. Келиндин көздөрү чакчайып кетти. Ал түгүл берки өзүн жалап жаткандын бооруна жабыша да калды. Беркиси тигини байкаары менен келинди кое берип ордунан атып туруп тигиге жетип барды да кыжырлуу "Ауу-уу" деген үн чыгара башка уруп калды. Тигиниси кулап түшкөндө басып жыгылды. Келин көчүгү менен кетенчиктей кичинеге артка жылып экөөнүн айыгышкан кармашын карап туруп эми качууга кезек келгенин эстей койду да ордунан жөрмөлөп беркилерди кылчак-кылчак карай бадалга жакындады да бадал ичине кирээри менен денеси бутактарга урунуп ооруксунганына карабай бет келген жагына карай безип жөнөдү. Жыйылган чачы желге таралып сызып баратты. Чиркин ай нуруна оролгон аппак денеси түндү тилип ак мамасы силкилдеп, балтырлары бүлкүлдөп, май куйругу былкылдап келиндин жүгүрүп баратканы өзүнчө эле бир керемет эле. Мындай тоо сулуулугун көрбөгөн ай көктө ордунан жыла албай аңкайып оозу ачылып калды го чиркин. Колтуктарынын, чаткаягынан сызылып тер агып денеси ымшып чыкса да келин жүгүрүүсүн бастатпады. Тескерисинче дагы ылдамыраак бут шилтөөгө далалаттанат. Кайкылуу белеске чыга келгенде тээ төмөндөгү боз үйү ай жарыгынан даана көрүндү. Үйгө учуп кирип төшөккө күп жыгылганда гана жүрөгү мына, мына оозунан чыгып кетчүдөй болуп уруп, өпкөсү айдаган желге таноолорунун тешиги тардык кылып көкүрөгүн жарчудай болуп калган экен. Канчага өзүнө келе албай жатты ким билсин бир учурда сырттан чыккан дабышты кулагы чалып " Апаа" дей ордунан обдула керегеде жөлөнгөн мылтыкка асылды, нечен жолу атып жүрүп көнүп калган колдору шарак-шурак октой салды да боз үйдүн эшигин тиктеп отуруп калды. Кичине өтпөй жанагы күрсүгүйдүн бир акыреги көрүндү. Эшиктен түз кирүүгө батпагандыктан кыйшайып акырегин салган эле. Келин мылтыгын эшикти каратып туруп көздөрүн жуумп жиберип басып калды. "Ауу-уу" деген ачуу чаңырык жер сууну бузуп кетти. Келин дагы атты. Мылтыктын үнү тоо жаңыртып бир топко тынымсыз кайта-кайта атылып жатты. Келин өзүнө жаңы эле келип эс учун жыя баштаганда кайрадан эшиктен дабыш угулду. Шашкалактаган келин ок чонтойдон ок издеп бир да ок таппады. "Апакебай" деп бакыра айласы кеткенсип мылтыгын кучактай бурчка тыгылды да көздөрүн жуумп жиберди. - Салтанат сага эмне болду? Жинди болгонсуңбу? - деген күйөөсүнүн үнүн укканда көзүн аңтарылта бир ачып күйөөсүнүн астына шалак кулап түштү. Кайра эсине келгенде бирөө башында суу чүпүрөк менен чекесин басып отуруптур. Үй ичинде кобур-собур үндөр. Жакыныраак деген жердеги коңшу малчылардын баары чогулса керек. - Абдыбек сен адам эмесиң? Жаш келинге ушунча малды таштап коюп кайсыл кудай урган киши жарым ай жакада жоголсун деген үндү элдир-селдир эшитти да кайрадан көзү караңгылап уйкусу келип мемиреп уктап кетти. Арадан эки жума өткөндө барып келип оруданан турууга жарады. Баягы каргашалуу түн жөнүндө келин эсине толук келгенден кийин бардык чогулгандарга айтып берген эле. Көрсө, күйөөсү келгендин эртеси тегеректеги кошуналардын баары чогулуп келиптир. Таң аткыча тарсылдаган мылтык үнүн жана