|
Жаныбек Жанызактын менчик сайты |
|
түзгөн: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2003-ж. |
|
Чолпонбек Абыке уулу Миллионго бааланган өмүр (Курч окуялуу адабий көркөм чыгарма) Атып кетишти. Башка, боорго, жүрөккө атыптыр. Эч кыйналбай көз ирмемде өлдү. Жаңы эле бурчтан чыгып келаткан кайырчы "Чып... чып..." атылган мылтыктын үнүнөн үрөйү уча жыш отургузулуп үстү тегизделип кесилген кара жыгачтын аркасына бүрүшүп жатып калды. Тигил өлгөн адам отурганы жаткан "Мерстен" жыйырма эле кадамча жерде туурасынан токтоп турган капкара "БМВнын" астыңкы эшигинен, чачын кыска тегиздеткен орто бойлуу жаш жигит атып чыкты да, жүгүрүп барып машинасынын капотун кучактай кулаган беркини үңүлө карады да дагы бир жолу колундагы башына "глушитель" тагылган пистолетти башка такап туруп басып алды да, кайра жүгүрүп барып "БМБга" отура электе эле машина аткан октой кетти. Өлгөн адамдан ашса он беш кадамча жерде жаткан кайырчы эртерээк бул жерден жоголушу керек экенин түшүндү. Ордунан муундары калчылдап араң туруп, артынан бирөө куугандай өкшөңдөп жүгүрө эки квартал өткөндөн кийин жети кабат үйдүн астындагы подвалга кирип, дайыма жатып жүргөн ордуна жеткенде араң эсин жыя эмне болуп кеткенин кайра баштан элестете баштады. Эки күндөн бери жарытылуу деле эч нерсе таппагандыктан кечөө эки жүз граммча самопал ичкен. Анысы да эмнеден жасалган ким билсин. Арадан эки саат өтпөй жүрөгүн айлантып кусуп салган болчу. Болгондо да бүт ичегиси каңтарылып оозунан чыгып кетчүдөй болуп кускан. - Оо, оңбогурлар! Кайырчыны да алдайсыңарбы. Эмне деген заман болду, -деп самопал саткан катынды каргаган. Суу ичип кайра кусуп, суу ичип кайра кусуп жатып араң түн ортосу оой эс алган болчу. Бүгүн ишке эрте чыкканы да ошондон эле. "Кечигип калып жүрбөйүн" деп таң сөгүлгөндөн эле кайта-кайта ойгонуп, койнундагы төш чөнтөгүнө катып жүрчү "Командирский" деген саатын карап тынчы кете баштаган. Туура саат 6да калың теректердин арасына барып, жанакы өлгөн адам итин ээрчитип сейилдейби карап турган. Саат 6да итин ээрчитип сейилге чыкканда, кубанганынан купшуңдаганын айтпа. Эгер бир жакка кетсе итин аялы же кызы ээрчитип чыкмак. Анда түндөтөн берки күткөн үмүтүн ташкапмак. Адатынча кайырчыларга гана тиешелүү чыдамкайлык менен саат 7 болушун күттү. Анткени, тигил саат 7де жумушуна кетет. Итин ээрчитип сейилдеп барып, кайра келатканда машинасын айдай келип токтотуп коет. Кайырчы тигил мына машинага отуруп жатканда, бүжүрөп кайта-кайта бата берип жанында пайда боло калчу. Тигил колу ачык адам эле. Же 50 же 100 сом карматчу. Эгерим 50дөн төмөн берчү эмес. Кейпи жанына 50дөн төмөн майда акча салбаса да керек. Ал түгүл бир жолу 10 доллар да берген. Кайырчы өз көзүнө өзү ишенбей делдиреп туруп калганда, жүргөндө үнү билинээр-билинбес араң чыккан күзгүдөй жалтыраган "Мерсин" жылдырып жымылдата айдай жылмайган бойдон гана узап кеткен болчу. Кайырчы бул кесипте иштегенине беш жылдан өтүп кеткен, өз кесибин ыгы менен уруна билген тажрыйбалуу ишкер болчу. Ошондуктан, мындай колу ачык айкөл адамдарды ирээнжитип албашы үчүн айына эки ирээт гана барчу. Болгондо да жума күнү. Акыркы кездерде тигил да өзүнүн дайыма жолукчу "клиентин" таанып калгандыктан, "Аа салыгыңды алганы келдиңби? Хоп акеси" дечү да дайыма 100 сомдук берчү болгон. Карабайсыңбы каргашаны. Өз көзү менен көрдү. Тигил машинасынын эшигине колун созгондо, "чып" эткен анча катуу эмес үн чыкты да тигинин маңдайы жарылып, мээси машинанын астыңкы эшигине жаба берди. Экинчи жолу "чып" деген үн чыкканда, боор тушунан "бурт" этип кан атылып машинанын эшигине жаба берди. Кайырчы коендой гана бүрүшүп, кара жыгачтын артында калчылдап жатты го. Каргаша да. Каргаша. 100 сом жок. Айына эки жолу алчу. - Уу-у... эсил кайран эр жигит ай... буркурап ыйлап жиберди. Ичи кулдурап өзөгү үзө тартат. Ошо сайын боздоду. - Уу-уу эсил кайран гүл жигит... эми кайдан көрөйүн. Көчөдөн милициянын машинасынын чыңырта сигнал берип бараткан үнү угулду. "Командирский" саатын алып чыгып караса 7ден 36 минута өтүптүр. - Ээй кайбирлер. Аткандар Ташкентке жетти эмгиче... Ташкентке... - Уу-уу... эсил кайдан көрөйүн гүл жигит а-а... деп көзүнөн жашын мончоктотту. Арыта түндү таң аткыча жортуп жүрүп жаңы эле келип уктап жаткан капкара чоң мышык "Сага эмне болду? Эмне боздоп жатасың? Беш жылдан бери чогуу жашап келатып боздоп ыйлаганыңды биринчи көрүшүм" дегенсип. "Мяо-ов, мяо-оов" деп койду. Чын эле кайырчы ыйлачу эмес. Качан ыйлаганын да унутуп калган. Бүгүн ыйлады. Өзү да түшүнбөдү. Бир айда эки жолу алуучу 100 сом үчүн ыйладыбы же чын эле жигиттин өлгөнүнө жаны кейип ыйладыбы. Түшүнбөдү. Түшүнгүсү да келбеди. Айырмасы кайсы. Бир түшүнгөнү башында кайгы турду. Көз алдында жанагы картина турду. "Чып... чып" октун үндөрү. Ок жеп башы быркырап, боору эзилип, жүрөгү оюлуп кулаган жигит "БМВдан" атып чыгып чуркап келип, даана өлгөнүнө көз жетсе да дагы бир жолу өлүк денеге ок жумшаган чачын кыска алдырган жигит. Кайра-кайра кинотасмадай көзүн жумса да, ачса да улам артка түрүлүп кайра баштан чуурат. Бул күн Кайырчы жумушуна түштөн оой чыкты. Эгер курсагы кыйнабаса, такыр эле аза күтүп чыкпай коймок. Эртең мененки каргашалуу окуя болгон райондон теңирден тескери жактагы кичинекей базарга барды. Бул базарчада да өзүнө тиешелүү орду бар болчу. Барса, жакындан бери кайырчылык ишке өткөн жашыраак бир колу жок кесиптеши отурган экен. Берки үнсүз басып келип отураары менен: - "Старик" келдиңби? Мен анда бул жерден башка орунга жылт коеюн, -деп үнүн пас чыгара шыбырады. Берки унчукпады. Кайырчылардын өз тилдери бар. Көп келжиреп ич ара сүйлөшө беришпейт. Эл өтүп жатат да. - Акыркы кабарды уктуңбу? Сен жашаган район жактагы бир "крутой" байды эртең менен атып кетиптир. - Атса ата берсин, менин ишим эмне. Сенин да ишиң эмне. көп калжырай бербей алдыгы жаагыңды ишиңе жанысаңчы. - Аның да туура "Старик". Мен кеттим. Тигил "Жалгыз кол" тура жөнөгөндө: - Эгер убактың болуп калса кечки тамакты баягы чоң көчүк катындын жаймасынан чогу ичели. - Хоп "Старик". Эгер убакыт болсо... Кайырчылардын да бири-бири менен баарлашканга дайым эле убактылары боло бербейт. Себеби жөнөкөй. Же көбүрөөк сеп этип алып эптеп түнөкө жетиш үчүн жөнөп кетишет. Же жолу болбой калып улам орун которуп жортуп жүрүш керек болот. Ушундай заманда жай турмуш кимде эле бар дейсиң. Колтугуна кыскан кирдеген чүпүрөк баштыктын ичине катылган уйдун калың терисинен кесилген үстүнө койдун жүндүү териси капталган көпчүгүн астына салды. Бекер беш жыл кайырчылык кылыппы. Уйдун териси кышы жайы астынан сыз өткөзбөйт. Койдун териси болсо көчүгүн жылуу кармайт. Ары бери өткөндөр "кирдеген баштыктын үстүндө сызда отурат" деп ойлойт. Кайырчылыкка да тажрыйба керек, сызга эртеден кечке отурчу. Бир жылда тигил дүйнөгө кете бересиң. Башындагы жалаяктай болгон кир жаман шапкесин астына коюп ичине бир сомдуктан экини беш сомдуктан бирди, элүү тыйындыктан үчтү таштады да - Кайыр-садага... Кайыр-садага Мусапырга садага... Мусапырга садага Мусапырга берсең садага Кудайдан кайрылат сага - деп анчалык катуу да эмес, анчалык акырын да эмес ары-бери өткөндөргө даана угулгудай коңур, сөздөрдү так кайталаган үн менен термеле созуп кирди. Тээ далайда барып кыска юпка кийген койкойгон сулуу кыздын колун колтугуна кысып алган, курсагы карападай жарашыксыз чедирейген, балбактаган шым кийген бирөө өтүп баратып кайрылды да колтугундагы кызга мактангысы келгенсип бир он сомдук төрт беш сомдукту жөн таштабай бырыштыра ушалай кармап, жанындагы кыздын башынан айландырып-айландырып "Сага оору жолобосун, көз тийбесин жаным" деп туруп "Түф" де - деди. Тигиниси кылыктана "Жоора деги ушунуң калбайт... я не верю такик вешей" - деди да "Түф-ү түф-үү" демиш болду. Кайырчы тынбай: Кудай тилегиңерди кабыл кылсын, Садагаңыздар кабыл болсун... , - деп эпилдеп жатты. Акчаны топ эттире ыргытты да басып кетишти. Акча түшүп түшө электе кайырчы шып ала койду да койнуна сала салды. Тигил чедирекей курсакка чын дилден ыраазы боло "Тилегиңе жетип, алдагы ак балтырдын койнунда чарда" деп ичтен күбүрөй бата берди. Мындай колу ачыктарга ыразы боло билишти да үйрөргөн. Акча деген акча. Түкүрүп эмес көтөнүн аарчып туруп карматса да акчалык күчүн жоготпойт. Кайырчынын койнунда да көп жатпайт. Кичинеден кийин эле дагы биринин колуна өтөт. Андан дагы бирөөнө. Айланып отуруп үч күн мурдагы ээсине кайра барып калышы ажеп эмес. - Оо - кудай. Кантсе да бүгүнкү насибимден кур койгон эмес экен - деди да дагы кичине отургандан кийин ордунан жыла туруп курулдаган курсактын жанын тындырыш үчүн жөө туманча агылган элге кошулуп сиңип кетти. ххх Милициянын полковниги генералдын кабинетине кирип келди да: - Кирүүгө мүмкүнбү? - деди боюн түз кармап чыкчыя. - Кириңиз, полковник Алпышев. Генерал ордунан тура учурашууга колун сунду. Бул анын полковникти өзгөчө сыйларынын белгиси болчу. Экөө кол алышып учурашкандан кийин полковник колтугундагы папкасын ачып ичинен ак баракка жазылган башка жумушка которуусун, эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо отставка берүүсүн суранган арызын сунду. Генерал ордуна отуруп каштарын түктүйтө арызды шашпай окуп чыкты. Анан башын көтөрүп беркини тикирейе тиктеп турду да: - Ушундай де, мырза полковник Алпышев. Им-м. Таак. Полковник какыйган бойдон турган калыбында. - Акыркы мезгилде такыр иштөөгө мүмкүн болбой калды, урматтуу генерал Илгиз Рысбаевич! Генерал анын сөзүн бөлүп: - Отур!? Отуруңуз мырза полковник, - деди. Берки отурган калыбында бет алдын сүрдүү тиктеп мелтейди. - Бери караңыз, мырза полковник Алпышев... - Менин бул чечимге келишим оңойго турбады, урматтуу генерал, Рысбаевич! Эгер башка ылайыктуу жумушка которууну туура көрбөсөңүз отставкага кетириңиз. Башка кандай жумуш берсеңиз да иштей берем. Чоң кичине дебейм... деди мисирейе генералдын сөзүн бөлүп. - Айтып бүттүңбү?! - Так ошондой - Эмесе мени ук!? Бери карап тур - деди да генерал тигинин арызын төрткө бүктөп жанындагы кагаз майдалагычка салып, кнопкасын басып койду эле күкүм болуп үбөлөнүп түшүп калды. Полковник сүйлөйүн деп келатты эле колун көтөрүп - Коетур! деп койду да ордунан туруп барып сейфди ачып ичинен бир ак барак алып чыкты да полковникке сунду. -Оку!? Полковник ичинен окуп чыкты. - Урматтуу генерал Илгиз Рысбаевич! Илгиз Рысбаевич... Сиз дагыбы... Кантип болсун... Коюңуз! Полковник ордунан тура калды. - Отур! - деди генерал сүрдүү. - Мен бул жерде контрамарканын ичинде күйө берейин. Силер болсо жылуу жумшак, жанга тынч орун издеп жан баккыла. - Мен жылуу жумшак орун деле сурабайм. - Токтот актанганды! - Генералдын кыжыры келе өңүнө кан тээп күрөө тамырлары көөп кетти. - Сен экөөбүз милициялык ишти эмнеден баштадык эле. Эң эле ылай жумушунан баштаганбыз. Канча жыл эшектей иштедик. Канча өтүк жырттык. Милициянын турмушунда сен экөөбүз түшүнбөгөн эмне бар, ыя! - Полковник башын жерге салып үн дебеди. - Бүгүн сен кет. Эртең мен кетейин. Ким иштейт бул жерде. Өмүрү чыныгы кылмышкердин жүзүн да көрбөгөн бирөө келип отурса, миңдеген кесиптештерибиздин, бизге ишенген элдин убалы кимге, ыя? Болуптур бийик павостогу патриот сөздөрдү сүйлөбөй эле коелу. Азыр ал модадан калды. Жөн эле көп жылдан бери иштеген милиция катары ойлончу? Эртең биздин орунду профессионалдар ээлесе жакшы. Балким өткөндөгүдөй кайдагы бир жолбун отуруп калсачы. Мына бир жыл болду. Жалаң ошол былгытып кеткен иштерди оңдоо, ошол жолбун талкалап салган кадрларды калыбына келтирүү менен убарамын. Мага эмне кысым болбой жатыптырбы ыя! Мен сени мына ошол кысымга туруштук берет деп ишенип койгом. Мага таяныч болот дегем. Мен сени кыскан жокмун го. Наркомафия деген керосин куйган өрттөй дуулдап күчөп баратат. Кайда чоң акча ошол жерде баары болорун сен эмне билбейсиңби. Кечээ милицияга кирсең "малакосостун кылары ушул да" демекмин. Генералдын үнү барган сайын жайлап ачуусу тарай баштады. - Депутаттар наркосоодага өтөт деп ойлобопмун, - деди полковник. - Койсоңчу баланын сөзүн сүйлөбөй. Акчаны ким сүйбөйт. Наркосоода акчанын аккан дайрасы. Депутаттар даана бал чыккан жерге аюудай жабышчулар. Генерал секретарын чакырды да, "Кофе дайындаңызчы" деди. Полковникке кайрылып: - Жүрү Азамат, тигил жактан сүйлөшөлүчү, - деп полковникке атынан кайрылып, коңшу эс алуу бөлсөмүнө чакырды. Полковник ыңгайсыздана ордунан турду да, али да астында жаткан баракты алып эмне дээрин билбегендей кармалап калды. Ал барак генералдын отставка сурап жогор жака кайрылган арызы болчу. - Аны мага бер?! - деди генерал. - Числосун көрдүңбү? Эчак жазылган. Тигинин колунан баракты алып, кайра сейфине салып койду. - Чын эле... аржагын айта албай мукактанды полковник. - Чын эле отставкага кетейин дегем. Бир окуя болбогондо кетип да калмакмын. - Жүрү бул жактан сүйлөшөлү, - деп генерал өзү баштай эс алуу бөлмөсүнө кирди. Секретары бат эле кофе алып кирип келди. - Коньякты алып келчи, - деди генерал. Секретары алып келген коньякты эки 50 граммдык стаканга куйду да: - Кана алып жибер, - деп өзү башка сөз сүйлөбөй көтөрүп жиберди. Полковниктин генералга кошулуп ичкенден башка аргасы калбады. Генерал сөзүн улады. - Мен жанагы арызды жазып алып жогор жака кириштин ыңгайын күтүп жүргөндө, бир милициянын жубайы арыз менен келип калды. Дартын уксам күйөөсү 23 жыл милицияда иштеп жүрүп окко учуп өлүптүр. Өзү старшина болгон экен. Аялы мурунку менин ордумда иштегенге арызданып келсе, өз милдетин өтөп жүрүп өлүптүр. "Эмне догуңду артасың деп" кууп чыккан экен. Болбогон бир пенсиясын көбөйтүп берүүдөн баш тарткан. Ал түгүл "23 жылда дүйнөнү жакшы эле басса керек. Өлүмүш болуп, байкуш боло калганга кыйын экенсиңер дегеле" дептир. Боздоп ыйлап айтып берди. "Алты баласы артында калды. Киргенге түзүгүрөөк үйүбүз да жок эки бөлмөдө тыгылып жашайбыз. Карааны жүрсө ток элек. Бизге тоодой медер эле. Эми минтип атабыздан да айрылдык" деп көз жашы чуурса адам чыдагыс. Өзүм кийлигишип, райакимине чыгып, жалдырап суранып атып төрт бөлмөлүү үй алып бердим. Тиешелүү пенсиясын алуусуна жардамдаштым. Анан отуруп алып ойлодум "23 жыл старшина болуп милицияда кызмат өтөө деген эмне? Аны сен түшүнөсүң, Мен түшүнөм. Өмүрү жылуу кабинеттен чыкпагандар, жылуу орундан көчүгүн көтөрбөгөндөр кайдан түшүнөт. Макул кетейин. Мен кеткенден эле бир нерсе өзгөрөбү? Кимге таарынам? Эгер иштей албай кыйналсам ичкен жегеним болуп сиңире албай кыйналсам. Кетсем болот. Анын мафиоздордун, коррупционерлердин, наркосоодагерлердин, элдин эсебинен жан сактаган мителердин, акча үчүн энесин саткан, бийлик үчүн катынын башка эркекке салып берген акматардын кысымы үчүн мен кетишим керекпи" деп чечтим. Андан көрө колдон келишинче, алымдын жетишинче күрөшөйүн. Алар кууланса мен да кууланайын. Улам жаңы тактикага өтөйүн дедим. Генерал менен полковник үч сааттан ашык сүйлөшүп отурушту. Генерал мынчалык көп убакытты оңой менен эч кимге бөлчү эмес. Полковник кетип жатканда: - Урматтуу генерал Илгиз Рысбаевич, сизден суранайын жанагы арызыңызды менин көзүмчө тиги майдалагычыңызга майдалап таштаңызчы - деди. Генерал кабагы жазыла каткыра күлүп: - Болуптур мырза полковник Алпышев. Бул сурооңузду жан дилим менен аткарам - деди да сейфинен баракты кайра алып чыгып, кагаз туурагычка салып туруп кнопкасын басып койду эле тигил тилик-тилик майда кылып чыгарып таштады. - Эми ыраазысызбы?! Эмесе иште ийгилик болсун. Калган сөздү бүт сүйлөштүк. Байланышып тур - деди да кол кысыша коштошушту. Полковниктин жанагы кирип келаткандагы сустайган кабагы жазылып генералдан жайдары чыкты. ххх "Кошбаевди атып кетиптир" деген кабар бүт республикага дүң дей түштү. Бир даарлары "Кошбаевге дааган кандай эр болду экен" десе, "Кокуй Кошбаев деген ким эле ыя? Баары эле Кошбаев, Кошбаев дешет депутат бекен же чоң кызматкер бекен" деген карапайымдар да толтура. Кылмышкерлерди издөөгө улуттук коопсуздукту коргоо комитети, прокуратура, милиция түп көтөрө киришишти. Чаң-будуң эле түшүп жатып калды. "Житкен окту аткан ок табат" болуп эчак изи сууп эми ачылбай калды го делген нечен кылмыштардын жүзү сыйрылды. Бирок, Кошбаевди аткандар табылбады. Табылмак түгүл "мылтык үнүн уккам" деген да күбөө чыкпады. "Кошбаевди аткандарды табабыз. Кандай да болсо өч алабыз. Бул иш эч убакта жөн калбайт" деген туугандары, чогуу иштегендери, кылмышкерлер жөнүндө жашыруун түрдө болсо да так кабар бергендерге 1 миллион доллар өлчөмүндө байгени коюп жарыя кылышты. Кабар бергендердин аты жөнү эч жерде аталбасына катуу убада кылышты. - Ту-уй ата... 1 миллион доллар... миллион. Эмне деген акча. Ту-уй ата. Телевизор көрүп жаткан Аден ордунан секирип туруп кайра жата калды. - Тү-ү эй муну жөн эле алып койсоң болот да. Ушундай кичинекей шаарда кылмышкерди таппай калыш. Эй мындай шаарда катуу оосурсаң үнү да жыты да аяк башына жетет кокуй. Үй ичинде эч ким жок болчу. Өзү менен өзү сүйлөшүп жатты. Аден көздөрүнүн асты баштыкча болуп шишиген, мурдунун башы көгүш кызгылт көзү жүлжүгүрөөк көгүш, бети сары балжайгай, чачы суюк ак аралаган орто бойлуу, толмочураак, жашы кебетесинен элүүдөн эчак ашкандай көрүнгөнү менен чындыгында кырк жетидеги, адам эле. Улуту татар болчу. Өзү детдомдо өскөн. Учурунда КГБнын Москвадагы тынчылардын жогорку мектебин бүтүргөн. Тыңчылыкка көпчүлүк учурда демдомдон алышчу. СССР деген империя тарагыча жалаң наркосоодагерлердин стукачы болуп иштебеген жери калбады. Өзү да аз жерден айыктырууга үмүтсүз наркоман болуп кете сактап барып, араң дарыланып жүрүп айыккан. СССР өз тынчыларына аяр мамиле жасачу. Эшектей иштетчү. Бирок, керектүү адамды сактап калыш үчүн каражат аячу эмес. КГБнын Москвадагы госпиталы оо бейиштин төрүндөй эле го. Кандай гана мыкты врачтар иштөөчү эле. Наркомандыктан айыкканы менен алкоголдон айыга албады. Үч жолу дарыланды. Кайра эле башталып кетет. Союз тараганда Аденге окшогондор биринчи көчөдө калды. Эч кимге кереги жок экен. Кудайга шүгүр дагы ушул бир бөлмө үйлүү болуп калыптыр. Болбосо кадимки тентимиш кебетеси менен кала бермек экен. Жумуш сурап коопсуздук комитеттеринин эшигин түртүп көрдү. Көпчүлүк жерден кейпин көрүп туруп эле "Азыр демократия, стукачтардын кереги жок" деп коюшту. Бир жолу наркомандарга каршы күрөшүү бөлүмүнө кирди эле арагы жолтоо болуп кайра чыгып калды. Баягы СССРдин учурундагыдай өздөрү дарылатып алмай деген жок экен. "Мен керек болсо иштин кызыкчылыгы үчүн деп жүрүп ушул абалга жеткем" деп догун артып көрдү эле. Жөн гана эшикке түртүп чыгарып коюшту. Канча ойлонсо да колунан тыңчылык кылмай, наркомандарга кошулуп соода жүргүзмөй өңдүү майда иштен башка келбейт экен. Кара курсактын айынан наркосооданын эң төмөнкү бөлүгү болгон кардарларга таркатып сатууга өтүп кетти. Кантсе да тыңчылык тажрыйбасы бар эмеспи бир айда эки-үч күн иштесе биртопко курсак тойгудай каражат түшүп калат. Жөн эле иштебейт, жергиликтүү райондун милициялары менен иштешет. Кимдер сатып алып жатат. Кайдан келип жатат аларга "стучить" этип турат. Кылмыш кылбаса. Өз кара башына сайынып ууланып жатса милицияларың да андайларды карабайт. Айрым бир учурда оорурак кылмыш жасаса гана кармабаса. Аракет кылса наркосооданын тепкичи менен көтөрүлүп жогору жагына деле чыкмак. Өзү жолобойт. Төмөндө жүрсө жаны аман жүрөрүн билет. Жогору чыккандар көпкө жашабайт. "Ким семирсе ал союлат" деп коюшат наркосоодада. Аден "жайлоого чыгып" семиргиси келбейт. Оюн салып он күн жашагыча, тынч "чөптөн жапыз, суудан үнсүз" жүрүүгө тыңчылык мектепте абдан машыккан. Шимшүүрлүк өнөргө да тыңчылык жогорку мектепте абдан машыктырышкан. Учурунда СССРдин КГБсынын тыңчылары кандай гана наркоманга издөө салынбасын, жердин жети кабатына кирип кетсе да сууруп чыгышчу. Кайран школа. Кайран кадрлар. Далайы Адендей болуп баркталбай талаада калды. "Кошбаев атылды" дегенде эле баягы өзү "стукач" болуп жүргөн милициялар келишип, "Шимшип көр. Кичине эле шектүү кабар уксаң бизге кабарла" дешип тапшырма берип кетишкен. "Хоп байкелер" дегени менен эшикке да чыккан эмес. Анткени, Кошбаевдей наркобостордун баскан изи түгүл көлөкөсүнө урунсаң башың кетерин Аден мыкты түшүнчү. Шаарга түшкөн наркотовардын 80 проценттен ашыгы Кошбаевдин салаасынан саалып чыгаарын да жакшы билчү. "Жакшы эле семирдиң. Качан союлар экенсиң" деп жүрчү ичинен. "Атып кетиптир" дегенди укканда, "Болчусу болуптур да" деп гана койгон. Бүгүн "Атып кеткендерди же тиешеси барларды так кабарлагандарга 1 миллион доллар байге акы берилет" дегенди укканда баягы көкүрөгүндөгү өлүп уктап жаткан тыңчы шимшүүрлүк сезими ойгонуп, "ишти колго алсамбы" деп жанын коерго жер таппай турду. 