да бир башкача ачуу чаңырган үндү дээрлик баардыгы уккан экен. Тегеректеги эркектер чогулуп алып эки күн ой-тоону тинтип чыгышты. Бирок шектүү эч нерсе жолуктура алышпады. Боз үйдүн босогосуна чачыраган кан белеске чейин агып барыптыр да жок болуптур. Итке из куудуралы десе бир дагы ит жыт албай кыңшылап туруп алды. Абдыбектин аттуу кишини короо четине жолотпогон кабанаак эки дөбөтөрү бар эле катуу коркуп калышса керек сай-сайлап качып кетиптир бир жумада барып кайтып келишти. Келин күн өткөн сайын оңолуп түнкү уйкудан чоочумайы калып баягы каргашалуу түн унут болуп баратты. Анын үстүнө ал төрдү таштап журт которуп көчө качышкан. Арадан жыл өткөндөн кийин келин ошол коркунучтуу түндү кайра эстеп жүрөгү эзилип куса болуп, баягы ысык булакка кайра барып, жыпжылаңач чечинип алып аппак чокулуу тоолордун мөңгүсүнөн урган желге көкүрөгүн тосо дендароо боло карагаттай каректеринен жаш куюлуп тураарын атиң билген жок. ХХХ Өлүм менен үмүрдүн ортосунда туруп көзү чанагынан чыккыча тиктеген ургаачысы эркегинен буга чейин мынчалык муш жемек түгүл акырая караган көз карашына кабылган эмес. Кантсе да кичинесинен өзү чоңойтконгобу эч убакта кайрылып каяша кылбай, айткан тилин алаар эле. Мурдагы эркеги күрткүдөн учуп өлгөндөн кийин мына ушул азыр муунтуп өлтүргөнү турган эркегин 10-12 жаш кезинен асырап эр кылып алган. Тагдыр маңдайларына буюрган татаал турмуштун сырларына сары эсеп салып аңдап үйрөтүп, акыры эртедир-кечтир карылык келип алдан тайганда кор кылбай баксын үчүн, астын ала кам көрүп өзү да бар тапкан тамагын оозуна кармап ургаачылык мээримин аябай төгүп көзүнүн кареги менен чимирилип турчу. Бир чети жаштыгынын толуп турган учурунан, экинчиден табият берген өзгөчө күчтөн болсо керек ангилиги буга чейин кезиктирген эркектерден ашыкча экенине таң калып кай бир учурда тажагандан жанына жолотпой ургаачылык озуйпасын аткаруудан качканы болбосо шагын сындырды беле. Аттиң арман түбү түшкөн дүйнө күндө бир өзүнүн түшүнүксүз кырын кылт дедирип көрсөтүп кыйнай бермекпи. Каргашаны кара. Тигил үстүңкү терисин сыйрып ыргыткан аппак денелүү желмогуз экөөнүн ортосуна каскак болуп отурбайбы. Кейпи эркегинин акыл-эси тигил ак денелүү немени жалагандагы тилинин шилекейи менен агып кеткен го. Болбосо кайнаса каны кошулбас кас душман үчүн да ушунчалык эс акылдан айрылмакпы. Тиктешүү көпкө созулбады. Кантсе да нечен кармаштан өткөн ыктуулугуна салып төшүнө мине калган эркегин эки тизеси менен так далынын ортосуна какканда эркеги өзөрө түшүп беркинин башынан алыс учуп кетти. Ордунан ыргып туруп томолонуп- жумаланып тура албай жаткан эркегин кара кабыргага колдун кыры менен урганда тигил узунунан сулап түштү. Эки кулагынан бек кармап туруп тизелери менен төшүн ныгырганда көздөрү чанагынан чыга тили бултуя түштү. Дагы бир ныгырса жан таслим болуп калмак эми эле өзүн эч айоосуз өлтүргөнү жаткан неменин такыр түбүнө жетпестен колдору калтырай ордунан турду да арыраак барып шиберге бүрүшүп отура калып оозун колдору менен жаба бүт денесин сүлкүлдөтүп ыйлап кирди. Көздөн жаш булактай чууруп жатты. Бул бир тил жеткис күйүттүн, ызалыктын ыйы эле. Эркекги далайга эсине келе албай сулк жатып бир учурда башын көтөрүп айланасын элтеңдей карай али да көзүндө турган ак денелүүнү издеп кирди. Эч жерден көрүнбөйт. Өзүнөн үч-төрт кадам жерде муңканып ыйлап отурган ургаачысына көңүл да бурбады. Ордунан атып туруп келиндин үйүн көздөй чуркап жөнөдү. Ургаачысы ордунан козголгон да жок. Муну токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп калган. Болгону оозун дагы бекемирээк басып буркурап ыйлай берди. Ким билет канча отурмак, мылтыктын тоо жарган ачуу үнү менен кошо ачуу чаңырык чыкканда ордунан бүргөдөй түйүлүп атып туруп эркеги кеткен тарапка чымын-куюн болуп жүгүрдү. Ай жарыгында калдаңдап качып келаткан эркегин алыстан таанып астын утурлай чыгып жакындай электе эле кандын жытын мурду сезди. Экөө кучакташа түшүштү. Жараткан астында эркегинин аман келгенине кубана өз тилинде жалынып да жиберди. Экөө ээрчише ак мөңгүлүү тоо тарапка жетелеше жүгүрүштү. Көп өтпөй эркеги кансырагандан болсо керек жүрүшүн жайлатып чалыштап барып чөк түшө отуруп калды. Оң колун ок жулган экен кичине териси кармаганы болбосо жансыз шалактайт. Ургачысы ай жарыгына сала калың шиберлүү тоо чөптөрүнүн арасынан отура калып жыт искей жүгүрүп канды токтото турган, денеге күч бере турган чөптөрдөн таап келди да эркегинин оозуна салды. Соолуктап отурган эркеги жашыл чөптү тамыры менен буртулдата чайнап жутаары менен кайратына келе түштү. Ургаачысы узун чачынан тутам жулуп алып да чоң жалбырактын бетине майда чөптөрдү чайнап шыбап тигил эркегинин шалактаган колун таңайын деди эле эркеги араң эле териси кармаган жансыз колунун каруусун мыжып туруп "Ауу-уу" деп ачуу күңгүрөнө так акыректен жулуп алды. Ургаачысынын бүт денеси калтырап кетти. Түбүнөн жулунган колду жерге таштап ургаачысына эми таң дегендей белги берди. Кан сызылып агып мултуюп турган акырекке жалбыракты коюп туруп учун чач менен орой таңып чыкты да сол каруусунан сүйөй ордунан тургузуп белинен кучактай жетелеше тоого бет алышты. Бул маалда төмөндө дагы деле мылтык "тарсылдап" жаткан. Табигат берген туюк сезимдин жардамы менен дары чөптөрдү айра билгендиктен таап жеп эсине араң келсе да эркегинин көзүнөн аппак денелүү келиндин элеси кетпей колу жулунган мулук акыректин оорусунан да жүрөктүн оорусу күчтүү болуп көзүнөн жаш чууруп ыйлап баратты. Чиркин түпкүрдөгү өрт сезимдин күчү жараттын оорусун жокко чыгарып коеруна өрттөй сезимге туш болуп азабын чеккенжан гана туюп ишенбесе эч ким ишенбес. Арадан жыл өткөндө аппак чокунун аппак карынын арасындагы жаракада отуруп баягы ысык булактын боюнан аппак денелүү келинди кайра көрүп, мулуйган акырегин мыжый кармап учуп күйүп жетип барууга батынбай титиреп отураарын билген жок чиркин. ХХХ Келиндин жүрөгүн түшүргөн күрсүгүй жөнүндө ар кимиси ар кандай божомол айтып жүрүштү. Бир даарлары "чаңырык" деген ошол дешсе бир даарлары "кош аяк" дейт. Деги бул окуя