1 миллион доллар. Кылмышкерди табышым толук мүмкүн. Бирок, ай 1 миллион долларды мага эч ким бербейт го. Өзүмдүн башым ыргып кетет го. Эгер 100 миңин эле мага бериңиз. Калганын сиз алыңыз. Болгону оюнду честный ойнойлу деп бир төбөсү да көчүгү да чоңдордон көмөктөш тапсамчы? Ай ким билет. Өзүнчө быпылдай сүйлөнүп бөлмөсүндө отура албай ары-бери басып жүрдү. Кантсем ыя? "Попытка не пытка" деп көрсөм бекен. Барган сайын каны кызып стол үстүндө турган жарым шише арактан стаканга куюп туруп тарытп жиберди. Эми мунун жаны тынчыбай калган эле. Өмүр бою кыялданган бир таттуу ою бар болучу. Көп акчаны лотереядан утуп алып же кандайдыр бир жол менен таап алып Японияга, Америкага, Италияга саякаттап барсам. Американын, Италиянын наркомандары кандай көрсөм деп ойлочу. Ойлогон ою мына эми ишке ашчудай. Кудай "өзүнөн-өзү шарты келди, колдон чыгарбай пайдаланып кал" деп жаткандай туюлду. Бул тыңчы адам. Тыңчылык атайын билими, 20 жылдан ашык убакытты камтыган иш тажрыйбасы бар адам. Эртеси эле киши өлтүрүү болгон районду шашпай, эч кимге байкатпай, сыртынан караганда жөн жүргөн кайбирге окшоп, бирок, тыкат изилдегенге өттү. Алгач Кошбаев жашаган үйдүн өзүнүн тегерегиндеги үйлөрдүн картасын чийип чыкты. Машиналар каттаган жолдордун картасын чийди. Кошбаевди аткан "киллер" (жалданып киши өлтүрүүчү) отурган машина кайсыл көчөлөр менен өтүшү мүмкүн алгачкы варианттарын иштеп чыкты. Арадан эки жума өткөндө, анын колунда райондун ар бир өстүрүлгөн багынан, коюлган мусур челегинен берки даана түшүрүлгөн карта турду. Аталган райондон сыртка чыгуучу жолдогу соода түйүндөрү, камоктор, жол боюна отура калып майда-чүйдө сатуучулардан бери белгилүү болду. Райондун базарчасына келип майда-чүйдө сатканга отуруп алып кулакты "кенен ачып" өзү Кошбаевди аткан күн тууралуу сөз баштап коет да, сөз учугунун уланышын күтөт. Базардын да өз ушагы бар. Базарчылардын бири-биринен өтүп шуулдап учуп жүрөт. "Цыган почтасы" дегениң да бул жакта калат. Базардан сөз тыңшоо менен гана чектелбей эртең менен эрте саат 6да келет да 8ге чейин Кошбаевдин үйүнүн жанынан кимдер өтөт. Өзгөчө 6 дан 7 ге чейин кимдер өтөт. Дайыма өткөн жумуш жолубу же анда-санда ылайыгы келип калганда өтөбү изилдеди. Бир айдын аралыгында күн сайын Кошбаевдин үйүнүн жанынан же коңшулаш көчө аркылуу эртең мененки саат 6 дан 8 ге чейин өтчүүлөрдүн анча деле узун эмес тизмеси түзүлдү. Кошбаевди аткандарды көрбөсө да кылмышкерлер түшкөн машинаны байкагандары бар. Себеби эртең менен эрте жумушка бараткан адам сергек, байкагыч келет да дайыма көрүп жүргөн чөйрөсүндөгү өзгөрүштү, шак көзүнө илип эсине сактап калат. Ал түгүл өзүнчө ой жоруп жыйынтыгын чыгарганга да үлгүрөт. Өзгөчө 6 менен 7нин ортосу жумушка анчалык деле шашкалактай турган учур эмес. Демек, тизмеге түшкөндөрдүн ичинен эгер Аден кылмышкерлердин машинесы же өздөрү жөнүндө кабар берсе, күбө өтүүчүсү чыгышы толук ыктымал. Бир гана жери иликтей келгенде бул райондо негизинен жалаң жакшы турмушта жашагандар турганыдыктан, тигил тизмедегилердин баары оңой-олтоң сүйлөшүүгө мүмкүн болбогон кызматкерлер болуп чыкты. Демек, конкреттүү факты менен гана "Сиз момундай түстөгү машинаны баланчанчы числодо көрдүңүз беле" деген суроо менен кайрылса, "көргөм" же "көргөн эмесмин" дебесе башка жооп алышы кыйын. Эч жактан күтпөгөн күтүүсүз кабарды көчө боюнда тамеки, сагыз өңдүү майда-чүйдөлөрдү сатып отурчу кемпирден укту. - Ошол Кошбаевди атып өлтүргөн күнү биздин үйдүн алдындагы подвалда жашоочу кайырчы Кошбаевдер жашаган үй тараптан өкшөңдөп, бир нерседен катуу коркуп качып келаткансып чуркап келатыптыр. Шашкалактаганы ушунча жанынан эле өтүп бараткан мени да байкабады. Ошонун астында эле тигил көчө менен бир кара машина жанагы силер "Иномарка" дегендейи шуу өткөн. Ушул кайырчыда шегим бар. Ошол аткандарды көрүп калып эч кимге айтпай кымпыйып жүрөт. "Өлтүрүп кетет" деп коркот болуш керек. Эми буга өмүрдүн эмне кызыкчылыгы дейм да. Барып баарын милицияга төгүп салбайбы. Мурда ошол Кошбаев жашаган жакка көп барчу эле, эми барбай да калды - деди. Өз сөзүнө өзү деле эч маани бербей туруп. Адендин ээги шалпыя түштү. Өзү күткөн кабарды укканда ээги шалпыя түшчү. "Жиптин учугу башталды" деди ичтен кымылдай. Кайырчыны оңой тапты. Болгону кандай кылып сөзгө тартуу ыгын ойлоно баштады. Эң негизгиси чочутуп албоо керек. Эгер чоочутса анда мындай адамдар сейфтен да жаман бекийт. Ачыш оңой эмес. Кемпирдин айтканы чын экен. Ошол күнү кара түстөгү "БМВ" машинасы эртең мененки 7 менен 8дин ортосунда жөн эле эч нерсени көзүнө илбей шуулдап өткөнүн дагы эки камокто отургандар байкап калыптыр. Мындай кабарлар органда иштегендерге өмүрү айтылмак эмес. Аден катардагы майда-чүйдө сатып жүргөн пенде катары угуп коюп жатты. ххх Кайырчы "Старик" каргашалуу күндөн кийин дайыма баягы чакан базарды айланып Кошбаевдер жашаган райондогу берекелүү чоң базарга барбай калды. Кошбаевдин өлүмүнө өзү күбө болгонун бирөө көрүп койгонсуп коркуп жүрдү. Чоң базар деген чоң базар болчу. Келдим-кеттим да көп. Киреше да түшчү. Кичине базардан курсак тойгудай бир нерсе араң түшөт. Ушундай күндөрдүн биринде демейде машина токтобогон базарчанын оозуна чейин капкара машина ары-бери өткөн элди көзүнө илбей качыра кайырчыга кичине эле жетпей келип токтоду да ичинен баягы чачын кыска алдырган жигит баш болгон үчөө түшүп базарга кирип кетишти. Тигил жигитти Кайырчы көрөрү менен тааныды. Аз жерден ордунан атып туруп качып жөнөй сактады. Тизелери калчылдап турууга дарманы келбеди. "Садага, садага..." деп сайраган тили да күрмөөгө келбей, эриндери кыбырап жер тиктей бүрүштү. Тигилер эч бейкапар сүйлөшүп шайдоот баса жанынан өтүп кеткенден кийин гана кичинеде барып эсине келе баштады. Көз кыйыгы менен карай машинанын номерин эсине тутту. Унутуп калбаш үчүн акчага айлантып туруп эсине тутту. Эмнеге эске түйдү түшүнбөй, маани бербей туруп эле ошентти. Эгер кандайдыр бир цифраны эсине туткусу келсе акчага айдандырып туруп, баланча сом десе өмүрү эсинен чыкчу эмес. Арадан бир саатча өтпөй кайра өтүштү. Дагы эки декилдеген жигитке толтура-толтура төрт-беш баштыкты көтөртүп алышыптыр. Кайырчынын жанына келгенде баягы "Киллер" жигит: - Эй биздин эсептен кайырчыга садага таштап койчу, - деп тигил баштык көтөргөн жигиттердин бирине кайрылды эле, берки эки жолдошу каткырып калышты. Берки эч үн дебей колундагы баштыктарды жерге кое коюп чөнтөгүнөн акча алып чыкканда: - Титиреп битирленбе... Көп эле таштай бер - деди да эки 50, төрт 100 сомдукту өзү тигинин колунан жулуп алып кайырчынын шапкесине ыргытты. Акча шапкесине түшкөндө, Кайырчынын көзү чекчейе түштү. - Садагаңар кабыл болсун. Кудай силерди сактасын, - деп тили да сайрай түштү. Акча түшө электе шып ала койнуна урду. Тигилер жанагы баштыктарды машинага салып алаксып жатканда, ордунан жыла туруп жылт койду. "Старик" тажрыйбалуу кайырчылардан. Тигил машина кетери менен жанагы акчасына ичи ооруп калгансыган эргул кайра келип, баарын албаса да бир тобун кайра тартып алышы толук мүмкүн. Бербей тырышып "кайырчыны сабап жатат" деп чуу көтөрөт дечи. Ошондо да ашыкча келтек жешти ким кааласын. "Ач кулактан тынч кулак" бул жерден жылт койгону оң эмеспи. ххх Кайырчыдан үч-төрт кадамча жерге мүшөгүн жая салып Аден чемичке сатууга отурду. Көзүнүн кыйыгы менен караган кайырчы ичинен "Жер таппай калгансып келген жерин кара" деп күңкүлдөп койду да өз ишин уланта берди. Аден болсо кайырчынын отурган-отурбаганына да көңүл бөлбөдү. - Чемичке алгыла? Чемичке алгыла?! Чаккан да арманда. Чакпаган да арманда. Май чемичке. Экологиялык таза чемичке. Чемичке алгыла?! Ары өткөн, бери өткөндөр ала башташты. Аден кесек акча сунгандарга кайдан тапканын ким билсин он тыйындыктар менен элүү тыйындыктардан, кайрып берет. Бир ууч кылып. Бир ууч тыйынды айрымдары санабай туруп эле кайырчынын шапкесине ыргытып басып кетишет. Кайырчынын да иши оңоло түшкөнсүдү. Алгач жактырбаса эми "Ырас жакын турган тура. Майда тыйынды чөнтөгүнө салгысы келбегендер мага таштайт экен" деп кымылдап калды. Деги бул күнү иши жакшы жүрдү. Кечке жуукка жетпей Адендин саткан чемичкеси түгөндү. Ордунан туруп күбүнө кагына кетип баратып "Бүгүн соодам жакшы жүрдү. Берекелүү жер экен. Эртең да келем" деп кубанган түр көрсөтө кайырчыга 70 тыйын кайыр таштады да кете берди. Аден кеткенден кийин кайырчы да жолуна түштү. Кайырчы менен Аден жанаша отуруп төрт күндөн бери иштеп жатышса да, бири-бири менен кобурашып жөн-жай да сүйлөшпөдү. Күн сайын кетип атканда Аден 70 тыйын садага берип коет. Кайырчы Адендин жүдөө кейпин карап ичинен "кара мунун мага тыңсынып турганын. Өзүңдүн кейпиң меникинен деле айырмаң жок экен" деп кекерлеп калса да унчукпайт. Байкаса, Аденге бул тегерекке чемичке саттырбай кубалаган милициялар да тийбейт экен. Жанынан байкамаксан болуп өтүп кетишет. Ал түгүл бир жолу бир милиция Аденди ээрчитип кетти эле кайра бир баштык чемичке көтөрүп келди. "Ии эргулум, милициялардын чемичкесин сатат экенсиң го" деп калды кайырчы ичинен. "Эй шүмшүк чал. Жогол бул жерден" деп ары өтсө да, бери өтсө да тийишип калчу мышмыйган сары сержант милиция да тигиге унчукпайт. Түшкө жакын келет да: - Чемичкеңден чөнтөкө салчы, - дейт. - Хоп шеф. Чемичке сизден айлансын, - деген тигил чемичкеге кошо бүктөлгөн акчаларды да тигинин чөнтөгүнө уруп жатканын бир жолу кайырчы көз кыйыгынан байкап калды. "Омээй жүдөмүш балээ го. Мында бир сыр бар" деп кайырчы кызыгып калды. Күндө эки үч жолу жаштар же кыздар келет да, кичине шыбырай сүйлөшүшөт. Тигилер беркиге ууч акча карматат. Берки болсо чемичкеге кошуп кагазга оролгон бир нерсени тигилердин чөнтөгүнө урат. Ал эмне экенине кайырчынын башы жете бербейт. Бир күнү Аден кайырчыга кайрылып: - Эй ушинтип кайыр сурап отургуча чемичке сатпайсыңбы? Кечки тамагыңа жеткидей тыйынды чемичкеден деле табасың - деди тыңсына. Кайырчы ичинен ардана "кара муну" десе да. - Мага чемичкени ким берет? - деди. - Ким берет. Ким берет. Төрт-беш күндүк тамагыңды тарта ичип чогултсаң, тигил оптовиктерден аласың да, кайра бул жерде сатасың. Ушинтип уланып кетесиң. - Менин ден-соолугум начар. Мешок көтөрүүгө жарабайм, - деди кайырчы. Такыр байкуш боло. Чындыгында ден-соолугу деле жарамак мешок көтөргөнгө. Болгону чемичке ташып, өтөт-өтпөйт деп сары-санаа болгуча субай-салтаң келип тилин бир аз сайратып отуруп тыйын таап алып басып кеткени жакшы эмеспи. - И-и ошондой деймда, - деп кейип койду Аден. - Эмнең ооруйт? - Ээ-э иничек мен айтпайын сен укпа. Авариядан кийин бир өпкөмдү алып салышкан. Көрсө, эки кабыргам сынып өпкөмө кирип кетиптир да, көпкө жатып калгандыктан өпкөм жарабай калыптыр. Буту-кол, омурткалар бүт талкаланган. Кантип тирүү калганымды да билбейм. Догдурлар аман алып калышты. Аман калып калганы курусун минтип... Жарым жан болуп... Жыргаган киши кайырчы болобу... Ээриндерин кемшиңдете кир жеңи менен көзүн аарчый үнүн каргылдантты. Чынында көзүнөн жаш деле чыккан жок. Айтып жаткандары да беш жыл илгери бир өлгөн кайырчыдан уккан таржымалы. - Ошондо өлүп деле калсам болмок экенмин. - Кой эми. Кайрат кыл. Сен өлгөндө эле жер тоймок беле. Тирүүнүн иши тирүү. Байкабай жараңа тийип алдым. Кечирип кой. Күнөөм үчүн кечки тамагың менден. - Жөн эле кой. Өзүмдүн деле кудай буюрган ырыскым бар. - Кой антпе. Кечинде экөө Аден ээрчитип барган жеке менчик ашканадан Өзгөн күрүчүнө жылкынын этинен мыктап басылган аштан тойгуча жешти. Тамака тоюшкандан кийин кызыл чай менен бир шише таза аракты бөлө тартышты. Бул күнү кайырчы жатуучу подвалына көңүлдүү кайтты. Келип кара мышыгына жана күрүч жеп жатканда Аденге байкатпай чөнтөгүнө сала койгон чоң майлуу этти берди да: - "Ээ "илбирсим" сени кайда болсо унутпайм. Бул дүйнөдө сенден башка мени сыйлаган жак жок десем сыйлагандар да бар экен тобо. Көрдүңбү кандай таттуу тамак жедим", -деп мышыгы менен сүйлөшө жонунан сылап койду. ххх Кара мышык да ээсине эркелей көздөрүн жуумп магдырайт. Чындыгында эле мышыгы экөө абдан ынак эле. Кышында чыйылдап карда жатканда таап алып баккан. Көзү да ачыла элек болчу. Нанды аябай чайнап туруп колу менен оозуна салчу. Дайыма сүт алып аны апкелип керагазга жылытып берчү. Көзү ачылып ирденгиче колтугуна салып жүрдү. Азыр да мышыгы ошол бала кезин эстейби кээде туруп-туруп эле колтугуна башын салып калат. Андайда Кайырчы: - Кой эми Илбирсим чоңойдуң. Сага кайдагы колтук. Батпайсың, - деп эркелетет. - Кыштын суук түндөрүндө экөө кучакташып бири-бирин жылытып жатат. - Бир жолу адам таң каларлык окуя болду. Ошондон кийин кара мышыктын баркы ого бетер көтөрүлдү. - Күндөрдүн биринде күрсүйгөн селсаяк кирип келди да кепке-сөзгө келбестен: - Эй итирейген мээкайык. Жогол бул жерден. Экинчи жытыңды да искебегендей болоюн. Уктуңбу?! - деди. - Кое тур тууган. Бул жер менин көп жылдан бери жашаган үйүм. Кепке кел, - деди эле. - Мен мына минтип кепке келем, - деп керилип туруп тумшукка басты. Байкуш кайырчы тебетейдей учту. Жөн эле мурду бет болуп былчыйып калгандай болду. - Кана дагы сүйлөшөлүбү? - деп жакындап келаткан күрсүгүйдөн коркуп бетин калкалап ордунан тура албай жөрмөлөй качкан кайырчы. - Мамаа-а, ма-ма, ал мышыгыңды... Байкебай мышыгыңды ал, - деген бакырыктан баш көтөрсө, кара мышык чакчырыла түйүлө секирип тигинин улам бир жерин апчый секирип кайра колуна урунбай ойт берип жаткан экен. Бир жак көзүн бетине кошуп бүт апчыптыр. Бир кулагы шалбырап жүрөт. Беттерин колу менен калкалады эле эки колунун үстү устара менен тилгендей шыпырылды. Тигил жан далбастап эшикке качууга бет алганда, кайратын жыя калган Кайырчы: - Ал кырааным ал. Өлтүр. Экинчи көзүн да ой. Күрөө тамырдан тиште, -деп кыйкыра бурчтагы таягын ала коюп башын каткан тигини көк шилиге болгон күчү менен соккондо, күрсүйгөн неме оңкосунан түштү. Өзү нечен таяк жеп талуу жер кайсыл экенин билип калган кайырчы чаткаягына тээп-тээп калды эле, тигил өгүздөй өкүрүп эшикке жөрмөлөп жөнөдү. Мышык дагы соо качырбай ансыз да шалбырап араң турган кулагына кайра секирип апчый түбүнөн жулуп калды. Тигил кеткенден кийин да мышыктын ачуусу көпкө тарабай күрүлдөп атты. Кайырчы кубанганынан былчыйган мурдун да унутуп койду. Күрсүгүй подвалдан эптеп аман чыкканына шүгүр деп, экинчи кайрылгыс болуп куйругун түйдү. Кийин ал күрсүгүй селсаяктардын арасынан көрүнбөй калды. Көрсө, баягы жараттары кыштын суугундай ырбап айыкпай жарыкчылык менен кош айтышкан экен. Мышыктын мындай эрдиги кайырчы менен тентимиш селсаяктардын арасына "дүң" деп жайылып кетти да, экөөнүн жылуу, ыңгайлуу үйдүн бир бөлмөсүндөй болгон жайына көз арткандардын тилеги өчүп, "тынчтык кылып алыс болгонубуз оң" деп калышты. Анан калса мышык да өзгөчө чоң болчу, тим эле кандек итче бар. Керилип жолборстой болуп басканын кантесиң. Кайырчынын мышыгы эмес эле хандын мышыгындай. Капкара жүнү жылтылдап дайыма семиз. Бул тегеректеги ургаачы мышыктар бүт ушунуку. Керектүү учурда түнкүсүн чыгып бир бакырганда эле жетип келишет. Нечен "атаандашам" деп эрөөлгө чыккандар кулактарын жулдуруп, жон терилерин шыпырткан. Кайырчы мышыгынын бул жоругуна сыймыктана "катынпоз" деп эркелетет. Мышыгы көргөн махабат жыргалын өзү көргөндөй култуңдай кубанат. Бул ушундай жоругу башка мышык. Оо бул мышык жөнүндө айтылар сөз али алдыда... ххх СССР аттуу улуу империя кыйрагандан кийин дүйнөлүк деңгээлдеги башаламандык башталып кетти. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турган империянын башкаруу системасындагы механизмдин кыйрашы, бир уучка биригип турган майда мамлекеттердин өз алдынча эркин болуп чыга келиши ХХ кылымдагы улуу өзгөрүш болуп калды. Кудай ушул жолу адамзатка чоң жакшылык кылды. Кызыл кыргын согуш башталып кеткен жок. Согуштун жыты бирде оңдон, бирде солдон жыбылжый уруп барып араң бас-бас болду. Кызыл кыргын согуш болбогону менен мына ушул империяда жашаган адамдардын психологиялык түшүнүгү мамлекеттик башкаруу системасы менен кошо кыйрап укмуштуудай ачкөздүк менен байышка жулунуу "оруусу" пайда болду. Балким, мына ушул мамлекеттик жетекчиликтен баштап катардагы карапайым адамга чейин бай болууга жулууну "оорусу" согушту чыгарбай сактап калды десек туура болоор. Анткени, мамлекеттин бүтүндүгүнө, анын аймагынын кол тийгистигин күйүп жүрөктү туйлатып туруучу патриоттуулук сезим дээрлик бардык адамдарда өлүп, кандайда болсо байыш керек деген гана айбандык сезим бийлик жүргүзүп калган мезгил өтүп жатты. Мынчалык байлыкка жулунуу оорусунун микробу кайдан келди? Балким, ал көп жылдар бою канда дүргүп жүрсө керек. Империянын диктаторлук бийлиги кулап, демократия келери менен ал канды тээп чыгып өз максатына жетти. Мамлекеттик эң жогорку бийликтегилерден баштап төмөнкү чиндеги чиновниктерине чейин калеминин башын кыймылдатып койсо да пара алмай катардагы көнүмүшкө айланып, эч ким деле муну эрөөн-төрөн көрбөй калды. Чоң согуш жүрүп өткөн жердеги кыйроону ордуна келтирип оңдоого экономикасы оңолгон мамлекет үчүн аз эле жыл кетет. Ал эми коомдо жашаган жарандардын жан дүйнөсү бузулган ооруну айыктырууга оо көптөгөн жылдар кетээр. Бул бир кадимки жомоктогу өлбөс Каүейдей. Бир башын алсаң экинчиси кайра өсүп чыга берет. Бир гана үмүт адамдар бардык ооруну айыктыруунун жолун эртедир-кечтир тапкан өңдүү эле мындай "жоопкерсиздик оорусунун" да дарысын эртедир-кечтир сөзсүз табышат. Тез байып кетүүгө жанталашуу биринчи кезекте, акча каяктан тынымсыз агылып түшөт? деген суроону жаратары белгилүү. Бул анчалык деле оор табышмак эмес. Мунайзат, спирттик ичимдиктер, тамеки, дары-дармектер акча куюлуп турган булак. Бул булактар бат эле бөлүштүрүлүп, бийлиги да мүмкүнчүлүгү да болуп тургандардын колуна өтүп кетти. Чабышуулар, тартышуулар болбой койгон жок дечи. Туш тарабы кыбыла болуп турган бийлик башындагылар "менчиктештирүү" деген чепкенге жамынышты да өз билгендерин кылышты. Биз али бүт дүйнө боюнча акчанын оргуштап турган дайрасы болгон наркосооданы айта элекпиз. Наркосоода капчыкты толтуруунун эң кыска жолу. Карагайдын башында илинип турган алтын жамбыдай жаркылдап гана азгырат. Кол сунсаң эле алчудайсың. Бирок, татаал жол. Кандуу жол. Атам замандан бери эле байлыктын өз анты бар. Өзүнөн өзү оңой келе калбайт. Түмөн түйшүк, түмөн азабын тарттырат. Мына жетип рахатын көрөм десең кан жуткурат. Андай байлыктын он күндүк рахатын көрө электе бүт тукуму курут болгондор саман. Адам ага болбойт. Кандагы эсепсиз байлыкты, бийликти эңсеткен жегич курттар болтурбайт. Астыга жулунтат. Отко баратканын, окко баратканын билип турса да бара берет. Адамдын психологиясындагы жеке керт башына өзгөчө ашыкча болсо да, "дагы жетсем" деп эңсеп байлыкка жулунуу, бийликке жулунуу оорусун айыктыра турган дары да, догдур да чыга элек. Жакында чыга коерун да кудай билет. Болбосо дүйнөдө 50 миллиард доллардан ашык дүйнөсү бар байлар бар. Адамдын жеке керт башы үчүн мынча көр дүйнөнүн эмне кереги бар. Жүз милиард байлыгың болсо да бардык адамдар дем алган абадан дем алып, бардыгына тийген күндүн астында, бардыгы таянган жерге таянчыктап жүрөсүң. Мына ушуну түшүнүш оор. Ошол байдан сурачы. Бактылуусуңбу? деп. Жок. Кайгысы толтура. Сүйүүдөн жолу болбогон. Тукумунан начар чыгып калган. Карапайым адамдардын башындагы эле кайгы. Байлык миң жыл жашатпайт. Тескерисинче атактуу байлардын дээрлик бары дүйнөсүнүн азабын тартып жүрүп, эрте жарыкчылык менен кош айтышкан болот. Адамдын мээсиндеги, канындагы бул ооруну миң айт бары бир. Жер өз огунда айлангандай эле баары өз жолу менен кете берет. ххх Мамлекеттик бийликтин механизми кыйрап, баш-аламандык күчөп кеткенде, наркосоода гүлдөп кетти. Аз эле жылдын ичинде республиканын аймагында кеңири тарап тамыры жайылды. Кыргызстан дүйнөдөгү наркосоода жолуна кирген мамлекеттердин катарына кошулду. Наркосоода коомдо жашаган адамдарга гана зыянын тийгизбестен, мамлекеттик башкаруу механизмине да ириңдеген жарадай таасир берээрин бийлик башындагылар кечирээк түшүндү. Эң башкы кемчилдик акчанын жыты келсе, башы айланып кеңгиреп, акылынан айнып калчу адамдар бардык жерде отурарын дайым унутканыбыз. Кечирээк болсо да наркосоодага каршы күрөш башталды. Өзгөчө оор түйшүк ички иштер кызматкерлеринин мойнунда жүктөлгөнү мыйзам ченемдүү иш. ххх Ашкананын караңгы бурчунда эки эркек тамак ичип отурушту. - Демек сени Ошко которушат экен да. - Кааласаң да, каалабасаң да барасың. Оштогу бөлүмдү күчөткөнү жатабыз, - деп полковник ачык айтты. - Оштогу бөлүмдү мейли күчтөшсүн. Бул жакчы. Бишкек жыргап кетиптирби. Бул жөн эле экөөбүздү экиге бөлүүнүн амалы го дейм. Көптөргө жакпай жүрөбүз деп айтчу элем го. Экөө тең гражданча кийинип отурушканы менен органдын кызматчылары эле. Болгондо да "Наркосоодага каршы күрөшүү" бөлүмүндө иштешет. Кең далылуу, бою узун сөөк-саактуу келген, чап жаак субагай жүздүүсү милициянын капитаны - Мурат. Орто бойлуу, чымыр денелүү, коюу кара чачтуу, кара торусу милициянын майору - Тариел. Бир бөлүмдө өнөктөш болуп чогуу иштегендерине үч жылдан өттү. Бири-бирине көнүп бүтүшкөн. Биринин мүнөзүн да бири жакшы билет. Шаардагы наркомафиоздор эле эмес, органда иштегендердин көбү да экөөнү жактыра беришпейт. Экөөнүн колуна түштүң бүттү. Мейли министр сурансын кайра тартмай жок. "Тарамыш болуп тырышып калышкан экен" деген сөз да ушундан улам чыгып отурат. Бул жерге келип отуруштарынын эки себеби бар. Биринчиси, Кошбаевдин өлгөнү үчүн "жүз грамм" ичип коюу, экинчиси капитан Мурат Ошко которулуп жатат. Кичине чогу отуруп өздөрүнчө эркекче ажыраш аяк өткөрүү. Ортодо бир шише арак, эки стаканга жүздөн куюлган боюнча "Кана алып ийбейлибини" айтыша элек. Экөө чүчпараларын ичип бүткөндө шыпылдаган ашпозчу шишкебек көтөрүп келип, жука тууралган пиязы менен кошо астыларына кое салды да, бошогон идиштерди алып кетти. - Кел эмесе мобул байкуштарды жалдыратпай алып жиберели. Мына экөөбүз колубуз качан жетет? Кантип колго түшүрөбүз? деп жүргөн Кошбаев да жок болду. Экөөбүздүн колубуз жетпеген менен кудайдын колу узун экен, -деп Тариел тост көтөрдү. Экөө тең шап алып жиберишти да, ачуркана пияз кошкон шишкебек чайнай үнсүз отуруп калышты. - Кандай дейсиң Таке, Кошбаевди кимдер жайлатты экен? Менин оюмча эрдемсип жүргөн жаштардын бирөөлөрүнүн кыжырына тийип коюп күтүүсүз өлдүбү дейм. - Ким билет. Буга бир кийлигишсе Орус мафиясы менен Чечен мафиясы кийлигишет. Кошбаев экөөнүн ортосунда кылтыңдап коюшу мүмкүн. Экинчиси, сен ойлогондой өзүнчө эрдемсип жүргөн "Көңдөй баштардын" бирөөлөрүнүн ызасына тийип койсо, "Мына сага" деши мүмкүн. Эгер андай болсо, ал "Көңдөй баш" качып кутула албайт. Жердин түбүнө кирсе да табышат. - Адам деген кызык да мунайзаттан түшкөнү деле жетет эле го наркосоодага эмне аралашты? - дейм да. - Эсиңдеби мен Кошбаевдин өзүнө айтпадым беле наркосоодадан соо чыккандар болбойт. Эртедир-кечтир эсебин алат - деп. Ошондо экөөбүздү шылдыңдап күлгөн. "Силер эмне мени наркобизнеске кошосуңар. Мен тазамын" деп. Минтип башы окко жарылып тырайып өлгөндөн көрө экөөбүздүн колубузга түшсө ашса жети-сегиз жылга кетмек. Акчанын күчүнө салып эки-үч жылда кутулат эле. Акылына кирсе дени соо жашап турмак. - Ошондо Таке көзү ачыктык кылыпсың. - Наркомандарың менен тытышып жүргөнүмө он беш жыл болду. Мен билбеген эмне бар. Тилди алган жок эле ит өлүм менен өлүп отурат. Экөө дагы жүздөн куюп, алып жиберишти. - Тигилерди кара, - деди шишкебек чайнап жаткан Тариел башын жаңсай. Ашкананын ээси толмоч жигитти эки спортсмендерче кийинген жигит кекетип жаткан экен. Мурат тиктеп калды. Тигил жигиттердин бири ашкананын ээсин кекиртектен алып муунта баштады. Мурат ордунан тура калды. - Ээй Мурат отурсаңчы. Булардын бизге тиешеси жок. Жок дегенде бир жолу тынч тамак ичеличи. Мейли бири өлүп бири калсын. - Коетур Таке, мен беш эле минутада. Мурат тигилер жака жөнөдү. Тариел Мураттын барыбир болбосун билчү. Чөнтөгүнөн соткасын алып чыгып бөлүмгө телефон чала баштады. - Эй жигит, ашпозчу сага эмне кылды - деди Мурат тигилерге жакындай. Ашпозчуну муунтканы колун кое бербей туруп жанындагыга "Жаагын жаап кой" деди. - Байкеси, бул жерде сиздин кенедей да ишиңиз жок. Өзүңүз аман соодо жолуңузга түшсөңүзчү, - деп астын тороду орто бойлу чымыр денелүүсү. - Мен эмес азыр экөөң тең бул жерден сыйыңар менен жоголгула да экинчи бул ашканага келген жолду унуткула. - Им-нээ. Мен сага. Тигил колун шилтеп калды эле Мурат туура ээгине жете бергенде муштумду шап кармады да, тез кайрып туруп силккенде "карс" деген сөөк сынган же чыккан үн угулуп, кыйынсынган спортсмен "Апаа" деп бакырып жиберди. Сол колунун кыры менен кекиртекке урганда, дым үнү чыкпай мешоктой кулап түштү. Ашпозчуну жакалаганы иштин жайын илгиртпей сезип кача жөнөгөндө бир секирип жетти да, кежигеге урганда көмөлөнүп түштү. Тигил кайра тура калып "Балдар" деп кыйкырганга үлгүрдү. Экинчи сокку чыкыйга тийгенде "шалак" деп бурчка кулады. Эшиктен жүгүрүп дагы экөө кирип келишти. Бири жүгүрүп келатып эле "Ки-аа" деп түйүлө секирип тээп калды. "Ме сага ки-аа" деген Мурат буттан шап кармап өзүн көздөй силкип туруп чатка урганда "Уу-уу" деп тигил ордунда чимирилип-чимирилип барып кулады. Экинчиси килейген бычагын сууруп алып качырып сала берди. Бычак кармаган билектен шап кармап артына толгой кайрып туруп колдун кыры менен чыкыйга урду эле көзү аңтарыла түшүп барып сулай жыгылды. Тариел бурчта эч бейкапар кино көргөнсүп тамеки чегип карап отурду. - Ох ата айла жок мушташат да. Ох ата... ох ата, - деп коет Мурат сокку урган сайын. Төртөөнү төрт жакка жаткырган Мурат колдорун ушалай ордун көздөй басканда ашпозчу чуркап келди да, - Эми булар мени оңдурбайт. Сиз кимсиз? Ашканамды өрттөп ийишпесе болду - деп ыйламсырады. - Ашканаңыздын өрттөнбөшүн кааласаңыз тергөөдө түз көрсөтмө бериңиз -деди Мурат бейкапар. - Сиз милициядансызбы? Оо кудай эми кантем. Менттерди атайы чакыргансың деген да балээге калат турбайымбы. Аңгыча сиренасы менен милициянын эки машинасы жарыша келип токтоду да, капитан баштаган жулунган милициялар кирип келишти. Капитан Муратты да Тариелди да тааныйт экен. - Капитан мырза, ушул тегерекке рэкеттик кылып жүргөн так ушулар. Жакшылап суракка алгыла да бир нече жылга тиякка жибергидей кылгыла. Эртең бошонуп кетип жүрбөсүн - деди Тариел. - Майор мырза, буларды өзүбүз да колго түшүрө албай жүрдүк эле. Кам жебеңиз - деди капитан шыпылдай. Милициялар жаңы эсине келе баштаган тигилерди бир бирден сүйрөп кетишти. - Үч күн спорт залга барып койсо эле "спортсменмин" деп чыга калуучулар көбөйдү. Чын эле спортсмен экен деп муштасаң мешок. Мурат өзүнчө кыжынып койду. - Төртөөнү тең красиво сулаттың Муке. Мушташтан сага айла жок. Ошентсе да абайла, бир күнү чыныгы профессионалга жолугуп калып арка-мойнуңду сындырып жүрбө. Арактын калганын бөлө куйду. Экөө ээрчише ашканадан чыкканда саат ондон өтүп калган. Бүгүн да экөө сыр чечише жайма-жай отура алышпады. ххх Аден кайырчынын тамырын улам тартып жакындай берди. Кайырчы мурдагыдай боюн ала качпай экөө кадимкидей бажактап сырдашчу болду. Кайырчы өзүнө окшогондор чөнтөгүнө кенен акча түшкөндө барып ысык тамак жасатып ичип мончосуна түшүүчү чоң көчүк аялдан бери Аденге тааныштырды. Күндөрдүн биринде экөө жүз граммдашып орто кызуу болуп калганда, Аден аяр сөз баштады. - Кошбаев деген миллионерди атып кеткен тура уккан белең? Кайырчы мас болсо да сестейе түштү да: - Миллионериң менен менин эмне ишим бар. Менин болгон байлыгым мышыгым хи-хи-хи, - деп күлүп калды. "Ого бул оңой куу чал эмес окшойт" деп калды Аден да. Ошентсе да сөздү улады. - Мына ошол Кошбаевди атып кеткендер жөнүндө көрүп же билип калгандар болсо, эгер так маалымат берсе, миллион доллар берет экен. Кайырчы кулагын түрө дым чыгарбай угуп, ал түгүл соолуга түшкөнсүдү. Бирок, үн чыгарган жок. Кекиртегине эт тыгылып калгансып үңкүйдү да турду. - Ту-уу ата. Миллион доллар деген эмне деген акча. Элестете да албайм. Өмүр бою бейиште жашап өтсөң болот. Эгер көрүп калган же билген киши болуп эбин таап акыл менен кабарды жеткирчү жерге жеткизсең, байлыка марыйсың да каласың. Аден тилинен чаң чыга такылдап чексиз байлык жөнүндө кыялдана сүйлөп жатып, көз кыйыгын кайырчыдан албады. Кайырчы күтүүсүз ордунан турду; - Аден мен кетишим керек. Эптеп жарыкта түнөгүмө жетип алайын - деди да Адендин жообун күтпөстөн эле жолуна түштү. "Коетур бул шишени бүтүрүп коелу" дегенди кулагынын сыртынан кетирди. Шишенин калганын оозуна тыгын тыгып жанына салган Аден Кайырчынын артынан акмалай жөнөдү. Ичинен буга эмне болду деп ойлоп коет. Арам ой ойлонуп жатабы? Өзүм жалгыз барып тиешелүү адамдарга айтып акчаны жалгыз алайын деген жаман акылга салган турабы? Анда бүт иштин өлгөнү. Адендин санаасы санга бөлүндү. Кайырчынын Кошбаевдин өлүмү тууралуу бир нерсе билээрине анык көзү жетти. Бирок, кантип кепке келтирип сүйлөтөт. Экөө ичип отурганда мен кеп баштасам эле былжырап төгүлө баштайт деп ойлогон. Андай болбоду. Кайырчы оңой данек эмес экен. Чагыш жеңилге турбайт көрүнөт. Алдап үйүнө алпарып алып уруп, кыйнап көрсөбү? Оюна келгенди дөөрүгөн тескери кабарларды берип башын айлантсачы. Балким өзүнчө ойлонуп көрүп сыр бөлүшөйүн деп чечээр. Эмнеси болсо да сыртынан кайтарууга алууну туура көрдү. Эгер кайырчы өз алдынча аракет кылууга ниеттенсе, анда эптеп үйүнө алпарып байлап салып кыйнап болсо да сырын айттырууну пландады. Кайырчы түз жатагына кирди да кирип кеткен бойдон кайра чыккан жок. Аден сыртынан түнкү саат 12ге чейин аңдып отурду. Эртеси таң атпай саат 6да келди. Кайырчы саат 8ден өтө бергенде чыгып күндөгү эле кайыр сураган базарын көздөй жөнөдү. Аден мунун эч кимге деле жүгүрүп барып билгенин айта салууга ниети жок экенин билди. ххх Кайырчы Аденден миллион доллар жөнүндөгү кабарды укканда, чын эле кекиртегине эт тыгылгансып дем да алалбай калды. Көз алдына баягы чачын кыска алдырган бала тартыла түштү. Астына ала жүрөгү түпөйүл болуп ичкен арагы кайда кеткенин билбей солууга түштү. Тагдырдын нечен ысык-суугунда күйүп, бул тоголок баш кайда гана урунбаган. Күнүмдүк өмүрүнүн өткөнүнө ыразы болуп жүргөн кезинде, ашыкча түйшүктүн кайырчыга кереги барбы. Оо башында айттык го бул жөн кайырчы эмес тажрыйбалуу кайырчы деп. Ушул кайырчылыкка моюн сунгандан бери өзү да башка тирүүчүлүктү ойлогусу келбей, "аягым кыбырап турса, курсагым тойсо болду" деп калган. Анан кара мышыгын сылап эркелетип, кучактап жатып караан тутчу. Болгон дүйнөсү ушу гана болуп калган. Сырттагы миң-миллиондогон адамдар эмне күн көрүп, эмне жашоо менен жашап жатат. Коомдо эмне өзгөрүү. Жер өз огунда айланып жатабы же токтоп калды беле иши да болчу эмес. Каргашаны карачы бири-бирине чырмалыша байланган адамдардын жашоо жиби муну да кезеги келгенде кайрадан муунтуп тарта баштаганын. Кантсе экен. Кайдан да ошол каргашалуу күнү Кошбаевге темтеңдеп барып калды экен десең. Жүрөгү жөн дүпөйүл болчу эмес эле. Ай арты жакшылык болбойт го. Кайырчы жатагын көздөй үңкүйүп келатып мына ушуларды ойлоду. Жатагына кирээри менен түпкүчтөй ийилип уктап жаткан кара мышыгын кучактай бурчка тыгылды. Мышык ээсинин колуна башын сөйкөй "Мага эч нерсе алып келген жоксуңбу" дегенсип "мы-яф, мыя-яф" деп койду. Ээси көбүнчө бир кесим болсо да эт ала келчү эле. Алып келбесе деле мышык көп капа болбойт. Болгону атасынын колунан таттуу жеп көнгөн балача эркелегени. Болбосо курсакты тойгузуш бул кара мышык үчүн проблема деле эмес. Тегеректеги көп кабаттуу үйлөрдүн ашкан тамак-ашты таштаган жайына бул мышык барганда, башка мышыктар "пыр" коюп качып жоголот. Мышыктар менен кадимкидей кармаша кетүүчү килеңдеген айрым келемиштерди башка бир уруп өлтүрөт да, ысык канына тоет. Ээси келемиштин этин жебейт да болбосо ээсин кайыр суратпай жалаң келемиш кармап келип эле багып алмак. Килейген семиз келемиштерди үйгө нечен көтөрүп келгенде ээси эшике ыргытып "экинчи алып келбе. Эшиктен жеп жогот. Экөөбүздүн жытыбызга эми сасыган келемиштин жыты жетишпей турду эле" деп жолотпой койбодубу. - Эч нерсе апкелбедим кырааным. Капа болбо. Сен эмес өзүмдүн айламды таппай көп жылдан бери эч нерсе ойлобой уктап жүрүп чирип калган мээм кыжылдап, башым жарылчудай болуп турат - деди да мышыгынын үстүнөн сылап-сылап койду. Дүйнөң түшкүрдүкү ай. Бул байлык дегениңдин аты, жыты кимди гана үмүттөндүрүп дегдетпеген да, кимди гана азгырбаган. Жанагы Аден айткан эсепсиз байлык кайырчынын мээсин жеп каршылык кылган кайратын талкалап улам канын кызытып дүргүтө баштады. Улам барган сайын ой боюнча койбой өткөн өмүрү кайра баштан көз алдына тартыла баштады. Күлүктүн күлүгүн тандап минип дос тамыр деген бура бастырбай турчу өмүрүн айтса ким ишенет. Жаңы кайырчы болуп жүргөндө "Оо мен деген мен элем" деп кызыганда мактана коем деп далай оозго жеген. "Мен эле болуп жүрө бербейсиңби. Эмне кайырчы болдуң? Биз эмне төрөлгөндө эле кайырчы болуп төрөлүптүрбүзбү" деген жемеге кошо токмок да жеп жүрүп түшүнгөн. Болбосо мурун ушу кайырчыларга көңүл бөлбөптүр. Чын эле ага кайырчылар төрөлгөндөн кайырчы болуп төрөлгөндөй туюлчу экен. Дүйнөң кургур ай. Эң жек көргөнү өткөн өмүрүн эстегени эле. Машыккан кайырчы болуш үчүн өткөн өмүрдү такыр унутуш керек экенин жакшы билчү. Карачы каргашаны кайра баштан баарын эске салып жатканын. Балким, чын эле кудай дагы бир жолу ырайым кылып колуна байлык келсе кандай болот. Мына ушул ой бардык жан дүйнөсүн оодарып жатпайбы. Оо анда... оо анда... күйөөлүктөн кечкен аялы... аталыктан кечкен кыздары чөгөлөп келишет эле го. Жөрмөлөп келишет эле го... Жок андай болбойт... болбойт. Жүрөгү сезип турат. Андай болбойт. Жүрөгү кайырчылыгыңды кыл да жөн жүр деп жатат. ххх Полковник генералга Кошбаевди аткан кылмышкерлерди издөөнүн жүрүшү тууралуу билдирүүгө келген. Иштин жүрүшү тууралу официалдуу билдирүү жасалгандан кийин, экөө жай сүйлөшүп отурушту. - Официалдуу эмес маалымат берүүчүлөрдүн билдирүүлөрүнө таянсак - деп баштады сөзүн полковник - Кошбаевдин