жайлоодогулар үчүн тээ эки-үч айга чейин түгөнгүс жомок болуп эки-үч кишинин башы кошулса кеп кылып жүрүштү. Айрымдары келиндин көзүнө жөн эле көрүнчү көрүнгөн. Жумалап жалгыз калганда корккондон эле көзүнө ар нерсе көрүнсө керек да дешип кол шилтеп коюшту. Келин өзү болсо болгон окуяны толугу менен жан адамга айткан жок. Күрсүйгөн жүндүү неменин келиндин төшөгүнөн сууруп качып капчыгайга алпарганын, ал жерден кийимин бүт тытып таштап чолоо жерин койбой жалаганын, жаш баланы эркелеткенсип көкүрөгүнө кысып эркелеткенин, аңгыча экинчи бир күрсүйгөн пайда боло калып экөө талаша кетип урушуп жатканда качып үйгө келгенин жашырып койду. Эмнеге жашырды өзү да толук түшүнө албады. Ал түгүл алгачкы күндөрү күйөөсүнүн "көзүнө чөп салып" койгонсуп, өзүн күнөөкөр сезип бир кызыктай кыжалат сезимден кутула албай кыйноо тартып күйөөсүнөн жалтаңдап оор кылмышынын жүзү ачылчудай жүрөк заада болгонучу. Бара-бара баары унут болот беле ким билет эгер астыдагы турмуш агымы кайра-кайра ошол өткөн окуяны эстөөгө аргасыз кылып жетелебесе. Анда күздүк конушка түшүшүп, айылга жакын көчүп келишкен. Күндөрдүн биринде эле узун бойлуу, жаак эттери жабышкан арык, көздөрү алаңдаган ак куба жаш жигит келип калды. Көгүш костюм шым кийип галстук тагынып алган. " Ашыкча арыктыгы болбосо өзү жылдыздуу неме экен" - деди келин алгач көргөндө эле ичинен. Тигил өзүн райондук гезиттин кабарчысымын деп тааныштырды. Кабарчы-журналист дегенди угуп жүргөн бирок өмүрүндө беттешип сүйлөшүп көрбөгөн. - Опей, силер кабачсысыңарбы? - деп чоочуп кетти. Тигил шашкалактай чөнтөгүнөн сыртында чоң-чоң жалтыраган тамгалардан турган "ПРЕССА" деген жазуусу бар күбөлүгүн сууруп чыгып: - Ооба, кабарчымын" Мына күбөлүгүм, ишенбесеңиз окуп көрүңүз", -деп, суна берди. Келин: - Жок. Ишенем! Мен жөн эле мурда кабарчы десе токтолгон кишилерди элестетчүмүн. Сиз жаш бала турбайсызбы? - Аа, окууну бүтүп, районуңуздарга жаңы келдим. Иштегениме көп деле боло элек, - деп өзүн тааныштыра кетти. Аябай шакылдаган сөзмөр неме экен улам бир күлкүлүү окуялардан, өзүнүн студенттик жылдарынан айтып берип отуруп экөө бат эле эски тааныштардай сүйлөшүп кеткенин келин байкабай да калды. Абдыбек коңшу чабандан кой издеп кеткен. Үч -төрт күндөн бери эки кою жоголуп таппай жаткан эле. Ортодогу чай ичилип бүткөндөн кийин барып кабарчы келгендеги максатына өттү. Кайдан-жайдан экенин белгисиз келиндин баягы жайда болгон окуясы кабарчыга жетип калыптыр. Келген себеби да ошол экен. Келиндин ал окуяны кайра эстегиси келбей кабарчынын суроолоруна чолок-чолок жооп берип туруп алды. Ал түгүл жыйынтыгында балким чындыгында эле көзүмө көрүнчү көрүнсө керек. Даана көргөнүмө өзүм да ишенбейм деп койду. Кабарчы келинди көздөрүн жүлжүйтө ойлуу тиктеп ичеги боорунан бери аңтара карагансып туруп "Ушул сиз бир нерсени жашырып жатасыз. Эрк өзүңүздө", - деп койду. Келин болсо жер карай, "Жок жашырган жокмун. Болгонун айттым да" деп сөз таппай кайпалактады. Келин өмүрүндө биринчи ирет ошол кабарчыдан " кар