атылышына "нарктовардын баасынын көтөрүлүшү себеп болгон" деген божомол жүрүүдө. Себеби, Кошбаев Кыргызстанга келген наркотовардын дээрлик 80 процентке жакынын өзүнүн колунан өткөрүүгө жетишиптир. Акыркы мезгилде күтүүсүздөн бааны эки эсеге көтөргөн экен. Кыргызстанды эң арзан наркотовардын ордосу катары көрүп жүрүшкөн орус наркосоодагерлери менен чечен наркосоодагерлери келип "разборка" жүргүзүшүптүр. Кошбаев өз сөзүнөн кайтпай койгон. "Товар меники. Кааласаңар алгыла. Каалабасаңар албагыла. Силер менден алган товарды эле он эсе кымбат сатып пайдасын көрүүдөсүңөр. Мен болгону бааны эки эсе көтөрсөм чычалайсыңар" деп. Чындыгында сырттан келген наркосоодагерлер үчүн Кыргызстанда наркобостун болушу кызыксыз. Андан көрө баштары бирикпеген майда сатуучулар болсо биринчиден, товарды арзанга алышат. Экинчиден, өздөрү да кимисин болбосун коркутуп-үркүтүп кожоюн болуп жүрүшөт. Кыскасы, наркосоодадагы эски жол. Эң кызыгы азыр Орус менен Чечен наркобосторунун ортосунда тирешүү жүрүп жаткан имиш. "Кошбаевди атууга сен заказ бердиң, мен эмес сен бердиң" болушуп. Себеби, эки жактын тең Кошбаевдеги товарды алууга "залог" катары ири суммадагы каражаты өтүп калса керек. Кошбаев да оңой куу адам эмес экен. Ушунча ири иштерге, ири суммадагы акчаларга аралашып жүрүп жанына телохранитель албаганынын себеби да бар экен. Көрсө, "Мен баарыңарга керекмин. Мени баарыңар коргошуңар керек" деген. "Мени өлтүргүсү келгендер телохранитель эмес бир армия менен коргонсом да өлтүрүп кетет" деген сөздөрүндө терең маани жатыптыр. Генерал полковниктин сөзүн бузбай, тамеки чегип үнсүз угуп отурду. - Кошбаев товар кайда катылган, канча суммада бар жалгыз өзү гана билчү экен. Экинчиден, ири суммадагы акчалар да кайда эч ким билбейт. Кошбаевдин өлүмү наркобизнестегилерди күйгүлтүкө түшүрүп, ич ара чатакты ырбатып жатканы ушундан. Бизге жеткен маалыматка караганда, Россияда биринчи "разборка" болуп, кагылыш чыгып киши башынан чыгымдар болушкан. Ушундай эле кагылушуу Алматыда да болуп өтүптүр. Ошентип, Кошбаевди өлтүргөндөрдү жеке эле биз органдын кызматкерлери эмес кылмышкерлер дүйнөсүндөгүлөр да издөөгө алууда. "Кимде-ким Кошбаевди өлтүргөндөр тууралуу так маалымат берсе 1 миллион доллар беребиз" деген жарлыкты туугандары, достору деген наамга жамынып наркобизнестегилер беришүүдө. - И-им демек, бул жерде али ойнолчу оюндар астыда экен го. - Ооба, ошондой болуп калды. Эгер наркобизнестегилердин ичинен бирөө жарымы уюштурган болсо, анда Кошбаевдин товары менен акчасы кайда экенин астына ала билген да бүт шыпырып алып коюп, азыр кара-күчкө эч нерсе билбеген болуп башкаларга кошулуп чуулдап жүрөт. Антип көпкө жашырыша албайт. Эртедир-кечтир айыбы ачылат да, чоң "разборкага" туш болот. Мына ошондо көрүңүз "эт туурагычты" жөн эле былчылдашып жатып калышат. Генералдын өкмөттүк линиядагы телефону чырылдап калды. Трубканы алган генерал: - Калган сөздү кийин улайбыз. Эмесе бара бер, - деп полковникке ишарат кылды. ххх Мурат Ошко которулуп келгенде эле жаңы түзүлүп иштегенине бир жылдан ашкан, атчандар бөлүмүнө түштү. Кыргызстанга келген наркотовардын 70 процентен ашыгы Тажикстан менен Оганстандан жалаң тоо жолдору аркылуу атчан алынып өткөрүлөт. Ал түгүл тереңден атайын транспорт менен алып келаткандар да жолдогу тосмолорго жакындаганда тосмолордон атчан айланып өтүп, товарды коркунучсуз жолго чейин жеткизип берүүчүлөрдү пайдаланышаары белгилүү болгон. Айылда ансыз да жумушсуз жүргөн каны кызуу жаштар бир түн иштеп бир ууч акча алуучу анын үстүнө кадимки кинодогудай чечкиндүүлүктү, эр жүрөктүктү талап кылган ишке тим эле эт бетинен кетип киришишип, күлүк аттарын таптап биринен-бири өткүсү, улам көбүрөөк оңой акча тапкысы келе башташты. Атты кой астында мотоцикли жок органдын кызматкерлеринин кылмыштын күтүүсүз чыккан мындай түрүнө шаштылары кете түштү. Жогорку жетекчиликке жетип, кайра ал жактан "атайын атчандар бөлүгүн түзгүлө" деген көрсөтмө менен кошо кадрлык толуктоо келгиче наркобизнестегилер өз жолдорун тыкан уюштурганга, тоонун татаал жолдорунда илбирстей жүргөн. Жергиликтүү тоолордун коендун жатагынан бери билген. Аттары тың. Өздөрү тайманбас мыкты өткөрүүчүлөрдү тандап алганга үлгүрүштү. Алгач уюшулган милициялардын атчандар бөлүгү жарым жылдан ашык жыргатылуу деле жыйынтык бере алышпады. Аларды наркобизнестегилер "Жөн эле короо четине сайылган каракчылар. Чыныгы көк жалдар каракчыдан коркмок беле" деп шылдыңдап күлүшчү. Бөлүмдөгүлөрдүн көпчүлүгү атка жакшы жүрө албаган, тоонун сырын билбеген ал түгүл аттары да тоодо басканга көнбөгөндөр болуп чыкты. Күндүзү топ-топ болуп бастырып койгону болбосо, түнкүсүн кайда кеткендери билинбей туш келген айылдагы ыңгайлуу үйдө конок болушуп жата беришчү. Аларды ийиле тосуп, коюн союп, каалаган тамагын чачып конокточуулар да ар бир айылдан чыкчу. Көрсө, наркобизнестегилер ири товарды өткөрө турган күндөрү андай коноктомойду уюштура салышчу экен.Жетекчилик алмашып, жаңы начальник келгенден баштап баары өзгөрө баштады. Кадрлар кайта-кайта текшерүүдөн өтүп, тандалып негизинен кичинесинен айылда өскөн атта ойдо-тоодо да мыкты жүрө ала тургандарга, өз ишине жоопкер мамиле кылуучуларга басым жасалды. Аттар да тандалып көпчүлүк аттар тоолу райондордогу бийик тоолу жайыттарда өскөнүнө карап сатылып келинди. Мына ушундай кадрлык кайра топтоо жүрүп жатканда Мурат келип отурат. Полковник Алпышев Муратты жекече кабыл алуусунан өткөрүп жатып, - Мурат сага бир отряддын командирлигин ишенип берип жатам. Ишеничимди актайтго деген үмүтүм чоң. Өзүң малчынын баласы экенсиң. Атта жүргөндөн кыйналбасаң керек. Тоонун сырын да билесиң. Бир эскертерим: бөлүмдө мурдатан иштеп келаткандардын арасында наркобизнестегилер менен байланышып, биздин кыймылыбызды билгизип тургандар бар окшойт. Колдон кармабагандан кийин кимисин күнөөлөйсүң. Бүт кадрды да жаңырта албайбыз. Ансыз да кадр жетишпей жатат. Демек, сак бол. Көбүнчө өзүң менен чогуу кирген жаңы келгендерге ишен. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, наркобизнестегилер жакында ири көлөмдөгү товарды алып өтүүгө даярданып жатышыптыр. Аларга каршы сени аттантам - деди. Тариел ойлогондой бул жерде эки досту бөлүш үчүн эмес иштин кызыкчылыгы деп Ошко которушканын Мурат түшүндү. Анын үстүнө Полковник Алпышев мурда Ошко өзү которулуп келе элегинде эле Муратка бир-эки жолу "менин бөлүмүмө өтсөңчү" деген сунуш айткан. Анда полковник өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө иштөчү. Ичинен ишенич көрсөткөнүнө чындап ыраазы болду. Экинчиден, полковник Алпышев чыныгы органдын кызматкери. Мыйзамды катуу кармайт. Ичип-жедиден таза. Керт башында адамкерчилиги да жакшы. Оюндагыдай начальнике туш болгонуна бир чети көңүлү да жайлана түштү. ххх Алты атчан милиционер капчыгайдын оозундагы карагайдын арасына келип түшүшүп, аттарын далдоо жерге байлап өздөрү күпүлдөп аккан тоо суусунун жайыла түшкөн жериндеги кечмеликтин чыга беришиндеги калың бадалдын артына жашырына жайгашканда, күүгүм кирип калган маал болчу. Официалдуу эмес маалымат берүүчүлөрдүн билдиргенине караганда, бүгүн түнү так ушул жол менен ири өлчөмдөгү наркотоварды атчан "өткөрүүчүлөр" алып өтүшмөкчү. Мурат күндүз тоо жолун дүрбү менен көпкө карап отуруп так ушул кечмеликтен нарко өткөрүүчүлөрдү тосууну туура деп тапты. Жол кечмеликтен чыгары менен бийик жардын кырына көтөрүлөт. Жардын кырынан бирден ат чубап өткөнгө да кыйын. Мындай жерде чапкылап кача албайт. Төмөндө албуут тоо суусу. Ага түшсөң аман чыкпайсың. Артын да астын да оңой эле тосуп койсо болот. Эгер бүгүн түнү өтүп калышса, кыйналбай колго түшүрүшөөрү ачык. Ошондо да сак болбосо болбойт. "Өткөргүчтөр" мыкты куралданышкан. Акча эмнени гана кылбайт. "УЗИ" автоматтарын алып жүрүшөөрүн укканда, Мурат таң калган деле эмес. Астында коопту иш тургандыктан милиционерлер үнсүз тамактанышты. Сүйлөшсө да сөздөрү жугушпай кыска-кыска сүйлөшүшөт. Бир гана орто бойлуу толук, майланышкан кара сур ага лейтенант тамаша сүйлөп ар кимге тийишип коет. Анын тамашасына көңүлдөнүп жооп берген деле киши жок. Мурат Ошко которулуп келгени ушуну менен төртүнчү ирээт түнкү операцияга чыгышы. Өткөн үчөөндө тең эч кимди колго түшүрө алышпады. Биринде тоскон жолдон эч ким өткөн жок. Экөөндө башка жол менен өтүп кетишкенин кийин билишти. Кандайча "өткөргүчтөр" жолду милиционерлер тосуп жатканын билип коюшууда, табышмак. Мурдагыдай айыл аралап бастырып, аргайсы үйгө түшүп тамак ичмейге Мурат биринчи эле күнү тыю салган. Бүгүн болсо түндөп келишип, кечке калың токойдун ичинде жашынып жатышты да, күүгүм киргенде гана тосмого келишти. Демек, булардын бул жерде экенин чоочун көздөн эч ким билбейт. Ошондо да Мураттын жүрөгү опкоолжуп тынчсызданып турду. Баары тамактанып бүткөндөн кийин бир милицияны аттардын жанына жиберди. Калган бешөө эки топко бөлүнүшүп "өткөргүчтөр" жардын кырындагы жолго чыкканда бир тобу аркасын, бир тобу астын тосуп калыша турган болду. Кечке тынч уктап уйкуларын кандырган милиционерлер өздөрүн сергек сезип отурушту. Күн ала бүркөө болуп тургандыктан, улам булутка жашынып кайра чыккан жарым толгон ай коюу түн караңгылыгын жарык деле кыла албады. Төмөндөгү суунун үстү гана жылтылдап бүдөмүк-бүдөмүк көрүнбөсө айлана капкараңгы. Милиционерлердин жанында акумулятор менен күйгүзүлүүчү эки күчтүү фонарик бар. Наркоөткөргүчтөр болжолдонгон жерге келгенде эки жагына жарык кылыш үчүн даярдалып коюлган. Андан башка да ар бир милиционердин чөнтөгүндө кол фонариктер да бар. Милдет күтүүсүз кол салып каршылыксыз колго түшүрүү. Түн ортосунан оой ага лейтенант; - Ыя жигиттер, чалап ичпейлиби, - деп калды. Түн ортосунан оосо да күндүзгү ысыктын деми кайтпай суусап жаткан милиционерлер: - Апкел. Кан катып кете турган болду, - деп жиберишти. Жанараак булак суусуна сүзмө эзип чалап жасап коюшкан түнкүсүн ичели дешип. Сержант тура калып 5 литрлик ак констирди көтөрүп келди. Улам бири түз эле оозунан жутуп киришти. Мурат да кангыча жутту. Анан калса чалап муздак экен суусуну кана түштү. Ага лейтенант: - Мага калтырган эмессиңерго? - деди күлө. Караңгыда кимиси канча ичишкени көрүнбөдү. Арадан жарым саатча убакыт өтпөй Мураттын уйкусу келе баштады. Кирпиги жабышып оозун улам ачып эстейт. Өзүнчө "эмне болуп жатам. Күндүз жакшы эле кана уктабадым беле" деп коет. Аңгыча жанаша жаткан сержант жигиттин коңурук тартып уктап атканын угуп: - Сержант Акматов, эмне уктап жатасың? - деп ийнинен кармап силкип ойготоюн деп кол сунган боюнча өзү да көмкөрөсүнөн түшө уктап кеткенин билбей калды. Айлананы тынчтык ээледи. Мурат баш болгон төрт милиция тең бейкапар уктап жатышты. Ага лейтенант гана уктаган жок. Кичинеге кулак түрө беркилерди тыңшады да ордунан туруп ар бирин текшерип чыкты. Баары жайында экен. Чөнтөк фонаригин алып чыгып маңдайкы бетти каратып үч жолу күйгүзүп өчүрдү. Он беш минутача убакыт өтпөй атчандардын суу кечкен табышы угулду. Үч атчан жардын кырындагы жол менен бейкапар өтүп кетишти. Алардын кара сөлөкөтү имерилиштен бурулуп көрүнбөй калганда, ага лейтенант констирдеги чалаптан кичине жутту да констирди төмөнкү сууга ыргытып жиберип чалкасынан түшө буттарын сунуп коюп уйкуга кетти. Мурат биринчи ойгонду. Күн жаңы эле тоо баштарынан чыгып келатыптыр. Жанында төрт милиция тең бейкапар уктап жатат. Алгач эмне болуп кеткенине түшүнбөдү. Башы жарылып кетчүдөй болуп ооруп калыптыр. "Кандайча уктап калдык?" деген суроо турду. Уктап жаткан милицияларды карап туруп, бул уйку жөн уйку эмес экенин шекшиди. Мындай аңдуулардын далайын баштан өткөзгөн. Керек болсо эки суткалап деле уктабай кое алчу. Демек, ичкен тамактарына бирөө дары кошкон. Беркилерди ойготпостон туруп кечинде чалап ичкен конистрди издеди. Эч жерде көрүнбөйт. Наркоөткөргүчтөр түндө эч камсанабай гана алардын "кулагын тебелеп" өтүп кетишкенин да түшүндү. Төмөнкү жардын кырына түшүп барып така кагылган аттардын изин көрдү. Суудан чыккан аттардын изи даана түшүптүр. Үч атчан өткөн экен. Суунун жээгиндеги бадалдан ачакей бутакка кыпчылып калган ак констирди көргөндө кубанып кетти. Чуркап түшүп конистрди алса, түбүндө жарым литрче чалап бар экен. Оозун ачып жыттаса сүзмөнүкүнөн бөлөк жыт деле билинбейт. Кичине ойлонуп турду да констирди алып кайра милициялар уктап жаткан жерге келди да, арыта жаткан өзүнүн мешогунун ичиндеги плаүына ороп катып койду. Аттар байланган имерилиштеги буйткага барса, аттарды кайтарууга жиберген сержант астынан күлө багып тосуп чыкты. - Шүмшүктөр түндө да өткөн жокпу Мурат байке? - Капитан Салмооров, деп кайрылганга качан үйрөнөсүң? - Кечириңиз, улууларды дайым байке деп жүрүп көнүп калыпмын. - Түндө уктаган жоксуңбу? - Жок. Кантип уктайын. - Шектүү эч дабыш уккан жоксуңбу? - Жок. Андай деле дабыш укпадым. Суунун күркүрөгөн шарынан эч нерсе угулбайт экен. Мурат ичинен "Демек, дары чалапка кошулган экен" деп койду. - Аттарды даярдай бер. Азыр жолго чыгабыз - деди да кайра артка кайтты. Келсе, ага лейтенант ойгонуп башкаларын тургузуп жаткан экен. - Мурат Салмоорович, сизден башкабыз бүт уктап калыптырбыз го, - деди көзүн алактатып. - Кандайча уктап калдык, түшүнсөм кудай урсун - деп старшина милицияны карап койду. Ал да унчукпай жер карай, - Мен үч сутка жүрсөм деле оңой менен уйкуга алдырчу эмес элем. Кантип уктап калганымды билбейм, - деди Мураттан көзүн ала качып. Баарын бир сыйра теше тиктеген Мурат чалапка дарыны кимиси кошо салганына көзү жетпей турду. - Кейпи кечөө ысыкка урунуп калсак керек го, - деп койду Мурат. - Мен деле жакшы эле уктабайм го дегем, болбой эле көзүм илинип кетиптир, - деди бейкапар. - Сиз да уктап калыптырсызбы? - деди ага лейтенант таптакыр таңгала. - Ооба, мен да уктап кетипмин. Мурат эч маани бербегенсип жылмайып койду. Кыйкырып урушуп чаң-будуң чыгарган менен эч пайда жок экенин түшүнгөн. Тескерисинче эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн "дөдөйдөй" көрүнүп коюуну туура тапты. - Демек, наркоөткөргүчтөр өтүп кеткенин билбей калган экенбиз да. - Ошентсек керек, - деди Мурат кабагын түйө. - Балким, түндө өтүшпөгөндүр. Болбосо дабыштан ойгонуп кетет элек го, - деди жаш сержант. - Өх, башым ооругансып калыптыр. Түндөгү чалаптан калды беле? - деп сурады Мурат. - Конистрди таппай койдум. Менин да каным катып калыптыр. Чалапты кой, чалап куйган идиш жок, - деди ага лейтенант ийнин куушуруп. Баары көз кыйыктары менен Муратты карап коюшту. - Болуптур, аттаналы. Отурган менен пайда жок, - деп Мурат ордунан турду. Ичинен "кимиң мышык-чычкан" ойнотуп жатасың. Кымылдап турасың го. Баары бир колго түшүрөм", - деди тиштенип. - Бул жөн укташ эмес. Баарыбыз минтип бир кишидей уктабайт болчубуз. Мында сыр бар - деди ага лейтенант күтүүсүз. Милициялар бирин-бири карап калышты. - Кандай сырды айтасыз? - деди Мурат билмексенге салып. - Менин оюмча ичкен тамагыбызга же чалапка дары кошулган. Ошондуктан, баарыбыз уктап калдык. Болбосо кантип бир кишидей уктайлы. Мурда мындай күзөттөргө турбай жүрүптүрбүзбү. Эки күн турсак деле уктачу эмеспиз. Жөн эле жаны кашайган адамдай дулдуңдады. - Ким кошту деп ойлойсуз? Мурат тикирейе карап түз сурады. - Эми... эми колунан кармап албагандан кийин кантип айтам. - Кимиң тамака дары коштуңар? Баары дым болуп калды. - Сен коштуңбу сержант Оморов? - Мурат Солмоорович, кантип ошондой ишке барайын. Жаш сержант чыйылдап жиберди. - Балким сиз кошуп жүрбөңүз старшина Нургазиев? - Жок капитан Салмооров, мен кошкон жокмунө, - деп жай гана жооп берди, токтолуп калган старшина. - Сержант Акматов!? - Кошкон жокмун. - Көрдүңүзбү эч ким кошпоптур. Мен да кошкон жокмун. Сиз да кошкон жоксуз. Демек, бей күнөө бири-бирибизди күнөөкөр тутпайлы, - деди да Мурат бурула аттар тарапка ылдам басты. ххх Бөлүмгө келери менен Мурат полковник Алпышевге бүт чындыкты билдирди. Конистрди алып чыгып жашыруун текшерүүдөн өткөздүрүп берүүнү өтүндү. Каштарын түктүйтө ойго баткан полковник: - Өзүң кимден шек санайсың? - деди. Мурат так шекшиген кишиси жок болгондуктан жооп бере албай, - Азырынча аныгына чыкмайын айтканым туура болбой калат. Дагы текшерейин - деди. Чындыгында ага лейтенант экөөнүн жылдызы каршы болчу. Эмнегедир ушул ага лейтенант Абдынасыровдун чын дилден сүйлөрүнө ишенчү эмес. Эпилдеп-жепилдеп жатса деле жактырбачу. Ушул операцияга суранып жатып кошулган. Деги эле тоого аттанган отряддардын баарына кошулуп барарын байкап калды. "Жылдызыбыз каршы" деп эле күнөкөр тутканы болбойт да. Ошондуктан, полковникке эч нерсе айта алган жок. Мураттар өткөн операцияга аттанарда да суранып кошулган. Азыр эрдин кесе тиштеген Мурат "балким кошпой койгонубузда иш башка болот беле" деп ичинен сызып турду. Ага лейтенант Абдынасыров полковник Алпышевдин үстүнө суранып кирди да, кирээри менен маселени кабыргасынан койду. - Полковник Алпышевич, мен айтууга аргасызмын. Капитан Мурат Салмоорбековичтен шегим бар. Себеби, операцияга катышкан бүт милициялар уктап калыптырбыз. Жалгыз Салмоорбеков уктабаптыр. Наркоөткөргүчтөр болсо бизди шылдыңдап гана өтүп кетиптир. Биз ичкен чалапка дары кошулган болуш керек. Мен чалап куюлган констирди апкелип текшертейин десем дайны жок. Мен ойгонгондо Салмоорбеков ордунда жок экен. Калганы бүт уктап жатыптыр. "Аттар жакка барып келдим" деп койду. Байкашымча түк уктабагандай. Бизге калп эле "уктадым" деп койду. Тынымы жок шакылдата айтып өттү. - Чалапты акыркы болуп Сиз ичтиңиз беле? - Ооба, мен ичкем. Ага лейтенант мукактана түштү. - Чалап канча калыптыр эле? - Көп эле... Караңгыда так байкай албадым. - "Мага калтырбай коюпсуңар" деп бир уртап ичпей коюпсуң го? - Жоок. Аябай жуткам... Суусап тургам... Мен жөн эле тамашалап мага аз калыптыр дегем. Болбосо түбүнө түшүрө ичкем. Капитан Салмоорбеков жамандап келдиби? Мен билгем анын жамандаарын. - Кантип? - Анткени, мен тоодон эле "Канистр жок. Баарыбыз уктап сиз уктабапсыз" деп кер-мур айтышып кеткен элем. Анын үстүнө капитан чалаптан аз эле ичкенин байкагам. - Сиз чын эле түбүнө түшүрө эч нерсе калтырбай ичтиңиз беле? Ага лейтенант алдастаганынан тердеп да кетти. Ичинен "акмак болгондо кайдан кирдим эле" деп жатты. - Ооба, катуу суусап... шыпкап ичкендей болгом. Ошо, көп ичип алып өлүктөй уктапмын. - Демек, эч нерсе калтырбай акыркы ичкен сиз экенсиз да. Полковник сүрдүү теше тиктеди. - Ооба, акырында мен ичкем. - Сизден кийин "Калдыбы? Ичет элем" деп конистрди сураган эч ким болгон жокпу? - Жок. Эч ким сураган эмес. - Кайда койдуңуз эле? - Карагандын түбүнө койгом. - Турсаңыз эле жок? - Ооба. Туруп карасам жок. - Эмнеге карадыңыз? Ага лейтенант даана кекечтенди. - "Чалапка дары кошулса керек" деп ойлодум. - Турарыңыз мененби? - Жок. Кичинеден кийин. Өзүмө келгенден кийин. - Им-м. Ахмет Абдынасырович, сизге рахмат. Бул ишти дагы териштиребиз. Капитан Салмоорбековду көзөмөлгө алабыз, бара бериңиз - деди полковник. Ага лейтенант эшике шампандын пробкасындай атып чыкты. Кара өңү ого бетер кара көк тартып чыңала түшүптүр. "Акмак башым. Эмнеге кирдим дейм да" деп өзүн-өзү тилдеп жатты. "Полковник эмне үчүн "шыпкап ичтиң беле" деп такып сурады" деген ой мээсин жеп жүрөгү тынчсыздана дүпүлдөйт. Анткени, конистрди ыргытып жатканда чайкап көрсө, ичинде чулпулдап дагы биртоп чалап бардай болчу. Караңгы болгондуктан, так биле алган эмес. Балким, Мурат конистрди эртең менен таап алган болсочу. Мүмкүн эмес. Кичинекей жердеги, анын үстүнө ылдыйыштагы сууга чейин кантип ыргытпаган болсун. Ага лейтенанттын башы катты. Полковникке чын эле чалаптын составына уктаткандын дарысы ири өлчөмдө кошулганын лабораториядан билдиришти. Муратты чакырып алып экөө "канткенде "стукачты" колго түшүрүү керек" деген план түзүп киришти. Арадан бир жума өтпөй, атайын отряд кайрадан күтүүсүз тоого аттанды. Шашылыш кабар алдым. Бүгүн же эртең ири өлчмөдөгү нарко товар өткөрүлөт" деди полковник. - Мен үйгө бир кайрылышым керек эле, - деди ага лейтенант жуп жөнөйбүз деп жатканда. "Аялым ооруп жатты эле барып дайнымды айтпасам болбойт". Полковник анын сөзүн бөлүп: - "Мен өзүм кабарлап коем. Кам жебей кете бер", -деп койду. Шашыла аттанышып жүрүп кетишти. Демейде өзү суранчу ага лейтенант бул жолу көңүлсүз баратты. Жети милиционерден турган топ түндөп жүрүп отуруп, таң сөгүлгөндө тоо этегиндеги капчыгайдын кире беришине салынган эски кашарга жетишти. "Аттарды кашардын ичине кийрип байлагыла. Өзүбүз бир бурчуна жатып эс алабыз. Күндүзү тышка чыкмай жок. Улам бирибиз кезекке турабыз. Биздин бул жакка келгенибизди эч ким көрбөшү керек. Кайра түн кире аттанабыз. Тапшырма өтө олуттуу. Ошондуктан жакшы уктап кечке жакшы эс алгыла. Ар ким өзү ала келген тамакты гана ичсин. Бүгүн кудай буюрса наркоөткөргүчтөрдүн эң көзүрүн колго түшүрөбүз. Угушубузча ал оо көптү билет көрүнөт" деген кыска команда берди да, Мурат өз атынан түшүп кашардын бурчуна байлады. - Сержант Оморов, биринчи күзөт сеники. Аттар эс алгандан кийин баарына жем баштыктагы жемин берип кой. Экинчи болуп сержант Акматов, - деп күзөткө туруучуларды бөлүштүрдү да, өзү канжыгасындагы уктоочу мешогун алып чыгып, ыңгайлуу жай издеп барып жатып уйкуга кетти. Ага лейтенант өзүн кайда коерун билбей же уктап кете албай ооналактайт. "Кандайча болуп кетти? Эмне үчүн кабар албады? Эки күндөн бери үйүнө да барбай. Байланышчыга да барбай бир досу менен токойго кыздарды салып алып эс алганы кетип жаңы келген. Балким, муну таппай калыштыбы. Кайдан да токойго барды эле. Мөлтүрөгөн жаш кыздарга кызыкпадыбы. Ит болгондо өткөргүчтөрдөн муну тааныгандар колго түшүп калып айтып салса эмне болот. "Жанкечти" далай эскерткен "Эгер ири товар менен менин кишилерим колго түшсө сенин жүзүңдү ачып коем. Сенин тагдырың менин колумда, алган акчаңды актабасаң өз убалың өзүңө" деп. Мынчалык эмне шашылыш болуп кетти. Эч убакта үч жолу такташмайын жолго чыгышчу эмес эле го. Балким четтен "чоң заказ" келип калдыбы. Өткөндө дагы бир жолу "чоң заказ" келип калып ушинтип шашылыш үч күн удаасы менен өткөзтүргөн. Анда да жанын оозуна тиштеп чуркаган. Мурда азыркыдай татаал эмес эле мына полковник Алпышев келгени иш бузулду. Кадрларды өзгөрттү. Бул Мурат деген капитан даана акмактардан экен. Арак ичпейт. Акчага кызыкпайт. Нечен тамырын тартып көрдү. Жок. Жанына да жолой албады. Качан болсо иш... иш... Эки айдан өттү Бишкекте калган үй-бүлөсүн көчүрүп келүүнү да ойлой элек. "Досторго айтып бул жактан жакшы квартира таап көчүртүп келбейлиби" десе. "Жок Ахмет. Алгандын бермейи бар. Мүмкүнчүлүк болгондо өзүм квартира таап көчүрүп келип алам" деп койду. "Көп эле жабыша берсем шекшип калбасын" деди да алыстап калды. Бүгүн кандай кылса. Кантип өткөөлчүлөргө кабар берет. Милициялардын көзүн жазгырыш кыйын болуп турат. Өзгөчө өткөндө уктаткандын дарысын ичип уктап калышкандан бери бири-биринен шек санап, сак болуп калышты. Күнөөнү Муратка оодарып, "жок дегенде убактылуу болсо да отряддын командирлигинен четтетсем" деген планы ишке ашпады. Полковник Алпышев канча күйгүлтүккө түшүп айтса да ишенген жок. Тескерисинче өзүнөн шек санап калды көрүнөт. Эптеп дагы эки ай чыдаса наркосоодагерлер менен макулдашкан мөөнөтү бүтөт. Анан башка облуска которулуп качса жаны тынчый түшмөк. Керек болсо ден-соолугуна шылтоолоп такыр эле органдан чыгып кетсе да болот. Каражатты кудая шүгүр эле жыйды. "Мерседеси", Оштон үй, Бишкектен үй, Көлдөн үй, басып койгону, алтынга айлантып койгону канча. Дүйнөсүн эстегенде жаны жыргап, жанатан берки санааны унутуп койду. Наркосоода дегениң чиркин агып жаткан эле алтын тура. Ар бир партия товар өткөзгөн сайын 1,5 миңден доллар алат. Товарды аз өткөрдү, көп өткөрдү бары бир. Жаңы келишим түзгөндө, кызматты баштаганың үчүн дешип 50 миң "бакс" беришкен. Мөөнөт эки жыл болчу. Мына жакында бүтсө дагы 50 миң алат. Өткөн жылдарда канчалаган товар өткөрдү. Өзү отряддын командири болуп турганда көрүнгөн үйдө конок болуп, арак ичип чардап, келин-кызды кыңшылатып ойноп жүрүп гана "Бакстарды" шыпырып алып турду го. Жыргал эле жылдар болгон экен. Арыта керилип уктап жаткан Муратты жек көрө карады. "Тартайган энеңди... ушул кеңкелес келбегенде эки жылдык мөөнөтү бүтөт эле. Анан башка жакка которулуп жылт коймок. Наркобосторго "башка областка которуп жатат" деп коймок. Анан дагы эки-үч жылга иштеп туруп отставкага чыгып кетмек да, чакан фирма ачып коюп, жайы-кышы "бейиште" гана жашамак. Өзүнчө кыжынып алды. Ордунан башын көтөрсө сержант Оморов кашардын оозунда бирде сыртты, бирде уктап жаткан милицияларды тикчийип карап отурган экен. Беркинин баш көтөргөнүн байкап калды. Туруп кашардын караңгы бурчуна барып заара ушатты да кайра жата кетти. Түнү менен жол жүрүп чарчаганга акыры уктап да кетти. Жаман түш көрүп кыйналып, өзүнчө кобурап сүйлөшүп уйкусурай ооналактайт. Милициялар күүгүм кире аттанышты. Ага лейтенант эс албай эле кайра кыйноо көргөнсүп денеси жанчылып, суусу сыгылган лимондой болуп калыптыр. Атына араң эле минди. Арттараак бастырып келаткан старшина ага лейтенантка кайрылып, күңкүлдөй сүйлөп калды; - Угушумча бүгүн өтө баалуу кишини колго түшүрөт окшойбуз. Ал милициялардын арасындагы "стукачты" да жакшы билсе керек. Полковник жөнөп жатканыбызда капитанга "Көзүңдү ач. Колдон чыгарсаң кечирим жок" деп кабинетте кыйкырып жатыптыр - деди. Ага лейтенант үн дебеди. Ичинен ой жүгүртөт. Наркомафиянын ичине "стукач" киргенден бери иш тескери айланды. Анан калса ал "стукач" ушунча так билдирүүлөрдү берет. Кудум жомоктогудай. "Бармын жокмун. Жокмун бармын" дегенсип эч колго илинбейт. Кабарды ким алары да белгисиз. Ага лейтенант эчак "Жанкечтиге" билгизген "Араңарда "стукач" бар сак болгула" деп. Жок жок. Жанкечти өтө сак адамдай туюлчу. Чыны наркобосту өзү да көрө элек. Атын гана угат. Ушул "стукачты" жок кыла албай коюшту. Анан калса иш тигил Бишкектеги Кошбаев атылгандан бери ого бетер бузулду. Кошбаевдин күчү да, мээси да болгон экен. Ал турган кезде мынчалык органдын кызматкерлеринде орун алмаштыруулар болчу эмес. Болсо да "өз кишилер" келчү. Полковник Алпышев кекиртекке кептелген сөөк болду го. Мени билген адамдар чын эле ушул өткөргүчтөргө кошулуп товар менен өтөбү? Ай кайдан? Кантип ушундай тобокелчиликке барсын. Же товар ири өлчөмдөбү? Мына ушундай суроолор ага лейтенанттын жанын жеп келатты. Канткенде тигил өткөргүчтөргө кабар бере алат. Бул жолу такыр камсыз чыкты. Болбосо дайыма астына ала даярданып алчу эле. Анын үстүнө милициялар бири-бирин аңдып, сак. Башы катып баратты. Акыры бир амал кылып көрүүнү туура тапты да, улам токтоп, аттан түшүп отура кетет. Капитан "Сизге эмне болду" деди эле. "Ичим толгоп катуу өтүп жатат" деп койду. Атчандар "өткөргүчтөр ашып өтөт" деген белге келишкенде, аттардан түшүп, аттарды төмөнүрөөк бадалдын арасына байлашты да, өздөрү туура белден тосмой болушту. Бул жолу да экиге бөлүнүшүп, бир бөлүгү тигилер белди ашып өткөндө артын тосуп, экинчиси астынан торомой болду. Капитан ага лейтенантка "Сиз ичиңиз ооруп кыйналып турсаңыз аттардын жанында болуңуз" деп тапшырды. Ага лейтенант кубанып кеткенин билгизбей "Мейли. Айла жок. Болбосо бир группанын башында өзүм болсом болот эле" демиш болду. Тигилер өңүткө кетишери менен ага лейтенант да жөнөдү. Бул жердин сырын жакшы билчү. Караңгы экенине карабай бат эле белди ашып түшүп карагай черди аралап өтүүчү этектеги жолго жетти. Өткөрчүлөр мына ушул жерден өтүшөт. Жол өтө татаал. Капитан Мураттын акылы болгондо так ушул жерден тостурса болмок. "Белди тандаганын кара. Өткөрүүчүлөр айлалары кетсе аттарды таштап карагай черди аралай жөө качышат да", деп ойлоп койду. Нарко товар салынган мешокторду көп учурда аркасына арчындап алмайлары бар. Жанатан ала-бүркөө болуп булут каптап турган эле алгач акырын шыбыргактатып жаап келип, анан шатыратып жамгыр төгүп кирди. Ага лейтенант шашканда плаүын алган эмес экен. Бат эле шөмтүрөп суу болуп жапан талдын алдына корголоду. Мурат милицияларды жөнөтүп коюп, өзү кайра артка аттардын жанындагы ага лейтенантты аңдууга калган. Аз жерден ага лейтенант менен сүзүшүп кала сактады. Карагай менен карагай болуп жабышып туруп калды эле тигил байкабай өтүп кетти. Артынан аңдый белден төмөн түшкүчө барды да. Кичине отургандан кийин чөнтөгүнөн фонаригин алып төмөндөгү карагайлардын арасы тарапка эки жолу күйгүзүп өчүрүп белги берди. Ага лейтенанттын сак кулагы аттардын дабышын шак эле укту. Утурлай жөнөдү. Чагылган "жарк" дей түшкөндө, шоодой болгон үч атчан көрүндү. "Ошолор. Акмактар" деди ичинен. Жакын келгенде "Мен Крутоймун" токтогула - деди. Тигилер токтоп калышты. Бири да үн дебеди. - Эмне үчүн байланышпай ишке чыктыңар? - деди кекете. - "Крутой" сен өзүң кайда жүрөсүң? Дайыма кабарлашып туруш керек экенин унуттуңбу? - деди тигилердин бири сүрдүү. Ага лейтенант жооп таппай калды. "Бул жерде катардагы өткөргүчтөр эмес бостордон да барбы" деген ой башына шак деди. - Болуптур. Аны кийин сүйлөшөбүз. Азыр артка кайткыла. Астыңарда буктурма бар. Туурадагы бетте калың токой бар ошого жашынгыла. Мен эртең тигил милицияларды өйдө алып кеткенге аракет кылам. Ошондо өтүп кетесиңер. - Эгер алып кете албасаңчы? Товар күтпөйт - деди жанагы сүйлөгөнү. - Эгер алып кете албасам аттарыңды таштап жөө аска аралап өткүлө. Башка жол жок. Тигилердин астынкысы ага лейтенантка жакын бастырды жашыруун бир нерсе айтчудай. Ушул маалда уда үч фонарик түз бетине карап күйгүзүлдү да мойнуна жип ороло түштү. Эмне болуп кеткенин түшүнгүчө аркасынан: - Ахмед Абдынасыров, каршылык кылган менен пайда жок, - деген Мураттын үнү чыкты. - Ах иттер... Атайлап уюштурган экенсиңер да, мен силерди... Жанындагы пистолетин сууруп чыгам деди эле Мурат үлгүртпөдү. Шап колун артына кайрый толгоп, кол кишенди кийгизе койду. Эртең менен күн көтөрүлгөндө полковник Алпышев Абдынасыровду өзү суракка алды. Анан эки милициянын коштосунда төмөнгө жиберди да отрядды өзү жетектеп кайра аттанды. Чындыгында эле ири өлчөмдө нарко товар өтөрү тууралуу кабар келген болчу. ххх Жүрөктүн "кайырчылыгыңды кыл да жөн жүр" дегенине адамдагы ачкөздүк напси деген болчубу. Кайырчы бул күн кечке бүрүшүп үнсүз отурду. Мээсин ой жеп жатты. Күндөгүдөй кайыр сурап үн да чыгарган жок. Жөн гана жаман тумагын таштап койгон. Бир топко жанатан ташталып жаткан майдаларды алып койнуна салбаган экен үйүлө түшүптүр. "Ушунун баары пачка доллар болуп үйүлүп жатса" деп кыялданып койду. "Деги миллион доллар" канча болот болду экен бир мешокчо болотко. Уу-у ошончо акча. Кыялданып жыргап жатканда самтыраган он үч он төрттөгү бала тигинин тумагы менен кошуп бүт кайырга түшкөн акчаны көтөрө качты. - Ай токтоо... Жубарымбек токто дейм. Шыйрагыңды чагам. Кайырчы ордунан тургуча тигил бала агылган элди аралай дайны жок болду. - Сени колго бир түшөөрсүң. Сени, - деди кемшеңдей кайырчы. - Эмне болду? Катуу сөгүнүп калыпсың, - деди кайырчынын маңдайына күтүүсүз пайда болгон Аден. Кайырчы аны жалт карап алып: - Аден сенби. Акмак жубарымбек бүт акчамды тумагым менен көтөрө качпадыбы. Сени... Экми кантем... Өзүң эмне бүгүн чемичке сатууга чыккан жоксуң? - Башка жумуштар болуп калды. Тумагыңа кейибе. Мен башка тумак таап берем. Бүгүнкү тамагыңа болсо мен төлөйүн. - Рахмат Аден. Сен мага көп көңүл бурдуң. Рахмат... Менин да сага айта турган сөзүм бар эле. Бүгүн чемичке сатканы чыкпай калсаң тынчсызданып жаттым эле. Адендин көздөрү жайнай түштү. Ошондо да билмексенге салып, - Эмне сөз? Айта бер, - деди. Кайырчы эки жагын элтеңдей карап шыбырай; - Өтө жашыруун сөз Аден. Өтө жашыруун, - деди. Аден кичинеге үнсүз ойлонуп турду да: - Жүрү базардан тамак алып алып менин үйүмө барып жай сүйлөшөлү, -деди. Аден үйүнө жеткиче шашты. Аны кубалап калбай басам деген кайырчы демигип бышылдап калды. Кайырчыны буга чейин үйүнө алып келе элек болчу. Бүгүн кайырчы айта турган сырды үйдөн гана угуш керектиги үчүн апкелип отурат. Базардан ала чыккан колбаса менен саланы туурап, лепешка нанды үзүп койду да аржактан муздаткычынан бир шише арак апкелип "Көрдүңбү керек болсо мен аракты муздаткычка коюп ичем" дегенсип карап койду. Кайырчы демиккенин кичине баскан соң: - Келе алдагы арагыңдан куй, - деди. - Балким, чай менен ичпейлиби... жумуртка куура салайын, - деди эпилдей. - Жок. Чайды анан деле иче беребиз. Нан менен саладан артык тамак барбы. Андан көрө бир-эки баш пияз болсо... - Пияздын жарасы жеңил... Аден эки баш пиязды аарчып келип, туурап жиберди да, аракты ачып эки стаканга куйду. Кайырчы аракты ала коюп, - Жакшылык, ден-соолук үчүн, - деди да Аденди күтпөстөн жутуп жиберди. Аркасынан салага туура кесилген пиязды каттай нан менен сугунду. Кайырчы биртоп өзөк жалгап, чекеси нымшып тердегенде гана Аден сөз баштады. - Эмне сөзүңүз бар, катуу "секрет" кылган. - Ээ Аден, ал чоң сөз. Андан көрө айтчы, жанагы Кошбаев дегенди аткандарды дана көрүп айткандарга миллион доллар берери чынбы? - Ал турган сөз. Мен сенин маңдайыңда отурганым кандай чын болсо, так ошондой чындык. - Анда экөөбүз жакшы акылдашалы. Мен Кошбаевди аткандарды өз көзүм менен көргөм, - деди кайырчы көздөрүн кыбыңдатып. - Кантип? - деди Аден такыр таң калган кишиче. Кайырчы болгон окуяны ийне жибине чейин шашпай баяндап берди. Аткан балдарды ал түгүл өңүнөн таанырын да айтты. Болгону машинанын номерин гана айтпады. - Азыр эстей албай жатам. Бир жерге жазып койгом. Аны табыш оңой эле - деп койду. Сыйлыкка ала турган акчанын өзүнө тийчү бөлүгү аныкталганда шак айтаарын билдирди. "Оңбогон гана Кайырчы. Сен да оңой жоо эмес турбайсыңбы" деди ичтен Аден. ххх Аден кайырчыны узатып жибергенден кийин такыр тынчы кетип бөлмөсүндө ары-бери басып жүрдү. Түн ортосунан оогуча уктай албай жатып таңга жуук аз-маз көзү илингени менен түшүнө ар нерселер кирип оңдуу деле уктагандай болгон жок. Эс-дарты бүт кайырчы айткан жаңылыкта. Демек, кайырчы Кошбаевди аткандарды даана көргөн. Ал түгүл машинасынын номеринен бери билет. Машинанын номери аркылуу анын ээси кимдер, ал "жорго" менен кимдер "мергенчиликке" чыгып жүрөт оп-оңой билсе болот. Бир гана маселе, эми кантип кабарды сыйлык убада кылгандарга жеткирүү керек. Эшигин тыкылдатып кирип барып эле "Менин байгемди бер. Иш мындай болгон" дей салса "Оо азаматым. Сени күтүп жатпадык беле. Рахмат. Ме акчаңды" - деп миллионду мешокко салып, жонуна артып бербеши түшүнүктүү кеп. Мына ушунун жообу Адендин башын чиритүүдө. Мурдатан эле ушул маселе мээсин жечү. Бирок, эмнегедир чыныгы кабарды укса эле баары өзүнөн-өзү чечиле калчудай үмүт кыла берчү. Көрсө, ого бетер татаалдашат экен. Кантсе да алгач ойлогон вариантына токтолду. Кадыр-барктуу бир адамды ортомчу кылышы керек. "600 миңин өзүң ал мага 400 жүзү да жетет" деш керек. Кайырчыны эсепте жок. Ал акчаны эмне кылмак эле. Өлөрү калган чалга кайырчылык кылып жүргөнү да эрмек. 