адамы" деген болоорун , ал эмне деген жандык али толук изилдене электигин. Болжолдоолорго караганда аларда да адамдыкы сыяктуу сезим, акыл-эс бар экендигин, үй-бүлөө болуп жашашаарын укту. Кар адамдарына байланыштуу укмуштуу легендаларды ошондо кабарчы биринчи жолу айтып берди. Ал түгүл кыргыздар аларды илгээртен эле билишээрин. Бир даарлары "Чаңырык" дешсе экинчилери "Кош аяк", "Жез тумшук" деп жүрүшкөнүн бирок ушулардын бары божомолдоолорго караганда "Кар адамы" экендигин айтты. Кабарчы Абдыбекке да аябай жаккан экен кечинде кетирбей алып калып, козу союп коноктоп эртеси өз аты менен айылга жеткирип койду. Ошол кабарчы келип кеткенден кийин келин жайдагы болуп өткөн окуяны кайрадан эсине түшүрүп, ичинен кабарчынын берген суроолоруна чын дилден жооп бергенге аракеттенди. Суроо: - Сиз ошол окуя болгон күндү толук эстеш үчүн эртең менен тургандан баштап эмне кылганыңардын баарын ийне-жибине чейин кайта айтып берсеңиз? Келин баарын айтты Болгону ысык булакка сууга түшкөнүн айткан жок. Жүрөгү тыз дей түштү. Сууга түшүп жатканда өзүн бирөө тиктеп тургансып корунганын эстеди. Ал түгүл көз алдына жогорку аска түбүндөгү калың карагаттын бадалы элестей түштү. Чын эле ошондо оңбогон күрсүгүй бадалдын арасынан мени карап отуруп кумары түшүп калганбы. Ушул ой башынан кетпеди. Кабарчыдан экинчи жашырганы бардык элден жашырганы, ал түгүл күйөөсүнөн жашырган күрсүгүйдүн алгачкы төшөктөн уурдай качканы болду. ХХХ Күздүкө түшкөндөн баштап Абдыбектин айылга каттамай өнөрү көбөйдү күн сайын ар түрлүү шылтоо айтып кетет да конуп калып, эртеси келет же таңга-жуук келет. Салтанат менен оңдуу да сүйлөшпөйт. Экөө үйдө болгон күндө да эки жерде үңкүйүп олтуруп үн дешпей тамак ичишкени болбосо баарлашпай калышты. Салтанаттын кылдай ишинен кыйкым таап кекетип-мокотот да турат. Салтанат канчалык жайдарыланып ортолорундагы мамилелерди оңдошко аракеттенсе да майнап чыкпады. Салтанат ортодо бала жок ошондон улам кийинки учурда ичкиликке берилип мүнөзү бузулуп жүрөт да, " артымда калаар туягым жок болсо көр дүйнөнү ким үчүн жыйнап ким үчүн жашап жүрөм" деген ой көкүрөгүн өрттөп жүргөндүр. Тели-теңтуштары деле тамаша чынга аралаштырып ар түрлүү кеп айтышат да деп өзүн күйөөсүнүн астында күнөөкөр сезип, тили менен таягына чыдап келатат. Эки үч жолу догдурга көрүнсөм болот эле деп кеп учугун чыгарды эле "Көрүнгөндө эле майнап чыга калабы. Азыр таанышың жок догдуруң да киши карабай калган. Барган эле убараң. Көрүмүш болот да ар нерсени айтып жолуңа салат" деп көңүлсүнбөй койду. Кайдагы таанышты тапмак. Өткөндө кабарчы келгенде нечен жолу оозун таптап " Тааныш догдур таап бересизби? Ден соолугумду көрсөтөйүн дедим эле" - деп айта сактап барып токтоду. Бир келген немеге догумду артпайынчы, өзү жаш неме экен кайдан, таанышы деле бар дейсиңби деп. Анын үстүнө күздүккө түшкөн акыркы эки айдын ичинде алты кою жоголду. Абдыбек сен кайтарганда жоголду. Көзүң аккыр эмнени карап жүрөсүң деп койлорун эстеген сайын камчысын ала жүгүрүп буркулдап