400 миң... Балким, "теңи сеники, теңи меники" деп да көрөөр... Кыялы алдыга жетелейт. Ортомчуну тапканга келгенде эле бурчка такалат. Кимге бармак. Деги азыр ушундай баш-аламан жашоодо ишенимдүү адам барбы? Адамдар бузулду. Акчага, байлыкка жетсем деп жулунуу оорусу кечөөкү эле ак көңүл, боорукер адамдын мээсине куртча кирип алып бүт бузуп чиритти. Азыр ал ач көз. Акча үчүн өз энесин сатууга да даяр кара мүртөз канкорго айланды. Анан андай адамдар эптеп тиричилигин өткөргөн Аденге окшогон алкашты аямакпы. Кумурскадай ушалап коет го. Адендин башын ушул ойлор жеди. Балким, экинчи вариантына өтсө кантет. Тигил Кошбаевди аткан киллерлерди таап, "Силерди билген бирөө бар. Баланча берсеңер оозубуз жабылат" деген кат жолдосочу. Жоок. Баш кесер деген баш кесер. Ал акча төлөбөйт. Төлөтөт. Эптеп колго түшүрөт да жок кылат. Биринчи варианты эле оң. Кадыр-барктуу, убадага туруктуу. Аз болсо да уяттуу бирөөнү табыш керек. Мейли 700 миңин алса да 300үн берсе. Акчаны ойлогон сайын Аден тим эле чөнтөгүнөн бирөөгө өз маңдай тери менен тапканын санап берип жаткансып чыйпылдап, жанын коерго жер таппай отуруп-тура калат. ххх Майдалап жааган жаан экинчи күнү да басылбады. Ак жаанга айланып көктөн бирөө тынымсыз элек менен элеп жаткансып шыбырчактайт. Эки күндүн ичинде эле милициялар жүдөй түшүштү. Сакал-муруттары өсүп, плаүка оронуп шүмүрөйгөн кейиптери боор оорурлук. Анын үстүнө эки күндөн бери от жагып да жылыныша элек. Аттарын коктудагы карагайдын арасына байлап коюшуп, өздөрү наркоөткөргүчтөр өтөт деген жолдун жээгиндеги калың майда бадалдын арасында. Полковник Алпышев от жакканга уруксат бербей койду. "Тоо арасында түтүндүн жыты алыс тарайт" деп. Аттарды болсо түн ичинде сугарып кошоктоп аркандап откорушат да күндүзү ала келген жемдеринен берип далдоого байлап коюшат. Мурат көкүрөгүн өйүгөн ойду акыры чыдабай полковник менен бөлүштү. - Полковник мырза балким планды кичине өзгөртсөк кандай болот? Полковник Алпышев менен мурда иштешпегендиктен анын сырын билчү эмес. Балким полковник өз кол астында иштеген капитандын акылын укканды намыс көрөр. Ошондуктан, аяр кайрылды. Полковник өзү түзгөн планга өзү да кыжалат болуп турган эле. Ошондуктан, Мураттын оюн угудан качпады. - Кандай кылсак дейсиң? Тартынбай айта бер. Полковниктин үнүнөн какшыктоо же кекетүүнү сезбегендиктен, Мурат шыр кетти. - Полковник мырза, эгер наркоөткөргүчтөр чын эле ири өлчөмдөгү товар алып өткүлөрү келсе, чоң тобекелдикке да бара коюшпас дейм. Анын үстүнө органдагы ишенимдүү кишиси менен да астына ала сүйлөшүү болгон жок. Демек, сөзсүз "приманка" ыргытышат. Менин оюмча алар эки жолду пайдаланышат. Биринчиси, экиге бөлүнүшөт да товардын кичине бөлүгү менен астыга "приманканы" жиберишип өздөрү аркасынан бери дегенде эле бир чакырымча аралыкта болушат. Экинчиси, "приманканы" бир күн мурда өткөрүшөт да өздөрү экинчи күнү өтүшөт. - Түшүндүм. Отрядды бөлүп эки жерден тосолу дегиң келип турат го. - Ооба. Отрядды үчкө бөлөлү, эки чоң бөлүгү артта бир кичине бөлүгү төмөндө астыда болсун. "Приманканы" төмөнкү бөлүк кармасын. Ал эми эки бөлүк белгисиз болуп кала берсин. Менин оюмча "приманкада" анча деле чоң күч болбойт. Полковник кичинеге үнсүз ойлонуп турду да: - Оюң жакшы. Эмнеси болсо да сак бололу. Күүгүм киргенде отряд үчкө бөлүндү. Ортоңку бөлүктө полковник өзү калды. Жогорку жагына Мурат кетти. Төмөнкү бөлүгүнө жаш лейтенантты жиберишти. Мурат да, полковник да биринчи өткөндөргө тийбей турган болушту. Аларды лейтенант кармайт. Эгер экинчи топ өтсө Мурат белги берет полковниктин отряды кармайт. Артка качса Мураттар тосот. Эгер баары көп чуусу жок тынч өтсө, Мураттын отряды кала берип эртеси күнү да күзөтө турган болушту. Кечке жуук жамгыр басылып, жел жүрүп булут ачыла баштады. Түн ортосу оой эки күндөн берки уюлгуган кара булуттун үзүмү да калбай, көктө жылдыз жайнап ай толукшуп чыга келди. Үч күндөн берки тозотто отуруп чарчагандыктан, бирде үргүлөп кетип кайра ойгонуп отурган Мурат жакын эле жерден чыккан добуштан уйкусу умачтай ачылды. Айдын жарыгында шоодой болгон атчандар келатты. Милициялар демдерин ичине алып бөгүп калышты. Алардын тушунан төрт атчан өтүп кетти. Арадан жарым саатча убакыт өтпөй тээ төмөнтөн автоматтын, пистолеттин атылган үндөрү угулуп, жылкылар кишенеп чуу түшүп калды. 15-20 минутача убакыт өткөндөн кийин баары тынчып, тоо ичин эч нерсе болбогонсуган тынчтык ээледи. Демек, наркоөткөрчүлөр катуу деле каршылык көрсөтүшкөн жок окшойт. Арадан эки саатча убакыт өтүп, жылдыздар улам суюлуп, ай тоо башына жакындап таң атаарына аз калган белгисин бере баштаганда, атчандардын шатыраган дабышы угулду. Мурат "баарыңар даярдангыла" деген белги берди. Бул жолу алты атчан өттү, эки атчан 250-300 метрче астыда, аркасында төртөө баратты. Тигилер тушунан өтөөрү менен Мурат милицияларга тигилердин артынан өңүп жөнөөгө белги берди да, өзү дабыш чыгарбай тигилер чубап өткөн жолго түштү. Анткени, полковниктин абалы оор болчу. Астыңкы экөөнү өткөрбөй кармаса, арттагылар кайра качмак. Анткени, аралык алыс. Дабышсыз кармоого да мүмкүн эмес. Мураттар атчандарга көп жакындабай 200 кадамча алыстыкта аяр келатышты. Мурат радиотелефон менен полквоникке баарын билдирди. Астыңкылар эчак полковниктер өңүттө отурган жерге жетсе да эч дым чыкпады. "Эмне, өткөрүп ийиштиби" деген ойдо эки анжы болгон Мурат өз отрядка "токтогула" деген белги берди. Дагы астыга жүрүүгө мүмкүн эмес эле. Караңгыда полковниктин отрядындагы милициялар буларга ок чыгаруулары толук мүмкүн. Ошондуктан, ушул орундарынан күтө турган болушту. Аңгыча татыраган автоматтын үндөрүнө кошо "Аман калам десеңер каршылык көрсөтпөй колго түшкүлө", - деп үн күчөткүч менен тоо жаңырта сүйлөгөн полковниктин каардуу командасы жаңырды. Беркилер да ок чыгарды окшойт автомат, пистолеттер кайрадан атылып, атышуу жарым саатка жакын созулду. Жарык кылуучу ракеталар кайта-кайта атылып тургандыктан төмөнкү капчыгайдын ичи жарым саатка күндүзгүдөй жарык болуп турду. Полковник тараптан "жардамга" деген белги берилбегендиктен Мураттар орундарында бугуп жата беришти. Анан кайра баары тынчып калды. Кажы-кужу үндөр улам алыстап баратты. Сүйлөшүлгөн план боюнча Мураттын отряды буктурмада кала берди. Полковник радиотелефон менен; - Бары жайында, силер көзөмөлдү уланткыла, - деди кыска гана. Таң аппак атып, айлана сүттөй жарык болуп тоо чокуларына күндүн кызгылт нуру жаңы чачырай баштаганда, Мураттар шылкылдап кайрадан уйкуга бериле башташты. Ойлорунда "Эми эч ким деле өтпөйт" деп калышкан. Аңгыча Мураттын жанындагы сержант акырын капталга түрттү. Үргүлөп баратса да сак жаткан неме сержант "кара" деп жаңсаган тарапты карап алып, көргөн көзүнө ишенбегенсип таңдана түштү. Тоо тараптан бейкапар эки атчан түшүп келатты. Торпоктой болгон кавказ овчарка пародасындагы ит желе жорто 50-100 кадамча астыда келатат. - Сержант, тез, кокту менен жашынып барып аттарды даярда. Мен ракета атсам аттарды жетелеп биз тарапка чык. Бул жерде чоң тамаша болчудай, - деп шашыла шыбырады. Арадан он беш минутача өтпөй тигилер жакын кирип келишти. Аралык 700-800 метрче калган. Мурат "эгер тигилер бирдеме шекшисе аттарын атып салгын" деген команда берген эле. Астыда келаткан ит Мураттар жаткан тарапка мурдун тосо кичине туруп калды да "күрс-күрс" үрө артка бурулду. Атчандар шарт бурулуп кайра кача турган болуп калышты. Мурат чоң кара ат минип астыда келатканын мээлеп жаткан эле. Бурула бергенде басып калды. Ат очорулуп барып кулап түштү. Үстүндөгүсү ат жыгылгыча эле секирип кетти да, экинчисинин атына жабышты. Артта келаткан атчан жерге секирип түшүп милициялар тарапка автоматтан ок төгүп кирди. Мурат жанындагы милиция экөө калдастай түшүштү. Октор баштарынан зуулдап өтүп үрөйдү учуруп жиберди. Бири ок атып жатканда пайдаланган экинчиси бошогон атка секирип минип жөнөй берерде Мурат ал атты кароолго илгенге үлгүргөн эле. Аз узабай ат оңкосунан сайылды. Эми жөө калган экөө тең таштан-ташка, карагай арчага жашынып чегинип жөнөштү. Мурат жанынан ракетникти алып чыгып көккө басып калды. Бул "аттарды алып келгиле" деген белги болчу. Жанындагы милицияга: - Сен окту үзбөй атып тур. Биз атчан кокту өрдөй чапкылап үстүнөн чыгабыз, - деди да, өңүткө түшө чуркай ат жетелеген өнөгүн тосо жүгүрдү. Аттар тик өрдө ылдам деле чуркай алышпады. Ошондо да жөөгө караганда алдаганча ылдам эле. Экөө мерчемдүү жерге жеткиче төмөнтөн атылган автоматтын үнү басылбады. Өпкө кагып басууга жарабай калган аттарды таштап жөө карагай аралай жүгүрүштү. Жүгүрүп келатып жакын эле жерден чыккан автоматтын үнүнөн жерге жата калышты. Улам бирин коргоп төмөндү карай автомат атып экөө тең туура Мураттар жака келатышыптыр. Себеби, эптеп калың карагай токойго жетсе, кутулуп кетишмек. Мурат: - Силер курчоодосуңар, тирүү калгыңар келсе колго түшкүлө, - деп кыйкыра тигилердин башынан ашыра атты. - Ал, жолборс ал, - дегенде килейген ак-ала ит милициялар тарапка атырылып жөнөдү. Мурат автоматтын курогун басканда ит үч-төрт аласалып барып кыймылсыз жатып калды. Наркоөткөргүчтөр окту төгүп киргенде экөө баш көтөрө албай калышты. Автоматына жаңы магазин салган Мурат баш көтөргөндө, тигилердин бири өнкөңдөп качып бараткан экен. Бутка мээлеп басып калды эле "Аа-а" деген ачуу чаңырык чыгып кулап түштү. Эмнегедир өнөгү ок чыгарбаганга шекшинген Мурат сержант тарапты карап, ордунан көрө албады. Төмөнтө калган милиция да жогорулап келсе керек, автоматынын үнү жакындан чыкты. Улам бир карагайга жашынып чуркаган Мурат төмөндөгү милиция тарапка ок жаадырып жаткан наркоөткөргүчтүн артынан чыкты. Булардын оңой менен колго түшпөсү белгилүү болуп калган эле. Оң карууга мээлеп, автоматты басканда тигинин колунан атып жаткан автоматы ыргып кетти да, өзү жаткан ордунда эки-үч тоголонду. - Тирүү калгыңар келсе колго түшкүлө! - деп кыйкырды кайра да. Оң каруусунан жаракат алганы ордунан тура соо калган сол колун көтөрүп: - Атпагыла... колго түшөбүз, атпагыла! - деп кирилдей кыйкырды. Сол шыйрагы менен оң санын ок талкалаган өнөгү кыймылдаганга да жараган жок. Автоматын көзөй кармаган Мурат жакын келип бутунан жарадардын жанындагы автоматты алып ийинге илди да койнун оодарып башка курал жок экенине көзү жеткенден кийин экинчисине басты. Аңгыча төмөндөгү калган милиция күшүлдөп чыгып келди. Сержанттан дайын жок. - Сен буларды карай турчу. Мен сержантка барайын - деди Мурат шашкалактай. Келсе, сержант өңү купкуу болуп эрдин кесе тиштей карагайга жөлөнүп отурган экен. Көрсө, ок оң акырегин талкалап кетиптир. ххх Бул түнкү операциядагыдай ири өлчөмдөгү наркотовар буга чейин түшүп көргөн эмес. Бардыгы болуп 100 кг апийим 10 кг даяр героин колго түштү. Ири өлчөмдөгү товарды Мураттар кармаган экөө алып келаткан экен. 50 кг апийим 10 кг героин ошол экөөнөн чыкты. Астыңкы үч атчанда болгону 10 кг апийим бар экен. Калганын экинчи топ алып баратыптыр. Эң башкысы наркоөткөргүчтөрдү калкалаган органдын өкүлү "Крутой" менен наркоөткөрүүнү уюштуруп башында жүрчү "Жанкечти" колго түштү. Мурат оң каруусун талкалай аткан кара сакал "Жанкечтинин" так өзү болуп чыкты. Операциянын жыйынтыгы боюнча полковник Алпышевди Борборго министр өзү чакыртып кетти. Органдагылардын арасында дүң түшүп калды. Мураттарды жөн эле согушка катышып келген баатырлардай карашчу болду. Наркоөткөргүчтөрдүн куралдарын көрүп, милициялардын өздөрүнүн да ооздору ачылды. Ар биринде АК-74, Макаров пистолеттер, бычактар, ар бир группада радиотелефон. Мингендери да мыкты тандамал аттар. "Крутой" суракта органда иштеген үч өнөгүн, өзү билген бүт наркоөткөргүчтөрдү тизмелеп айтып таштады. Ушинтип, Ооганстан менен Тажикстандан наркотовар ташыган системага айланып калган бир чоң топ талкаланууга учурады. ххх Мурат жаңы эле жумушка келип бүгүнкү иштей турган иш планын карап отурса, телефон шыңгырап калды. Алса аялы экен. - Мурат... Мурат... аялынын үнү буулугуп сүйлөй албай ыйлап атканын билди. Жүрөгү "болк" дей түштү. Балдарым аманбы деген ой башын жарып өттү. - Эмне болду, айтпайсыңбы? Кыйкырып жиберди. - Мурат Тариелди атып кетишиптир. - Эмне... Эмне дейсиң? - Досуң Тариелди атып кетишиптир. Так эле үйүнүн жанынан. Эртең менен жумушка баратканда. Мага чогуу иштегени жаңы эле телефон чалды. Мен ошол жака баратам. Аялына кайрылам... Мурат шалдырай түштү. Жөн эле бут астындагы жер көчүп кеткенсиди. - Мен бүгүн барып калам, - деди да телефонду койду. Полковник Алпышев Бишкектен келе элек болчу. Орун басарына кирип барды да: - Мен бүгүн Бишкекке учушум керек болуп калды, - деди. Өңү купкуу болуп кеткен Муратты көргөндө, тигил да жалтайлай түштү. - Эмне болду?.. Жайчылыкпы? - Органда иштеген досумду атып кетишиптир. Мен сөзсүз барышым керек. - Атып кетиптир. - Ооба, атып кетиптир. Ал да наркоманияга каршы күрөшүү бөлүмүндө болчу. Балким тааныйсыз майор Тариел Болушев. - Аа сыртынан тааныйм. Мейли мен полковник Алпышевге айтып коеюн. Анан өзүң да телефон чал. Балким, Бишкектен өзүнө жолугуп да каласың. - Сөзсүз кабарлашам, - деди да шарт чыга жөнөдү. ххх Тариелдин өлүмү Мурат үчүн чоң сокку болду. Экөө дос эле эмес биртуугандан да артык болуп калышканын айрылгандан кийин түшүндү. Көкүрөгүнө тынчтык бербеген суроо "ким атты? Себеби эмнеде?" Мурат кеткенден кийин Тариел менен өнөктөш болуп иштеп жүргөн жаш лейтенант оңдуу эч нерсе айтып бере албады. Мурат келгичекти эле Тариелдин акыркы изилдеп жаткан иштерин өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди издөө бөлүмү алып кетиптир. Ал жакка барса, прокуратура алдырып кетти дешти. Прокуратурадагылар "азыр изилдеп жатабыз" дешип Муратка таанышууга уруксат бербей коюшту. Министрдин орунбасарына чейин кирип "мени Оштон кайра Бишкекке командировкага которуп, Тариелди аткандарды издөөчү оперативдүү топко кошкула" деген суранычы четке кагылды. - Бул жерде деле ишти билгендер изилдөөдө. Андан көрөк Оштогу ишиңди улант, - дешти кыска гана. Досу Тариел үчүн эч нерсе кыла албай четте калаарын эстегенде, Мурат жанын коерго жер таппады. Акыры "Кезектеги эмгектик эс алуумду берүүңүздөрдү өтүнөм" деген арыз жазып жөнөтүп жиберди да өзү Бишкекте кала берди. Жөн калбады. Кандай да болсо Тариелди аткандарды табууну, өч алууну чечти. Болбосо бул жашоодо тирүү күн өткөрө албоочудай. Басса-турса Тариелдин кичүү эркек баласы Элдардын айтканы кулагына жаңырат. Тариелге куран окутуп, аялы Насипага аз болсо да жөлөк бололу дешип, аялы экөө күн сайын бир маал барып, эки-үч саатча кобурашып отуруп кетүүчү. Бир күнү Мураттын кулагына Элдар шыбырап калды. - "Аяш ата, эгер сиз папамдын чыныгы досу болсоңуз мага пистолет таап бериңизчи", - деп. Мурат чочуп кетти. - "Эмне кыласың?", - деди алая тиктеп. - "Атамды ким атканын милициялар баары бир таппайт. Мен өзүм издейм. Акыры табам да атып салам", - деген, тогуз жашар баланын сөзүнө жаны күйгөн Мурат баланы көкүрөгүнө кыса кучактап алып көзүнөн жаш чуура ыйлап жиберди. "Кой антпе. Кылмышкерлер табылат. Акыры табылат. Сен андан көрөк жакшы окуп чоңойгондо атаңдай мыкты, чынчыл милиция бол" деген өңдүү акылдарын айтымыш болду. Ушул тогуз жашар бала да "Милиция баары бир эч нерсе таппайт" деп ишенбей турганына бир күйсө, досуна бир күйдү. Күйөөсүнүн мүнөзү түнт болуп, "эс алууга чыктым" дегени менен эртеден кечке айрым учурда түнү менен кайдадыр жоголуп жүргөнүнө таң калган аялы; - Эс алууга чыктым дебедиң беле? - дегенге Мурат: - Тариелди аткандарды издеген группага жардам берип жүрөм, - деп кыска гана жооп берип койду. Тариел акыркы айларда Кошбаевди аткандарды катуу издей баштаган экен. Көрсө, Кошбаевди аткандарды коңшулаш үйдүн терезесинен бир бой аял көрүп калат. Кейпи алыстан көргөндүктөн машинанын түсүн анан аткандардын болжолдуу элесин гана айта алса керек. Аялдын Тариелге жолуккан себеби бой жеткен кызы наркомандарды айланчыктап жүргөндө Тариел кармап алып сурак жүргүзсө, энеси долуланып "Кыйын экенсиңер бир-эки укол алган менин кызымды эмес Кошбаевди аткандарды кармабайсыңарбы. Көчөгө сайрандатып койбой" дептир: - Алардын сайрандап жүргөнүн кайдан билесиз? - десе: - Билем өз көзүм менен көргөм, - деп жиберип, кеч болуп калганын сезип оозун жабат. Тариел мындайды колдон чыгармак беле. Аялдын бүт билгенин сыгып алса керек. Ошол эле күнү тиешелүү жерлерге билдирип иш баштайт. Тилекке каршы, аял эки күн өтпөй үйүндө асылып өлүп, наркоман кызы дайынсыз жоголуптур. Тариел менен чогуу иштеген өнөгүнүн үстүртөн билгени ушул. Кейпи Тариел чыныгы кылмышкерлердин үстүнөн түшсө керек. Алар сатылбас менттен кутулуунун оңой жолун тандашкан. Он күн бою астыртан тымызын иликтөө жүргүзгөн Мурат чыныгы ишти каяктан баштоону так пландады да, тыкан даярданды. Кечинде көгүш кара түстөгү спортивкасын кийди. Белине эки бычак, бутунун шыйрагына дагы эки бычакты кыны менен байлап бекитти. ТОЗ-8дин огу менен атылчу колго жасалган пистолетти да, балким, кереги тиет деп сол колтугуна катты. Бул куралдардын баарын арга кеткенде колдонуш үчүн алды. Чыныгы куралы узундугу билектей сырты резина темирдин башына дагы бир укумча чынжырга чоңдугу жумурткадай темирдин сыртына эки эличе жумшак резина уютулуп тагылган "шалк этме" болчу. Бул кыргыздардын илгертен колдонгон чыныгы "шалк этмеси". Муну менен бирөөнү чапсаң оңой эле торок деп эси ооп жыгылат. Катуу урсаң өлүп да калышы мүмкүн. Бирок, сырты көгөрүп билинбейт. Өзү кылмышкерлерге каршы күрөшүп жүрүп чыныгы кылмышка баратканын билип туруп ушундай түрмөчүлөр жасаган куралдар менен куралданды. Бул түн кимдир бирөөлөр үчүн өтө ысык түндөрдөн болуп калмак. ххх Кайырчы Аденге сырын төгөрүн-төктү да санаасы-санга бөлүнө ичкен арагынын да кайда кеткенин билбей подвалдагы үйүнө өңшөңдө келип төшөгүнө жыгылды. Жүрөгү дүпөйүл болуп бир нерсени сезип турду. Жүрөгү дүпөйүл болгон иштин эле арты жакшы болчу эмес эле. Аз өтпөй кара мышыгы кирип келди да жаны кыйналгансып "мыеолоп" жиберди. Мышыгы минтип "мыеолоочу" эмес. Чочуп ордунан тура калып, мышыгын бооруна кучактап кысып, төшөк үстүнө локуя отуруп ойго батты. Кантсе экен. Мышыгы бетин жалап дагы бир эки мыеолоду да тынчып калгансыды. "Кой орун котороюн" деп чечти. "Баягы "Жалгыз кол" кайырчы мас болуп көчөөгө жыгылып калып тоңуп өлүптүр" деп уккан. Анын Төкөлдөштө жаман кепеси боло турган. Эч ким деле кирген эместир ошол жака кетейин, - деди. Алгач барчу жайы бош бекен көрүп келүүнү чечти. "Эгер бош болсо, кайра келип керектүү эмеректеримди алып кетем" деп ойлоп койду. Мышыгын гана көтөрүп алды. Мышыгы экөө "жалгыз колдун" кепесине келишкенде кечки саат 10 болуп калган. Кепенин каалгасы кулпу экен. Кайырчы мурда эки-үч келип билип калган эле. "Жалгыз колдун" ачкыч коер жерин. Караса, ачкыч өз ордунда туруптур. Ууру кылып жаткансып калтырап жатып араң ачты. Ичкери кирип барганда эле мурдуна нымдуу көктүн жыты урунду. Светти күйгүзүп оозгу үйдөн ичкериге кирди да жанатан ийнинде чокчоюп отурган мышыгын кое берди. Мышык куйругун чычайта көтөрүп өз үйүнө келгенсип ар жерди жыттап үйдүн булуң-бурчун текшерүүгө өттү. Мышыгы жаман белги берип үрпөйүп качпагандыктан кайырчы тынчтана түштү. Үй ичи суук экен бурчтагы колго жасалган электр жылыткычты сайды да өзү эски дивандын үстүнө отура кетти. Кайрадан башын ой жей баштады. "Мышыгым мыеолоп койду" деп качканым кандай. Мышыгын караса бурчтагы чычкандын уясын аңдып бей капар отурган экен. Аден жалгыз өзү жанагынча акчаны алып басып кетип Кайырчыга бир тыйын бербечүдөй болуп кетти. Кайра "Жоок. Аден менсиз эч нерсе ала албайт. Кара иномарка дегениң көчө толтура. Кеп номерде. Акча колго тиймейин мен номерди айтпайм. Эми мен Аденден алыс болушум керек - деп чечти. Аден менен иштегенден бери бираз иши жылып, чогулткан акчасы беш жүзгө чамалап калган эле. Жылуу ордунан козголгусу келбесе да орун которууну туура тапты. Түрүн өзгөртүп башкача кийинүүнү чечти. Кичинекей үй бат эле жылып чыкты. "Оңбогон "жалгыз кол" бейиштей үйдө жашачу тура" деп койду да, эски дивандын үстүнө кийимчен уйкуга кетти. ххх Аден ишти чойбой эртеси эле күнү өзү алдына ала болжогон адамдын кабылдамасында отурду. Тыңчылыкта иштеп жүргөндө эки-үч жолу жолугушкан эле. Унутпаптыр кабыл алды. "Дагы деле баягы жумушуңдасыңбы?" деп сурады. - Азырынча өз алдымчамын. "Частный детектив" деп коет го, - деп Аден да сыр бербей өз баркын өзү көтөрүп койду. - Келген жумушуң? - деп түз ишке өттү. Аден да баарын түз айтып салды. "Биз үч кишибиз. 