жүрөт. Жанынан карыш жылбай кайтарса да жок болду. Жер жутуп кеткенсип. Короодон алдырдык дейли десе ажан иттери "чычканга кебек алдырбайт". Алты килейген койдун ың- жыңы жок болгонуна келиндин өзү да аң-таң. Болгондо да киши кара келсе соелу деп белгилеп жүргөн үчөөнүн экөө кошо жок болуп жатпайбы. Коңшу чабандардан шек санай тургандары да жок. Эч кимине койлору кошулуп же четтешкен эмес. " Сен кайтарганда жоголгон болбосун" - десе Абдыбек асман-айдай түйүлүп "Мен күн сайын санап кийирип жүрбөйүмбү. Түп-түгөл болчу" деп келет. Малдын санаасы менен догдурга көрүнөм дегенди да унутту. Адатынча койлорун жайыттан кечирээк айдап келип санап короого кийрип атын жайгарып жатса, сырдаш болуп анда-санда жолугушканда бири-бирине арыз- армандарын айтып калышчу коңшу чабандын аялы келип калды. Абдыбек эки күндөн бери айылга кеткен боюнча жок болчу. Экөө сөз сүйлөшө албай эле бирин-бири кажып кажылдаша бергенден тажаган Салтанат кийинки убакта Абдыбектин үйдөгүсүнөн сыртта жүргөнүн көбүрөөк самап мейличи деп калган. Тигил аттан түшүп-түшө электе бакылдап кирди. Өзү да кызуу экен, өңү кара-көк тартып оолжуп алган. - Ай, катын !? Сен эмне күйөөңдү айылдын бойдок катындарына аңги салдыңбы? Же эрдин кереги жок болуп калганбы? Эмне дешти билбей шашып калган Салтанат: - Сөзүңүзгө түшүнбөдүм, эже. (Өзүнөн 4-5 жашча улуу болгондуктан эже дечү). Үйгө кириңизчи? Үйдөн сүйлөшөлү. - Ошол үйүңө кирип жанагы акмак аңги, кызыл камчы эриңдин кылык тарын сага айтайын деп атайы келдим. Болбосо сендей момун байкуш мурдунун суусун тарта албай жүрө бергидей. Экөө ээрчишип үйгө кирип Салтанат күйпөлөктөп чай коюп конок каадасын көрүп жатты. Тигил болсо жаагы басылбай айтайын деп келген жаңылыгын ийне-жибиине чейин төгүп кирди. Коңшу чабандын аялы кеткенден кийин Салтанат оюн жыя албай бир топко дел болуп отурду. Ушул кезге чейиен күйөөсүн башка аялдарга барат деп ойлобогон аңкоолугуна таңдана өзүнө-өзү кыжыры да келди. Көрсө күйөөсү кийинки айларда айылда жашаган төрт кызы менен ажырашып келген бир келин менен жакын болуп алыптыр. Ай сайын семиз кой союп берет экен. Тигиниси үйүндө арак саткан неме дейт. Ал түгүл бир нече койду базарга сатып тигиге түркүн кийим-кече, белек-бечек алперген имиш. Барынан да мына ушуну укканда күйдү. Бир жума мурда Абдыбек мас болуп келип, кой жоготтуң деп кызыл камчыга алып теридей ийлеген. Эгер жулунуп атып качып кутулбаса ким билет өлтүрүп да коймок беле. Көрсө короодогу койлорду өзү уурдап сатып, анан бет тырмаарлык кылып жүргөн тура. Ошондогу этине түшкөн көк ала али тарай элек. Көзүнүн жашы ызаадан буурчактап-буурчактап куюлуп кетти. Жүк бурчуна бүк түштү да буулугуп ыйлап кирди. Тээ далайга ыйлады. Көзүнөн жаш чыкпай калгыча ыйлады. Анан жатып алып ойлонуп кирди. Өзүн-өзү күнөөлөп: "Өлүк канаңды деги мен киммин? Айбандан айырмам кайсы? Итти деле кой кайтарганды үйрөтүп койсо койлорду жайытка айдап чыгып, кайра айдап келе берет тура. Мен Абдыбек үчүн ошол иттей болуп калган экемин да. Иттен да жаманмын. Итти кызыл камчыга алып күн ара сабай берсе кой кайтармак түгүл короого да жолобой качып кетет. Мен иттен да жаманмын". Таң аткыча кирпик ирмебеди. "Адам эмесмин да. Болбосо ой тебелеп тепсей бергидей мен талпак белем. Же сенин астыңда күнөөм барбы деп бир жолу сурабайымбы десең. Деги ошосуз жашоом өтпөй калса да". Эрте туруп үй ичин жыйнаштырып, Абдыбектин кийимдеринен жана эркекке тийиштүү буюмдардан башкасын бүт тыкыйта таңылчак кылып таңып чыкты. Жедеп көчүп жүрүп машыккан неме бат эле ары-бери кыла койду. Анда-санда сыйга минишчү тор кашка күлүктү кармап келип аял кишилер токунганга ылайыктап өзү үчүн өз колу менен жасаган оймо ат жабдыкты токуду. Өзү да болгон жакшы деген кийимин жасана кийинип алды. Күн көтөрүлүп шашке болгон ченде Абдыбек келди. Алыстан эле кыйкырып кирди. - Энеңди... катын эмгиче койду жайытка чыгарбай кыра турган болгон тура! Салтанат үйдөн чыга келгенде жасанып алганын көрүп, таңдана карап калды: - Эй энеңди... Сен эмне мени өлдү деп ойлоп, кара-ашыма камданып алгансыңбы? Же күйөө издеп чыкканы жаттың беле? - Жок. Сени өлдү деп укпай эле айылдан жаш кыз алып койлорун күргүштөтүп айдап барып семизин союп, калганын сатып ай көл, сүт көл той берип жатыптыр деп угуп, тоюңа барып коеюн деп даярданып жаттым эле. Кер какшыкты укканда Абдыбек делдейе түштү. - Эмне энеңди... Көп дөөрүбөчү. Келжирегениңди коюп, койду жайытка чыгар. - Жаш катыныңды апкелип бактырып ал. Төрт жардамчысы да бар дейт го. - Жаагыңды бас дейм. Болбосо... Көнгөн адатынча камчы шилтеп калды эле Салтанат билегин тосо койгондо камчы ороло түштү. Чап кармай калып күч менен катуу силккенде бүлдүргөсү билегинен чыкпай, мындайды күтпөй ээрде бош отурган Абдыбек кандай телп деп учуп түшкөнүн билбей калды. Салтанат шашпай басып барып тор кашка күлүтү минди да ойдолотуп бастырып келип ордунан очорулуп тура албай жаткан Абдыбекке: - Өзүң сатып, союп куруткандан бөлөгү короодо түгөл турат. Жүктү болсо таңып койдум. Эртең же бүрсүгүндөн келип өзүмө тийиштүү мал-жаныма кошуп алып кетем. Экөөбүздүн сөз ушуну менен бүттү. Мени төрөбөйт деп чанып, төрөгөн катын ала турган болупсуң каршылыгым жок. Кепти ачык айтып жасасаң болмок. Жаман катындарча күйпөлөктөп тымызын жасабай. Төрөбөгөнүмө билсең өзүң күнөөкөр элең. Эми деле жок дегенде догдурга бир көрсөтүп туруп түңүлгөндөн кийин "төрөбөйт" деп чансаң болмок. Канча жыл чогуу жашап, тепкилесең да баарына чыдап келдим эле сыйды билбеген акмак экенсиң! - деди да аттын башын шарт буруп, айыл тарапты көздөй тор кашка күлүктүн оозун койо берди. Карагат каректеринен он талаа ызанын жашы куюлуп туруп ушинтип айтты. Боз ала чаң болуп ордунан тура албаган Абдыбек чөк түшкөн боюнча оозуна сөз кирбей тили күрмөгө келбей жалдыраган боюнча калды. Ак шалы чоң жолугу шамалга желбиреп жайылган Салтанаттын карааны улам алыстап баратты. Тор кашка күлүк чуркабай эле учуп баратты окшойт. Салтанат менен кошулуп денесиндеги бүт даремети кеткенсип Абдыбек очорула ордунан кыймылдай албай койду. |
|