600ү биздики 400 силердики. Кантип бүтүрөсүз өзүңүз билиңиз. Сиздин гана колдон келчү иш" деп келдим деди. Тигил тамеки чегип көпкө ойлонду. - Факты туура болбой калсачы? - Туура. Өз көзү менен көргөн киши бар. Ошондуктан, машинанын номеринен бери билебиз да. Ал түгүл аткандарды таанууну уюштурсаңар таанып да беребиз. Болгону аларды таанууда биз көрүнбөгөндөй абалда болушубуз керек. Себебин билесиз. Биринчиден, өмүрүбүздү коргоо. Экинчиден, башка жүргүзүп жаткан ишибизге тоскоол болбосу үчүн. - Демек, кайырчы болуп жүргөн сиздин адамыңыз окуяны толук көргөн. Андан кийин ал экөөңүздөр аңдып жүрүп ал балдарды базардан көрүп жакшылап таанып алгансыңар. Ал эми үчүнчүңүздөр ким? - Кайсыл үчүнчү? - Биз үч кишибиз. Акчаны үчкө бөлөбүз дебедиңизби? - Аа... ал биз менен чогуу иштешкен адам. Бирок, ал балдарды билбейт. Бул ишке кийлигишкен жери биздин коопсуздукту сактайт. Экөө тиктеше түшүштү. Калпын карматып койгонуна Аден өзүн оңтойсуз сезип кетти. Ошентсе да "жөндүү эле шылтоо таптым го" деп ойлоду. - Болуптур мен ойлоноюн, эртең ушул маалда кел. Калганын ошондо сүйлөшөбүз - деди да сөз бүттү дегенсип ордунан турду. Аден кайырчыны күндөгү ордунан издеп келип таппай калды. "Буюрса иш балталды" деп эскертип коюну ойлогон. Тынчы кете түштү. "Балким ооруп калбасын" деген ойдо подвалдагы жаткан жайына барды. Кайырчынын түнөгү мурда кандай болсо так ошол калыбында туруптур. Көргөндө эле сезди бул жерге түндө эч ким түнөбөгөнүн. Жүрөгү дүпөйүл боло түштү. "Мына сага тамаша. Жер жуткур кайда жоголду". Кайпалактап жанын коерго жер таппай кайырчынын жаткан эски кроватына отура кетти. Кайда жоголду. Мас неме бир жерге жыгылып өлүп калган жокпу. Жибербей койсо болмок экен. Бити жугат деп жийиркенбедиби. Бирок, анчалык деле мастай эмес болчу. Эмнеси болсо да болоору болот, издейин" деп эшикке чыгып баратып, кайырчынын "машинанын номерин бир жерге жазып койгом" деген сөзү эсине кылт түштү. "Кайырчы кагазга жазмак беле дубалдын бир жерине жазды го" деп бүт дубалдын кыдырата шашпай издеп кирди. Шектүү эч нерсе таппады. Кайырчы жаткан кроватты жылдырып артынан бери тинтиди. "Оңбогон чал. Колума түшсөң кокуйлатам. Сени ичте чынжырга байлап коюш керек болчу" деп сөгүнүп алды. Кайырчы Адендин үйүнө түнкү саат 11де чалды. - Сен кайда жүрөсүң?! - деп бакырып жиберди Аден. - Жүрөм эптеп жашап, - деп кайырчы кебелбей.Аден кечке кайырчыны издеп, бүт шаарды тинткен. Моргко да барган. "Эгер кайырчыны таппай калсам өлдүм. Дөнгөлөк чимириле баштады. Эми аны токтотууга болбойт" деп ойлогондон мээси жарылып кете сактап, кан басымы көтөрүлүп турганда кайырчы чалып жатпайбы. Тим эле жети атасына жеткизе сөккүсү келип араң турса да карманды. Эгер маңдайында болгондо түз мурунга урмак. Кайырчы жөн жоголгон жок. Бир билгени бар. Кантсе да тыңчылык сезимталдыгы менен кайырчынын кебелбеген үнүнүн басымынан туя калды да үнүн жумшарта; - Деги аман болсоң болду. Бүгүн үйүңө чейин издесем жоксуң. Санаркап жаттым эле - деди сыр бербешке аракеттенип. - Мендейди кудай да албайт эмеспи. Эмнесине санаркайсың - деди кайырчы дагы деле токтоо. Аден ичинен "Атаны жаман ай-ээ. Бой көтөрүп барктана калганын кара. Дегеле өзүн адам санай түшкөн тура. Колума бир түшөрсүң" деп ойлоду. - Кудай буюрса иш башталды. Жолукпайлыбы. Кеңеше турган кептер бар. Ого бетер кайырчынын баркын көтөрүп койду. - Менден эмненин кеңеши. Өзүң чече бер. Жыйынтыгын айтсаң болду. - Ошентсе да акылдашып иш кылбасак болбойт. Кел. Бир шишени бөлө жаралы. Сонун тоок шорпо жасап жатам. - Жок Аден. Мындан ары экөөбүз телефон менен гана байланышабыз. - Кандайча? Ошо кантип болсун. Деги кайдан чалып жатасың? - Көчөдөн эле чалып жатам. Ушундай. Иш бүттү дегенде мага тиешелүү акчаны мен айткан жакка жөнөтөсүң же мен кой деген жерге коесуң. Мен сага иномарканын түсүн, номерин, кайсыл машина экенин айтам. Кеп ушундай. - Эй кайырчы эмне деп турасың? Эмне мага ишенбейсиңби? - Ишенем. Ошондо да жашагым келет. Кайырчы болсом да жашагым келет. Аңгыча эшиктин коңгуроосу чыркырап калды. Үнү ал түгүл кайырчыга да угулду. - Кайырчы койбой тур. Мага бирөөлөр келди. Азыр... деген Аден телефондун трупкасын таштап эшикти кароого жөнөдү. - Ким бул? - Ачабер! Биз органданбыз. Аден эшикти ачары менен үч заңкайган жигит кирип келди. Адендин өңү кубара түштү. - Силерге эмне керек? - Эмнени эмне кыласың? Жан керек десең "пык" деген үнүңдү чыгарбай бизди ээрчи, болбойт десең мээң потолокко чачырайт, - деген бири башына үн бастаткыч тагылган пистолетти Адендин ээгине такады. - Ээй-эй жигиттер. Силер чаташып башка үйгө кирип алган жоксуңарбы? Аден чырылдап жиберди. - Биз эч убакта чаташпайбыз, ушуну бир билип кой, - деп тигилердин бири бөйрөккө ыкыганда Аден бүрүшө түштү. Телефон кире беришке чукул жердеги текчеде болгондуктан Кайырчы баарын укту. "Билгем, ушундай болорун билгем. Мен эмес мышыгым да билген" деп күңкүлдөй бүжүңдөп басып жаңы түнөгүнө жөнөдү. Мышыгы жон жүндөрүн үрпөйтүп "мыеолоп" тосуп алды. - Жолборсум. Сен так билипсиң. Мен да сезгем. Адендин күнү бүттү. Эгер жашагыбыз келсе бул шаардан кетишибиз керек. Кайырчынын колдору калчылдап мышыгын да жонунан оңдуу сылай албады. Кайда барат. Бул шаардын милициялары муну таанып калгандыктан "Эх чал, ушу сен өлбөдүң" дешип сөгүп коюшканы болбосо тийишчү эмес. Эми жаңы жерге барса милициялар кубалайт. Жергиликтүү кайырчылар кодулайт. Жан деген таттуу экен кетүүгө камынды. ххх Машинага түшөөрү менен Адендин көзүн таңышты да алып жөнөштү. Болжолу жарым сааттан ашык деле убакыт өткөн жок. Эки каруусунан экөө жетелеп бир үйдүн подвалына алып киргенден кийин гана көзүндөгү таңууну чечишти. Иш теңирден тескери жакка бурулганын, ач көздөнөм деп башынан айрыла турган болгонун Аден жана үйдөн эле түшүнгөн. Жолдо карата өзүнө өзү жекирип "мына сага жүз миңдеген акчалуу болгуң келет, эми өлүгүң БЧКанын түбүндөгү баткакта чирийт же өрттөлүп күлүң шамалга сапырылат", деп ойлоп келатты. Көзүн чечкенден кийин бурчтагы төрт бурч калың жыгачтан жасалган орунтукка отургузушту. Бөлмөгө үч тараптан кирген эшик бар экен. Аден өзү кайсынысынан киргенин биле албады. Аңгыча эшиктердин бири ачылып чарчы бойлуу толмоч адам кирип келди да, Адендин бет маңдайындагы жумшак креслого жайгашып олтуруп Аденди көздөрүн жүлжүйтө сынай тиктеген калыбында чөнтөгүнөн тамеки алып чыкканда, шыпылдаган жигиттердин бири от тутантып күйгүзө салды. Тигил чылымын шашпай соруп ,түтүнүн буркурата үйлөдү да: - Сени эмне себептен бул жерге сүйрөп келдик билесиңби? -деди киркиреген үнү менен. - Жок. Кейпи кимдир бирөө менен алмаштырып алсаңыздар керек. Мен чемичке сатып оокат өтөгөн бир байкушмун. Кумурскага да зыяным жок, -деди үнүн каргылдантып ыйлачу баладай. - Ии-мы, демек, эмне үчүн келгенимди билбейм де?.. - Кудай урсун... Эч нерсеге түшүнгөн жокмун?.. - Сени менен келжирешкенге убактым жок, - деди тигил Адендин сөзүн бөлө. Тилиңди көчүгүңө катып жүргөнүңдө сага эч ким да тиймек эмес. Эми эгер жаным кыйналбасын десең Кошбаевди аткандар тууралуу эмнени билсең бүт айт. Калп айтып жашырып жабам деп ойлобо. Антсең өз убалың өзүңө. Адендин бул жерге жеткичекти жолдо карата ойлогону ушул суроонун жообу болчу. Кандай да болсо эптеп жооткотор жооп таап жанын арачалоого далбастап көрүү керек деп чечкен. - Эми түшүндүм. - Түшүнүгүң жаман эмес көрүнөт. Эмесе кулак сенде. Тигил кекээрлүү какшыктады. - Менин бул жерде жашыра турган эч нерсем жок. Анткени, болгону ортомчумун. Мени бирөөлөр түрткөн. Эмне деп сүйлөштү да. Кимге барышты да ошолор үйрөткөн. Силердин кимдер экениңерди билбеген сыяктуу эле. Алардын кимдер экенүн билбейм. Балким, органдандыр же улуттук коопсуздук комитетинендир. Кыскасы, алар мага аракка, бир күндүк тамакка жеткидей акча беришти да "баланча кишиге барып ушундай сөздөрдү айт" деп үйрөтүштү. Мага эмне. Айткандарын аткардым. Кечинде өздөрү телефон чалышты да эмне кылганым жөнүндө сурап жатканда, сиздердин жигиттер барып калды. Аягына чейин толук сүйлөшө албадым. Ал түгүл телефондун трубкасын да коюуга үлгүргөн жокмун. "Кайырчы" деген бирөөсү бар. Ошону гана өңүнөн тааныйм, калгандарын билбейм. Кааласаңар Кайырчынын жатагына алып барайын. Балким, ошол бир нерсе айтып берээр. Менин билгеним ушул. Тигил үн дебей укту. - Демек ортомчумун де? - Жанымды жейин. Ортомчумун. Болбосо Кошбаев дегениңер да ким экенин билбейм. Тигил Аденди жүлжүйө дагы тиктеп турду да ордунан туруп, шыпылдай басып жанагы кирип келген эшигинен кайра чыгып кетти. Адендин бир гана ишенген үмүтү чын эле сырткы турпаты катардагы көчө алкашына окшоп турган. Ошондуктан, бир бөтөлкө арак үчүн эле ким эмне айт десе макулмун деген алкаштын кейпин кийейин деп ойлогон. "Ушинтсем чын эле бул бир алкаш экен деп ишенишет. Экинчиден, "балким мунун артында жашыруун күч бардыр" деп шекшинишсе аңдууга алыш үчүн кайра аман жеткизип коюшат" деп пландаган. Аденди алып келген үчөөнү чакырып кетишти да кайтарууда бирөө эле калды. "Демек, реакция жүрүп жатат" деп ойлоду Аден. Азыр булар "өзүбүз барып кылтакка илинип калган жокпузбу" дешип баштарын катырышууда. Эгер "Адендин артынан жайылган кылтак бар" деп ойлошсо, анда адам өмүрүнө сабым болуп көзүн тазалай салууга батынышпайт. Көп өтпөй жанагы Аденди алып келген жигиттердин бири кирип келди да, кайырчынын дарегин сурады. Аден толук айтып берди; ал түгүл өңү-түсүнөн бери сүрөттөп берди. Ал билип турду, кайырчыны ордунан табышпайт. Бирок, жайын көрүшөт. Жанында эле бирөө жашаганын да билишет. Кайырчыны таппагандан кийин ого бетер шектенип калышат. Өлтүрүүгө батынбай балким кайра көзүн таңып алпарып үйүнө таштап коер. Бул бир үмүт болчу. Чындыгында иш теңирден тескери айлана баштаган. Адендин сөзүн укканда, жанакы суракка алган толмоч чын эле чочуркай түшкөн. Арадан эки саатка чукул убакыт өткүчө Аден ордунда кала берди. - Тамеки тартсам болобу? - дегенде; - Жок! - деди бурчтагы креслодо отурган күрсүйгөн неме. Дагы аз убакыт өткөндө. - Ушинтип отура беремби? Жок дегенде суу бергилечи? Каным катып баратат, - дегенде, Күргүсүй ордунан туруп шашпай басып келип, жакасынан кармап, көтөрүп туруп ичке берип калды эле, көзүнөн чаар чымын уча эсин жоготуп койду. Эсине келгенде тилин артына катып "дың" дебей отуруш керек экенин жакшы түшүнүп, кыңкыстаган үнүн да чыгарбашка аракет кылды. Жанагы семиз менен эки жигит кирип келди да, кайра көзүн таңышып алып жөнөштү. Машинага отурушканда жанындагы отургандардын бири өпкөгө ыкып койду эле Аден эсин жоготту. Эсине машинадан түшөөрдө араң келди. Канча жүрүшкөнүн билбеди. Кайрадан көзүн подвалга киргенде чечишти. Жерге бекем орнотулган темир креслого атайын адамды отургузуп туруп таңып коюп кыйноого ылайыкталып жасалган экен. Подвалга кирген бир гана эшик бар экен. Жанында баягы курсакка муштаган күрсүйгөн неме эле калыптыр, калгандары жок. Подвалга семизди кошкондо бери дегенде үч-төртү киргендей болгон. Жер жуткандай жоголушуптур. "Эмнеси болсо да башка түшкөндү көрө турган болдум" деп кейий ойлоду. Эшик шарт ачылды да капкара кийинген тартайган, бойлуу неме кирип келди. Адендин жанындагы орунтукта үргүлөп отурган күрсүгүй тигини көрүп ордунан тура калды. Тигил кесилген мылтыкты сунганда: - Сен кимсиң? - деди берки үнү калтырай. - Үнүңдү чыгарба! "Дың" десең башыңды жара атам, - деп тигил беркиге жакындады. Бир кадамчалык аралык калганда күтүүсүз сол колундагы кыска таякты шилтеп калды эле, таяктын башындагы чынжырга байланган тоголок беркинин каракушуна ойногондо, турган ордунда үн чыгарбай бүк түштү. Тигил Аденге жакын басып келип: - Сен кимсиң? - деди үнүн кирилдете чыгарып. - Менби... Мен Аденмин. Жүргөн бир байкушмун - деди Аден мукактана. Күнөөсүз бир байкуштун ролун ойной коюуну ойлоп. - Байкуштар бул жерге келбейт. Ким экениңди ачык айт. Болбосо сени менен акыйлашканга убакыт жок. Башыңды тигиникиндей жанчам да кете берем - деди кара кийимчен колундагы шалк этмесин айландырып. Аден мурдунун таноолорунан, оозунун уртунан кан сызыла агып кыймылсыз жаткан телохранителди бир карап алды да, тамашалашчу чак эмес экенин түшүндү. - Мен керектүү адаммын. Мен Көлбаевди өлтүргөндөрдү билем. Ошон үчүн мени бул жерге апкелип кыйнашууда, - деп чындыкты айтып жиберди. Мафиялардын ортосундагы чырда бирин-бири аябай кырып баса берерин уккан. Ошондуктан, "балким, бул дагы бир мафиянын өч алуучу бирөөсүдүр. Эгер кылтыңдасам мени да жайлап баса бербесин. "Кошбаевди өлтүргөндөрдү билем" десем, балким, өлтүрбөй, жок дегенде өзү менен кошо ала кетиши мүмкүн" деп ойлоду. Мындайда мээ да автоматтай иштеп калат тура. Кара кийимчен кичинеге ойлонуп турду да, үн дебестен шыпылдай басып келип Адендин колдорун чечти. - Эми ордуңа тигини отургузуп сени байлагандай байла, - деп буюрду. Телохранителди бир тиктеген Аден: - Тирүүбү?., - деди. - Тирүү. Кичине эси ооп жатып, туруп кетет. Бол тез! Буюра сүйлөдү кара кийимчен. Аден тигини креслого отургузууга чамасы жетпей койгондо, тигил жардамдаша шыкылдатып байлай салды. - Эми жүрү, - деди да, астыга Аденди салып жанагы кирген эшиги тарапка басты. Ушул маалда дубалдагы эч кимге билинбеген эшик ачылып кожоюндун биринчи телохранители чыгып келди. Кара кийимченди көргөндө чочуп кетти да: - Эй сен кимсиң?! - деди үнүн катуу чыгара. Эшик эч үнсүз ачылгандыктан, кечирээк байкаган кара кийимчен тигиге кесилген мылтыкты суна: - Үнүңдү чыгарсаң башыңды жайната атам, - деди киркирей. - Деги сен кайда келгениңди билесиңби? Бул жерден аман чыкпайсың? -деди телохранитель бакылдай. Бул маалда Аден арты менен жанагы кара кийимчен кирип келген эшикке акырын жылып баратты. - Ме сага, аман чыкпайсың. Кара кийимчен колундагы шалк этмени шилтеп калды. Бирок, тийгизе албады. Телохранитель буйтап кетти. Экөө кайра аңдыша түшүштү. Үнсүз ачылган эшик кайра үнсүз жабылып бараткан. Муну байкаган кара кийимчен шашып калды. Телохранителди карай мылтыкты ата турган болуп сунганда тигил иштин жайын түшүндү окшойт. - Атпа... Атпа... Менсиз сен бул жерден чыга албайсың. Ишенип кой. Бул жерден чыгыштын жолун мен гана билем, - деп чөгөлөй калды. - Кечиккениңде эмгиче чоң энең, чоң аталарыңда конокто жүрөт элең. Эмесе биринчи суроо, Кожоюнуң кайда? - Өзүнүн кабинетинде отурат. - Аман калгың келсе, мени алпар. Болбосо кош бол. Өзүм да эптеп табам. Кайра мылтыкты тигиге карай сунду. - Атпа... Атпа... Алпарам, - деди тигил жалдырай. Ушул маалда Аден жана кара кийимчен кирип келген эшикке жетип, акырын ачууга аракет кылды эле эшик ачылбады. Дагы катуурак тартканда да ачылбады. - Аракет кылбай эле кой. Бул эшиктерди эч ким ача албайт. Кирдиң кайра чыкпайсың. Тигил жактан ачат - деди телохранитель Аденге, Кара кийимчен Аденди бир карап алды да: - Бул ушул жерде кала берсин, экөөбүз кеттик, - деп тигиге мылтык менен жаңсады. Экөө жанагы үнсүз ачылган эшикке кирип баратканда: - Сен кам жебе. Кайра бат эле кайрылам - деди кара кийимчен Аден жакка кайрылып. Табышмактуу кара кийимчен Мурат болчу. Мурдатан баягы Тариел экөө шаарда чогуу иштеп жүргөндө сыртынан багып шекшип жүрүшкөн, бирок, колго түшүрө албай келаткан наркомафиоздордун ушул түндө экинчисинин үйүнө жасап жаткан визити болчу. Биринчиси үйүндө жок, четте командировкада жүргөндүктөн үй кайтарган телохранителдерин бирден эстерин оодара чаап машинанын гаражына камап туруп "Экинчи келгенимде башыңдан айрыласың. Мени эч ким токтото албайт" деген кат жазып калтырып үйгө өрт коюп баса берген. Мунусу тигиден алда канча озуп кеткенин келгенде билди. Үйдү айланган видеокамералар коюлган экен. Аны ооздогу кароолчулар отурган үйгө киргенде билип жүрөт. Көрсө, кароолчу акең түн ортосунан ооп кетти, эми ким бул үйгө даап келет десе керек отурган креслосунда уйкуга кетиптир. Астыдагы экранды караса үйдүн төрт тарабы алаканга салгандай компьютердеги төрткө бөлүнгөн экрандан көрүнүп турат. Бул үйгө киши эмес чымчык учуп кире алгыс. Эгер кароолчу уктап калбаганда, тигил экрандагы көрүнүп турган бактан секирип түшүп жатканда эле жалпыйта атмак экен. Эң кызыгы видеокамералар кайда коюлганы белгисиз. Болбосо Мурат жакшы эле караган. Эч жерден байкай алган эмес. "Демек, үйдүн ичиндеги кайтаруу да күчтүү болушу мүмкүн. Ошондуктан, муну ойготуп, сурап албаса болчудай эмес" деди да, тигинин чекесине мылтыкты такап туруп: - Тууган, уктай турган учур эмес, - деди. Тигил чоочуп ойгонуп чекесине такалган мылтыкты көргөндө, көзү чекчейе түштү. - Сиз кимсиз? Уйкусу умачтай ачылып тили булдурады. - Анын кызыкчылыгы жок. Кожоюнуң кайда? Эгер кичине эле жалган сүйлөсөң эртең мененки таңдын атышын көрбөйсүң. Ойлонуп сүйлө. - Кожоюн... Кожоюн подвалда бир таанышы менен... - Ойношу мененби? - Жок таанышы менен. Бирөөнү суракка алып жатышат. - Канча телохранители бар? - Экөө. Калгандары тигил үйдөгү өздөрүнүн бөлмөсүндө эс алып жатышат. - Ал жакта канчоо эс алып жатат? - Алтоо... - Көп го? - Көп эле... - Үйдө дагы ким бар? - Кожоюндун аялы, балдары экинчи кабаттагы өз бөлмөлөрүндө. - Подвалга кандай барса болот? Астыга түш да көрсөтүп бересиң. Эгер калп болсо же алдасаң кош бол жаштык жашоом, - дей бер деди. Тигини тургузуп, кежигесине мылтык такап, астыга салып жөнөдү. Подвал дегени жанагы телохранителдер уктап жатат деген үйдүн асты экен. Алгач телохранителдер уктап жаткан үйдүн брондолгон эшигин сыртынан бекитишти. Анан подвалга түшө бергенде "эми мунун зыяны тийбесин" деп кароолчуну шалк этме менен кежигеге укуп эсин оодарып тепкичке жаткырып коюп кирип келген. Тигил дубал боорундагы үнсүз эшик ачылгыча кароолчу мени алдаган же уктап калып кожоюндун чыгып кеткенин көрбөй калган деп ойлоду. Аңгыча үнсүз эшик ачыла калып жатпайбы. Телохранителдин чыгып келишинин да себеби бар эле. Тигил кожоюн отурган бөлмөдө подвалдын эшигинин ачылып жабылганын билгизүүчү сигнал бар болчу. Астындагы кызыл свет күйөрү менен: - Подвалга бирөө кирди. Кирөөгө болот, бирок чыгууга кайра эшик ачылбайт. Ким киргенин карап келчи, - деп семиздин телохранителин жиберген. Ал кол салуу болот деп күтпөгөндүктөн, экинчиден "балким, ушул жерди кайтаргандардын биридир" деп ойлогондуктан алдырып койду. Телохранителдин кежигесине мылтык такаган кара кийимчен күтүүсүз кирип келгенде кызуу талашка түшүп сүйлөшүп отурган орто бойлуу семиз менен узун бойлуу сулуусымак келген, жашы элүүдөн эчак өткөнү байкалып турса да бою тыкан ашыкча эти жок, чачын кыска алдырып сол жагын көздөй бөлүп тараган адам бир паска үнсүз кирип келген экөөнү тиктеп отуруп калышты. Сулуусымак адам бутунун башын гана беркилерге билгизбей билинер-билинмексен кыймылдатып, бут менен басууга ылайыкташкан кнопканы басты. Бул кнопка тигил үстүдөгү телохранителдер жаткан бөлмөгө сигнал болчу. Мурат кежигесине мылтык такалган телохранителди шалк этмеси менен катуу укуганда тигил башын бурууга да үлгүрбөй бүк түштү. Жанынан кишен алып тигинин бир колуна салып жатып; - Эгер жан керек десеңер экөөң тең ордуңардан туруп ашыкча кыймыл жасабай, тигил бурчка баскыла - деди тигил экөөнө мылтык суна. Өңдөрү кубарган экөө үнсүз туруп Мурат көрсөткөн бурчка басышты. Мурат берки телохранителди сүйрөп барып анын колуна салынган кишендин экинчисин жылуулук келген трубага бекитип таштады да экөөнө: - Эми сиздер менен шашпай сүйлөшүүгө кезек келди - деди да эшикти ичинен бекитип туруп тигил сулуусымак киши отурган орунтука барып отурду. Сөздү биринчи сулуусымак киши баштады. - Сиз кимсиз? Ким жиберди? Ачык айтып сүйлөшөлү. Анткени, бул жерден тирүү чыкпайсыз. - Үчөөбүз тең тирүү чыкпайбыз. Тигинин сөзүн бөлдү Мурат. Орунтука отуруп жатып бут астындагы кнопканы байкады да орунтуктагы экранды басты. Биринчи эле телохранителдер жаткан бөлмө көрүндү. Алты телохранитель баары топурап сыртынан бекитилген брондолгон эшикти ача албай жатышкан экен. Мурат эшиктин ачкычын бурап бекитип туруп суурбай ичине калтырып сындырып таштаган. Тигилер ачкыч салса түшпөйт. Тебишсе да, урушса да эшик ачылбай жатты. Терезелер бүт тордолгон. Кыскасы бүт телохранителдер темир тордо. Аңгыча бири телефонго жүгүрдү. Кейпи бир жакка чалып жатат окшойт. - Сен бери бас. Тигил макоолоруңа айт. Баары эшиктин алдында тизилишип шүк отурушсун. Болбосо башың жанчылат, - деп сулуусымакты чакырды. - Мен алар менен байланыша албайм. Аларды экрандан гана көрө алам. - Ошондой де. Мени ким ойлоп турасың. Мейли эмесе сенин да мага керегиң жок. Менден чоң аталарыңа салам айта бар. Кесилген мылтыктын үңүрөйгөн оозун тигиге каратты. - Коетур... Коетур... Колдорун көтөрүп, шашып кетти да шыпылдай басып келип орунтуктагы компьютерди терип басты да: - Бул мен. Баарыңар эшик алдына тизилип отургула. Эч жакка телефон чалбагыла - деди буюра. Телохранителдер тынчый түшүштү. - Эй макоолор, эгер ичиңерден бириңер эле акылдуусунам десеңер, шефиңер тигил дүйнөгө жөнөйт. Мен болсо силерди экрандан карап турам. Кана тез тизилип отургула - деди Мурат. Телохранителдер шашыла эшик астындагы полго тизилип отуруп калышты. Мурат экранга алаксып жатканда, семиз акырын колун жан чөнтөгүнө салып пистолетин байкатпай сууруп чыгууга аракетнене баштады. Тигинин калчылдаган колдору мына пистолетти суура берерде "тарс" деп мылтык атылды да, оң колунун каруусу быркырап, кан дубалга чачырай түштү. Семиз өгүздөй өкүрүп жиберди. Мурат мээлебей туруп эле атып койду. - Бас үнүңдү, болбосо башың быркырайт. Мен эскерткем ашыкча кыймыл жасабагыла деп. Семиз каруусун мыкчый өңү бопбоз болуп эрдин тиштей полго чөгөлөп отура калды. Сулуусымак эркектин да өңү кубарып кетти. Тамашалашчу адам эмес экенин сезип турган, ошондо да сүйлөшүп көрөбүз деген тоготпоо бар эле. Азыр муундары титиреп калды. Экранда телохранителдер кайра дүрбөй баштаганын көргөн Мурат; - Силер кам жебегиле. Шифиңердин азырынча кылы да кыйшая элек, башка акылдуусунам деген бирөө жазасын алды. Ордуңарга отургула - деди. Тигилер ишенкиребей делдейе түшүштү эле байкай калган берки: - Мен соомун. Ордуңарга отургула - деди. Телохранителдер кайра отуруп калышты. - Жакшы техника экен, - деди да Мурат, - эми байланышты үзүп койсоң болот. Экөөбүздүн сөздүн аларга тиешеси жок, - деп беркиге кайрылды. Тигил кайра компьютердин клавишаларын басты. Мурат текшерип; - Кана ордуңардан туруп, кайра отургулачы, - деди эле телохранителдер кыймылдашкан да жок. Демек, үндүн байланышы үзүлгөнү чын. - Кана тигил досуңуздун катарынан орун алыңыз - деди беркиге. Өзү басып барып онтолоп отурган семиздин чөнтөгүнөн пистолетин алды да айландырып карап туруп; - Жакшы курал, - деп койду. "Кольт" маркасындагы пистолет экен. - Туугандар, мени туура түшүнгүлө, убакыт өтө аз. Ошондуктан, кыска, так сүйлөмөй. Чындыкты так айтмай. "Жок" деген сайын бирден ок. Берки сулуусымактын да чөнтөгүн карап көрдү. Жанында куралы жок экен. Тигилер үнсүз туруп беришти. - Биринчи суроо, майор Болушев Тариелди ким атты жана атууга ким буйрук берди? Тигил экөө тең үнсүз жалдырашты. - Ошондой дегиле? Эмесе экөөң тең бирден бутуңардан айрылдыңар. Мурат семиздин "Кольтуна" эки ок салды да биринчи сулуусымактын бутун мээледи. - Мен эмес, мына бул акмак "жок кыл" деп тигил жигитин жибериптир, -деди сулуусымак үнү киркирей семизди көрсөтүп. Мураттын муундары калчылдап денеси ток ургандай дирт дей түштү. "Нечендердин тагдырын оюнчук катары чечип далайдын канына сабын болгон мыкаачылар минтип күтүүсүздөн күнөөлөрүн моюндарына ала коет" деп ойлогон эмес. Деги эле Тариелдин өлүмүнө ушулар себепкер экендигине да бек ишеним жок болчу. Досу үчүн болгон көкүрөгүндөгү күйүттү аз болсо да басыш үчүн минтип мыйзамсыз жортуулга чыккан. Досу Тариелдин жайнаган көздөрү, токтоо мүнөзү көз алдына элестей түштү. Өзүн жоготуп мылтыгы өзүнөн-өзү өйдө көтөрүлө баштады. - Аа-Аа-аа... Калп айтат. жанын жейт. Өзү эгер изибизге түшсө көзүн тазалатпайсыңбы деген. Атпа... Жан соога... Мен ...мен миллион доллар берейин. Жаш балдарым бар. Эмне десең аткарам... Атпа... Эгер мен аны жок кылдырбасам, бул мени жок кылмак. Бүт ушул күнөөлүү... Атпа... Мени аман калтырсаң акчанын астында каласың... Семиз ушунчалык быдылдап бат сүйлөп чөгөлөп жалбарып кирди. Ал түгүл талкаланган оң колун дагы унутуп койду. - Ох ты, сволоч. Өз күнөөңдү мага түртө салгың келет ээ, - деген сулуусымак семизди кекиртекке күтүүсүз тепкенде башы дубалга каңк урулуп көздөрү чакчая түштү да, көмкөрөсүнөн күп кулады. Мурат бир нерсе сүйлөгүчө тигил дагы кежигеге согончоктун такасы менен тепти эле "кырс" деп сынган сөөктүн дабышы угулуп, семиздин оозунан кан "бурт" дей түштү. Мурат семиз түбөлүк тынчыганын түшүндү. - Ошентип, бир күбөнү жок кылдың. А мунусун кантесиң. Эчак эсине келип колуна өткөн кишенден кыймылдоого жарабай жаткан семиздин телохранителин көрсөттү. - Аны да кожоюндун артынан жөнөтүш керек, - деп сулуусымак телохранителге тап койду. - Жок. Токто, - деди Мурат. Мынча болду жырткычтык оюнду да өз эрежеси менен калыс ойнойлу. Мен телохранителди чечип бошотоюн. Экөөң тең бош болгула. Абалыңар бирдей. Анткени, телохранитель жанакы мен урган соккудан али өзүнө толук келе элек" - деп Мурат телохранитель жакка басты. - Коетур. Бошотпо. Балким, экөөбүз сүйлөшпөйлүбү. Менде жетишээрлик акча бар. Керек болсо 2 миллион доллар берейин. Кепке кел. Акча ал да кете бер. Мен сен жөнүндө такыр унутам. Буларды болсо өзүм тазалап коем. Сен органдан же комитеттен экениңди билип турам. Мыйзамдуу жол менен мага колуңар жеткен эмес. Аргасыз мыйзамсыз жолду колдонууга өтүпсүңөр. "Тариелди аткам, Кошбаевди аткам" деп моюндарына алуучу кылмышкерлерди да бир күндун аралыгында комитетпи, органданбы бөлүмүңө жеткиртип берейин. Келишели, эр жигит экенсиң. 2 миллион доллар берейин. Тиешелүү адамдарың менен өзүң бөлүш. Бул менин эркектик сөзүм, - деди. Мурат унчукпай укту. Улам ири суммадагы акчаны уккан сайын ичи эңшерилип итатайы тутула түшүп жатса да өзүн кармады. Булар үчүн бүткүл дүйнө акчадан туруп калган адамдар экенин. "Баары сатылат. Баасын тапсаң сатылбаган эч нерсе жок" деп ойлоп көнгөн адамдар экенин мыкты билүүчү. - Болуптур сүйлөшсө сүйлөшөлү. Бирок, сүйлөшөөрдүн алдында бир суроом бар ошого жооп бер. Эгер чындыкты айтсаң, жообуң канааттандырса сөздү улайм. Кичине эле кылтыңдасаң оюнду өзүм билген эреже менен улайм. Келиштикпи? - Келиштик. Мен болгон чындыкты айтам. Андан башка жол да жок экенин көрүп турам. Кантсе да кара маскачандын ийге келгенине тигил жеңилдене түштү. - Эмесе мындай. Кошбаевди эмнеге жок кылдыңар? Буйрукту аткаргандар кимдер? Ким буюрду? - Сөздү ирети менен баштайын. Кошбаевдин жок болушунун себеби бир нече топтун аракети менен топтолгон тоннага жакын таза апийимди жалгыз өзү соодалап ири пайда көргүсү келип алкымы ашыкча ачылып кеткендиктен, эч ким менен эсептешкиси келбегендиктен, босс болгусу келгендиктен жогорку жактан ошондой чечим чыккан. Калганын түшүндүңүз да. Ал эми буйрукту аткаргандар көзгө урунуп калышкандыктан тигинин подвалында камалып жатышат. Семизди көрсөтүп койду. - Жок кылууга үлгүрө элек болчубуз. Машиналары гаражда, эшиктеги алкашты алып кел сүйлөшөлү, - деп акмак башым силердин кайырмагыңарга түшүп бердим. "Аңдыган жан киши жок" деп бул чочко мени ишендирбедиби. Жүрөгүм сезген эле арты жаман экенин. Мурат түшүндү. "Бул оозгу бөлмөдө калган туткундун артынан аңдып келип тапты" деп ойлоп жатканын. Ичинен мейли ойлой беришсин деп койду. - "Жогорку жак" дегенге түшүнбөй турам. - Жогорку жакты мен өзүм да билбейм. Европа-Азия болуп түзүлгөн ири наркосоода босстордун уюгу бар. Биз алардын астында кумурскабыз. Бизге тиешелүү адамдары байланышчу, же телефон аркылуу гана команда берип турушат. Мурат эми көздөрүн алайтып "менин тагдырым эмне болоор экен" дегенсип беркилердин сөзүн тыңшап жаткан телохранителге кайрылды. - Эй, эсиңе келдиңби? Тигил үнсүз башын ийкеп койду. Эмесе кеп мындай. Азыр экөөң кармашасыңар. Кимиңер жеңсеңер сөздү ошонуңар менен улайм. - Келишели дебедим беле. Кантсе да телохранителге алы жетпесин билгенсип сулуусымак чыйылдап жиберди. - Мен эч кимге эч кандай убада бере элекмин. - Анда экөөбүздү тең органгабы, комитеткеби өткөр. Биз бүт чындыкты айтып беребиз. - Жок, бирөөңдү гана калтырам. Мурат үнүн сүрдүү чыгарды да телохранителдин кежигесине мылтыгын такаган калыбында колундагы кишенди чечти. - Эми маселе мындай: Тигил сенин кожоюнуңду кантип тынчытканын көрдүңбү? Телохранитель башын ийкеди. Эгер мүмкүнчүлүк берсем сени да тигил дүйнөгө жөнөтмөк. Калыстык кылайын, экөөң кармашкыла. Кармаш өлүм же өмүр үчүн - деди да телохранителди астыга түртүп, өзү арты менен кетенчиктей орунтуктун артына өттү. Телохранитель эмне кылаарын билбей далдырап ордунда туруп калды. - Жок биз кармашпайбыз - деди сулуусымак телохранителге жакындап. Биз өз эркибиз менен органга колго түшүп беребиз. Чечимди сот чыгарсын. Сүйлөй да берди, телохранителге жакындай да берди. Чукул келгенде телохранителди келиштирип туруп, болгон күчү менен чатка тээп калды. Мындай жорукту Мурат да күткөн эмес. - Уу-уу... деп чатын кош колдоп баскан телохранитель ордунда бүк түшө чимирилип кетти. Эсине келтирбей дагы боорго тепкенде телохранитель кулап түштү. Мурат телохранителдин соодасы бүттү деп ойлоду. Сулуусымак күүлөнүп барып кекиртеке тепкенде күтүүсүз окуя болду. Телохранитель беркини шап буттан алды да, шак тескери толгоду. Мындайды күтпөгөн неме оңкосунан кетти. Эми телохранитель атып тура калып качырып сала берди. Шамдагай оодарылган сулуусымак телохранителди жаткан калыбында кош буттап бетке тепти. Телохранитель чалкасынан түштү. Кайра экөө тең орундарынан атып турушту. Жашы өтүп калгандыгы болбосо телохранителди эмгиче тынчытмак экен деп ойлоду Мурат. Бул жолу телохранитель биринчи чабуул койду. "Ки-аа-а" деп чимириле беркини чыкыйга тепти. Демигип чарчап калган сулуусымак буйтаганга үлгүрбөдү. Ордунан айланып барып "күп" кулады. Үстүнө секирип минген берки бир колу менен ээгинен, экинчиси менен кежиге чачынан кармап туруп шак толгогондо "кырс" эткен добуш чыкты да "күш" дей түштү. Телохранитель шалдырап отуруп калды. Бөлмөдө жымжырттык өкүм сүрүп тунжурай түштү. Тынчтыкты Мурат өзү бузду: - Демек, "кан коебербейт" деген чын экен го. Бирөөлөрдүн тагдыры менен оюнчуктай ойногон канкор өз желдетинин колунда жаны жаннатка кетти. Эми экөөбүз шашпай сүйлөшөлү... Жанатан шалдырап отурган телохранитель башын булка көтөрүп Муратты акшыя тиктеди. Көздөрү кутурган иттикиндей кызарып кеткен экен. Ордунан дене бою бүт түйүлсө секирчү мышыктай бүкчүйүп турду да Муратка тап кое жакындады: - Ат мени?! Атып сал?! Бары бир мени тирүү калтырышпайт. Уктуңбу! Атып сал! Жанагы сен сураган Тариелди так ушул колум менен жайлагам. Нечендерди жайладым. Бирок, Кошбаевдин иши меники эмес... Эс-акылынан кеткенсип оозунан ак көбүк да чыга түштү. Мурат Тариелдин атын укканда, кайра каны дүргүп кыжыры кайнай түштү. Астындагы мыкаачынын аз жерден башын былчырата атып кое сактап кайра карманды. - Сени аткан ит аткан менен барабар. Сени атпайм. Сени азыр эсиңе келтирем. Органга өзүң баргыдай кылам. Колундагы кесилген мылтыгынын окторун чыгарып бир бурчка, өзүн бир бурчка ыргытты да шалк этмесин орунтуктун астына таштады. - Эми экөөбүз эркекче кармашабыз. Бүт кылган күнөөң үчүн азыр жооп бересиң. - Эй сенин эс-акылың ордунда немесиңби? Мени менен куралсыз кармашкың барбы? Тигил таңдана өз көзүнө өзү ишенбей карап калды. Мурат үнсүз тигиге бет алды. - Мейли. Өз убалың өзүңдө. Жашооң бүткөн неме экенсиң. Органдансыңбы, комитеттенсиңби аео жок. Болору болду, - деди да Муратты качырып сала берди. "Ки-аа" деген ачуу үнгө удаа буттары шуулдап, Мурат араң буйтаганга үлгүрдү. Чыгыш күрөшүн мыкты өздөштүргөндөрдөн экенин Мурат түшүндү. Аңгыча тигин колунун соккусун тосо бергенде бир буту ичке тийди. Мурат эки кадамча артка учуп барып түштү. Сокку катуу болгондуктан өзөрө түштү. Муратты эсине келтирбей кош буттап түйүлө секирип келип дагы кулак түпкө тепти. Буйтоого үлгүрбөй калгандыктан, сокку толук болбосо да эсин деңгиретип койду. "Чын эле Тариелдин артынан мен да кетемби" деген ой мээсин жарып өттү. Жыгылып баратып тоголонуп-тоголонуп кетти да, секирип тура калды. Бүт денесиндеги тарамыштар түйүлө түштү. Колдору аба жара "шуу-шуу" шилтенип, "Ма-ауу" деген үн тетиги көкүрөгүнүн түпкүрүнөн киркирей чыкты. Операнын бийчилеринче бутунун учтары менен эки кадам оңго, бир кадам солго секирди. "Эми ордунан тургус кылдым окшойт" деген телохранитель кара кийимчендин кылыгын көргөндө бир чети таңданса, бир чети үрөйү уча жанагыдай чабуулга өтпөй саксынып калды. Бул жолу чабуулду Мурат баштады. "Аа-уу" деген үн менен кошо, шуулдаган буттар менен кошо колдун соккулары уланды. Телохранитель чынында мыкты спортсмендерден экен. Анын үстүнө күн сайын үзбөй машыгып жүргөндүк кылдыбы Мураттын соккуларынан буйтаганга үлгүрдү. Биринин артынан бири болуп, экинчи-үнчүнчү соккулар уланып кетти. Кежигеге тийген буттун соккусунан учуп түшкөн телохранитель туура кесилген мылтыктын үстүнө жыгылды. Шак мылтыкты ала койду да, кундагы менен Муратты уруп калды. Мылтыктын кундагын сол колу менен шак кармаган Мурат оң колунун кыры менен беркини кекиртекке берди. "Кыйык" деген үн чыкты да телохранитель кыйган чөптөй кулап түштү. Мурат көкүрөгүнө секирип минип, дагы бир жолу чыкыйга сого турган болуп барып өзүн араң кармады. Эси ооп шылкылдаган неменин ээгинен кармап ары-бери башын чайкап койду да, ордунан туруп барып арыта жаткан мылтыгынын окторун жыйнап, тигинин колуна карышып калган мылтыкты сууруп алды. Орунтуктун астындагы шалк этмесин да алып, эми эстеп экранга карады. Үстүнкү кабаттагы телохранителдер баягы калыптарында тизилип отурушкан экен. Баштарын шылкыйтышып баары ойлуу. Орунтуктагы схемаларды карап кнопкаларын басты эле эшиктер ачылды. Аден калган бөлмөгө чыкканда, ал көздөрү алайып эшикке жөлөнгөн калыбында отурган экен. Мурат эшиктин туткасынан кармап тартып койду эле ачылып кетти. - Жүрү! - деди үнсүз тиктеп турган Аденге. Экөө ээрчишип сыртка чыкканда, күндүн нурлары тоо баштарынан чачырап жаңы чыгып келаткан экен. Дарбазадан чыккандан кийин Аденге кайрылып: - Түптүз азыр Ички иштер министрлигине барасың, - деди да тиешелүү бөлүмдү, кимге кайрылыш керекти айтты. Кетип жатып "Эгер жан керек десең эч жака токтолбой түз бар. Экинчи жолу булардын колунан сени эч ким сууруп албайт" - деди да шыпылдай басып бурчтан кайрылып дайынсыз болду. ххх Күн али көтөрүлө электе шаар тынчтыгын бузуп сиренасын кошуп коюп катуу бараткан милициянын машиналары сырты бийик дубал менен курчалган эки кабат үйгө жеткенде, тегеректей токтошту. Көп өтпөй ушул эле үйгө "тез жардам" машинасы да келип токтоду. Ашыкча чуу, атылган мылтык үндөрү деле болбоду. Колдору аркасына кайрыла толгой кармалган жапжаш спортсмен жигиттер түшүрүлгөн милициянын машиналары биринин аркасынан бири кетип жатты. Үйдүн ээсинин аялы, эки кызы, бир баласы менен экинчи кабаттын терезесинен өңдөрү купкуу болушуп, эртедир-кечтир ушул күн келээрин күтүп жүрүшкөнсүп, чуу чыгарышпай, ал түгүл көздөрүнөн жаш да чыкпай сырттагы ары бери чуркаган милицияларды тиктеп турушту. Бир кезде баласы апасына; - Апа эми үй-жайды бүт буюму менен конфискация кылабы? - деди. - Ооба. Бүт үй-жай кетет. Бирок, силер кам жебегиле. Мындан кем эмес үйдө, мындан кем эмес жашоодо жашайсыңар. Баарына кам көрүп койгом. Болгону бул айтканымды эч кимге оозуңардан чыгарбагыла, - деди. - Папамды кантебиз? - деди кичүү кызы. - Папаңды тигилердин текшерүүсү бүтүп колубузга кайырганда кадимкидей эл катары жерге коебуз - деди кайдыгер гана. ххх Мурат бул маалда канча бир күндөн бери уйку көрбөгөн адамча чалкасынан түшүп мемиреп уктап жатты. Аягы. Бишкек-98. |
|